СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 18.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тактооч сөздөрдүн жасалышы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тактооч сөздөрдүн жасалышы боюнча сабактын слайды

Просмотр содержимого документа
«Тактооч сөздөрдүн жасалышы»

 Кыргыз тили  7-класс  Мугалими:  Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили 7-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

АЛТЫН ЭРЕЖЕ:  Сабакка даяр болуу Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо; Эч нерсеге алагды болбоо; Сабакка көңүл бөлүү; Өтүлгөн теманы эске тутуу

АЛТЫН ЭРЕЖЕ:

  • Сабакка даяр болуу
  • Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо;
  • Эч нерсеге алагды болбоо;
  • Сабакка көңүл бөлүү;
  • Өтүлгөн теманы эске тутуу

Билбегенди билгизген,  Мээге сезим киргизген.  Ак булуттун үстүндө,  Айга жакын жүргүзгөн.  Китеп - менин акылым,  Китеп - менин жакыным.  А.Т.

Билбегенди билгизген, Мээге сезим киргизген. Ак булуттун үстүндө, Айга жакын жүргүзгөн. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным. А.Т.

Сабактын темасы: Тактооч сөздөрдүн жазылышы

Сабактын темасы:

Тактооч

сөздөрдүн жазылышы

Сабактын максаты:  Тактооч сөздөрдүн жазылышы туурасында биле алышат; Тактоочтордун жасалышы жана бөлүнүшү туурсаында маалымат алышат; Тактоочтордун маанисине карай канчага бөлүнгөндүгү жөнүндө биле алышат.

Сабактын

максаты:

  • Тактооч сөздөрдүн жазылышы туурасында биле алышат;
  • Тактоочтордун жасалышы жана бөлүнүшү туурсаында маалымат алышат;
  • Тактоочтордун маанисине карай канчага бөлүнгөндүгү жөнүндө биле алышат.
Өткөн сабакты кайталоо:  Ой жүгүртүүнүн  мүнөздүү  белгилери  47-бет  53-көнүгүү  «Жаратылыш жан дүйнөм»  деген темада ой жүгүртүп, текст түзгүлө.

Өткөн сабакты кайталоо: Ой жүгүртүүнүн мүнөздүү белгилери 47-бет 53-көнүгүү «Жаратылыш жан дүйнөм» деген темада ой жүгүртүп, текст түзгүлө.

Жаңы тема:

Жаңы

тема:

 Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын: мезгилин, ордун, сын-сыпатын, сан-өлчөмүн көрсөтүп, морфологиялык жагынан өзгөрбөй турган, өзгөрсө да жарым-жартылай өзгөргөн сөздөр тактоочтор деп аталат. Тактоочтор: качан? кайсы убакта? кайда? кантип? кандай? канча? нече? кайдан? качантан бери? качанка чейин? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Таң эрте (качан?) жаан басылды. Кыштын камын жазда ойло. Жөжөнү күздө сана. Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөсүң кышында. Жакшы атак алыска угулат. Өнөрлүү өйдө чыгат.

Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын: мезгилин, ордун, сын-сыпатын, сан-өлчөмүн көрсөтүп, морфологиялык жагынан өзгөрбөй турган, өзгөрсө да жарым-жартылай өзгөргөн сөздөр тактоочтор деп аталат.

Тактоочтор: качан? кайсы убакта? кайда? кантип? кандай? канча? нече? кайдан? качантан бери? качанка чейин? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Таң эрте (качан?) жаан басылды. Кыштын камын жазда ойло. Жөжөнү күздө сана. Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөсүң кышында. Жакшы атак алыска угулат. Өнөрлүү өйдө чыгат.

