СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бек-Абад  айылынын   тарыхы,маалыматтар

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак»

Сабактын темасы:Бек-Абад айылынын тарыхы.

Сабактын максаты: 1.Окуучулар Бек-Абад айылынын тарыхы жөнундө тушунук алышат.

2.Окуучулар өздөрунун туулуп-өскөн жерин суйушөт,жан-дили менен берилуугө тарбияланышат.

Сабатын жабдылышы:сурөттөр,буклеттер.

Сабактын журушу: Уюштуруу...

Жаны тема:

Бек-Абад айылы административдик жактан С.Атабеков айыл өкмөтунө караштуу аймак.Ал облустун борборунан туштугурөөктө 14 км аралыкта,ал эми Өзбек Республикасынан туштук-батыш тарапта орун алган.Бек-Абад айылы тундуктөн Ырыс айыл өкмөту менен тундук-чыгыштан Барпы айыл өкмөту менен,о.э.Чангет-Сай суусу менен чектешет.

Уламыштарга караганда айылдын жөнундө ар кандай ойлор айтылат.Алардын бири төмөндөгучө баяндалат.17-19 кк азыркы Бек-Абад айылы турган жерлер аркылуу Булак -Башы,Андижан,Кува,Шахрихан, Чын-Абад шаарларынан соодагерлер ,көчмөн уруулар ж.б. элдер өтуп турушкан.Ошол кезде бул жерлер саздуу,камыштуу өздөштурулбөгөн иретсиз жерлер болгон.Камыштар жана бадалдар өсуп турган.Соодагерлер жана малчылар ушул жерлерде отуруп тыныгып,эс алып өтушчу.

Азыркы Бек-Абад айылынын “Семетей” универмагынын ордунда чон,бийик дарак болгон экен.Ал жерден 5-6дан адам узулбөгөндөн ошол жерди алгач “баягы беш банги “отурган жер деп аташкан.Ошондон улам бул жердин алгачкы аты “Беш-Банги” деп аталган.Бара-бара эл 19-кылымдарга карай отурукташа башташкан.Бадалдуу,камыштуу жерлерди өздөштурө башталган.Алгач отурукташкан элдер уй алачыктарды тигип жашашкан.Бул жерге отурукташкан элдин 19-кылымдын 40-жылдарында 100250 тутун уй-булө жашаган.Кокон ханы 19-кылымдын 60-жылдарында бул аймактарды башкарууну бектерге тапшырган.Бектер элге салык салып турушкан.О.э бектердин келиши менен айылда чонураак уйлөр салына баштаган.Эл:”Бектер келип айыл болду”дешип ,айылдын атын “Бек-Абад” деп атай башташкан.Бек-Айылында алгач отурукташкан элдерге кыргыздар,өзбектер, уйгурлар кирет.

Улуу Октябрь революциясынан кийин,басмачылык кыймыл мезгилинде Калбаев Имин,Мамадалиев Карим деген адамдар баскынчыларга каршы курөшушкөн.

1927-жылы Бек-Абадда алгачкы колхоздор уюшула баштаган.Алар “Кызыл Батрак”, “Намуна”, “Кызыл Байрак” ж.б.

колхоздор болуп,бардыгы 9 колхоз тузулгөн.Айылдын Актачы участкасынан тундуккө карай бөлугу 1931-жылы “Ленин”колхозу болуп уюшулуп,Орунбаев Матраим жетектеген.Айылдын ортонку бөлугу “Куйбышев” колхозу болгон.Бул колхозго Абдумухтар Абдукахаров раистик кылган “Социализм” колхозуна Камбаров Куват раис болгон.1940-жылы колхоздор “Жиде”, “Эркин” колхоздоруна бириктирилген.1959-жылы Бек-Абад айылындагы колхоздор “Эркин” колхозуна биригип,ага Ибраимов Иляз жетекчилик кылган.1962-жылы ушул колхозго Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу,эмгекчил инсан Сайпидин Атабеков жетекчилик кыла баштаган. Ал 1976-жылга чейин башкармалык кылган.1936-жылы Бек-Абадда МТС ачылып,ал 1937-жылы иштей баштаган.Ага Набирович жетекчилик кылган.1937-жылы биринчи медициналык пункт ачылып иштей баштаган.Бек-Абадда биринчи совет мектеби 1927-жылы иштей баштаган.Бек-Абаддагы алгачкы мектеп С.М.Кировдун ысымына коюлган.Ага Мырзаев Куватбек агай директор болгон.1947-жылы мектепке Шамшиев Бурханали агай директор болгон.Андан кийин Стамкулов Икрам агай,Нурбеков,Быржанов Советбек агай,Карабажаков Хизир агай,Хайтбаева Токтошхан эжеке,андан кийин Шарипбеков Бегали,Шукуралиев Мамат агай,Мырзалиев Ырысбай агайлар директорлук кызматта узурлуу эмгектенишкен.

1962-1967-жылга чейин Киров мектеби Бек-Абад орто мектеби деп аталды.

1985- жылы сентябрь айынан мектеп экиге бөлунуп,”Интернационал” жана С.Атабеков атындагы мектеп болуп калды.

Азыркы кундө Бек-Абад айылында 10826 га жакын калк жашайт.2239 дан ашуун кожолук бар.Бек-Абад айылында кыргыздар,өзбектер,уйгурлар,хемшилдер,кашкарлар ж.б.улуттар жашашат.

Социализм участкасында кыргыздын кыпчак уруулары,ал эми борбордук бөлугундө өзбектер,уйгурлар,бостон, найман,жоо кесек, жогорку бөлугундө актачы уруулары жашашат.
Бек_Абад айылы аркылуу 1970-жылы Ош-Бишкек жолу курулган.Бек-Абад айылында өнуккөн айыл чарбасы болгон. Каз тамандуу тракторлор ж.б.айыл чарба техникалары бар эле. Колхоздо уй,кой,тоок,жылкы өстурулгөн.
1974-жылы Бек-Абадда участкалык оорукана,1979-жылы 10 орунга ылайыкталган төрөткана,фельдшерлик,акушердик бөлумдөру ачылган.Азыркт кундө Бек-абад айылында 7 аптека,бир нече соода туйундору,2 чон супермаркет,такта иштетуучу жана бир нече курулуш керектөөчу материалдарды сатуучу дукондөр,2 он бир жзылдык мектеп,1 балдар бакчасы,7заманбап ашканалар,почта бөлуму,аксакалдар кенешинин имараты бар.С.Атабеков айыл өкмөтунун имараты айылдын борборунда жайгашкан.
(МААЛЫМАТТАР АЙЫЛДЫН ТУРУКТУУ ТУРГУНДАРЫ СУЙӨРКУЛ АКСАКАЛДАН,ОРУНБАЕВ МАНАП АГАЙДАН АЛЫНГАН)

БЫШЫКТОО:СУРОО-ЖООП ИРЕТИНДЕ.