Просмотр содержимого документа
«Тамеки өмүр душманы»
Тамеки чегүү ден соолукка зыян
Даярдаган: Канатбек к Б.
Тамекинин келип чыгуу тарыхы -1492-жыл Кристофор Колумб тарабынан тамеки алып келинген. -1585-жыл тамеки Россияга келген -1899-жылы Кыргызстанга келген. -1950-жылы Батыш Европадан буткул дуйного тараган -1924-жыл СССРде жана Кыргызстанда тамеки остуруу колго алынган.
Тамеки чегүү
- Көбүнчө өспүрүмдөрдө чоңдорду тууроодон калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат — никотиндин бир аз дүүлүктүрүүчү касиетке ээ болгондугу да түрткү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитүүчү таасири бар, интеллектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошоңдотот.
Кызыктуу фактылар
Тамекини орточо тарткан адам бир жыл ичинде болжол менен 300 жолу рентгенге тартылганда алган нурланууну алат. Бул тамекинин түтүнүндө радиоактивдүү изотоптордун болгондугу менен түшүндүрүлөт.
Таасири
Стимулдаштыруу натыйжасына жетүү үчүн ден соолукка зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чегүүгө туура келет. Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет, натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн ( башы ооруп , оозу кургайт, уйкусу бузулат жана башкалар). Тамекини узак убакыт чегүүдөн никотинге көнүп алат, абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат.
Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр системасынын , дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын, коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн тамеки чегүү коркунучтуу
Кызыктар жана фактылар -5 тамекиден чыккан никотин коенду олтурот. -100 тамекиден чыккан никотин жылкыны олтурот.
Кызыктуу фактылар
Кытай рекордтордо
Кытайда орточо 300 млн тамеки чегүүчү адам бар, бул жыл сайын 1,7 триллион тамеки чегет деген сөз.
- Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе, жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3—5 эсе көп болот. Ичеги-карынында жара бар оорулуулардын абалын абдан начарлатат. Тамеки чегүүдөн баш тартуу — миокарддын инфарктын, облитерациялоочу эндартериитти жана башкалар айрым ооруларды дарылоонун бирден бир шарты
Тамеки таштоого чаралар
Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип, акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт, мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт (дароо таштаганда 3—5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар. Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл.
Кызыктуу фактылар
«Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» фильминде Куравлев аткарган ырда Marlboro тамеки пачкасы пайда болот. Натыйжада жашыруун жарнама болду . Мындай эпизод АКШ да болгондо совет актёру компаниядан чоң суммадагы гонорар алмак.
Тамекинин кайсы органдарга зыян экенин жаттап алгыла.
- 1)Мээ, 2)Кекиртек 3) Жүрөк, 4)Өпкө, 5) Омуркалар, 6)Бөйрөктөр, 7) Ашказан, 8) жыныстык ситемалар.
Тамекиде 4000 ингредиент кездешет,тамеки жандыруу менен 200 ашык химиялык аралашмаларды пайда кылат. Бул аралашмалар өпкөнү сезгентип жабыркатат.
Кызыктуу фактылар
Эсиңерге сактап алгыла!
- Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет!
- Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышын шарттайт. Мисалы, кан басым көтөрүлүп, жүрөк кеңейип, иштөөсү бузулат.
- Коңурукту, сөөктө морттукту ( остеопороз ) пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.