СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабактар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабактардын иштелмелери

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабактар»

7-КЛАСС ҮЧҮН

ТАРБИЯЛЫК САБАКТАР

7-класс

(жыл бою 34 саат, 4 саат класс жетекчинин ыктыярындагы саат)

1 сабак

СООЛУТПА ЖАНДЫ, СОО БОЛСУН ДЕСЕҢ АТА ЖУРТ!

Сабактын максаты:

Окуучулар арактын зыяндуулугун, анын адам жашоосуна тийгизген таасирин түшүнүшөт. Арактын Ата журт темасына кандай байланышы бар экендигин билишет. Арак ичпөөгө, адептүү, патриот инсан болууга тарбияланышат. Арактын кесепетинен турмуштагы пайда болгон көрүнүштөрдү байкоого, баамдоого, андан жыйынтык чыгарууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Ичкиликтин зыяндуулугу жөнүндө жазылган лозунгдар, ар түрдүү арактын бөтөлкөлөрү, арактын айынан көчөдө тентип жүргөн, кылмышка баргандардын сүрөттөрү, Э.Балтагуловдун «Ичпечи апа» ырынын диски.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Эмил Балтагуловдун «Ичпечи апа» деген ырын уктуруу менен башталат. Ыр уктурулуп бүткөндөн кийин окуучулар эки топко бөлүнүп 1-топ «Арактын зыяндуулугу», 2-топ «Арактын пайдасы» деген темада кластер түзүшөт. Түзгөн кластерлерин жалпы талкуулашат. Мугалимокуучуларга «Соолутпа жанды, соо болсун десең Ата Журт!..» деген темада лекция окуйт же 5 мүнөттүк эссе жаздырып, каалоочуларды класста окутса да болот.

Сый тамак

Кыргыз эли меймандос келет эмеспи. Көптөгөн аш-тойлор ар бир үй-бүлөдө өткөрүлүп келет. Баарынан аянычтуусу – ошолордун баары, жадагалса, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты да ичимдиксиз өтпөй, арактын сыйлуу тамактардын бирине айланып калганы, илгертен бери атадан балага, урпактан урпакка мурасталып келген салт-санаа, үрп-адаттарыбыздын башка нукка бурулуп, башкача мааниге ээ болушу. Той берген адам арак-шарапты мол берсе, «О-уу, кыйын экен, өткөн тойдо жашиктеп арак берди, март адам экен!» - деп, көпкө дейре макташат. Дасторкон четинде отурганда, жакшы каалоо-тилектер араксыз айтылбайт. Сөзсүз колго стаканды карматып: «Ичпесең таарынам, ачууңду калтырба!» - дешип, бирибирин кыйнамай.

Адатка айланган көрүнүш

Өкмөт берген пенсия, жөлөк пулдардын айрым учурларда чыныгы ээлерине жетпей калып жатканы эч кимге деле жаңылык эмес. Азыр өкмөт акенин ченепбычып бергендерин орто жолдон «тоноп», жолбун иттерге окшоп көчө таптап, бир бурчка чогула калышып: «Сен мени сылайсыңбы?» -дешип, бири-бирин «жинди сууга» тойгузмайлар көбөйүп кетти. Мунун баарын өлкөбүздүн сайсийэкономикалык абалына, жумушсуздукка, жашоо деңгээлибиздин төмөндүгүнө байланыштуу десек да болчудай. Анан да, жашоонун татаал шартына нааразы адамдар ызага уугуп, мүңкүрөп турушканда, теледеги жарнамалардан аракты аянбай үгүттөп жатышканын кандайча жорусак болор экен? Арак өндүрүүчүлөрдүн уялбайэтпей туруп, баланча пайызы бюджетке, баланчасы балдар жана карылар үйлөрүнө жардамга кетет дешкени эмнеси?

Сандар сайрайт

Ичке кирсе куйкалаган, адам ичсе жөн турбаган, ойноктотуп буту-колун, сүйлөтүп баары-жогун, жолборстун күчүн берген мөлтүр суюк зат канчалаган адамдын өмүрүн алып, нечендеген үй-бүлөнү зар какшатты, канчалардын жүрөгүнө кир толтурду. Республикалык наркология борборунун берген маалыматы боюнча, аракечтердин саны жылдан жылга өсүүдө. Мисалы, 2005-жылы 2668 адам алкоголизмден жабыркаган болсо, 2006-жылдын жыйынтыгы боюнча, алардын саны 30395 адамды түзгөн. Контрабандалык жол менен алынган, сапатсыз спирт ичимдиктерин ичүүдө пайда болгон психикалык оорулардан жабыркаган, жөөлүгөн адамдардын саны 620 чакты. Ал эми аймактар боюнча бөлүштүрүп карасак, 1000 кишиге Таласта – 49,3, Жалал-Абатта – 22,7, Нарында – 39,2 пайызы туура келет. «эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт» демекчи, аксакалы жайкалган абышкадан тартып кылмурут жигиттерибизге чейин баштары арактан чыкпаса, аларды көргөн жаштардан кандай келечекти күтүүгө болот. 2005-жылы арактын айынан 161 мектеп окуучусу милицияга түшкөн.

Арактын тарыхынан

3-4-кылымдарда Арабстандык бир окумуштуу картошканын калдыктарынан, канттын ширесинен суюктук жасап, аны татып көрүп таң калган. Анан «Мен карыганды жашарта турган, чарчаганды эс алдыра турган укмуштуу эликсирди таптым» деп жарыя кылган. Анын аты араб тилинде «Аль-коголь» кыргызчасы «Баш айланткыч» дегенди түшүндүрөт. Мына ошол күндөн тартып ичимдик коомго кеңири жайылып, убагында ага кайрылбаган жазуучулар, сүрөтчүлөр болгон эмес. Негизги темаларынын бири ошол арак болгон.

«Аракечтин арманы…»

«Кош бол, жаным! Кош бол, жарык дүйнө! Мына акыркы жолу айланага көз чаптырып, көкүрөк кере дем алып жатам. Ырас, бул – жашоомдогу акыркы жолку жүрөгүмдүн согушу. Менин бул дүйнөдө тирүүлөй өлүк болуп жүргөнчө, кара топурак кучактап жатканым оң болор. Себеби, менин эч кимге керегим жок, таянар жөлөгүм да жок. Менден баары эбак эле кол жууп коюшкан. Бирок, Буга ким күнөөлүү?!.. Чиркин жашоо, баарын артка кайра жылдырууга мүмкүн болсо, кайрадан баарын түптамырынан бери өзгөртүп, таптакыр башкача жашамакмын. Бала-бакырамдын чоңойгонун көрүп, күлкү аралаш «ата» деген сөзүн угуп, назик, мээримдүү жубайымдын жанында отурмакмын. Ишимдин үзүрүн көрүп, досторум менен чогуу жүрмөкмүн. Өз убагында түшүнбөй, гүлгө учкан аарыга окшоп, кайдан жүз грамм таап, кайдан моокумумду кандырам деген ой башымды ээлеп алыптыр. Ал ишимдин үстүнөн чыкканда, балын ууртаткан аары сыяктуу, жинденип, аялым кош бойлуу кезинде курсакка тепкеним көз алдыман кетпейт. Мен баарыңардан кетирген күнөөлөрүм үчүн миң мертебе кечирим сурайм. Кечиргиле, мени, кечиргиле… Бардык адамдарга айтарым – эч качан аракечтикке берилбегиле, жеке керт башыңардын кызыкчылыгын ойлобогула. Жанын берген жакындарыңардын келечегин ойлогула, кудайым берген бакытты туура колдонгула. Менин кылган кылыгым, мен жашаган жашоо эч кимдин башына түшпөсө экен. Ал эми мен үчүн бардыгы кеч. Кош бол, жашоо!..»

(Элеонора Абдылдаеванын «Шоокум» журналындагы материалынан

пайдаланылды. 2007-жыл,

Жалган куран)

2 сабак

УЛУТТАР БИРИМДИГИ – УЛУУ БАЙЛЫК

Сабактын максаты:

Окуучулар башка улуттарды сыйлоого, урматтоого тарбияланышат. Кыргыз элинин улуттар аралык ынтымагын чыңдоого салым кошушат.

Сабактын жабдылышы:

Ар түрдүү улуттардын улуттук кийимде түшкөн сүрөттөрү, ырлары ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим сабакты «Улут» деген сөзгө түшүндүрмө берүү менен баштайт. Андан соң окуучулардан Кыргызстанда жашаган башка улуттар жөнүндө билген маалыматтарды угат. Жана төмөндөгү лекциялык материалды пайдаланып теманы түшүндүрөт.

Жер шаарындагы миңдеген элдерге, улуттарга таандык беш миллиарддан ашуун киши адамзатты түзүп турат. Адамзаттын катарында саны миллиарддан ашуун кытайлардын да, миңге жетпеген тофалар сыяктуу элдердин да өз орду бар.

Эчкимге кошулбай өзүнчө бөлүнүп жашоого мүмкүн эместигин, башка элдер менен алакалаш жашоо зарылдыгын бабаларыбыз да туура баамдап, «Жалгыз аттын чаңы чыкпайт, жалгыз эрдин даңкы чыкпайт», «Ынтымак бар жерде ырыс бар», «Айылы аралаштын койукороолош»,«Акылдашкан сагызган айгыр алат»,«Жел желге кошулса жут,элэлгекошулса кут» деген акылман ойлорду жаратышкан. «Манас» эпосунда мындай ойлор көп айтылган. Эпосто он-он беш улуттун аты аталат, бирок бир да улутка тескери пикир айтылбайт. Манас өздөрү келип катылган калмактын балдарын сабаганда бай Жакып:

Азып келип мал күттүм, Алтайым жакшы жер эле.

Эли сонун, ичи кең,

Менин калмагым сонун эл эле - деп жан тартып, уулу Манасты күнөөлөйт. Ал эми кыргыздардын колу Бээжинге аттанып жаткандагы акылман энебиз Каныкейдин:

Уругу кытай улуу журт, Көптүгүн көрсөң кара курт.

Кылым кытай эл деген,

Кыяматка жеткенче

Кылайып душман жеңбеген.- деген сөзүнөн кытай элинин күчүнө, касиетине, мүмкүнчүлүгүнө тан берүү байкалат. Ошондон улам эпосту жараткан ата-бабаларыбыз байланышы болгон бардык элдерге өзүнүн туура баасын берип, өздөрүн алардан артык да, кем да көрбөгөнүн туябыз. Мына ушул жерден авар элинин белгилүү акыны Расул Гамзатовдун: «Дагестанда: ким кошунасын тилдесе ал келесоо, ким башка улутту сөксө - ал өз улутунун акмагы, ким чоочун өлкөнү урушса анда ал өз өлкөсүнүн нааданы дешет» деген сөзүн эске салгыбыз келет. Өз элин гана сүйүп, башкаларга жек көрүү менен мамиле кылган адам акыр түбү өз элин да чанат. Өз элин бекем сүйүп, ага жан аябай кызмат кылуунун да, башка элдерди бөтөнсүнбөй бирдей сыйлоонун да үлгүсүн манастан көрөбүз.

Эпосто андагы катышкан каармандар тилине, тегине, динине, улутуна карап бааланбайт. Буга Алманбеттин мисалын алсак болот, өз элинен качып келип казактарга кошулуп, төрт жыл жан аябай кызмат кылган Алманбет тегерегиндеги бузуктардын сөзүнө алданган Көкчөдөн:

Кытайдан келген кысталак, Кыйыры казак журтума Эмне үчүн кысталат?

Кет десеңер болбойбу,

Жергесине калмактын,

Жет десеңер болбойбу?- деген сөз угуп, ичи муздап, аны таштап кетет. Адилетсиздикке жаны ачыган акылман зайып Агеркеч узата чыгып, кечирим сурап Манас жөнүндө:

Төрүнө өтсөң жектебес, Кейишке салсаң кет дебес.

Бүлүндүрсөң кейибес,

Мүнөзү жумшак мол болгон,

Төгүп жатсаң тосулбас,

Дарыя чалкар көл болгон.- деген маалымат берип, ага барып кошул деген акыркы кеңешин берет. Айткандай эле жандай көргөн Аккуласын тартуулап, Алманбеттин келишине арнап той берип, энеси Чыйырдынын эмчегин эмизип бир тууган кылып алат.

Бабаларыбыз бизге калтырган «Түбү бирге түтпөйт», «Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат» сыяктуу акылман ойлору да ошону бекемдеп турат.

Биздин максат этносуна карабастан бардык граждандары өз мекеним деп сыймыктануу менен эсептей турган эркин, демократиялуу жана бакубат өлкөнү, анда жашаган жана эмгектенгендердин бардыгы үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу болгон өлкөнү куруу. Кыргызстанда жашаган 80 ден ашуун улуттар ынтымакта, достукта жана кызматташтыкта жашоо.

Нуска ойлор

Кең дүйнө - баасын анын билбейсиңер, Кээ бириң « кем дүйнө» деп тилдейсиңер. Жарыктын баасы кымбат бул ааламда, Андыктан тартуу кылат биртке гана.

Чырагым, уктуң беле уламышты: Эки дос бир пендени түзөт деген.

Кеткенде түбөлүктүү өз жайына,

Эки дос достук жибин үзөт деген.

Угуп тур эки достун бул баянын,

Күнүмдүк бул жашоонун сырдуу аягын. Жан-досту, дене-достон бөлүп алып, Жараткан ишке ашырат өз аянын.

Мына ошо эки досуң боюңдагы,

Акылың,эркиң, күчүң оюңдагы,

Муну сен - жан досум деп кабыл алгын. Турпактан жууруп койгон келбетиңди, Муну сен - дене-дос деп билип койгун.

3 сабак

АБИЙИРИҢДИ ЖАШЫҢДАН САКТАГЫН, АДАШЫП ЖАМАН ЖОЛГО БАСПАГЫН

Сабактын максаты:

Абийирдин тазалыгы, адамдык сапаттын аруулугу ачылып, окуучуларга коомдогу терс көрүнүштөргө кайдыгер карабоону, алар үчүн күрөшүүнү үйрөнүшөт.

Сабактын жүрүшү:

Музжаргыч

Окуучулар баракка төмөндөгү суроолорго жооп жазышат. Ар бир жооптон кийин кагазды бүктөп бири-бири менен алмаштырып турушат. Аягында күлкүлүү текст келип чыгат.

  1. Ким?

  2. Ким менен?

  3. Качан? Каерде?

  4. Эмне болушту?

б) көркөм тасма көрсөтүлөт.

Анда коомдогу терс көрүнүштөр – уурулук, тилемчилик, жаш кыздардын өз абийирлерин акчага алмаштыруусу, алдамчылык, дегеле адамдын жүрөгүн өйүткөн, ойго салган жагымсыз көрүнүштөр жөнүндө тартылган. в) мугалимдин кириш сөзү.

Урматтуу окуучулар, коомдун, замандын өзгөрүшү адамдын пейилине, жүрүштурушуна, адеп-ахлагына, аруу ыйманына жараша болот эмеспи. Мына ушул бир нукта өтүп жаткан тагдырдын закымындагы көрүнүштөрдү азыркы көркөм тасмадан көрдүңөр. Көкөй кескен бул көрүнүштү акыл таразаңарда калчап, ой жүгүртүп, өз пикириңерди айтып, сөз кошуп көргүлө. г) Концептуалдык суроо.

  1. Жаман жол менен акча таап, жан багууга турмуштук жетишпестик себеп десек болобу?

  2. Уурулук, алдамчылык, тилемчилик, абийирин акчага алмаштыруунун себеби эмне?

д) «Үч бурчтук» методу.

  1. Проблемалуу тема:

Жаман жол менен акча таап, жан багууга турмуштагы жетишпестик себеп десек болобу?

а) Окуучулар жеке пикирин кагазга түшүрүшөт;

б) Окуучулар жуп-жубу менен пикирлешипойлорун толукташат;

  1. Жоопторго жараша үч топко бөлүнүшөт (болот, болбойт, экөөнө тең кошулам).

  2. Пикирлештер топко бөлүнүшүп талкуу жүргүзүшөт.

  3. Үч топтогу окуучулар өз ойлорун үч түрдүү сыя менен кагазга(ватманга) түшүрүшүп, үч бурчтук формасында жайгашкан столдун үстүнө жабыштырышат.

  4. Окуучулар өз тобу менен башка эки топтун жазгандарын аралап окуп чыгышат. Өз сунуштарын берип, толукташып, суроо коюшуп өздөрүнүн түстүү сыясы менен жазып чыгышат.

  5. Кайрадан өздөрүнүн жазууларын карап чыгышып, толуктоолорду окушуп, түшүнүксүз деп коюлган белги болсо жооп беришет.

  6. Магнитофондон «Нуска сөз» уктурулат.

  7. Өтүлгөн тема боюнча өздөрүнүн ойлорун, сезимин козгогон туйгууларын кагаз бетине түшүрүшөт.

