СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү»

Сабактын темасы: Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү (5-класстар үчүн)

Сабактын максаты:

а) билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү боюнча алган билимдерин бышыктоо менен сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү боюнча түшүнүк алышат. Алардын бирдей суроого жооп берип, сүйлөмдө бир милдетти аткарарын үйрөнүшөт;

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнүн аткарган милдеттерин түшүнүп, синтаксистик талдоо жүргүзүүгө машыгышат;

в) тарбиялык максаты: Топтордо иштөөдө бири-бирин угуп, сыйлап өз ара түшүнүүгө багыт алышат. Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окучулар…

а) сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү жөнүндө түшүнүк алса, алардын бирдей суроого жооп берип, сүйлөмдө бир милдетти аткарарын үйрөнсө;

б) сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнүн кандай милдетти аткара тургандыктарын түшүнсө жана синтаксистик талдоо жүргүзө билишсе;

в) топтордо иштөөдө бири-бирин угуп сыйласа.

Сабактын тиби: Жаңы билимди берүү сабагы

Сабактын методу: Проблемалуу метод жана интерактивдүү методдордун айрым стратегиялары.

Сабактын жабдылышы: Таблица, сабакка колдонулуучу таяныч белгилер жана схемалар.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Өтүлгөн теманы кайталоо (бул учурда окуучулар топко бөлүнүшөт)

1-топко: -Эмне үчүн ээ жана баяндооч баш мүчөлөр деп аталат? -Ээнин милдетин зат атооч, заттанган сын атооч, сан атооч, ат атооч аткаргандай кылып, сүйлөмдөрдү түзгүлө

2-топко: -Баяндоочтун милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат? - Ар бир түрүнө мисалдар келтиргиле? (Мында зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч сүйлөмдө баяндооч болгондой кылып сүйлөм түзүшөт).

3-топко: - Аныктооч менен бышыктоочтун окшош жана айырмачылыктуу белгилерин түшүндүрүп бергиле? - Кызыктуу, жакшы деген сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө. Ал сөздөр бирде аныктооч болсо, экинчисинде бышыктооч болгондой болсун? Ар бир топ өз алдынча иштеп жатканда, мугалим доскага сүйлөмдөр жазат:

1. Чыдамкай, токтоо, эмгекчил адам гана баарын жеңет.

2. Адам үчүн адамкерчилик-асыл, кымбат.

Ар бир топтон чыгып, өз тапшырмаларын презентациялап беришет. Кемчиликтер болсо калгандары толуктап, түшүндүрүп беришет. Андан кийин мугалим жалпы окуучулар менен доскадагы сүйлөмдөрдү окуп, маанисин сурайт да талдоону төмөндөгүдөй тартипте баштайт. Чыдамкай, токтоо, эмгекчил адам баарын жеңет. - Чыдамкай, токтоо, эмгекчил адам баарын эмне кылат? - Жеңет-баяндооч (астын сыз). - Ким баарын жеңет? –адам-ээ. -Чыдамкай, токтоо, эмгекчил адам эмнени жеңет? – баарын-тике толуктооч (астын сыз). -Кандай адам баарын жеңет? – Чыдамкай, токто, эмгекчил- аныктооч (астын сыз). - Байкадыңарбы, балдар, чыдамкай, токоо, эмгекчил деген сөздөргө бир гана кандай деген суроо берилди. Үчөө тең сүйлөмдө бирдей милдетти (аныктооч) аткарды. Мындай мүчөлөрдү сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү дейбиз. - Кана эми өзүңөр эреже чыгарып көргүлөчү? Бир өнчөй мүчө деп кандай мүчөлөрдү айтабыз ? Окуучулар «Бирдей суроого жооп берип, бирдей милдет аткарган сөздөр сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат» деп жооп беришет.

Мугалим: -Туура айтасыңар, балдар. Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү сүйлөмдө бирдей суроого жооп берип, бир милдетти аткарышат (таблица илинет да, аны мугалим түшүндүрөт). Бирдей суроого жооп милдет аткарат. Алар бири-бирине багынбай, тең укукта болушат. Сүйлөмдүн бардык мүчөсү бир өңчөй болуп келе берет.

Окуучулар кайрадан топ-топ болуп иштешет.

1-топко: Көп чекиттин ордуна бир өңчөй мүчөлөрдү коюп, сүйлөмдү толуктап жазышат. 1.________________, _______________, _____________ бир класста окушат.

2.Биздин класс ===========, =============, ==============.

3.Жайлоодо ______ ______, ________________, _____________ гүлдөр өсөт.

2-топко: Берилген зат атооч сөздөрдүн кыймылын билдирген сөздөрдөн тапкыла.

Алар кандай милдет аткарарын түшүндүргүлө. Дыйкан, окуучу

3-топко: Берилген схема боюнча сүйлөмдөр түзгүлө.

1._____________, _______________, ____________ ==============.

2.____________, ___,___,____,____,__ , ==========, ===========, ===========.

3.______________, __ __ __ __ __ __, __ __ __ __ __, __ __ __ __ ==========.

4._._._._._._._._., __.__.__.__.__.__, __.__.__.__.__. ============== . Ар бир топ өзүнчө иштеп жатканда мугалим доскада кийинки таблицаны илет. Мисалы: 1.Карыянын үнү кырааттуу, ыргактуу , муңайым чыкты. (Мында интонация менен байланышты, арасына үтүр коюлду. Окулганда үтүр коюлган жерде тыным болот). 1.Сыдырым жел жумшак жана назик болуп турду. Элди эмгек менен эрдик көп нерсеге шыктандырат. ( Мында бир өңчөй мүчөлөр жана, менен байламталары аркылуу байланышты. Ошондуктан үтүр коюлбайт). Бир өңчөй мүчөлөрдүн байланышуу жолдору жана тыныш белгилери. Интонация Байламталар аркылуу 1.Интонация менен байланышканда алардын үтүр белгиси. 2.Окулганда, ошол белги коюлган жерде пауза (тыным) 1.Жана, менен байламталары аркылуу байланышса, үтүр белгиси коюлбайт. 1.Да, дагы байламталары аркылуу байланышса, үтүр белгиси байламтадан кийин коюлат.

Мугалим: Демек, бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөрдүн араларына жазууда үтүр коюлса, окуган учурда ошол жерде эмне болот экен?

Сабакты суроо-жооп менен бышыктоо.

1.Бир өңчөй мүчөлөр деп кандай сөздөрдү айтабыз?

2.Бир өңчөй мүчөлөрдү катыштырып, сүйлөмдөр түзгүлө.

3.Буларды эмне үчүн бир өңчөй мүчө деп атадыңар?

4.Бир өңчөй мүчөлөр өз ара кандай жолдор менен байланышат?

5.Кайсы учурда үтүр белгиси коюлбайт? Мисал келтир.

6.Кайсы учурда үтүр коюлат? Мисал келтиргиле

Сабакты жыйынтыктоо. Демек, балдар сабактын башында койгон максаттарыбызга жеттикпи? (Максаттарын айтып жыйынтыкташат).

Үйгө тапшырма берүү. Бир өңчөй мүчөлөрдү катыштырып чакан текст түзүп келүү.

Окуучулардын билимин анализдеп, баалоо.





Сабактын темасы: Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч.

Сабактын максаты:

а) Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү боюнча мурунку класстан алган билимдерин тереңдетип, аныктоочтун кептеги маанисин жана алардын түзүлүшүн үйрөнүшөт.

б) Өнүктүрүүчүлүк максаты: Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн үйрөнүшөт. Атоочтук түрмөктөрдөн болгон аныктоочтор жөнүндө маалымат алып, сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоого машыгышат.

в) Тарбия берүүчүлүк максаты: Топтордо иштей алышат. Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу:

- Аныктоочтун кептеги маанисин түшүнүп, алардын түзүлүштөрүн үйрөнө алса;

- Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн билип, атоочтук түрмөктөрдөн болгон аныктоочторду үйрөнсө жана сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзө алса;

- Топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша билсе.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: интерактивдүү метод.

Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, таблица жана методикалык колдонмолор.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу 2. Үйгө тапшырманы кайталоо (Кайталоо учурунда класс 3 топко бөлүнөт да, ар бир топко өзүнчө суроолор жазылган карточкалар таратылат).

1-топ үчүн: - Сүйлөмдүн ээси деп эмнени айтабыз жана анын милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат? - Зат атооч, заттанган сын атооч, сан атооч, ат атоочтор ээлик милдетти аткаргандай кылып, ар бирине мисалдар келтиргиле. - Сүйлөм ээсин эмне үчүн баш мүчө деп айтабыз?

2-топ үчүн: - Баяндооч деп эмнени айтабыз, анын милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат? - Зат атооч, сын атооч, сан атооч жана ат атоочтор баяндоочтук милдетти аткаргандай кылып, ар бирине мисалдар келтиргиле. - Ээ менен баяндоочтун ортосуна кандай учурда сызыкча коюлат? Мисалдар келтиргиле.

3-топ үчүн: - Ээни баяндооч сан, жак, түр боюнча ээрчип турат дегенди менен түшүндүрүп бергиле? - Ээ менен баяндоочту баш мүчөлөр деп атайбыз? - Берилген сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн тапкыла. Баш мүчөлөрдүн милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарарын айтып бергиле. - Ысык-Көл кышта жылуу, жайда салкын. Адамдын көркү –адеп. Элүүнүн жарымы-жыйырма беш. Эненин көөнү балада. (Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн ар бир топко 3 минуталык убакыт берилет.

Топтор өз алдынча иштеп жатканда , мугалим доскага кийинки тапшырманы даярдап, ээ менен баяндоочко Венндин диаграммасын чиет. Ар бир топтон окуучулар чыгып, берилген тапшырмалардын жоопторун айтышат. Мүмкүн болушунча, бир гана окуучу жооп бербестен, топтун ар бир мүчөсү жооп бергендей болсун. Кемчиликтери болсо, топтун башка мүчөлөрү , же мугалим толуктап берсе болот. Андан кийин окуучулардын көңүлүн доскадагы тапшырмага буруп, алар даярданбай туруп, оозеки жооп беришет. Тагыраак айтканда, ээ жана баяндоочтун окшош жана айырмалоочу белгилерин айтышат. Окуучулардын жооптору төмөнкүдөй болушу мүмкүн: Сүйлөм ээсине мүнөздүү белгилер: - дайыма атооч жөндөмөдө туруп, ким? эмне? кимдер? эмнелер? кимиси? эмнеси? деген суроолорго жооп берет; - дайыма баяндооч менен байланышып, ээни баяндооч сан, жак, түр боюнча ээрчип турат; - сүйлөм ээси айтылып жаткан ойдун негизин ээлеп турат; - көпчүлүгү сүйлөмдүн башталган чегинен орун алат. Баяндоочко мүнөздүү белгилер: - эмне кылат? эмне кылып жатат? ким? эмне? канча? деген суроолорго жооп берип, дайыма ээнин кыймыл-аракетин көрсөтөт; - сүйлөмдүн аякталган чегинен орун алып, ээни сан, жак, түр боюнча ээрчип турат; - баяндоочтун милдетин көбүнчө этиш сөздөр, мындан тышкары зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атоочтор да аткарат. Ээ жана баяндоочтун окшоштугу: - экөө тең сүйлөмдүн баш мүчөсү болуп саналат; - ээ да, баяндооч да зат атоочтон, заттанган сын атоочтон, сан атоочтон жана ат атоочтон жасала берет ж.б.

Мугалимдин сөзү: Демек, ээ менен баяндооч сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойдун негизин түзөрү, тагыраак айтканда, сүйлөмдү уюштуруучу борбор экендиги, ошондуктан алар баш мүчө деп аталары айтылат. Биздин кебибизде баш мүчөдөн тышкары айкындооч мүчөлөр да катышат. Кана эсиңерге салгылачы, айкындооч мүчөлөргө кайсылар кирет? ( Балдар айкындооч мүчөлөр менен башталгыч класстарда эле тааныш болгондуктан, мугалим жаңы теманы түшүндүрүүдөн мурун окуучулар менен аңгемелешип, айкындооч мүчөлөргө кайсылар кирерин эске түшүрөт).

Андан кийин сабак төмөнкү тартипте улантылат: Бүгүнкү сабакта биз айкындооч мүчөлөрдүн ичинен Аныктооч деген теманы өтөбүз. Айкындооч мүчөлөр ээ жана баяндоочтун айланасына топтолушуп, алардын маанисин аныктап,тактап көрсөтүү үчүн бирөө ээге, экинчиси баяндоочко байланышат.

