СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак»

Тема: Бекем уй-булө- ишенимдуу келечек

Сабактын максаты:

А) Уй-булодогу ата-энеге, бир тууганга кантип мамиле тузуунун бир канча эрежелерин билип алышат

Б) Уй-булө, коом жөнундө айтылган макал-лакаптарды анализдеп, талдашат

В) Ишенимдуу келечекти кимдер тузөөрун билип, силер да бекем уй булөнун картасын тузуугө тарбияланышат

Керектелуучу каражаттар: Сурөттөр, макалдар, тсо слайд, шашки, аркан тартмай оюндары,колдо жасалган боз үй, колдо жасалган жүрөкчө

Колдонулган усулдар: Суроо жооп.көрсөтмөлүүлүк борборлордо иштөө, мээге чабуул, презентация

Сабактын тиби: Активдүүлүк борборундагы жуурулуштурулган сабак

Сабактын жүрүшү:

Мугалим: Дайым ачык кабагым ,

Дайым даяр сабагым.

Ак ниеттуулук каалаймын,

Арыбагыла балдарым! Бар болуңуз эжеке!

Маанайыңар кандай? Маанайыбыз эң сонун. Маанайыңарды мындан да көтөрүп алуу максатында биз сыймыктанган келчектүү уулубуз Элдияр “Балалыгым” чыгармасын аткарып берсе.

Азаматсың, Элдияр. Өнөрүң өркундөп, талантың ташкындай берсин.

Анда эмесе сабакта алтын эреже кабыл алып алалы.

Балдар доскага илишет.

Үйгө берилген тапшырма суралат.

Силерге үйгө үй-бүлөңөр жөнүндө үй бүлөңөрдү кагаз бетине чагылдырып келүү болгон эле.

Азаматтар, абдан сонун кылып тапшырмаларды аткарыпсыңар. Кана ким сүйлөп берет.

Улуу акылмандар мынтип айтышкан.

Бакка отурган чымчык эч качан бутак сынат деп коркпойт. Анткени ал бутакка эмес, өз канаттарына ишенет. Ар дайым өзүңөргө ишенгиле. Ишеним-ийгиликтин көпүрөсү. Ар бирибиз өзүбүзгө ишенип, мен айткан табышмакты таап көргүлөчү.

Бул сөздү бардыгы билишет. Бирок, эч нерсеге алмаштыра алышпайт. Сенин кубанычыңда ийгилигиңде жаныңда болушат. Сени дайым колдошот.

Мугалим:Сөз кимдер жөнүндө болуп жатат?

Окуучулар: Албетте үй-бүлө.

Үй-бүлө деген бир үйдө түтүн булатып жашайт. Биздин ата-бабаларыбыз боз үйдө жашаган болсо, а азыр заманбап үйлөрдө жашап жатышат. Сабагыбыздын башында үй, үй- бүлө жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Силер бүгүнкү сабагыбыздын темасы кандай болот деп ойлойсуңар?

Келгиле чогуу окуйлу. Бекем үй-бүлө-ишенимдүү келечек.

Азаматтар.

Анда бүгүнкү сабактын максаты менен тааныштырсам.

Балдар, силер буга чейин

Бакыт деген эмне?

Бактылуу үй-бүлө кандай болот?

Үй-бүлөдө ким көбүрөөк мээримдүү болуш керек?

Ишенимдүү келечекти кимдер түзүш керек? Деген суроолордун үстүндө ойлонуп көрдүңөр беле?

Слайд көрсөтүлөт.

Бекеринен адамдын эң чоң байлыгы бекем жана тынч үй-бүлөдө жашоо деп айтышпаган экен.

Шыктандыруу көнүгүүсү.

Слайд көрсөтүлөт.

А силер түшүндүңөрбү Сайкал эне эмне дегенин?

Жанара сиңдисине кандай мамиле жасаш керек эле?

Өзүңөрдөн кичинелерге кандай мамиле жасашыңар керек?

Силер да Жанарага окшош эмессиңерби?

Эгерде Жанарага окшош болсоңор анда силерге эскертүү

Ар бир үй-бүлө кичинекей мамлекет. Ал мамлекеттин бактылуу жана бакубат болушуна ар бирибиздин салымыбыз бар. Бир туугандар бири-бирибизди байке, эже, ага-ини, карындашым, сиңдим эле деп турсаңар ал үй-бүлөдө уруш талаш жок болот. Ынтымак болгон үй-бүлөдө ишенимдүүлүк өкүм сүрөт.