  8. Окуучулар бааланып, мугалимдин жыйынтык сөзү айтылат.

4 сабак

АТА-ЭНЕҢ СЕНИН БЕЙИШИҢ

Сабактын максаты:

Ата-энеге кайрымдуу болууга тарбияланып, адамдык асыл сапаттар калыптанат. Турмуштагы оң, терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдери, көз караштары өнүгүп, өз алдынча ой жүгүртүүгө багыт алышат.

Сабактын жабдылышы: сүрөт, планшет, магнитофон же комуз.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу иштери.

Сабакка окуучулардын ата-энелери да чакырылат, анткени бардык эле учурда ата-эне менен баланын ортосунда турмуштук жагдайлар туурасында же өз ара мамилелер жөнүндө ачык айрым аңгемелешүүлөр боло бербейт. Демек, бул жерде ата-эне баласы жөнүндө, баласы ата-энеси жөнүндөгү ойлор айтылмакчы. Ошондой эле ата-эне баласынын ой жүгүртүүсүнө, жооп беришине баам салат.

Мугалим: Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эрезеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, тарбия -таалим берип өстүрөт.

Бул олтурган балдарыбызга тамак-аш, кийим-кечек бербесек да да ушулар акыл-эстүү болуп, өзүлөрүн тартиптүү алып жүрсө экен, адамдагы асыл сапаттарга ээ болуп, өзүнө караган, ата-энесин, анан элин баккан уулдардан болсо деген тилекти биз, мугалимдер да тилейбиз. Айтабыз. “Кулактууга бир сөз” - дейт элибизде.

Үйдөн ата-эне айтса, мектептен биз мугалимдер айтсак эстүүсү илип кетээр.

Ата-эненин балага болгон мээрими чексиз, көргөн камкордугу, келечегинен күткөн үмүтү чоң.

Баласы: -Ата, сен мени чын эле жакшы көрөсүңбү?

Атасы: -Балам, менин сени канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүмдү өзүң балалуу болгондон кийин гана даанарак түшүнөсүң!

Ошондон бери: “Балам балалуу болгондо билээрсиң!” деген лакап калыптыр. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп билим алышыңа эмгекке үйрөнүп, акыл- эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Илгеркилерден “ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң” деген сөз калган. Маселен, үй-бүлөдө чоң ата, чоң эне, уул-келини, небере чогуу жашайт дейли. Ата-энесине астейдил мамиле кылып, аларды сыйлап, барктап олтурган ата-энеге баласы да ошондой мамиле кылат.

Сүрөт менен иштөө: Ушул жерде окуучуларга Л.Н.Толстойдун аңгемесине карата тартылган сүрөт көрсөтүлөт. Сүрөттө чоң ата, уул-келини жана небереси тартылган. Баланын атасы, апасы столдо тамак ичип олтурушат, ал эми чоң атасын столго чогуу олтургузушкан эмес. Анткени ал калтырап, тамакты төгүп-чачып калгандыктан өзүнчө олтургузуп коюшкан. Бала четте олтуруп алып жыгачтан бир нерсе жасап жатат.

Атасы сурайт: Балам, сен эмне жасап жатасың?

Баласы: Мен жыгачтан табак жасап жатамын ата, сен картайганда ошого тамак куюп беремин.

Мугалим:Көрдүңөрбү балдар, ата-энеге кандай мамиле кылсаң, өз балаңдан ошондой мамилени күтүшүң керек. Баланын өз ата-энесин сыйлап өтүүсү эң чоң ыймандык касиеттерден.

Биз ата-энебиз жөнүндө билебизби?

Алар ким, бизди кандай көрөт?

Келгиле, чогуу талкуулап көрөлү.

Талкуудан кийин төмөнкү планшет илинет.

  1. Ата-энең ыйык жана ардактуу, билесиңби?

  2. Ал сенин эң жакын адамың, билесиңби?

  3. Сен канчалык оорукчан, түрү суук, майып болсоң да сени эч кимге алмаштырбайт, билесиңби?

  4. Сен орой, ичкич, жолу болбогон адам болсоң да сени бүт дити менен коргоп, сен үчүн сыздап өтөт, билесиңби?

  5. Сенин кыйнчылыгыңды мойну менен көтөрүп, кайгы – касиретине жүрөгү канап азап чегет, билесиңби?

  6. Сенин ийгилигиңе бүт дити менен кубана билет, билесиңби?

  7. Турмушта өз ордуңду таппай калсаң, өмүрү өткөнчө сенин убайыңды тартат, билесиңби?

  8. Сага сенден да артык күйөт, өзү кийбесе да сени кийсин дейт, өзү ичпесе да сени ичсин дейт, билесиңби?

  9. Эгер ооруп калсаң сенден көрө өзүлөрүнүн ооруганын артык көрөт, билесиңби?

  10. Сенин балдарыңды сенден өзүңдөн кем көрбөйт, билесиңби?

  11. Өзүндө болбогон кымбат буюмду сенде болсун дейт, билесиңби?

Суроо: Мына ушундай эң ыйык, ардактуу дүйнөдөгү эң жакын адамыбыз атаэненин чексиз мээримине эмне кылсак урмат, сый көрсөткөн болбуз, канткенде ыраазы кылабыз?

Жооп: Окуучулардын жоопторун угуп, анан доскадагы жазылганды ачып, окуп берүү:

  • Ата-энеңе каяша айтпа;

  • Алардын сөзүн эки кылба;

  • Тилин алып айтканын аткар;

  • Тамакка алардан озунуп кол салба;

  • Колуңдан келген жардамыңды аяба;

  • Ата-энеңдин жеңилин жерден, оорун колдон ал;

  • Ата-энең ооруп калса ага бардык дитиң менен жардамыңды көрсөт;

  • Алар карыган кезде бапестеп бак;

  • Орой сөз сүйлөбө, көңүлүн оорутпа;

  • Бардык жакшы нерсеңди ата-энеңе арна;

  • Жасаган тамагыңды алдын–ала ата-энеңе бер;

  • Тиешелүү майрамдарда биринчи белекти ата-энеңе арна.

Макалдар “Ата-эне сыйлаган абийир табат”.

“Эне сыйлаган элине жагат”.

“Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла”ж.б.

Окуучулар, ата-энелер жөнүндө макалдарды айтышып толукташат.

Мугалим: Турмушта ар түрдүү жагдайлар, тагдырлар кездешет. Ата-энесин бакпай карылар үйүнө жеткиргендер, ата-энесине сөзү, колу тийгендер бар экени белгилүү. Эмесе акын Болуш Керимбаевдин төмөнкү эки ырына көңүл буралык.

Эки окуучу көркөм окуп беришет.

1-окуучу “Таш боорлор кандай немесиң”

Ээндеп айдап кемесин, Элимдин укпай жемесин. Карыптар кайрым жайына, Жеткирди кызы – энесин!

Жалбарып ыйлап турса да, Желдей көрбөй кеңешин.

Акылдап алган сүйүнүп, Ашкансып тоону белесин.

Алкаган ыйман батасын, Агарткан кирсиз жакасын. Карыптар кайрым жайына, Жеткирди жигит – атасын! Эрдик жасап койгонсуп, Эсине албай катасын.

Таш боор уулун өстүргөн, Турмушка чексиз капасың!

Жоруктан –жорук кубалап,

Жоготуп сулуу элесиң,

Тагдырлар менен ойногон,

Таш боорлор кандай немесиң?!…

2-окуучу: “Шаар эмес кыштактан” Бүрүшкөн жазбай денесин, Бүтүнүн тагдыр ченесин.

Уу тилин тартпай агытып, Ургандар чыгат энесин.

Шаар эмес кыштактан,

“Шаан - шөкөтүн” көрөсүң.

Тарттырып турмуш жапасын, Кайнатып кандуу капасын.

Сакалдан сүйрөп жулгулап, Сабашкан бар атасын. Көрүнүп жатса кашкайып Көмүскө кайда катасың?

Андан кийин магнитофонго жазылган К.Алмазбековдун “Эненин арманы” отургандарга уктурулат же бир окуучу комуз менен ошол ырды аткарып берет.

Балдарыбыз кайрымдуу болсун, ата-энелер ар дайым камкордукта, багууда болсун, балдар ата-энеден ажырабасын деп сабакты бүтүрөбүз.

5 сабак

ӨМҮР НАРКЫ БИР МҮНӨТТҮК КУМАРБЫ?

Сабактын максаты:

Окуучулар тазалыкка, жаман жолдордон качууга, жамандыктан сактанууга тарбияланышат. СПИД 20-кылымдын чумасы экендигин, оорунун арты өлүм менен аяктаарын түшүнүшөт. Таза ден соолук узак жашоого өбөлгө экендигин билишет. Бул оорунун жугуу жолдору жөнүндө кеңири маалымат алышат.

Сабактын жабдылышы:

СПИД оорусу жөнүндө чыгарылган буклеттер, шприц ж.б. керектүү каражаттар. Сабактын жүрүшү:

Мугалим сабакты лекция түрүндө өтөт. Окуучулар керектүү маалыматтарды дептерлерине кыскача жазышат. Түшүнбөгөн суроолору болсо мугалимге кайрылышат. Мындан сырткары атайын врачтарды жолугушууга чакырса да болот.

XX кылымдын чумасы

Дүйнө жүзүндө күн сайын ВИЧ инфекциясын 15 миңдей адам жугузуп алып турат жана 8 миңдей адам СПИДден каза болот. ВИЧ менен жашаган жана СПИДден жабыркаган бардык адамдардын үчтөн бир бөлүгү жаштар. Кээ бир жаш адамдар ВИЧ инфекциясы биз үчүн коркунучтуу эмес деп ойлошот. Бүгүн СПИД менен ооруп калган чоң кишилер да бул маселеден алыспыз жана ал бизге тиешелүү эмес деп ойлошкон. Алардын канчасы бул ооруну өспүрүм кезинде жугузуп алгандыгын азыр аныктоо кыйын. Себеби, адамдын организмине ВИЧ киргенден баштап оору өөрчүгөнгө чейин 2-7 жума, кээ бирде андан да көп убакыт өтүшү мүмкүн. Баарынан өкүнүчтүүсү - ар ким өз иши менен алектенип, ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаганы. Айрыкча болочок энелер жарык дүйнөгө кандай ымыркайды алып келишерин көпчүлүк учурда этибарга алышпайт.

ВИЧ инфекциясын чыгаруучу вирус адамдын иммундук системасына жооп берүүчү ак кан клеткаларынын ичине кирип кетүүгө жөндөмдүү келет. Вирус клеткаларды азык катары жана көбөйүү үчүн колдонот. Көбөйгөндөн кийин, ал клеткаларды таштап, башка клеткаларга өтө баштайт. Натыйжада көчүп жүрүүчү вирус лимфоцит клеткаларынын көпчүлүгүн жабыркатып, организм өзүнүн коргонуу кызматын жоготуп, ар кандай жугуштуу ооруларга туруштук бере албай калат. ВИЧ инфекциясы менен жашаган адамдар ден соолугу тазадай көрүнөт жана көп жылдар бою бул ооруну жугузуп алгандыгынан шектенишпейт. Себеби, СПИДдин жашыруун мезгили 4-7 жумадан 10-15 жылга чейин созулат. Бул аралыкта, оорунун кандайдыр бир белгилери пайда болгонго чейин, алар башкаларга да жугузушу мүмкүн. Иммунитет төмөндөгөндө ага оорунун ачык белгилери билине баштайт: адам арыктап, узакка ичи өтөт, өпкөсү сезгенет, тердейт, бат чарчайт.

Барган сайын жашарып…

«XX кылымдын чумасы» деп аталган СПИД барган сайын күч алып, кеңири кулач жайып келатат. Бул жугуштуу оорудан биздин өлкө да четте калган жок. Республикалык «СПИД» бирикмеси берген статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 2007-жылдын март айына карата ВИЧ-СПИД менен ооруган 1112 адам катталган, анын ичинен бешөөсү - чет өлкөлүктөр. Анын ичинен СПИДдин оор формасы менен 77 адам ооруйт. Улуттук Кызыл Ай коомунун билдирүүсү боюнча наркомандар оору вирусун алып жүргөндөрдүн 68 пайызын түзөт. Ал эми ар бир областты бөлүп карай турган болсок, 2006-жылдын 1-ноябрына карата Ош шаарында – 327, Ош областында – 153, Бишкек шаарында – 165, Чүй областында – 163, ЖалалАбат областында – 103, Баткен областында – 14, Ысык-Көл областында – 8, Нарын областында – 2, Талас областында – 1.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга таянсак, республиканын түштүк аймагындагы көрсөткүчтөр «Эмне үчүн ал жерде ооругандардын саны көп?» деген суроо туулат. Кыргызстан акыркы жылдары баңгизаттарды башка аймактарга ташууда транзиттик өлкөгө айланганы эч кимге жаңылык эмес. Ал жерден баңгизаттарды оңой эле табууга болору эч талашсыз. Наркомандардын саны менен СПИД оорусун жугузгандардын саны бирге өсүп келет. Алар ооругандардын 68 пайызын түзөт. Себеби, бир ийнени беш-алты наркоман колдонот. ВИЧ инфекциясына кабылгандардын 78 пайызы – вирусту ийне аркылуу жугузуп алгандар. Ошентип, СПИД ар бир мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч келтирет.

СПИД кайсы учурда жугат?

1.Жыныстык мамиледе тиешелүү коргоочу каражаттарды пайдаланбаганда.

2. Сакал-мурутту алууда, маникюр, педикюр жасатканда ж.б гигиеналык процедураларды колдонгондо.

3.Наркотикалык заттарды алууда тазаланбаган щприцтерди пайдаланганда.

СПИД кайсыл учурда жукпайт?

  1. Кол алышканда.

  2. Адамдын кийим-кечесин, идиш-аягын пайдаланганда .

  3. Бассейнге, мончого түшкөндө.

  4. Өбүшкөндө.

(Элеонора Абдылдаеванын «Шоокум» журналындагы материалынан пайдаланылды. 2007-жыл, Чын куран.)

6 сабак

АЧУУ – ДУШМАН, АКЫЛ – ДОС

Сабактын максаты: Ыксыз ачуулануу адамга жакшылык алып келбейт. Ачууну сабырдуулук менен кетирүү керек. Жаалдуу адамдын душманы көбөйүп, сүйлөшүүдөн качып турушат. Окуучулар ачууга алдырбай, акылдуулук менен ойлонуп иш жүргүзүү керек экендигин үйрөнүшөт. Элдик жомоктордун мисалында акылдуулукка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, түстүү кагаздар, ватман ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучуларды класстын санына жараша төрт топко бөлүп, ар бир топко бирден ватман, түстүү кагаз бөлүштүрүп берет. Ар бир топ түстүү кагаз менен “ачуулуу адамдын” бет түзүлүшүн жасашат. Акырында кайсыл топтун эмгеги жакшы экендиги жалпы класс тарабынан бааланат.

Мугалимдин сөзү:

Ачуулануу, урушуу – адамдагы тескери сапаттардын бири. Терс сезимге күтүүсүздөн жеңдирип жиберүүчүлүк. Тилекке каршы, жашоо-тиричиликте адам турмушу сыдыргыга салгандай тегиз, ойдогудай оң тараптуу,бир жактуу боло бербейт.

Кайгы-капа, кээ бир иштерге туталануу, кейип-кепчүүнүн акыры ачууга жеңдирүүгө, өзүн токтото албай кетүүчүлүккө алып келет. Арийне, “Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас” - дегендей көпчүлүк адамдар кайрадан өзүн колго алып, сезимин башкара билүүгө жөндөмдүү келет. Ал эми айрым адамдар “Мен төрөлгөндөн эле ушундаймын”, “Мени ушундай жаратып койсо эмне кылайын” дегендей пикирлерде.

Урматтуу окуучум, Сулайман пайгамбар да минтип айткан экен: “Ачуусу чукулдук – акылсыздыктын белгиси”, же “Сабырдуу болуу – ачууну басат, кечиримдүү болуу – адамдын кадырына кадыр кошот”. Демек, адамдын өзүн-өзү кармай билүүсү, айланадагыларга астейдил, алпейим мамиле жасоо - бул башкы талаптардан экендигин да түшүнүү абзел.

Ачууга алдыруу, чорт кыял, бетке чапма мүнөз бул адамдын кулк-мүнөзүндөгү терс сапат эле эмес, дегеле мындай адамдын акыл-эси да тайкы болорун тастыктап турат. Бул жагдайга байланыштуу кыргыз элинде “Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош” - деген таамай сөз айтылат. Себеби эч бир ишти ач кыйкырык, куу сүрөөн менен майнаптуу, үзүрлүү бүтүрүү мүмкүн эмес. Тескерисинче токтоолук менен, акылга салып иш кылуу, өзүн-өзү кармана билүү гана ар бир иштин ийгилигине дайым өбөлгө экендиги калетсиз.