Мисалы: 1.Жакшы окуучу-биздин сыймыгыбыз. 2.Окуучулардын кечеси жакшы өттү. Биринчи сүйлөмдө да, экинчи сүйлөмдө да жакшы деген сөз бирдей формада келип, окшош суроого (кандай?) жооп берди, ошого карабастан, алардын сүйлөмдөгү аткарган милдеттери бирдей эмес. Биринчи сүйлөмдө окучу деген зат атооч байланышып (кандай окуучу?), аныктоочтун милдетин аткарса, экинчи сүйлөмдө өттү деген кыймыл-аракет менен байланышып (кандай өттү?), бышыктоочтун, тагыраак айтканда, сын- сыпат бышыктоочтун милдетин аткарды. Кээде ушундай окшош формадагы сөздөр бир эле сөзгө байланышса дагы , сүйлөмдүн маанисине карай ар башка милдетти аткарып калат.

Мисалы: 1. Мен тулуп-өскөн айылыма барам. 2. Мен тулуп өскөн айылыма ыраазымын. Биринчи сүйлөмдө да, экинчи сүйлөмдө да айылыма деген сөз катышып, экөөндө тең кыймыл-аракет менен байланышты, бирок сүйлөмдө аткарган кызматы эки башка. Биринчисинде кайда барам?-айылыма-орун бышыктооч. Экинчисинде болсо, эмнеге ыраазымын? – айылыма толуктоочтун милдетин аткарды. Демек, айкындооч мүчөлөрдүн айрымдары заттын сын-сыпатын , санын билдирсе, айрымдары кыймыл-аракет менен байланышып, анын ар түрдүү кырдаалын билдирет. Мына ушул өзгөчөлүккө ылайык айкындооч мүчөлөр аныктооч, толуктооч жана бышыктооч деп үчкө бөлүнөт. Аныктооч зат атооч же заттык маанидеги башка сөздөр менен байланышып, алардын сын-сыпатын, өңү-түсүн, санын жана иретин билдирет. Аныктоочторго кандай? кантип? канча? нече? кимдин? эмненин? деген суроолор берилет. Аныктоочтун милдетин зат атооч, сан атооч, сын атооч жана ат атооч аткарат да, аныктоочтун алды дайыма толкун сызык менен сызылат.

Мисалы: 1. Катуу дабыш тынчтыкты бузат (кандай дабыш? – катуу – аныктооч). Аныктоочтун милдетин сын атооч (катуу) аткарды.

2. Илбирстин тырмагы , карышкырдын тиши – курал (эмненин тырмагы? – илбирстин – аныктооч, эмненин тиши – карышкырдын - аныктооч). Аныктоочтун милдетин зат атоочтор (илбирстин, карышкырдын) аткарды.

3. Элүүнүн жарымы – жыйырма беш ( канчанын жарымы? – элүүнүн – аныктооч). Аныктоочтун милдетин элүүнүн деген эсептик сан атооч аткарды.

4. Силердин келечегиңер – алдыда (кимдердин келечеги? –силердин – аныктооч ). Аныктоочтун милдетин силердин деген жактама ат атооч аткарды. Аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү төмөнкүдөй болот. 1.Толук маанилүү сөздөрдүн айкашынан аныктоочтор жасалат. Мисалы: Биз ушул айылдык жигиттербиз. Кайсы жигиттер? – ушул айылдык- аныктооч. Демек, экөө тең өз алдынча толук маанилүү сөз. 2. Толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздөрдүн тизмегинен да аныктоочтор жасалат. Мисалы: Түшкө чейинки жумуш бүттү. Кайсы жумуш? түшкө чейинки- аныктооч. Бул сүйлөмдө болсо, аныктоочтун милдетин аткарган сөздүн бири мани берсе, экинчиси өз алдынча турганда эч кандай мани бербейт. 3. Туруктуу сөз айкаштары да аныктооч боло алышат. Мисалы: Ак төөнүн карды жарылган күз келди. Кандай күз – ак төөнүн карды жарылган – аныктооч. Мында ак төөнүн карды жарылган деген туруктуу сөз айкашы бардык компоненти менен биригип келип, бир гана суроого жооп берди. Аныктоочту талдоодо анын асты толкун сызык менен сызылып, төмөнкүдөй грамматикалык белгилерин табууга тийишпиз: - Кандай суроого жооп берери; - Заттын кандай белгилерин билдирери; - Кайсы сөз түркүмүнөн экендиги; - Кайсы сөз менен байланышып тургандыгы; - Түзүлүш өзгөчөлүгү. Сабактын кийинки бөлүгүндө окуу китебиндеги көнүгүүлөр аткарылат. Андан кийин окуучуларга төмөндөгүдөй өз алдынча тапшырмалар берилет.

Класс 3 топ бөлүнөт.

1-топ үчүн: Карточкалар таратылат. Берилген сүйлөмдөрдү окуп, маанисин айтып бергиле жана аныктоочту таап, анын эмне үчүн аныктооч экендигин түшүндүргүлө. Үч нерсенин кадырын үч адам билет: Жаштыктын кадырын картайган билет. Ден-соолуктун кадырын оорулуу билет. Байлыктын кадырын жарды билет. (Х.Карасаев. «Накыл сөздөр»).

2-топ үчүн: Берилген сүйлөмдөрдү окуп, маанисин айтып бергиле жана кара тамга белгиленген сөздөрдүн сүйлөмдөгү аткарган кызматын аныктагыла. Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот. Жакшы адамга бир гана сөз жетет. Бардык элдин тилегени-бейкуттук.

3-топ үчүн: Аныктоочтун милдетин сын атооч, сан атооч жана ат атоочтор аткаргандай кылып, сүйлөмдөрдү түзгүлө. (Бул учурда мугалим доскада төмөнкүдөй сүйлөмдөрдү жазат).

1.Эненин мээрими күндөн жылуу.

2. Карынын кебин капка сал.

3. Сөздүн көркү-макалда. Андан кийин ар бир топтон окуучулар туруп, берилген тапшырманын жоопторун айтышат. Калгандары кемчиликтерин толукташат. Мугалим кайсы топтун кандай иштегендигинин жыйынтыгын чыгарат да, доскада берилген сүйлөмдөргө талдоо жүргүзүп, ээ, баяндооч жана аныктоочту таптырат. Ошондой эле ар бир команда аныктооч болгон сөзгө синквейн түзүшөт. Анын тартиби төмөнкүдөй: 1-сүйлөм боюнча талдоонун тартиби: Эненин мээрими күндөн жылуу. Эненин мээрими кандай?-жылуу-баяндооч, мээрими-сүйлөм ээси, астын бир сызабыз. Кимдин мээрими күндөн жылуу?- эненин-аныктооч, астын толкун сызык менен сызабыз. Мында аныктооч түзүлүштө болуп, зат атоочтон жасалды. Эми аныктоочтон жасалган сөзгө, тагыраак айтканда, Эне деген сөзгө синквейн түзөбүз. Эне мээримдүү, өнөрлүү багат, тарбиялайт, окутат Эненин турган жери- бейиш Апа Калган сүйлөмдөр да ушундай тартипте талданып, синквейндер түзүлөт.

Сабакты суроо-жооп менен бышыктоо:

1. Айкындооч мүчөлөр деп кандай мүчөлөрдү айтабыз?

2. Айкындооч мүчөлөрдүн кандай түрлөрү бар?

3. Аныктооч деген эмне?

4. Аныктоочтун милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат? Ар бирине мисалдар келтиргиле.

5.Тутумдаш түзүлүштөгү аныктоочтор кандай жолдор менен жасалат? Ар бирине мисалдар келтиргиле.

Үйгө тапшырма берүү, анын аткаруунун жолун түшүндүрүү.

Окуучулардын билимдерин анализдеп баалоо.

Күндөлүктөрүнө баа коюу.















Сабактын темасы: Зат атоочту кайталоо.

Сабактын максаты:

а) билим берүүчүлүк: окуучулар зат атоочтун грамматикалык белгилери, жасалышы, энчилүү аттардын жазылышы, таандык жана жак мүчөлөр, алардын өзгөрүшү боюнча алган билимдерин бекемдешет.

б) Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар морфологиялык талдоого машыгуу менен чыгармачылыгын өнүктүрүп жана сөз байлыгын өстүрүшөт.

в) тарбиялоочулук: окуучулар эне тилин сүйүүгө, адабий тилдин нормасына ылайык туура сүйлөөгө, орфографиялык эрежелер боюнча сабаттуу жазууга тарбияланышат. Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу...

а) окуучулар зат атоочтун грамматикалык белгилери, жасалышы, энчилүү аттардын жазылышы, таандык жана жак мүчөлөр, алардын өзгөрүшү боюнча билимдерин бекемдей алса;

б) окуучулар морфологиялык талдоону жүргүзө билсе;

в) эне тилин сүйүп, адабий тилдин нормасына ылайык туура сүйлөшсө, орфографиянын эрежеси боюнча сабаттуу жазса.

Сабактын тиби: окуучулардын алган билимин бышыктоо сабагы

Сабактын методу: Интерактивдүү методдор: Венндин диаграммасы, кластер, синквейн түзүү ж.б.

Сабактын жабдылышы: схема-таблицалар.

