16...Аманатка бекем болуу жана ага кыянат кылбоо
17...Ата-энеге сый-урмат көрсөтүү
18...Мугалим - жолубузга жарык чачкан шам-чырак
17. Аманатка бекем болуу жана ага кыянат кылбоо.
А: Окуучуларга суроолор.
Аманат деген эмне?
Кандай нерселер аманат катары берилиши мүмкүн?
Аманатка кыянат кылган учурларыңар болду беле?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Бир адамдын экинчи бир адамга айтуу үчүн ишенип табыштаган сөзү, же бирөөгө берип койчу буюму, же убактылуу сактап туруу үчүн калтырган нерселери аманат деп эсептелет. Мындайча айтканда аманат бир буюм, бир жеткизе турган сөз, же бир адам баласы да болушу мүмкүн. Буларга мисал бере турган болсок. Бир жакын туугандын үйүнө барып, жолугуп кайра чыгып келе жатканда ал кишилер: «Ата-энеңе салам айтып кой» деген болсо, ал сөз биздеги бир аманат. Ал саламды ата-энебизге жеткизишибиз керек. Кошунабыз 2-3 күнгө иштери менен бир жактарга баратып: «Үйүмө көз салып турчу» десе, биз дагы мейли деп кабыл алган болсок, ал үй бизге аманат. Ал кошунабыз келгенге чейин үйдү аман карап турушубуз керек. Эки жакын достун бири командировкага баратып экинчисине үй-бүлөсүн аманат катары таштаса, аманатты кабыл алган досу тиги келгенге чейин үй-бүлөсүнүн муктаждыктарын сурап, жетишпеген нерселерин камсыздап туруу милдетин алган болот.
Аманатка бекем болуу коомдук жашоодо өтө зор мааниге ээ. Адам баласы күнүмдүк турмушун өткөрүү үчүн коомдук жашоого муктаж. Азыркы учурду карап көрсөк, көпчүлүк адамдар аманатка кайдыгер мамиле жасагандыктан башкалар аманатка кыянат кылуунун курманы болуп, зыян тартып келишет.
Алган аманатты өз ээсине кайтарып берүү жакшы иш болуп саналат. Аманатчыл адамдын коомдо аброю артат. Аманатка бекем болуу адамдын эң жакшы сапаттарынын бири болсо, ал эми ага кыянат кылуу жаман сапат болуп саналат. Адеп-ахлагы жогору болгон адам ар дайым жоопкерчиликтүү жана аманатчыл болот.
Ким аманатка кыянат кылса же моюнундагы жоопкерчилигин туура жана так аткарбаса, анда ал кылганы адамгерчилике жатпайт. Киши акысына көңүл буруу материалдык жактан да, моралдык жактан да өтө зор мааниге ээ.
Бизге берилген ар бир нерсе, жада калса убакыт, ден-соолук дагы аманат. Убакытты абдан туура жана так колдонушубуз керек. Керек болсо жарым саат да болсо бош отурбаш керек. Ден-соолукту да абайлап, жакшы карашыбыз керек. Зыяндуу адаттарга көнүп алып ден-соолугун бузгандык, аманатка кыянаттык дегенге барабар. Демек, бизге берилген аманаттардын баарынан жооптуубуз.
Аманатка бекем болгон адам - ишенимдүү адам. Коомдун бейпил турмушу, тынчтыгы коомдун мүчөсү саналган адамдын ишенимдүү болушуна жана убадага бекем турушуна байланыштуу. Мындай сапат жок болсо дүнүйө да туруктуулугун жоготот.
Сөзүндө турбаган, ишенимсиз адамдардын акыры эмне болот: Киши баласынын ишенимден чыгып калышы анын ишениминин алсыздыгынын, адамдык касиетти аяк асты кылганын жана ыроологон артыкчылыктарды жок кылганын билдирет. Сөзүндө жана аманатка бекем турбаган адамда «ишенимсиз», «кыянатчы», «жалганчы» жана «туруксуз» деген жалгама аттан башка эч нерсе калбайт. Аманатка кыянатчылык жана убадага турбоочулук дарты эгер эмделбесе, акырында эки жүздүүлүк деген эң жаман абалга жеткирет.