Адамдагы терс мамиле, осол сезимдер дээрлик орой-одоно кыял, жагымсыз жүрүм-турум менен коштоло тургандыгы белгилүү. Ал эми ачууга жеңдирип, адам өзүн башкара албай калганда ал ыплас сөздөрдү, орунсуз салыштырууларды өтө көп колдонуп, ошонун жардамы менен көксөөсүн суутууга аракеттенет. Арийне, мындай осол мамиле дал ошондой эле жоопту жаратып, адам көңүлүндө өчпөс из, кетпес так калтырат. “Калган көңүл, чыккан жан, кайрылып келбес эки арман”, - деген элдик нуска дал мына ушул жогорудагы ойдун төркүнүн таамай туюнтуп тургансыйт.

Ачуулуу, урушчаак адамдарды көпчүлүк сүйө бербейт, тескерисинче жек көрүшөт. Сен да мына ушундай сапаттан алыс бол. Сабырдуулук мындай сапаттарды жок кылууга өз таасирин тийгизет. Элибиз “Сабырдын түбү сары алтын” деп бекеринен айткан эмес.

Адам канчалык ачуусу келбесин өзүн токтото билүү керек. Ошондо ал өзүнүн мыкты адам экендигин айгинелейт. Мына ошондой сапатты төмөндөгү “Адилет увазир” деген жомоктон байкоого болот.

Адилет увазир

Иран шахтарынын биринин Абдулла аттуу бир акылдуу увазири бар эле. Ал бир жылга чейин падышанын кашына келбей, башка иштер менен алек болуп калды. Ушул мөөнөт ичинде калк арасында ыдыроо башталган эле.

Туптуура бир жылдан кийин Абдулла падышанын алдына бара жаткан учурда жолдон аны көпчүлүк эл токтотуп, ороп калды. Калк ичинен бир адам жүгүрүп келип, увазирдин сакалынан кармап силкти. Калайык ал адамдын колунан увазирди куткарып алды. Увазир өзүн токтотуп, ачуусун араң басты. Падышанын алдына келээри менен увазир андан калайыктын тилегенин аткарууну, өзүнө адепсиздик көрсөткөн баягы адамга жаза бербөөнү өтүндү.

Эртеси күнү эртелеп Абулланын алдына бир соодагер дүкөнчү кирип келди. Увазир андан эмне иш менен келгендигин сурады эле, соодагер токтолбой туруп жооп берди:

-Кечээ күнү сиздин сакалыңызды жулмалап азар берген адамдын ким экендигин айтканы келдим. Ал менин кошунам, аты Садык. Сиз аны чакырып жаза бериңиз.

Абдулла соодагерди чыгарып жиберди дагы бир кызматчысына Садыкты алып келүүнү буюрду. Садык катуу коркуп, өңү-түсү жууган чүпүрөктөй кумсарган абалда увазирдин алдына келди. Анын аягына жыгылып кечирим сурады. Абдулла Садыкты сүйөп ордунан тургузуп, анын көңүлүн жубата, мындай деди:

-Мен сени жазалоо үчүн эмес, соодагер кошунаңдын жарабаган адам экендигинен кабардар кылуу үчүн чакырдым. Сенин соодагер кошунаң чагымчы, жалаакор адам экен. Менин жаныма келип сенин үстүңдөн чагымчылык кылды. Бар үйүңө кете бергин дагы, өзүңө этият болгун. Чагымчы, жалаакор кошунаңдан сактангын.

7 сабак

ТАМЕКИ – ӨМҮР ДУШМАНЫ

Сабактын максаты:

Тамекинин зыяндуулугу, адам өмүрүнүн душманы экендигин түшүнүшөт.

Окуучулар тамеки тартпоого тарбияланышат. Тамекинин терс жактарын билишет. Сабактын жабдылышы:

Ар түрдүү тамекинин кутулары, тамеки жөнүндө жазылган окуучулардын тексттери ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучуларга «Тамеки чегүү модабы?» деген суроо менен кайрылат. Окуучулар ушул суроонун тегерегинде талкуу уюштурушат. Тамекинин зыяндуулугун өз алдынча тизмелешип, каалагандары класста окуп беришет. Теманы жыйынтыктоодо мугалим атайын баяндама жасайт.

Чылым чегүү көйгөйү

Чылым чегүү бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйлөрүнүн бири десек эч жаңылышпайбыз. Учурда, тилекке каршы, бул жорук болуп көрбөгөндөй күч алды. Мурун чылым чегүү улуу кишилерде гана сейрек кездешчү эле. Бүгүн күн өткөн сайын аял-эркек, жаш-кары муну адатка айландыргандардын саны арбып барат. Жада калса бешиктен бели чыга элек жаш өспүрүмдөрдүн да чылымдын курмандыгына айланып баратканы зээнди кейитет. Бул көйгөйдү кандайча, кантип жойсо болот?

Албетте, аталган көйгөй жалпы коомчулукта болуп жаткандан кийин муну жеке бир адам чечип койчу оңой-олтоң иш эмес. Ошондуктан, бул көйгөйдү жалпы коом биргеликте аракет кылып, чогуу чечүү зарыл.

Тамекинин күнүмдүк турмуштагы зыяндары:

  1. Чылым үй-бүлөлүк казынага зыян келтирет. Бир күндө 10 сомдук тамекиден бир куту чеккен адам айына 300 сом, ал эми бир жылда 3650 сом зыянга учурайт.

  2. Балага терс тарбия берүү, ага терс үлгү болуу. Ырас, атасы чылым чеккен соң баласынын муну адатка айлантпашына эч ким кепилдик бере албайт.

  3. Убакытты туура колдоно албоо. Бир даана тартуу үчүн 3 минута кетсе, бир күндө бир куту тамеки үчүн бир саат, бир айда 30 саат, бир жылда 365 саат убакыт текке кетет.

  4. Тамеки көз карандылыкты пайда кылат. Тамеки чеккен адам белгилүү убакыттан кийин анын курмандыгына айланышы толук ыктылам.

  5. Чылым чеккен адам ар качан жагымсыз жыттанып жүрөт.

Тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасирлери:

  1. Тиштин бузулушуна жол ачат;

  2. Чач, тырмактарга да олуттуу зыян алып келет;

  3. Беттин терисин былбыратып, сулуулугун жоготот;

  4. Жүрөк, өпкө, бөйрөк ооруларына чалдыктырат; 5. Ашказандын начарлашына алып келет;

6. Рак оорусуна да жол ачат.

Статистика боюнча тамекинин айынан набыт болгондордун саны:

Россия федерациясынын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине таянсак, ал жакта тамекинин айынан ооруп өлгөндөрдүн саны жыл сайын 330 миңден 500 миңге чейин жетет.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргени боюнча, дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин айынан көз жумгандардын саны 5 миллионго чейин жетет. Бул көрсөткүч ар бир мүнөт сайын 10 киши тамекинин айынан көз жумууда дегенди түшүндүрөт.

Жогорудагы статистика боюнча тамекиден өлгөндөр менен ВИЧ-СПИД оорусу менен өлгөндөрдү салыштырып келсек, тамекиден өлгөндөрдүн саны СПИД менен өлгөндөрдөн 40 пайызга көп.

(Кубанычбек Токоновдун «Ак башат» журналындагы материалынан пайдаланылды.

2008-жыл, Май-июнь)

Тамеки берчи

Тамеки берчи:

Азыр эле бирөөнөн сурап чектим,

Чөнтөк кагып махорка бурап чектим

Калган калдык бучокту бурап чектим Эй, байкачы, көзүңдү ач астыңдагы Ахурканы упузун тепсеп кеттиң.

Тамеки берчи:

Жок калды деп шыпшынып чөнтөк кагат

Акыркы деп бирөөнү оозго салат

Карап турган башканы тамшандырат Түтүнү бур-бур этсе шыпшынышып, Чегишели, калтыр деп жалдырашат.

Тамеки берчи:

Кое турчу деги азыр калтырайын

Мейли чек дейт күтөйүн шаштырбайын

Суранчаакты мен кайдан жактырайын,

Арасына асмайдан кошуп туруп, Ал эми деп бир күнү каптырайын.

Тамеки берчи:

Айланайын ушунча суранбачы,

Ар башкача никотинге ууланбачы,

Жаңы эле бой тарктан кээ бирөөлөр

Ошо менен алек го курган башы, Кай жерден бир сором деп туралбашы.

Эркинбек Кудабаев

8 сабак

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОЙЛУЧУ, ЗАМАНДАШ!

Сабактын максаты:

Окуучулар жаратылышты кооргоого тарбияланышат. Жаратылыштын баркын билүүгө үйрөнүшөт. Жаратылыш, анын байлыктары жөнүндө эссе, дилбаян жазууга көнүгүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Жаратылыштын ар түрдүү сүрөттөрү.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим бул сабакта окуучуларга жаратылышты коргоо жөнүндө дилбаян, эссе, ыр жаздырса болот. Жазган дилбаянын атайын жыйнак кылып, айрымдарын класста окутуп талкуулатат. Төмөндө окуучулар жазган диблаяндарды сунуштайбыз:

Табиятты сактайлычы, замандаш!

Туулуп-өскөн кичи мекенимди сагындым. Мен эс тартканда ата-энемдин жумушу менен шаарга келип жашап калдык. Ызы-чууга толгон көңүлсүз шаардан да кез-кезде тажап кетем. Шаардын сыртына, таза абага чыгып эс алгым келет. Мына азыр да эс алуу үчүн айылга баратам.

Биздин айыл… Тогуз жолдун тоомунан орун алган, төбөсүндө бейиштин оту жанган, кан жолдун боюндагы айыл. Айылдын жогору жагынан айтылуу Отуз-Адыр каналы агып өтөт. Каналды бойлоп шамалга үн салып шуудурашкан камыштар байыр алган. Канал, камыштар айылга көрк берип турат. Суу мол болгондуктан айылдын ажарын бой тиреген бийик теректер, ар бир үйдүн алдындагы жапжашыл бактар ачып турат. Мына ушулардын баарына суктанып, айылымдын кооздугу менен дагы бир жолу сыймыктанып алдым.

Каналдан өткөндөн кийин жаңы түшкөн айыл, андан ары 3-4 километрге созулуп жаткан каражыгач токою бар. Көп жылдык каражыгачтар бой салып, бирибирине кынала өсүп турушчу. Токойдун арасындагы калың чөп белден өтүп буралып турчу. Ал эми каражыгачтардын башында чурулдаган канаттуулардын чуру-чуусу басылчу эмес. Алардын түркүн түрү: үкү, чымчык, сагызган, ала боор ж.б. үн безеп тынбай сайрап турушчу.

Азырчы… Алардын бири да жок. Бир нече алыстыкка созулуп жаткан токойдон дайын жок. Куну кетип, ар жерде соксоюп өскөн бирин-серин гана жаш чырпыктар турат. Ыйлагым келип кетти. Токойду жок кылган айылдаштарымды каргап да жибердим. Менин бактылуу балалыгымды бирге өткөргөн ошол каражыгачтардын дүмүрү да калбаптыр. Жадагалса отунга деп дүмүрүн да казып кетишиптир. Эсимде… Мен 2-класста окуп жатканымда айлыбыздан бир киши кайтыш болду. Өзү жаш, 4 баласы бар эле. Жакшы эле жүрүп, капыстан эле бир күнү ооруп жыгылып, көп өтпөй каза болду. Кийин адамдар айтып жүрүштү. Ал ошол каражыгачтардын каарында калыптыр. Алардын да ээси бар экен. Ал бак-даракты аеосуз кыркып, майда-майда кылып бутап, отунга даярдап, короосуна толтуруп жыйып алган экен.

Табиятка кордук көрсөткөнү үчүн ал отундар, кара ашына буйруган экен айтып жүрүштү.

Андан бери көп убакыт өттү. Бирок ал окуя айылдаштарыма сабак болбоптур. Тескерисинче ал токойду четинен жагып түгөтүшкөн тура. Каражыгач токою айылдын көркү болчу. Майрамдарга бай май айында кызыл-тазыл кийинип, каражыгач токоюна экскурсияга чыкчубуз. Күндүн аптабында көлөкөсүндө эс алчубуз. Бой тиреген бийик болгондуктан жерге түшкөн курук чыпыктарды гана отун катары пайдаланчубуз. Мына ошол учурлардын бардыгы мезгил бүктөмүндө калган тура.

Табиятты, айрыкча токойлорду сактайлычы! Бак-дарактарды аеосуз кеспейличи! Ойлонолучу! Токойлор жердин көркү, адам баласына абаны тазалап берчү негизги механизм болуп саналат эмеспи. Ошондуктан мен замандаштарыма төмөндөгүдөй ыр саптары менен кайрылат элем:

Тазалап берет адамдар үчүн абаны, Токойдун кантти бүгүнкү күндө абалы?

Эртеңкисин, келечегин ойлобой,

Ураан болду адамдарга «Отун кылып жагалы!»… Кеспечи досум, кыйратуучу болбочу, Узун өмүр сүрөөрүңдү ойлочу. Табият көркү, жашоого берет каниет, Бүлүндүрбөй белсенип аны коргочу!

Жаратылышты коргоо

(акро ыр)

Жан-жаныбар тоо токойду мекендеп, Ала-Тоодо болгон түрү эчен көп.

Райым кылгын табиятка Адамзат, Айтам сага «кайра жүгүн көтөр» - деп.

Табият бул жол караган наристе, Ыйлап турат карды ачкан таризде. Лом, күрөгүң белен кылгын жан досум, Ыргалсын тал тоо суусунан дагы ичсе.

Шарпылдаган көп толкундуу көлү бар.

Токою бар, белге чыккан чөбү бар, Ырыс-кешик кут төгүлгөн жергебиз. Кана досум, кооздугун көрүп ал,

Оргуп чыккан булак үнү шырылдап,

Рахат берет, булбул бакта ыр ырдап,

Гүлүн багып, тоосун корго мекендин,

Ошондо чоң, кең келечек курулмак,

Ойрон болсо оңдолбос ал кылымдап.

Жаратылышты коргоо

(акро ыр)

Жалбырагы дирилдеген байтерек, Айлананы көрккө бөлөп шаң берет.

Район, шаарлар жашыл бакка оролсун. Аары гүлдөн шире соруп бал берет.

Тыңда досум, мукам үндүн ыргагын, Ырдап жүрөт булбул мактап гүл багын.

Лирикага сыйдыралсам кана эле, Ыкчам жазып табияттын сырларын. Шаңшыйт бүркүт, каалгып учуп асманда, Тоо чокусун оройт булут ак карга.

Ысыгына табияттын күйбөсөң.

Көйрөң жигит жерим кооз деп мактанба.

Ойлонбосоң мекен үчүн, жер үчүн, Райым күтпө ал да күйбөйт сен үчүн. Гүлүн жыттап, ичем десең тоо суусун, От жүрөккө түзүп алгын келишим.

Ошондо ал берет сага жемишин.

Суу кордогон кор болот

Мен жайкы каникулду чоң атамдардын үйүндө жүрүп өткөрдүм. Күндө эртең менен күн чыкпай туруп, чоң энеме уй сааганга жардам берем. Уйларды саап бүткөн соң, торпокторду төмөн жактагы Ысырык сайга айдап таштап келем. Ага чейин чоң энем мага чай даярдап коер эле. Мен чай ичип болгондон кийин, чоң энем сүт бышырып, каймак алчу эле. А мага болсо үйдүн жан-жагын тазалап шыпырып кой - деп тапшырма берчү. Бир күнү өзүм талаадан терип келген шыбак шыпыргы менен ыпырларды чогултуп арыктагы сууга агызып жаткан элем. Кокустан эле чоң атамдын ачуу кыйкырыгы чыкканда коркуп кеттим. Карасам аса таягын таянып чоң атам мени урушуп келатат. «Сени ата-апаң биротоло эле шаардык кылып коюптур! Билбейсиңби сууга мындай ыпырларды таштап булгабаш керектигин! Бизден кийин канча адамдар ушул суудан ичишет. А сен болсо булактын башына туруп алып аны булгайсың. Мындан кийин ыпырларды топтоп тиги четке алып барып таштагын» - деди да басып кетти. Ары барды да токтой калып бас бери сага бир нерсе айтып берейин деп үйгө ээрчитип кирди.

Чоң атам дайым чөнтөгүнө көк капкагы бар насыбай шишесин ала жүрчү. Адегенде эле насыбайын чекти да бир аз туруп сөзүн баштады. Чоң атам айткан окуя мындай экен.

