Дүйнө тилдери – жер жүзүндө жашаган элдердин тилдери. Азыркы учурда дүйнөдө 6 миңден ашуун тил бар.
Булардын ичинен эң кеңири тараганы жана сан жагынан көп киши сүйлөгөнү – кытай, англис, хинди, испан, араб, француз, португал, бенгал, орус, жапон, немис жана башка тилдер.
Дүйнө тилдери негизинен, төмөнкүдөй үй-бүлөлөргө жана топторго бөлүнөт:
1. Алтай тилдеринин үй-бүлөсү: курамына түрк (кыргыз, казак, өзбек, кара калпак, уйгур, түркмөн, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, азербайжан, түрк, гагауз, хакас, тува, алтай, якут, чуваш, шор жана башка), моңгол (моңгол, бурят, калмак жана башка), тунгус-манжу (эвенк, эвен, манжу, нанай, орок жана башка) тилдеринин тобун, корей жана япон тилдерин камтыйт. Евразия кең мейкиндигине тараган түрк тилдери ич ара булгар, огуз, кыпчак, карлук, кыргыз (кыргыз-кыпчак) сыяктуу чакан топторго жиктелет. Корей, япон тилдеринин алтай үй-бүлөсүнө тектеш экендиги алтаистикада кеңири белгиленип келе жатат.
2. Индевропа тилдеринин үй-бүлөсү: герман (англис, немис, нидерланд, швед, норвег, исланд), балт (латыш, литва), роман (италян, француз, испан, португал, румын, молдова жана башка), славян (орус, украин, белорус, поляк, чех, болгар, серб, хорват жана башка), иран (фарсы, пушту, тажик, осетин жана башка), инди (инди, бенгал, урду, цыган жана башка) топтору.
3. Кытай-тибет тилдеринин үй-бүлөсү кытай, тибет, бирма, тай, лаос, дунган жана башка тилдерди камтыйт.
4. Фин-угор тилдеринин үй-бүлөсүнө фин (фин, эстон, коми, карел, веп, ижор жана башка) жана угор (мажар) (венгр, мордва, марий, ханты, манси жана башка) топтору кирет. Айрым окумуштуулар муну алтай үй-бүлөсү менен бириктирип, урал-алтай тилдеринин тектештиги деп карашат.
5. Семит-хамит тилдеринин үй-бүлөсүнө семит (араб, иврит, ахмор, айсор, тигре жана башка), хамит (кашит, бербер, чад жана башка) топтору кирет. Байыркы аккад, арамей, финикий эстеликтеринин тили да ушул үй-бүлөгө тиешелүү.
6. Кавказ тилдеринин үй-бүлөсү грузин, сван, абхаз, адыгей, абазин, кабардин, чечен, ингуш, авар, лак, даргин жана башка тилдерди камтып, Түндүк Кавказ жана Түштүк Кавказ топторуна бөлүнөт.
7. Дравид тилдеринин үй-бүлөсү Түштүк Индия менен Шри-Ланкага тараган тамил, малаялам, каннада, телугу, куи, гонди жана башка тилдерди камтыйт.
8. Австронезия тилде ринин үй-бүлөсү: Индонезия, Филиппин, Малазия, Океания аймактарында жашаган көптөгөн элдердин тилдери.
Дүйнө тилинин ичинен Америка, Африка, Австралия жана башка чөлкөмдөргө тараган көп сандаган тилдердин чыгыш теги илимий жактан бүгүнкү күнгө чейин так аныктала элек.
Өлүү тилдер өксүгү:
дүйнөдө бир гана адам сүйлөгөн кайсы тил?
Африкада кездешкен бикиа тилинде болгону 1 гана адам сүйлөсө, элмоло тилин билген 8 гана адам калыптыр.
Тил жоголбой, өркүндөп-өсүп кетиши үчүн ал тилде 100 миңден кем эмес адам сүйлөш керек дешет.
Эгер улут өз эне тилинде сүйлөбөсө, аны өнүктүрүп, жайылтууга аракет жасабаса, анда тил жоголуп кетиши толук ыктымал.
Жер бетинде канаттуу, жаныбарларга караганда тил тезирээк жоголууга дуушар болуп жаткандыгын британиялык Independent гезити жазып чыккан.
Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин профессору Яков Тестелецтин пикиринде, дени сак тил качан гана ал тилде жаш балдар сүйлөсө гана болот.
Эгер жаш балдар ал тилди түшүнүп, бирок өздөрү сүйлөбөсө, тил кооптуу абалда калгандыгынан кабар берет.
Эгер ошол тилде бир гана кары-картаң адамдар сүйлөп калган болсо, анда тил "өлдү" дей берсе болот экен.
Дүйнөлүк тилдердин катарына орус, англис, араб,испан, француз, жана кытай тилдери кирет. Дүйнөлүк практика көргөзүп жаткандай, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн тилдери жакшы өнүгөт, себеби ал өлкөлөргө жакыр өлкөлөрдүн эли иштегени барарда тилди үйрөнөт,ошондой эле калкы көптүгү да таасир берет жана бул улуттар балдарына дагы үйрөтөт.
ЮНЕСКОнун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, жер бетинде XXI кылымдын аягына чейин бизге белгилүү тилдердин жарымы гана калышы ыктымал. Өзгөчө Африканын, Австралиянын жана Түштүк Чыгыш Азиянын элдеринин эне тилин жоготуп алуу коркунучу чоң.
