СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сааттардын иштелмелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат: Ыйыктыктан бийиктикке

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттардын иштелмелери»

Сабактын темасы: Ыйыктыктан бийиктикке

Классы: 6-класс

Сабактын максаты:

Окуучуларга кыргыз элинин каада салттары, ыйык нерселери жонундо маалымат беруу жана окуучуларды Ата Мекенди суйууго ундоо.

Сабакты уюштуруу:Класста жагымдуу маанай тузуу.

Дүйнө жүзүндө жашаган ар кандай улут өзүнүн материалдык жана рухий дөөлөттөрүнө ээ. Ал эми рухий дөөлөт же рухий байлык улуттун, элдин жашоо-турмушун коштоп, ички сезимден, маданияттан, улутка таандык болгон асылдык сапаттардан, ал элдин жандуу жана жансыз жаратылышка болгон мамилесинен, жашоого болгон көз карашынан пайда болот. Элдин рухий маданияты катары анын динин, уруулук курамын, санжырасын, ономастикасын, кыргыз элинин сөз өнөрүн, тилин, адабиятын, улуттук оюндарын жана турмуштук каада-салттарын түшүнөбүз. Элибиздин турмуштук каада-салттары миңдеген жылдарды ичине камтып, байыркы ата-бабалардын рухий дөөлөттөрү улам кийинки муундарга берилип, алымча-кошумчалары менен такталып, толукталып ушул күнгө чейин келип жеткен. Элибизде каада-салт, үрп-адат деген терминдер катар колдонулуп, жалпысынан бир эле түшүнүктү берип тургандай туюлат. Бирок, бул терминдерди чечмелегенде, алар мааниси жана аткарган функциясы жагынан ар башка экенине ынанабыз.

«Салт»- сөзүн жалпылык, туруктуулук мүнөзгө ээ болгон, элибизде кабыл алынып, калыптанып калган жашоонун, жүрүм-турумдун, адамдардын ортосундагы мамиленин чен өлчөмү, көрсөткүчү катары кароого болот. М: Адам жарык дүйнөгө келгенден тартып, аны менен кош айтышканга чейинки турмушун коштоп жүргөн жашоонун ар кандай кырдаалдарында колдонула турган эрежелери: оозантуу, сүйүнчүлөө, азан чакырып ат коюу, жээнтек берүү, бешик той өткөрүү, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу, уул үйлөө, кыз чыгаруу, үй бөлүү, маркумду акыркы сапарга узатуу ж.б. Аталган ар бир салт өзүнчө аткарылуучу жөрөлгөлөрдөн, ырым-жырымдардан турат. Улутту улут катары тааныткан да, башка улуттардан айрымалаган да, өзгөчөлүгүн көрсөткөн да биз жогоруда атаган анын каада-салты болуп саналат. Улуттук каада-салт биздин жашообузду гана кооздобостон, тарбиялык да мааниге ээ болуп, байыркы ата-бабалардан бери келе жаткан улууну урматтоо, ызат көрсөтүү, конок күтүү ж.б. сыяктуу асыл сапаттарга үйрөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.





Салттын пайдалуу жактары катары:

  1. Ата-бабадан келе жаткан салтты сактоо жана аны сыйлагандык;

  2. Улуттук традицияларды сактоо менен өз элибиздин асыл сапаттарын

  3. баалоого үйрөтөт;

  4. Каада-салттар турмушубузду кооздойт;

  5. Жаштардын келечек турмушу тууралуу кам көрүү болуп саналат;

  6. Каада-салтты сактоо ыймандуулуктун, сый-урмат көрсөтүүнүн бир

  7. белгиси;

  8. Ата-энелер той өткөрүп, эки жашка элден бата алып берүүсүн

  9. шарттайт;

  10. Каада-салттарды бир муундун өзүнөн кийинки муунга үйрөтүүсү ар

  11. адамдын парзы болуп саналат;

  12. Ошентип, жогоркуларды эске алып, аша чапкандыкка берилбей каада-

  13. салт орду менен, сакталса гана өз баалуулугун жоготпойт.

Демек, элибиздин кылымдардан бери келе жаткан рухий мурасы катары саналып, башка улуттардан айрымалап, турмушубузга көрк берип, жаш жеткинчектерди тарбиялоодо өз салымын кошуп келе жаткан улуттук каада-салтыбызды орду менен колдонуу, кийинки муундарга жеткирүү ар бир кыргыздын милдети болууга тийиш.

Курманжан Датка (1811-1907)

Тарых акырында улутун элестеткен баатыр болгон бир топ коомдук ишмер аялдарын эсте сактайт. Мурдагы миң жылдыктагы чыгыш элинин аялдарынын арасынан чыккан өзгөчө ачык инсандардын бири Маматбек кызы Курманжан датка өзгөчө жол башчы болгон, эл арасында Курманжан датканы “алай ханышасы” деп аташкан. Саясат майданында көрүнүктүү из калтырган, анын элдин тарыхынан ажырагыс аты, улуттун энесиндей акылмандыгын элестеткен, өзүнүн жанын аябай жана асылзаттык сапаттарын кыргыз аялдарына гана эмес, башка да чыгыш аялдарына да көрсөткөн. 50 жыл арасындагы башкаруусунда ал өзүнүн элин бириктирүүгө, чачкында жана четте калгандыгына каршы туруктуу күрөш алып баргандыгы менен өзүнүн замандаштарынын абдан чоң урматтоосуна татыктуу болгон. Курманжан датка өмүр бою күйөөсүнө бекем болуусунан тышкары күйөөсү Алымбекке да жардамчы болгон. Алай ханышасы атка күйөөсү каза болгондон кийин конгон. Күйөөсүн өлтүрүп кеткенден кийин, букаралык амирдин жардамы менен Худояр деген Кокондук хан “Датка” деген ардак наамын берген. Кыргыз элинин Даңктуу кызы баатырдык менен элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алдыга чыккан. Оор жана ошол эле убакта бактылуу көп жыл жашап (96 жыл), чыныгы улуттун сыймыгына турган.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!