СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сааттар

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ар кандай тарбиялык сааттардын иштелмелери

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттар»

Сабактын максаты:  Аалам алпы чынгыз Айтматов




Сабактын максаты:
1. Ч.Айтматовдун дуйно мамлекеттеринин жана элдеринин арасында таанылышынын фактыларын уйротуу.
2. Окуучулардын дуйно таануусун, суйлоо кондумдорун калыптандыруу, Ч.Айматовдун чыгармачылыгы боюнча маалыматтарын кенейтуу.
3. Оз элинин улуу инсандарынын омуруно, чыгармачылык ишмердуулугуно шыктануу сезимин ойготуу. Алардан улгу алууга ундоо.


Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун суроттору. Белгилуу адамдардын ал жонундо айткан создору жазылган плакат.


 Сабактын журушу:

1. Уюштуруу:
Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):
1.убакытты баалай билуу;
2.активдуу катышуу;
3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо;
4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо;
5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.





2. Мугалимдин созу:
12-декабрда Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 85 жылдык мааракесин кыргыз эли эле эмес буткул дуйно жузу белгилегени турат. Анын омуру чыгармачылыгы боюнча соз кылып кетели
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) – кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, кыргыз ССРнин эл жазуучусу  (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.
Балалыгы
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт. 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.
Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.



3. Топтордо иштоо:
Класска сары, кызыл, жашыл карточкалар таркатылып берилет. Карточкалардын тусуно жараша класс окуучулары уч топко болунушот. Ар бир топко тапшырмалар берилет. Алар чогуу талкуулап , жообун бир окуучу чыгып айтып берет.

1-тапшырма:Ч.Айтматов же анын чыгармалары жонундо белгилуу адамдардын ой-пикирлерин же жазган ырларынан корком айтып бергиле.
М. «Жамийла- дуйнодогу махабат жонундогу эн сонун баян» (Луи Арагон) ушул эле чыгарма жонундо «Суйуунун гимни» (А.Стиль)
Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн отличниги Айым Талгатбек кызы "Жылдыз өчпөйт" эскерүү ырын жазган. 2009-жыл. ж.б.2-тапшырма:
1-топко: Жазуучу тузгон жаныбарлардын образдарын атагыла.
Жооп:Гулсарат, Акбара, Ташчайнар, Каранар, Бугу Эне, Жаабарс…
2-топко: Жазуучу тузгон балдардын образдарын атагыла.
Жооп: Самат, Авалбек, Даул, Анатай, Султанмурат, Мырзагул,…
3-топко: Жазуучу тузгон терс каармандарды атагыла.
Жооп:Кочкорбаев, Орозкул, Ысмайыл, Сегизбаев, Базарбай,…3-тапшырма:
1-топко:Ч.Айтматовдун торт гана каарманы бар чыгармасы кайсы?
Жооп: «Дениз бойлой жорткон ала добот» Орган, Мылгун, Эмрайн, Кириск.
2-топко: «Кыямат»романында Базарбайды соттосонор канча статьяда айыптайт эленер?
Жооп: Экологияга зыян келтиргендиги учун, далилсиз адамды куноологондугу учун, уй-булодогу зордук-зомбулугу учун.
3-топко:Сыр сандык. Бул сандыкттын ичиндеги зат эки адамды бактылуу кылат. Ал эмне?
Жооп: «Кызыл алма» Бактагы эн акыркы кызыл алманы болушуп жегендер бактылуу болот деп айтылат чыгармада.

4. Жыйынтыктоо:
  Кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айматов озу отсо да , экинчи омурун жашап жатат деп айта алабыз. Ага биз окуучулар, алтындан эстелик тургуза албасак да, чыгармаларын окуп омур бою аздектеп, алардан озубузго эн жакшы таалим -тарбия  алып, келечегибизге жол тапсак болот.









Сабактын темасы: Ата мекенге болгон кусалык деген эмне?