Сабактын жүрүшү: 1. Зат атооч боюнча аукцион өткөрүү (окуучулар 2 командага бөлүнөт. Шартын мугалим түшүндүрөт). 2. Класс 3 топко бөлүнүп, кластер түзүшөт. а) жер-суу аттары; б) жалпы аттар; в) абстрактуу түшүнүктөр; а) тоолор мамлекеттер шаарлар кёлдёр №1 топ жер- суу аттары б) в) №2 топ жалпы аттар (адам. байл) мугалим чал жумушчу киши доктор №3 топ абстракту тщшщнщктёр кыял таасир ой сезим даък жакшылык бакыт кемпир кыз бала жамандык Кластер – бул педагогикалык стратегия. Мындай тапшырмалардан окуучулар зат атооч боюнча алган билимин талдап, ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгү ачылып, турмушта аны колдонгонго үйрөнүшөт. Логикалык ойлоосу өсөт. Окуучулар кластер түзүп жатканда мугалим доскада кийинки тапшырманы жазып даярдайт. 3. Ырды окуп, маанисин түшүндүргүлө жана белгиленген сөздөрдү уңгу мүчөгө ажыратып, мүчөнүн кайсы түрү экенин айтып бергиле (команда боюнча) а) Эне тилим-энем, элим, уюткум Тунук болсом, тилим менен тунукмун. Улук болсом, тилим менен улукмун. Э.Ибраев б) Улут болсом, тилим менен улутмун Анткени тил – ар улуттун улуулугун аныктар Паспорту да, мандаты да, метиркасы улуттун Э.Ибраев в) Эне тили, эне сүтүм, таалайым Ачык турган ак калпагым, маанайым Кылымдардан кылымдарга кыярбай Сен өркүндөп, өсүшүңдү каалаймын С.Жусуев 4. Венндин диаграммасын түзүү (команда боюнча) а) б) в) уъгу Сёз ёзгёртщщчщ мщчёлёр Сёз жасоочу мщчёлёр Жак мщчё мщчё Таандык мщчё Венндин диаграммасын түзүп жатканда мугалим доскага кийинки тапшырманы жазат. 5. Сүйлөмдөрдү окуп, маанисин түшүндүргүлө. Көчүрүп жазып, зат атоочторго талдоо жүргүзгүлө (команда боюнча) а) Эненин мээрими күндөн жылуу. б)Күн карама көлөкөнүн баркын билбейт. в) Карганын баласы энесине аппак. 6. Берилген схема боюнча мисалдар келтиргиле (команда боюнча) а) уңгу + сөз жасоочу мүчө б) уңгу + сөз өзгөртүүчү мүчө в) уңгу + сөз жасоочу мүчө + сөз өзгөртүүчү мүчө Окуучулар схема боюнча иштеп жатканда, мугалим кийинки тапшырманы доскага жазат. 7. Берилген сөздөрдөн тиешелүүсүн жак жана таандык мүчөлөр менен өзгөрткүлө. Ата, эне, дос, эмгек, сабак, Ала-Тоо, келечек, окуучу, Ысык-Көл. 8. Берилген таблица боюнча талкуу (дебат) жүргүзгүлө жана мисалдар менен түшүндүргүлө. Зат атоочтун лексикалык зат грамматикалык морфологиялык атоочтун белгиси синтаксистик жасалышы 9. Инсерт стратегиясы. Мугалим тест (зат атооч боюнча) таратат. Аны окуп, ар бир абзацка инсерттин белгилерин коюшат (команда боюнча)  - билем а) жак категориясы боюнча + - жаңы билдим б) таандык категориясы боюнча - карама-каршы в) жасалышы боюнча ? - түшүнүксүз Зат атоочтун жак категориясы (1-топ үчүн) 1. Биринчи жак менен экинчи жак дайыма адамзаттык атоолор болот. Анткени пикир алышкандар, б.а., сүйлөп жаткандар адамдар гана болушат.ал эми үчүнчү жак адамзаттык заттар да, адамзаттык эмес заттар да боло берет. 2. Кыргыз тилинде адамзатты билдирип, адамзатка тиешелүү болгон зат атоочтор гана жак боюнча өзгөрөт, б.а., жакталат: атамын, студентсиз, окуучусуз, илимпозбуз, Эсемин ж.б. 3. Адамзаттык эмес зат атоочтор жак боюнча өзгөрбөйт, б.а., жакталбайт, себеби тилибизде төөмүн, уйсуң, тоомун деп айтылбайт. Зат атоочтун таандык категориясы (2-топ үчүн) 1. Зат атоочтордун кимдир бирөөгө, же кандайдыр бир затка таандык болуп айтылышы таандык категориясы деп аталат. Кыргыз тилинде зат атоочтун таандык мамилелери морфологиялык, синтаксистик жана аралаш жол менен берилет: мектебим, апам, досум, биздин мектеп, сиздин ой, анын китеби, менин максатым, сенин келечегиң ж.б. 2. Жалпы таандык мүчө бирөө эле: -ныкы жалпы таандык мүчө жакты жана санды көрсөтпөйт жана фонетикалык ар түрдүү вариантта өзгөрөт. Ошондуктан анын мааниси абстрактуу болот (атамдыкы=ата+м+дыкы, мектептики=мектеп+тики). 3. Жалпы таандык мүчө жакчыл таандык мүчөдөн кийин улана берет: кызымдыкы, досуңдуку, кызыбыздыкы, досубуздуку. Зат атоочтун жасалышы (3-топ) 1. Зат атоочтун мүчөлөр аркылуу жасалышы морфологиялык жол деп аталат. Зат атоочту жасоочу мүчөлөрдү атооч сөздөрдүн зат атооч жасоочу жана этиш сөздөрдүн зат атооч жасоочу деп шарттуу түрдө эки түрдө көрсөтүбүз. 2. –кана: ашкана, дарыкана, малкана, китепкана -лаш: айылдаш, аталаш, классташ, энелеш -лык: балалык, достук, жаштык, тазалык, эрдик -чы: бүркүтчү, кампачы, тегирменчи, токойчу -гын: качкын, келгин, учкун, өткүн -гы: ачыткы, көчкү, шыпыргы, уютку, чалгы. 3. Зат атоочтор эки же андан көп сөздөрдөн биригишинен да жасалат. Мындай сөздөр татаал зат атоочтор болушат. Синтаксистик жол менен жасалган зат атоочторго кош зат атоочтор, кошмок зат атоочтор жана кыскартылган сөздөр кирет. Татаал зат атоочтор маанилик жактан бири-биринен ажырагыс болот, лексикалык бир гана маанини берет. Сүйлөмдүн бир эле мүчөсүнүн милдетин аткарышат. 4. Кош зат атоочтор: ата-бала, аш-той, алма-өрүк, кыз-келин, оймо- чийме, агайын-тууган, жыйым-терим, жер-суу, күн-түн ж.б. Кошмок зат атоочтор: жети ата, төө куш, ак куу, бака жалбырак, таш көмүр, сары май, күн карама ж.б. Кыскартылган зат атоочтор: КУУ - Кыргыз улуттук университети ИИМ - Ички иштер министрлиги ЖК - Жогорку Кеңеш ЫМУ - Ысык-Көл мамлекеттик университети Сабакты жыйынтыктоо: Командалар боюнча берилген тапшырмалардын жыйынтыгын чыгаруу. Окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берүү. Үйгө тапшырма берүү. Окуучулардын билимин баалоо.

Сабактын темасы: Антонимдер. (5-класс үчүн)

Сабактын максаты:

а) Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулардын синонимдер жана омонимдер боюнча түшүнүктөрүн бекемдөө менен антонимдер жөнүндө түшүнүк алышат;

б) Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулардын логикалык ойлоосун өстүрүү менен бирдей уңгулуу жана ар башка уңгулуу антонимдерди үйрөнүшөт;

в) Тарбиялык максаты: Топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара түшүнүүгө, эне тилин сүйүүгө тарбияланышат. Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу… а) карама-каршы мааниде айтылган сөздөрдүн антоним экендигин түшүнүп билсе; б) антонимдер өз ара бирдей уңгулуу жана ар башка уңгулуу антонимдер деп бөлүнөрүн үйрөнсө; в) топтордо иштөөдө бири-бирин сыйлап, өз ара түшүнүшсө; Сабактын тиби: Жаңы билимди берүү сабагы Сабактын методу: Проблемалык жана интерактивдүү методдор Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, методикалык колдонмолор, ватман, маркер ж.б. Сабактын формасы: класстык сабак Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу 2. Өтүлгөн теманы кайталоо Үй тапшырмасын кайталоодо класс топторго бөлүнөт. 1-топ үчүн: 1. Синонимдер деген эмне? Ага бир нече мисалдар келтиргиле 2. Ырды окуп, синонимдерди тапкыла жана эмне үчүн синоним экендигин түшүндүргүлө: Эгер, эгер, эгерде… Ылдый менен төмөнгө Даяр менен беленге Өлчөм менен ченемге Барам менен келемге Чуңкур менен тереңге Эндүү менен кененге Далай-далай ушундай Жана менен мененге Ырлар менен узартсак Эмне болот дегенде Бар болгону бул – оюн Маанилеш сөздөр – синоним. 2-топ үчүн: 1. Омонимдер деген эмне? Ага бир нече мисалдар келтиргиле 2. Омоним менен көп маанилүү сөздөрдөгү окшоштук жана айырмачылыкты мисал келтирүү менен айтып бергиле. 3. Күз деген сөз көп маанилүүбү же омонимби? Далилде! 3-топ үчүн: 1. Сүйлөмдөрдү окуп, асты сызылган сөздөрдүн кайсы сөз түркүмүнө тиешелүү экендигин аныктагыла. 2. Буларды синоним деп эсептейсиңерби же омонимби? Себебин түшүндүргүлө. Жерге тоң түштү. Күн караган суукка тоңот. Ой – сөздүн сандыгы. Ой да, тоо да, бүт карга чулганган. Ал олуяларга ишенчү эмес. Карылардын насаатын угуп ал. 4-топ үчүн: Берилген сөздөрдүн синонимдерин тапкыла. муң – чер – кайгы – капа – санаа мурунку – ири – иш – түс – казык – Окуучулар топ-топ болуп иштеп жатканда мугалим доскага төмөнкү сүйлөмдөрдү жазат. 1. Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар. 2. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт. 3. Көңүлдөгү сырды көз билет. Ар бир топ карточкалардагы суроолорго жооп берет. Мүмкүн болушунча 3-4 окуучу сүйлөгөндөй болсун. Андан кийин баары досканы карап, сүйлөмдөрдү окуп, омонимдерди таап, маанисин, кайсы сөз түркүмүнө тиешелүү экендигин айтып беришет. Жаңы тема: Антонимдер Мугалимдин сөзү: Карама-каршы мааниде айтылган сөздөр антонимдер деп аталат. Ал грек тилинин anti (каршы) жана anata (ат) деген сөзүнүн алынган. Антонимдер өз ара ар башка уңгулуу жана бирдей уңгулуу болуп экиге бөлүнөт. Мисалы: ар башка уңгулуу антонимдерге күн- түн, катуу-жумшак, батыш-чыгыш, кең-тар, баатыр-коркок, калп- чын ж.б. кирет. Бирдей уңгулуу антонимдерге абийирдүү-абийирсиз, адептүү-адепсиз, алдуу-алсыз, тааныш-бейтааныш ж.б. кирет. Окуу китебиндеги көнүгүүлөр иштелет. 276-көнүгүүнү оозеки аткаруу. Кара тамга менен басылган сөздөрдүн маанилерин аныкта. 1. Сыртында кырк градус аяз болуп, бирок ичинде көйнөкчөн жүрө беришет. 2. Суу сөөк какшатып муздак эмес, дымыктырып ысык экен. 3. Берген март эмес, алган март. 4. Жакшылык кылсаң, жамандык ойлонот. Андан кийин класс топторго бөлүнүп, төмөнкүдөй өз алдынча жумуштар аткарылат: 1-топ үчүн: Берилген сөздөрдүн антонимдерин таап айтып бергиле. Бай, жашырын, улуу, таза, кий, ары, асты, бар. Булар бирдей уңгулуубу же ар башка уңгулуу антонимдерге киреби? 2- топ үчүн: Антонимдерге кластер түзгүлө. 3-топ үчүн: Берилген сүйлөмдөрдү окуп, маанисин түшүндүргүлө жана антонимдерди тапкыла. 1.Жаман адам белгиси – өз камы үчүн жүгүрөт, Жакшы адам балгиси – эл камы үчүн күйүнөт. 2.Тууганына батпаган, душманына жалынат. 4-топ үчүн: Ырды көркөм окуп, антонимдерди тапкыла. Алар бирдей уңгулуубу, же ар башка уңгулуу антонимдерби? түшүндүргүлө. Күн менен түн сыяктуу, Кээде кара, кээде аппак. Кээде турмуш уу берет, Ачуусуна караба. Кээде турмуш кант берет, Таттуусуна караба. АНТОНИ М (А.Осмонов) 4 топ өз алдынча иштеп жатканда мугалим доскага ыр жазылган плакатты илет: Бири кургак, бири суу Бири ширин, бири уу Бири бийик, бири пас Бири кары, бири жаш Бири салкын, бири дем Бири ашык, бири кем Оң-тетири бул дүйнө (Т.Касымбеков «Келкел») Ар бир топ карточкадагы суроого жооп беришет. Командадан 1 гана окуучу эмес, 4-5 окуучу жооп берсе жакшы болот. Андан кийин окуучулар доскага карап, плакаттагы ырды көркөм окуп, антонимдерди таап беришет. Доскада жазып иштөө. 1.Билимдүүгө дүйнө жарык, Билимсиздин күнү карып. 2.Берген март эмес, алган март. 3.Жакшылык кааласаң, Жамандык ойлонот. 4.Өмүр деген – жарык күн Өлүм деген – кара түн. Өмүр – жандын өмүтү, Өлүм – жандын күйүтү. Сабакты суроо-жооп менен бышыктоодо мугалим кайтарым- байланыш методунун негизинде класска биз бүгүн эмнени үйрөндүк? деген суроону берип, окуучулар үйрөнгөндөрүн айтып беришет. Сабакты жыйынтыктоо Үйгө тапшырма берүү Окуучулардын билимин баалоо

