1-тиркеме
| | | БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 15 буйругу менен |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыктары жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик) жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Агенттиктин сыйлыктарынын түрлөрүн жана сунуштоо тартибин белгилейт, ошондой эле ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Агенттиктин сыйлыктары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин таануу жана дем берүү формасы болуп саналат.
2. Агенттиктин сыйлыктары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси;
- «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси;
- «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгиси;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Грамотасы;
3. Агенттиктин сыйлыктары менен сыйланган адамдарга ыраастамалар берилет.
4. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгиси менен эки жолу сыйлоого тыюу салынат.
5. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгилери төштүн оң жагына тагылат жана мамлекеттик сыйлыктардан төмөн жайгаштырылат.
6. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгилери менен сыйланган адамдар сыйлыкты сактоону камсыз кылууга тийиш. Сыйлык жоголуп кеткен учурда сыйлангандар сыйлыкка болгон өз укуктарын сактап калат. Жоголуп кеткен төш белгинин дубликаты берилбейт.
7. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгилеринин ыраастамасы жоголуп кеткен учурда ыраастаманын дубликаты сыйланган адамдын жазуу жүзүндөгү арызына ылайык Комиссиянын чечими менен берилиши мүмкүн.
8. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгилеринин жана аларга ыраастамаларынын үлгүлөрү (1, 2, 3, 4, 5, 6-тиркемелери), Агенттиктин Ардак грамотасынын жана Грамотасынын үлгүлөрү (7, 8-тиркемелери) Агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилет.
9. Агенттик тарабынан Сыйлыктар боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы Агенттиктин буйругу менен бекитилет.
10. Комиссиянын иш Регламенти Комиссиянын отурумунда бекитилет.
11. Ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо Комиссиянын чечиминин негизинде Агенттиктин буйругуна ылайык ишке ашырылат.
12. Агенттиктин сыйлыктары менен мамлекеттик кыматты, муниципалдык кызматты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө өз салымын кошкон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар жана башка адамдар 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата, 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата, 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө, октябрдын акыркы жекшембиси – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнүнө, 1-январда – жылдын жыйынтыктары боюнча Жаңы жылга карата сыйланат, ошондой эле мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин кесиптик майрамдарында, облустардын, райондордун, шаарлардын жана айылдардын юбилейлик даталарын белгилөөдө сыйлоого уруксат берилет.
Сыйлоо документтерин белгиленген күнгө чейин үч жумадан кечиктирбестен Агенттикке тапшыруу керек.
Өзгөчө учурларда, сыйлыктар боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн бир добуштан оң чечими боюнча жана Агенттиктин директорунун макулдугу менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды, ошондой эле мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө салым кошкон башка адамдарды белгиленген күндөн тышкары сыйлоого уруксат берилет.
2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси
13. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен ошол мамлекеттик органда бир жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган, мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш стажына жана кынтыксыз тажрыйбага ээ болгон адамдар сыйланат:
- мамлекеттик кызматты өркүндөтүүгө зор салым кошкондугу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарын сактоо боюнча иштин жогорку жетишкендиктери үчүн;
- жогорку кесипкөйлүгү, квалификациясы, кызматтык милдеттерди ак ниети менен аткаргандыгы, демилгелүүлүктү жана активдүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн;
- кадр саясатын өткөрүүдө, кызматчыларды даярдоодо жана тарбиялоодо, кадрларды кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда ийгиликтерге жетишкендиги үчүн.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган адам «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланышы мүмкүн эмес.
14. Агентиктин директорунун жазуу жүзүндөгү сунуштоосу боюнча, иш стажына талаптар коюлбастан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын потенциалын күчөтүүдө мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүдө конкреттүү сиңирген эмгеги үчүн чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебеген адамдар «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси
15. «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен ошол муниципалдык органда бир жылдан кем эмес муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган, мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш стажына жана кынтыксыз тажрыйбага ээ болгон адамдар сыйланат:
- муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө зор салым кошкондугу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарын сактоо боюнча иштин жогорку жетишкендиктери үчүн;
- жогорку кесипкөйлүгү, квалификациясы, кызматтык милдеттерди ак ниети менен аткаргандыгы, демилгелүүлүктү жана активдүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн;
- кадр саясатын өткөрүүдө, кызматчыларды даярдоодо жана тарбиялоодо, кадрларды кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда ийгиликтерге жетишкендиги үчүн.
«Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган адам «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланышы мүмкүн эмес.
16. Агентиктин директорунун жазуу жүзүндөгү сунуштоосу боюнча, иш стажына талаптар коюлбастан, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын потенциалын күчөтүүдө муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүдө конкреттүү сиңирген эмгеги үчүн чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле муниципалдык жана муниципалдык кызматта иштебеген адамдар «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
4. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгиси
17. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгиси менен жергиликтүү жамаат менен иштөө боюнча 10 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, анын ичинде чет өлкөлөрдүн юридикалык жактары сыйланат:
- жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин көбөйткөндүгү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын маанилүү милдеттерин чечкендиги үчүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө зор салымын кошкондугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүсүн тездеткендиги үчүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы
18. Агенттиктин Ардак грамотасы менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган, мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон адамдар сыйланат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө жана реформалоого зор салым кошкондугу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоо боюнча ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жайылткандыгы жана кадыр-баркын көтөргөндүгү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жетишкедиктерди массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдыргандыгы үчүн.
19. Комиссиянын чечиминин негизинде, стаж боюнча талаптар коюлбастан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын дараметин күчөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
20. Ардак грамота менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн кээ бир жамааттар сыйланышы мүмкүн.
21. Бир эле мамлекеттик кызматчы же бир эле жамаат Ардак грамота менен 3 жылда бир жолудан көп сыйланышы мүмкүн эмес.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Грамотасы
22. Агенттиктин Грамотасы менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган адамдар сыйланат:
- ак ниети менен иштегендиги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошкондугу үчүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жайылткандыгы жана кадыр-баркын көтөргөндүгү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жетишкедиктерди массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдыргандыгы үчүн.
23. Комиссиянын чечиминин негизинде, стаж боюнча талаптар коюлбастан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын дараметин күчөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Агенттиктин Грамотасы менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
24. Грамота менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн кээ бир жамааттар сыйланышы мүмкүн.
25. Бир эле мамлекеттик кызматчы же бир эле жамаат Грамота менен 1 жылда бир жолудан көп сыйланышы мүмкүн эмес.
7. Сыйлоого көрсөтүү тартиби
26. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген жана Агенттиктин сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүлгөн адамдардын талапкерлиги мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жамаатынын жыйналышында сунушталат.
Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тутумун өркүндөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды Агенттиктин сыйлыктары менен сыйлоого сунуштоо боюнча демилге көтөрүүгө укуктуу.
Агенттик, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тутумун өркүндөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, стаж боюнча талаптар коюлбастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Агенттиктин сыйлыктары менен сыйлоого сунуштоо боюнча демилге көтөрүүгө укуктуу.
27. Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө сунуштамалар Агенттиктин директоруна төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- Агенттиктин директорунун орун басары тарабынан;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кураторлук кылган тийиштүү түзүмдүк бөлүмчөсү тарабынан – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кураторлук кылган тийиштүү түзүмдүк бөлүмчөсү тарабынан – мамлекеттик органдардын жетекчилерине;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан - тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына;
- мамлекеттик органдардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары же аппарат жетекчилери тарабынан.
Мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө сунуштамалар мамлекеттик органдын жетекчилигине жөнөтүлөт, андан кийин алар мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан Агенттикке жөнөтүлөт.
28. Муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө сунуштамалар Агенттиктин директоруна төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- Агенттиктин директорунун орун басары тарабынан;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан – облустук маанидеги тийиштүү шаарлардын мэрлерине;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары тарабынан - тийиштүү шаарлардын мэрлерине, тийиштүү айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана тийиштүү жергиликтүү кеңештердин төрагаларына;
- республикалык маанидеги шаардын кеңешинин төрагасы тарабынан - республикалык маанидеги шаардын мэрине;
- республикалык маанидеги шаардын мэри тарабынан - республикалык маанидеги шаардын кеңешинин төрагасына;
- жергиликтүү кеңештердин төрагалары тарабынан – тийиштүү кеңештердин депутаттарына, тийиштүү жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын муниципалдык кызматчыларына;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары тарабынан – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын муниципалдык кызматчыларына.
29. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунун ээлеген адамдардын сиңирген эмгеги даана көрсөтүлгөн жана толук негиздемени камтыган сыйлоо жөнүндө сунуштама, органдын расмий бланкына карабастан, герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүүгө тийиш.
30. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунун ээлеген адамдардын сунуштамаларына төмөнкүлөрдү тиркөө керек:
- сыйлоо баракчасы (9-тиркеме);
- маалымкат-объективка;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- паспорттун көчүрмөсү.
Агенттик тарабынан талапкерди сыйлоо жөнүндө демилге көтөрүлгөндө, Агенттиктин директорунун орун басары кол койгон сунуштама талап кылынат.
Комиссия, зарыл болгон учурда, сунушталган талапкерлер боюнча кошумча маалыматты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылууга укуктуу.
31. Түшкөн сыйлоо материалдары Комиссия тарабынан белгиленген тартипте каралат жана протокол менен таризделет. Комиссиянын корутундусу боюнча Агенттиктин буйругу чыгарылат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө буйругунун көчүрмөсү тийиштүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте эмгек китепчесине жазууларды андан ары киргизүү үчүн түздөн-түз тапшырылат.
32. Комиссия сунушталган талапкерлер боюнча өз чечимин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.
33. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын толук эмес көлөмдө чогултулган жана белгиленген талаптарга туура келбеген сыйлоо материалдары Комиссия тарабынан каралбайт.
34. Адамдарды алардын юбилейлерине арнап Агенттиктин сыйлыктары менен сыйлоого тыюу салынат.
35. Сыйлоого көрсөтүлгөн учурда тартип жазалары бар кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүүгө бул жазалар белгиленген тартипте жоюлганга же алып салынганга чейин жол берилбейт.
36. Агенттиктин сыйлыктарын тапшыруу Агенттиктин директору же директордун орун басарлары тарабынан салтанаттуу жагдайда берилет же болбосо мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан эмгек жамааттардын жалпы жыйналыштарында адамдын өзүнө салтанаттуу жагдайда мындан ары тапшыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жөнөтүлөт.
37. Агенттиктин сыйлыктары менен сыйланган адамдарды жеке эсепке алуу Агенттикте жүргүзүлөт.
38. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгилери жана ырастамалары, Ардак грамотанын жана Грамотанын бланктары милдеттүү отчеттуулуктун документтери менен бирге сакталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыктары жөнүндө жобого 9-тиркеме
| СЫЙЛОО БАРАКЧАСЫ | сүрөтү |
| Сыйлоого сунушталат: ___________________________________________________ |
| 1. Фамилиясы, аты, атасынын аты | |
| 2. Кызмат оруну, иштеген жери, кызматы мамлекеттик тилде | |
| 2.1. Кызмат оруну, иштеген жери, кызматы расмий тилде | |
| 3. Ведомстволук сыйлык менен сыйлоо үчүн кызматчынын конкреттүү жетишкендиктери: | |
Жетекчи:
| _____________________________ | ____________ | ___________________________ |
| (кызмат оруну) | (колу) | (Ф.А.А.) |