СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 4-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 4-класс»

Сабактын темасы: 3-март - Кыргыз Республикасынын

Туу күнү





Сабактын максаттары: 

Билим берүүчүлүк:

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө көрсөтмөлүү маалымат алышат;

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусундагы сүрөттөрдүн маанисин түшүнүшөт.

  • Окуучулардын мамлекеттик символдордун маанилүүлүгүн аңдап түшүнүүлөрүн шарттоо.

Өнүктүрүүчүлүк:

  • Окуучулардын мамлекеттик символдор жаатындагы кругозорун кеңейтүү, таанып билүүгө кызыгуусун арттыруу;

  • Таанып билүүчүлүк жөндөмдү жана чыгармачылыкты өнүктүрүү.

Тарбия берүүчүлүк:

  • Окуучуларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун, Мамлекеттик Туусун урматтоо менен камкор мамиле жасоого тарбиялоо;

  • Окуучулардын өз Ата Мекенине болгон патриоттук сезимдерин жана сүйүүсүн тарбиялоо.

Класстык сааттын жабдылышы жана көрсөтмөлүүлүгү:

  • Кыргыз Республикасынын картасы;

  • Кыргыз Республикасынын символдору;

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу;

  • Кыргыз Республикасынын Гимнинин аудиожазмасы;

  • «Гүлдөй бер, Кыргызстаным!» деген темада окуучулар тарткан сүрөттөрдүн жана плакаттардын көргөзмөсү;

  • Мультимедиялык жабдуулар;

  • «Ата Мекеним — Кыргызстан!» темасындагы слайд-шоу;

  • Презентация.

Класстык сааттын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.

Класстык саатты өтүү методу: Иллюстрациялык түшүндүрүү сабагы.

Уюштуруу формасы: Индивидуалдык, фронталдык.

Уюштуруу учуру: Саламдашуу.

Жагымдуу маанай тузуу

Кыргыз Республикасынын Гимнинин аудиожазмасын уктуруу.

Мугалимдин кириш сөзү: 

Кыргыз күүсүнүн коштоосунда мугалим ыр окуйт

«Ата Мекен —

Сен ажайып керемет!

Тоодой чалкар,

Көлдөй көркөм,

Көк асмандай кепкенен.

Жүрөгүмдөн бөлүп алгыс,

ак дилимден сүйүүм жангыс,

Алдейлеген,

алпештеген,

жана менден көптү күткөн,

Кыргызстан — кең Мекен!»

Мугалим: 

Сүйүктүү Ата Мекенибиздин Мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күнүнө арналган бүгүнкү ачык класстык саатыбызды мына ушул ыр саптары менен баштагым келди.

Ата Мекен — бул биздин туулуп өскөн, жашап жаткан жана жаран катары катталган жерибиз. Биздин Ата Мекенибиз — Кыргызстан, Кыргыз Республикасы деп аталат. 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзүнүн башка мамлекеттик символдору менен бирге Мамлекеттик Туусун кабыл алган.

Акыл чабуул ыкмасы

Айткылачы, балдар, ал кайсы жыл эле? Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу кайсы жылы, кайсы айда кабыл алынганын ким билет?

Окуучулар: 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган.

Мугалим: 

-Туура айтасыңар, балдар! Ар бирибиздин туулган күнүбүз бар. Ал биздин жашообуздагы эң жакшы күнүбүз, туурабы? Мына ошол сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун дагы өзүнүн туулган күнү бар.

Ал — 1992-жылдын 3-марты.

Мугалим: 

-Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптануу тарыхында расмий символдордун даярдалышы өзгөчө орунду ээлейт. Жаңы символдорду жаратууга кыргызстандыктардын баары жалпы катышты. Бул кандайдыр бир байгеге ээ болуу же жеңиш үчүн күрөш эмес. Бул — Кыргызстан, Ата Мекен үчүн сыймыктануунун, патриотизмдин айкын далили. Мамлекеттин Герби жана Гимни сыяктуу эле, Мамлекеттик Туу — бул мамлекеттин жүзү. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн жарандары мамлекеттик символдорго (символикага) элдин биримдигинин белгиси катары карашат.