Сабактынтемасы: Сөздүн составдык бөлүктөрү боюнча кайталоо. (5-класс). Сабактын максаты: билим берүүчүлүк Өнүктүрүүчүлүк тарбия берүүчүлүк 1. Уңгу, мүчө, алардын мүнөздүү белгилери боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет; 2. Зат атооч, анын грамматикалык белгилери боюнча билимдерин бышыкташат; 3. Жөнөкөй жана татаал, энчилүү жана жалпы заттар, алардын жазылышы боюнча билимдерин бекемдешет. 1. Сөз составы боюнча талдоого үйрөнүшөт; 2. Сөз жасоочу, сөз өзгөртүүчү мүчөлөр боюнча түшүнүктөрүн бышыкташат жана айырмасын үйрөнүшөт. 1. Эне тилин сүйүүгө, туура сүйлөөгө, сабаттуу жазууга, топто бири-биринин пикирин угууга, сылык болууга тарбияланышат. Көрсөткүчтөр: Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу… 1. Уңгу, мүчө, аларга мүнөздүү белгилерди айтып бере алса; 2. Зат атоочтун лексикалык, морфологиялык жана синтаксистик белгилерин түшүндүрө алса; 3. Жөнөкөй жана татаал, энчилүү жана жалпы аттар, алардын жазылышын өздөштүрө алса. 1. Сөздөрдү уңгу, мүчөгө туура ажырата алса; 2. Сөз жасоочу жана сөз өзгөртүүчү мүчөлөрдү так айырмалай алса. 1. Эне тилин сүйүп, туура сүйлөсө, топто бири-бирин угуп, сылык мамиледе болсо. Сабактын тиби: алган билимди кайталоо сабагы Сабактын методу: интерактивдүү методдор Сабактын формасы: чакан топтор менен иштөө Сабактын жабдылышы: ватман, маркер, таблица ж.б. Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу 2. Өтүлгөн теманы кластер түзүү менен кайталоо 1-топ: - уңгу, анын мүнөздүү белгилери; - мүчө, анын белгилери боюнча кластер түзөт. 2-топ: - сөз жасоочу мүчөлөр; - сөз өзгөртүүчү мүчөлөр боюнча кластер түзөт. 3-топ: - зат атооч, анын грамматикалык белгилери боюнча кластер түзөт. а) морфология б) синтаксис Топтор өз алдынча иштеп жатканда мугалим доскада төмөнкүдөй сүйлөмдөр жазат: 1. Эненин мээрими күндүн жылуу 2. Талаага сөздү экпейт, үрөндү эгет 3. Улуттун уюткусу, булагы – айылда. (3 топ бирден сүйлөм алып, маанисин айтып беришет жана зат атоочторду таап, уңгу, мүчөгө ажыратат.) Ар бир топко чакан тексттер таратуу. 1-топ үчүн: Биздин жаратылыш кооз жана жарашыктуу. Тоолорубуздагы Сары-Челек, Соң-Көл, Чатыр-Көл деген көлдөрдүн суулары тунук. Борбор шаарыбыз – Бишкек. Республикабыз жети областтан турат: Ош, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Баткен. 2-топ үчүн: Саякбай Каралаев өмүрүнүн 60 жылын «Манаска» арнап, «Манас» эпосунун үч бөлүмүн толук жаздырууда тоодой эмгек кылган. Башка манасчылар сыяктуу эле С.Каралаев өзүнүн манасчылык кесибин түш көрүү менен баштайт. Саякбайдын түшүнө Манас эки жолу кирет. Ал гана эмес, Каныкей, Бакай, Алманбеттер менен сүйлөшкөн. С.Каралаев Ысык-Көл областындагы Ак-Өлөңдүн Семиз-Белинде туулган. Манасчынын балалык күндөрү ошол айылда өткөн. 3-топ үчүн: Тарыхый эстеликтер өткөн замандагы турмушту баяндайт. Таластагы Манастын күмбөзү, Оштогу Бабырдын үйү, Ат-Башыдагы Таш-Рабат, Кошой-Коргон, Ала-Букадагы Шах-Фазилдин күмбөзү, Өзгөндөгү жана Токмок шаарынын жанындагы мунаралар өткөн замандан калган эстелик болуп саналат. (Ар бир топ, тексттин мазмунун айтып, энчилүү аттарды таап, алардын жазылышын айтып беришет.) 3 топ текст менен иштеп жатканда мугалим доскага төмөнкүдөй сөздөрдү жазат: Ачыткы, сабакка, токойчу, энем, кампачы, дарыкана, жоокерчилик, сууга, окуучунун, чоорчу, базарла, тоодон, мектебим, аткана, ырчы, оймок, самында, мугалимге, досуң, иймек, атама, көлгө, балалуу, баскыч, көлчүк ж.б. (Мындан 1-топ сөз жасоочу мүчө уланган сөздөрдү, 2-топ сөз өзгөртүүчү мүчө уланган сөздөрдү таап жазышат жана уңгу, мүчөгө ажыратышат. 3-топ үчүн а) Берилген сөздөрдүн этиштен жасалган зат атоочторду таап, бөлүп жазгыла. Ачкыч, сабакка, токойчу, билим, энем, кампачы, басым, дарыкана, мектебим, оймок, баскыч, самында, үймөк, бакчы, басма, арабакеч, сузгу, өнөрпоз, чалгы, үйсүз, манасчы, кызматчы, суучул, жаздык, урчук, өтүкчөн, шыпыргы, укта. б) Тандалган сөздөрдү уңгу мүчөгө ажыраткыла. Бул учурда мугалим доскага төмөнкүдөй ырды жазат (ката жазуу керек): Керилген чалкак чалкак кең тянь шань, Жыргаган Алатоо Элиң да шаң. Ысыккөл, Ысык-ата, Жалалабад Ырааттуу туш тушуң Бары арашан. (Жалпы класс доскага карап, ар бир сабындагы каталарды оңдоп жазышат жана эмне себептен андай жазыларын түшүндүрүп беришет). Туурасы: Керилген чалкак-чалкак кең Тянь-Шань, Жыргаган Ала-Тоо элиң да шаң. Ысык-Көл, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Ырааттуу туш-тушуң баары арашан. Андан кийин мугалим доскага мурдатан даярдалган таблицаны илет. Окуучулар менен дебат (талкуу) өткөрөт. Зат атоочтун жасалышы морфологиялык синтаксистик Кош зат атоочтор: ата-эне, дос-душман, аш-той… Кошмок зат атоочтор: сары май, темир жол, бир тууган. Атооч сёздёрдён зат атооч жасоочу мщчёлёр: -чы: -кер: -кана: Этиш сёздёрдён зат атоочту жасоочу мщчёлёр: -ым: -ма: -мак: Сабакты жыйынтыктоо: Үйгө тапшырма берүү, аны аткаруунун жолун түшүндүрүү. Окуучулардын билимдерин анализдеп баалоо. Күндөлүктөрүнө баа коюу.

8-класс, 2-чейрек Сабактын темасы: Сөздөрдүн өз ара байланышуу жолдору. Сабактын максаты: А) Билим берүүчүлүк: Окуучулардын сөз айкашы, алардын түрлөрү, багындыруучу жана багыныңкы сөздөр жөнүндөгү түшүнүктөрүн бекемдөө менен, сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн оз ара байланыш жолдорун үйрөнүшөт. Б) Өнүктүрүүчүлүк: Сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн өз ара маани жактан жана грамматикалык жактан байланышарын, багыныңкы байланыштын түрлөрүн түшүнүшөт. Сөз айкашы боюнча талдоо жүргүзө билүүгө машыгышат. В) Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды эне тилин сүйүүгө, адабий тилдин нормасына ылайык туура сүйлөөгө, орфографиянын эрежелери боюнча сабаттуу жазууга, топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлоого тарбияланышат. Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу: А) сөз айкашы, алардын түрлөрү, багыныңкы жана багындыруучу түгөйлөр жөнүндөгү билимдерин бекемдей алса, сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн өз ара байланышуу жолдорун (ээрчишүү, таандык, ыкташуу, башкаруу) өздөштүрө алса; Б) сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн маанилик жактан жана грамматикалык жактан байланышарын, ошондой эле багыныңкы байланыштын түрлөрүн үйрөнсө, сөз айкашы боюнча толук талдоо жүргүзүүгө жетише алса; В) эне тилин сүйүп, адабий тилдин нормасына ылайык туура сүйлөсө, орфографиянын эрежелери боюнча сабаттуу жаза алса жана топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса. Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы. Сабактын методу: проблемалуу метод жана интерактивдүү методдордун айрым стратегиялары. Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, таблица жана схемалар. Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу 2.Өтүлгөн теманы кайталап, үйгө берилген тапшырманы текшерүү 1. Сөз айкашын тил илиминин кайсы бөлүмү окутат? 2. Сөз айкашы деген эмне? Ага мисалдар келтиргиле. 3. Сөз айкашы менен сүйлөмдүн кандай айырмасы бар деп ойлойсуңар? Алгач сөз айкашын түзүп, анан аны сүйлөмгө айландыргыла. Эмнени байкадыңар? 4. Эмне үчүн толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздүн тизмеги сөз айкашы боло албай тургандыгын түшүндүргүлө. 5. Сөз айкашынын тутумундагы багындыруучу жана багыныңкы сөздү кантип аныктоого болот? Мисал менен түшүндүргүлө. Мугалимдин сөзү: Ошентип биз өткөн сабакта сөз айкашы, анын түрлөрү жөнүндө терең үйрөнгөнбүз. Демек, сөз айкашы болуш үчүн толук маанилүү эки же андан көп сөз катыштарын, алардын бири, тагыраак айтканда, ойдун негизин ээлеп турган сөзү багындыруучу, ага көз каранды бөлүгү багыныңкы сөз болорун билдик. Эгерде толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздөр айкашса, сөз айкашы боло албай тургандыгын (келечек тууралуу мектепти көздөй, тартип жөнүндө ж.б.), сөз айкашы болуш үчүн дагы бир толук маанилүү сөз талап кылынарын (келечек тууралуу, ойлонуу, мектепти көздөй басуу, тартип жөнүндө сүйлөшүү ж.б.) жакшы билебиз. Бүгүнкү сабакта силер менен «Сөздөрдүн өз ара байланышуу жолдору» деген теманы өтөбүз. Жаңы тема: (сабакка даядалган таблица доскага илинет) Сөз айкашынын тутумундагы сөздөр өз ара маанилик жактан жана грамматикалык жактан байланышат. Маанилик байланыш болгондо, негизги (багындыруучу) сөз багыныңкы сөздөн кийин келип, экөө өз ара маанилик жактан байланышып турушат. Мисалы: сүйүктүү мугалим, тартиптүү окуучу, кызыктуу китеп ж.б. Сөздөр грамматикалык жактан байланышканда, багыныңкы сөзгө жөндөмө мүчөлөр уланат же кызматчы сөздөрдүн тизмектеле келүүсү менен айтылат. Мисалы: мектепке келүү, сууну көздөй басуу, сабактан чыгуу ж.б. Багыныңкы байланыштын ээрчишүү, ыкташуу, таандык, башкаруу деген жолдору бар. Багындыруучу сөз менен багыныңкы сөз жөндөмө мүчөлөрдүн жардамы менен эмес, жөн гана маанилик жактан байланышып турса, ыкташуу байланышы деп аталат. Мисалы: калың токой, кызыктуу сабак, чон бөлмө, тартиптүү окуучу ж.б. Башкаруу байланышында болсо, багындыруучу сөз багыныңкы сөздүн барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрдү турушун талап кылып башкарат. Ошондуктан байланыштын бул түрү башкаруу деп аталат. Мисалы: сабакка келүү, китепти алуу, тоодо болуу, шаардан чыгуу ж.б. Таандык байланышта болсо, багындыруучу сөз илик жөндөмөсүндө+, багыныңкы сөзгө 3-жактын таандык мүчөсү уланат. Мисалы: мектептин окуучусу, Ысык-Көлдүн жээги, тоонун абасы ж.б. Башкача айтканда, окуучу мектепке, жээк Ысык-Көлгө, аба тоого таандык дегенди түшүндүрөт. Ээрчишүү байланышында ээни баяндооч сан, жак, түр боюнча ээрчип турат, ошондуктан ээрчишүү байланышы деп аталат. Мисалы: күн чыкты, сабак башталды, күз келди ж.б. Байланыштын мына ушул түрүн өзгөчө катыштагы сөз айкашы дейбиз, себеби алар сүйлөмдүк катышта турушат. Окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү иштөө, карточкалар таратуу ж.б. Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар менен төмөндөгүдөй өз алдынча жумуштар аткарылат: Берилген схема боюнча сөз айкаштарын түзүп, анын тутумундагы сөздөрдүн кандай жолдор менен байланышкандыгын түшүндүрүп беришет. 1-топ: зат атооч + этиш (киного келүү…) 2-топ: зат атооч + зат атооч (эненин мээрими…) 3-топ: сын атооч + зат атооч (үлгүлүү кыз…) Топтор өз алдынча схема боюнча иштеп жатканда, мугалим доскада кийинки тапшырманы даярдайт. Берилген мисалдардын кайсынысы сөз кайсынысы сөз айкашы экендигин өз-өзүнчө бөлүп аныкташат (оозеки). Ысык-Көл, Ысык-Көлдүн жээги, Ала-Тоо, Ала-Тоонун абасы, темир жол, келечек тууралуу, бака жалбырак, кызыктуу китеп, берекелүү күз, тоону көздөй, чоң бөлмө, ак карлуу тоо, апамдын белеги, кол кап ж.б. Схема боюнча ар бир топтун аткарган тапшырмалары текшерилет жана доскада берилген мисалдардан сөз айкаштарын табышат, эмне үчүн алар сөз айкашы болорун, же болбой тургандыгын аныктап беришет. Кийинки тапшырмада окуучулар топ боюнча иштешет 1-топ: «Күз» деген сөзгө синквейн түзүү: - бир сөз менен зат атооч; - эки сөз менен сын атооч; - үч сөз менен этиш; - төрт сөз менен зат атоочко карата фраза же сүйлөм же макал-ылакаптардан табышат. 2-топ: «Күз» деген сөздүн каалаган сөз айкаштарын түзүү. Канчалык көп сөз айкаштары түзүлсө, ошончолук жакшы. 3-топ: Күз жөнүндөгү макал-ылакаптардан айтып, маанисин түшүндүрүшөт. Табышмактардан айтып, же болбосо, күз жөнүндөгү ырлардан хор менен аткарып берсе да болот. Эскертүү: Бул тема өтүлүп жаткан учурда кайсы мезгил болсо, синквейн ошол мезгилге түзүлөрүн мугалим эсине алышы керек. Бул учурда мугалим доскада төмөнкүдөй сүйлөмдөрдүн жазып, кийинки тапшырманы даярдайт: Чириген тактайга мык кагылбайт. Акылдуунун ары бар. Таздан тарак сурабайт. Ала көөдөндөн акыл сурабайт. Каткан балыкта кан болбойт. Жогоруда берилген сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына бөлүп, багындыруучу жана багыныңкы сөздөрдөн байланышуу жолдорун аныкташат. Ошону менен бирге эмне үчүн ыкташуу, эмне үчүн башкаруу, таандык же ээрчишүү экендиктерин түшүндүрүп, сөз айкашы боюнча жазып, толук талдашат. Сабакты суроо-жооп менен бышыктоо кайтарым байланышынын негизинде ишке ашырылат. Мында мугалим класска «Биз бүгүн эмнени үйрөндүк?» деген суроо берет. Окуучулар болсо, билгендерин ирети менен, бирин-бири кайталабай айтып чыгышат. Окуучулар тарабынан кетирилген кемчиликтерди мугалим сабакты жыйынтыктоо учурунда айтып, толуктайт. Үйгө тапшырма берүү, аны аткаруунун жолун түшүндүрүү. Окуучулардын билимдерин анализдеп, баалоо менен күндөлүктөрүнө баа коюу.