 Тактоочтор түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал тактооч болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөй бир сөздөн, ал эми татаал тактооч эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. Мисалы: Жөнөкөй тактооч сөздөр: бүгүн, эртең, кечээ, эрте, быйыл, жайлай, жогору, төмөн, өйдө, алыс, жай, ылдам, көп, аз, ашык, кем, мынча, ошончо, ошончолук ж. б. Татаал тактооч сөздөр: Эртели-кеч, күдү-күздөй, анда-мында, өйдө-төмөн, илгери-кийин, ары-бери, соо-саламат, жөө-жалаң, жекеме-жеке, анча-мынча, аз-аздан, көп-көптөн ж. б.

Тактоочтор түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал тактооч болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөй бир сөздөн, ал эми татаал тактооч эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт.

Мисалы:

Жөнөкөй тактооч сөздөр: бүгүн, эртең, кечээ, эрте, быйыл, жайлай, жогору, төмөн, өйдө, алыс, жай, ылдам, көп, аз, ашык, кем, мынча, ошончо, ошончолук ж. б.

Татаал тактооч сөздөр: Эртели-кеч, күдү-күздөй, анда-мында, өйдө-төмөн, илгери-кийин, ары-бери, соо-саламат, жөө-жалаң, жекеме-жеке, анча-мынча, аз-аздан, көп-көптөн ж. б.

Мисалдар: Жакында, алыста, кайда, кайсы жерде жүрсөк да, Ата Мекенди, туулуп-өскөн жерди эстейбиз. Кайсы гана малчы болбосун, кышында жана эрте жазда баккан малын арыктатпай, ар убак чыгашасыз асыраса, ал алган милдеттенмесин ар дайым жеңил аткарууга негиз түзөт. Эртели-кеч кеп урса, эрикпейт да, зерикпейт. Эрте туруп, иш кылсаң, элден ишиң бат бүтөт. Айылдык жаштардын мектептериндеги сабактар күндүз да, кечинде да уюштурулушу мүмкүн. Кийин , мен эс тартканда, ал жылкычы болуп кеткен. Жылдан-жылга замана, кыйын чыгат ошондо. Улам кийинки кадамы акыркы марасы болуп баратты, азыр. Эртели-кеч байкайын, жакшы жигит көрдүм деп, ата-энеме айтайын.

Мисалдар:

Жакында, алыста, кайда, кайсы жерде жүрсөк да, Ата Мекенди, туулуп-өскөн жерди эстейбиз.

Кайсы гана малчы болбосун, кышында жана эрте жазда баккан малын арыктатпай, ар убак чыгашасыз асыраса, ал алган милдеттенмесин ар дайым жеңил аткарууга негиз түзөт.

Эртели-кеч кеп урса, эрикпейт да, зерикпейт.

Эрте туруп, иш кылсаң, элден ишиң бат бүтөт.

Айылдык жаштардын мектептериндеги сабактар күндүз да, кечинде да уюштурулушу мүмкүн.

Кийин , мен эс тартканда, ал жылкычы болуп кеткен.

Жылдан-жылга замана, кыйын чыгат ошондо.

Улам кийинки кадамы акыркы марасы болуп баратты, азыр.

Эртели-кеч байкайын, жакшы жигит көрдүм деп, ата-энеме айтайын.

 Тактоочтор көбүнчө этишке тиешелүү болуп айтылып, сүйлөм тизмегинде бышыктоочтук милдет аткарат. Мисалы:  Карылык ылдый тартат, жаштык өйдө тартат. Жай жүрсөң, алыс барасың.  Нурбай жогору жүгүрөт, аюу төмөн чуркайт. Мира немисче сүйлөсө, Акай англисче сүйлөйт.

Тактоочтор көбүнчө этишке тиешелүү болуп айтылып, сүйлөм тизмегинде бышыктоочтук милдет аткарат. Мисалы:

Карылык ылдый тартат, жаштык өйдө тартат.

Жай жүрсөң, алыс барасың.

Нурбай жогору жүгүрөт, аюу төмөн чуркайт.

Мира немисче сүйлөсө, Акай англисче сүйлөйт.

