СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык кеңештер

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Стив Жонстон ийгиликке жетүү үчүн 12 кеңеш

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык кеңештер»

Стив Жобстон ийгиликке жетүү үчүн 12 кеңеш

  1. Жакшы көргөн жумушуңуз менен алектениңиз. Өзүңүздүн кесибиңизди табыңыз жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө кадам таштаңыз. Качан гана жумушуңузду сүйсөңүз – аны майын чыгара аткарасыз.

  2. Башкалардай болбоңуз. Өзгөчө болуңуз, башкача ой жүгүртүңүз. Флоттогу аскер адамы болгондон көрө, пират болгон артык.

  3. Кандай гана жумуш болбосун, аны мыкты аткарганга аракет кылыңыз. Ийгиликтин артынан ийгилик коштойт, ошондуктан дайыма ийгиликке умтулуңуз. Мыкты болууга умтулган жумушчуларды ишке алыңыз.

  4. SWOT анализ жасаңыз. Сиз ишкананы негиздесеңиз же ишканага жумушка орношуп барсаңыз, өзүңүздүн да, ишкананын да күчтүү жана алсыз тараптарын жазып чыгыңыз. Начар жумушчулар болсо, алар менен кош айтышканга даяр болуңуз.

  5. Демилгелүү болуңуз. Максатка жеткен сайын алдыга андан да чоң максат коюңуз. Идеялардын арасынан батыраак аткарыла турганын издеп таап, тобокелге барыңыз. Кээде биринчи кадам оор сезилиши мүмкүн. Бардык нерселерге көздү жумуп, жөн гана кадам таштаңыз. Ички туюмуңузду жана жүрөгүңүздү угуңуз.

  6. Кичинеден баштаңыз, бирок чон нерселерди ойлоңуз. Бир убакта көп нерсени ойлонбоңуз. Кичине нерселерден баштасаңыз, бара-бара оор иштерди аткаруу сизге жеңил болот. Эртеңки күндү гана эмес, келечек тууралуу ойлонуңуз.

  7. Өз тармагыңызда лидер болууга аракеттениңиз. Алдыңкы технологиялар менен колдонгонду үйрөнүңүз. Эгер мыкты технология бар болуп, аны эч ким колдонбосо, сиз баштаңыз. Биринчи болууга аракеттениңиз.

  8. Жыйынтыкка басым жасаңыз. Элдер иш-аракетиңизге карап, сизге баа берет, ошондуктан жыйынтыкка көңүлүңүздү буруңуз. Бардык эле адамдар жогорку сапаттагы чөйрөгө көнгөн эмес. Эгер адамдар товардын сапатын билишпесе, анда аны сатып алышпайт. Алардын көңүлүн бурдуруу керек. Ошондуктан дизайнга маани бериңиз.

  9. Ар башка тармактагы адамдардан кеңеш сураңыз. Ар бири сизге пайдалуу нерсе айтат. Эгерде сиз маанилүү киши болсоңуз, балким алар сизден коркуп, чындыкты толугу менен айтпашы мүмкүн. Бул учурда башка булактардан караштырыңыз. Сиздин өндүрүмүңүз кимге керек, алардын оюна кулак салыңыз.

  10. Өзгөртүңүз. Жумуштун 50%ын башка бир жетекчиге өткөрүп бериңиз. Чыныгы маанилүү нерселерге көңүлүңүздү буруп, мыкты болууга умтулган кызматкерлерди жумушка алыңыз.

  11. Каталардан сабак алганды үйрөнүңүз. Кээде жаңы нерсени жасоодо ката кетиресиз. Эң жакшысы аларды кайрадан кайталабоо жана алардын үстүнөн иштөө.

  12. Дайыма окуңуз. Дайыма бир нерсе үйрөнсө болот. Адамдар менен сүйлөшүп, ой бөлүшүңүз. Атаандаш, керектөөчүлөр, өнөктөштөрдөн бир нерсе үйрөнүңүз.

http://bugupress.kg/article/652/




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!