СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 5-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 5-класс»

1999-жылы23-август күнү Баткен районунан 150 км алыстыкта жайгашкан Алтын жайлоо жана Самаркандек айылындаазиат тибиндеги белгисиз 150дөй куралчан адамдар басып киришип, Алтын жайлоо жергесиндеги геологдордун убактылуу баш калкалаган жерине кол салышып, ИИМдинички аскерлеринин башчысы генерал майор Р.Саматов, 4 япон жана алардынкотормочусун о. э. Орто сай капчыгайындагы 40 чамалуу үйдү барымтага алышкан.Барымтадагыларды бошотуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндө алар: 1) Баткентерриториясынан Тажикстандын Жерге-Тал району менен Ленинабад областы аркылууӨзбекстанга өтүп туруучу туруктуу коридорго ээ болуу. 8 f- v0 q6 A2 J& e. s4 | 2) Өздөрүнүнматериалдык абалын чыңдоо үчүн аба транспортуна жана акчалай каражаттарга ээболуу. 3)Өзбекстанда болгон теракт учурунда абакка алынган шериктерин бошотуп алуу дегенталаптарды коюшкан. 5 F" \! W6 f" s+ y# a. x. m' p8 K ӨзбекстанРеспубликасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттиктоптун негизги максаты, расмий бийликтин өкүлдөрүнө берген билдирүүлөрүнөКараганда Кыргызстан менен эч кандай талаш-тартыштары жок. Ал эми Баткен окуясыӨзбекстанга каршы-иш аракеттерден улам келип чыккандыгын билдиришти.Өзбекстандын чек арасына өтүү үчүн душмандарга жол ачып берүүгө мыйзам жолбербейт. Ушуну менен бирге эл аралык укуктун чегинде мамлекеттердинэгемендүүлүгүн сактоо жөнүндөгү БУУнун келишими кабыл алынган. Террорчулардынбул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган сырткыдушман катары эсептелип, республиканын аймагынан сүрүп чыгаруу жөнүндөгү чечимкабыл алынган. Кыргыз Республикасынын мекен сакчылары, өз ыктыяры менен мекендикоргоочулар, террористерди талкалоодо, чек арадан сүрүп чыгарууда чыныгыэрдиктерди көрсөтүшүп, айрымдары баатырларча курман болгон. Баткен окуясынанкийин Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүндөгү жетишсиздиктер эске алыныпаларды жолго коюу үчүн иш-чаралар көрүлө баштаган. Баткен районунунстратегиялык, социалдык-экономикалык абалы эске алынып, өзүнчө областң түзүүмаселеси көтөрүлүп 1999-жылы 13-октябрда Баткен областы түзүлдү. Баткен,Кадамжай, Лейлек району жана Кызылкыя шаары бул облустун курамына киргизилди

Баткен окуясы — Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.

Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук админ. кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык Өзбекстан, Россия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү.

Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Республиканын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли колунан келген жардамдарын көрсөтүштү. Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон. Мында республиканын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техниканын, курал-жарактын жетишсиздиги жана башка айкын көрүндү.

Кыргызстан Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык маанисин эске алып, Кыргыз Республиканын Президенти А. Акаев 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызылкыя шаары киргизилип, жаңы облустун борбору Баткен айылы болуп белгиленди.

ХронологияОңдоо
  • 1998-жылдын теке айынын (июл) 30унда Баткен облусунун Зардалы аймагында саны 17 чамалуу куралчан адамдар пайда болгон.

  • 31инде Баткен районунун акими Абдрахман Маматалиев кырдаал тууралуу Бишкекке маалымат берген. Бул учурда куралчан адамдар Зардалынын жашоочуларынан тамак-аш сатып ала баштаган. Ошол кездеги ИИМ жанан МУКК белгисиз куралчандар менен байланыш түзүүгө аракет кылып, бирок натыйжа чыккан эмес.

  • Баш оонанын (август) 6сында аким Абдрахман Маматалиев, МУККнын райондук бөлүмүнүн кызматкери Бокоев жана Коргоо министрлигинин эки жоокери куралчан адамдардын лагерине сүйлөшүүгө жөнөп кетишкен. Бирок, андан майнап чыккан эмес. Аким жана МУКК кызматкерлери куралчандар тарабынан барымтага алынган.

