Просмотр содержимого документа
«Таазим сага мугалим !»
ПРОГРАММА:
1. Куттуктоо,саламдашуу: Алып баруучулар.
2. Кесиптин кыскача тарыхы жөнүндө : 10- “а” кл.
3. Декламациялар : 10- “А,Б,В” кл. окуучулары
4. Слайд көрсөтүү.
5. Бий: 10-“а” кл.
6. Мугалимдер жөнүндө учкай сөздөр : 10 -“в” кл.
7. Обондуу ыр : “Практикант агай” 10- “б” кл.
8. Кызыктуу оюн
9. Бий; 10-“б” кл.
10. Суроо-жооп : “Мугалим ким?” 10- “б” кл.
11. Поппури бийи 10- “а” классынын окуучулары.
1. Салам сага мектебим !
Амансыӊбы мугалим !
Кайрадан келип калдык биз
Майрамдык маанай тартуулап.
Коюп бир койсок дегенбиз
2.
3. Турмуштун татаал жолуна
Жол көрсөткөн мектебим
Акыл берип баарыбызга
Чалыкпаган мектебим.
4.
5.
6.
.
7.
8.
9.
10.
11.
Сиздердин кесиптик майрамыӊыздардын урматына 10- класстарынын окуучуларынын даярдаган майрамдык кечесин тартуулоого уруксат этиӊиздер!
12. Татаал жолдо ,татаал кесип тандашып,
Бул өмүрдүн оӊун-терсин талдашып,
Чоӊ турмушка дардайм деп жаш муунду,
Баратышат улуу максат кармашып.
13. Баатыр болсо ,силерсиӊер баатырлар,
Билимге бай,наадандыкта жаакырлар,
Кыйынчылык болсо болсун иштейм деп,
Иштеп жаткан мугалимдер асылдар! -- деп ,келгиле анда ушул улуу кесиптин тарыхына кулак төшөп көрөлү. Кесиптин кыскача тарыхы жөнүндө 10- “а” классынын окуучулары айтып беришет.
14. Терметип билимине алтын бешик
Келгин деп, канчаларга ачып эшик
Үйрөтөөр бул дүйнөнүн көп сырларын.
Ушундай бийик ,татаал мугалимдик кесип.---- анда мугалим жөнүндө декламацияларга кезек берсек. 10-“б”, “в” кл. окуучулары.
15. Окутуп көптү үйрөткөн
Ойлонтуп көркөм сүйлөткөн
Адептүү бол деп ар убак
Айтканыӊ кетпейт жүрөктөн. ---- Анда сиздер үчүн обондуу ыр.
16. Баш ийип таазим кылабыз
Мугалим алтын чынарым
Сүйүктүү эже агайым
Сиздерге алкыш айтабыз! ____ Мугалидер жөнүндө учкай сөздөр 10-“в” кл окуучулары
17 . Суроо- жооп : Мугалим ким? 10-“б” кл окуучулары.
18. Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз азыркы мезгил үчүн айрыкча маанилүү . Ары татаал,ары түйшүктүү кесипти тандап алгандыгы үчүн мугалим эч качан өкүнбөөсү абзел. Албетте бир күн силердин эмгегиӊер бааланат. Окутуп ,билим берген ар бир баланын ийгилиги жашоодон орун табышы -- бул эӊ биринчи кезекте силердин меенэтиӊер. Анда биздин алтындай мугалимдерибизди мектептеги бир көрүнүшүнөн көрүүгө чакырабыз. Слайд көрсөтүү .
19. : “Көзгө сүйкүм кыргыз бийи,
Кимдер гана билбесин,
Кыргыз кыздар кызгалдактай
Кулпурушуп бийлешсин” - кыргыз бии 10 -“а” кл .кыздары.
20 . Келгиле кызыктуу оюн ойнойбуз,кезекти кызыктуу оюнга берсек. Мугалимдер менен бирге ойнойбуз.
Жыйынтык. Урматтуу жана кымбаттуу асыл мугалимдер ,ушуну менен сиздердин өздүк майрамыӊыздар үчүн уюштурулган чакан гана майрамдык концертибиз соӊуна чыкты. Жыйынтыктоочу сөздү мектеп директору Шарипбекова Гүлчехра Тажибаевнага беребиз.