Мугалим:

- Биз бүгүнкү класстык саатыбызда силер менен Кыргыз Республикасынын символдору же символика тууралуу сүйлөшөбүз. Келгиле, адегенде бул түшүнүктөр (терминдер) эмнени билдирерин карап көрөлү.

Символ — жөнөкөй сөз менен айтканыбызда, эн белги дегенди туюндурат. Символ деген түшүнүктүн төмөнкүдөй маанилери бар:

1. Түшүнүктүн, идеянын белгиси катары кызмат кылган нерсе, аракет ж.б.

2. Кандайдыр бир ойду, аныктаманы билдире турган көркөм образ.

3. Белгилүү бир илим тарабынан кабыл алынган чоңдуктун шарттуу белгиси.

Символика — ар кандай символдордун жыйындысы. Биз бүгүн символ деген сөздүн бир мааниси менен иштейбиз. Анын жогорку түшүнүгү болот. Мен силерге төмөндөгүдөй үзүндүлөрдү келтирейин.

  1. «Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго — Тууга, Гербге жана Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануунун тартиби мыйзам менен белгиленет».

Кыргыз Республикасынын Конституциясы. 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (элдик добуш берүү) кабыл алынган. 14-берене.

«Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү».

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Мыйзамы. 2004-жылдын 17-июлу, № 91. 2-берене.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна терең сый көрсөтүү — Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын патриоттук парзы».

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Мыйзамы. 2004-жылдын 17-июлу, № 91. 2-берене.

Мугалим: 

-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

2023-жылдын 20-декабрында туу жаңыланып,кайталап бекитилди.

Автордук жамаат: Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үч бөлүгүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкактын диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Балдар, бул жерде эске ала турган маанилүү жагдай бар. Мамлекеттик Тууну туура орнотуу керек.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусундагы түстөр жана символикалык эн белгилер.













Мугалим: Эми, балдар, таратма карточкалар менен иштейбиз.

Мугалим окуучуларга алдын ала даярдалып коюлган карточкаларды таратып берет. Окуучулар карточкада жазылган символдордун (эн белгилердин) маанилерин кыраат менен окушат.

1-окуучу: 

Кызыл түс — бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайын кызыл кийим тигишкен.

2-окуучу: 

Күн — өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүү өлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) — кыргыздардын түпкү аталары делет.

3-окуучу: 

Кырк нур  — кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.

4-окуучу: 

Түндүк — көчмөндөр маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ.

5-окуучу: 

Түндүк — Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабаларыбыздан мурасталып келген мөөр-тамга. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күн-түндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү — Кыргызстанды — көтөрүп турган көп улуттуу калкты да элестетет.

6-окуучу: 

Философиялык мааниде Түндүк — «төгөрөктүн төрт бурчу» деген ой туюмун билдирип, ааламдын, жер шарынын, адамзаттын, коомдун бүтүндүгүн, мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат. Айлана — башы-аягы жок мезгилди, ашташкан чамгарактар — дүйнөнүн төрт тарабын туюнтат.

7-окуучу: 

Ааламдын куту — Күн. Адамдын куту — Түндүк. Аалам адамга түндүк аркылуу кут тартуулайт. Күн — түндүктүн символу — Жараткан ар дайым жарандарга ырайымдуу болуп, нурун төгүп, жарандар ар убак Жаратканды эстеп, жадынан чыгарбай жүрсүн деген үмүт-тилектин белгиси.

Мугалим: 

-Дүйнөлүк даражадагы залкар жазуучу атабыз Чыңгыз Айтматов жазгандай, учу-кыйыры жок кеӊ ааламдын койнунда, булуттуу көктүн астында, булаӊгыр жердин үстүндө өзгөрүлбөс, оошпос, бузулбас, жешилбес, сынбас, бүлүнбөс эч нерсе жок. Жасалган нерсенин баары сынып, кайра жасалат, кайра сынып, кайра жасалат.

Ай-ааламда түбөлүк турган аз гана нерсе бар. Төбөдөгү Күн түбөлүктүү. Күндү жандап, күн менен ай ортосунда каалгый тынымсыз сапар чеккен Жер түбөлүктүү. Күн менен Жерди койнуна батырып, алмустактан бери аман алып келаткан Көк түбөлүктүү. Ушулардын маани-маӊызына жетип, кадыр-касиетин туя билген адам түбөлүктүү. Мамлекеттик Тууда мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган.

