ТАБЫШМАКТУУ 7 САНЫ
Сабактын темасы: Табышмактуу 7 саны
Сабактын максаты: Бүгүнкү сабакты уюштурганымдын максаты ички сезиминерди, математикалык тʏшʏнʏктɵрʏнөрдү ɵнʏктʏрөсүңөр жана кругозорунарды кеңейтесиңер. Математикалык шыгынар жана демилгеңер ойгонот, ой жʏгуртʏʏ маданиятына жана улуттук баалуулуктарды эстеп, сактап калууга үйрөнөсүңөр.
Сабактын тиби: Мелдеш сабак.
Сабактын жабдылышы: Тест, суроо жазылган баракча, кроссворд, 7 саны
жɵнʏндɵ маалымат, ноутбук, проектор
Конкурстун жʏрʏшʏ:
Уюштуруучу учуру:
Мугалим:Саламатсыздарбы урматтуу эжейлер, кымбаттуу окуучулар. Биздин
«Табышмактуу 7 саны» конкурсуна кош келиниздер. Бул конкурска 6-7-класстын эки командасы катышат.
Командалардын иш аракетин баалап берүү үчүн калыстар тобун шайлап алсак. Калыстар тобунун төрайымы: __________________________________
__________________________.
Урматтуу эжекелер, конкурстун катышуучулары жана кʏйɵрмандар биздин бʏгʏнкʏ «Табышмактуу 7 саны» конкурсун ачык деп жарыялоого уруксат берсеңиздер. Алгач конкурска катышуучуларды атай кетсем
1 – жетилик: _________________________________
2 – жетилик: __________________________________
Анда эмесе, алгач сиздерге 7 саны жɵнʏндɵ маалымат берсем
Математикада негизги тʏшʏнʏктɵрʏнʏн бири сан тʏшʏнʏгʏ болуп эсептелет. Сандардын ичинен 7 саны ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Ушул сан бизге байыркы ата-бабаларыбыздын саноо системасынан, жащоосунан, ишенимдеринен
жана тилинен, дилинен кабар берип турганын байкайбыз.
Мисалы: Кыргыз улуттук жомокторунда жети ата , жети бир тууган , жети дос , жети каракчы , жети ууру , жети эмчи сыяктуу шарттуу образдар басымдуулук кылат.
«Жетинин бири кыдыр , жети ɵлчɵп бир кес , жети атаңды билип жʏр , жетимдин акысы жети дʏйнɵнʏ курутар» деген макалдарында да 7 санына ɵзгɵчɵ мамиле кылгандыгы кɵрʏнʏп турат.
Эң байыркы адамдардын асман жɵнʏндɵгʏ кɵз караштарында «Жетиген» жылдыз , «Асан ʏсɵн” жети тʏстɵ болушуна, ай фазаларынын жети тʏстɵ , жети кʏндɵ орун алмашып туруусуна маани бергендиги талашсыз . Алар гана эмес дʏйнɵлʏк руханий маданиятынын ири ɵкʏлдɵрʏнʏн бири Жусуп Баласагын дагы “Кут даарытар илим” аттуу 13 миң саптан турган чыгармасында да ыйык сан жɵнʏндɵ катып кеткен.
Билгиң келсе ʏйрɵнгʏн татаал эсеп,
Билим жолу так эсеп жерден ɵтɵ.
Кɵбɵйтʏʏнʏ , бɵлчɵктʏ бил , Татаал жолду баспасаң келбейт ʏзʏр.
Жакшы билгин катмардын эрежесин,
Санактан тамыр чыгар билип ɵзʏң.
Аянттын ɵлчɵмʏн так чыгарасың,
Жети катмар ааламды жердей айткын.
Алгебра жолдорун даана тапкын,
Евклиддин капкасын катуу каккын.
Билип ал: азыр дагы келечекте,
Багынган акыл оюң бʏт эсепте.
Кутманың эсебиңден ката кетсең,
Эч качан иш илгери болбойт иште!
