СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Табышмактар Адабий окуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

ой жүгүртүүгө,тапкычтыкка, так сүйлөөгө көнүгүшөт

Просмотр содержимого документа
«Табышмактар Адабий окуу»

Адабий окуу 1.

Сабактын темасы: АСАН КАЙГЫ БАБАБЫЗ ЖАНА АНЫН НАСААТЫ

Сабактын максаттары:

билим берүүчүлүк: чыгарманы окуп, анын мазмунун түшүнө алат; түшүнүгүн адабий тилде ырааттуу айтып бере алат; Асан кайгыга мүнөздөмө бере алат; өз оюн тексттен мисал келтирүү менен далилдей алат; жаратылыштын ар бир бөлүгүнө аяр мамиле жасоо керектигин түшүнөт.

өнүктүрүүчүлүк: өз алдынча ой жүгүртүп, өз оюн айтууга көнүгөт, сөз бай­лыгы өсөт.

тарбия берүүчүлүк: жаратылышка аяр мамиле жасоого, аны коргоого үйрөнөт; бири-бирин сыйлоого, колдоого, сабырдуулукка үйрөнөт.

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде;

• чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;

• чыгарманы талдай алса; каарманга мүнөздөмө бере алса;

• өз оюн далилдүү айтып, идеяларын доскага же флипчартка жаза алса;

• кызыктуу сүйлөмдөрдү алып, цитата бөлүгүнө, ал эми анын кеңири маани­син комментарий бөлүгүнө жаза алса;

• аткарган иштерин презентация кыла алса;

• топтук ишти аткарууда бирин-бири сыйлап, уга билсе.

Сабактын тиби: жаңы билим берүүчү

Сабактын формасы: өз алдынча топто иштөө

Колдонулган ыкма: эки бөлүктүү күндөлүк

Сабактын жабдылышы: эки бөлүктүү күндөлүк чийилген флипчарт (№1 тир­кеме) ар бир окуучуга сызгыч, карандаш керектелет.

Процедура:

1. Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

- Көзүнө көрүнгөн жан-жаныбарларды аяп, алар үчүн кайгы тарта берген адам­ды көрдүңөр беле? А силер өзүңөрдү «боорукермин» деп ойлойсуңарбы? Аңда маегибизди бул текстти окугандан кийин уланталы.

2. Окуучулардын жоопторун уккан соң, аңгемени мугалим көркөм окуп берет.

Асан кайгы бабабыз бардык жан-жаныбарлардын турмушуна кайгырып, кейип-кепчиген боорукер адам болгон экен дешет. Ошол үчүн эл аны ушинтип Асан кайгы деп атап калса керек.

Асан Кайгы желмаян төөсүн минип алып, жер жүзүн кыдырып жүрчү имиш. Элдин оор турмушуна абдан кабатыр болот. «Эл бейпил турмушта жашагандай жайлуу Мекен издеп жүрүп каза болгон» деп айтылат уламыш сөздөрдө.

Кыргыз баласы атам замандан мал менен күн көргөн, мал менен оокат кечир­ген эл. Бир жылы ак жайдын күнүндө кар калың түшүп, жан-жаныбарлардын көбү кырылган экен. Ушундай кыйын кезеңде Асан Кайгы бабабыз жан-жаныбарларга боору ооруп, кайгырып, мындай деп насаат сөз калтырган экен:

Салган тамы жок,

Кылган камы жок,

Алган даны жок,

Баккан малы жок,

Мал багарга алы жок,

Көзү-башын көгөртүп,

Баягы көгөн байкуш кантти экен?

Көрө турган көзү жок,

Чымын байкуш кантти экен?

Тарбаңдаган шор тумшук,

Таш бака байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышкан,

Баса албаган балчактап,

Бака байкуш кантти экен?

Куйругу жок, жалы жок,

Кулан байкуш кантти экен?

Боорунда буту жок,

Жылан байкуш кантти экен?

Оргон-жыйган чөбү жок,

Эчтемеге иши жок,

Доңуз байкуш кантти экен?

Кирерге эшиги жок,

Корголоор тешиги жок.

Коңуз байкуш кантти экен?

Сууга муздап,

Сөөгү сыздаган чыгар,

Балык байкуш кантти экен?

Жайлоодо жабуу албаган,

Арык байкуш кантти экен?

Курт-кумурска үйү жок,

Куурап баары өлгөн чыгар,

Өлбөсө да байкуштар,

Көргүлүктү көргөн чыгар.