Мындан көп жылдар мурун айылдагылардын малдарына ооруу тийип кырылып, эгин эксе анысы жерден чыкпай, чыкса да түшүмү жакшы болбой, суу тартыш болуп, кымбатчылык болот экен. Аз гана түтүн эл болсо да булактын суусуна мурап шайлашып, эл аябай кыйналыптыр. Бир туугандардын ортосунда ынтымак жоголуп, уруш талаш көбөйүп, ал элден береке качыптыр. Адамдар эптеп бир күнүн көрөт дечи, бирок малдарга аябай эле кыйын болуптур. Себеби талаада тишке илешкен чөп жок байкуштар четинен кырылыптыр. Ошондо айыл ичиндеги аксакалдар чогулуп, булак башына барышып, кудайдан жамгыр сурап жалбарып, ал жерге көк улак союп кудай кылышат. Анан алар эмне себептен мындай иштер болуп жатканын ойлонушуп отуруп, акыры себебин табышты. Көрсө элдин баары эле талаадагы кекилик, уларды, кийикти койбой эле четинен атып, анан аны өздөрү жебей сатып жатышыптыр. Аялдар болсо илгертен калган салтты бузуп ар дайым базарга сүт, кымыз, сүзмө, айран ж.б. ушундай ак нерселерди сатып жатат. Жаш балдар сууга ойноп ар нерсени ташташат. Келиндер таң ата турушуп эшик шыпырганда ыпырдын баарын арыктагы сууга агызышат. Мына ушулардын кесепетинен биздин элдин ынтымагы кетип, малдары жутка учурап, эгин-тегин болбой жатат деген чечимге келишет аксакалдар.

Көрдүңбү уулум, эч качан табиятты кордобоо керек. Эгер бир эле сууну кордосоң бүтүндөй бир элге канча зыян келерин. Сууга азыркыдай ыпыр агызып, таштандыларды таштай берсе, ошол өзүң жашап жаткан шаардагы кранттан деле суу чыкпай калат. Колдон келсе арыктагы сууларды таза кармоо керек. Табиятты асырап абайлоо абзел. Ата-бабаларыбыз бекеринен «Суу кордогон кор болот, суу сыйлаган зор болот» деп айткан эмес деди чоң атам жомогунун аягында.

Келгиле достор, биз дагы жаратылышты коргоого өз салымыбызды кошолу. Суулардын четиндеги таштандыларды топтоп, аларды өрттөп жок кылалы. Кимдир бирөөлөрдүн сууну булгап жатканын көрсөк ага түшүндүрүп айталы. Мен чоң атамдын айткан жомогунан кийин өзүмдүн кылган ишимден катуу уялып калдым.

Ала-Тоонун көркү - жан-жаныбарлар

«Кыш болордо эң биринчи кыш болуп, жаз келерде эң биринчи жаз конот» деп классик акын Алыкул Осмонов айткандай биздин тоолорубуз чынында эле ошондой. Анткеним себебим биз кичине кезибизде чай ичем десек апабыз адегенде ысык эмес бекен же өтө эле муздак эмес бекен деген таризде биринчи өзү ичип көрүп, анан гана бизге ичирер эле. Анын сыңары биздин тоолорубуз да, суугу кандай болду экен деп кычыраган кышка, быйылкы жаздын ысыгы канчалык болду экен деп жадыраган жазга да адегенде өзү төшүн тосот эмеспи. Ал турсун эртең менен чыгып келаткан күнгө да, кечинде кирген түнгө да өзүн биринчи тосуп берет. Андан кийин гана айыл апага күн тийип же түн кирет. Ушундай мээримдүү Ала-Тообузду, андагы жашап жатышкан жаныбарларды сактап жатабызбы? Же тескерисинче жаныбарларды атып, өсүмдүктөрдү кыйып алардын шорун колуна карматуудабызбы?

Албетте, бул нерсе ачуу чындык. Эч бир чабан кечинде үйгө отун алып келе турган болсо талаадагы кургак отундарды тербей, өсүп турган өсүмдүктүн шагын сындырып, чекеге окшогон кичинекей өсүмдүктөрдү тамыры менен казып алып үйүн көздөй сүйрөп жөнөйт. Эмнеге десең кургак отун үйгө барганча сынып жок болот дейт.

Жолунан жолуккан жаныбарын атып, канча көп атса ошонусуна кубанып, анысын башкаларга мактанып жүргөн мергендерибиз канча. Жайылып жаткан жаныбарларды пайлап барып, алардын жаманын эмес өтө эле жакшысын тандап атат. Карыганын эмес жашын, арыгын эмес семизин, кичине мүйүзүн эмес чоң мүйүзүн көз астына алат. Кокус ал эмес башкасына тийип калса бармагын тиштеп кадыресе өкүнүшөт. Аттиң алар келечекти ойлонбойт, эртең эле азыр мал жайылып жүргөн арчалуу тоолорубуз жылаңач калары жөнүндө, жаныбарлары да кырылып, болгону шагыл-коруму гана калары жөнүндө баш катырып ойлонгусу да келбейт. Аларга айтылуу «Кожожош» мерген сабак болбоду бекен? «Табият менен таттуу мамиледе болуу жана аны көздүн карегиндей сактоо» керектигин Манас атабыз айтып кетсе да ага кулак салган киши табылбайт. Жаратылышты коргоо, жан-жаныбарларды сактоо кимдердин мойнундагы милдети? Атып же кыйып жаткандарга кандай чара колдонуу керек? Деги мындай суроолор аябай эле көп… Бирок жооп берген адам табылбайт.

Элестетеличи арчалуу токойду аралап баратсаң тээ бийиктен улар сайрап жатса, булактын боюна отуруп алып асманды тиктесең калдайган бүркүттөр канаттарын жайып алып айланып учканын. Кандай сонун ээ. Тоо боорунан бир кулачтан эки кулач мүйүзүн көрсөтүп, бир тутам сакалын сербеңдетип кийиктер маңкайып таңыркап карап турса. Тыйын чычкандар биринен сала бири карагайдын үстүндө ары чуркап, бери чуркашып, ызы-чуу болуп жатса. Көк майса чөптө жатып Ала-Тоодо туулуп калганыңа, кыргыздын уулу болгонуңа сыймыктанаар элең. Албетте бул деген кур кыял гана. Бул кыялдардын орундалары кыйын го, бирок досум мен бул кыялымдын орундаларына да кээде ишенип кетем. Ооба ишенем. Эгер биз эрктүү болуп, жан-жаныбарларды атпай, атсак да чеги менен атып, бейпайда эле жаратылышты кыя бербей, аларга аяр мамиле кылсак, баягы мен кыялданган нерсе тез эле ишке ашат. Ойлонуп көрсөң досум, али деле кеч эмес. Кел элибиздин келечеги үчүн, жерибиздин сулуулугу үчүн кам көрөлү. Барпы акын: «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» дейт эмеспи, туура Ала-Тообуздун эли жок, жаратылышы жок, жанжаныбары жок болсо жетим баладай болуп томсоруп калары чындык. Мен бүгүндөн тартып, өзүм теңдүү жаштардын жаркын келечеги үчүн жаратылышты коргоого астейдил бел байлаймын. Сен дагы кел мага кошул, өзүң жалгыз келбей дагы башка досторуңду да ээрчите кел. Сенин мага кошуларыңа шек жок, себеби жаратылышты сен дагы мендей сүйөрүңдү билемин. Ошол себептүү сага айтып жатканым.

9 сабак

ЭМГЕКЧИЛ, САРАМЖАЛ, МЭЭНЕТКЕЧ АДАМДАР КООМДУН ТҮРКҮГҮ

Сабактын максаты: Эмгекчил, сарамжал, мээнеткеч адамдар экономикалык байлык жаратуучулар экендиги, бүгүн алардын катарына бизнесчилер, ишкерлер тобунун кошулганы, алардын жараткан аракетинин натыйжасында эл жумуш орундары менен, жардам күткөн социалдык катмарлар пенсия, стипендия, айлык менен камсыз болуп жаткандыгы айтылып, жогорудагыдай жакшы сапаттарды жаштарда калыптандыруу жөнүндө сөз козгошот.

Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, ак барак, түстүү карандаштар, дидактикалык таркатмалар, виде кассета, видео магнитофон.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим доскага төмөндөгүдөй таблица түзүп, окуучуларга сунуштайт. Окуучулар жуп-жубу менен толтурушат. Ар бир жуптан ой айтылып, доскадагы таблица да толтурулат.

Эмгекчил

Сарамжал

Мээнеткеч

Таблица толтурулгандан кийин мугалим тема жөнүдө кошумча маалымат берет.

Суроолор аркылуу бышыктайт. Берилген жомок да талкууга алынат. Ак эмгектин наны таттуу, Жалкоонун жаны таттуу.

Элден

Жаралган адам эмгектен, Жарышып иштеп түрүнүп.

Жеңижок

“Адамды Адам кылган ак эмгеги”, “Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат”, “Күмүш терди төкпөсөң, алтын данды ала албайсың”, “Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”, “Акылыңдан адашсаң ак эмгек менен дарылан”, “Өнөрлүү өлбөйт”… Көңүл буруп окуп көргүлөчү, бабаларыбыз сөз берметтерин мыскалдап жыйнап, аларда камтылган Ата конушка агынан жарылып агылган адал мээнеттин ыйыктыгын, ак жашоого умтулган адеп-ахлак улуктугу, көркөм касиеттин түбөлүктүүлүгүн айгинелейт.

Биздин ата-бабалар туулган күндөн эле жер үстүндө тиричилик өткөрү үчүн тынымсыз эмгек талап кылынарын баамдашып; “Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен”, “Эмгектин аркасынан чуркасаң эңсегениңе жетесиң, эркеликтин аркасынан чуркасаң өз ырысыңды өзүң кесесиң”, “Аары чакса ачууланба, айда күндө бал жейсиң”, “Алгың келсе түшүм, алдын ала күтүн”, “Адамды адам кылган - эмгек”, - деген сыяктуу накыл сөздөрдү муундан муунга мурасташкан.

Ал эми дыйканчылыктанбы, же мал чарбачылыгында болобу, көпчүлүк чогулуп, ашар ыкмасы менен эмгектенген жерлерде иштин көзүн билбеген, жалкоо, жанбактылардын кылык-жоруктары көз жаздымда калбай, эл чогулган тойтамашаларда айтылып көпчүлүктүн талкуусуна салынган.

Эмгекчил болсоң, эл керегине жараарың талашсыз. Агынан жарылган мээнет, талбас эмгек сени дени сак, сарамжал, коом үчүн пайда келтире турган инсан кылып жаратары чындык. Адам баласынын жашоосунда экономикалык байлык дагы чоң рол ойнойт. Анткени адам күнүмдүк жашоосунда тамак-ашка, кийим кечеге муктаж. А алар кайдан, кантип пайда болот. Албетте аларды инсан өзү жаратат.

Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын экономикалык абалына саресеп салып карай турган болсок бир топ жетишкендиктерге күбө болобуз. Эмгекчил, мээнеткеч адамдар жашоо шарттын жакшырышына өбөлгө түзүп жатышат. Алардын катарына бизнесчилерди, жеке ишкерлер тобун кошууга болот. Өздөрүнүн тынымсыз аракетинин натыйжасында элди жумуш орундары менен камсыз кылышып, жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишүүдө. Эгер коомубузда ушундай ишкерлер, дыйкандар, мамлекеттин казынасына каражат түшүрө турган азамат атуулдарыбыз көп болсо пенсия, стипендия, жөлөк пул, айлык акыларыбыз өз убагында берилип, жашоо шартыбыз кыйла деңгээлге көтөрүлмөк.

Урматтуу жаш жеткинчек сен да эл керегине жараган мээнеткеч, сарамжал инсан бол. Сарамжалдуулук – бул тапкан кирешеңди ысырапкерчиликке учуратпай, үнөмдөп пайдалануу болуп эсептелет эмеспи. Эч качан жалкоолук менен жолдош болбо. Эл оозунда айтылып жүргөн жалкоолук жөнүндөгү жомокторду окуп көрүп, өзүң жыйынтык чыгар.

Ар кимдин эмгеги өзүнө кымбат

Бир ата-эненин жападан жалгыз уулу болуптур. Бала ата-эненин тарбиясында чоңоюптур. Бала бойго жеткен соң, атасы уулун чакырып: “Уулум, эми чоңойдуң, кандайдыр бир өнөр үйрөн, аягында кор болбойсуң!” - дептир. Бала, макул дептир. Эртеси жумушка баратканда, аны энеси токтотуп:

-Уулум, сен оор жумуш жасап жаныңды кыйнаба, көчөгө чыгып досторуң менен ойно, кайтып келгениңде атаңа мына муну берерсиң! – деп бир теңге бериптир. Бала сүйүнүп көчөгө чыгып кетет да, кечке чейин ойноп жүрөт. Үйүнө келсе, атасы короодо көлмөчөнүн боюнда отурган экен. Энесинен алган акчаны ага бериптир.

Атасы теңгени алып көлмөчөгө таштайт. Бала унчукпай тим болот. Эртеси да ушул окуя кайталанат. Буга таң калышкан эне менен бала үчүнчү күнү өздөрүнчө отуруп кеңешиптир.

Бала:

-Атам бул акчаны эмгектенбей алып келгенимди билген окшойт. Эми бүгүн бир эмгектенип акча таап келейинчи, эмне кылаар экен? – дептир да, бир кишиникинде жалданып иштеп, жарым теңге акча тааптыр. Кечинде үйүнө келип атасына берсе, атасы бул акчаны да көлмөчөгө таштайт. Бала атасына олурая карап, кийимдерин чечип өз боюн көлмөгө таштап, баякы жарым теңгени таап чыгат. Ошондо атасы уулуна:

-Көрдүңбү уулум, бекер акчага караганда өз эмгегиң менен тапкан акча кымбат болот, - деген экен.

10 сабак

МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ

Сабактын максаты:

Окуучулардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн козголот. Эр жигиттерди аскерден качпоого, өз журтун коргоого даяр болууга тарбияланышат. Атуулдук сезими ойгонот.

Сабактын жабдылышы:

Керектүү адабияттар, тарткатмалар.

Сабактын жүрүшү:

Окуучулар сабактын башталышында «Сен аскерге барууну каалсайсыңбы?», «Ата Журтту кантип коргойбуз?» деген суроолорго жооп беришет. Класста жалпы окуучулар талкуулашат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз армиясынын абалы жөнүндө да кеп козгошот.

Кыргыз армиясы замандын чакырыктарына даярбы?

Кыргызармиясы,мурдагысоюздук республикалардагыдай эле, жаш армия. Бүтүндөй өлкөдөгү абал сыяктуу эле, кыргыз армиясынын да азырынча чама-чаркы чакталуу. Адистер туура баамдашкандай, салыштыра келгенде эзелтен күчтүү армиясы менен таанылган чоң империяларды мындай кой, соңку кездери бутуна туруп алган өлкөлөрдүн армиясындагы деңгээлге жетип алуу үчүн, кыргыз армиясы кыйла реформаларга, каражатка, убакытка муктаж. Чынында, армияда өзгөрүүлөр байкалып, барган сайын бир кадамдан алдыга карай жылыштар болгону менен, абдан тездик менен өзгөрүп аткан дүйнө үч-төрт кадам дагы алдыга жылып кетип, жеткирбей барат. Ошентсе да, адистер кыргыз армиясы учурдун көйгөйү катары бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна бүлүк салып турган террорчулук, экстремизм сыяктуу коркунучтарга такаат бере алаарына ишенишет. Анын үстүнө, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу уюмдардын алкагында аскердик кызматташууларды тынымсыз жүргүзүп келет.

Аскердик кызмат кадыр-баркын жоготтубу?

Жашы жетип калган уландардын аскерден жаа бою качуусуна, кала берсе, кызмат өтөбөө үчүн ар кандай иштерге баруусуна бир канча себеп бар. Алардын эң негизгиси – аскердеги «дедовщинанын» көптүгү. Мындай абалга тушукпаш үчүн, аскер жашындагы уландардын көбү кызмат өтөөдөн кутулуунун жолдорун издей башташат. Ошентип, аскерден калуунун жолдору изделип атып, текшерүүдөн өткөн, өзүнчө эле бир армиядан калуунун жолдорун үйрөткөн окуулук чыкчудай болгон түрдүү ыкмалар чыга келди. Алардын бир даары жогорку окуу жайларга тапшыруу менен аскердик кызматтан бошотулушса, окууга өтпөй калгандары кийинки ыкмаларга өтүштү. Айрымдары шашылыш үйлөнүп, балалуу болгонго ашыгышат. Анткени, жубайы, жаш баласы барлар аскерге алынбайт, эгер биринчисинен кийин удаасы менен дагы балалуу боло турган болсо, биротоло аскердик кызматтан бошотулат. Кыйласы баашын оорутпай, дароо эле аскер комиссариатынын жетекчисине же бул тармакта иштеген тааныш-билишине жең алдынан акча бере коюшат. Өз кезегинде алар аскерге чакырылуучу уланды альтернативдик негизде кызматка калтырып, аскердик күбөлүк алып беришет. Ушул сыяктуу коррупциялык иштер аскердик тармактын алдыга жылышына чоң кедерги болуп жатканы да айтылып келет.