Төмөндгү төрт сыпат кимде бар болсо, ал эки жүздүү:
Берилген аманатка кыянат кылуу,
Жалган сүйлөө,
Сөзүндө турбоо,
Душмандыкта чектен чыгып, адилетсиздик кылуу.
Мына ушул төрт сыпаттын бири кимде болсо, аны таштамайын андан жаман сапат кетпейт. Демек, убадага бекем туруп, аманатты так аткарып, адамгерчиликтин белгисин сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз.
Б. Аңгемелер.
Бир киши таң ата электе мончого барууга камынды да, досторунун бирине кошо барып келүүнү сунуштады. Досу кошо бараарын, бирок мончого кирүүгө убактысы кысталыш экенин билдирди. Экөө жолго чыкты. Караңгыда көчө айрылышына барганда кошо жүргөн киши экинчисине айтпай эле калып калды. Ошондо жанында ууру бараткан, ал билинбей мончого кетип аткан кишини ээрчип алды, тиги досу калып, анын ордуна ууру келатканын билген жок, досум экен деп эле мончо оозуна келгенде: "Сен муну кармап тур, мен жуунуп чыгайын, анан өзүмө бересиң"-деп, белине байланган жүз алтын теңгени ууруга таштап кете берди. Ууру бейтааныштын белинен чечип берген байлыгын колго кармап туруп калды. Мончодогу киши беймарал жуунуп чыкты, чыкты да, досун издеди, досу жок да, ошондо жанына ууру басып келип айтты:
- Ме, алтындарыңды ал, мен өз ишимди аткардым!
Алтын бергени таң калды:
- Кайдагы алтын, сен кимсиң?
- Мен - уурумун. Бул сенин мага калтырган алтындарың.
- Өзүң ууру болсоң, анан неге менин алтындарымды алып кетип калган жоксуң? - Тиги киши таң кала ууруну тиктейт.
Ууру айтат:
- Миң алтын теңге болсо да мен сага бир кылчайбай алып кетер элем. Бирок муну анте албайм, себеби сен муну мага аманатка тапшыргансың, а аманатка кыянат кылуу жеткен наадандык болор.
Ушундай бир окуя айтылып келген. Ууру, өмүр бою бирөөлөрдүн артынан аңдып жүрүп, алардын буюм-тайымын, акча-мүлкүн катып алып, өзүнүкү кылып келген, ошо менен оокат-тиричилигин өткөргөн киши да аманатка кыянаттык кыла албаптыр.
Бирөөгө салам-дубай айттырасың, бирөөлөрдү жамандык-жакшылыкка чакырасың, ал кабарың жетпей калат, анан кийин ошол кабарчыңа жолугуп, эмне үчүн аманатың айтылбай калганын сурасаң, "унутуп калыпмын" же "жөн эле" деп коет. Ушул кантип болсун? Мындай окуялар менен тез-тез кездешип туруу биз үчүн көнүмүшкө айланып кетти. Инсандарга ишенбегендиктен кбүбүз аманат айтпай да калдык. Же канча убакыт, акча коротуп, өзүбүз убараланып барып жатабыз. Илгери аманат нерсеге адамдар жооптуулук менен карачу, ушунун аманат малы эле, ушунун аманат буюму эле дешип астейдил карап, анан ошол аманатын ээсине тапшырганда жеңилденип, үстүнөн бир оор жүктү алып ыргыткандай болчу. Азыр ушундай адамдар азая баштады.
"Ким кыянатчы болсо, ал бизден эмес" деп айтылат.
Аманатка кыянат.
Бир адат көп жылдар бою адал иштеп эки миң динар акча жыйнап, анан сапарга чыгууга туура келип, ошол акчаны калтага салып, оозун бекем тигип, кошунасына аманатка калтырат. Сапардан кайра тартып, келип кошунасынан аманатын алып, үйгө келип ачса, калтадагы алтын динарлардын ордуна жез чакалар чыгат. Кайра кошунасына барып, динарларын талап кылат.