Анда эмесе Конкурстун 1 – шарты: Саламдашуу
Кезек 1 – жетиликте:
1 – окуучу: Урматтуу эжей , агайлар!
Атаандаштар калыстар.
Салам айтабыз сиздерге.
Биринчи жетиликтин атынан.
2 – окуучу: Ар бир адам саламдашуу,
Эзелтен кыргыз салты экен.
Элимдин салтын улантуу,
Элибиз кыргыз наркы экен.
3 – окуучу:Математика илими ушул кʏндɵ,
Жайылды жер жʏзʏнɵ , бʏт дʏйнɵгɵ.
Кызыгат дʏйнɵ эли, бʏт адамзат,
Математика илимин ʏйрɵнгɵнгɵ.
4 – окуучу:Жер шарынын формасын салыштырдык,
геометриялык фигурага, сферага.
Касиеттʏʏ илим менен ɵнʏгʏп,
тʏшʏнсɵк деп, ааламдын сырларын.
5 – окуучу:Математикада болот жети амалдар,
Жетɵɵнʏн тең укмуштуудай сыры бар.
Жеткиликтʏʏ илим менен билимге,
Жеткирет го биздин эжей агайлар.
Кезек 2 – жетиликте:
1 – окуучу:Салам айтабыз адегенде биз сиздерге,
Салам айтуу салт экен биздин элде.
Саламдашпай ɵтʏп кетсең башка кепке,
Айып болуп калат го, анда бизге.
2 – окуучу:Саламдашпай сɵз баштаба,
Деген кеп бар кыргызда.
Демек таазим кылабыз,
Мугалим эже , атаандаштар, баарыңа.
3 – окуучу:Акылыңды ɵстʏрɵт да , ɵркʏндɵтɵт,
Маселе иштеп чыгарганды ʏйрɵтɵт.
Турмуш жашоо тиричиликте колдонулат,
Баамдап кɵр , ал эмне экен баатырак..
4 – окуучу:Туура айтасың бул алгебра,
Кыялы кызык ал неме,
Чыгарсаң такыр чыкпай койчу.
Убайым кылган кишини кээде.
5 – окуучу:Эзелтеден 7 саны кыдыр экен
Бул сандын ыйыгында шек жок экен.
Тʏпкʏ атасы жетɵɵ болот адамдын,
Касиети ушунда эмеспи бул сандын.
Конкурстун 2 – шарты: 7 санын презентация жасоо
1 – жетилик:
1 – окуучу: Кыргыз элинде 7 деген санга ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулуп келген.
Мисалы:Жетинин бири кыдыр, жети атаны билʏʏ парз, бир жумада жети кʏн бар. Азыркы кʏндɵ жети жашыңда мектепке барасың.
2 – окуучу: Жети дɵɵлɵт: мына ушул 7 дɵɵлɵт жɵнʏнʏндɵ айтып берейин:
Биринчиси бала, экинчиси аял, ʏчʏнчʏсʏ тоок, тɵртʏнчʏсʏ ит, бешинчиси ат,
алтынчысы тегирмен, жетинчиси мал экен.
3 – окуучу: Жетинин бири кыдыр, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун
дейт.
4 – окуучу: Жолдо кетип бара жатканда жети адам отурса, жети мал кɵрсɵ,
жети жылдыз кɵрсɵ булар жетɵɵ экен, жолубуз болот, тилегибиз аткарылат,
ишибиз оңолот деп ишенишкен.
5 – окуучу: мен жети атаңды бил дегендей жети атамды айтып берейин.
1.ɵз атам: Кенжебек 2. Чон атам:Бекболот 3.Бабам:Отунчу 4. Бубам: Сары 5. Кубам:Миңдик 6. Жотом: Курманкожо 7. Жетем: Мамыт.