Армиянын жашоо шартына да кызмат өтөп келгендердин кыйласынын ичи чыкпайт. Бул жагдайда да жаштардын аскерге баруу ниетин тизгиндеп турат. Акыркы кездерде армиядагы жашоо-шарт жакшырып калганы айтылганы менен, дале болсо коррупциялык элементтердин бар экендиги, аскерлердин тамак-аштары түгөл бойдон жетпей, жолдо кыйласы жок болору, ал аз келгенсип, аскерлердин курал кармаганды үйрөнбөй эле талаада кетмен чабууга мажбур болгон учурлары кездешери айтыла калып жүрөт.

11 сабак

АТА МЕКЕНГЕ БОЛГОН КУСАЛЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Сабактын максаты:

Ата мекенге болгон кусалык эмне экендигин түшүнүшөт. Турмуштан мисал келтире алышат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучуларга Ата мекенге болгон кусалык кайсыл учурда билинери тууралуу баяндама жасайт.

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. Үйүрүн сагынбас ат болбойт, Мекенин сагынбас эр болбойт.

Элден

Атамекендин кадыр-баркы, анын ушунчалык ыйыктыгы алыскы жолго чыкканда, сапарда жүргѳндѳ билинет. Кѳрбѳй калсаң сагынасың, кусаланасың, кусалыктын кѳз жаштары аргасыз бетиңди жууйт. Буулугуп жүрѳгүң ооруйт. Бѳтѳн жерде, бѳтѳн элде мусаапыр болуп жүрүүдѳн ѳткѳн кыйынчылык жок болсо керек. Ошондо кѳз алдыңа сен барктабаган, баркына жетпеген туулган жериң элестейт. Элибизде сѳз бар эмеспи “Туулган жердин топурагы алтын” деген. Ѳз үйүң ѳлѳң тѳшѳгүңдү сагынасың.

Алыскы чет ѳлкѳдѳ жашаган кыргыз карыядан Атамекенге болгон кусалыкты баса турган дары барбы? - деп сураганда мындайча жооп берген экен: “Туулган жердин топурагынан ѳткѳн дары жок, эч кандай дары кусалык деген ооруну баса албайт дагы. Мен да ошол оору менен кѳп ооруйм, туулган жеримди эңсейм, сагынам, кусаланам. Ошол мезгилде мекенимден түйүп келген бир ууч топуракты жыттасам кадимкидей кусалыгым басыла түшѳт. Кѳзүмдү жумуп кѳпкѳ чейин туулган жерде ѳткѳн бактылуу күндѳрдү, жылкылардын кишенегенин, козу-улактын маараганын, чурулдашкан балдардын үнүн арча түтѳгѳн коломто жытын, деги койчу баарын, баарын эстейм”.

1916-жылдагы үркүндѳ эл менен кошо Кытайга үркүп барган, ата-энесинен айрылып, ѳзү бир табак арпага сатылган Сайра деген кыз ички толгонуулары аркылуу Мекен, эл жерге болгон кусалыгын, сагынычын кат аркылуу билдирип туулган жерине кат жазган: Бир тууган элим, тосуп ал!

Кѳрмѳккѳ жерин болуп зар,

Кат жазып, салам жиберет, Какшаалда калган кызыңар.

Мен тѳрѳлүп, мен кѳгѳрүп,

Туулуп ѳскѳн элиме,

Ышкын терип, эндик казып,

Ойноп ѳскѳн жериме,

Суусу тунук, абасы атыр

Касиеттүү кеминге, Барсам экен, кѳрсѳм экен,

Кандай болуп кетти экен!

“Бир кайрылып кайран кызым, Келбей кетти” дээр бекен?!

Барсам экен, кѳрсѳм экен,

Элим кантип кетти экен?!

Айга, күнгѳ кѳѳдѳн керип Ак карлуу тоом тургандыр! “Ботом алыс калды эле”, - деп Оюн эчен бургандыр! Айлуу түндѳ кыз-келиндер Эчен оюн кургандыр! Кээ бир кезди алып эске, Ойлоп мени жүргѳндүр! Тамашакѳй селки, уландар Зоо жаңыртып күлгѳндүр!

Барсам экен, кѳрсѳм экен, Кандай болуп кетти экен?! Карааныңды элестетип, Ойго батам, сагынам! Бүт муңумду күрмѳп жутуп Куса болуп зарыгам.

Мына кѳрдүңбү окуучум, туулган жерге болгон кусалык кандай экенин. Дүйнѳнүн бардык бурчунда, тарыхтын бардык катмарларында Атажурт уулдары ѳмүр бою туулган жерине карыз болуп ѳтѳт. Атажурттун ысыгын, адамга берген азыгын алтынга да, канга да, жанга да алмаштырууга болбойт. Андыктан биздин атабабаларыбыз да, биз да, бизден кийинкилер да Атажурт аймагында ѳмүрүн ѳткѳрүшѳт. Ага болгон карызынан кутуулууга муундан-муунга, кылымдан-кылымга чейин далбас урушат. Бул биз үчүн кандай ыйык милдет! Туулган жерден ѳз элинен алыста жашап жүргѳн, же бир алыскы сапарга чыккан уул гана анын кадырын билсе керек. Ал эми Атажурт кадырын билип, аны сагынган, ал үчүн кусаланган гана уул чыныгы Атажурт уулу болсо керек.

2-кадам:Окуучуларга төмөндөгүдөй суроолорду берет.

  1. “Кусалык” деген сѳздү кандайча түшүндүң?

  2. Туулган жерге болгон кусалыкты басуучу дары барбы, ал кандай дары?

  3. Сайранын жазган катынан эмнени түшүндүң?

3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат. Залкар ойлор

Мекениңден айрылганча, ѳмүрүңдѳнайрыл.

Туулган жер – алтын бешик.

Туулган жерге тууруңду тик.

Ѳз үй – ѳлѳң тѳшѳк, ѳз эл – ѳмүрлүк жѳлѳк.

Ѳз элиң ѳйдѳ чыксаң – ѳбѳгүң, Ылдый түшсѳң – жѳлѳгүң.

(Элден)

Үйгө тапшырма:

1.Окуучум, сен ѳзүңдү алыс жакта жүрѳм депэлестетип туулган жерге кат жазып кѳрчү.

  1. “Бир ууч топурак” деген аңгеме жазгыла.

  2. Залкар ойлорду окуп, талкуулагыла.

12 сабак

АДЕПТҮҮЛҮК – АДАМ КѲРКҮ

Сабактын максаты:

Саламдашуу, тамактануу, көчөдө жүрүү адептерин үйрөнүп, аларды өз турмушунда пайдалана алышат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, таркатмалар.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко текст таркатылат.

1-топко:

Саламдашуу адеби

Тааныш же бейтааныш адамга кезигип калсаң сѳзсүз түрдѳ салам берип кѳрүш. Бул сенин адептүүлүгүңдүн белгиси. Тааныш адам менен саламдашып туруп калбай, ал-акыбалын сура.

Бирѳѳ сага салам берсе, дароо алик алып, саламына жооп бер. Саламды толук түрдѳ “Ассалоому алейкум”, деп айт. Саламдын жообу “Воалейкумусалам” болот.

“Ассалоому алейкум” - араб сѳздѳрү. Кыргызча мааниси “Сизге тынчтык болсун”. “Воалейкумусалам” - дегени – “Сизге дагы тынчтык болсун”.

Башыңды ийкеп койбой, колдоруңду кѳкүрѳккѳ коюп салам бер. Кѳпчүлүк менен учурашып жатканда алардын ар бирине айрым-айрым салам бербей, бардыгына, жалпы бир гана салам айтсаң жетиштүү болот. Ѳзүңдѳн жашы улууга, басып бара жатсаң олтурган кишиге, атчан болсоң жѳѳ адамга биринчи салам беришиң шарт. Кемсинтип, шылдыңдагансып ыржайып салам берүү адепсиздик. Саламды шыбырап койбой угуза айт. Бир таанышыңды алыстан кѳрүп калсаң, колуңду кѳкүрѳгүңѳ коюп салам ишаарасын кыл.

Кол берип учурашкан чакта колуңдун учун берип саламдашпа. Бул – адепсиздик, адамды тоготпогондук.

2-топко:

Тамактануу адеби

Эң биринчи колду таза жууп анан тамакка отуруу керек. Тамакты ѳз убагы менен, керектүү ѳлчѳмдѳ жешке кѳнүккүн. Ашыкча эле жей берсең, сиңире албай кѳп түйшүк тартасың.

Ачуу, кычкыл нерселерди, этти сүт менен жебегин. Жыттанып калган жана ачып кеткен тамактан да этият болгун. Кыргыз элинин ѳзгѳчѳ сапаттарынын бири, кичүүлѳр улуулардан мурун тамакка кол салган эмес, ата-энең дасторконго кол узатмайынча, сен кол узатпагын. Тамакты ѳз алдыңан гана алып жегин. Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Оозуңдагы тамакты шашпай, акырын чайнап жуткун. Тамак жеп жаткан учурда сүйлѳп, башкаларга жолтоо болбой, эгер суюк тамак болсо аны шорулдатпай ичүү керек. Оозго тамак салып алып сүйлѳѳ же күлүү адепсиздик.

Оозуңдагы тамакты жеп бүтмѳйүнчѳ, колуңду кайра тамакка узатпагын. Оозуңа тийгизген тамакты кайра табакка салбагын. Тазалыкты сактап этият тамактан. Суюк жана коюу тамактар дасторконго же кийимдериңе тѳгүлбѳсүн.

Дасторконго коюлган мѳмѳ-жемиштерди жешти кааласаң, жеген мѳмѳлѳрүңдүн кабыгын жана данегин желбеген мѳмѳлѳрдүн, дасторкондун үстүнѳ таштаба. Ѳзүнчѳ бир бош идишке ташта.

Тамактанып бүткѳн соң дасторконго бата тилеп, тургандан кийин колуңду жуу абзел.

3-топко:

Кѳчѳдѳ жүрүү адеби

Окуучум, кѳчѳдѳ жүргѳндѳ этияттык менен жүр, кийимдериңди ыпылас нерселерге булгап алуудан сактаганга аракет кыл. Оозуңду ачып ар нерсеге элеңдеп карай бербе. Базарда жана адамдар кѳп жыйылган жайларда ѳтѳ этияттык менен абайлап жүр. Элебестик менен кадам шилтеп, адамдардын бутун басып кетип, же түртүп ѳтүп, ушул сыяктуу бейжай аракеттер аркылуу бѳтѳндѳргѳ азар бербе. Эгер эки адам сүйлѳшүп турган болсо, алардын ортосунан жарып ѳтүү адепсиздик. Эгер жолдо карыя адам учурап калса, четирээк басып, түртүп ѳтүп кетпей, акырын алдыга ѳтүү керек.

Адамдар ѳтүп турган жол үстүндѳ сүйлѳшүп туруу, ѳтүүчүлѳргѳ жолтоо болуу туура эмес, четирээк жагында туруп сүйлѳшкѳн оң. Жол үстүндѳ жаткан таш, тикен сыяктуу нерселерди кѳрсѳң, аларды четирээк алып ташта сооп табасы, башка жолоочуларга пайдасы тиет. Жолго түкүрүү, ыпылас нерселерди ыргытуу адепсиздик. Жолдо карыларды, алсыз адамдарды же жаш балдарды учуратып калсаң, аларга жардам колун сун. Алардын жүктѳрү болсо, аны колунан ала коюп жардам берсең ѳз ѳмүрүңдѳ эң мээримдүү иш жасаган болосуң.

Жолдон ѳтүп бара жаткан кыздарга тийишүү да адепсиздикке жатат. Бирди жарым адам тайып жыгылып кеткенин кѳрсѳң дароо ага жардам бер.

2-кадам: Ар бир топ өздөрүнө бөлүнгөн текстти окушат жана топто талкуулашат. Белгиленген убакыттан соң презентацияга чыгышат.

Суроолор жана тапшырмалар:

  1. Саламдашуу адебин кандайча түшүндүң?

  2. Саламдашуунун эрежелерин айтып бер.

  3. Тамактануунун эрежелерине сен макулсуңбу жана аларды аткара аласыңбы?

  4. Кѳчѳдѳ жүрүү адеби жѳнүндѳ сен эменелерди билесиң? Билгендериңди жолдошторуңа айтып бер.

13 сабак

КѲП УГУП, АЗ СҮЙЛѲ, ОЙЧУЛ БОЛ

Сабактын максаты:

Окуучулар сүйлөө маданиятын үйрөнүшөт. Көп сүйлөөнүн зыяндуулугун түшүнүшөт. Ойчул болууга умтулушат.

Сабактын жабдылышы:

Талкуулоо үчүн тексттер.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалим окуучуларды 2 топко бөлөт. Ар бир топко текст берет. Топтор текстти талкуулашып, класска жалпы презентация жасашат.

Мугалим:

Элибизде “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт”, “Ойлобой сүйлѳгѳн онтобой ооруга жолугат”, “Ойноп сүйлѳсѳң да, ойлоп сүйлѳ” деген нуска кептер бар. Бул сѳздѳрдүн түпкүлүгүндѳ кыргыз элинин адеп-ариетин чагылдырган түшүнүктѳр камтылган. Урматтуу жаш жеткинчек, бирѳѳнүн сѳзүн тыңдай билүү, аны түшүнүү, ойлоно билүү, сѳз кадырын билүү, аны кѳкүрѳктѳ бекем сактап калуу сендеги артыкча сапаттардан болуп саналат.

Кыргыз эли сѳз баккан, тирешкенин сѳз менен жыккан, ойго кенен эл. Кѳп сүйлѳгѳндү бабыр же тантык деп коюшкан. Кѳп тыңдап, аз сүйлѳсѳ да маанилүү саз сүйлѳп, чечендик ѳнѳрдү туу тутушкан. Элибизден чыккан Жээренче чечен, Акыл Карачач, Асан Кайгы ж.б. кѳптѳгѳн сѳз усталарынын ѳрнѳктүү ѳмүрү бүгүнкү күнгѳ чейин жетип келди. Силерге кыргыз элинин “Чечен келин” деген жомогун сунуш кылмакчымын, сѳз кудуретин баамдагыла.

1-топко:

Чечен келин

Илгери бир кѳпкѳлѳң тарткан мырза жигит жолоочулап келе жатып бир үйгѳ токтойт. Үйдѳн бир сулуу жаш келин чыга калып, коноктун атын алып, үйгѳ киргизет. Мырза жигиттин куржуну бар экен. Үйгѳ киргенде ал бой кѳтѳрүп, бир жагынан жардыраак турмушту шылдыңдап: “Бул куржунду кайсы жерге илейин, келинчек”, - деп кекирейет. Анда келин: “Эгер сексен баштуу керегеден куржунуңуз илине турган баш табылбай калса, анда мойнуңузга илип алыңыз”, - дейт. Жигит келиндин туура сѳзүнѳ жыгылат.

Күйѳѳсүнүн жок экенин билгизбей келин эт бышырып, конокту сыйлайт. Мырза жигит бир жиликти алып мүлжүгѳндѳн кийин аны сындырмакчы болуп, маки менен ургулай баштайт. Аны кѳргѳн келин, чыгдандан бир табак сары май салып келип: “Издегениңиз май болсо, мына бул даяр майды жеңиз!” - деп кашыгы менен жигиттин алдына коет. Жигит бул жолу да туура сѳзгѳ сынат.

Эртеси келин конокту узатат. Мырза жигит аттанып жѳнѳѳрдѳ, конгон үйдүн чоң дѳбѳтү үрүп, жигиттин үзѳңгүсүнѳ асыла кетет. Жигит эңкейе калып, дѳбѳттү камчы менен башка тартып жиберет. Дѳбѳт каңшылап калат. Анда келин каңшылап жаткан дѳбѳттү эркелетип: “Кой, Маңгыт, ыйлаба! Агасы инисин уруп койсо эчтеке болбойт” - дейт. Ошентип чечен келинден мырза жигит үч жолу сѳзгѳ сынып, сѳзгѳ сѳлтүк, кепке кемтик болуптур.

2-топко:

Даанышмандык

Илгери ѳткѳн заманда Иранда “Унчукпастар” деп аталган уюм бар экен. Уюмда отуз мүчѳ болуп, андан ашык эч кимди алышчу эмес. Мүчѳ болуунун негизги шарттары кѳп ойлонуу, аз жазуу жана аз сүйлѳѳ. Бул уюм тууралуу атактуу акын Жами угуп калып, ага мүчѳ болууну абдан каалайт. Бир күнү “Унчукпастардын” бир мүчѳсү каза болуп калат. Муну уккан Жами уюмга кирүү үчүн алар жашаган жайга келет. Аны тосуп алган адамга эч нерсе дебестен атын бир кагазга жазып, “Унчукпастарга” жиберет.