Билим берүүчүлүк максаты:

  • Окуучуларга гимн, герб, туу(желек) жана конституция түшүнүктөрү жөнүндө маалымат берүү;

  • Кыргыз туусунун, гербинин жана гимнинин символикалык касиеттери жөнүндө маалымат;


Өнүктүрүүчүлүк максаты:

  • Окуучулардын маалыматтык маданиятын калыптандыруу;

  • Мамлекеттик символика жөнүндө маалыматтарга жана түшүнүктөргө талдоо жүргүзө билүүгө, алардын маанисин, маңызын туура жана так аныктай билүүгө үйрөнөт;


Тарбиялык максаты:

  • Окуучуларды өз Ата Мекенинин мамлекеттик символикасын мекенчилдик рух менен таанып билүүгө үйрөтүү;

  • Ата мекенине сыймыктануу сезимин ойготуу;

  • Топтордо өз ара байланышта иштей билүү көндүмдөрүн калыптандыруу;


Сабактын тиби: Жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болу сабагы.

Сабак өтүү ыкмасы: Таанып-билүүчүлүк маалымат берүү, топтордо иштөө, аңгемелешүү.

Сабактын планы:

  1. Кыргызстандын символдору;

  2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби;

  3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу;

  4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни;

  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Негизги түшүнүктөр: герб, гимн, туу(желек), конституция, көзкарандысыздык, мамлекет, эгемендүүлүк.

Сабактын жабдылышы:

  • Сабактын чоң ариптер менен жазылган аталышы (доскага, плаката жа слайда);

  • Кыргыз Республикасынын картасы;

  • Кыргыз респуьликасынын гербинин, туусунун плакаттары;

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекетти гимнинин текстти, музыкалык жазмасы;

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын китепчеси же плакаты;

Сабак эки бөлүктөн турат:

    1. Топтордо иштөө;

    2. Синквейн түзүү;

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу иштери;

Мугалим:Саламатсыңарбы балдар! Көптөн күткөн коңгуроо да кагылып,

Келди мына жаңы окуу жаңырып!

Быйыл биздин сүйүктүү мамлектебиздин эгемендүүлүккө жетишкенинин 20 жылдыгы. Бүгүнкү өтө турган тарбиялык саатыбыздын темасы ушул салтанаттуу майрамга арналган. Сабагыбыздын темасы доскада жазылган.

Ата Мекен!

Сен ажайып керемет!

Тоодой чалкар, Көлдөй көркөм.

Көк асмандай кепкенен.

Жүрөгүмдөн бөлүп алгыс,

Ак дилимден сүйүүм жангыс,

Ата Мекен – Ата Энем!

деген ыр саптарында биздин Ата мекенибизге болгон сүйүүбүз чагылдырылган.


  1. Таанышуу

1-кадам: Силер столдун үстүндөгү түстүү барактардан өзүңөргө жаккан түсүн тандап алгыла.

2-кадам: Балдар мына силер ар кимиң түрдүү кагаздарды тандап алдыңар. Эми айткылачы эмне үчүн ушул түстү тандап алдыңар? Ал түс эмнеси менен силерге жагат? Кыскача бир сүйлөм менен айтып бергилечи.

  1. Ишке киришүү.

3-кадам: Балдар келгиле тандап алган түтөрүңөр боюнча окшош түстөр топтошуп отургула.

Сары түс – Кыргыз Республикасынын символдору.

Кызыл түс – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби.

Жашыл түс - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни.

Көк түс - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги.

Ак түс - Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

4-кадам: Балдар топторго бөлүнгөнгдөн кийин ар түстөгү топторго тиешелүү тапшырмалар таратылат.

Кыргыз Республикасынын символдору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби,

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө маалымат жазылган баракчалар топторго таратылып берилет.

5-кадам: Балдар ал тексттерди таанып билгенден кийин ар кимиси тапшырмаларын аткарганга киришет. Окуучуларга маркер, ватман кагаздары ж.ж. керектүү каражаттар таратылып берилет да, алар синквейн, долбоор, кластер формасында тапшырманы аткарышат.

6-кадам: Топтор тапшырманы аткарып бүткөндүгүн кол чаап билдиришет. Бардык топтор аткарып бүткөндөн кийин тапшырмаларын жактаганга өтүшөт. Ар бир топтон 1 же 2 өкүл өз темаларын жакташат.

ТЕКСТТЕР


Кыргыз Республикасынын символдору (Сары түс) .


Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттердин герби, желеги, гимни, конституциясы болот. Анткени алар мамлекетти башкы символдору. Кыргыз Республикасынын символдору качан пайда болгон? Кыргыз Республикасы 1990-жылы 31-августта көзкарандысыздыкты алгандан кийин өзүнүн эгемендүү гербине, туусуна, гимнине жана коституциясына жана ошондой эле улуттук валютасына расмий түрдө ээ болгон. Демек, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү, көзкарандысыз мамлекект болгонуна быйыл 20 жыл болду.

Биздин мамлекетибиз мурун Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) деген өлкөнүн курамында болгон. Ага 15 республика кирчү. 15 союздук республикалардын ар биринин өзүнүн мамлекеттик символикалары бар болчу. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин жаңы символоикалардын болушу зарыл болгон.

Символ деген сөз грек тилинен Simdolon (Simbol) деген сөзүнөн алынган. Ал – белги, мүнөздүү белги, уруксат белгиси дегенди түшүндүрөт. Символ – материалдык предметтердин жыйындысынын белгиленген элементин, белгилерди көрсөтүүдө колдонулат. Ошондой эле символ кандайдыр бир ойду, идеяны билдирет.

Биздин оюбузча символ деген бул муундан –муунга берилүүчү буюм, нерсе, окуялардын социалдык жактан белгиленген мазмундуу мааниси: күн, ТОО, дарак, туу, шакек, крест ж.б. түрүндө каралат.

Кыргыз Республикасынын мамлекетти Герби. (Кызыл түс)


Гербдерди өздөштүрүп изилд өөчү илим геральдика деп аталат.

Адамдар гербдерди качан ойлоп табышкан деген суроо жаралышы мүмкүн. Гербдердин тарыхы жүздөгөн жылдар мурун башталган. Байыртадан бери эле уруу башчыларынын мураскерлери өз уруусуна башчылык кылуу менен анын эе тамгасын (белгисин) кошо мурастап келишкен. Мына ушул уруулук белгилер – эн тамгалар геральдиканын башталышы болуп саналат.

Балдар биздин гербдин түзүлүшү кандай белгилерден түзүлгөн , ал өзүнө кандай сүрөттөрдү? эмнелерди камтыйт ? Келигле биздин гербдин курамдык бөлүктөрүн сыпаттап чыгалы. (тоодон чыгап келе жаткан күн, ыйык асмандын ээси тоо бүркүтү – Манас менен Семетейдин Акшумкарынын, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун, касиеттүү Ысык-Көлдүн, буудай менен пахтанын сүрөттөлүшү, түстүн мааниси).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби 1990-жылы 14-январда бекитилген. Авторлору: А.Абдраев, С.Дубанаев.

Кыргызстандын мамлекеттик символу – гербде ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосунда ок мелжиген тону мекендеген кыргызстандыктардын бийик ой-максатын билдирген Ала-Тоо кыркалары, айкөлдүгү жана көрөгөчтүктү туюндура канат жайган тоо бүркүтү ак шумкар, жаратылыштын ажайып кооздугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символу болгон мелмилдеген Ысык-Көл, алтын нурларын чачыратып тоо башынан чыгып келаткан Күн чагылдырылган. Ал эми тегеректин жогорку бөлүгүндө «Кыргыз», төөн жагында «Республикасы» деп жазылган.

Балдар Кыргыз Республикасынын мамлекетти греби кайсы жерлерге жайгаштырылат?


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу (Көк түс)


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кызы түсү эрдиктин жана кайраттуулуктун символун, өзүнүн нурларына бөлөнүп жаткан алтын түспөл күн тынчтыкты, байлыкты, ал эми түндүк – ата-бабалардын үйүн, кеңири мааниде ааламды туюндурат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу – ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кедемеден жасалган. Кызыл түс – эр жүрөктүүлүктүн, каармандыктын, кайраттуулуктун, айкөлдүктүн жана сүйүүнүн символу. Нурларын кырк бөлүнтө чачыраткан Кун – бейкуттукту, байлыкты билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекетти туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы 8-сессиясында кабыл алынган, 5-мартта Өкмөт үйүнүн имаратында салтанат менен көтөрүлгөн.

Туунун авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни (Жашыл түс)


Кыргызстандын дагы бир мамлекеттик символу – гимни.