Ж.А.Түмөнбаева К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучусу Б-22 тайпасына кыргыз тили боюнча өткөрүлгөн ачык сабактын иштелмеси Сабактын кептик темасы – Боз үй Сабактын грамматикалык темасы – Кызматчы сөздөр. Байламта. Сабактын максаттары: А) билим берүүчүлүк максаты Студенттердин боз үй тууралуу буга чейин ээ болгон маалыматтарын кеңейтүү, боз үйдүн жасалышы, жыгачтары, өрө кийиздери, боз үйдүн ички жана сырткы жасалгалары, боз үйдүн тигилиши жана чечилиши, боз үйдү сактоо боюнча кеңири маалыматтарды берүү. Боз үй кыргыз элинин турак жайы гана болбостон, улуттук маданиятынын кенчи, көчмөндөр архитектурасынын жана элдик колдонмо өнөрдүн туу чокусу, сыймыгы деген түшүнүктү студенттерде калыптандыруу. Кызматчы сөздөр, алардын түрлөрү, байламталар боюнча студенттердин буга чейинки алган билимдерин эсине салуу жана тереңдетүү. Байламталардын түрлөрү боюнча маалымат берүү, колдонулушун түшүндүрүү. Б) Өнүктүрүүчүлүк максаты Студенттердин өз көз карашына ээ болуп, аны эркин бере билүүгө, көз карашын коргой алууга, ой жүгүртүү менен өз оюн сабаттуу айта билүү жана жаза билүү көндүмдөрүнө ээ болууга көмөктөшүү. Сүйлөмдүн жана тексттен кызматчы сөздөрдү тура таба билүү, алардын түрлөрүн аныктай алуу, аларды оозеки жана жазуу кебинде тура колдонуу билгичтиктерин өнүктүрүүлөрүнө багыт берүү. В) тарбия берүүчүлүк максаты Студенттерди улуттук маданиятыбыздын эң сонун үлгүсү болгон боз үйдү баалоого, аны сактоого жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө замандаштарга көмөктөш болууга, боз үйдүн ар бир бөлүгүнө боз үйгө тиешелүү ар бир буюмга уз-усталардын баа жеткис, түйшүктүү эмгеги катары урмат-сый менен мамиле кылууга тарбия алуусуна жетишүү. Сабактын тиби – Стандарттуу эмес сабак (жуптарда иштөө) Сабактын түрү – Жаңы билимди берүү сабагы. Окутууда колдонулуучу усулдар, стратегиялар: «ИНСЕРТ» стратегиясы, кайчылаш дискуссия Баалоо усулу: Өз ара баалоо, түздөн-түз байкоо Сабактын жабдылышы: окуу китеби, флипчарттар, А4 формасындагы барактар, карточкалар, маркерлер, слайддык материалдар, боз үйдүн макети, буклет. Колдонулган адабияттар: 1. Акматалиев А. Боз үй. – Фрунзе: Кыргызстан,1982. 2. Акматалиев А. Жыгаччылык. – Фрунзе: Кыргызстан,1985. 3. Акматалиев А. Кыргыз кол өнөрчүлүгү. – Бишкек, 4. Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 1-том 2006, 2-том 2007. 5. Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили. Морфология. – Фрунзе: Мектеп, 1980. 6. Сатышева Г. А., Мусакеева М. О., Кыргыз тили. Окуу куралы. – Каракол, 2001. 7. Юдахин К. К. Кыргызча-орусча сөздүк. – Фрунзе, 1961. Илимдер аралык байланыш – Тарых, этнография, фольклористика илимдери. Сабактын жүрүшү 1) Уюштуруу Студенттер менен саламдашуу, алардын көңүлүн топтоп, сабакка буруу. Саноо жолу менен студенттерди жуптарга бөлүү. 2) Өтүлгөн теманы кайталоо Үй тапшырмасын текшерүү «Боз үй» темасы кайталанат. Үйгө боз үйгө байланыштуу ырлар жана табышмактар, грамматика боюнча жандоочторду катыштырып, боз үйгө байланыштуу сүйлөмдөрдүн түзүп келүү тапшырмасы берилген. Сүйлөмдөрдү окутуп, доскага жаздыртуу аркылуу үй тапшырмасы текшерилет. Үй тапшырмасын кайталоо үчүн суроолор: 1. Жандоочтор деген кандай сөз түркүмү? 2. Жандоочтордун кандай түрлөрү бар экен? 3. Жандоочторго мисалдар келтиргиле. 3) Жаңы теманы түшүндүрүү Балдар биздин бүгүнкү сабагыбыз - көчмөндөр архитектурасынын жана элдик колдонмо өнөрдүн туу чокусу болуп эсептелген боз үй жөнүндөгү экинчи сабагыбыз. болмокчу. Ал эми сабагыбыздын грамматикалык темасы – Кызматчы сөздөр, анын ичинен байламта. Сабагыбыздын жүрүшүндө иштеген иштерибиздин жыйынтыгын, жоопторубузду обьективдүү баалап отуруу үчүн жуптарга «3», «4», «5» деген бааларды тапшырам. Силер жуптардын ар бир тапшырманы кандай аткарып жаткандыгын кунт коюп угуп, андан кийин өз ойлоруңарды кошумчалап, баалап отурушуңар керек. Бирок мында албетте башка пикирлерди да сыйлоону унутпашыңар керек. Алгач грамматикалык темага көңүлүбүздү буруп, тушүнүп алалы да, андан соң кептик тема боюнча билгендерибизди байыталы. (Грамматикалык тема слайддын жардамы менен түшүндүрүлөт). Кызматчы сөздөр. Байламта Кызматчы сөздөр. Кызматчы сөздөр өз ичинен үч сөз түркүмүнө бөлүнөт:1) байламталар, 2)жандоочтор, 3) бөлүкчөлөр. Байламталар Сөздөрдү, соз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн составындагы бөлүктөрдү өз ара тутумдаштырып, алардын маанилик катышын жана синтаксистик байланышын билгизген кызматычы сөздөр байламталар деп аталат. Ага төмөндөгүдөй сөздөр жана туруктуу сөз айкаштары кирет: жана, да, а, бирок анткени, себеби, же, антсе да, ошентсе да ж.б. Байламталардын түзүлүшүнө карай бөлүнүшү. Байламталар морфологиялык түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Бир сөздүн турган байламталар жөнөкөй байламталар деп аталат: жана, да, же, а, бирок, анткени, себеби, эгер//эгерде, не, болбосо, ошондуктан, андыктан ж.б. Эки же андан көп сөздөрдүн тизмегинен турган байламталар татаал байламталар болот: анткен (и) менен, ошенткен (и) менен, антсе да, ошентсе да, ошол себептен, ошол себептүү, ошондон улам, ошон үчүн, ошону менен бирге, же болбосо, неге десең ж.б. Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү. Байламталар маанисине карай алты топко бөлүнөт. 1) Байланыштыргыч байламталар. Бул топко кирүүчү байламталар синтаксистик жактан бир өңчөй, бири-бирине багынбаган элементтерди (сөздөрдү, сөз айкаштарын жана сүйлөмдөрдү) өз ара байланыштырат. Мындай байламталар болуп жана, ары//нары, менен, да байламталары эсептелет. Мисалы: Биздин шаарыбыз көрктүү жана таза. Сүйүнтбек ары сөзмөр, ары ишмер. Кычыраган кыш келди да, жер бети, айлана ак кар жамынды. 2) Ажыраткыч байламталар: же, же болбосо, болбосо, мейли. Булар тең байланыштагы сөздөрдү, сүйлөмдөрдү бири-биринен ажыратып, алар аркылуу туюндурулган нерселердин, көрүнүштөрдүн бири, болбосо бир нечеси болорун, же кезектешип турарын, кээде каршы коюларын билдирет. Мисалы: Ал бүгүн же эртең келет. Ал адам мейли кайгы жүрөгүн жаралап турабы, мейли кубанычынан маңдайы жарылып турса да бизге дайыма бирдей мамиледе. 3) Каршылагыч байламталар: бирок, антсе да, ошентсе да, анткен (и) менен, ошенткен (и) менен, ошондо да, а, деген менен, ошондой болсо да, андай болсо да. Бул байламталар мурунку сүйлөмдөгү ойдон соңку сүйлөмдөгү ойго маани жактан карама-каршы келе тургандыгын билгизет: Сен аякка барсаң бар, бирок андан эмне иштейсиң? Билим алуу бүгүнкү күндү кымбатка турат, ошондой болсо да жаштардын билимге умтулгандыгы кубандырат. 4) Себеп байламталар: анткени, себеби, неге десең, эмне үчүн дегенде. Булар өздөрүнүн кийинки жөнөкөй сүйлөмгө тиешелүү болуп, анын себеп маанисинде экендигин ачык-айкын билгизип турат: Эгин мол болду, анткени дыйкандар мыкты эмгектенишкен. Көркөм чыгарманы жаратуу укмуштай оор, неге десең ал билимди да, шыкты да, талантты да талап кылат. 5) Натыйжалагыч байламта: ошондуктан, андыктан, ошол себептен, ошол үчүн, ошол себептүү. Булар өздөрүнүн кийинки жөнөкөй сүйлөмдү ачык айкын натыйжалык мааниге ээ кылат. Мисалы: Турмуштун таразасы – калыстык, андыктан калыстыкты урматтай билелик. 6) Шарттуу байламта: эгер//эгерде. Булар баш сүйлөмдөгү иш- аракеттин канткенде ошондой болу же болбоо шартын билгизет: Эгерде кимде-ким жалындаган күч-кайратын Мекен үчүн арнаса, ал сөзсүз бактылуу болот Сабакты бышыктоо 1. Кана, байламталарга бозүй, кол өнөрчүлүккө байланыштуу мисалдардан келтиреличи. (Студенттер мисалдар келтиришет). Боз үй боюнча өтүлгөндөрдү эске түшүрүү үчүн суроолор берилет: 1. Боз үй жөнүндө эмнелерди билдиңер? 2. Эмне үчүн боз үй конус формасында? 3. Боз үй кандай бөлүктөрдөн турат? 4. Боз үйдүн ичи кандай бөлүктөргө бөлүнөт. 1-тапшырма Биз өткөн сабагыбызда боз үй боюнча жалпы гана үстүртөн маалымат алганбыз. Маалыматтарыбызды тереңдетүү максатында азыр «Инсерт» стратегиясы менен иштейбиз. Бул стратегия менен көп эле иштеп жүрөбүз. Ошентсе да мен ал эмне деген стратегия экенин, шарттарын кайрадан эсиңерге салып коеюн Сабакка ынтызарлыкты өстүрө турган жана текстти курулай окубастан, аны ой жүгүртүп окууга тарта турган стратегия катары ИНСЕРТ (Воган ана Эстес – 1986 – стратегиянын англис тилиндеги аталышынын баш тамгалары боюнча кыскартылган) методун айтса болот. Анын кыргызча мааниси «натыйжалуу окуганга жана жазганга жардам бере турган интерактивдүү белгилердин системасы» дегенди билдирет. ИНСЕРТ стратегиясын «белги коюп окуу» ыкмасы деп да атаса да болот. Анткени текстти окуу негизинен төмөнкү белгилердин жардамы менен ишке ашат: «V» - окуган маалыматты студент билсе же биллем деп эсептесе, ошол маалыматтын тушуна «V» (ооба) белгисин коет; «+» - окуган маалымат студентке жаңылык болсо, анда «+» (кошуу) белгиси коюлат; «-» - бул белги окучу же студент билген же биллем деп эсептеген нерселерге карама-каршы келсе «-» (алуу) белгиси коюлат; «?» - окуган маалымат студент үчүн түшүнүксүз болсо же ал жөнөндө кеңири жана жаңы тема боюнча суроолору болсо «?» (суроо) белгиси коюлат. Текстке көрсөтүлгөн белгилерди (V, +, -, ?) коюп окугандан кийин ар бир студент өзү койгон белгилер боюнча таблица түзөт. Акырында окулган текст боюнча талкуу жүргүзүлөт жана мугалим студенттердин «?» белгисин койгон учурларга токтолуп, суроолоруна жооп берет. Текстке белги коюп окууда окуучулардын жаш өзгөчөлөгүн эске алып, айрым гана белгилерди (мисалы, «V» жана «+» белгилерин) коюп окуса да болот. Кыргыздардын баа жеткис материалдык мурасы болгон боз үйү тууралуу төмөндөгүдөй жаңы маалыматтарды камтыган төмөндөгүдөй төрт түрдүү тексттер жуптарга таратылат. . 