Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 8-класс»
Билим- Тугөнбөгөн кенч
Сабактын темасы: Бим түгөнбөгөн кенч
Сабактын максаты: окуучуларды мекенчилдике, эмгекчилдике, билим алууга тарбиялоо
сабактын жабдылышы:
Доскада 1-сентябрда “Билим күнү “ Дайайыма тынчтык болсун!
“Ата Журтум- ыйык турагым” маанисиндеги чакырыктар жазылып туруш керек
Сабактын жүрушү: Алгачкы коңгуроо кагылып, окуучулардын жан дүйнөсун башкача аруу сезим чулгап турат.Ак мектептин босогосун аттаган окуучуларга алгачкы сабак кандай тартипте өткөрулөт?
Мугалимди жакшы көрөм баарынан,
эже-агайды эстеп- эстеп сагынам.
Сабактын мындан аркы бөлүгу сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануу менен өтулөт
Окуучулар “Синкиейн”,түзүшөт. “СИНКВЕЙН” Француз тилинен алынган. ал создун мааниси беш Сап ыр дегенди түшүндүрөт.
1.Зат атооч (бир со)
2.Сын атооч(эки Сөз)
3.Этиш(үч соз)
4 Төрт сөздөн турган фраза же сүйлөм
5.Синоним же маанилеш сөз
М: Окуучуларга сунушталган тема Атажурт болсо.төмөндөгүдөй Синкиейн түзүлүшү мүмкүн.
Атажурт Ыйык Кооз Суктантат, тамшандырат,ыйлатат Туулган жердин топурагы алтын Атамекен.
Окуучулар иштеп жаткан учурда “ Туулган жер” аттуу ыры уктурулат
Андан сон “Сурөөттөр көргөзмөсү деген бөлүгү башталат. Мында Кыргызстандын кооз жерлери, тарыхый инсандардын сүрөтторүн көрүп чыгышат. Арбиринин тушуна токтолуп ал сүрот жөнүндө билген маалыматтарын айтышат.Бири-биринин оюн толукташат.
“МАНАС” Эпосуна да токтолуп манастан үзүндү айтышат.
Андан сон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни уктурулат.
Сабак Мугалимдин куттуктоосу менен башталат.
Мугалим: балдар, мына силер күткөн билим куну да кирип келди. Баарынарды бул майрамынар менен куттуктайм1 Асманыңар ачык , дилиңер жарык болсун. Ата-эненин,
мугалимдердин мугалимдин ишеничин актагыла. Илим-билимдин туу чокусун багырдырган аалым болгула.
Кыргызстандын гүлдөп ө сүшунө өз салымынарды кошкула.
Кана балдар, ушул касиеттуу Ата Мекенибизди даңазалаган ыр саптарын айтып бергиле.
Кайсы акындын ырларын билесиңер?
мекен жөнүндө ырларын көркөм окушат.
Мисалы: Алыкул Осмоновдун “Ата Журт” деген ыры
Атажуртум, туулган элим Мекеним,
Жан кубатым, сүйгөн жерим секетим
Тоо-ташындан, турпагындын суундун
Мен көрбөдум пайдасы жок бекеринин