Просмотр содержимого документа
«Тактооч сөздөрдүн жазылышы»
Кыргыз тили 7-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
АЛТЫН ЭРЕЖЕ:
- Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо;
- Эч нерсеге алагды болбоо;
- Сабакка көңүл бөлүү;
- Өтүлгөн теманы эске тутуу
Билбегенди билгизген, Мээге сезим киргизген. Ак булуттун үстүндө, Айга жакын жүргүзгөн. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным. А.Т.
Сабактын темасы:
Тактооч
сөздөрдүн жазылышы
Сабактын
максаты:
- Тактооч сөздөрдүн жазылышы туурасында биле алышат;
- Тактоочтордун жасалышы жана бөлүнүшү туурсаында маалымат алышат;
- Тактоочтордун маанисине карай канчага бөлүнгөндүгү жөнүндө биле алышат.
Өткөн сабакты кайталоо: Сан-өлөчөм тактооч 88-көнүгүү Өзүңөр көнүгүүдөгү тактооч сөздөрдү таап, аны катыштырып сүйлөм түзгүлө.
Жаңы
тема:
Бештин айынын он алтысы.
Тактоочтордун жазылышы.
Жөнөкөй тактоочтор бир гана сөздөн түзүлөт. Эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлгөн татаал тактоочтор бир канча жол менен жазылат:
1.Карама-каршы маанидеги кош сөз катарында айтылган тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: ары-бери, бүгүн-эртең, өйдө-төмөн, аздыр-көптүр, жай-ылдам, эртели-кеч, күндөп-түндөп.
2.Уңгу түрүндө кайталанган жана айрым мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кайталанып айтылган татаал тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: бат-бат, тез-тез, кээ-кээде, кез-кезде, аз-аздан, бетме-бет, ылдам-ылдам.
3.Кошмок сөз катарында айтылган тактоочтор арасында эч кандай белги коюлбай, ар башка жазылат. Мисалы: ар качан, ар дайым, ар убакта, ар күнү, бир кезде, бир маалда, бир паска, ар жылы, эч убакта.
4.Сын атоочтун -ыраак мүчөсү уланган тактоочтор созулуп айтылышынча (-ыраак) жазылат: кечирээк, эртерээк, жанараак, ананыраак, эмирээк, жогорураак, төмөнүрөөк, өйдөрөөк, алысыраак, жакыныраак, көбүрөөк, азыраак, батыраак, ашыгыраак.
Бышыктоо:
92-көнүгүү
Төмөнкү тактоочторго сын атоочтун –ыраак мүчөсүн улап, көчүрүп жазгыла жана ошол сөздөргө сүйлөм түзгүлө.
Көп, аз, кем, акырын, эрте, эми, бат, кеч, жакшы, кызыл, ак.
Үлгү: Көп-көбүрөөк. Асан жыл ичинде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгүнө байланыштуу, анын эс алуусу көбүрөөк.
Кийинки сабакта байланышканча саламатта болгула!