1-текст Кыргыз боз үйү Кыргыздардын материалдык маданиятынын эң мыкты көрүнүштөрүнүн бири «боз үй» болуп эсептелет. Ал көчмөндөр архитектурасынын жана элдик колдонмо өнөрдүн туу чокусу. Мындан тышкары ал көчмөн турмушка эң сонун ылайыкташтырылган: түзүлүшүнүн жеңилдиги, жөнөкөйлүгү, көчүп- конууга ыңгайлуулугу, бардык сезондорго жарактуулугу ж.б. – анын айныгыс мыкты сапаттарына жатат. Боз үй жыгач конструкциядан турган: ал тегерек форманы берген жазылып- жыйылуучу бир нече бөлүктүү «керегеден» турган. «Кереге» айрым «канаттардан» туруп, аларга бекитилген «ууктар» боз үйдүн төбөсүн – «түндүктү» тиреп турган. «Канаттар» кошулган жерге босого орнотулуп, ага эки жактуу «каалга» бекитилген. Керегелерди айланта жип чырмалаган «чий» каланып, ал кийиз туурдуктар менен жабылган. Боз үйдүн көлөмү «канаттардын» санына жараша болгон, салыштыра келгенде «алты канат үй» же ийилген учу – «ууктун алаканы» керегенин ача учтарына беитилип, «ууктун учу» түндүктүн тешиктерине тирелген ууктардын санына жараша – «жүз баштуу», «сексен баштуу», «алтымыш баштуу үй» деп аташкан, мында «баш» деген сөз керегенин учтарын – «керегенин башын» билдирет. Керегенин сапатына жараша боз үйдү «тор көз», «жел көз», «ара көз» деп бөлүшкөн. Эгерде керегенин көзү – «тор көз» болуп майда болсо, боз үй өзгөчө бекем жана сапаттуу болгон. Боз үйдүн жасалгаларына «кереге чалгыч» - керегенин башын айланта карматылган тасма, «уук боосу» - уукту керегеге байлоочу жип, «чырмоок чий» - түстүү жиптер менен чырмалган чий, «жабык баш», «тегирич» - боз үйдүн ичинде уук ийилген жерден ылдыйлата кеткен терме тасма, керегеге жабылган «туурдук», ууктарга жабылган өзөк кирген. «Конок үй» болгон боз үйдүн жасалгасы тышкы жана ички көрүнүшүнүн кооздугу, анын бөлүктөрүнөн сапаттуулугу менен айырмаланган. Боз үйдөгү тиричилик мейкиндиги өтө кызыктуу уюштурулган. Ал төрт бөлүккө бөлүнөт. Боз үйдүн эшигине бет маңдай жак – «төр» эң сыйлуу бөлүк. Бул жерде коноктор, үй- бүлөдөгү улуу эркектер орун алышкан. Ошол эле төрдө сандыктарга, ээрлерге ж.б. шырдак, ала кийиз, жууркан-төшөк, килемдерден «жүк»жыйылган. Кире бериштин сол капшыты «эр жак» деп аталып, анда орто жашар жана жаш эркек бүлө орун алган, түнкүсүн ал жерде жаш жубайлардын жатар орду жайгашкан. Боз үйдун кире бериштен оң ыптасы «эпчи жак» (б.а. аял бүлө жак) деп аталып, чийдин аркы жагында идиш-аяк, тамак- аш сакталган. Эң акырында кире бериште – «улага» орун алган. Бул жерде эшикке чукул сол тарапта «ээр токум», «ат жабдыктар» ж.б. тиричилик шаймандары сакталган. Боз үйдүн ортосунда от жагылып, тамак-аш асылчу «коломто» ээлеген. Боз үйдү тигүүдө жердин түзүлүшүнө, шамалдын багытына жараша анын эшик жагы ар кандай жакка каратылган. Бирок чыгышка, айылдын ортосуна карай багыт алуу басымдуулук кылган. Кыргыздарда боз үйгө байланышкан бир катар үрп-адаттар, каада- салттар болгон. Эң оболу боз үйгө жана ага тийиштүү оокаттарга аяр мамиле жасалган.. Боз үй жөнүндө жаман сөз айтылган эмес. Боз үйдүн жыгачын кармаган «үйчү», «усталарды», ошондой эле «уздарды» кыргыздар өзгөчө урматташкан. «Үй тою» аталган үй көтөрүү салты болгон. Үй-бүлө жаңы боз үй көтөргөндө да созсүз той берилген. Түлөөгө союлган малдын башы түндүктөн сыртка ыргытылган – «түндүктөн ашыра ыргытылган». Кийизге же чийге эски кийиздин өзөгү сактоочу катары байланган. Коломтого карата бир катар үрп-адаттар болгон. Кыргыз түшүнүгүндө от тазалоочу, аруулоочу күчкө ээ болгон. Ага түкүрүшкөн эмес, отту айлана басууга, аттап өтүүгө тыюу салынган. Кеч күүгүмдө коңшуларга чок берилген. Эгерде үй-бүлөдөн кимдир бирөө кайтыш болсо, маркумдун сөөгү боз үйдү үч күн кармалган. Мындай учурда боз үйдүн үй оокаттарынын бардыгы алынып чыгып, кошокчулар отура турган кийиз, шырдак, килем гана калтырылган. Боз үйдүн тышкары көчүп-конууга ыңгайлуу башка турак-жай түрлөрү да болгон: баш учтары бирге байланган, кийиз жабылган шыргыйлардан тургузулган шоңшогой – «сайма алачык» же «өтөө», алачык менен боз үйдүн ортосундагы – крегеси жок – «алачык» пайдаланылган. Мындай үйлөр тез тигилип, аларда жаан-чачында койчу, жылкычылар баш калкалашкан. №2-текст. Боз үйдүн жасалышы Боз үй негизинен жыгач, өрө кийиз, чий, боо-чуудан турат. Жыгачына түндүк, уук, кереге, босого-таяк, каалга жана бакан; өрө кийизге үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик; боо-чууга тундүк жабу босу, жел боо, канат боо, үзүк боо, туурдук боо, кырчоо, эшик боо, уук тизгич жана кереге чалгыч ж.б.; чийге канат чий, чыгдан, эшик ж.б. кирет. Боз үйдүн жыгачы талдан жасалат. Кереге, түндүк чамгарагына эчки тал, кара тал, сары тал, турпан тал, ошондой эле теректен бака терек, көчөт терек, ак терек өңдүү түрлөрү да колдонулат. Уук, кереге, түндүк, босого-таяк, карагай, ичке балаты – алай арчасы жана кайыңдан жасалат. Боз үйдүн жыгачы жазында тал-теректин боюна суу журө электе (март, апрель) кыйылып, шамал тийбес көлөкө жерге үстүн чөп менен жаап кургатылат. Боз үйдүн жыгачын матоо – боз үйдүн жыгачын алуудагы негизги процесс. Матоодогу негизги ыкма – кызытуу. Койдун таза сары кыгын кырдап төгүп, ал тегиз кызып чыкканда жаңы кыкты дагы төгөт. Сойлотулган жыгач 15-20 минутада ойдогудай жашыйт. Мындан кийин тал каалагандай ийилет. Түндүк – боз үйдүн төбөсүндөгү жарык кирүүчү жана түтүн чыгуучу тегерек жыгачы. Түндүк алкак, чамгарак жана чегир бастырмадан турат. Уук, кереге жасоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү арбын. Мыкты түндүкчөлөр түндүктү кара жыгачтан жасашкан. Усталар адегенде аарчып, тегиздеп, кыкка бир жума көмүп жана жыгачтын түрүнө, жоондугуна жараша корго жашырышат, азыр бууга кармап, сууга кайнатышат. Жыгач жашыган соң, аны ийүү үчүн жерге жарым айлана кылып кагылган казыктардын арасына кынаптап орнотуп кургатышат. Бир нече күндүн кийин казыктардан чыгарса, жарым айлана калыбын сактап калат. Түндүк үчүн эки жаа жасалат. Алкак даяр болгондо ага талдан чамгарак салат. Анан алкактын сыртынан ичин көздөй канча баш уук болсо, ошончо көз ысытылган шиш менен көзөлөт.Уук айланма болбос үчүн көздөрүн төрт бурч туу көзөйт. Түндүк көзөнөгүүнүн аралыгы 4 см ден болот. Алкактын диаметри 110-120 см, чамгарактын узундугу 120-150 см, ийилгендеги бийиктиги 70-80 см, жоондугу 7-8 см болт. Уук – түндүк менен керегени бириктирүүчү чабак жыгачтар. Уук көбүнчө тал балаты жана бадалдан жасалат. Уук жасалуучу талды бүрдөй электе кыйып, аарчып, баш-аягын тегиздейт. Кереге байлануучу жоон жагынын 50 см жагын жонуп, тегиздеп, алакан салынат. Анын эни 3,5 см. Ага 3-4 сай (кобул) тартат да, алаканды тезге салып, ичин көздөй бир аз ийип матайт. Ийилген учунан 4-5 см аралыкта көзөп, ага уук боо өткөрүлөт. Түндүккө сайылуучу ичке жагы 4 кыр түрүндө учталат. Негизги ууктан башка 4 эшик уук болот. Алар негизги ууктан 15-20 см кыска. Анткени босого керегеден 15-20 см узун келип, эшик уукту ага бекитишет. Ууктун узундугу болжол менен 250-300 см, диаметри – 2,5-3 см. Кереге башыныны санына жараша бир боз үйгө 40-100 уук керек. Кереге – боз үйдүн уук бекитүүчү таяныч жыгыч жасалгасы. Диаметри 2,5-3,5 см, узундугу – 230-300 см, баш-аягы бирдей жумуру (56-60 даана) саканактардан (таякчалардан) жасалат. Эчки тал, сары талдын кабыгы аарчылып, көлөкөгө кургатылат. Таякчаларды жашытып, теске салып, 15-20 см баш жагын сыртына, орто жерин ичине каратып ийип, матайт. Саканактардын ар бири 14-18 см аралыкта бири-бири менен кайчылаштыра көзөлөт, ага көк өткөрүлүп, эки жагын түйуп бекитет. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунана пайда болгон 4 жагы бирдей көзчөлөрдүн чоңураагы «жел көз», кичирээги «тор көз» деп аталат. Керегенин баштары боз үйдүн чондугуна жараша болот. Боз үйдү керегелер төрттөн он эки канатка чейин жетет. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18-20 көздүү, бийиктиги боюнча 6-10 көздүү болот. Жыйылган керегенин бийиктиги 2-2, 75 метрдей болот, жазганда жапыздыгы 2-2,5 метрге жетет. Керегенин уук байлоочу жогорку ачакейлери – керегенин башы, төмөнкү бөлүгү керегенин аягы деп аталат. Керегени мурда жошо менен боесо, азыр сырдайт. Керегенин жайылышынан боз үйдүн көлөмү менен көркөмү аныкталат. Босого – боз үйдүн эшигинин эки жагында жазылыгы 8-15 см, калыңдыгы 4-6 см, бийиктиги кереге бою эки босого таягы болот. Алардын төмөнкү учу аяк босогонун четиндеги төрт чарчы көзөнөгүнө, жогорку учу баш босогонун тешигине ашталат. Аяк босого менен баш босогонун узундугу 1 см чамалуу, калыңдыгы 6-8 см, эни босого таяк менен бирдей. Баш босогонун так ортосунан үстүрөөк жагында эшик боо байлануучу көзөнөгү болот. Боз үйдүн эшиги материалына жараша сыртына кийиз капталган чий эшик, каалга же эргилчек. Булардын ичинен чий эшик кеңири таралган. Эшик ачылып жабылганда, эшиктин этегиндеги чий тез сынып кетпегендей анын беш катарын көк менен өрүп согот. Боз үйгө ичин көздөй эки жакка ачылма эки кичинекей каалга жасаса да болот. Каалгасы жок үйгө эргилчек жасалат. Анын узундугу 110-120 см, жоонураак эки таякчага аралыгын 15-20 см ден коюп, 6-7 таякчаны туурасынан аштайт. Аны оң жактагы босогого үч жеринен байлап бекитет. Сыртынан кийиз эшик жабылат. Бакан, ача бакан, түндук бакан – үй тиричилигинде, айрыкча, боз үйдү тигүүдө колдонулуучу жоондугу билектей, узундугу 3-5 м, бир учу ачакей, экинчи учу мукур учталган жыгач. Ал боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө, өзөктү, түндүк жабууну, эшик чийди салууга, эшик боону түндүктөн өткөрүүгө, жаанда от жакканда түндүк жабуунун бир бурчун тирөөгө, кийиз жасаганда, чий согууга өрмөк курууга жана башка жумуштарга колдонулат. №3 текст. Боз үйдүн өрө кийиздери. Үзүк – боз үйдүн ууктарынын үстунөн жабылуучу калың кийиз. Боз уйдү алдыңкы жана арткы үзүк болот. Ал тең капталдуу трапеция формасында жасалат. Үзүк койдун күзгү кылчык жүнүнөн уютулат, мындай кийиз тез кирип, бышык болот. Үзүктөрдүн аягынын узундугу болжол менен 750-850 см, башыныкы 190-210 см, ортосунуку 250-300 см. Суу тийгенде чети түйрүлбөсүн үчүн үзүктүн чети кыл же жүндөн атайы эшилген жээк менен жээктелет. Үзүктүн этегине кооздук үчүн эни 15-20 см ак жана кызыл кийимден оюу түшүрүлүп, чачы тагылат. Үзүктүн төрт жерине «куш тырмак», «оюу таман» ж.б. оюуларды түшүрүшөт. Боз үйгө туурдук каланып бүткөндөн соң, адегенде алдыңкы үзүк, андан кийин арткысы жабылат. Туурдук – боз үйдүн кереге жабуусу. Кийизи үзүктүн жукараак болот. Туурасы 2-2,5 м дей, узундугу 4,5-5,5 м дей үйгө 4- 5, жети-тогуз канат үйгө 6-7 туурдук жабылат. Туурдуктун жээги кара менен ак, кээде кызыл менен ак жиптер оң-сол эшилип, жээктелет. Туурдуктун терме боолору кадалган эки башкы бурчу уукка бекитилет. Капталдарына эшилген боо кадалат. Туурдуктун сырткы этегинин эни 30-40 см дей кызыл жана ак кийизден оймолоп кооздолот. Түндүк жабуу – боз үйдүн түндүгүн жабуучу кийиз. Аны калыңыраак кийизден, түндүктүн чоңдугуна жараша төрт бурч болжол менен 2*2 м дей кесип, узун туурдук сыяктуу жээктелет. Анын төрт бурчуна тагылган төрт боонун үчөө кырчоого байланат, эшик жактагы тастар жиби бош коюлат, ал аркылуу түндүк ачылып, жабылып турат. Түндүк жабуу тирелгенде тешилбес үчүн тастар жип кадалган бурчунун ич жагына тумарча кийиз капталып турат. Чий Сабагы түз, жылмакай, катуусу колдонулат. Чий август айынын экинчи жарымында бышат. Аны өтө катырбай, жумшак кезинде белге салып жулуп, боолап, көлөкөдө кургатышат. Согор алдында анын кабыгын аарчып, баш-аягын тегиздейт, бул акталган чий аталат. Чийди ак бойдон же оюу салып чырмап, эки түрдө согот. Чийден канат чий, чыгдан, эшик, чыны кап, казан капкак, азыр терезе жапкыч, сумка ж.б. көптөгөн кооздук буюмдар жасалат. Боз үйгө калоочу чырмалган чийдин жазылыгы 6-8 м, бийиктиги 135-140 см болот. Чий токулуучу жипти кой, эчкижүнүн аралаштырып ийрип, сол чыйратат. Чырмалган чийди негизинен боз үйдүн керегесине калайт, эшигин жана чыгдан жасайт. Эшик жасалуучу чийди көк менен соксо, бышык болот, көпкө чыдайт. Боз үйдүн ички жасалгасы. Үйдүн ичинин бөлүнүшү же андагы буюмдардын жайланышы элдин тумушу, сал-санаасы менен аныкталып, анын ар тарабы өзүнчө мааниге ээ болот. Боз үйдүн так ортосу – коломто, ага казан асылат. Калган аян эшик менен коломтого карата төр жана улага, ашкана тарабы – эпчи жана арт жагы ыпча деп бөлүнөт. Төр – үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк салынат. Жүктүн эки жагына текче илинет. Текче кездемеден узундугу 75 см, туурасы 30-40 см тигилип, тегереги чачыланып, бети саймаланат. Төрт бурчуна боо тагылып, экөө керегенин башына, экөө уукка байланат. Ичине майда-барат буюм салынат. Боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири – жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Тегирич менен түймөсү бар жабык баш: төркү (арткы), адыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт. Көркөм көчөт түшкөн эшик чий, канат чий, чыгдан (ашкана) үйдүн жасалгасына кирет. Боз үйдүн ички көркү өрмөкчүлүк аркылуу жүзүгө ашат. «Кажары» (букары), «беш кеште», «сызма» деген түрлөрү бар. Кереге таңгыч, саканак чалгыч, кереге чалгыч, үзүк боо, туурдук боо, жел боо (түндүк боо) өңдүүлөр кирет. Боз үйгө туш кийиз тартуу – эзелтен берки салт. Анын боолору ууктун билегине тагылат. Боз үйдүн кире беришиндеги оң ыптада аяк кап кереге көзүнө илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Керегеге, же аш алабаканга көөкөр, көнөчөк, көнөк, чыны кап улай илинсе, жакшы жарашат. Күзгү кап, текченин илиниши үйдү ого бетер көрктөндүрүп жиберет. Азыр коломто болбогондуктан, үйгө шырдак менен ала кийиз салынат. Көрпө, көлдөлөң, курак, сайма төшөктөр төшөлөт. Боз үйдүн жүгү да өзүнчө кооздук берет. Жүк жыя билүү кыз- келиндердин чеберчилигин айкындайт. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер, элдик узчулук менен зергерчиликти таасын көрсөтүп турат. № 4- текст. Боз үйдү тигүү. Элибизде үйдү тигүүнүн да өзүнчө жол-жобосу сакталган. Үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалат. Үйдү сууга жакын, жол тарапты беттеп, шамалга каршы келбегендей түз жайга тиккен. Илгери үйдүн эшигин чыгышты каратышкан. Жайдын күнүндө бир нече үй бир короо айыл болуп конуп, көбүнчө үйлөрдү короого тегерете тигишкен. Боз үйдү тигүүдө оболу төр керегеси жайылат. Анын канаттары оңго жана солго керилет. Бири-бирине ашталган кереге саканак ортолору сызма жана эшме жип саканак таңгыч аркылуу арчындалып, бекем тартылат. Канат керегелердин бир жак учу, боз үйдүн босого-таягы да босого таңгычына ушундайча бекитлиет. Тегеректеле канат керегелер жайылгандан кийин кереге чалгыч салынат да, эки жагындагы жел боолорунун башы бакан менен кошо түндүктүн чок ортосундагы чамгарагынан ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн чок ортосуна туруп, үйдү көтөрүп берет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын адегенде ар кай жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат. Ууктун учтары түндүктүн көзчөлөрүнө буралып, имериле сайылса, үй өчөйүп, сынын бузуп, бөйрөктүү болбой калат. Ошондуктан, үй тигүүчүлөр уук баштары менен кереге учтарын кайрадан карап, түздөп чыгат да, түндүгү ортодо турганын байкагандан кийин, уукту ар бир кереге башына аштай байлайт. Эгер бир тарабынан уук көбүрөөк тизилсе, түндүк ошол жагына көтөрүңкү көрүнөт. Боз үйдүн жыгачы турган соң, эшик тыштын чий чырмакталган узун учунун атайын керилген сызмасы түндүктүн илинип, түндүк босогого казык бош чалынат. Андан кийин жабык башты, тегиричти жаап, кереге таңгычты керегенин белинен жүгүртүп, эшик таякка курчай чымырата таңып алат. Канат чий керегеге курчалат. Боз үйдүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет. Үйдүн кош туурдугу да канат чий өңдүү керегеге жабылып, туурдуктун бел кырчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, букары боолору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат. Үзүктү жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип, үзүк тумарча кылынып, үч бүктөлөт да ортосундагы адам бакан менен орто белинен үйдү шап көтөрөт. Үзүктүн сырткы эшме боолору уук-кереге көздөрүнүн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери карай өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө илмектүү байланат. Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, боз үйдүн артынан бир адам эле так өйдө көтөрүп, бакан менен жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алдыңкы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга жана түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкталып, беркилерден жоонураак келет. Үйдүн бардык жабуусу жалаң ача бакандын жардамы менен жүргүзүлөт. Жаз жана күз мезгилдеринде үйдү тигер замат сыртынан сол жана оң капшытына казык кагып, аркан менен бастырат. Бул шамалдан сактайт. Төргө казык кагып, ага эки жел боону катуу тартып, байлаган учурлар да болот. Боз үйдүн чечилиши. Оболу түндүк жабуу сыйрылат. Боолорун кырчоодон чечип, төркү үзүктү, анан алдыңкы үзүктү сыйрат. Үзүк үч бүктөлүп коюлат. Мындан кийин жабык баш тегиричи менен түрүлүп алынат. Бел кырчоо алынып, эки туурдугу сыйрылып, аларды төрт бүктөйт. Канат чийлердин боолорун чечип, өзүнчө түрөт. Түрүлгөн чийлер өз боолору менен арчындалып таңылат. Эшик чий кошо сыйрылып, өзүнчө оролот. Эми уук тизгичти түрүп, ууктарды аттап чечүү керек. Он чакты уук чечиле электе ала бакан (түндүк бакан) аркылуу жел боосун каттай кармап тиреп, түндүктү так көтөрүп алат. Чакан үйдүн уугу керегеси экиден бөлүнүп тагылат. Уук жыйналары менен кереге чалгыч, кереге таңгыч, саканак чалгычтар катар түрүлүп алынып, кереге канаттарын бириктиребиз. Керегенин канаттарын жыйноодо саканактарын кынаптап, бастырып, анны саканак таңгыч же кереге чалгыч менен тыкан байлайт. Ууктар да өзүнүн боолору менен байланып, уук учтар сынбас үчүн ага уук учтук кийгизилет. Боз үйдү сактоо. Таш же кыштан бут коюп, босого-таяк, анын үстүнө керегелер жаткырылат. Ага ууктар кынапталат. Үстүнөн канат чий, чыгдан, эшик чий, арасына боо-чууларын салып, кийиздерин коюп, үстүнө түндүк көмкөрүлөт. Күбөдөн сактоо үчүн кургак жайга кармап, кез- кез жайып, желдетүү зарыл. Азыр оролгон кийиздин араларына нафталин сээп же эрмен шыбак коюп жүрүшөт. Текст жуптарга таратылып, ватман берилет. Ватманга стратегия менен