Гимн – бул салтанаттуу ыр. Кыргызстандын гимни – биздин Ата Мекенибиздин улуулугу жана сулуулугу жөнүндөгү салтанаттуу ыр.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 18-декабрындагы чечими менен бекитилген. кабыл алынган күнү 1992-жылдын 18-декабры.

Гимн конкурстун негизинде кабыл алынган. Бардыгы 5 текст түшкөн. Ошолордун ичинен азыркы ырдалып жүргөн гимнибиз кабыл алынган.

Мамлекеттик гимн – элдин сүйүүсү жана патриоттук сезими чагылдырылган мамлекеттик эң башкы ыр. Ошондуктан гимндин текстинин сөздөрүн ар бир жаран жатка билүүгө жана ырдоого милдеттүү. Аны туруп угушат жана аткарышат. Демек, мамлекеттик гимнди жатка билүү силердин дагы парзыңар.


Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Ак түс)


Конституция деген эмне? Биз мамлекетибиздин конституциясы жөнүндө кеп баштаардан мурун ал жөнүндө билип алышыбыз керек. Дүйнө жүзүндөгү элдердин юридикалык терминологиясына кирип, алардын сөздөрүндө кеңири пайдаланылып калган конституция деген сөздүн латын тилинен алганда эки мааниси бар. Тарыхый түрдө калыптанып калган мааниси – бул негизги мыйзам. Тактап айтканда мыйзам актыларынын өзгөртүлбөс бөлүгү.

Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун өлкө жарандары жалпы талкуулап, 2011-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган. Бул конституциянын мурдагы конституциядан эмне өзгөчөлүгү бар?

Биринчиден, президенттин ыйгарым укуктары чектелди.

Экинчиден, социалдык жана экономикалык программаларды жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөткө чыныгы бийлик берилди.

Үчүнчүдөн, саясий партиялар аркылуу калктын ар кандай катмарларынын өкүлчүлүктөрүнөн турган жана коллегиялуу орган болуп саналган Жогорку Кеңешке маанилүү мамлекеттик милдеттерди чечүүдө башкы ролду ыйгаруу, обьективдүү сот системасын түзүү аркылуу мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ыйгарым укуктарын теңдештирүү жетекчиликке алынды.

Төртүнчүдөн, келечекте мамлекеттик бийликти бир колгоо топтоо менен анны кыянаттык максаттарга пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясы преамбуладан, 10 бөлүмдөн, 114 беренден турат.



2-бөлүк.

Синквейн менен иштөө


Кыргызстан

Эркин, көз карандысыз

Өнүгөт, өркүндөйт, реформаланат

Төгөрөгү төп чакан дөөлөт.

Ата Мекен

Туу

Салтанаттуу, нарктуу

Желбирейт, ыргалат, шердентет.

Жарандык бийик мүдөөнүн символу.

Асаба.

Гимн

Салтанаттуу, ыргактуу.

Ырдалат, шыктандырат, сыймыктандырат.

Кыргыз жеринин бейкуттугун даңазалайт.

Ыр.


Герб

Сыймыктуу, айырмалуу.

Тагылат, белгилейт, шердентет.

Мамлекеттин өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат.

Белги.


Карама-каршы түзүлгөн синквейн.

Кыргыз

меймандос, ынтымактуу.

Эмгектенет, өнүктүрөт, коргойт.

Эң байыркы улуу эл.

Улут.


Кыргыз

Ыкшоо, ырксыз.

Эмгектенбейт, билбейт, ойлонбойт.

Эң байыркы улуу эл.

Эл.

Кыргызстан

Күностүү, эгемендүү.

Өнүгөт, өркүндөйт, реформаланат.

Береке, байлыкка мол өлкө.

Ата Мекен.


Кыргызстан.

Адилетсиз, авторитардык.

Реформаланбайт, өнүкпөйт, курулбайт.

Ырысы чачылган ырксыз өлкө.

Мамлекет.


Сабакты жыйынтыктоо:

Мугалим: Биз Кыргыз Республикасыны көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесине арналып өтүлгөн бүгүнкү сабакта Кыргызстандын символдору – башкы белгилери жөнүндө маалыматтарды уктук жана чогуу талкууладык. Биз аларды билүүгө милдеттүүбүз, анткени алар биздин сүйүктүү Ата Мекенибиздин – эгемендүү кыргыз жергебиздин мамлекеттик белгилери болуп саналат.


