СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшүнө карай (жөнөкөй жана татаал) бөлүнүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүнө карай бөлүнүшү (жөнөкөй жана татаал). Сабак боюнча слайд 8-кл

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшүнө карай (жөнөкөй жана татаал) бөлүнүшү»

Кыргыз тили 8-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

8-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Илимдүү илимдүүнү тааный билет,  Акылдуу акыл баркын баалап жүрөт.  Айкөл бол, бакыт деген айныма азап,  Бүгүн турса жаныңда, эртең качат.  Бактылуум! Дайым жолдуу жашайм десең,  Жакшы иштерди жаратып жүргөнүң жөн!   Ж.Баласагын.

Илимдүү илимдүүнү тааный билет, Акылдуу акыл баркын баалап жүрөт. Айкөл бол, бакыт деген айныма азап, Бүгүн турса жаныңда, эртең качат. Бактылуум! Дайым жолдуу жашайм десең, Жакшы иштерди жаратып жүргөнүң жөн! Ж.Баласагын.

Сабактын темасы: Сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүнө карай бөлүнүшү (жөнөкөй жана татаал).

Сабактын темасы:

Сүйлөмдүн грамматикалык

түзүлүшүнө

карай бөлүнүшү

(жөнөкөй жана татаал).

Сабактын максаты: Кыргыз тилинде сүйлөмдөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт;

Сабактын максаты:

Кыргыз тилинде сүйлөмдөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт;

Өткөн сабакта: Суроолуу сүйлөм, аны уюштуруучу каражаттар, суроолуу сүйлөмдүн маанилери жана тыныш бегилери.   Өзүңөр каалаган темада 10 сүйлөмдөн кем эмес суроо иретиндеги диалог түзгүлө.

Өткөн сабакта:

Суроолуу сүйлөм, аны уюштуруучу каражаттар, суроолуу сүйлөмдүн маанилери жана тыныш бегилери. Өзүңөр каалаган темада 10 сүйлөмдөн кем эмес суроо иретиндеги диалог түзгүлө.

Жаңы тема:    Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан түзүлө бербейт. Ал лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан синтаксистик чакан бирдиктерден, б.а. сөз тизмектеринен жана сөздөн түзүлөт. грамматикалык жана интонациялык жактан уюшулган, белгилүү өлчөмдө жыйынтыктуу ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат. Бирок кадыресе сөз жана сөздүн айкашынан айырмаланып, сүйлөмдүн өзүнө гана мүнөздүү белгилери бар. Сүйлөмдүн эң негизги белгилеринин бири - предикативдүүлүк, б.а., сүйлөмдүн жалпы мазмунунун чындыкка болгон карым-катышы.  Предикативдүүлүктүн грамматикалык жалпы мааниси модалдуулук, синтаксистик чак жана жак аркылуу берилет. грамматикалык бул категориялардын ажырагыс биримдиги пикир алышуунун эң негизги каражаты болгон Сүйлөмдүн жаралышын шарттайт.

Жаңы тема:

Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан түзүлө бербейт. Ал лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан синтаксистик чакан бирдиктерден, б.а. сөз тизмектеринен жана сөздөн түзүлөт. грамматикалык жана интонациялык жактан уюшулган, белгилүү өлчөмдө жыйынтыктуу ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат. Бирок кадыресе сөз жана сөздүн айкашынан айырмаланып, сүйлөмдүн өзүнө гана мүнөздүү белгилери бар. Сүйлөмдүн эң негизги белгилеринин бири - предикативдүүлүк, б.а., сүйлөмдүн жалпы мазмунунун чындыкка болгон карым-катышы. Предикативдүүлүктүн грамматикалык жалпы мааниси модалдуулук, синтаксистик чак жана жак аркылуу берилет. грамматикалык бул категориялардын ажырагыс биримдиги пикир алышуунун эң негизги каражаты болгон Сүйлөмдүн жаралышын шарттайт.

 Сүйлөм түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй сүйлөм.  Турмуштагы окуяларга, көрүнүштөргө жана башка нерселерге байланыштуу айтылып жаткан ойдон кабар берүү максатында колдонулган ар кыл түзүлүштөгү тыянактуу сүйлөмдөр жөнөкөй сүйлөм түрлөрүн түзөт.  Азыркы кыргыз тилинде жөнөкөй сүйлөмдүн: жалаң сүйлөм, жайылма сүйлөм, толук сүйлөм, кемтик сүйлөм, атама сүйлөм, белгилүү жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм деп бөлүнөт.

