Сабактын темасы : Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү.
Сабактын жабдылышы : окуу китеби,интерактивдүү доска,ноутбук,таблица,таркатмалар.тесттер
Сабактын усулу : окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүн уюштуруу усулу.
Сабактын этаптары | Убак тысы | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | НК | ПК | Баалоо |
Уюштуруу | 3мин | Мугалим окуучулар менен саламдашат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөйт. Жагымдуу маанай түзөт. « Өз элиңди,өз тилиңди,өз жериңди,өз ата-салтыңды үйрөн,бил жана аны көздүн карегиндей сакта! Ал сенин өмүрүң, көрөр күнүң,ичер сууң!» К.Тыныстанов | Окуучулар мугалим менен саламдашышат. | НК 3 | ПК 2 | |
Өтүлгөн теманы кайталоо | 5мин | Мугалим суроолорду берүү менен өтүлгөн теманы кайталап,артка чегинүү жасайт. Сабактын урааны : Кайда болбоюн,кандай болбоюн,окуйм,изденем,үйрөнөм!» | Окуучулар өтүл-гөн теманы бышыкташат. | НК2 | ПК2 | |
Жаңы те-маны тү-шүндүрүү | 10 Мин | Бирдей суроолорго жооп берип,сүйлөмдө бирдей милдет аткарып,бири-бири менен байламталар же интонация аркылуу байланышкан сүйлөм мүчөлөрү сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат. М : Атам,апам,агам жана мен конокко жөнөп жатабыз. Кыргыз тилинде бир өңчөй мүчөлөр өз ара эки жол аркылуу байланышат. Интонация аркылуу: М: Айжандын өңү сулуу,жылдыздуу эле. Байламталар аркылуу: жана,менен,же,же болбосо,ары,бирде Бир өңчөй ээ | Айгүл,Батма,Сайкал окууга жөнөп жатышат. | Бир өңчөй баяндооч | Алинур бүгүн сабакта ырдады,жазды,окуду. | Бир өңчөй аныктооч | Мен ак,кызыл,сары гүлдөрдү көрдүм. | Бир өңчөй толуктооч | Акмат тоону,көлдү.токойду сүрөткө түшүрүүнү каалады. | Бир өңчөй бышыктооч | Бүгүн,эртең,бүрсүгүнү кар жаайт. | | Окуучулар сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү, анын мүнөздүү белгилери тууралуу кеңири маалымат алышат. | НК1 | ПК2 | |
Өтүлгөн теманы бышыктоо | 10 мин | Мугалим окуучуларга ырааттулук менен көнүгүүлөрдү иштетет. 183-көнүгүү Элибиз эзелтеден ынтымакты,достукту жогору баалашат. 185-көнүгүү Сөз айкашынын тутумундагы сөздөр бири-бири менен байланыштын ....,......,.....,...... жолдору аркылуу тутумдашат. | Окуучулар ырааттуулук менен көнүгүүлөрдү иштешет. | НК1 | ПК2,3 | |
Талкуулоо үчүн суроолор | 10 мин | Мугалим окуучуларга тесттерди иштетет.суроолорду берет. 1. Сүйлөмдөн бир өңчөй мүчөлөрдү тап. Алайдан,Оштон,Баткенден коноктор келишти. А) Алайдан Б) Алайдан,Оштон,Баткенден В) коноктор Г) келишти 2. Сүйлөм мүчөлөрүнүн байланы- шуу жолдору. А) интонация Б) байламталар В) интонация жана байламталар Г) синтаксистик | Окуучулар тесттерге жооп беришет. | НК2,3 | | |
Сабакты жыйынтык тоо | 5мин | Мугалим сабакты жыйын- тыктоо максатында таркатмаларды таркатат. | Окуучулар таркатмалардагы суроолорго жооп беришет. | НК3 | ПК2,3 | |
Үйгө тапшырма | 2мин | Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн катыштырып 5 сүйлөм түзүп келүү. | Сүйлөм түзүп келишет. | | | |