Үйгө тапшырма: Кыргыз Республикасынын символикасы жөнүндө окуп, «Менин Ата Мекеним» деген темада эссе жазып, сүрөт тартып келүү.
































Сабактын темасы: СПИД коркунучтуу дарт

Билим берүүчүлүк максаты:

  • СПИД вич инфекциясы жөнүндө толук маалымат алышат.


Өнүктүрүүчүлүк максаты:

  • Окуучулардын маалыматтык маданиятын калыптандыруу;

  • Өзүн ар кандай оорулардан сактай билүугө үйрөнүшөт

Тарбиялык максаты:

Окуучулар тазалыкка, ыймандуулукка тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болу сабагы.

Сабак өтүү ыкмасы: Таанып-билүүчүлүк маалымат берүү, топтордо иштөө, аңгемелешүү.

Сабактын жабдылышы:

Плакаттар, сүрөттөр, маркер ж.б

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу иштери;

  2. Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

  3. Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

  4. Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

  5. 1981-жылы АКШдан жай айында Гаити мамлекетинен келишкен жалаң эркек мейман жарандардан 5 учур далилденген. Дарт героин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы алгачкы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган.СССРде 1985-жылы чет элдик жарандан КИЖКнын (кишинин иммундук жетишсиздигинин козгогучу) биринчи учуру катталган жана маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталып, ал ачык айтылган эмес. 1986-жылы америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен көз жумганы белгилүү болгон. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган.







  1. Акыры БУУ 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргызстанда КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган.

  2. Ооруу тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]

  3. БУУнун "Бириккен программасынын" баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы Жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик, демек, СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки КИЖК алып жүргөн балдардын саны 2,1 миллионго жеткен.

  4. 17 жыл аралыгында Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздик козгогуч жана кабылдоо менен ооругандыгы айтылган. Ал эми 2005-жылга чейин Теңир-Тоо жергесинде СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, 2013-жылы алардын саны 57 адамды түзгөн. Алардын ичинен төртөө ушул дарттан каза болгондор. 2016-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзгөн, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар болгон. ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагылар. Өлкөдө ВИЧ-инфекцияны аныктоочу 46 лаборатория бар. 2016-жылдын 1-декабрына карата өлкө боюнча ретровируска каршы терапияны 2574 адам алган. Алардын ичинен 412си кичинекей балдар. Ал эми шприцти алмаштыруучу 37 пункт иштээри маалым болгон.




Сабакты жыйынтыктоо:

СПИД тилдетин жуктурбайбыз андан алыс болобуз деген темада класстер түзушөт ж.б суроо-жооп менен бышыктап жыйынтыктоо

Үйгө тапшырма: Дилбаян жазып келүү.






























Сабактын максаты:  Рекетчиликти жоюу

Сабактын максаты:
1. Рекетчилик боюнча кенири түшунүк алышат.

2 . Сүйлөө речин, жүрум-турумун, аң сезимин өнүктүрүшөт

3Адептүү, сылык, ыймандуу болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Рекетчилик боюнча маалыматтар, сүрөттөр ж.б.

 Сабактын журушу:1. Уюштуруу:
Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):
1.убакытты баалай билуу;
2.активдуу катышуу;
3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо;
4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо;
5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.

2. Мугалимдин созу:
Акыркы жуманын ичинде Бишкекте жана Ошто мектеп окуучуларынын катышуусунда өлүм менен коштолгон окуя коомчулукту катуу дүрбөттү. Антсе да, ИИМ муну рекетчилик катары сыпаттаган жок. Алардын берген маалыматы боюнча, мектептеги рекетчилик соңку 4 айдын ичинде өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 2 эсеге көп катталган. Адистер муну миграциянын айынан балдардын көзөмөлсүз калуусу менен түшүндүрүшсө, өспүрүмдөр өздөрү бул көрүнүштү мыйзам ченемдүү жагдай катары кабыл алышат.



Атын атагысы келбеген каарман мектепте окуп жүргөн кезинде рекетчиликке кабылып, бирок ата-энесинен, укук коргоо органдарынан жашырып келгенин айтат. Ал: «Мектептеги жогорку класстын балдары тарабынан болгон рекетчилик салт катары калыптанып калган, аны жоюу кыйын», — дейт.

