СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 8-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 8-класс»

 ТАРБИЯЛЫК СААТ   АЧУУ – ДУШМАН, АКЫЛ – ДОС

ТАРБИЯЛЫК СААТ

АЧУУ – ДУШМАН,

АКЫЛ – ДОС

Сабактын максаты: Ыксыз ачуулануу адамга жакшылык алып келбейт. Ачууну сабырдуулук менен кетирүү керек. Жаалдуу адамдын душманы көбөйүп, сүйлөшүүдөн качып турушат. Окуучулар ачууга алдырбай, акылдуулук менен ойлонуп иш жүргүзүү керек экендигин үйрөнүшөт. Элдик жомоктордун мисалында акылдуулукка тарбияланышат.  Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, түстүү кагаздар, ватман ж.б. Сабактын жүрүшү: Мугалим окуучуларды класстын санына жараша төрт топко бөлүп, ар бир топко бирден ватман, түстүү кагаз бөлүштүрүп берет. Ар бир топ түстүү кагаз менен “ачуулуу адамдын” бет түзүлүшүн жасашат. Акырында кайсыл топтун эмгеги жакшы экендиги жалпы класс тарабынан бааланат.

Сабактын максаты: Ыксыз ачуулануу адамга жакшылык алып келбейт. Ачууну сабырдуулук менен кетирүү керек. Жаалдуу адамдын душманы көбөйүп, сүйлөшүүдөн качып турушат. Окуучулар ачууга алдырбай, акылдуулук менен ойлонуп иш жүргүзүү керек экендигин үйрөнүшөт. Элдик жомоктордун мисалында акылдуулукка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, түстүү кагаздар, ватман ж.б.

Сабактын жүрүшү: Мугалим окуучуларды класстын санына жараша төрт топко бөлүп, ар бир топко бирден ватман, түстүү кагаз бөлүштүрүп берет. Ар бир топ түстүү кагаз менен “ачуулуу адамдын” бет түзүлүшүн жасашат. Акырында кайсыл топтун эмгеги жакшы экендиги жалпы класс тарабынан бааланат.

Мугалимдин сөзү: Ачуулануу, урушуу – адамдагы тескери сапаттардын бири. Терс сезимге күтүүсүздөн жеңдирип жиберүүчүлүк. Тилекке каршы, жашоо-тиричиликте адам турмушу сыдыргыга салгандай тегиз, ойдогудай оң тараптуу,бир жактуу боло бербейт.  Кайгы-капа, кээ бир иштерге туталануу, кейип-кепчүүнүн акыры ачууга жеңдирүүгө, өзүн токтото албай кетүүчүлүккө алып келет. Арийне, “Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас” - дегендей көпчүлүк адамдар кайрадан өзүн колго алып, сезимин башкара билүүгө жөндөмдүү келет. Ал эми айрым адамдар “Мен төрөлгөндөн эле ушундаймын”, “Мени ушундай жаратып койсо эмне кылайын” дегендей пикирлерде.

Мугалимдин сөзү: Ачуулануу, урушуу – адамдагы тескери сапаттардын бири. Терс сезимге күтүүсүздөн жеңдирип жиберүүчүлүк. Тилекке каршы, жашоо-тиричиликте адам турмушу сыдыргыга салгандай тегиз, ойдогудай оң тараптуу,бир жактуу боло бербейт.

Кайгы-капа, кээ бир иштерге туталануу, кейип-кепчүүнүн акыры ачууга жеңдирүүгө, өзүн токтото албай кетүүчүлүккө алып келет. Арийне, “Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас” - дегендей көпчүлүк адамдар кайрадан өзүн колго алып, сезимин башкара билүүгө жөндөмдүү келет. Ал эми айрым адамдар “Мен төрөлгөндөн эле ушундаймын”, “Мени ушундай жаратып койсо эмне кылайын” дегендей пикирлерде.

 Урматтуу окуучум, Сулайман пайгамбар да минтип айткан экен: “Ачуусу чукулдук – акылсыздыктын белгиси”, же “Сабырдуу болуу – ачууну басат, кечиримдүү болуу – адамдын кадырына кадыр кошот”. Демек, адамдын өзүн-өзү кармай билүүсү, айланадагыларга астейдил, алпейим мамиле жасоо - бул башкы талаптардан экендигин да түшүнүү абзел.  Ачууга алдыруу, чорт кыял, бетке чапма мүнөз бул адамдын кулк-мүнөзүндөгү терс сапат эле эмес, дегеле мындай адамдын акыл-эси да тайкы болорун тастыктап турат. Бул жагдайга байланыштуу кыргыз элинде “Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош” - деген таамай сөз айтылат. Себеби эч бир ишти ач кыйкырык, куу сүрөөн менен майнаптуу, үзүрлүү бүтүрүү мүмкүн эмес. Тескерисинче токтоолук менен, акылга салып иш кылуу, өзүн-өзү кармана билүү гана ар бир иштин ийгилигине дайым өбөлгө экендиги калетсиз.

Урматтуу окуучум, Сулайман пайгамбар да минтип айткан экен: “Ачуусу чукулдук – акылсыздыктын белгиси”, же “Сабырдуу болуу – ачууну басат, кечиримдүү болуу – адамдын кадырына кадыр кошот”. Демек, адамдын өзүн-өзү кармай билүүсү, айланадагыларга астейдил, алпейим мамиле жасоо - бул башкы талаптардан экендигин да түшүнүү абзел.