- Калтаңды тапшырып атканда ичинде эмне бардыгын ачып көрсөттүң беле?-дейт кошунасы.
- Жок, көрсөткөн эмесмин,-дейт ээси.
Кошуна сөзүн кайра улайт:
- Аманатыңды менден алып атканда калтанын оозу бекем беле, же ачык туруптурбу?
- Ачылбаптыр.
Ушундан кийин кошунасы тиги адамга акарат айтып урушуп, айдап чыгат. Капаланган адам түз эле увазирге барып дартын айтат. Увазир да ойлонуп туруп, анан калтасын алып калып, азыраак акча да берет.
Увазир даттануучу чыгып кеткен соң калтаны абдан абайлап карады, бир да сөгүлгөн да, кайра тигилген да жерин байкабайт. Акыры адамдын кошунасы алтынды жезге алмаштырып кайра билинбес кылып тигип койгон болуу керек, деген жыйынтыкка келет да ушуну сынап көрмөк болот. Өзүнүн алтындап тигилген шейшебинин бир жерин сөгүп коет, анан үч күнгө бир жакка кеттим деп чыгып кетет. Үй жыйнаштырган аял эртеси караса эле шейшеби жыртылып турат. Ал коркот, ыйлап да алат. Бирөө мага өчөшүп, атайын жасаган болсо керек дейт да, бул сырын досуна айтат. Экөө акылдашып туруп, базардагы эң чебер жамакчыга шейшепти алып барат. Уста болгону жарым динарга бир күндө эч ким билбес кылып ишти бүтүрүүгө убада кылат. Ошентип шейшеп ордуна коюлат. Увазир кайтып келип, шейшепке көз жүгүртөт, айрылып кеткен эч жери билинбей бүпбүтүн болуп калган. Экөө чындыкты айтканча сүйлөшүшөт да увазир жамакчынын дайынын билет, аны чакыртат:
- Сенден да өткөн чебер жамакчы шаарда барбы?- дейт. Тиги жок экендигин айтат.
Ошондо увазир баягы динарын алдырган киши таштап кеткен калтаны көрсөтөт да:
- Муну тааныйсыңбы?-деп сурайт.
- Тааныбагандачы! Муну эки жыл мурда эки динарга бир адамга жамап бергенмин. - Жамакчы сүйүнүп кетет.
Ошентип адамдын кошунасынын калпы чыгат, аманатка кыянат кылган үчүн анын башы алынат.
Адамзаттын тарыхында мындай мисалдар өтө көп болсо да, мына ушундай таалим алар ибараттарды байыртан бери бабалар жазып келатат..
Калк ичинде "кыянатчыл" деген сөз эрчитип алуу эң эле уяттуу иш. Кайсыл бир Чыгыш өлкөсүндө бирөөнүн аманатына кыянат кылган кишилерди эшекке тескери мингизип, бүт шаарды айлантып маскара кылып чыкчу экен.
В: Накыл сөздөр.
Аманат жанга өлүм ак.
Аманатка кыянат кылынбайт.
18. Ата-энеге сый-урмат көрсөтүү.
А: Окуучуларга суроолор.
Эмне үчүн ата-энеге урмат-сый көрсөтүш керек?
Коомубузда ата-энесин сыйлабаган кандай учурларды кездештирдиңер?
Канткенде ата-энеге керектүү сый-урматты көрсөткөн болобуз?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Ата-эне биз учун дүйнөдөгү эң кымбат, биздин жарык дүйнөгө келишибизге себепчи болгон асыл инсандар. Ата - аскалуу зоо, эне - боорундагы булак, бала - экөө үчүн күйүп турган шам чырак. Ата бул - үйдүн тиреги болсо, эне бизди бүтүн мээримине бөлөгөн үйдүн куту.
