СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суу-өмүрдүн булагы. Тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Суу-өмүрдүн булагы. Тарбиялык саат»

Рысбек Айдаралиев орто мектеби










Тема:Суу –өмүрдүн булагы









тема: Суу-өмүрдүн булагы

Сабактын максаты:

а) суунун маанисин, баалуулугун, пайда болушун үйрɵтүү

б) суу тууралуу кызыктуу маалыматтарды айттырууга машыктыруу

в) сууну сыйлоого, кадырлоого тарбиялоо

Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү Сабактын методу: Сүйлɵшүү, аңгемелешүү

Сабактын жабдылышы: Дептер, түр карандаш

Сабактын жүрүшү

Жаны тема: Жер жүзү, адамзат жаралган күндɵн тартып эле, бардык органикалык түрүү жандар учун ɵмүр тартуулагандардын бири бул – суу.

Анткени суу ар бир жан үчүн керек жана абдан маанилүү. Суусуз жашоону элестетүүгɵ мүмкүн эмес. Айталы бизге ысыктан тосуп кɵлɵкɵ тартуулаган, жазында бүчүр алып кооз кɵрүнгɵн, мɵмɵсүн берип пайдасын келтирген бак- дарактар, суусуз даярдоого мүмкүн болбогон тамак- аш, азык- заттар да

сууну талап кылышат. Адам баласы үчүн дагы ичкенге, жууганга, үй, эшик- элик тазалаганга, идиш- аяк, үйдɵгү кир болгон буюм тайымдарды жууганга кɵптɵгɵн суулар керектелет. Медициналык жактан алып карап кɵрсɵк,

медиктердин айтуусу боюнча адам кун сайын орто эсеп менен 1-2 литрдин тегерегинде суу ичип турушу зарыл жана суусуз 3 кун жашай алат. Биздин ɵлкɵ сууга бай ɵлкɵнүн катарына киргендигине карабастан техниканын эскилигинен улам жер-жерлерде тургундар суу менен толук кандуу камсыз болушкан эмес. Суунун жетишсиздиги айлана чɵйрɵгɵ, адамдарга ɵзүнүн

кедергисин тийгизип чоң кɵйгɵйдү жаратып жатат. Тоолуу аймактарда жергиликтүү жашоочулар кɵбүнчɵ сууну булактардан алып ичишет.

Бекеринен суу – ɵмүрдүн булагы деп айтылбаса керек. Ошондуктан ар бирибиз сууну туура, таза сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек

Мугалим:

Жети кабат жер астын, Жарып чыккан аккан суу, Жер ааламдын баарысын, Багып чыккан аккан суу.

Алтын канат, жез куйрук, Балык чыккан аккан суу. Ак кыянын боорунан,

Агып чыккан аккан суу. Өмүр отун тутантып,

Жагып чыккан аккан суу.

































Суроо:Кана балдар,адамдар суусуз жашай алышабы?


Бышыктоо: Эң таза суу Финляндияда

ЮНЕСКОнун маалымат боюнча эн таза суу Финляндияда. Изилдɵɵгɵ 122 мамлекет катышкан. Ал ортодо дүйнɵ боюнча бир миллиарддай киши таза сууга муктаж экенин бардыгы эле биле бербесе керек.

Ысык суу тез тоңот Логикалык жактан алып караганда муздак суу тез тоңушу керек. Себеби, ысык суу алгач муздап андан кийин гана тоңот. Бирок жүргүзүлгɵн изилдɵɵлɵр ысык суу тез тоңоорун тастыктаган. Бул суроого

азыркы күнгɵ чейин так жооп жок.

Суу ондон ашык түрдɵгү абалда боло алат Баарыбыз эле суу уч абалда болорун билебиз Ал: суюк, буу жана муз. Бирок окумуштуулар суу суюк

кезинде беш түргɵ бɵлүнɵрүн, ал эми тоңгондо 14 түрдɵ болорун аныкташкан.

Суу бул ɵмүр Дүйнɵ жүзүндɵгү бар жандыктар менен макулуктардын

организми суудан турат. Мисалы, жаныбырлар – 75 пайыз, балык – 75 пайыз, медуза – 99 пайыз, картошка – 76, алма – 85, помидор – 90 суудан турат.

Жаш ɵткɵн сайын суунун курамы 50 пайыз чейин тɵмɵндɵйт.

Ооруларды жайылтат Суу бир гана жашоо тартуулабастан аны алып дагы коюшу мумкун. Дүйнɵ жүзүндɵгү оорунун 85 пайызы дал ушул суу менен берилет.

Адам суусуз жашай албайт Эгер киши денесинин эки пайыз суусун жоготсо ал суусап баштайт. 10 пайызга жетсе кишинин кɵзүнɵ түрдүү нерселер кɵрүнүп жɵɵлүп калат. Ал эми 12 пайыз суу жоготсо дарыгерлердин жардамы менен гана калыбына келе алат. 20 пайызга жетсе киши ɵлɵт.

Таза суунун басымдуу болугу мɵңгүлɵрдɵ катылган

Суу кайда кɵп деп суроо салсак, бардыгы эле океанда деп жооп берери бышык. Бирок бардык эле сууну ичүүгɵ болбойт. Жер жүзүндɵгү суулардын 3 пайызы гана ичүүгɵ жарайт. Ошол 3 пайыздын жарымы мɵңгүлɵрдɵ тоңуп турат.

Суу жүрɵккɵ жардам берет Суу жүрɵк оорусунун алдын алат.

Окумуштуулар күнүнɵ алты стакан суу ичкен кишилер жүрɵк оорусуна аз чалдыгарын аныкташкан.

Бир киши ɵмүр бою 35 тонна суу ичет. Киши тамак ичпей болжол менен алты жума жашайт алат. Ал эми суу ичпей болгону 5-6 сутка гана чыдайт экен. Бир адам ɵз ɵмүрүндɵ болжол менен 35 тонна суу ичет.

Күйгɵн суу Айрым суулар ширенке чакканда күйɵт. Ооба, күйгɵн суулар бар. Суунун курамында метан газы болгондуктан ал күйɵт. Мындай суу Кыргызстандын Кочкор районунун Ара –Кɵл айылында бар. Күйгɵн сууну Азербайжандан дагы кездештирүүгɵ болот.

Жыйынтыктоо: Бүгүнкү темабыз эмне жɵнүндɵ болду? Суунун бизге кандай пайдасы бар экен?

Дагы кандай маалыматтарды билсинер? Баалоо: Балдарды бири бирин баалатуу Үйгɵ тапшырма: Сүрɵт тартып келүү


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!