Ачууга алдыруу, чорт кыял, бетке чапма мүнөз бул адамдын кулк-мүнөзүндөгү терс сапат эле эмес, дегеле мындай адамдын акыл-эси да тайкы болорун тастыктап турат. Бул жагдайга байланыштуу кыргыз элинде “Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош” - деген таамай сөз айтылат. Себеби эч бир ишти ач кыйкырык, куу сүрөөн менен майнаптуу, үзүрлүү бүтүрүү мүмкүн эмес. Тескерисинче токтоолук менен, акылга салып иш кылуу, өзүн-өзү кармана билүү гана ар бир иштин ийгилигине дайым өбөлгө экендиги калетсиз.

 Адамдагы терс мамиле, осол сезимдер дээрлик орой-одоно кыял, жагымсыз жүрүм-турум менен коштоло тургандыгы белгилүү. Ал эми ачууга жеңдирип, адам өзүн башкара албай калганда ал ыплас сөздөрдү, орунсуз салыштырууларды өтө көп колдонуп, ошонун жардамы менен көксөөсүн суутууга аракеттенет. Арийне, мындай осол мамиле дал ошондой эле жоопту жаратып, адам көңүлүндө өчпөс из, кетпес так калтырат. “Калган көңүл, чыккан жан, кайрылып келбес эки арман”, - деген элдик нуска дал мына ушул жогорудагы ойдун төркүнүн таамай туюнтуп тургансыйт. 16 Ачуулуу, урушчаак адамдарды көпчүлүк сүйө бербейт, тескерисинче жек көрүшөт. Сен да мына ушундай сапаттан алыс бол. Сабырдуулук мындай сапаттарды жок кылууга өз таасирин тийгизет. Элибиз “Сабырдын түбү сары алтын” деп бекеринен айткан эмес.

 Адам канчалык ачуусу келбесин өзүн токтото билүү керек. Ошондо ал өзүнүн мыкты адам экендигин айгинелейт. Мына ошондой сапатты төмөндөгү “Адилет увазир” деген жомоктон байкоого болот.  Адилет увазир Иран шахтарынын биринин Абдулла аттуу бир акылдуу увазири бар эле. Ал бир жылга чейин падышанын кашына келбей, башка иштер менен алек болуп калды. Ушул мөөнөт ичинде калк арасында ыдыроо башталган эле. Туптуура бир жылдан кийин Абдулла падышанын алдына бара жаткан учурда жолдон аны көпчүлүк эл токтотуп, ороп калды. Калк ичинен бир адам жүгүрүп келип, увазирдин сакалынан кармап силкти. Калайык ал адамдын колунан увазирди куткарып алды. Увазир өзүн токтотуп, ачуусун араң басты.

Адам канчалык ачуусу келбесин өзүн токтото билүү керек. Ошондо ал өзүнүн мыкты адам экендигин айгинелейт. Мына ошондой сапатты төмөндөгү “Адилет увазир” деген жомоктон байкоого болот.

Адилет увазир Иран шахтарынын биринин Абдулла аттуу бир акылдуу увазири бар эле. Ал бир жылга чейин падышанын кашына келбей, башка иштер менен алек болуп калды. Ушул мөөнөт ичинде калк арасында ыдыроо башталган эле. Туптуура бир жылдан кийин Абдулла падышанын алдына бара жаткан учурда жолдон аны көпчүлүк эл токтотуп, ороп калды. Калк ичинен бир адам жүгүрүп келип, увазирдин сакалынан кармап силкти. Калайык ал адамдын колунан увазирди куткарып алды. Увазир өзүн токтотуп, ачуусун араң басты.

 Падышанын алдына келээри менен увазир андан калайыктын тилегенин аткарууну, өзүнө адепсиздик көрсөткөн баягы адамга жаза бербөөнү өтүндү. Эртеси күнү эртелеп Абулланын алдына бир соодагер дүкөнчү кирип келди. Увазир андан эмне иш менен келгендигин сурады эле, соодагер токтолбой туруп жооп берди: -Кечээ күнү сиздин сакалыңызды жулмалап азар берген адамдын ким экендигин айтканы келдим. Ал менин кошунам, аты Садык. Сиз аны чакырып жаза бериңиз. Абдулла соодагерди чыгарып жиберди дагы бир кызматчысына Садыкты алып келүүнү буюрду. Садык катуу коркуп, өңү-түсү жууган чүпүрөктөй кумсарган абалда увазирдин алдына келди. Анын аягына жыгылып кечирим сурады. Абдулла Садыкты сүйөп ордунан тургузуп, анын көңүлүн жубата, мындай деди: -Мен сени жазалоо үчүн эмес, соодагер кошунаңдын жарабаган адам экендигинен кабардар кылуу үчүн чакырдым. Сенин соодагер кошунаң чагымчы, жалаакор адам экен. Менин жаныма келип сенин үстүңдөн чагымчылык кылды. Бар үйүңө кете бергин дагы, өзүңө этият болгун. Чагымчы, жалаакор кошунаңдан сактангын

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!