Адамзат бул дүйнөдө жаратылган жандуулардын эң күчтүүсү. Бирок адам эр жетилгенде гана ошол күчкө кирет. Чындыгында башка жаныбырлар туулганда эле туруп басып, кыска убакыттын ичинде эле өз курсагын өзү тойгозуп, өз алдынча болуп кетет. Адам баласы андай эмес. Төрөлгөндөн кийин кыска убакыттын ичинде өз алдынча болууга күчү да, дарамети да жетпейт. Төрөлгөндөн кийин канчалаган жыл ата-энесинин багуусуна, кароосуна, тамактандыруусуна, кийиндирүүсүнө муктаж. Көзүбүздүн алдыбызда бала төрөлгөндөн кийин эрезеге жетүүсүнө чейинки, үй-бүлө куруп өз алдынча болгонго чейинки убакытты элестетип көрөлү. Эненин бөбөктү курсагында 9 ай көтөрүп жүргөндүн өзү эле кандай гана түйшүктүү эмгек. Бала төрөлгөндөн кийин сүйлөп жана басып калганга чейин ата-эне кандай гана оор күндөрдү башынан өткөрбөйт. Баланын түнү менен ыйлап чыгышы, ооруп калса ата-эненин тарткан сар-санаасы, балам билимдүү болсун деп тарткан азабы, баланын мектеп курагындагы ар түрдүү проблемалары, жогорку билимдүү болсун деп тапкан акчасын баласына жибериши, эл катарына кошулсун деп баланы үйлөндүрүү үчүн кылган аракети... эң аз эле дегенде 25 жылдык эмгек. Жада калса ал менен калбай, үйлөп, жайлагандан кийин деле ата-эне кандай гана түйшүктөрдү тартып жатат.
Чындыгында эле ата-эненин мээримин эч нерсе менен өлчөөгө болбойт. Баланын билеги ооруса эненин жүрөгү ооруйт. Эгерде Меккеге энебизди жөө көтөрүп алып барып келсек да, анын ак сүтүн актай албайт экенбиз. Адам эненин ак сүтүн, атанын ак эмгегин кантин актай аламын деп ойлонбой койбойт. Биз адептүү болуп, алардын айтканын жасап, ал эми чоңойуп эр жеткенде, алар картайган учурда, бизди балапан кезибизден өксүтпөстөн кантип өстүргөн болсо, биз дагы аларды ал-күчтөн тайган кезде эч нерсеге зарыктырбастан багуубуз абзел. Ата-эненин ыраазычылыгы бул дүйнөдө алына турган улуу иштердин бири экенин эч ким таңбаса керек. Ата-энебизге болгон биздин кандай милдтеттерибиз, жоопкерчилитктерибиз бар, бир ойлонуп көрөлүчү:
Ата-эненин айткан сөзүн угуу, берген насаатына кулак салуу. Эч кимдин ата-энеси өз баласына жамандык каалабайт. Биз кээде алардын айткан сөзүнө кулак салбайбыз да, өз билгенибизди кыла беребиз. Чындыгында алардын баалуу тажрыйбасын баалашыбыз керек. Канча жылдык тажрыйба турганда өз билгендике салып ката иш кылып алышыбыз биздин кемчилдигибиз. Алар бир өмүр жашашкан, көп нерсени көрүшкөн, сынашкан. Биз үчүн керектүү болгон маалыматтын баары аларда бар. Акылдуу адам бир иш кыларда өзүнүн билгени болсо да сөзсүз ата-энесине барып, алардын акыл-насаатын сурайт, анан таразалайт, анализ кылат.
Ата-энеге сылык-сыпа мамиле жасоо. Бекеринен элибизде ата-энеңе «уфф» дебе деп айтылбайт. Ата-энеге орой мамиле мындай турсун «уфф» деп үшкүрүнүү дагы туура эмес. Бакырып, кыйкырып, силкип мамиле жасоо ата-эненин кылган ошончо эмгегине болгон кыянаттык. Пайгамбарыбызга бирөө келип: «кимге жакшылык кылайын?» десе, «Энеңе кылгын» деп жооп берет экен. «Андан кийинчи?» десе, «дагы энеңе кылгын» деп жооп берет, . «Андан кийинчи?» десе, үчүнчү жолу «дагы энеңе кылгын» деп жооп берет да, төртүнчүсүндө «атаңа кылгын», - деп жооп берген экен. Демек, жакшылык кылганда биз ата-энебизден башташыбыз керек.
