СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 8-10-класстар учун

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыз  адеби -кымбат  .Кыргыз кыздарынын журуш-туруш эрежелери. кыргыз кызы кандай болуш керек?

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 8-10-класстар учун»



Муса Жусупов атындагы орто мектеби







Тарбиялык саат Тема:

Кыз адеби-

кымбат





Даярдаган:Акунова Н.К













Сабактын темасы: Кыз адеби-кымбат

Сабактын максаты:

1.Кыздан талап кылынуучу аруулук,асылзаадалык жөнүндө түшүнүк алат.

2.Макал-лакаптар, логикалык тапшырмалар аркылуу аң сезими өсөт.

3.Адептүүлүу кыздын улгусу аркылу элдик каада-сатты,үрп-адатты баалоого көнүгүшөт.Улууларды урматтоого,кичүүлөрдү сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:Сүрөттөр,макал-лакаптар жазылган плакаттар,

компьютер,электрондук доска.

Сабактын жүрүшү:

  1. Топко болуу.3 минута

Саламатсынарбы , мектепти шанга болоп, жарык чачып, сулуулугу менен дуйнону сактаган биздин назик, акылдуу, адептуу кыздар.Бугун биз силер менен “Кыз адеби- кымбат” аталышындагы чогулушубузду баштайлы.Эгер даяр болсок , чогулушту баштайлы деген кыздар кол которуп койсонор.

Бугунку чогулушта 3 маселени карайбыз.

1.Кыз адеби бонча маалымат

2.Кыз балага болгон тыюулар.

3.Бышыктоо учун конугуулор жана ар кандай маселелер.

Аранарда модельер болом деген кыздар барбы?

Чакыруу баскычы:



Эмесе 1 маселеге киришерден мурун кыздын дене тулкусунун скейтч суротун таркатып берем. Ар бир топ, класс улгу кыздын образын жаратсынар, кийимин тустуу кагаздардан кесип чаптап, чачын , жузун тартып иштегиле.5 мунот убакыт берилет.

2.Жаңы тема:Слайд корсотулот.5 .минута.

“Кыздуу уйдо кыл жатпайт” деп, кыздарды тазалыктын, сарамжалдуулуктун, тыкандыктын сакчысы катары сыпаттап келишет.
Бабаларыбыз кызга өзгөчө маани берип, "Кыргыз кызын сыйлайт" деген улуу салт бар .Ошондо да Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза өңдөнгөн баатыр кыздар, ошондой эле Каныкей, Айчүрөк, Зулайка, Айганыш сыяктуу аруулуктун, асылзаадалыктын үлгүлөрү жомокко айланган чыгар. Ошого жараша кыздарга да өзгөчө талап коюлуп, "Жакшы кыз - жакадагы кундуз", "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп, алардын аялуу асылдуулугун аздектешкен. Кыздар да адебин сактап, өз баасын бийик кармашкан.Анда эмесе видеону коруп андан ары уланталы.

Эми кыз адеби боюнча кыскача презентация даярдап келгем.Презентацияга конул буруп берсенер.

Презентация 10 МИН



ПРЕЗЕНТАЦИЯНЫН НЕГИЗИНДЕ Plicers https://www.plickers.com/library#now-playing ТЕСТ ИШТӨӨ .5 минута

Кызга карата тыюулар презентация10 мин.

Келечекке карата боложолдор (Предсказание)

Биздин кыздар кандай гана акылдуу! Ал эми азыр биз бардык кыздар үчүн тамаша иретиндеги тагдырды алдын ала айтууну сунуштайбыз. Сизди бул жылы эмне күтүп турганын билесиз. Бирден билет алып чыгууңуздарды суранабыз.

Топчу - бул жылы апаңыз сизге кийимден кооз нерсе сатып берет.

Гүл - бул жылы сиз андан да сулуу жана акылдуу болосуз.

Момпосуй - бул жылы сизди таттуу-таттуу жашоо күтөт.

Тыйын - бул жылы сиз абдан акчалуу адам болосуз.

Лавр жалбырагы - сизди окууда чоң ийгиликтер күтөт.

Географиялык карта - бул жайда сизди туугандарыңызга саякат күтөт.

Калемпир - этият болуңуз, сиз курбуңуз менен урушуп кетишиңиз мүмкүн.

Мөмө - жайында токойдо жакшы эс алып, бир себет мөмө жыйнап аласыз.

Жип - бул жылы сизди алыскы жерлерге сапар күтөт.

Дөңгөлөк - эгер лотерея билетин сатып алсаңыз, бул жылы унаа утуп аласыз.

Табак - капа болбоңуз, эгер сиз кокусунан табак сындырып алсаңыз, бакыт сизге сөзсүз жылмаят. Жылмаюу - бул жылы сиз көп күзгүгө кароого туура келет жана ал сизге жылмаюу сизди абдан кооздоп тураарын айтат.

Көпөлөк - бул жылы сизге ийгилик жылмаят. Сиз ийгиликтин канаттарында көпөлөк сыяктуу жашоодо учуп жүрөсүз.







Бышыктоо:
Ата-бабаларыбыз тузгон улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрду муноздогон макал-лакап, накыл создордон айтып бергиле. Аларды чечмелегиле.
Сыйлаганга аш таппасан, сыпаалыкка соз тап.
Улууга урмат, кичууго ызаат.
Сыйласан сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Уят олумдон катуу.
Сабырдын тубу сары алтын.
Жылуу созго жылан ийнинен чыгат. Ж.б.


3. Жыйынтыктоо:

Кыз өссө үйдүн көркү деп кыздарды тазалыктын, сарамжалдуулуктун, сулуулуктун, тыкандыктын сакчысы катары сыпаттап келишет.  Илгертен бабаларыбыз кыздарга өзгөчө маани берип, «Кыргыз кызын сыйлайт», «Жакшы кыз — жакадагы кундуз», «Кыздын кырк чачы улуу», «Кызга кол көтөрбө, томаяк болуп каласың», «Кызды сыйла, ал конок», «Кыз адеби кымбат», «Кызы бардын, назы бар», «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген сыяктуу мааниси зор макалдар менен, нарктуу кептер менен, элдик тарбиянын баа жеткис үлгүлөрү менен эле тарбиялап келишкен.
Бекеринен аялзатын үйдүн куту дебейт да, ошондуктан кыз баладан талап кылынуучу аруулукту, тазалыкты сактап калалы, үйрөтөлү, үйрөнөлү
  “Карынын кебин капка сал” дегендей, ата-энебиз, улуулар айткан насаат создорду кунт коюп угуп, конулго туйуп, озубузду адептуу, ыймандуу, нарк- насилдуу болуп чоноюууга, келечекте “жакшы” адам болууга умтуулуубуз керек экен. Азыр баарынар эле ушул ойго кошулсанар керек деп ойлойм. Биз ошондо ата-энебиздин максат-тилегин орундап, аларды эч качан уятка калтырбайбыз.


4. Уйго тапшырма беруу:
  Озунордун жаман сапаттарынар барбы ойлонуп коргуло. Аларды жакшы сапаттарга алмаштырууга болобу?




















Кыргыз кыздары



Сыйлаганга аш таппасан, сыпаалыкка соз тап.
Улууга урмат, кичууго ызаат.
Сыйласан сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Уят олумдон катуу.
Сабырдын тубу сары алтын.
Жылуу созго жылан ийнинен чыгат