Арууке менен Айша эненин үй-бүлөсүн айтып жатып турмуш сабактарынан окуган бир баян эсиме келип кетти.

Илгери бир шаарда устат шакирт чогуу жашап калышат. Устатынын айткандарынын баары эле туура чыгат экен. Ошондо шакирти устатымдын жаңылган күнү болор бекен деп устатын жаңылтуу үчүн колуна көпөлөк алып устатынын жанына келет. Колундагы көпөлөктү аяр кармап, айтыңызчы устатым менин колумда кандай көпөлөк бар? Тирүүбү же өлүүбү дейт. Эгер устаты өлүү десе колдорун жумуп көпөлөктү өлтүрмөк. А эгер өлүү десе колун ачып учуруп жибермек. Ошондо устаты шакиртинин колуна карабастан, жанына келип, баары сенин колуңда. Балам сен кандай кааласаң ошондой болот дейт.

Демек балдар Аруукенин үй-бүлөсүндөй бекем үй-бүлөдө жашоо. Бир туугандарга сый мамиледе болуу, чоң ата ,чоң энесин, ата-энесин сыйлоо ар бириңердин колуңардан келет.

Ушундай акылман устатты да эне төрөгөн, эне тарбиялаган да ошондуктан да

МАКАЛДАРДЫ ЧЕЧМЕЛӨӨ (доскада)

Менин сүйүктүү окуучуларым силер ар дайым креативдүү ойлонуп, каада-салтыбызды унутпасаңар гана ишенимдүү келечекти кура алабыз.

Коом деген бул-адамдардын бир мейкиндикте жайгашкан убакыт боюнча өсүп-өнүккөн чөйрөсү. Биз бактылуу чөйрөдө ,эгемендүү эркин мамлекетте жашайбыз. Ушул бекем, бактылуу коомдо жашообузга улуу ата мекендик согуштун ардагерлеринин, врачтардын, мугалимдердин,дыйкандардын, маданият кызматкерлеринин, негизи эле ата-бабаларыбыздын орду чоң. Коом деген сени менен менин жашап жаткан чөйрөбүз. Аны Аруукенин,Акылбек атанын, устат менен шакирт сыяктуу адамдардын үй-бүлөлөрү түзөт.

Эми балдар бүгүнкү сабактан алган таалим тарбияңарды туура анализдеп жыйынтык чыгарышыңар керек. Берилген суроолорго жообуңарды сөзсүз ата-энеңерге, бир туугандарыңарга айтып бергиле.

Бышыктоо:

Топтор менен иштөө: аркан тартмай оюну, шашки оюнунун суроолоруна жооп берүү жана АЖППОК толтуруу

Суроолор: Келгин куштарды жармаштырышат

1.Аруукенин үй-бүлөсүнүн ички мыйзамдарын кабыл алсаңар болобу?

2.Акылман устаттын шакиртине айтканы силерди кандай ойго салды?

3.Бүгүнкү сабакта айтылган макалдардан кайынысын эстеп калдыңар?

4.Жанара менен Динаранын окуясынан кандай жыйынтык чыгардыңар?

5.Бактылуу коомду түзүүгө кантип салым кошсок болот?

Жыйынтыктоо: Бүгүн сабакта коюлган максатка жеттикпи балдар?

Урматтуу менин күмүштөй болгон кыздарым, алтындай болгон балдарым

Кыргыздын бийиги-адам

Медери-бала,байлыгы-сөз,шаары-үй-бүлө,тилеги-ыйман,тиреги-намыс.аздеги-ат.турагы-боз үй, акылы-макал,булагы-билим,чырагы-илим,урааны-Манас,намысы-нарк,туткасы-салт,байрагы-кызыл туу, билим бешиги-мектеп,көчү-турмуш,калкасы-кайрымдуулук бири-бирибизге боорукер бололу. Бекем үй-бүлөдө ишенимдүү келечекте жашоо кечирели.



Үйгө тапшырма: Менин үй-бүлөмдүн мыйзамы деген темада чакан эссе жазып келүү.