Лингвисттердин эсептөөлөрү боюнча учурда жер бетинде 6809 " тирүү" тил бар, бирок алардын 90 пайызында гана 100 миңден кем эмес адам сүйлөйт.
Дүйнөдө ар биринде 50дөй гана адам пикир алышкан 357 тил белгилүү.
Акыркы 500 жыл ичинде дүйнөдөгү тилдердин 4,5 пайызы жоголууга дуушар болгон.
Жоголуп бара жаткан тилдерге Россияда кездешкен керек жана удэгей тилдерин мисалга тартсак болот.
Керек делген тилде 2010-жылы 10 адам сүйлөсө, эми бул тилде 2 гана адам пикир алышары белгилүү болгон. Ал эми удэгей тилинде сүйлөгөн 100 гана адам калыптыр.
Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдери курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан Республикасында Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009-жылы өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган[1]. Бул Кыргызстан калкынын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн[2]. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй алышат дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 6 700 000 адам сүйлөйт.
Тарыхы жана бөлүнүшү
Кыргыз тилин шарттуу түрдө
Байыркы кыргыз тили
Көпчүлүк окумуштуулардын (Б. Б. Радлов, В. Томсен, С.Е. Малов, М.Е. Массон, И.А. Батманов ж. б.) пикиринде Хакасиядагы, Тувадагы, Тоолуу Алтайдагы, Моңголиядагы, Таластагы, Кочкордогу жазуу эстеликтеринде сакталып калган жазуулар б. з. ч. 3 к. - б. з. 10-11-кк. чейин кыргыздар колдонуп келген тил болуп эсептелет.
Бирок аталган тил андан мурунку доорлордо кезигерин унутпашыбыз керек. Мисалы, кийинки түркологдордун кээ бири (кара: Дроздов Ю.Н. Тюркская этнонимия древнеевропейских народов. М., 2008) сактардын тили дагы түрк (кыргыз) тилине жакын экендигин далилдеп жатат. Бул жерде «түрк» деген сөз жалпылама мааниде колдонулуп жүрүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек (кара: Кононов А.Н. Опыт анализа термина «турк». //СЭ. № I, 1949).
Ал эми байыркы кытай маалыматтарында сакталып калган хунндардын 20 чакты сөзүнүн (мисалы, ch’eng-li - «көк» = «асман»; hiep-hō - χiәp-γәu = «йабгу», «жабгу»; eu-ta - wo-lu-to, ao-t’ot = «ордо», «кынгырак» - байыркы түрк. kɨŋrak = эки миздүү ийри бычак) уңгусу түрк тилине келип такалат.
Демек, кыргыз тилинде колдонулган жазуулар Орхондогу жазуу эстеликтеринен эрте пайда болуп, кийин архаикалык мааниде айрым фонетикалык, грамматикалык, структуралык өзгөрүүлөргө ээ болушу мүмкүн.
Орхон түрктөрү өз жазуу системасын түзүүдө байыркы кыргыздардын жазуу маданиятындагы тажрыйбаны пайдаланышкан .
Бул жазуу системасы ошол учурдагы кыргыздар пайдаланган тил катары мамлекеттик иш-кагаздарынын, дипломатиялык алакалардын талабына толук жооп берген дешке болот.
Орто кылымдардагы кыргыз тили
10-кылымга чейин саясий-согуштук кырдаалдар, согуштук аракеттер, миграциялар, кыргыз тилинин эволюциялык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу өз алдынча изилдөөлөр азырынча жүрө элек. Бирок Махмуд Кашгариде Киркиз, Кифжак, Угуз, Тухси, Йагма, Жикил, Уграк жана Жаруктардын тили – бир, таза түрк тили [туркиййя мах̣д̣а луг̣а вāх̣ида] экенин, Йамак менен Башгирт тили аларга жакын экени эскертилет.
Негизи окшоштугу жагынан Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө колдонулган сөздөр дээрлик азыркы кыргыз тилинде, эң эскилерин алиге чейин түштүк кыргыздары колдонорун белгилөөгө болот. Мисалы, Махмуд Кашгариде «курум» – «аска-таш», «амаж» – соко.
Соңку ислам дининин таасири менен кыргыздар араб арибин пайдаланууну өздөштүрүшкөн. Дал ушул мезгилден кыргыз тилине ислам дининин, кошуна жашаган түрк-иран тилдүү элдердин таасири астында иранизм, арабизм лексикалары кире баштаган. Ошол мезгилден тартып, азыркы Кыргызстанда 1928 ж. чейин, Кытайдагы кыргыздарда азыркы учурда дагы кыргыз тилинде жазуу араб арибин колдонуп жүргүзүлгөн.
Айрым изилдөөчүлөрдун тыянагы (Н.А.Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери өз алдынча өнүгө баштаган.
Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин өз алдынча өнүгө берген.
Бул кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар өз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, Энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.
Азыркы кыргыз тили
Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-кылымда Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде өз чыгармаларын жарата алышты.
Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда өз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот.
Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу өз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык.
К.Тыныстанов, И.Арабаев, Б.Солтоноев ж.б. илим адамдары өз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан.
Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады.
Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили.
Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1940 жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда.
Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу Кыргыз тилин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген.