И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУ
ПЕДАГОГИКА ИНСТИТУТУ
РЕФЕРАТ
Тема:Тактооч сөз түркүмү.
Аткарган: Кутушева Ш.
Текшерген:Акунова А.Р
БИШКЕК-2007
ТАКТООЧ
Тактоочтун грамматикалык категориялары.
Тактооч өзїнчө сөз тїркїмї катары тїркология илиминде, анын ичинде кыргыз тил илиминде да жетиштїї денгээлде изилденген. Кыргыз тили илиминин башатында турган кызыл профессор К.Тыныстановдун окуу китебинде тактооч деген сөз тїркїмї катталган эмес. Кээ бир окумуштуулар тактооч өз алдынча сөз тїркїмїн тїзөт дешсе, кээ бирлери тактооч сөздөрдїн бир бөлїгїн сын атоочко, бир бөлїгїн зат атоочко кошуп келишкен.Тактоочтун башка сөз тїркїмїнөн болгон айырмасын ачып, өзїнчө сөз тїркїмї экендигин окумуштуу С.Давлетов "Тактоочтор" (1960) деген эмгегинде далилдеген.
Кыймыл-аракеттин ар тїрдїї кырдаалын (ордун, мезгилин, себебин, максатын, сан - өлчөмїн, сын - сыпатын) көрсөтїп, сїйлөмдө көбїнчө этиш сөздөр менен айкашып келип бышыктоочтук милдет аткарган сөздөр тактоочтор деп аталат.
Ал сөз тїркїмїнїн ичинен сын атоочко эн эле жакын турат, сын атооч сыяктуу бир катар тактоочтор белгини көрсөтїп, кандай? деген суроого жооп болуп тїшө алат. Мисалы:
Терен дарыя тынч агат.
Эрте ысыган бат муздайт.
Бөксө чайнек бат кайнайт.
Ушул жерден сын-сыпат тактооч менен сын атооч окшош десек болот. Анткени їчөөнө тен эле кандай? деген суроо берилип жатат. Муну менен биз эки нерсени тїшїнїшїбїз керек. Тактооч дайыма этиштин ар тїрдїї кырдаалын ачык көрсөтөрїн, сын атооч зат атоочтон мурда келип, заттын ар тїрдїї белгилерин көрсөтөрїн ажыратабыз. Муну жогорудагы макал-ылакаптардан бир эле сїйлөм ичинде далилдесек болот. 1- сїйлдөмдөгї терен, тынч деген сөздөрдїн экөөнө тен кандай? деген суроо берилди. Бул окшоштугу. Ал эми айырмачылыгы терен - сын атооч, себеби заттын (дарыянын) белгисин ачып көрсөтсө, тынч – тактооч, себеби этиштин сын – сыпатын (дарыянын кандай агаарын) билгизди.
Тактоочтор башка сөз тїркїмїнөн төмөнкї белгилери менен айырмаланат:
Кыймыл - аракеттин ар тїрдїї кырдаалын (ордун, мезгилин, себебин, максатын, сан -өлчөмїн, сын-сыпатын) билгизип, маани жактан абстрактуу келет.
Морфологиялык жактан тактоочтун өзїнө гана тиешелїї куранды мїчөлөрї бар. Алар:
- ча: бала + ча – балача;
адам + ча = адамча;
-лап: эрте + лап = эртелеп;
кїн + лап = кїндөп;
тїн + лап = тїндөп.
Синтаксистик жактан этиш сөздөр менен айкашып келип, сїйлөм тизмегинде бышыктоочтук милдет аткарат.
Мына ушул їч белги тактоочту өзїнчє сөз тїркїмїн кылып турат. Тактоочтор лексика-грамматикалык маанилерине карай экиге бөлїнөт:
1. Бышыктагыч тактоочтор.
2. Аныктагыч тактоочтор.
Бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин боло турган мезгилин, өтө турган ордун, болуш себебин, же максатын көрсөтїп, өз ара бир нече топко бөлїнөт.
Мезгил тактоочтор.
Кыймыл-аракеттин боло турган учурун, мезгилин көрсөтїп, Качан? Качантан бери? Кайсы кезде? Качанга чейин? деген суроолорго жооп берет.
Мезгил бышыктагыч тактоочторго негизинен төмөнкї сөздөр кирет: азыр, анан, ар дайым, ар качан, ар убак, бїгїн, кез-кезде, эртен, эртели-кеч, жайды - жайлай, кышты-кыштай, мурун, кийин ж.б. Мисалы: Мурунку чыккан кулактан, кийинки чыккан мїйїз өтїптїр.