Ата-энеге материалдык жана моралдык жардам берүү. Ата-эненин жашы улгайган сайын ар түрдүү жардамга муктаж боло баштайт. Балдардын милдети эгерде башка жерде жашаса бат-бат зыярат кылып, ал-акыбалын сурап туруу. Мындай кезде ата-эне жылуу сөзгө зар болот. Көңүлүн жумшартып, колдоо көрсөтүү балдарынын милдети.
Ата-энени ыраазы кылуу. Ата-эненин эңсегени балдарынын коомдо өздөрүнүн ордун табуусу. Алар балдарынын башкаларга үлгү боло турган адеп-ахлактуу инсан тарбиялоо үчүн гана ошончо жыл эмгек кылышат. Анан бир күнү алардын маңдайында жаркырап, колунан оорун алган, жеңилин жерден алган уул-кыздары турса, мына ошол алардын эң кубанычтуу күнү.
Ата-энеге дуба кылуу, жакшы тилек кылуу. Ата-энебиз жашоодо болбой калган мезгилде, аларга берген эң чоң белегибиз – бул, аларга кылган дубабыз. Алардын аркы дүйнөдөгү жашоосун жеңилдетүү максатында айтылган дубалар, окулган курандар, бул дүйнөдө уул-кыздарынын ата-энелерине кылган эң чоң жакшылыктары болуп саналат. Көпүрө, жол, мектеп сыяктуу нерселерди салуу, суу чыгаруу да аларга кылган жакшылыктарыбыз болуп саналат.
Ата-энебиз бизидин бул жарык дуйнөгө келишибизге себеп болушту, күн түн дебей бакты, өстүрдү, окутту, эрезеге жеткирди. Келгиле анда ата-энебизди сыйлап урматтайлы, жсаган эмгегин баалап, аларга кайрымдуу бололу.
В: Аңгемелер.
Эне мээрими.
Күндөрдүн биринде сыртта ойноп жүргөн балдар жарыша апасынын жанына чуркап келишет да апасы кимисин баарынан жакшы көрүшүн сурашат?
Алардын талашын уккан апасы унчукпастан бир шамды алып, аны күйгүзүп коет да, балдарына кайрылат: « мына бул шам мен. Ал эми анын жарыгы менин силерге болгон мээримим жана сүйүүм. Ал баарыңарга бирдей тийип жатабы? Балдары баары «ооба» деп жооп беришет.
Андан кийин апасы биринчи шамдын жалыны менен экинчи шамды күйгүзүп, тун уулуна берет да, мындай дейт: «мына мен алгач тун уулума мээримимди төгүп, болуштум. Андан менин силерге болгон сүйүүм кемип калдыбы? Албетте жок. Ошентип, ал ар бир баласына бирден шам күйгүзүп берет. Бирок апасынын шамы ошол бойдон жарык чачып, балдарына мээримин төгүп жанып тура берди.
Үч уул
Үч аял булактын башында маектешип отурушкан эле. Жакын жерде бир карыя киши аялдардын өз балдарын мактагандарын угуп отурду. Аялдардын бири:
- Менин уулум ушунчалык шамдагай. Ага бул жагынан эч ким тең келбейт. Жиптин үстүндө ойногонун бир көрсөңөр дейт. Аны уккан берки аял сөз талашып:
- Менин уулумдун үнүн бир уксаңар, булбул быякта эле калат. Дүйнөдө анын үнүндөй үн жок болсо керек. Кудайдын бергени бул... Булар минтип мактанып жатышканда үчүнчү аял үнүн чыгарган жок. Аялдар андан:
- Сен эмне балаңды айтып мактанбайсың? Анын эмнеси бар?- деп сурашат. Анда тиги аял:
- Баламдын бир артыкчылыгы жок. Жөн эле мактай беремби. Анчалык мактоого татырлык тарабын көрбөдүм, - дейт.