Көрүнүп тургандай, Мамлекеттик Туудагы түстөр жана белгилер – элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын жана элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү карагандыгын көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун авторлору мына ушундай олуттуу жагдайларга өтө кылдат көңүл бурушуп, алардын ар бирин өз орду менен пайдаланышкан.

Бышыктоо. «Суроо-жооп » оюну

Мугалим: Эми, балдар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу боюнча ар бириңердин билимиңерди текшеребиз (ар бир окуучу экрандагы таблицадан номинацияны жана баллды тандап алат).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу тууралуу суроолор




1.

Символ (эн белги) деген эмне?


2.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу деген эмне?


3.

Кызыл түс эмнени туюндурат?


4.

Күн эмнени туюндурат?


5.

Кырк нур эмнени туюндурат?


6.

Түндүк эмнени туюндурат?


7.

Түндүктүн философиялык мааниси кандай экен?


8.

Ааламдын куту эмне?


9.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун авторлору кимдер?


10.

Символика деген эмне?


11.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу качан кабыл алынган?


12.

Кыргызстанда Мамлекеттик Туу күнү качан белгиленет?


13.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору барбы? Алар кайсылар?


14.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасы кайсы Мыйзам менен бекитилет?


15.

3-март кандай дата?




  Рефлексия.

  • Мен бүгүн …................ билдим.

  • Мен үчүн бүгүнкү сабак абдан кызыктуу болду, анткени …................

  • Мен үчүн бүгүнкү сабак анча деле кызыктуу болгон жок, анткени …

Жыйынтыктоо.

Мугалим:

- Мамлекетибиздин символдору анын эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын, эл менен бийликтин биримдигинин талашсыз далили, ошону менен өлкөбүздөгү демократиянын, жалпы адамзаттык баалуулуктарды бекемдөөнүн мамлекеттик идеясын чагылдырып турат. Кимдир-бирөөнү мамлекеттик символдор менен сыймыктандыруу кыйын, а бирок, эгерде ар бир жаран өзүн өз өлкөсүнүн патриотумун деп эсептесе, анда аларды билүүгө жана урматтоого милдеттүү. Эмесе, балдар, сабагыбыздын аягында «Ата Мекеним — Кыргызстан!» темасындагы слайд-шоуга көңүл бургула.

«Ата Мекеним — Кыргызстан!» темасындагы слайд-шоу көрсөтүлөт.

Үйгө тапшырма: 

1. Ырды жаттап келүү.

ЭГЕМЕНДҮҮ МЕКЕН

Эгемендүү Мекен кандай?

Ал — эркиндик алган күн.

Ал — жадырап жарык маанай

Оболотуп созгон үн.

 

Эгемендүү Мекен кандай?

Эркин элдин күлкүсү

Мамлекеттик иштер бүтүн

Эне тилде жүрүшү.

 

Эгемендүү Мекен кандай?

Ал — ак эмгек кайнаган.

Дүйүм-дүйүм тамак-аштар

Дасторкондо жайнаган.

 

Эгемендүү Мекен кандай?

Ал — элдердин достугу,

Жайбаракат сейил куруп

Гүлбакчада отуруу.

 

Эгемендүү Мекен кандай?

Ал — элдердин бирдиги.

Жадыраган жарык маанай

Эркин элдин бийлиги.

  1. Ар бир окуучу каалоосуна жараша өз алдынча чыгармачылык тапшырманы аткарат: сүрөт тартуу, эссе жазуу, ыр жазуу, аңгеме жазуу, скульптура жасоо.













КЫРГЫЗ

РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ


































Тема:

3-март Туу күнү




Мекенден айрылганча — өмүрдөн айрыл.

Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат.


Мекендин кадыры башка жерде билинет.

Мекенсиз адам — үнсүз булбул.


Мекенсиз турмуш — жаналы турмуш.

Өз мекениңди көздөй сакта.


Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт.


Элиң барда жардымын дебе, мекениң барда шордуумун дебе.




Атажурт — алтын бешик.














Мекеним-Кыргызстан