Сүйлөм түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт.

Жөнөкөй сүйлөм.

Турмуштагы окуяларга, көрүнүштөргө жана башка нерселерге байланыштуу айтылып жаткан ойдон кабар берүү максатында колдонулган ар кыл түзүлүштөгү тыянактуу сүйлөмдөр жөнөкөй сүйлөм түрлөрүн түзөт.

Азыркы кыргыз тилинде жөнөкөй сүйлөмдүн: жалаң сүйлөм, жайылма сүйлөм, толук сүйлөм, кемтик сүйлөм, атама сүйлөм, белгилүү жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм деп бөлүнөт.

Жалаң сүйлөм  Баш мүчөлөр (ээ, баяндооч) гана аркылуу түзүлгөн сүйлөм жалаң сүйлөм деп аталат. Мисалы: Чаргын келди. (Т.С.) Жол алыс. (М.Э.) Алар келишет. Студенттер окуп жатышат. Жайылма сүйлөм  Баш жана айкындооч мүчөлөрдүн катышуусу аркылуу түзүлгөн сүйлөм жайылма сүйлөм деп аталат. Жайылма сүйлөм үч түрлүү түзүлөт. а)Ээ, баяндооч жана айкындооч мүчөнүн катышуусу аркылуу: Осмонбек комузун колуна алды.(К.Б.) Дубалга сааттын чынжыры токсон катар тартылды. б)Ээ көмүскөдө калып, айкындооч мүчө менен баяндоочтун катышуусу аркылуу түзүлөт: Кызуу иштеп жаткан элек. (М.Э.) Бир далай бастык. в)Илик жөндөмөсүндө турган айкындооч мүчө көмүскөдө калып, ээ менен баяндоочтун катышуусунун натыйжасында: Жолдошу келди. Мунуңар жарабайт.

Жалаң сүйлөм

Баш мүчөлөр (ээ, баяндооч) гана аркылуу түзүлгөн сүйлөм жалаң сүйлөм деп аталат. Мисалы: Чаргын келди. (Т.С.) Жол алыс. (М.Э.) Алар келишет. Студенттер окуп жатышат.

Жайылма сүйлөм

Баш жана айкындооч мүчөлөрдүн катышуусу аркылуу түзүлгөн сүйлөм жайылма сүйлөм деп аталат. Жайылма сүйлөм үч түрлүү түзүлөт.

а)Ээ, баяндооч жана айкындооч мүчөнүн катышуусу аркылуу: Осмонбек комузун колуна алды.(К.Б.) Дубалга сааттын чынжыры токсон катар тартылды.

б)Ээ көмүскөдө калып, айкындооч мүчө менен баяндоочтун катышуусу аркылуу түзүлөт: Кызуу иштеп жаткан элек. (М.Э.) Бир далай бастык.

в)Илик жөндөмөсүндө турган айкындооч мүчө көмүскөдө калып, ээ менен баяндоочтун катышуусунун натыйжасында: Жолдошу келди. Мунуңар жарабайт.

Толук сүйлөм  Айтылып жаткан ойдон кабар берүүгө тиешеси болгон мүчөлөрүнүн бүт катышуусу аркылуу түзүлсө, толук сүйлөм деп аталат.  Мисалы: Ал бүгүн райондон кайткан. (К. Б.) Сен мени күттүрбө. (А.Т.) Кемтик сүйлөм  Мурда айтылган сүйлөмгө карата бир же бир нече мүчөсү кемип калып айтылган сүйлөм кемтик сүйлөм деп аталат.  Мисалы: Кызың кайда, Сары?! (толук сүйлөм) Таң. (кемтик сүйлөм) Сиз билесизби? (толук сүйлөм) Билем. (кемтик сүйлөм)

Толук сүйлөм

Айтылып жаткан ойдон кабар берүүгө тиешеси болгон мүчөлөрүнүн бүт катышуусу аркылуу түзүлсө, толук сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Ал бүгүн райондон кайткан. (К. Б.) Сен мени күттүрбө. (А.Т.)