иштөөнүн негизинде алынган жыйынтыктар таблица түрүндө толтурулат. Ал эми башка улуттун өкүлдөрүнө окуу китебинин 143-бетиндеги «Боз үйдүн тарыхы» деген текстти котруу, ал боюнча суроолорду түзүү жана аларга жооп даярдоо тапшырмасы берилет. Текст түшүнүктүү болуш үчүн кээ бир сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү менен тааныштырылып, таратылат. Жаңы сөздөр Кол өнөрчүлүк – кустарное ремесло, рукоделие Жасалга – украшение Сайма – вышивка Жип-шуу – веревка Оймо – орнамент Боз үй – юрта Боз үй тигүү - ставить юрту Үй көтөрүү – ставить юрту со специальной целью Уук – унина (жердь купола юрты) Ууктун алаканы – плоская часть унины Ууктун билеги – наружная сторона низа унины Ууктун учу – верхний конец унины Кереге - деревянная решетка цилиндрической части юрты Керегенин көзү – 1) кожаная сшивка для кереге 2) место скреүения отдельных палок кереге и соединения их посредством кожаной нитки Кереге чалгыч – тесьма, проходяүая по верхней части кереге. Түндүк – верхний деревянный круг остова юрты держаүийся на верхних концах уук (ов) Түндүк жабуу – кусок войлока, служаүий для закрывания түндүк (а) Бакан – шест которым поднимают кошмы и верхнюю часть остова юрты Ала бакан же ача бакан – сучковатый шест служаүий вешалкой на юрте. Бел бакан же жел бакан – шест для подпирания изнутри во время ветра Түндүк бакан – шест для подпирания түндүк во время сборки, постановки юрты. Кийиз - войлок Ала кийиз – орнаментированный войлок Туш кийиз – богато орнаментированный войлочный или бархатный настенный ковер Өрө кийиз – гладкий войлок без орнамента Туурдук – (часть юрты) кошмы, которыми покрывается кереге. Туурдук боо – веревки которыми прикрепляются туурдук. Туурдук калоо – укрепляет туурдук при постановке юрты Үзүк – (часть юрты) кошмы (их две) идуүие между туурдук (ом) түндүк (ом), передний или задний үзүк. Чий – загородка вокруг решетки юрты из циновки, циновка из чия каждый стебель которого обмотан цветными нитками Чыгдан – зогородка из чия в женской половине юрты, за которой хранятся кухонные принадлежности и продовольственные запасы Эр жак – мужская половина юрты. Эпчи жак – женская половина юрты. Төр – почетное место юрты Улага – место у порога. Жүк – одеяла, подушки и т.п. (сложенная стопкой вюрте против входа) Жүк такта – доска на которой лежит жүк. Шырдак – шитый в два слоя орнаментированный войлок Жуптар даяр болгондо жуптар чыгып толтурулган таблица боюнча сүйлөп беришет, «?» белгиси коюлган графадагы маселелер боюнча окутуучуга, жуптарга суроо берилип, чогуу талкууланат. 2-тапшырма – Тексттен байламталарды табуу. Жуптар биргелешип, окулган тексттен байламталар катышкан сүйлөмдөрдү табышат, дептерлерине жазышат жана алардын колдонулушун түшүндүрүп беришет. Бул мезгилде бир-эки студент доскага чыгып да иштешет. 3- тапшырма – Көнүгүү иштөө. Баракчаларда сүйлөмдөр таратылып, кызматчы сөздөрдү коюу, кызматчы сөздөрдүн түрүн аныктоо тапшырмасы берилет. Сүйлөмдөргө тиешелүү байламталарды койгула. Аяк кап – кийизден жасалган ашкана буюму. Бул жыгач идиш- аяктарды сакташат. Ал көчмөндүү турмушта кеңири колдонулуп, боз үйдүн эпчи тарабына керегеге эки кулакчасынан илинген. Мунун жөнөкөй түрү жалаң кийизден турат. Аяк капка түшкөн шырдак оюмдары ар кыл. Көбүнчө уздар кызыл … көк өңдү, … кара менен сары өңдү, кара … кызыл өңдү айкалыштышат. Буюм боз үйдүн ички жасалгасына өзүнүн жекече кооздугун кошуп турат Туш кийиз – сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу асыл буюм. Ал үйдүн керегесине тартуу үчүн оюм-чийимдерди … көркөм көчөттөрү менен саймаланган асем үлгү. Кийизге оюм-чийим көчөт түшүрүлүп жасалган …, чети кундуз менен бастырылган. Баш жагына шуру, бермет, маржан өңдүү асемдер тизилген. Кийин алар ар кыл тукаба, парча, баркут сыяктуу кездемелерге өткөн. Капкалдырык – туш кийиздин ортолугунун чок ортосунан орун алган үч бурчтук формасындагы сайма. Айрым аймактарда муну «тумарча» деп аташат. Бел кырчоо – боз үйдүн туурдугунун ортосунан тегерете курчалган узун жип. Ал жүндөн да, кылдан да болот. Кыл … жүн таралып, түйдөк кылынат. Кол менен катталып, аркан менен чылбырдай эшилүүчү жиптер оңго чыйратылат да, толгоосу солго имерилет. Үч адам толгойт, бирөө эшилип жаткан бел кырчоолук аркан-жипти түрөт. Муну жасоо – эшмечиликтин татаал түрү. Булл тогуз-он жиптен турат да, бел кырчоонун узундугу боз үйдүн аянты менен өлчөнөт. Сүйлөмдөрдөгү байламталарды таап, түрүн аныктагыла. Жүк – үй эмеректеринин бир бүтүмү. Түргө үстү-үстүнө бүктөлүп жыйылган ала кийиз, алтыкат, жууркан, төшөк жана жаздык. Анын эң алдына жүк такта орнотулат. Буга чачылуу кара терме таар же килем жабылат, анын үстүнө жагдан, сандык орун алат. Алардын үстүнө ала кийиз, килем, алтыгат, көлдөлөң коюлат. Чекелери саймаланып жана кыюуланып, кертимделген жууркан менен төшөк жыйылат. Үстүнө саймалуу куш жаздыктар кыркаланат. Аны килем, же таар, же сайма жабат. Жүктүн жакшынакай жыйылышы үйдүн ичине өзүнчө ажайып кооздук тартуулайт. Кыз келиндер жүктү кынаптап жыюусу аркылуу кирип-чыккандарга өзүнүн үйдү таза тутуусун, адептүүлүгүн, чеберчилигин жана табийгый маданиятын көрсөтөт Эшик чий – боз үйгө кирип-чыгууда эшиктин элпек жабылышы үчүн жылкынын жазы көгү менен токулган чий. Боз үйдүн бир бөлүгү. Түшүүчү көркөм көчөттөр анча ала чакмактанбай, буюмдун четки ийреги кийизге беттей тигилет да, мында негизи кызыл-көк, кара- кызыл, кара-сары, кара-ак сыяктуу эки өң гана жупташат. Ачып- жабууда абдан бышык болуусу үчүн анны согууда атайын жылкынын көгү колдонулат да, буга деле чыгдан (ашкана) жана канат чийге таандык көркөм көчөттөр түшүрүлөт. Чыгдан – ичине идиш-аяк, тамак-аш коюлуучу чийден жасалган боз үйдүн эпчи жаккы бөлүгү. Бул 2-2,5 мм кооз чырмак оюм салынып да, жөнөкөй да токулат. Өң жагы уукка байланган чыгдандын эки жагында үчтүн алты кулагы болот да, босого тарабы ашкана оозу чий аркылуу тосулат. Мындан соң боз үй тууралуу видеоролик көрсөтүлөт. 4-тапшырма – Видеоролик боюнча суроолорго жооп берүү. 1. Боз үй кандай жерге тигилиш керек? 2. Боз үй канча убакытта тигилип бүтөт? 3. Эмне үчүн боз үйдүн түндүгүн эркек адам көтөрдү? 4. Боз үй тигүүдө кайсы бөлүгүнөн баштайт? 5. Боз үйдүн кайсы кийизи биринчи, кайсы кийизи акыркы болуп жабылат? 6. Боз үй тигүү кайсы куралдын жардамы менен ишке ашат? 5-тапшырма – Табышмак табуу Боз үйгө байланыштуу табышмактар үйгө берилген эле, ошентсе да аларды боз үй жөнүндө көбүрөөк билгенден кийин табу учүн жыйынтыктоо бөлүгүнө калтырдык эле. Эмесе табышмактарыңарды жуптарга катып, жандырмактарын тапкыла. Жуптар бири-биринин табышмактарын тапкан соң мугалим да төмөндөгүдөй табышмактарды катат: Табышмактар Жерге бекем түптөдүм, Кийиз менен каптадым. (боз үй) Атасы баласын көтөрөт, Баласы калпагын көтөрөт. (боз үй) Дүйнөдө бир ажыдаар бар көрөсүңбү? Жаркырайт жалгыз көзү төбосүндө. Кабырга башка сөөгү толук жатат, Жилик жок, бутсуз турат, кабыргасын жерге матап. (боз үй) Конгондо кооз, көчкөндө бооз. (чырмаган чий) Жайсам көлдөй, Жыйсам жеңдей. (чырмаган чий) Ал этегим беш таш, Бул этегим беш таш, Али тоок жеке таш. (чий токуган таштар, аял) Кыркыраган абышка өлөм дейт, Кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт. (түндүк, уук) Алтымыш кемпир ай карайт, Жетимиш кемпир жер карайт. (уук, кереге) Ай кучак, ай кучак, Жыйып келсе бир кучак. (кереге) Бир кыз бар жоолукчан, Ичинде балдары бар от жакан. Күндүзү сыйрып ачылат, Түнкүсүн кайра салынат. (боз үй, түндүк) Элебай атам өлөм дейт, Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт. (эки босого) 6- тапшырма – Карточка менен иштөө. Кептик жана грамматикалык темага байланыштуу карточкалар таратылып, талкууланат. Студенттер бүгүнкү сабактан алган жыйынтыктары тууралуу ой бөлүшөт. Тема жыйынтыкталат – Мугалимдин жыйынтыктоо сөзү - Ушуну менен биздин «Боз үй» деген темабыз жыйынтыкталып жатат. Эки сабактын жүрүшүндө силер өзүңөргө боз үйгө байланыштуу керектүү жана кең маалыматтарды ала алдыңар деген ишеничтемин. Боз үй, чындыгында эле, материалдык маданиятыбыздын эң сонун үлгүсү. Аны кол өнөрчүлүктүн багыттары болгон узчулук, устачылыктын кенчи деп тартынбай атай алабыз. Муундан-муунга ата-бабабыздан өткөрүлүп берилген мындай сонун белекти татыктуу колдонуп, жаңы үлгүлөрүн ойлоп таап, улуттук сыймыгыбаз катары баалап-кастарлап сактоо, жана кийинки муундарга өткөрүп берүү – биз менен сиздердин ыйык милдети. Ошондуктан теманы жыйынтыктап жатып, силерди боз үй боюнча билгениңирди ушул сабак менен чектеп койбой, дагы байытып, дагы кеңитип, керегинде суу ичкен башат катары кайрылып турууга, силерден кийинкилерге билгениңер менен бөлүшүп, үйрөтүп отурууга, уз-усталардын жалаң кол менен жасалган кылдат жана түйшүктүү эмгегин урматтоого, ошону менен бирге өз элинин мекенчил жаштарынан болууга чакырат элем. Үйгө тапшырма берүү. 1. «Боз үй - материалдык маданиятыбыздын соолубас кенчи» деген темада реферат даярдоо. 2. «Келечектеги боз үйдүн жаңы үлгүлөрү кандай болушу мүмкүн» деген темада ээсе даярдап, андагы кызматчы сөздөрдү талдоо. Студенттердин билимин баалоо – Чакан топтордун бири-бирине берген баасы, мугалимдин түздөн-түз байкоосу боюнча студенттер бааланат. Сабакты жыйынтыктоо


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!