“Унчукпастар” Жами келерден бир күн мурда жаңы мүчѳ алып коюшкан эле. Уюмдун башчысы бир кесеге мелт-калт суу толтуруп, кайра Жамиге жиберет. Кеседе бир тамчы тамса эле ташып кете тургандай суу бар эле. Демек, Жами кечигип калганын түшүнѳт да, ары жакта ѳсүп турган кооз розалардын бир кичине таажысын үзүп алып, кесеге салып, кайра жиберет. Кеседеги суу таптакыр ташыбаганын, роза менен кайра кооз болуп калганын кѳргѳн унчукпастар Жаминин даанышман экенин сезишип, мүчѳ катары кабыл алышат. Уюмдун башчысы эми Жаминин атын тизмеге жазаардан мурда “300” деген санды коет. Бул уюм жүз эсеге акылдуу адам менен кѳбѳйдү дегенге барбар эле.

Муну кѳргѳн Жами ыраазы болбой, унчукпай барып, “300дүн” экинчи нѳлүн ѳчүрүп, “030” деп жазып коет. Мындай даанышмандыгы менен ал ѳзүнүн сол жактагы нѳлгѳ барабар экенин, унчукпастардын катары кѳбѳйбѳгѳнүн айткысы келген эле.

Кѳрдүңѳрбү балдар, унчукпастык алтынга тете!

2-кадам:Окуучулар суроолорго жооп беришет:

Суроолор:

  1. “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт” деген макалдын маанисин кандайча түшүнѳсүң?

  2. Эмне үчүн аз сүйлѳ, ойчул бол деп айтылат?

  3. Чечен келин эмне үчүн жигитти кайра-кайра сѳзгѳ жыгып жатты?

  4. Жами “Унчукпастар” уюмуна кантип мүчѳ болду?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор

Ой – океан, тил – булак.

Ой – сѳздүн балагы.

Жакшы сѳз суу, жаман сѳз уу.

Сѳзүң күмүш болсо, тууруң алтын.

Сууну кѳп кечсе балчык болот, Сѳздү кѳп сүйлѳсѳ тантык болот.

(Элден)

Үйгө тапшырмалар:

  1. Жолдошуң менен чечен сѳздѳр аркылуу кат алышып кѳр.

  2. Классташтарың менен “унчукай” маектешкенге аракет жасап кѳр.

  3. Кыргыз эл жомокторунан чечендик ѳнѳрдү ачып бергендерин таап окугула, айтып бергиле.

  4. Залкар ойлорду окуп, класста талкуулагыла.

14 сабак

АР КИМДИН ЭМГЕГИ ӨЗҮНӨ КЫМБАТ

Сабактын максаты:

Эмгекчилдикке, сарамжалдуулукка үйрөнүшөт. Мээнеткечтиктин натыйжасын билишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. Ак эмгектин наны таттуу, Жалкоонун жаны таттуу.

Элден

Жаралган адам эмгектен,

Жарышып иштеп түрүнүп.

Жеңижок

“Адамды Адам кылган ак эмгеги”, “Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат”, “Күмүш терди тѳкпѳсѳң, алтын данды ала албайсың”, “Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”, “Акылыңдан адашсаң ак эмгек менен дарылан”, “Ѳнѳрлүү ѳлбѳйт”… Кѳңүл буруп окуп кѳргүлѳчү, бабаларыбыз сѳз берметтерин мыскалдап жыйнап, аларда камтылган Ата конушка агынан жарылып агылган адал мээнеттин ыйыктыгын, ак жашоого умтулган адеп-ахлак улуктугу, кѳркѳм касиеттин түбѳлүктүүлүгүн айгинелейт.

Биздин ата-бабалар туулган күндѳн эле жер үстүндѳ тиричилик ѳткѳрү үчүн тынымсыз эмгек талап кылынарын баамдашып; “Дѳѳлѳтүңѳ ишенбе, мээнетиңе ишен”, “Эмгектин аркасынан чуркасаң эңсегениңе жетесиң, эркеликтин аркасынан чуркасаң ѳз ырысыңды ѳзүң кесесиң”, “Аары чакса ачууланба, айда күндѳ бал жейсиң”, “Алгың келсе түшүм, алдын ала күтүн”, “Адамды адам кылган - эмгек”, - деген сыяктуу накыл сѳздѳрдү муундан муунга мурасташкан.

Ал эми дыйканчылыктанбы, же мал чарбачылыгында болобу, кѳпчүлүк чогулуп, ашар ыкмасы менен эмгектенген жерлерде иштин кѳзүн билбеген, жалкоо, жанбактылардын кылык-жоруктары кѳз жаздымда калбай, эл чогулган тойтамашаларда айтылып кѳпчүлүктүн талкуусуна салынган.

Эмгекчил болсоң, эл керегине жараарың талашсыз. Агынан жарылган мээнет, талбас эмгек сени дени сак, сарамжал, коом үчүн пайда келтире турган инсан кылып жаратары чындык. Адам баласынын жашоосунда экономикалык байлык дагы чоң рол ойнойт. Анткени адам күнүмдүк жашоосунда тамак-ашка, кийим кечеге муктаж. А алар кайдан, кантип пайда болот. Албетте аларды инсан ѳзү жаратат.

Бүгүнкү күндѳгү Кыргызстандын экономикалык абалына саресеп салып карай турган болсок бир топ жетишкендиктерге күбѳ болобуз. Эмгекчил, мээнеткеч адамдар жашоо шарттын жакшырышына ѳбѳлгѳ түзүп жатышат. Алардын катарына бизнесчилерди, жеке ишкерлер тобун кошууга болот. Ѳздѳрүнүн тынымсыз аракетинин натыйжасында элди жумуш орундары менен камсыз кылышып, жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишүүдѳ. Эгер коомубузда ушундай ишкерлер, дыйкандар, мамлекеттин казынасына каражат түшүрѳ турган азамат атуулдарыбыз кѳп болсо пенсия, стипендия, жѳлѳк пул, айлык акыларыбыз ѳз убагында берилип, жашоо шартыбыз кыйла деңгээлге кѳтѳрүлмѳк.

Урматтуу жаш жеткинчек сен да эл керегине жараган мээнеткеч, сарамжал инсан бол. Сарамжалдуулук – бул тапкан кирешеңди ысырапкерчиликке учуратпай, үнѳмдѳп пайдалануу болуп эсептелет эмеспи. Эч качан жалкоолук менен жолдош болбо. Эл оозунда айтылып жүргѳн жалкоолук жѳнүндѳгү жомокторду окуп кѳрүп, ѳзүң жыйынтык чыгар.

2-кадам: Окуучуларга текст таркатылып, окууга көрсөтмө берилет. Жалпы талкуу уюштурулат.

Ар кимдин эмгеги өзүнѳ кымбат

Бир ата-эненин жападан жалгыз уулу болуптур. Бала ата-эненин тарбиясында чоңоюптур. Бала бойго жеткен соң, атасы уулун чакырып: “Уулум, эми чоңойдуң, кандайдыр бир ѳнѳр үйрѳн, аягында кор болбойсуң!” - дептир. Бала, макул дептир. Эртеси жумушка баратканда, аны энеси токтотуп:

-Уулум, сен оор жумуш жасап жаныңды кыйнаба, кѳчѳгѳ чыгып досторуң менен ойно, кайтып келгениңде атаңа мына муну берерсиң! – деп бир теңге бериптир.

Бала сүйүнүп кѳчѳгѳ чыгып кетет да, кечке чейин ойноп жүрѳт. Үйүнѳ келсе, атасы короодо кѳлмѳчѳнүн боюнда отурган экен. Энесинен алган акчаны ага бериптир.

Атасы теңгени алып кѳлмѳчѳгѳ таштайт. Бала унчукпай тим болот. Эртеси да ушул окуя кайталанат. Буга таң калышкан эне менен бала үчүнчү күнү ѳздѳрүнчѳ отуруп кеңешиптир.

Бала:

-Атам бул акчаны эмгектенбей алып келгенимди билген окшойт. Эми бүгүн бир эмгектенип акча таап келейинчи, эмне кылаар экен? – дептир да, бир кишиникинде жалданып иштеп, жарым теңге акча тааптыр. Кечинде үйүнѳ келип атасына берсе, атасы бул акчаны да кѳлмѳчѳгѳ таштайт. Бала атасына олурая карап, кийимдерин чечип ѳз боюн кѳлмѳгѳ таштап, баякы жарым теңгени таап чыгат. Ошондо атасы уулуна:

-Кѳрдүңбү уулум, бекер акчага караганда ѳз эмгегиң менен тапкан акча кымбат болот, - деген экен. Суроолор:

  1. Сарамжал дегенди кандайча түшүнѳсүң?

  2. Жомоктогу ата эмне үчүн баласынын теңгелерин сууга ыргыта берди?

  3. Энеси эмне үчүн балага тескери үгүттү кѳрсѳттү деп ойлойсуңар?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Кыялдуу короо, кооз бак

Эмгекчил элдин колунан.

Адал эмгек элге жеткизет, Арамдык, куулук элден кеткизет.

Адамды акылга бай кылган – эмгек, Тѳрт түлүктү шай кылган – эмгек.

Адамзатты эки нерсе багыттайт,

Чындык сѳзү, ак эмгеги карытпайт.

Акыл менен эмгек айкалышкан жерде молчулук менен токчулук болоор.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Мен да эмгектенем” деген темада дилбаян жазгыла.

  2. Жомок боюнча сүрѳт тартып, мазмунун айтып бергиле.

  3. Залкар ойлорду класста талкуулагыла.

15 сабак

КИЧИПЕЙИЛ, ЖАПАКЕЧ, ЭЛПЕК ЖАНА ЖѲНѲКѲЙ БОЛ

Сабактын максаты:

Кичипейилдикке үйрөнүшөт. Жапакечтиктин, элпектиктин маанисин түшүнүшөт. Жөнөкөй болгонго аракеттенишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кандай адамды кичипейил, жапакеч жана элпек деп атасак болот? Бул суроого жооп издеп кѳрѳлүчү. Сезимтал, бардык нерсени айттырбай түшүнгѳн инсан гана бул сапаттарды ѳзүндѳ калыптандыра алат.

Эгер сен ѳзүңдѳн улуу адамдын тапшырган жумушун чын дилиңден жасасаң, айтканын аткарсаң, бардык кызматына даяр турсаң анда сени кичипейил, жапакеч деп атоого болот. Керкейип бой кѳтѳрбѳй, ѳзүңдү жогору сезбей элпек болсоң сен жѳнүндѳ кѳпчүлүк адамдар жылуу пикирде болот. Сени урматташат.

Кичипейилдик сапатыңдан эч качан жазбагын. Элиң үчүн ак кызмат кылууга, алардын жеңилин жерден, оорун колдон алууга умтулгун. Ата-энеңдин берген мыкты тарбиясын пайдалангын. Алар сени менен сыймыктангыдай, мактангыдай болуп, эл алдында жүздѳрү жарык болсун.

Окуучум, жѳнѳкѳй адам болуу деген ураан да сенде калыптансын. Мектепте окуп жүргѳн бир окуучу аябай шок болуп, сабагын окубай, мугалимдерин какшатып, атаэнесин тажатат. Жадап бүткѳн атасы: “Уулум сен такыр адам болбойсуң,” - деп айтат. Атанын сѳзүнѳ ушунчалык намыстанган уулу, ошол күндѳн тартып ѳзгѳрѳ баштайт. Сабакты эң жакшы окуп, мектепти алтын медаль менен аяктайт. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны кызыл диплом менен бүтүрѳт. Тилеген максатына жетип, министр болот. Алдында машинасы, эки кабат үйү, байлыгы бардык нерсе жетиштүү. Ошол бала бир күнү креслодо чалкалап олтуруп бир учур атасынын “Уулум, сен адам болбойсуң” деген сѳзүн эстеп, машина жѳнѳтүп, айылдагы атасын алдырат. Атасын ордунан туруп тосуп алат. Жайгашкандан кийин атасына кайрылып: “Ата, бир убакта сиз мени адам болбойсуң деген элеңиз, мына адам болот деген ушу, бардык нерсе жетиштүү”, - дейт. Атасы уулун бир топко үнсүз тиктеп турат да: “Балам, туура сен бардык нерсеге жетишипсиң, бийлик, байлык баары бар. Эч кемчилдигиң жок. Бирок, балам, сен дагы эле адам болбопсуң”, -деп ордунан туруп чыгып кеткен экен.

Мына кѳрдүңбү окуучум, текеберликтин арты кандай болоорун. Сен кандай ийгиликтерге жетишпе ата-энеңдин эмгегин жадыңдан чыгарба, эң негизгиси жѳнѳкѳй адам болушту унутпагын. Инсан деген улуу атка татыктуу болгун.

2-кадам: Мугалим окуучуларга текстти окуп берет. Маанисин түшүндүрөт. Сен адамсыңбы?..

Бир жолоочу алыс сапарга жол тартыптыр. Агыны катуу суу кечиптир, ашуусу бийик бел ашыптыр. Аты да чарчап, ѳзү да чаалыгып, ичерге суусу, жээрге тамагы калбаптыр. Жүрүп олтуруп калың бир чытырман токойго кез болуптур.

Токойдун четиндеги жалгыз үйгѳ кѳзү түшѳт да бир чыны суу сурап ичиш үчүн ошол үйгѳ багыт алат. Атынан түшүп, үн сѳзсүз эле эшикти шарт ачып кирип барат. Кирсе тѳрдѳ сакалы жерге чубалган бир карыя олтуруптур. Жолоочу колун бооруна алып “Ассалоому алейкум” деп саламдашат. Бирок карыя жооп бербейт. Экинчи, үчүнчү жолу салам айтса деле жооп жок. Унчукпай тиктеп гана турат. Жолоочу ичинен аны сѳз түшүнбѳгѳн дүлѳйбү же дудукпу деп ойлоду.

-Чоң ата мен жолоочу элем. Бир ууртам суу бере алаар бекенсиз, - деп кайрылды. Дагы эле жооп жок. Ушуга корогон кайран сѳз деп артына бурулуп, астанага жете берерде “Токто!” деген үндү укту. Артына бурулуп караса баягы карыя жолоочуну кѳздѳп келатыптыр. Экѳѳ бир саамга тиктеше түштү.

-Аксакал, эмне үчүн үч жолу салам берсем алик албадыңыз? Суу сурасам жооп бербедиңиз, акыры мен дагы адаммын го,-деди. Карыя жүзүнѳ тигилип туруп: “Сен адамсыңбы? Мен адам кирди деп ойлогон жокмун. Сайгактап качып кирген уй окшойт деп ойлопмун. Эй адам, эгер сен адам болсоң ыйманың кана, адамдык сапатың, кичипейилдигиң кана. Эгер адам болгонуңда сырттан уруксат сурайт болчусуң. Эшикти шарт ачып кирип келбес элең. Жолоочу экенсиң суу берейин. Жолоочуга суу берген сооп болот. Эгер башка болгонуңда дагы да үндѳбѳс элем”. – дептир.

Суроолор:

  1. Карыя эмне үчүн уулун дагы эле адам болбопсуң деп айтты?

  2. Кичипейил, элпек болуш үчүн эмне кылуу керек экен?

  3. Жолоочу карыяга салам айтып кирди го, эмне үчүн жооп берген жок деп ойлойсуңар?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор

Жакшы адамдын досу кѳп, Жакшы аттын ээси кѳп.

Жакшы болсоң жатык бол, ар ким жолдош башыңа, Жакшы болуп бар болсоң, кимдер келбейт кашыңа.

Жакшы жѳрѳлгѳ – биримдикке ѳбѳлгѳ.

Калк кадырына жетүү кымбат, Урмат-сыйдан ажыроо урмат.

Кичи пейилдикке кол жалгап коюңуз.

Эл оозуна

Үйгө тапшырмалар:

  1. Кичипейилдик, элпектик, жѳнѳкѳйлүк жѳнүндѳ ѳзүңѳр аңгеме жазгыла.

  2. Залкар ойлорду окуп, талкуулагыла.

16 сабак

СЫНДЫ ТУУРА КАБЫЛДОО, КЕМЧИЛИКТИ

МОЮНГА АЛУУ ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУ

Сабактын максаты:

Сынды туура кабыл алууга, кемчиликти монюнга алууга үйрөнөт. Кечиримдүү болууга умтулат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Адилдикке баш ийип тепселейин, Жалгандын гүлзарында кѳктѳбѳйүн. Касымдын таттуу сѳзүн уккан кѳрѳк, Досумдун ачуу сѳзүн эп кѳрѳйүн.

А. Бегимкулова

Ата-бабаларыбыз сенин кемчилигиңди сындаган, туура эмес жасаган ишиңди бетиңе айткан, жаман жолдон кайтарган адамды дос тутунгун деп таамай белгилеген. Бул сѳздүн чындык экендигине ынанабыз. Ѳзүң деле ой жүгүртүп кѳрчү окуучум, душманың сага бут тосот, сенин кубанычыңды кѳралбай, ичи тарып тескери жагын айтып, калп эле сага жакын адам катары тааныла баштайт. Сен аны дос деп билип, айткан кеңешин аткарып алышың мүмкүн. Ал эми досуң сага күйүп кемчилигиңди бетиңе айтса, аны тескерисинче түшүнүп аласың. Мына ушундай кѳрүнүштѳрдѳн оолак бол. Дос менен душманды ажырата бил.