Кемтик сүйлөм

Мурда айтылган сүйлөмгө карата бир же бир нече мүчөсү кемип калып айтылган сүйлөм кемтик сүйлөм деп аталат.

Мисалы:

Кызың кайда, Сары?! (толук сүйлөм)

Таң. (кемтик сүйлөм)

Сиз билесизби? (толук сүйлөм)

Билем. (кемтик сүйлөм)

 Жөнөкөй сүйлөмдун түрлөрү бир тутумдуу сүйлөмдөр менен дагы туюнтулат. Бир тутумдуу сүйлөмдөр  Бир тутумдуу сүйлөм деп баш мүчөлөрдүн бирөө эле (же ээ, же баяндооч) катышат. Жер шаары. 2. Учуп бара жатабыз. Биринчи сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн ээ, экинчисинде баяндооч гана катышты. Бир тутумдуу сүйлөмдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: атама, белгилүү жактуу, белгисиз жактуу жана жаксыз сүйлөмдөр.

Жөнөкөй сүйлөмдун түрлөрү бир тутумдуу сүйлөмдөр менен дагы туюнтулат.

Бир тутумдуу сүйлөмдөр

Бир тутумдуу сүйлөм деп баш мүчөлөрдүн бирөө эле (же ээ, же баяндооч) катышат.

  • Жер шаары. 2. Учуп бара жатабыз.

Биринчи сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн ээ, экинчисинде баяндооч гана катышты. Бир тутумдуу сүйлөмдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: атама, белгилүү жактуу, белгисиз жактуу жана жаксыз сүйлөмдөр.

Ээ аркылуу түзүлгөн бир тутумдуу сүйлөм Атама сүйлөм Буюмдар жана заттар, мезгил жана жаратылыштагы ар түркүн кубулуштар жөнүндө айтылган айрым сөздөр же сөздөрдүн айкашы атама сүйлөм деп аталат.  Мисалы: Эрте жаз. Чак түш. Тынчтык! Жыргал заман.

Ээ аркылуу түзүлгөн бир тутумдуу сүйлөм

Атама сүйлөм

Буюмдар жана заттар, мезгил жана жаратылыштагы ар түркүн кубулуштар жөнүндө айтылган айрым сөздөр же сөздөрдүн айкашы атама сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Эрте жаз. Чак түш. Тынчтык! Жыргал заман.

Баяндооч аркылуу уюшулган бир тутумдуу сүйлөмдөр Белгилүү жактуу сүйлөм  Белгилүү жактуу сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышат. Баяндооч I же II жактагы этиштин баяндагыч, буйрук, шарттуу, каалоо-ниет ыңгайларынан болот: 1. Сүрөт тартыш үчүн айылга эки-үч күн мурунураак бардым. 2.- Жүгүр! Артынан сүйөп жибер! (Ч.А.) Белгисиз жактуу сүйлөм  Белгисиз жактуу сүйлөмдө да баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышат. Баяндооч III жактагы этиш сөздөрдөн болот: 1.Адамды ишинен тааныйт. 2.Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт. (Мак.) Мындай сүйлөмдө кыймыл-аракеттин өзү негизги мааниге ээ болгондуктан, ээси белгисиз болот. Жаксыз сүйлөм Баяндоочтон гана түзүлгөн сүйлөм жаксыз сүйлөм деп аталат. Мисалы: 1.Кыргызстанда азыр салкын. 2.Бул ишти бир күндө бүтүрүүгө мүмкүн эмес. Сүйлөмдүн мындай түрү ээни талап кылбайт, баяндооч да жаксыз формадагы этиштерден же башка сөз түркүмдөрүнөн болот.

Баяндооч аркылуу уюшулган бир тутумдуу сүйлөмдөр

Белгилүү жактуу сүйлөм

Белгилүү жактуу сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышат. Баяндооч I же II жактагы этиштин баяндагыч, буйрук, шарттуу, каалоо-ниет ыңгайларынан болот: 1. Сүрөт тартыш үчүн айылга эки-үч күн мурунураак бардым. 2.- Жүгүр! Артынан сүйөп жибер! (Ч.А.)