Аялдар ошентип чакаларын араң көтөрүп, анда-санда тынып, эс алып бара жатышты. Ийиндери талып чыккан эле. Ушу кезде алдыларынан сөз кылып жаткан уулдары чыгып калды. Биринчи бала дароо колдорунун үстүндө туруп, түркүн –түркүн кыймылдарды жасап жиберди. Аялдар буга маашыр болуп алкап жатышты: Баракелде, өнөрүңө береке!..
Экинчи бала булбулдукундай мукам үнү менен созолнтуп бир ырдады- дейсиң, аялдардын көздөрүнө жаш толуп, шыпшынып тыңдашты.
Акыркы бала жүгүрүп келип, энесинин колунан чаканы алып, үйүнө көтөрүп кетти. Аялдар баятан бери аксакалга кайрылып:
- Балдарыбыз кандай экен?- дешти. Карыя чочугансып:
- Балдарыңарбы? Мен аларды көргөн жокмун. Энесинин колунан чакасын алып үйүнө кеткен баланы сурап жатсаңар... Аны абдан жактырдым ...
Г. Накыл сөздөр.
Ата-энең сага сүйлөгөндө унчукпай, көңүл коюп ук.
Үнүңдү алардын астында жогоруу көтөрбө.
Себепсиз эле алардан алдын баспа.
Аларга каттуу сүйлөбө жана ачууланба.
Сапарга чыгуунун алдында ата- эненин дубасын алуу керек.
Балдардын ата-энесине кылган дубалар тез кабыл болот.
Балдардын ата- энесине билдирген ыраазычылыгы- аларды ар дайым угуп, аларга тиешелүү сый урмат- көрсөтүүсү болуп эсептелет. (Екатерина Великая)
19. Мугалим - жолубузга жарык чачкан шам-чырак.
А: Окуучуларга суроолор.
Мугалимдерди баалайсыңарбы? Эмнеге?
Мугалимдердин коомдогу орду кандай?
Мугалим болгуңар келеби? Эмнеге?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Мугалимден билим, тарбия албаган бир да адам жок. Мугалим өзүнүн асылдыгы жана жоомарттыгы менен канчалаган муундарды тарбиялап, өстүрүп келүүдө. Мугалимсиз адам баласы кантип билим алып, кандай кесиптин ээси болуп чыга алат? Бул жагы да ойлоно турган оорчундуу маселелердин бири болуп саналат. Ата-энелер балдарына үйдөн тарбия берип, багып өстүрүп эр-даражага жеткире турган болсо, баланын, билим менен бирге таалим-тарбия алып андан ары илимдин артынан түшүп, жабык болуп сыр сандыктай катылып турган нечендеген илимдерди изилдеп, таап, ачылыштарды жасап илим адамы болуп чоноюусуна жана эртеңки чоң турмушка терең ой жүгүртө ала турган жана ошол ойлогон ойлорун идеяга айлантып, анын артынан ары жакшы, ары пайдалуу пландарды түзүп, ал пландарды иш жүзүнө ашырып, элине, жерине пайдалуу болгон иш-аракеттерди жасаган кайрымдуу инсан болуп калыптануусуна, «Эл үмүтүн эр актайт, Эр атагын эл данктайт» деген улуу сөздүн ээси болуусуна, өзүнүн зор эмгегин жасап чон салымдарын кошкон албетте кесиптердин улуусу болгон мугалимдик кесипти аркалап мугалим деген улуу наамга ээ болгон агай-эжекелерибиз.
