Сабактын темасы : Тактооч Мугалим : Жумабекова Н.Д
Сабактын темасы: Тактооч Сабактын максаты:
- Тактооч сөз түркүмү жөнүндө маалымат аласыңар.Тактоочтун түрлөрү жана түзүлүшү о.э тактоочтордун кантип жасала тургандыгын билесиңер
- Көнүгүүлөрдү аткаруу аркылуу сөздүк запасыңар байыйт. Байланыштуу кебиңерди өстүрөсүңөр.
Тактооч кыймыл - аракеттин ар түрдүү кырдаалын : сын –сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун,мезгилин көрсөтүп, кандай ?кантип? канча ?кайда? кайдан?деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү тактооч деп аталат.
Тактооч качан?, кантип? кайсы убакта? кайда? канча? нече? качантан бери? деген суроолорго жооп берет.
М:Дайыма,мурда,көп,мол,тез, бат ж.б
Тактоочтун түрлөрү
Мезгил тактооч
Орун тактооч
Сын-сыпат
Сан-өлчөм
М:Бүгүн,эртең,кечээ, кундүз, түштө кечинде, жайында , кийин ж.б
Жогору, төмөн, өйдө, алыс, жакын,алыс, ыраак, ылдый, алыстан ж.б
Жай ылдам,тез,бат, жөө жалаң, соо саламат, бетме-бет,араң,зорг о
көп-аз,ашык, кем, мол,анча-мынча, ошончо,аз-маз болушунча ушунча ж.б
Апам түштө келет.
Тактооч түзүлүшүнө карай экиге бөлүнөт.
Жөнөкөй тактооч
Татаал тактооч эки же андан ашык сөздөн турган тактооч татаал тактооч деп аталат .
Бир сөздөн турган тактооч
М: Илгери-илгери, өйдө – төмөн , эртели- кеч, ары-бери , Ж, Б.
жөнокөй тактооч деп аталат.
М: бүгүн, эртең көп, жакында ж.б
1-көнүгүүнү өз алдыңарча аткаргыла
2-көнүгүү
Тактооч деп кандай сөз түркүмүн айтабыз?
Тактооч кыймыл -аракеттин кандай кырдаалын билдирет?
Тактоочтун кандай түрлөрү бар?
Тактооч түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт?
Татаал тактоочтор кандай жазылат?
Таблицаны дептериңерге көчүрүп толтургула
сүйлөм
тактоочтор
тактоочтор
Этиштер
Сөз айкашы
Жакшы
окуйт
Жакшы окуйт
Биздин класста Арсен жакшы окуйт
Илгери-илгери
Көп
Бүгүн\
Үй тапшырма
1.Эрежени жаттоо
2. Тактоочтун түрлөрүнө кластер түзгүлө
3.Ар бирине бирден сүйлөм түзгүлө
4. Тестке даярдан
Көңүл бурганыңарга рахмат!