Сен ѳзүң дагы досуңдун кемчилигин кѳрсѳң же ѳзүңдүн кемчилигиңди байкасаң эч качан жаап жашырып койбогун. Убагында түзѳтүлбѳгѳн ката, дагы бир катаны жаратаарын унутпагын. Артынан сүйлѳп эки жүздүү атанба. Элибизде сѳз бар эмеспи “Бетке айткан сѳздүн зары жок” деген. Анан сынайт десе эле бирѳѳнү ыксыз сынап, кемчилик издей бербе. Элибиздеги “Сынчынын сыңар ѳтүгү майрык” деген макал да жадыңда турсун.

Эгерде кимдир бирѳѳ сенин күнѳѳңдү мойнуңа койсо, жок жерден танып намысыңды түшүрбѳ. Күнѳѳкѳр болсоң моюнга ал, ал эми жалаа болсо теригип, жаңжалдашып олтурба. Токтоо, сабырдуу болсоң чындык ѳзү жеңип чыгат. Ошол адам менен кек сактап тиреше бербе, кекчил болбой, кечиримдүү бол!

2-кадам: Окуучуларга текст таркатылат. Окуп чыгууга убакыт бөлүнөт. Класста жалпы талкуу жүрөт.

Сынган кумура

Ата-энеси жумушка кетип үйдѳ инисин карап Канат калды. Ал тамак ичкен идиш-аяктарын жууп, үйдү иретке келтирди.

Анан бѳбѳгү экѳѳ ойноп киришти. Аябай чарчагандыктан бѳбѳгү тез эле уктап калды. Канат зериге баштады. Эмне кылаарын билбей турса, кѳзүнѳ шкафтын үстүндѳ жасалма гүл салынып турган кымбат баалуу кооз кумура илинди. Канат аны тазалап, жасалма гүлдүн чаңын аарчып коюуну чечти да стол коюп кумураны алды.

Чаңын аарчып кайра ордуна коердо стол тайып кетип жыгылып түштү. Кумура жерге түшүп сынып калды. Коркуп кеткен Канат кумуранын сыныктарын жыйнап терезеден ыргытып таштады.

Апасы келгенде Канат ѳзү эле бѳбѳгүнѳ шылтап, кумуранын сынганын айтты. Апасы болгон окуяны түшүнүп, кичинекей уулун маңдайынан ѳѳп “Садагаң кетейиним, боюн токтотуп шкафтын үстүндѳгү буюмдарга да колу жетип калган тура”, - деп эркелетип момпосуй берди. Ал сѳз Канатка аябай оор тийди. Беттери чымырап күнѳѳнү ѳз мойнуна албаганына аябай ѳкүндү.

Суроолор:

  1. Сындоо дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Досуңдун кемчилигин бетине кантип айтасың?

  3. Канат эмне үчүн кумураны ѳзүм сындырдым деп айтпады?

  4. Апасы анын сѳзүнѳ ишендиби?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланып, мааниси чечмеленет.

Залкар ойлор

Жакшылап карасаң, айдын да бетинде тагы болот.

Ууру тойорчо жеп, ѳлѳрчѳ карганат.

Кекчил болбой, кечиримдүү бол.

Айтылган сынды, сыйдай кабыл ал.

Дос күйдүрүп айтат, Душман сүйдүрүп айтат.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. Ѳз турмушуңдагы жогорудагыдай окуяларды кагазга түшүр.

  2. Кемчиликти бетиңе айткан досторуң жѳнүндѳ эссе жаз.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.

17 сабак

СѲЗ КѲТѲРҮМДҮҮ, ЖАЙДАРЫ, КЕҢ ПЕЙИЛ БОЛ

Сабактын максаты:

Окуучулар сөз көтөрүмдүүлүккө үйрөнөт. Жайдары, кең пейилдик сапаттар тууралуу маалыматка ээ болушат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ар иште акыл-эстүү болуу керек, Акылдуу ѳз ишинен убай кѳрѳт.

Жусуп Баласагын

“Карынын сѳзүн капка сал”, “Улуу уксун деп айтат”, “Атаңын айтканын алтынга алмаштырба” деген нуска сѳздѳр ата-бабаларыбыздан бизге чейин жетип келди. Пейли кенен, меймандос кыргыз элинин мындай нускалары четтен саналат. Ѳзүнүн сынын, наркын жоготпой улам кийинки муундарга мурас катары калып келет. Адамдагы сѳз кѳтѳрүмдүүлүк адамдык баркыбызды бийик деңгээлге кѳтѳргѳн жакшы сапаттардан болуп саналат. Мындай сапаттар адамды ажарлантат. Окуучум, сен эч качан ѳзүңдѳн улуу адамга каяша сүйлѳп жаман сапатыңды кѳрсѳтпѳ, алардын дилин оорутпа. Чоң адамдын назарына калба. Андан кѳрѳ сага айтылган сын пикирди терең анализдеп, туура тыянак чыгарууга үйрѳн. Эрте менен үйдѳн чыгып баратканда эмне иш бүтүрүү керек деп ойлон, ал эми кеч үйгѳ кайтканда эмне иш бүтүрдүм, кимге кандай мамиле жасадым деп бир күндүк ишиңди талда.

Кабагыңды бүркѳбѳй, дайыма жайдары бол. Сараң, зыкым болбой кең пейилдүүлүктү ѳзүңѳ адат кылгын. Муктаждарга жардам колуңду сунгун. Кең пейилдүүлүк менен жайдары мүнѳз сенин адамдар арасындагы кадыр-баркыңды кѳтѳрѳт, досторуңдун сага болгон ишенимин ойготот.

2-кадам. Окуучулар текст менен таанышышат. Класста талкуулашат.

Ѳзгѳргѳн мүнѳз

Жамийла аябай түнт, корс кыз эле. Достору менен да жакшы мамиле түзѳ албайт болчу. Кызынын мындай сапатына таң калышкан ата-энеси ал сапатты жоюга кѳп аракет жумшашты. Канчалык аркет жумшашпасын мүнѳзү ѳзгѳргѳн жок.

Бирге окуган классташтары да анын мүнѳзүнѳ түшүнүшпѳй, мамиле кылуудан да чочулашчу. Эч качан күлбѳгѳн, пейили да тар, эч кимге эч нерсесин карматпаган кыз. Айткан тамашаны да кѳтѳрѳ алчу эмес, уруша кетчү. Бир партада олтурган Кубат аны сѳзгѳ тартууга, мамиле түзүүгѳ кѳп аракет жумшайт, башкалардын иши да жок.

Бир күнү Жамийла мектепке тагып келген апасынын алтын үзүгүн жоготуп койду. Коркконунан аябай ыйлады. Издеп, эч жерден таппаган соң класста олтуруп ыйлай баштады. Класс жетекчиси окуучулар менен сүйлѳшүп, кыздын абалын түшүндүрүп чогуу издешти. Бир аз убакыт ѳткѳн соң сырттан Кубат “таптым” деп кыйкырды. Ошентип алтын үзүк кѳпчүлүктүн жардамы менен табылды. Жоготкон буюму табылганына Жамийла аябай сүйүндү, классташтарына ыраазы болду. Үйүнѳ баргандан соң болгон окуяны ата-энесине айтып, мындан кийин достору менен жакшы мамиле түзүүгѳ, кең пейил, жайдары болуп жүрүүгѳ сѳз берди.

Суроолор:

  1. Кандай адамды кең пейил деп эсептейсиң?

  2. “Атанын айтканын алтынга алмаштырба” деген нусканы кандайча түшүндүң?

  3. Жамийла эмне үчүн достору менен жакшы мамиледе боло албады?

  4. Жамийланын мүнѳзү эмне үчүн тез ѳзгѳрдү деп ойлойсуңар?

3-кадам. Залкар ойлорду талкуулашат. Залкар ойлор

Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.

Кеп кѳтѳрбѳй жакшы болбойт, Тер кѳтѳрбѳй күлүк болбойт.

Сѳз айтпагын болбоско, Суу куйбагын толбоско.

Сѳз башы ачуу болсо, Аягы таттуу болот.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Ѳзгѳргѳн мүнѳз” тексттине жакын кыскача аңгеме жазгыла.

  2. Залкар ойлордун ар бирин терең анализдегиле.

18 сабак

СЫЛЫК, СЫЙЧЫЛ МҮНѲЗ АДАМДЫ АЖАРЛАНТАТ

Сабактын максаты:

Сылыктыкты үйрөнүшөт. Бирөөнү сыйлоо сапаты калыптанат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кыргыз эли эзелтеден эле кѳчмѳндүү жашоого ылайыкташкан, ѳзгѳлѳрдѳн айырмаланып турган ыйман-адепке тарбиялоонун жолу ѳсүп-ѳнүгүп, алар элдин каада-салтына, үрп-адатына чѳгѳрүлгѳн. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, аксакал адамга акаарат кылбоо, сылык, сыйчыл мүнѳз болуу жана башка күнүмдүк турмушка керектүү жүрүш-туруш эрежелери ар бир коомдун жаш мүчѳсүнүн акыл сезимине күн сайын сиңириле берген.

Адам турмушунда коомдун ѳнүгүү нугу кандай түргѳ келип, кандай ѳзѳккѳ бурулбасын, ар убакта тарбиянын таасирдүүлѳрүнѳн элдик “Адеп мектеби” болуп саналган оозеки чыгармачылык кызмат ѳтѳп келет. Бешик ыры, терме, санат-насыят, салт ырлары, жомоктор, макал, лакап, учкул сѳздѳр, тамсилдер, комуз күүлѳрү сыяктуу улуттук маданияттын асыл байлыктары ар бир жаш жеткинчектин кулагына куюлуп, кѳкүрѳгүнѳ туюлуп, анын калыптанышына ѳбѳлгѳ түзѳт. Элдик оозеки чыгармачылыктын асыл байлыктары кылымдап чогулган казына болсо, ар бир жаш ѳспүрүм туулгандан ошол кѳѳнѳрбѳс байлыктын кѳркѳм дүйнѳсүн аралап, жандүйнѳсү үчүн күлазык чогултууга кѳмѳктѳшүү ар бир ата-эненин ыйык парзы. Ар бир ата-эне ѳз балдарына: “Бирѳѳнүн башына келген жакшылыгына жан дүйнѳң менен ыраазы болуп, анын ийгилигин ичиңден тең бѳлүшүп турсаң бул сенин пейилиңдин кеңдиги. Жаныңдагы адамдын бактысына кѳз артпаста, кандай учур болсо да ѳз жардамыңды аябай жүр. Жакын адамыңдын кайгысын тең бѳлүшсѳң, ал азаят, андай жамандык сенден да алыс болот, кубанычын тең бѳлүшсѳң ал сага да жугат. Улууну улуудай, кичүүнү кичүүдѳй сыйлап, айкѳл, боорукер, сылык болгула, садагаларым”, - деп айтышса керек.

Урматтуу окуучулар, “Кичинекей ханзаада” деген жомок эсиңерде болсо керек. Ал жомокту окуудан эч качан тажабоо керек. Жомок болгону менен камтыган окуялары сени жакшы адам кылып тарбиялаары талашсыз. Ошол жомоктогу кичинекей канзааданын түлкү менен сүйлѳшкѳнүн эсибизге салалычы.

-Түлкү, түлкү, кел экѳѳбүз ойнойбуз, - деди кичинекей ханзаада, - болбосо кѳңүлүм чѳгүп, абдан зеригип кеттим.

-Жок, жо-ок, балакай, мен сени менен ойной албаймын. Анткени, сен мени ѳзүңѳ үйүр алдырган эмессиң да.

-Ой, кечирип койчу, - деди кичинекей канзаада, анан азга ойлонуп туруп, - а үйүр алуу деген эмне? – деди таңдана.

-Сен али билбесең керек, балакай, ал деген – ынактык, бизди бири-бирибизге жакындаткан ысык мамиле. Болбосо, сен мен үчүн жүз миңдеген балдардын бирѳѳ болсоң, мен сага тоо-ташты аралап жүргѳн миң сандаган түлкүлѳрдүн бири катары эле сезилемин. Ал эми экѳѳбүз үйүр алышып кетсек, бир-бирибизге ынактыгыбыз артып, бирибизсиз бирибиз жашай албоочудай эңсешип, жүрѳгүбүздѳн чыккан эң аруу, эң ыйык сезимдерди бир-бирбизге арнашат элек.

-Менин бир түп роза гүлүм бар эле, менимче ал экѳѳбүз ынак болсок керек… …Түлкүнүн осуятын ойлоп кѳрсѳк:

-Мына менин купуя сырым, жүрѳк менен туйганды кѳз менен туя албайсың. Роза гүлүңдүн сага кымбат сезилгени – ал үчүн сен бүт жан дүйнѳңдү арнап койгонсуң, роза үчүн жоопкер ѳзүң экендигиңди эсиңден чыгарба, балакай.

-Ооба, мен розам үчүн жоопкермин, жоопкермин, - деди кичинекей ханзаада ушул сѳздү унутпаш үчүн улам-улам кайталап.

Биз дагы ушул ханзаададай жакшы үмүт менен сыпаалыкка үйрѳнсѳк. Сылыктыгыбыздан жазбай элибизде айтылып жүргѳн “Сиз деген сылык сѳз, сен деген сенек сѳз” деген макалды жадыбызда бекем сактасак.

2-кадам: Окуучулар ролдоштуруп окушат.

Ата менен бала Баласы: Ата, мага жомок айтып берчи?

Атасы: Сиздин жомок уккуңуз келип калган гоээ?

Баласы: Ооба, айтсаң эми.

Атасы: Жомогум түгѳнүп калды.

Баласы: Анда сен ат болчу, экѳѳбүз ойнойлу.

Атасы: Балам, убактым жок.

Баласы: Эмне үчүн убактың жок?

Атасы: Анын сага тиешеси жок, андан кѳрѳмашинаңды сындырбай ойногун.

Баласы: Ата, мага карышкыр менен эчкижѳнүндѳгү жомогуңду айтып берчи. Атасы: Балам, колум бош эмес, кѳрүп турасыңго… Баласы: Кана?

Атасы: Аны сага түшүндүрүп олтуруугаубактым жок.

Баласы: Эмне үчүн?

Атасы: Жумушум кѳп. Балам жатып эс алчы.Анан балам, сиз дегенге үйрѳнчү.

Бала томсоро түштү. Ал эриккенинен атасы менен ат болуп ойногусу келген эле. Бирок ал анча деле эриккен эмес, атасын кечке сагынганынан ошентип сезилген. А атасы болсо убактысы жок, баласы менен ат болуп ойногонго колу түк бошобойт. Же эмне атасы сенсиреген сѳз үчүн таарындыбы? Бала ошону да ойлоду.

Суроолор:

  1. Сылыктык дегенди кандайча түшүнѳсүң?

  2. Сыйчыл мүнѳз адам деп кандай адамды айтабыз?

  3. Ата менен баланын сүйлѳшүүсүнѳн эмнени байкадың?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Сылыктыктын белгиси алыш-бериш.

Сыйга – сый, сыр аякка – бал.

Сыйдын чеги болбойт.

Сыйлаганды билбеген сыйпалаган кѳрсокур.

Сыйлашпаган тууганың, сыр айтпагандушмандай.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. Ата менен баланын ортосундагы диалогду ролдоштуруп аткаргыла.

  2. Залкар ойлорду анализдегиле.

19 сабак

КЕК ЖАНА КЕКЧИЛДИК

Сабактын максаты:

Кекчилидик жаман сапат экендигин түшүнүшөт. Кечиримдүү болууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Элибиз илгертеден эле айкѳлдүк, жоомарттык, кең пейилдүүлүк сапаттарды кан-жанына сиңирип келген. Бирѳѳдѳн ѳч алуу, кекчилдик ѳңдүү терс сапаттарды ѳздѳрүнѳн алыс тутуп жактыра беришпеген. “Алдыңа келсе жети атаңдын кунун кеч”, “Бирѳѳ бир жаагыңа урса, анда, экинчи жаагыңды тосуп бер”, “Кекчил болбо, эпчил бол” деген нуска сѳздѳрдү кийинки урпактарга таберик катары калтырып келишкен. Биз ата-бабаларыбыздан калган мурас кептерди ѳз турмушубузда татыктуу пайдаланалы, адамдык мыкты сапаттарды ѳзүбүздѳ калыптандыралы. Айкѳл, кең пейил, аруу дилдүү таза инсан болуп жетилели.

