Просмотр содержимого документа
«Сүттүн баалуулугу»
Долбоордун темасы: Сүттүн баалуулугу
Көйгөй: Сүттүн баалуулугун билүү, сүттөн алынган азыктарды жасоо.
Максаты: Сүт азыктары кайдан алынары жөнүндө маалымат алуу, сүттөн алынган азыктардын жасалышын үйрөнүү.
Сүт, айран, сүзмө, курут, сары май, чөбөгөнүн адамга тийгизген пайдаларын, даамдарын, дарылык касиетин анализдөө.
Пландаштыруу:Сүттөн алынган азыктарды жасоо үчүн, уйлардан, койлордон, эчкилерден, бээден саалынып алынган жаңы сүттү тандоо.
Идиш аяктарды даярдоо.
Предмет аралык байланыштыруу.
Химия – жасалуучу азыктарда табигый пайдалуу витаминдер, микро жана макро элементтер бар.
Биология – Сүт эмүүчүлөр тобуна кирген жандыктардын ургачысынын эмчек безинен бөлүнүп чыгат.
Тарыхын изилдөө:
Сүт бул сиңимдүү суусундук. Сүт эмүүчүлөр тобуна кирген жандыктардын ургачысынын эмчек безинен бөлүнүп чыгат.
Табиятта жан-жаныбарлардын (ошондой эле адамдын) баласын эң биринчи азыгы. Азыркы убакта көп тамак-аштын курамында пайдаланылат. Ал эми сүт өндүрүү чоң өнөр жайга айланган. Суттүн курамында көптөгөн пайдалуу витаминдер, макро жана микро элементтер бар. Баалуу тамак –аш продуктусу;
Айрыкча балдар жана улгайган адамдар, ошондой эле ооруулуулар үчүн маанилүү азык зат. Ал башка азыктардан курамында организмге керектүү азык жана биологиялык активдүү заттардан болушу менен айырмаланат.
Аткаруу: Жаңы саалган сүттү тандап, андан айран, сүт, сүзмө. курут, каймак жасайбыз.
Долбоорду жактоо:
Долбоорду түзгөн кыргыз тили жана адабияты мугалими: Исманалиева Жамила Раевна