Орун тактоочтор.
Кыймыл-аракеттин боло турган ордун, багыттын көрсөтөт да кайсы? Кайда? Кайсы жактан, кайсы жакка? деген суроолорго жооп берет. Алга, артка, алды-артына, ары-бери, илгери, жогору, төмөн, анда-мында, ушунда ж.б.тактоочтор кирет. Мисалы:
Алда кайдан кербен тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрїндөй чубашкан.
Себеп жана максат тактоочтор.
Кыргыз тилинде сан жагынан өтө аз. Буларга: аргасыздан, атайын, эрксизден деген саналуу сөздөр кирет. Мисалы:
Атайлап тїшїнбөгөн киши болуп жер карады.
Себеп жана максат бышыктагыч тактоочтор сын-сыпаттык маанилерге да ээ болушат. Мисалы:
Аяктуу сөзгө аргасыз жооп кайтарат.
Аргасыз деген сын-сыпат тактооч, кандай? деген суроо берилди. Бышыктоочтун милдеттин аткарды.
Аныктагыч тактоочтор.
Мындай тактоочтор кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, сан -өлчөмїн билдирип, өз ара бир нече топко бөлїнөт.
Сын-сыпат аныктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин ар тїрдїї сапаттык жагынан өзгөчөлїгїн кандай ык менен ишке ашырыларын, белгисин көрсөтїп кандай? кантип? кандайча? кимче? эмнече? деген суроолорго жооп берет: акырын, аста, адамча, айбанча, тымызын, тез, дароо, бат, ылдам, жай, бирге, бетме-бет, оозмо-ооз, каадасынча, мурункусунча, өзїнчө, көзїнчө, менчилеп, сенчилеп ж.б. сөздөр кирет. Мисалы:
Дїйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Тїлөбердиев өз элин коргоп баатырларча курман болду.
( Баатырлар - зат атооч, -ча мїчөсї уланып тактооч болду да, кантип? деген суроого жооп берди. Сїйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарды.)
Эпосто баатырлардын аттары адамча сїйлөйт.
( Адам - зат атооч, -ча мїчөсї уланып, сын-сыпат тактооч болду да, кандайча? деген суроо берилди. Сїйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарды.)
Сан-өлчөм аныкталгыч тактоочтор кыймыл аракеттин сан-өлчөм жактан өзгөчөлїгїн билдирип, канча? нече? канчалык? канчалап? нечелеп? деген суроолорго жооп берет: барынча, болушунча, жетишинче, жапырт, аз - маз, ушунчалык, ошончолук, аз-аздан, саал-паал, бир-бирден, көп-көптөн ж.б. сөздөр кирет. Мисалы:
Камка кары анча шашпайт.
(Анча деген сан-өлчөм тактооч болду да, кандай? деген суроого жооп берди. Сїйлөмдө бышыктоочтун милдеттин аткарды.)
Тактоочтордун
морфологиялык жол менен жасалышы
Негизге сөз жасоочу мїчө жалгоо аркылуу жасалган тактоочтор морфологиялык жол менен жасалган тактоочторго жатат. Кайсы сөз тїркїмїнөн жасалгандыгына карай өз ичинен бир нече топко бөлїнїшөт.
1. Зат атоочтон жасалган тактоочтор. Мындай тактоочторду жасоодо төмөнкї мїчөлөр колдонулат:
-ча: бул мїчө кыргыз тилинде гана эмес, башка турк тилдеринде да тактоочту жасоочу өнїмдїї мїчө. Анын жардамы менен зат атоочтон жасалган тактоочтор кандайдыр бир нерсенин кыймыл-аракетин негиз аркылуу туюндурулган нерсенин кыймыл-аракетине окшоштуруп билгизет: жолборсчо качырды, бїркїтчө шаншыды.
-лап: бул мїчөнїн жалганышы менен жасалган тактоочтор сыртынан караганда -ла жана -ып мїчөсї уланган этиштерге окшоп кетет. Мисалы: Экөөлөп, кооздоп деген сөздөр -ып формасындагы чакчылдар. Ал эми айлап - жылдап деген сөздөр -лап мїчөсї аркылуу жасалган тактоочтор. -лап мїчөсї аркылуу мезгилдик маанидеги зат атоочтон жасалган тактоочтор кыймыл-аракеттин болуш, канчалык созулуш мезгилин билгизет: кїндөп, тїндөп, айлап, жылдап ж.б.