— Мени да чоң класстын балдары тоногон күндөр болгон. Намыстанып, ата-энеме айта алган эмесмин. Айтсаң, коркок, саткын деп ансайын басынтышчу. Телефонду алып коюшат эле. Ал кезде милицияга арыздангандан да коркчумун. Бул мектепте салт катары болуп калган. Жоюу кыйын болуш керек. Анткени, кичинекейлер чоңдордон эмнени көрсө, алар да өзүнөн кийинкилерге ошол нерсени жасашат да.

Тилекке каршы, жогоруда айтылгандай көрүнүштөр мектептерде байма-бай катталып келгенин социалдык тармактардагы билдирүүлөр, күн алыс маалымат каражаттарына чыгып жүргөн окуялар тастыктай алат. Айрым учурда өлүм менен аяктаган өкүнүчтүү учурлар да бар. «Ушул жуманын ичинде катталган, мектеп окуучуларынын өлүмү менен аяктаган Бишкек жана Оштогу окуя азырынча рекетчилик деп сыпатталбайт», — дейт Коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Рашид Карабаев. Анткен менен мектептеги рекетчилик эки эсеге өскөнүн алар да моюндайт.

— Бишкек шаарындагы жана Оштогу фактыны рекетчилик деп айта албайбыз. Алдын ала териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, анда өспүрүмдөр ич ара тил табыша албай уруша кетип, аягы ошондой болгон. Бирок рекетчилик боюнча айта турган болсок, ушул жылдын 4 айындагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 эсеге көп. 4 айдын ичинде эле 50дөй факты катталган.

Рашид Карабаев көрсөткүчтүн көбөйгөнүн мурда ачыкталбай калган фактылардын акыркы жылдары аныкталып жатканы менен түшүндүрөт. Анткени, ар бир мектепте атайын кутучалар орнотулган. Ага ата-эне, окуучулар арыздарын таштай алышат. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева мындай көрүнүштү коомдогу терс көрүнүштөрдүн көбөйүшү, миграциянын айынан балдардын көзөмөлсүз калуусу менен түшүндүрөт.

— Миграция күчөдү. Анын кесепетинен балдар ата-энесинен алыс өсүп, психикасы бузулуп калган учурлар бар. Чоң ата-чоң эненин колунда калып, айрым учурда көзөмөл жок болуп жатат. Ушундай факторлор да жаш өспүрүмгө таасирин тийгизүүдө.

Психологдордун айтымында, ата-эне балага таалимди 13 жашка чейин берип калышы керек. Андан кийинки куракта, өзгөчө өткөөл мезгилде тарбия берүү оорлоп кетет. Ошондуктан, мектептеги рекетчиликте ата-эне айтканы менен балага ошол убакытка чейин сүйүү, гармония, ынтымак деген сыяктуу сезимдер сиңирилбесе, кеч болуп калат. Билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жооданбеков: «Зөөкүрлүк» мода болуп турган заманда балдарга билимди, маданиятты мода кылмайынча күрөшүү оор», — дейт.

— Тилекке каршы, жаштар арасында агрессия күч алды. Азыр акылдын, билимдин модасы эмес, зөөкүрлүктүн, кара күчтүн заманы болуп жатат. Мындай шартта балдар да ошол нерсени кумир тутуп жашап калышат. Аны акыркы кездеги окуялар тастыктай алат. Анын кесепетинен элибиздеги «улууга урмат» деген сыяктуу жакшы көрүнүштөр да жаман жолго колдонулуп, улуу класстын балдары кичүүлөрүн баш көтөртпөй жат


    1. Жыйынтыктоо:
       рекетчилик боюнча суроо –жооп

    2. Үй тапшырма: Дилбаян жазып келүү.





















ТЕМА: ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРдын зыяндуулугу

Сабактын максаты: Жардырылуучу каражаттарды колдонууда анын зыяндуулуктары жөнүндө кеңири түшүнүк алышат

Билим билгичтигин, аң сезимин өнүктүрүшөт.

Адептүүлүккө, достукка, тазалыкка тарбияланышат.