6 – окуучу: Математикада да амалдардын ʏстʏнɵн жети амал жʏргʏзʏлɵт:
кошуу, кемитʏʏ, кɵбɵйтʏʏ, бɵлʏʏ, даражага кɵтɵрʏʏ, тамырдан чыгаруу,
логарифмдɵɵ.
7 – окуучу: Музыкада жети нота бар: до, ре, ми, фа, соль, ля, си.
Кезек 2 – жетиликте:
1 – окуучу: Жетинин бири кыдыр деген кеп илгертеден кыргыз элинде айтылып келет. Ата-бабаларыбыздын эң ыйык кɵргɵн саны катары атадан балага уланып , элибиздин калың катмарына сиңип келген. Бул сɵздɵ калет жок.
2 – окуучу: 7 теңге адамдын оору сыркоодон сырткары болушу ʏчʏн дубанага же дербишке берилет.
3 – окуучу: Биз асылдуулук алган кʏндʏн желеси да жети тʏстɵн турары ,эл ичинде 7 тʏндɵ азыраак бас деген сɵзʏ да бизди тартипке, максатсыз эле тентип баспоого тарбиялайт.
4 – окуучу: ʏйго келген конокко да 7 тʏрдʏʏ даам таттыруу , 7 атаны билʏʏ ар бирибиз ʏчʏн парз.
5 – окуучу: Дыйкан эгин эгердин алдында 7 айтым айткан: Ошондо эгини мол, берекелʏʏ болот деген: Мына септин ʏч убак , жылуу жерден кочуштап, бул жетим- жесирге, мунусу алыстагыга, мунусу карып-мискинге, кочуш ач арыкка, бул курт-кумурска, куштарга, бул сурамжыга, бул тилемчиге.
6 – окуучу: Умай эне, Адам атадан таркалган касиеттʏʏ сан Манас бабабыздын осуятынын жетɵɵ экендигине да далил.
7 – окуучу:Манас бабабыздын 7 осуятын айтып берейин:
Эл журттун ажырагыс бʏтʏндʏгʏ жана бир жакадан баш чыгарган ички биримдиги.
Улуттар аралык ынтымак, достук, кызматташтык.
Улуттук ар намыс, атуулдук ариет.
Арыбас мээнет, алдыңкы ɵнɵр, билим аркылуу бакыбат дɵɵлɵткɵ умтулуу.
Гуманизм , айкɵлдʏк , кечиримдʏʏлʏк.
Табият менен таттуу мамиледе болуу.
Кыргыз Мамлекетин кɵздʏн карегиндей сактоо
Конкурстун 3 – шарты: Сандар катышкан макал-лакаптарды, накыл сɵздɵрдʏ жазуу. (ар бир жетиликке ак барак таратылат) 5мүнөт.
1 – жетилик:
Нысаапсызга кашык салсаң 5 ууртайт;
Жигитке жетимиш ɵнɵр аздык кылат;
Кыздын кырк чачы улуу;
Билеги кʏчтʏʏ бирди жыгат, билими кʏчтʏʏ миңди жыгат;
Жакшыга бир сɵз, жаманга миң сɵз;
Болор бала он экисинде баш, болбос бала кырк жашында жаш;
2 – жетилик:
Беш кол тең эмес;
Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат;
Жаман деген бир ат бар жууса кеткис, жакшы деген бир ат бар кууса жеткис;
Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы;
Конкурстун 4 – шарты: ɵнɵрʏң болсо ɵɵргɵ чап. Ар бир жетилик ɵз ɵнɵрʏн кɵрсɵтʏшɵт,
1 – жетиликтен
2 – жетиликтен
Конкурстун 5 – шарты: 7 тест
_________-жетилик командасы
Математикада кайсы чоңдук Х тамгасы менен белгиленет?
А) амалкɵй
Б) жашыруун
В) белгисиз
Г) каалагандай
2. Теңдеме деген эмне?
А) пирогду барабар бɵлʏккɵ бɵлʏʏ;
Б) белгисизи бар барабардык;
В) тараза таштары менен;
Г) кандай айырмасы бар сан;
3.Теңдемени чыгаруу-демек...
