Просмотр содержимого документа
«Тактооч сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү»
Умтулабыз билимге,
Кызыктарбыз илимге,
Учурашып алалык,
Баарыбыз тегиз ийиле.
Көңүлдөр куунак жайдары,
Сабакты азыр баштайлы
Кыргыз тили
7-класс
Мугалими:
Мырзагелдиева Э.К.
Алтын эреже:
.
Колубузду тез-тезден самындап жууп турабыз; Үйдөн чыкпайбыз; Аралыктан өтүлгөн сабактарга активдүү катышабыз; Тапшырмаларды өз убагында аткарып жөнөтөбүз.
Сабактын
темасы:
Тактооч сөздөрдүн сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү
САБАКТЫН МАКСАТЫ: - Тактооч сөздөр маани берүүчү сөз түркүмүнө кирерин биле алышат; -Тактоочтор башка сөз түркүмүнөн эмнеси менен айырмалана тургандыгы жөөнүндө маалымат алышат.
Тактооч сөздөрдүн жазылышы
Өткөн сабакта:
55-бет
68-көнүгүү
«Биздин класс»
деген темада тактооч сөздөрдү пайдаланып, дилбаян жебаяндама жазгыла.
Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалдарын (орундук, мезгилдик, себеп, максат, сан-өлчөм, сын-сыпат кырдаалдарын) көрсөтүп, сүйлөмдө көбүнчө этиш сөздөр менен айкашып келип бышыктоочтук милдет аткарган сөздөр тактоочтор деп аталат.
Алар: качан? кайсы? кайда? канча? кантип? кандай? деген сыяктуу суроолорго жооп берет.
Мисалы : Анаран баласына жаңы көйнөктү кийгизип жатканда тыштан Дарыяхан акырын кирип келди .
Тактооч сөздөрдүн маанилери адатта абстрактуу болот. Анкени алар этиш сөздөрдүн түрдүү белгилерин, касиеттерин же орундук жана мезгилдик кырдаалдарын билдирет. Ал эми этиш сөздөр – кыймыл аракетти билдирген сөздөр, баамыбызда, акыл-эсибизде гана конкреттүү болот. Кыймыл-аракет көзгө көрүнбөйт, кыймылга келген гана зат көзгө көрүнөт. Ошентип кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалдары да биздин баамыбызда абстрактуу түүрдө таанып билинет.
Мисалы:
Бул жердеги мейманкана европалыктарча жасалгаланыптыр.
Тактоочтор башка сөз түркүмүнөн төмөнкү белгилер менен айырмаланат:
- Лексикалык жактан маанилери абстрактуу болуп, кыймыл-аракеттин, процесстин, ал-абалдын кырдаалын ( орундук, мезгилдик, себеп, максат, сан-өлчөм, сын-сыпат кырдаалдарын) билдирет.
- Морфологиялык жактан тактоочтун өзүнө гана тиешелүүкуранды (сөз жасоочу) мүчөлөрү бар. Мисалы: -ча: балача, кыргызча, -лап: эртелеп, баштыктап, сенчилеп ж.б.
- Синтаксистик жактан дайыма этиш сөздөр менен айкашып келип, сүйлөмдө көбүнчө бышыктоочтук милдет аткарат.
Тактоочтор лексика-грамматикалык маанилерине карай эки чоң тпко бөлүнөт.
- Бышыктагыч тактоочтор
- Аныктагыч тактоочтор
1. Бышыктагыч тактоочтор кыймыл-аракеттин боло турган мезгил, өтө турган орун , болуш себеп же максат кырдаалдарын көрсөтөт.
2. Аныктагыч тактоочтор кыймыл –аракеттин сын-сыпат, сан-өлчөм кырдаалдарын аныктап билдирет.
Үй тапшырма:
52-бет
61-көнүгүү
Кара тамга менен жазылган сөз эмне үчүн тактооч экенин аныктагыла?
Кийинки сабакта
Жолугушканча
саламатта
болгула