 Жөнөкөй тактоочтун жасалышына карай бөлүнүшү  Жөнөкөй тактоочтор тубаса жана туунду тактооч болуп, эки топко бөлүнөт. Тубаса тактоочтор дайыма уңгу түрүндө турат. Ага төмөндөгүдөй сөздөр кирет: Таблица №1, Туунду тактоочтун сөздөрү Тубаса тактоочтор кеч, эрте, азыр, небак, дайыма, эми, кечээ, кийнн, жана, мурун, улам, ылдам, жай, бат, араң, зорго, кайра, дароо, ашык, кем, жалгыз ж. б. Тубаса тактоочтор этиш сөздөр менен айкашып айтылат Келди, окуду, барган, алды, иштөөдө, алып келет, келиптир, барчу ж.б.

Жөнөкөй тактоочтун жасалышына карай бөлүнүшү

Жөнөкөй тактоочтор тубаса жана туунду тактооч болуп, эки топко бөлүнөт. Тубаса тактоочтор дайыма уңгу түрүндө турат. Ага төмөндөгүдөй сөздөр кирет:

Таблица №1, Туунду тактоочтун сөздөрү

Тубаса тактоочтор

кеч, эрте, азыр, небак, дайыма, эми, кечээ, кийнн, жана, мурун, улам, ылдам, жай, бат, араң, зорго, кайра, дароо, ашык, кем, жалгыз ж. б.

Тубаса тактоочтор этиш сөздөр менен айкашып айтылат

Келди, окуду, барган, алды, иштөөдө, алып келет, келиптир, барчу ж.б.

 Туунду тактоочтор морфологиялык жол менен сөз мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу жасалат.  Туунду тактоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы  Туунду тактоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен зат атоочтон, сын атоочтон, ат атоочтон, сан атоочтон жана тактоочтун өзүнөн жасалат.

Туунду тактоочтор морфологиялык жол менен сөз мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу жасалат.

Туунду тактоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы

Туунду тактоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен зат атоочтон, сын атоочтон, ат атоочтон, сан атоочтон жана тактоочтун өзүнөн жасалат.

Таблица №2, Туунду тактоочтун морфологиялык жол менен жасалуудагы мүчөлөрү

Таблица №2, Туунду тактоочтун морфологиялык жол менен жасалуудагы мүчөлөрү

Мезгил тактооч  Орун тактооч Сын-сыпат тактооч  Сан-өлчөм тактооч
  • Мезгил тактооч
  • Орун тактооч
  • Сын-сыпат тактооч
  • Сан-өлчөм тактооч

Тактоочтордун жазылышы  Жөнөкөй тактоочтор бир гана сөздөн түзүлөт. Эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлгөн татаал тактоочтор төмөндөгүдөй жазылат: 1.Карама-каршы маанидеги кош сөз катарында айтылган тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: ары-бери, бүгүн-эртең, өйдө-төмөн, аздыр-көптүр, жай-ылдам, эртели-кеч, күндөп-түндөп. 2.Уңгу түрүндө кайталанган жана айрым мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кайталанып айтылган татаал тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: бат-бат, тез-тез, кээ-кээде, кез-кезде, аз-аздан, бетме-бет, ылдам-ылдам. 3.Кошмок сөз катарында айтылган тактоочтор арасында эч кандай белги коюлбай, ар башка жазылат. Мисалы: ар качан, ар дайым, ар убакта, ар күнү, бир кезде, бир маалда, бир паска, ар жылы, эч убакта. 4.Сын атоочтун -ыраак мүчөсү уланган тактоочтор созулуп айтылышынча (-ыраак) жазылат: кечирээк, эртерээк, жанараак, ананыраак, эмирээк, жогорураак, төмөнүрөөк, өйдөрөөк, алысыраак, жакыныраак, көбүрөөк, азыраак, батыраак, ашыгыраак.