Мугалим бул – мөмөлүү дарак. Ал окуучуларынан эч нерсесин аябайт. Ал ошол үчүн билим алган, тажрыйба топтогон, мөмөлөрдүн таттуу болушун жана аларды жеген адамга пайдасы тийсин деп жылдарын коротуп келген. Башка кесиптегилер балким башкасы менден оозуп кетпесин деген ойдо өз билими жана тажрыйбасын башкалар менен бөлүшпөйттүр, бирок мугалимдин оюнда окуучуларына билген билимин жана топтогон тажрыйбасын үйрөтүү жана коомдун керегине жараган уул-кыздарды тарбиялап, өстүрүү. Ал кайра, чөйрөсүндөгүлөр канчалык анын мөмөсүн жеп, пайдаланса ошончолук сүйүнөт. Бул даңазалуу жоомарттыктын белгиси.
Мугалим бул – багбан . Чырпыкты алып дарак өстүрөт. Даракты өстүрүү үчүн бардык шарттарда талыкпастан иштейт. Дарак бак-шактуу болуп, мөмөлүү бакка айлануусу үчүн чырпыкты күндөп-түндөп суугарып, ага камкөрөт. Ал бак өсөт, чоңоет, ата-энеси жана коом үчүн мөмөлүү даракка айланат. Ушинтип отуруп айланабыз түркүн-түркүн мөмө берген бакка айланат. Ар-бир гүлдөп, өнүп-өскөн коомдордун түптөлүшүндө мугалимдердин зор эмгеги бар.
Явуз Султан Селим (Осмон падышасы) бир күн сапардан кайтып бараткан. Жанында Зенбилдик Али Жемал да бар эле. Али Жемал Явуздун көп жылдык устаты, мугалими эле. Баары чарчап, аттардын да алы кеткени байкалып турду. Анын үстүнө жамгыр да жаап, жолдор чыла эле. Явуз Султан Селим менен устаты жанаша бараткан. Бир маалда Али Жемалдин аты бир нерседен үрккөнсүп, алдыга атырылганда, буту ылай суу толо чукурга туш келип, андан чачыраган ылай суу Явуз Султан Селимдин чепкенине туш келет. Падышанын чепкенинин булганганын көргөн устаты, ага себепкер болгонунун сезип, падышанын качан каары кайнап ачуулуу сөзүн айтат экен деп турганда, падыша жанындагыларга карап төмөндөгүдөй сөз айтат:
Ажалым келип, мен өлгөндө, сөзсүз түрдө бул чепкенди менин табытыма жапкыла. Себеби, бул чепкенде устатымын атынын туягынан чачыраган суу бар. Мамлекетим үчүн көп иш кылдым, бирок ал деле наркы дүйнөдө азаптан кутулушума себеп болбой калышы мүмкүн. Балким өмүр бою таалим-тарбия берип жүрүп эбегейсиз зор соопко ээ болгон устатымын атынын туягынан чачыраган ылай суу гана менин күнөөлөрүмдү жууп кететтир.
Мына дүйнөнүн жарымына ээлик кылган падышанын мугалимине, устатына көрсөткөн ызаты, сыйы. Бул анын мугалимине көрсөткөн ыраазычылыгы. Ошондой чоң мамлекетти башкаруу оңойго турбайт. Ошол илим-билимди берип, жол көрсөткөн – анын мугалими. Эң башкысы устатына кичипейилдик менен мамиле кылып, урматтоо сезимин берген, мугалимдик кесипти аркалаган инсанды даңазалап, ыйык тутканды үйрөткөн - ошол эле мугалим.
Биз да өз мугалимдерибизди сыйлай билели. Алардын биздин жашообузда ролу аябагандай чоң экенин унутпайлы. Алардын кылган жоомарттыгана канчалык таазим кылсак аздык кылат. Мектептеги балдарына үйүндөгү балдарына караганда көбүрөөк убакыт бөлүп, аларга мээримин төгүп, алар ийгиликке жетсе өз балдары жеткендей сүйүнгөн мугалимдерибиз жоомарттыктын туу чокуларына жеткен баатырларыбыз, алдыңкы инсандарыбыз. Мугалимдер - биздин жолубузга жарык чачкан шам-чырагыбыз.
В: Накыл сөздөр.
Мугалим – мөмөлүү дарак.
Турмуш – мектеп, анын жыргалынын жыласы – мыкты мугалим. (С. Градский)