-чылап: мїчөсї зат атоочторго негиз аркылуу туюндурулган заттын кыймыл-аракетине окшоштуруларын салыштырып билгизет.
-лай мїчөсї аркылуу жасалган тактоочтор көбїнчө кыймыл-аракеттин канча мезгилге чейин созулушун билгизет: кїздөй, жаздай, жайдай, кїздї-кїздөй, жайды-жайлай ж.б. Мисалы:
Жайды-жайлай ырдады, ийнелик жаны тынбады.
(Жайды-жайлай деген тактооч болду да, бышыктоочтук милдет аткарды. Кантип? деген суроо берди.)
-лата деген мїчө зат атоочко уланып да, сын атоочко уланып да тактооч жасайт: жаздaтa, кїздөтө, кыштата. (Бул жерде жаз, кїз, кыш зат атооч сөздөргө -лата мїчөсї уланып тактооч жасалды.) Мисалы:
Кымыз куюлду. Улуулата сунулду.
(Улуу - зат атооч, -лата мїчөсї уланып тактооч болду. Сїйлөмдө бышыктоочтун милдеттин аткарат да, кандай? же кантип? деген суроо берилет.)
Тактоочтун даражалары.
Тактоочтун сын атоочко окшоштугу даража категориясынан да байкалат. Даража категориясы сын атоочто бир кыйла өнїккөн болсо, тактоочто анча өнїккөн эмес. Анын їстїнө тактоочтун даражалары адатта кыймыл-аракетке тиешелїї болот. И.Абдувалиев өзїнїн эмгегинде тактоочтун даражалары жөнїндө атайын токтолгон эмес. Ошондой болсо да азыркы кыргыз тилинде тактоочтун төмөнкїдөй даражалары бар экендиги байкалат:
1. Жай даража.
2. Салыштырма даража.
3. Кїчөтмө даража. (6, 199-б.)
Жай даражанын өзїнө гана тиешелїї атайын тил каражаттары жок. Мына ушул белги аркылуу калган даражалардан айырмаланат. Демек, тактоочтордун жай даражасы сын атоочтун жай даражасы сыяктуу эле ноль формасында турат жана калган даражалардын жасалышына негиз болот. Бул даражаларда көбїнчө сын-сыпаттык, орун-аралык маанидеги бир катар тактоочтор турат.. Алар кыймыл-аракетке мїнөздїї болгон белгини кадимки норма катары туюндурат: тез, ылдам, ыкчам, жай, нары, бери, эрте, кеч ж.б. Мисалы:
Жаш єспїрїмдөр адатта тез чоноюп, ар нерсени ыкчам сезишет.
(Тез, ыкчам деген тактоочторго кандай? деген суроо берилет, жай даража болуп саналат.)
Салыштырма даража кыймыл-аракеттин белгиси нормалдуу белгиге караганда айырмалуу экендигин билгизет. Тактооч да сын атоочтун салыштырма даражасы сыяктуу -ыраак мїчөсї менен жасалат. Мисалы:
Азыраак сїйлөп, көп тынша.
Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт,
Азаматтын жакшысы азыраак сїйлөп, көп тыншайт.
Бул китеп дептерден чонураак.
Салыштырма даражасын бир аз кїчтїї же кїчсїз экендигинин маанисин дагы айкыныраак туюндуруу їчїн саал, анча-мынча, жана деген сыяктуу сөздөрдї колдонууга болот. Мисалы:
Ал киши саал нарыраак басты да, колундагы кагазга дагы бир жолу көз чаптырды.
(Саал нарыраак - тактооч, кандай? деген суроо берет. Сїйлөмдө бышыктоочтун милдеттин аткарды. -ыраак мїчөсї аркылуу салыштырма тактооч уюштурулду.)
Сын атооч сыяктуу -ыраак мїчөсї да, суроосу да окшош. Айырмачылыгы сїйлөм мїчөсї катары эки башка милдет аткарышы.
Кїчөтмө даража кыймыл - аракеттин белгисин нормадагыга караганда өтө айырмалуу экендигин туюндурат да, төмөнкїдөй жолдор менен жасалат:
эн, аябай, өтө сыяктуу кїчөтмө маанидеги сөздөрдїн тактоочко айкашуусу аркылуу. Мисалы: эн ылдам, аябай бат, өтө тез, абдан кеч, аябай эрте.
бир эле тактоочту кайталап колдонуу аркылуу. Мисалы: аран-аран, зорго-зорго, тез-тез.