Бул кабар борборго жетери менен Ички иштер министри Өмүрбек Кутуев, МУКК жетекчисинин орун басары Токон Мамытов, Коргоо министри Мырзакан Субанов Коопсуздук кеңешинин катчысы Эсен Топоев шашылыш түрдө Баткенге учуп барышкан.

  • Баш оонанын 9унда күч түзүмдөрүнүн жана президенттик администрациянын жетекчиси Болот Жанузаков маалымат жыйын өткөрүп, куралчан адамдардын өздүгү аныкталбаганын билдирген. Бирок, ошол эле маалда орус тилдүү “Дело№” гезити куралчандардын башында Өзбекстандын ислам кыймылынын жетекси Тахир Юлдашев турганын, ал эми Кыргызстанда жүргөн топту Жума Намангани жетектерин жазып чыккан.

  • 13-числодо барымтага алынган аким Абдрахман Маматалиев, МУКК кызматкери, майор Бокоев жана Коргоо министринин эки жоокери бошотулган. Так эмес маалыматтарга таянсак, кыргыз бийлиги аларды бошотуп алууга 50 миң акча сунуштаган. Ушундан кийин куралчандар Тажикстан аймагына жылган.

  • 16сында Кыргызстан менен чектеш аймактын бир нече жерине бомба ташталган. Тажик бийлиги муну Өзбекстандын аба күчтөрүнөн көргөн. Бирок, өзбек тарап муну моюнга алган эмес.

  • 18инде Кыргызстанга таандык эки вертолет Жылуу-Суу аймагынан жылып бараткан куралчандарга абадан сокку урган.

  • 22синде Тажикстан тараптан 30га жакын куралчан адам кирип, Кожо-Ашкан менен Зардалы айылдарына басып алган. 23үндө алар Алтын-Жайлоодо чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан 4 жапон геологун, тилмеч Өмүрбек Жанакеевди жана генерал Анарбек Шамкеевди барымтага алган.

  • 23үнөн 24үнө караган түнү Алтын-Жылгага жакын жерде Ош облустук милициясынын атайын кошууну менен куралчандар ортосунда атышуу башталган. Бул кармаш 4 саатка созулуп, Баткен РИИБүсүнүн жетекчиси К. Султанов жарадар болгон.

  • Баш оонанын 24үндө президент Аскар Акаев 1999-жылдын 11-августундагы бандалык күчтөрдү жок кылуу боюнча чыккан жарлыкты аткарбаганы үчүн генерал-полковник Мырзакан Субановду кызматтан алган. Коргоо министри болуп генерал Эсен Топоев дайындалган.

  • 29-числодо Өзбекстандын аскер аба күчтөрү Алай районундагы Кара-Тейит айылына бомба таштаган. Натыйжада айылдын 3 тургуну каза таап, 10го жакын үйлөр бузулган. 118ге жакын ар кандай имараттар жараксыз абалга келген.

  • Аяк оонанын (сентябр) 13үндө жогорудагы окуяга байланыштуу президент Аскар Акаевдин буйругу менен Баткен району облус макамын алып, анын курамына Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору жана Кызыл-Кыя шаары киргизилген.

  • Арадан эки ай өткөндөн кийин тогуздун айынын (октябр) 25инде барымтадагы 4 жапон геологу тилмеч Ө. Жанакеев жана генерал А. Шамкеев туткундан бошотулган.

Ошол кездеги басма сөзгө чыккан маалыматтарга таянсак, бул куралдуу кагылыш 35ке жакын жараныбыздын өмүрүн алып, бир нечесин жарадар кылган. Куралчан адамдар кийинки жылы Өзбекстан тараптан Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кирип келишкен. 11-сентябрда ИИМдин атайын кызматы менен алардын ортосунда атышуу жүрүп, куралчандар толугу менен жок кылынган. Бул кармашта кыргыз милициясынын эки кызматкери: ага лейтенант Муратбек Туйтунов менен сержант Мирдин Түгөлбаев курман болгон.