Сабактын темасы:Сын атоочтун жасалышы.
Сабактын максаты : 1. Сын атооч сөз туркумунун морфоло- гиялык жана синтаксистик кызматын билишет.
2.Суроолорго жооп беруу менен өз билим-
дерин өркундөтушөт жана сын атоочтордун жасалуу жолдорун уйрөнушөт.
3.Таза сулуу жазууга, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.
Көрсөткучтөр:-Сын атооч сөз туркумунун аныктамаларын атай
билишсе;
Сын атоочтордун морфологиялык белгилерин айта алышса;
Синтаксистик кызматын аныктай алышса;
Суроолорго жооп беришсе;
Сын атоочтордун жасалуу жолдорун айта алышса;
Таза сулуу жазып бири-бирин сыйлай билишсе.
Сабактын жабдылышы: интерактивдуу доска,карточкалар,тесттер,ручкаж.б.
Сабактин тиби:Аралаш сабак.
Сабактын усулу:көрсөтмөлуу,интерактивдуу.
Сабактын журушу
Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашуу;
Класстын ,окуучулардын тазалыгына көз салуу;
Жоктоо,кыргыз тил сабагына даярдап алуу.
Уй тапшырма:Кайталоо учун суроолор.
-Сөз туркумдөру деген эмне?
-Сөз туркумдөру канча топко бөлунөт?
-Сын атооч деген эмне?
-Тубаса сын атоочтор кандай болот?
-Туунду сын атоочтор кандай болот?(мисалдар келтиребиз)
Жаны тема:Сын атоочтордун жасалышы.
Сын атоочтор морфологиялык жана синтаксистик жолдор менен
жасалат.
Сын атоочтордун сөз жасоочумучөлөр менен жасалышы морфологиялык жол деп аталат.(интерак.досканын жардамында морфологиялык жол менен жасалган сынатоочторду уйрөнобуз)
Мисалы:Зат атоочтон сын атооч жасоочу жана этиш сөздөрдөн сын атооч жасоочу мучөлөр:
-луу токой-токойлуу,бала-балалуу,акыл-акылдуу;
-сыз бала-баласыз,ыйман-ыймансыз,адеп-адепсиз;
-дай тоо-тоодай,суу-суудай,кене-кенедей,пахта-пахтадай;
-чыл эмгек-эмгекчил,жаан-жаанчыл,ой-ойчул;
-гы жаз-жазгы,кечээ-кечээги,былтыр-былтыркы;
-дар жара-жарадар,карыз-карыздар,өкум-өкумдар,
-ык сын-сынык,куй-куйук,буз-бузук,каз-казык;
-аак ыйла-ыйлаак,
-гыс жет-жеткис,унутул-унутулгус,бер-бергис,тугөн-тугөнгус;
Синтакситк жол мененжасалган сын атоочторго кош жана кошмок сөз турундогу сын атоочторт кирет:
Мисалы:эстуу-баштуу,улуу-кичуу,жакшы-жаман,кызыл ала,кара көк,бала кыял,жолборс журөк ж.б.
Китеп менен иштөө:
133-көнугуу
Сын атооч сөздөрду унгу мучөгө ажыраткыла.Кайсы сөз туркумунөн жасалганын айтып бергиле.
Улгу:Жудөнку-жудө унгусу,этиш сөз туркуму,-ынкы мучөсу
аркылуу жасалды;
Көнугууну ушул сыяктуу улантып өз алдыбызча иштейбиз.
Тапшырма:434-көнугуу.
Төмөнку сөз жасоочу мучөлөрду колдонуп,сын атооч катышкан суйлөмдөрду тузгулө.-луу,-чыл,-дай,-гыч,-аак.
Улгу:Тоо+луу=тоолуу.Кыргызстан - тоолуу өлкө.
Баалоо:Окуучулардын жооп бергенине карай бааланат.