  Жаңы темага киришүү:

Жыл тогошордо «жарк-журк» эткен пиротехникалык каражаттарды колдонуу бизде салтка айланган. Калктын тили менен айтканда, «салюттар» майрамдык шаңга шаң кошот. Бирок туура эмес колдонсо, кырсыктарга, ал тургай адамдардын майып болуусуна чейин жеткирет. Андыктан «салюттарды» туура колдонуу эрежелерин эсибизге түйүп алалы...

ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТ
Бул – жарылууда пайда болгон учкундардын негизинде адамдарга өзгөчө маанай тартуулоочу каражат. Курамын күйүүчү жана жарылуучу заттар түзгөндүктөн, күйгүзүп, өрттөп, сындырып, кыскасы, кырсык жаратуучу күчкө ээ. Ошондуктан колдонууда бардык эрежелерди так сактоо керек.

ТҮРЛӨРҮ
Пиротехникалык каражаттар эки түргө:
 техникалык багытка жана өз алдынча колдонууга ылайыкталып жасалат.
1. Техникалык маанидеги пиротехникалык каражаттар бул – майрамдарда, концерттерде колдонулуучу түрү. Муну атайын окуудан жана даярдыктан өткөн колдонуучулар гана иштетүүгө тийиш. Себеби мындай фейерверктердин курамы чоң өлчөмдөгү жарылуучу заттардан турат.
2. Өз алдынча колдонууга ылайыкталган пиротехникалык каражаттар бул – жалпы эл колдонууга ылайыкталып даярдалган түрү. Демек, ар ким өз алдынча колдоно алат. Бирок кутунун сыртындагы көрсөтмөлөрдү так аткаруу керек.

НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР
Пиротехникалык каражаттар жарылуучу заттардын катарына киргендиктен, аны туура эмес колдонуу адамдын денесинин күйүп калуу, электромагниттик нурдануудан жабыркоосу (нерв системдерине, жүрөк ооруларына, бойдон түшүп калуу ж.б) сыяктуу түрдүү кырсыктарга, ооруларга себепкер болот. Жарылуу учурунда кээ бирлеринин температурасы 3000 градустук ысыктыкка чейин жетет. Мындай күчкө ээ каражат 100 метр бийиктикке көтөрүлүп, радиусу 20 метрден жогору учкундары айланага чачырайт. Андыктан кырсыктарды алдын алуу үчүн төмөнкүлөр эсиңизде болсун:

ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР КУБАТТУУЛУГУНА
ЖАРАША ТИПТЕРГЕ БӨЛҮНӨТ:


САТЫП АЛУУДА...

  • Эң биринчи пиротехникалык каражаттардын кутусунун сыртында колдонуу эрежелери боюнча көрсөтмөлөр толук жана сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз.

  • Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдашып калса, эч качан албаңыз. Нымдашып калган пиротехникалык каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунучу бар.

  • Чыгарылган мөөнөтүн караңыз. Качан чыгарылган жана кайсы күнгө чейин жарамдуу экендигине көңүл буруңуз.

  • Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы мүмкүн.



  • Сатып алган соң суу кылып алуудан сактаңыз. Эгер ным болуп калган болсо, колдонбостон балдар жетпеген жайга ыргытып же көөмп жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү аспаптардын жанына коюу ар кандай кырсыкка жол ачат.

  • Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана кичине балдар жетпеген жайда сактоо керек.


КЫСКАЧА
Пиротехникалык каражаттын эң коозу – фейерверк. Бул немисчеден которгондо «фейер» – «от» жана «верк» – «иштөө» дегенди түшүндүрөт.
Фейерверк немис тилинде дүйнөгө жайылгандыктан, немистер ойлоп тапкан дешиңер мүмкүн. Бирок алгачкы фейерверкти 12-кылымда кытайлыктар ойлоп табышкан.
Салют менен фейерверк синоним катары айтылып жүрөт. Бирок бул туура эмес. Себеби салют аскердик улуу инсандарды эскерүү же мамлекеттик жогорку кызматтагы кызматкерлердин иш сапарындагы салтанаттарда артиллериялык же ок атуучу куралдан атылат.



 Бышыктоо: Пиротехникалык каражаттар боюнча суроо-жооп менен бышыктоо

Үй тапшырма: Түшүнугүн айтып берүү










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!