Тактоочтордун жазылышы

Жөнөкөй тактоочтор бир гана сөздөн түзүлөт. Эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлгөн татаал тактоочтор төмөндөгүдөй жазылат:

1.Карама-каршы маанидеги кош сөз катарында айтылган тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: ары-бери, бүгүн-эртең, өйдө-төмөн, аздыр-көптүр, жай-ылдам, эртели-кеч, күндөп-түндөп.

2.Уңгу түрүндө кайталанган жана айрым мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кайталанып айтылган татаал тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: бат-бат, тез-тез, кээ-кээде, кез-кезде, аз-аздан, бетме-бет, ылдам-ылдам.

3.Кошмок сөз катарында айтылган тактоочтор арасында эч кандай белги коюлбай, ар башка жазылат. Мисалы: ар качан, ар дайым, ар убакта, ар күнү, бир кезде, бир маалда, бир паска, ар жылы, эч убакта.

4.Сын атоочтун -ыраак мүчөсү уланган тактоочтор созулуп айтылышынча (-ыраак) жазылат: кечирээк, эртерээк, жанараак, ананыраак, эмирээк, жогорураак, төмөнүрөөк, өйдөрөөк, алысыраак, жакыныраак, көбүрөөк, азыраак, батыраак, ашыгыраак.

Тактоочко морфологиялык талдоо жүргүзүүнүн тартиби: Сүйлөмдөгү тактоочторду таап, эмне үчүн тактооч экендигин аныктоо, эрежесин түшүндүрүү; Тактоочтун тубаса же туунду түрүндө экенин далилдөө; Мааниси жагынан кайсы тактооч экенин таап, ага кандай суроолор берилерин аныктоо, эрежелерин айтып берүү; Тактоочту түзүлүшүнө карай ажыратуу (жөнөкөй, татаал); Кайсы мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кандай сөз түркүмдөрүнөн түзүлгөндүгүн табуу; Тактоочтун жазуу эрежелерин (орфографиясын) түшүндүрүү ж. б.  Кермекаш быйыл жайды-жайлай көбүрөөк иштеп, эгинден ушунчалык түшүмдү мол алды.

Тактоочко морфологиялык талдоо жүргүзүүнүн тартиби:

Сүйлөмдөгү тактоочторду таап, эмне үчүн тактооч экендигин аныктоо, эрежесин түшүндүрүү;

Тактоочтун тубаса же туунду түрүндө экенин далилдөө;

Мааниси жагынан кайсы тактооч экенин таап, ага кандай суроолор берилерин аныктоо, эрежелерин айтып берүү;

Тактоочту түзүлүшүнө карай ажыратуу (жөнөкөй, татаал);

Кайсы мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кандай сөз түркүмдөрүнөн түзүлгөндүгүн табуу;

Тактоочтун жазуу эрежелерин (орфографиясын) түшүндүрүү ж. б.

Кермекаш быйыл жайды-жайлай көбүрөөк иштеп, эгинден ушунчалык түшүмдү мол алды.

Оозеки талдоонун үлгүсү  Бул сүйлөмдөгү быйыл деген сөз - тактооч. Тактооч деп, кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирип турган сөздөрдү айтабыз. Мезгил тактооч кыймыл-аракеттин мезгилин көрсөтүп, качан? деген суроого жооп берди. Бул жыл деген эки сөздөн бириккен, составы боюнча жөнөкөй сөз. Жайды-жайлай бул дагы качан? деген суроого жооп берди, мааниси боюнча мезгил тактооч, түзүлүшү боюнча татаал, жай деген зат атооч сөздөрдөн түзүлдү, кош сөз катарында арасында дефис коюлуп жазылат. Уңгусу — жай, мүчөлөрү -ды, -ла, -и. Көбүрөөк — уңгусу — көп, канча? деген суроого жооп берет. Сан-өлчөм тактооч, себеби кыймыл-аракеттин санын, өлчөмүн билдирди; уңгусу — көп, мүчөсү — ыраак, буга -ыраак мүчөсү уланды. Ушунчалык — ушу(л) деген ат атоочтон түзүлдү, уңгусу — ушу(л), мүчөлөрү — ча, -лык; канчалык? деген суроого жооп берет. Мол — сан-өлчөм тактооч, канча? деген суроого жооп берди, уңгу түрдө турат. Жазуу жүзүндөгү талдоонун үлгүсү  Быйыл, жай//ды-жай//ла//й, мол.