Белгисиз жактуу сүйлөм

Белгисиз жактуу сүйлөмдө да баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышат. Баяндооч III жактагы этиш сөздөрдөн болот: 1.Адамды ишинен тааныйт. 2.Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт. (Мак.) Мындай сүйлөмдө кыймыл-аракеттин өзү негизги мааниге ээ болгондуктан, ээси белгисиз болот.

Жаксыз сүйлөм

Баяндоочтон гана түзүлгөн сүйлөм жаксыз сүйлөм деп аталат. Мисалы: 1.Кыргызстанда азыр салкын. 2.Бул ишти бир күндө бүтүрүүгө мүмкүн эмес. Сүйлөмдүн мындай түрү ээни талап кылбайт, баяндооч да жаксыз формадагы этиштерден же башка сөз түркүмдөрүнөн болот.

 Татаал сүйлөм эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдөн түзүлөт. Анын тутумундагы сүйлөмдөр маанилик жактан да, грамматикалык жактан да өз ара байланыштуу болушуп, бүтүн бир ойду билдиришет. Мисалы: Жаан жаайт, эгин өсөт, эл күн көрөт, мен да алар менен кошо жашайм. Ч. А.  Ал эми маанилик жактан бири-бирине жакын болбогон жөнөкөй сүйлөмдөр татаал сүйлөмдү уюштура алышпайт.  Мисалы: Сабак башталды жана Ысык-Көл тоңбойт деген жөнөкөй сүйлөмдөрдөн татаал сүйлөм түзүлбөйт, себеби бул сүйлөмдөр мааниси боюнча өз ара байланыштуу эмес.  Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр бири -биринен грамматикалык түзүлүшү боюнча айырмаланышат. Атап айтканда, жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз (баш мүчөлөр) болсо, ал эми татаал сүйлөмдө эки же андан көп грамматикалык негиз болот.

Татаал сүйлөм эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдөн түзүлөт. Анын тутумундагы сүйлөмдөр маанилик жактан да, грамматикалык жактан да өз ара байланыштуу болушуп, бүтүн бир ойду билдиришет.

Мисалы: Жаан жаайт, эгин өсөт, эл күн көрөт, мен да алар менен кошо жашайм. Ч. А.

Ал эми маанилик жактан бири-бирине жакын болбогон жөнөкөй сүйлөмдөр татаал сүйлөмдү уюштура алышпайт.

Мисалы: Сабак башталды жана Ысык-Көл тоңбойт деген жөнөкөй сүйлөмдөрдөн татаал сүйлөм түзүлбөйт, себеби бул сүйлөмдөр мааниси боюнча өз ара байланыштуу эмес.

Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр бири -биринен грамматикалык түзүлүшү боюнча айырмаланышат. Атап айтканда, жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз (баш мүчөлөр) болсо, ал эми татаал сүйлөмдө эки же андан көп грамматикалык негиз болот.

Татаал сүйлөмдүн өзүнө мүнөздүү грамматикалык түзүлүшү бар. Ал төмөнкүдөй жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт. 1.Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт. (Мак.) Эки тутумдуу жөнөкой сүйлөмдөр. (2+2) Эки сүйлөмдө тең баш мүчөлөр катышты. 2.Китепти сүйгүлө, ал силердин келечек турмушуңар үчүн керек болот. Биринчи бөлүгү - бир тутумдуу (ээ катышкан жок); экинчиси - эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөм. (1+2)

Татаал сүйлөмдүн өзүнө мүнөздүү грамматикалык түзүлүшү бар. Ал төмөнкүдөй жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт.

1.Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт. (Мак.) Эки тутумдуу жөнөкой сүйлөмдөр. (2+2) Эки сүйлөмдө тең баш мүчөлөр катышты.

2.Китепти сүйгүлө, ал силердин келечек турмушуңар үчүн керек болот. Биринчи бөлүгү - бир тутумдуу (ээ катышкан жок); экинчиси - эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөм. (1+2)

3.Кеңешме болот, ошого дейре уюштуруу иштериңди жолго кой. Биринчи болүгү - эки тутумдуу; экинчиси - бир тутумдуу (ээ катышкан жок) жөнөкөй сүйлөм. (2+1) 4.Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло. (Макал) Бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр; эки сүйлөмдө тен ээ катышкан жок. (1+1) Жазууда жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосуна үтүр коюлат.