А) аны китептен издɵɵ;
Б) аны кошунадан табуу;
В) анын бутактарын табу;
Г) анын тамырларын табуу;
4. Коэффициент деген бул...
А) кɵп болсо андан жакшы
Б) белгисиз сан;
В) өзгөрмөнүн алдындагы сан;
Г) туюнтма;
5. Теңдеменин тамырларын тапкыла: 40*1,3-0,4*25=?
а) 42 б) 200
в) 1000
г) 8778
6. Белгисиздерди белгилɵɵ ʏчʏн кайсы алфавит колдонулат?
А) орус д) грек
Б) англис
В) латын
Г) мумба-юмба
7. . Калонкаларды салыштыр
4/21
3/7
Конкурстун 6-шарты: 7 суроо –жооп
Ар бир жетиликке 7 ден суроо берилет.
Биринчи жетиликке:
Жɵнɵкɵй кɵп бурчтук (тетраедр)үч бурчтук
Пифагордун теоремасы кантип окулат?
Эки катыштын барабардыгы. (пропорция)
Бир мʏчɵлɵрдʏн суммасы. (кɵп мʏчɵ)
Эң кичине натуралдык сан. (1)
Мектептин математикалык таблицасынын автору. (Брадис, Жохов)
Математика бардык илимдердин падышасы, математиканын падышасы кайсы илим? (арифметика)
Экинчи жетиликке:
Бурчту тең экиге бɵлгɵн шоола.(биссектриса)
Далилдɵɵнʏ талап кылбаган математикалык сʏйлɵм. (аксиома)
Орус математиги – корабль куруучу. (Крылов)
Кɵз каранды эмес ɵзгɵрмɵнʏн башкача аталышы. (аргумент)
ʏч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы. (180)
Туура тɵрт бурчтук. (квадрат)
“Математика акылды тартипке келтирет” – деген сɵз улуу математиктердин кимисине тиешелʏʏ. (Ломоносов)
Конкурстун 7-шарты: биринчи тапкан командага
Бул каттагы информация төмөнкүдөй коддолгон. Тамгалар өзүнөн мурун келген тамгалардын ордуна туруп калган. Мисалы: а-б, б-в, ю-я.
Бтлбс Блбёг-Аскар Акаев. Кыргыз Физик окумуштуу.
рйхбдөс-Пифагор-грек математик окумуштуу.
Үй тапшырма: Ушул окумуштуулар биздин жашообузга керек болгон кайсы ачылыштарды ойлоп тапканын билип алгыла.
Сɵз кезегин калыстар тобуна берип , жыйынтыгында _1-жетилик жеңишке ээ болгонун билдирди.
Мугалим: Урматтуу эжекелер,окуучулар интеграциялык конкурстун жети шарты аткарылып бʏттʏ . ”КЫДЫР” деген номинацияга 1-жетилик татыктуу болду. 2-жетиликке дагы ийгиликтерди каалайбыз.
Экрандагы 7 атаны бардыгыбыз чогуу окуйбуз:
1.Ата 2.Чоң ата 3.Баба 4.Буба 5.Куба 6.жото 7.Жете.
7 атабыздын арбагы колдосун деген ниетте конкурсту аяктайлы.
Ата Бала, небере. чөбөрө Чебере, чыбыра кыбыра
Бтлбс Блбёг
Рйхбдөс
Конкурстун жыйынтыгы
№ | | 1-жетилик | 2-жетилик |
1 | Саламдашуу | | |
2 | 7 санына бет ачаар | | |
3 | Сандар катышкан макал лакаптар, накыл сөздөр | | |
4 | Өнөрүң болсо өргө чап | | |
5 | 7 тест | | |
6 | 7 суроо жооп | | |
7 | (Адашкан тамгалар) Катылган маалыматты табуу | | |
| Жыйынтык: | | |
12