Оозеки талдоонун үлгүсү

Бул сүйлөмдөгү быйыл деген сөз - тактооч. Тактооч деп, кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирип турган сөздөрдү айтабыз. Мезгил тактооч кыймыл-аракеттин мезгилин көрсөтүп, качан? деген суроого жооп берди. Бул жыл деген эки сөздөн бириккен, составы боюнча жөнөкөй сөз. Жайды-жайлай бул дагы качан? деген суроого жооп берди, мааниси боюнча мезгил тактооч, түзүлүшү боюнча татаал, жай деген зат атооч сөздөрдөн түзүлдү, кош сөз катарында арасында дефис коюлуп жазылат. Уңгусу — жай, мүчөлөрү -ды, -ла, -и.

Көбүрөөк — уңгусу — көп, канча? деген суроого жооп берет. Сан-өлчөм тактооч, себеби кыймыл-аракеттин санын, өлчөмүн билдирди; уңгусу — көп, мүчөсү — ыраак, буга -ыраак мүчөсү уланды.

Ушунчалык — ушу(л) деген ат атоочтон түзүлдү, уңгусу — ушу(л), мүчөлөрү — ча, -лык; канчалык? деген суроого жооп берет.

Мол — сан-өлчөм тактооч, канча? деген суроого жооп берди, уңгу түрдө турат.

Жазуу жүзүндөгү талдоонун үлгүсү

Быйыл, жай//ды-жай//ла//й, мол.

Бышыктоо:

Бышыктоо:

48-бет 54-көнүгүү  Алган билимди алгачкы жолу бышыктоо көнүгүүсү. Төмөндөгү сүйлөмдөрдү окуп чыгып, кара тамга менен жазылган сөздөрдү кандай суроого жооп берерин аныктагыла жана кыймыл- аракеттин эмнесин билдирип турганын тапкыла. Мисалы: Кара киши, картаң ат-экөө кара жолдо жай баратты

48-бет

54-көнүгүү

Алган билимди алгачкы жолу бышыктоо көнүгүүсү.

Төмөндөгү сүйлөмдөрдү окуп чыгып, кара тамга менен жазылган сөздөрдү кандай суроого жооп берерин аныктагыла жана кыймыл- аракеттин эмнесин билдирип турганын тапкыла.

Мисалы: Кара киши, картаң ат-экөө кара жолдо жай баратты

Жыйынтыктоо: Жөнөкөй тактоочтун жасалышы канчага бөлүнөт? Тактоочтор маанисине карай канчага бөлүнөт? Тактооч сөздөр кантип жазылат?

Жыйынтыктоо:

Жөнөкөй тактоочтун жасалышы канчага бөлүнөт?

Тактоочтор маанисине карай канчага бөлүнөт?

Тактооч сөздөр кантип жазылат?

Үй тапшырма: 55-бет 68-көнүгүү «Биздин класс» деген темада тактооч сөздөрдү пайдаланып  баяндама же дилбаян жазгыла.

Үй тапшырма:

55-бет

68-көнүгүү

«Биздин класс»

деген темада

тактооч сөздөрдү пайдаланып

баяндама же дилбаян жазгыла.

Кийинки сабакта байланышканча   саламатта болгула!

Кийинки сабакта байланышканча саламатта болгула!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Поделитесь с друзьями
ВКонтактеОдноклассникиTwitterМой МирLiveJournalGoogle PlusЯндекс