Жанын сууга жашырып жүргөн,

Жаян байкуш кантти экен?

Колун алып бооруна,

Коркуп качып жүргөн,

Коён байкуш кантти экен?

Уясын кар баскан чыгар,

Шору таштай каткан чыгар,

Муздап карда жаткан чыгар,

Чымчык байкуш кантти экен?

Ээси жок багарга,

Элик байкуш кантти экен?

Жер-сууга жукпай жүргөн,

Жейрен байкуш кантти экен?

Бөрү мунун душманы эле,

Бөкөн байкуш кантти экен?

Кара таштан жай алган.

Таштан башка үйү да жок эле,

Үй оокаттын бири да жок эле,

Кийик байкуш кантти экен?

Чилде түштү кыш болду,

Суунун баары тоңуп муз болду,

Каз-өрдөктөн канча өлдү экен?

Жейрен, бъкън – жапайы айбандар

Желмаян – к\л\к тъъ, желдей учкан тъъ

Тексттин мазмуну менен таанышкан соң классты үч топко бөлүп, аларга тексттен өзгөчө маанилүү, кызыктуу деп эсептеген сүйлөмдөрүн алып, цитата бөлүмүнө, ал эми анын кеңири маанисин комментарий бөлүгүнө ар бири өз ал­дынча жазуусун тапшырат.



Цитата

Комментарий

- Асан кайгы бабабыз бардык жан-

жаныбарлардын турмушуна кайгы-

рып, кейип-кепчиген боорукер адам

болгон экен дешет. Ошол үчүн ал аны

ушинтип Асан кайгы деп атап калса керек.

- Асан кайгы бабабыз абдан боорукер адам болгон экен. Ал адамдарга гана эмес, жер бетиндеги бардык жан-жаныбарларга да боору ооруп, аларды аяп, кайгырган киши болгондуктан аны эл Асан Кай- гы деп атап калыптыр...

- Тарбаңдаган шор тумшук,

Таш бака байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышкан

Баса албаган балчактап,

Бака байкуш кантти экен?

Куйругу жок, жалы жок,

Кулан байкуш кантти экен?

Боорунда буту жок,

Жылан байкуш кантти экен?

-Таш бака, бака, кулан, жылан ж.б. жаныбарлар катуу суукта эмне болду экен деп Асан кайгы атабыз кейиген, аларга боору ооруган...



Ар бир топ аткарган иштерин презентациялашат (Мугалимдин же окуучулар­дын каалоосу боюнча).

Мугалим жана окуучулар аларга суроо берүү аркылуу жыйынтыкташат.

Потенциалы: Окуучулар бул ыкма аркылуу тексттин мазмуну менен өзүнүн ой-пикирин жана жеке тажрыйбасын байланыштырышат, алардын сабакка кызыгуусун арттырат. Барактын комментарий бөлүгүнө ушул цитатанын жазуунун себеби, ал кандай ой-пикирлерди жана суроолорду пайда кылгандыгы жөнүндө комментарий жазышат.

Мугалим балдарды талкууга тартуу жана жаңы теманы бышыктоо максатында суроо менен кайрылат:

1. Асан Кайгы деп аталышынын себеби бар бекен?

2. Минтип кайгыланышына эмне себеп болуптур?

3. Бул ырдан кийин жаратылыш байлыктарын, жан-жаныбарларды сактоо үчүн биз эмне кылышыбыз керек деп ойлоп калдыңар?

4. Асан кайгынын боорукердигин бүгүнкү адамдардын жаратылышка болгон ма­милеси менен салыштыргыла.

Окуучулардын билими сабактын максаттарына ылайык берилген көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат.

Үйгө тапшырма катары төмөнкүлөр берилет.

1. Чыгарманы кайрадан окуп чыгып, түшүнгөнүн айтып берүүгө машыккыла.

2. Силер да Асан Кайгы сыяктуу жаныбарларга бооруңар ооруп, же алар үчүн кам көргөн белеңер? Класста ой бөлүшүүгө даярданып келгиле.

3. Аталардын сөзүнүн маанисин талдап, чогуу ой бөлүшкүлө.

• Жыланды өлтүрбө, көрүп калсаң ак чач.

• Булакты булгаба, ак ниет адам тазалыкты булгабайт.

• Кумурсканын уюгун бузба, чымчыктын уясын бузба, убал болот.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!