3.Кеңешме болот, ошого дейре уюштуруу иштериңди жолго кой. Биринчи болүгү - эки тутумдуу; экинчиси - бир тутумдуу (ээ катышкан жок) жөнөкөй сүйлөм. (2+1)

4.Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло. (Макал) Бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр; эки сүйлөмдө тен ээ катышкан жок. (1+1) Жазууда жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ортосуна үтүр коюлат.

Татаал сүйлөмдүн түрлөрү  Татаал сүйлөмдү түзгөн жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара тең укукта, тең мааниде колдонулушу мүмкүн. Мисалы: Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүилөйт. (Мак.) Мында эки сүйлөм бар: 1.Көпкөн жигит көп сүйлөйт. 2.Чечен жигит эп сүйлөйт. Эки сүйлөмдүн бири экинчисине багынган жок, ар биринин баяндоочу тыянактуу айтылды. Ошентип, тен укуктагы жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлсө, ал тен байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

Татаал сүйлөмдүн түрлөрү

Татаал сүйлөмдү түзгөн жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара тең укукта, тең мааниде колдонулушу мүмкүн.

Мисалы: Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүилөйт. (Мак.) Мында эки сүйлөм бар: 1.Көпкөн жигит көп сүйлөйт. 2.Чечен жигит эп сүйлөйт. Эки сүйлөмдүн бири экинчисине багынган жок, ар биринин баяндоочу тыянактуу айтылды.

Ошентип, тен укуктагы жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлсө, ал тен байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

 Кээде жөнөкөй сүйлөмдүн бирөө ойдун натыйжасын билдирет да, экинчиси мааниси боюнча ага багынып, анын ар кандай кырдаалын (ордун, мезгилин, шартын ж. б.) билдирет. Мисалы : Касым жөнөп кеткенден кийин. Майсалбектен кат келди (Ч.А.) Негизги сүйлөм - Майсалбектен кат келди. Качан? - Касым жөнөп кеткенден кийин - негизги сүйлөмдөгү ойдун мезгилин билдирди, ага мааниси боюнча багынды. Эгерде ушул сүйлөмдү өзүнчө алып карасак, тыянактуу ойду билдире албайт, ошон үчүн Майсалбектен кат келди деген сүйлөм менен ажырагыс бирдикте колдонулат. Ошентип, жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине багынып турса, ал багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

Кээде жөнөкөй сүйлөмдүн бирөө ойдун натыйжасын билдирет да, экинчиси мааниси боюнча ага багынып, анын ар кандай кырдаалын (ордун, мезгилин, шартын ж. б.) билдирет.

Мисалы : Касым жөнөп кеткенден кийин. Майсалбектен кат келди (Ч.А.) Негизги сүйлөм - Майсалбектен кат келди. Качан? - Касым жөнөп кеткенден кийин - негизги сүйлөмдөгү ойдун мезгилин билдирди, ага мааниси боюнча багынды.

Эгерде ушул сүйлөмдү өзүнчө алып карасак, тыянактуу ойду билдире албайт, ошон үчүн Майсалбектен кат келди деген сүйлөм менен ажырагыс бирдикте колдонулат.

Ошентип, жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири экинчисине багынып турса, ал багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деп аталат.

 Демек, татаал сүйлөмдү түзүп турган сүйлөмдөр өз ара тең укукта болушат, же болбосо, бири экинчисине багынат. Ушуга байланыштуу татаал сүйлөмдүн эки түрү бар: Тең байланыштагы татаал сүйлөм; Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм.

Демек, татаал сүйлөмдү түзүп турган сүйлөмдөр өз ара тең укукта болушат, же болбосо, бири экинчисине багынат. Ушуга байланыштуу татаал сүйлөмдүн эки түрү бар:

Тең байланыштагы татаал сүйлөм;

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм.

Бышыктоо үчүн тапшырма: Жогорудагы эрежелерге таянып беш –бештан татаал жана жөнөкөй сүйлөм түзгүлө.

Бышыктоо үчүн

тапшырма:

Жогорудагы эрежелерге таянып беш –бештан татаал жана жөнөкөй сүйлөм түзгүлө.

Кийинки сабакта  жолгушканча саламатта болгула!

Кийинки сабакта

жолгушканча

саламатта болгула!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!