Мындай даража сын атоочтор сыяктуу бир эле сөздїн ар тїрдїїчө өзгөрїшї аркылуу дээрлик жасалбайт. Бир эле сєздїн кайталанып колдонушу аркылуу тактоочтун кїчөтмө даражасынын жасалышында дагы бир өзгөчөлїк бар. Ал алгач компоненттин чыгыш жөндөмөсїндө турушунан байкалат.
Мисалы: ачыктан-ачык, тикеден-тике, тїздөн-тїз ж.б. Ошентип даража категориясы сын атооч менен тактоочко орток болгону менен таралышы, көп же аз сөздөргө тиешелїїлїгї жана жасалыш өзгөчөлїктөрї жагынан бул эки сөз тїркїмїндө бири-биринен айырмаланып турат.
Кїчөтмө даражадагы сын атоочтор менен кїчөтмө даражадагы тактоочтордун жасалуу жолдору окшош. Башкача айтканда жогорудагыдай бөлїкчөлөр аркылуу жасалат.
Тактоочтордун
синтаксистик жол менен жасалышы.
Тутумунда экиден кем эмес тїзїїчї негизи болгон, алар жалпысынан бир маани билгизип, сїйлөмдїн бир мїчөсї болуп кызмат аткарган тактоочтор синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор деп аталат. Буларды татаал тактоочтор деп аталат. Татаал тактоочтор сын атооч сыяктуу кош жана кошмок болуп эки топко бөлїнөт.
Кош тактоочтор.
Грамматикалык касиети жагынан тактоочтун өзгөчөлїгїнө ээ болгон кош сөздөр кош тактоочтор деп аталат. Булардын компоненттеринин арасына сызыкча коюлат. Мисалы: оозмо-ооз, бетме-бет, жайды-жайлай, кышты-кыштай ж.б.
Кош тактоочторду жасалышына карата негизинен төмөнкї тїрлөргө бөлїїгө болот:
Негиздердин кайталанышы же жупталышы менен жасалган тактоочтор: бат-бат, тез-тез, ылдам-ылдам, өйде ылдый, ары-бери ж.б.
Биринчи компоненти негизги формасында туруу менен жасалган тактоочтор. Мындай типтеги тактоочтордун экинчи компоненти мейкиндик жөндөмөлөрдїн формасында болот: кез-кезде, кїндө-кїндө, анда-санда, андан-мындан ж.б.
Биринчи компонентине негиз формасында, экинчи компоненти жөндөмөлөр формасында туруу менен жасалган тактоочтор. Мындай типтеги тактоочтордун экинчи компоненти мейкиндик жөндөмөлөрдїн формасында болот: кез-кезде, аз-аздан ж.б.
Эки компоненти тен жөндөмөлөр формасында турган тактоочтор: кээде-кээде, кїндө-кїндө, анда-санда, андан-мындан ж.б.
Биринчи компонентине -ма мїчөсї жалганып, экинчи компоненти негиз тїрїндө турган тактоочтор: їймө-їй, көзмө-көз, жекеме-жеке, колмо-кол ж.б.
Кошмок тактоочтор.
Грамматикалык касиети жагынан тактоочтун белгилерине ээ болгон кошмок сөздөр кошмок тактоочтор деп аталат. Булардын компоненти өз-өзїнчө жазылат, да араларына эч белги коюлбай жазылат: алда кайда, алда качан, ар качан, эч убакта, бир кезде, бир кїнї, ар убак, ар дайым, эч кандай ж.б.
Мисалы: Эч убакта, эч качан, эч нерсе унутулбайт.
Кошмок тактоочтордун биринчи компоненттери катары көбїнчө эч, бир, ар, алда деген сөздөрї колдонулат.
Адабияттар:
Абдувалиев И., Садыков Т. Азыркы кыргыз тили. (Морфология). - Бишкек, 1997.
Абдувалиев И. Кыргыз тили. - Бишкек, 2003.
Абдулдаев Э., Давлетов С. Кыргыз тили. (Пединституттардын педагогикалык факультеттери їчїн окуу китеби). - Фрунзе, 1986.
Азыркы кыргыз тили. (Сөз тїркїмдөрї. 2-бөлїм).- Фрунзе, Кыргызмамбас,1958.
Грамматика киргизского литературного языка. (1 часть. Фонетика и морфология).- Фрунзе: 1987.
Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили. (Морфология). - Фрунзе, 1980.
Эшимбекова К. Сын атооч менен тактоочтун окшоштугу жана айырмасы.-Бишкек,2007