Просмотр содержимого документа
«Таблицалык модель»
Информатика 6- класс
- Информатика мугалими: Дейдиева Эльмира
31- январь Тема: Информациялык моделди берүүнүн формалары
Таблицалык информациялык моделдер.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Информациялык моделдердин берүү формалары менен таанышышат жана таблицалык моделдер жөнүндө түшүнүк алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Информациялык моделдерди ажырата билишет.
Тарбиялык : Өз алдынча иштөө менен алган билимдерин калыптандырышат.
- Урматтуу окуучулар жаңы темага кирүүдөн мурда өтүлгөн теманы кайталап алалы:
- Белги менен туюнтулган информациялык моделдер:
- 1) Сөз менен сыпаттоо
- 2) Илимий сыпаттоо
- 3) Көркөм сыпаттоо
- 4) Математикалык модель болуп 4 түргө бөлүнөт.
- Белги информациялык моделдердин арасынан кеңири тараган түрү- сөз менен сыпаттоо болуп саналат. Биздин мектептин окуу китептеринин мазмундарында көпьөгөн сөз менен сыпаттоолор бар: тарых боюнча окуу китебинде тарыхый окуялардын модели сөз түрүндө берилген; география окуу китебинде – географиялык объекттердин жана жаратылыш процесстеринин; биология окуу китебинде – жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин моделдери берилген.
1) Сөз менен сыпаттоо :
- Сөз менен сыпаттоолор абдан көп түрдүү, алар ар кандай стилде аткарылышы мүмкүн. Эң негизгиси өз ара пикир алмашуу (сүйлөшүү), китептин стилдери деп ажыратышат. Китеп стили илимий,официалдуу-иш, публицистикалык, көркөм түрлөрүндө болушат.
2) Илимий сыпаттоо . Илимий стиль так илимий информацияны берүүдө колдонулат. Илимий стилдин эң башкы сапаты логикалык жана так берилиштер болуп саналат. Илимий стилде жазылган тексттердин мазмунунда көп сандаган кесипкөйлүк-сөздөр катыша т.
3) Көркөм сыпаттоо
- Көркөм адабияттык чыгармалар-булар дагы моделдер, анткени алар адамдын көңүлүн адам турмушунан алынган окуяларды ырааттуу сүрөттөп берет. Адабий чыгармаларды талдоо менен биз негизги объектилерди бөлүп алабыз, каармандар ортосундагы мамилелерди салыштырабыз, башка чыгармалар менен салыштырып, жыйынтык чыгарабыз.
5) Математикалык моделдер
- Илимде информациялык моделдөөнүн негизги тили болуп математиканын тили эсептелет.
Математикалык түшүнүктөр жана формулалардын жардамы менен үзүлгөн модель математикалык модель деп аталат.
Силер абдан сүйкүмдүүсүңөр !
Силердин колуңардан баары келет!
Акылдуусуңар!
Күчтүүсүңөр !
Мен силерге ишенем!
Сабакка даярсыңарбы, кана эмесе кеттик,баарыңарга ийгилик!
Жаңы теманы түшүндүрүү:
- Информациялык моделдерди берүүнүн кеңири таралган формаларынын бири саптардан жана мамычалардан турган тик бурчтуу таблица болуп эсептелет.
Үй-бүлөлүк китепкана. 2-таблица
Номери
Автору
001
Аталышы
Беляев
002
Жылы
Ч.Айтматов
Адам-амфибия
003
004
К.Баялинов
Жамийла
1971
Текчеси
1987
Т.Касымбеков
5
Ажар
7
1982
Сынган кылыч
1979
1
2
- Таблицаларды түзүүдө ага колдонуучуну кызыктырган информация гана киргизилет. Мисалы, китеп жөнүндөгү «- таблицага киргизилген маалыматтан сырткары башка маалымат да бар: китепти чыгарган басмакана, беттин саны, баасы. Бирок., колдонуучу үчүн 2- таблицадагы маалымат бир китепти башка китептен айырмалоого (автору, аталышы, чыккан жылы) жана китепти текчелерден табууга жеңилдетет. Бардык текчелер номурланган жана ар бир китептин инвентарлык номуру бар.
Демек, №2- таблица үй- бүлөөлүк китепкананын китеп фондусунун информациялык модели.
- Таблица мезгил ичинде өтүүчү кайсы бир процессти чагылдыра алат. Мисалы: аба- ырайынын таблицасы. Таблицаны карап, ар бир күндөгү абанын температурасын, нымдуулугун жана башкасын оңой эле салыштырууга болот.
Бул таблицаны аба-ырайынын өзгөрүү процессинин информациялык модели катары(3-таблицаны) кароого болот. Аба ырайы
Күндөр
Жаан-чачын
20.11.18
Температура, С
кар
21.11.18
ачык
Басым, мм сым, мам.
-5
22.11.18
туман
23.11.18
+1
745
Нымдылуук
750
жаан
+5
24.11.18
70
ачык
60
+2
740
745
95
+6
90
760
80
- 2-3-таблицалар көп колдонулуучу таблицалардын тибине кирет. Аларды «объект-касиет» тибиндеги таблица деп атайбыз. Мындай таблицанын ар бир сабында бир объект тууралуу (китепканадагы китептер) же окуя тууралуу (аба-ырайы) маалымат камтылат.
- Таблицалардын кеңири таралган башка тиби-ар кандай объекттер ортосундагы өз ара байланыштарды чагылдырган таблицалар. Аларды «объект-объект» тибиндеги таблица деп атайбыз.
- Математикадагы сандардан түзүлгөн тик бурчтуу таблица «матрица» деп аталат.
6- таблица экилик матрица болуп саналат. Факультативдер
Геология
Рустамов
1
Гүл өстүрүүчүлүк
Сейитов
Бай
0
1
Заирова
1
0
1
0
1
1
- Таблицада үч окуучунун үч факультативге катышуусу келтирилген. «1» цифрасы факультативге катышууну, «0» цифрасы катышпоону түшүндүрөт. Мисалы,Рустамов геология жана бийге, Сейитов геологияга жана гүл өстүрүүчүлүккө катышаары ж.б көрүнүп турат.
- Экилик матрица болгон таблицаларда объектилердин ортосундагы байланыштын сапаттык мүнөзү чагылдырылат (жол бар-жол жок
- Бышыктоо:
- 1)Матрица деген эмне? 2)«Объект-объект»,»Объект-касиет» жөнүндө айтып бергиле.
- 3. Жыйынтыктоо:
а) Ачык сабакка активдүү катышкан окуучуларды баалоо.
б)Үйгө тапшырма берүү.
- Үйгө тапшырма: Мектептеги жана үйүңөрдөгү иштерди чагылдырган таблицаларга мисалдарды жазып келүү.
- Көңүл бурганыныздарга чоң ыракмат!!!