Жаман мамиле жасап башка бирѳѳнү ѳзүңѳ кекентип, душман кылып албагын. Баарын ѳзүңдѳй кѳрѳ бербе, эл оозундагы “Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр” деген сѳз эсиңде болсун. Бирѳѳ менен мамиле түзүп, алакада болууда ѳтѳ кылдаттыкка үйрѳн, алардын дилин оорутпа. Болбосо ѳзүңѳ жараша жооп алып калышың мүмкүн. Мындай окуяны “Сѳѳлжан менен үлүл” деген тексттен байкасаң болот.

Үлүл менен сѳѳлжан бир күнү жолугушуп калышты. Алар бирин-бири кѳрүп таң калып турушту.

-Эй, Үлүл, сенин үйүң кайда? – деп сурады Сѳѳлжан Үлүлдѳн.

-Менин үйүмбү? Үйүм мына, - деди үлүл үстүндѳгү кабыгын кѳрсѳтүп.

-А шапкең канакей? – деди анан Сѳѳлжан кайта суроо берип.

-Шапкем да мынакей, - деди ага Үлүл, дагы да кабыгын кѳрсѳтүп. Сѳѳлжан Үлүлдү бул үчүн шылдыңдап күлдү.

Ошондо Үлүл Сѳѳлжанга минтти:

-А сенин башың кайда?

-Менин башымбы? Башым мынакей, - деди ѳзүнүн жиптей чубалган бир учун ѳйдѳ кѳтѳрүп.

-А куйругуңчу? Ал кайда? – деди Үлүл Сѳѳлжанга таң калганы басылбай. -Куйругум да мынакей, - деди анда Сѳѳлжан дагы бир жак учун кѳтѳрүп. Анын бул сѳзүн угуп, Үлүл мага кезек келди дегенсип, Сѳѳлжанды шылдыңдап аябай күлдү…

Мына кѳрдүңбү, окуучум бири-бирине ѳчѳшүп, кек алуу максатындагы окуяны.

Сенде дагы ушундай окуялар кайталанбасын.

2-кадам: Таркатылган тексттер менен иштешет.

Жыландын казынасы

Кадимки заманда эки ага-ини жашаган экен. Агасы бай жана ичи тар экен, иниси болсо жѳнѳкѳй жана адилет экен. Инисинин азыраак жери жана бир уйу болуп, балачакасы менен тынч турмуш кечирет экен. Агасы болсо ѳз байлыгынан кызганып, үйлѳнбѳгѳн да экен.

Бир күнү инисинин аялы уйун эми саап болгондо, баласы ыйлап калат. Шашылып баласына жүгүрѳт. Баланы соороткон соң сүт саалган челекке карап жүгүрѳт. Кѳргѳн кѳзүнѳ ишенбейт, челектеги сүттү бир чоң жылан ичип жаткан экен. Жакын арада иштеп жаткан күйѳѳсү жыланды кѳрүп, аялына жакындашпа деп ишара кылат. Бираздан кийин жылан сүттү ичип ѳз жолуна түшѳт. Дыйкан аял челекти алыш үчүн барса, челектин түбүндѳ алтын теңге жатыптыр. Алар ар күнү уйду саап ошол жерге челекти калтыра турган болушат. Жылан дагы ар күнү чыгып сүттү ичип, челектин түбүнѳ алтын теңге калтыра берет. Дыйкан аста-секин байып кетет. Агасы аны кѳрѳ албайт. Ачкѳздүк балээси уйкусун качырат, инисин алдап бул сырдын түбүнѳ жетет.

Күндѳрдүн биринде дыйкандын аялы уйду саап, челек толо сүттү жыландын алдына коет. Муну пайлап турган агасы сураныч менен аларды узагыраак жерге бир ишке жумшап жиберет. Ѳзү болсо курч балтаны алып жыланды пайлап турат. Жылан ар күндѳгүдѳй беймарал сүттү иче баштайт. Агасы убакытты пайлап туруп, жыланды балта менен чаап жиберет, жылан болсо байды чагып ѳлтүрүп, кыркылган бир карыш куйругун таштап, ѳз жолуна түшѳт.

Дыйкан үйгѳ кайткандан кийин, агасынын ѳлүп жатканын жана бир карыш куйрукту кѳрүп болгон окуяны түшүнѳт. Ыйлап-ыйлап агасын жерге жашырат. Арадан ай ѳтсѳ да жыландан дарек болбоптур. Дыйкан жылан жашаган жарга барып:

-Эй,жылан! Сен менен дос элек го, сенин алтының дагы керек эмес, сага сүт толо челек жана биз дагы муктажбыз, - дептир.

Ичкериден үн чыгарып:

-Эй, инсан! Сен ак кѳңүл, жѳнѳкѳйсүң, сен берген сүтүңѳ, мен болсо берген алтыныма ыраазы бололу. Сенде агаңдын күйүтү, менде болсо куйругумдун кеги бар. Сага душмандыгым жок. Агаңдын ачкѳздүгү түбүнѳ жетти жана биздин достугубузга чекит койду.

Ачкѳздүк канча-канча инсандардын башына жетпеди, канча-канча адамдарды жок кылды. Бири-бирине ѳчѳштүрүп, кекчилдикти пайда кылды.

Суроолор:

  1. Кекчилдик дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Сѳѳлжан менен Үлүлдүн окуясынан эмнени түшүндүңѳр?

  3. Эки бир туугандын мамилеси эмне үчүн эки түрдүү?

  4. Жыланды ѳзүнүн кегин алды деп айтууга болобу?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Адам алсызы урушчаак, акылдуу киши тырышчаак.

Адам болуу арзан, адамды билүү кымбат.

Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.

Башканын айыбын кѳрбѳстѳн, ѳзүңдү оңдо.

Кекейгенге кекенбе.

Жандүйнѳнүн тазалыгы ченемсиз байлык.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Кекчил болбойм!” деген темада дилбаян жазгыла.

  2. Жомоктун мазмунун талкуулагыла, ѳзүңѳр дагы кекчилдик жѳнүндѳ кѳркѳм чыгарма жаратып кѳргүлѳ.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.

20 сабак

ѲЗҮМЧҮЛДҮК, КАЙДЫГЕРЛИК

Сабактын максаты:

Өзүмчүлдүк жаман сапат экендигин түшүнөт. Кайдыгерлик тууралуу маалыматка ээ болот.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Калкым, калкым дебесе,

Калктын камын жебесе, Эр жигитте не пайда.

Элден

Ѳз кѳмѳчүнѳ күл тартып, ѳз кызыкчылыгын ойлогон адамды ѳзүмчүл деп атайбыз. Андай адам баардыгынан ѳз кызыкчылыгын жогору коет. “Ѳзүм аман болоюн, ѳзгѳлѳр эмне болсо, ошо болсун” деген ураан менен гана жашайт. Ѳңгѳлѳрдүн кызыкчылыгына кайдыгер мамиле кылат.

Кайдыгерлик – бул адам сапатынын терс кѳрүнүшү. Кайдыгер адамда ѳңгѳгѳ үлгү болоорлук сапаттардын белгилери жокко эсе. Андай адамдарда бирѳѳгѳ боор ооруу, кубанычына ортоктош, кайгысын тең бѳлүшүү деген изги сапаттар сезимден жат болору талашсыз. Анын табиятына жалаң гана “Мен” деген жаңырык мүнѳздүү. Баарын мен жасадым, баары мен үчүн деп, акчанын, байлыктын кулу болуп ган жашайт. Ѳзүнүн ырыскысын башкалар менен бѳлүшүүнү каалабайт. Демек, окуучум мындай адамдан кандай жакшы жѳрѳлгѳ алууга болот?

Сенде ушундай жамандалган сапаттын уялашына эч качан жол бербе. Ѳзүңдүн кызыкчылыгыңдан ѳзгѳнүкүн жогору кой, досторуңан, классташтарыңан жардам колун аяба. Аларга кайрымдуу бол, жардам бер. Эне уулу эмес эл уулу бол. Кадырлуу калктын батасын ал. “Бата менен эл кѳгѳрѳт, жамгыр менен жер кѳгѳрѳт” деген макалды эсиңе ал. Эң негизгиси кайдыгерликтен алыс бол.

2-кадам: Окуучуларга 2 топок бөлүнүп текст таркатылат. Топто талкуулашат. Презентацияга чыгышат.

1-топко:

Дыйкандын тартуусу

Кадимки замандарда ѳтѳ жоомарт, адил увазир болгон экен. Бирѳѳдѳн тартуу келсе бардыгына барабар бѳлүп берчү экен. Ѳзүнүн кызыкчылыгынан башкалардыкын жогору койчу. Күндѳрдүн биринде бир багбан ага таң эрте менен үч бадырың алып келиптир. Увазир үч бадырыңды тең биринин артынан бирин жалгыз ѳзү жеп коюптур дагы, аларды алып келген багбанга миң динар тартуу сыйын бериптир. Андан соң увазир ѳз багына эс алууга чыккан учурда, андан бир кызматчысы сураптыр:

-Таксыр, эмне үчүн сиз бадырыңдын үчѳѳнү тең ѳзүңүз жеп койдуңуз, деги эле мындай адатыңыз жок эле го?

Адил увазир мыйыгынан жылмая жумшак гана жооп айтыптыр:

-Бадыраңдар ачуу экен. Башкаларга дагы берчү болсом, анын ачуулугуна чыдай алышпай дыйканга жаман сѳз айтып жиберишет. Натыйжада карапайым дыйкандын дили ууланып калат. Мен ѳзүмдѳн мурда ѳзгѳнү ойлодум.

2-топко:

Ѳзүмчүлдүктүн кесепети

Байыркы заманда бир залим, ѳзүмчүл, тилазар соодагер бай бар эле. Кембагал бечараларга зулумдук менен жабыр кѳрсѳтүп, алардын базарга алып келген отундарын арзыбаган наркка сатып алаар эле дагы ѳзү болсо кайра аны кымбат баада пул кылуучу. Кембагал бечаралар бул отун соодагеринин дартынан кѳптѳгѳн азаптарды чегишти, анын аларга кѳрсѳткѳн азаптарынан баштары маң болушту. Күндѳрдүн биринде залим соодагер бир бечара дервиштин отунун зордук менен тартып алды. Ага жарым баа менен пул тѳлѳдү. Дервиштин кѳңүлү азар тартты, бирок эмне ылаажы кыла алмак эле? Байды каргап-шилеп кетүүгѳ мажбур болду. Бул окуяны кѳрүп турган бир билимдүү адам байга карап:

-Сен кембагал бечараларга жапаа чектирип жабыр кѳрсѳтпѳ. Карып кѳңүлдѳрүн оорутпа. Жетимдердин кѳзүнѳн кандуу жаш агызба. Бул жарабаган ишиңден кайткын, - деп ар түрдүү насаатын айтса дагы, ачкѳз бай аны кабыл албады. Бул окуядан кѳп убакыт ѳтпѳй, бир түнү байдын отунканасына от түштү. Эртеси күнү эртелеп бай жакындарына:

-Отункана менен үйүмѳ бул от каерден түшкѳнүн биле албай айраңмын, - деп сүйлѳп олтурган эле, баягы насаат айткан билимдүү адам булардын жанына басып келип калды.

-Айраң-таң калбай эле кой, сенин ѳзүмчүлдүгүң, кайдыгерлигиң, зулумдук менен салган жабырыңа таңданган бечара кембагалдардын карегинен чыккан от сенин отунканаң менен үй-жайыңды күйгүзүп күл кылды, - деп жооп берди.

Суроолор:

  1. Кайдыгерлик дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Досторуңун ичинде ѳзүмчүл, кайдыгерлери барбы?

  3. Увазир эмне үчүн бадырыңдарды ѳзү жеп койду?

  4. Ѳзүмчүл байдын короосуна эмне үчүн от түштү деп ойлойсуңар?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор Эр энеден туулат, элге кызмат кылат.

Ѳз камын ойлогон ѳспѳйт, эл камынойлогон кѳктѳйт.

Ѳз кѳмѳчүңѳ күл тартпагын.

Ѳзүңдү ѳзүң мактаба, сени эл мактасын.

Кайыры жок байдан кач,

Панаасы жок сайдан кач.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Ѳзүмчүл адам – ѳспѳйт ” деген темада дилбаян жазгыла.

  2. Жомоктордун маанисин талкуулагыла.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.

21 сабак

МАКТАНЧААКТЫК ЖАНА КОШОМАТЧЫЛЫК

Сабактын максаты:

Окуучулар мактанчаактык, кошоматчылык жөнүндө түшүнүккө ээ болот.

Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Окуучум, мактанчаактык сапат сенде жокпу? Айланаңды карачы, мүмкүн бирге жүргѳн досторуңда болуп жүрбѳсүн? Бул сапат кандай экенин сен жакшы билесиң. Мактанчаак адам – эч качан уялбайт, ѳзүндѳ болгон бардык нерсенин башкаларда болбошун, ага суктанып кароосун тилейт. Маселен, бир класста окуган Дамир менен Жайнактын мүнѳзү эки башка. Дамир аябай мактанчаак. Бир күнү ал мектепке атасы сатып берген кичинекей магнитофонду кѳтѳрүп келди, балдарга кѳрсѳтүп, кымбат баада экенин, жакшы ырдаарын айтып аябай мактанды. Сабак учурунда мугалимге тоскоол кылып, музыка укканы үчүн эжейи аны алып койду. Эми Дамир мактанганын да койду. Мына кѳрдүңѳрбү, мындай окуялар мектеп турмушунда кѳп кездешет.

Мактанчаак адам – дардаңпоз да болот, дардаңдап эч кимди теңсинбейт, менде гана бар, менин нерсем гана кооз деген түшүнүк менен жашайт. Эгер катуу айтсаң, чычалап жоон билектик да кылат.

Ал эми кошоматчылык дагы жамандалган сапаттарга кирет. Кошоматчынын эки жүзү болот, кубулуп, ѳзгѳрүп турат. Пайда кѳрѳ турган адамга мүмкүн болушунча жагынып, мактап, жанынан чыкпайт. Классташ балдарыңдын ичинен мындай сапаттагыларды байкасаң этият мамиле жаса, ошол сапатын жок кылууга кѳмѳк кѳрсѳт.

Элибиз “Киши жаманы кирип чыкканча, ѳзүңдүн жамандыгың ѳлѳр ѳлгүчѳ билинбейт” деген макалды тѳгүн жерден айткан эмес. Чындыгында карап кѳрсѳң, бирѳѳнүн кемчилигин, жаман жагын дароо эле байкайсың, ал эми ѳзүңдүн кемчилигиңди эч качан айтпайсың. Мына ушундай сапаттан да алыс бололу. Мындай сапаттар, акылы тайкы, эч нерсени аңдап түшүнбѳгѳн тарбиясыз гана балдар менен жүрѳт.

Мактанчаак, кошоматчы болсоң эч ким сен жѳнүндѳ жакшы пикир айтпайт. Күлкү, сѳз гана болосуң. Досторуңдун да сага болгон сый-урматы тѳмѳндѳйт. Ошондуктан, окуучум, мындай сапаттарды жаныңа жуутпай алыс карма. Мактанчаак, кошоматчы атка конбо.

2-кадам: Мугалим окуучуларды текст менен тааныштырат. Жалпы класста талкуу уюштурулат.

Күлүк батинке

Бекзатка атасы жаңы батинке сатып берди. “Эмне кылуу керек?” деген ойго келди. Жаңы батинкесин кийип алып эшикке чыкты. Албетте, короодогу досторуна кѳрсѳтүү керек да.

Ал короодон досу Сабатка жолукту.

-Жүрү жарышабыз, - деди ал Сабатка.

Экѳѳ тогуз кабат үйдүн бул бурчунан тиги бурчуна чейин чуркап барышты.

Жаңы батинкесине мактанган Бекзат алдыга озуп, биринчи жетти.

-Мен биринчи! Мен биринчи!.. – деп кыйкырды сүйүнгѳндѳн Бекзат.

Артта калганына Сабат ызалана түштү. Анткени ал мурда Бекзатка жеткирчү эмес эле. Анан аргасыз себеп таап:

-Сенин батинкең жаңы турбайбы, - деди.

-И-и…бул күлүк батинке экен го… - деди анда Бекзат, бул сѳзгѳ чындап эле ишенип.

Кошоматчы Канат

Канат менен Бекбол бирге окушат. Бекбол аябай мактанчаак, ал эми Канат болсо андан кем калышпайт. Бир күнү экѳѳ мындай деп маектешип калышты: Бекбол: Эй досум, менин кечээ Талант менен мушташканымды кѳрдүңбү?… Канат: Ооба, азаматсың досум, тим эле Жекичан жолдо калды.

Бекбол: Колдонгон усулдарымды кѳрдүңбү, дагы байкушту аяп койдум, барбы, тим эле карателеп таштамакмын.

Канат: Ошону айтсаң, ѳзүнѳн кѳрсүн, жайладың. Тим эле учуп-учуп, кыймылдап жаттың. Баары таң калып карап жатышты.

Суроолор:

  1. Мактанчаак досторуң барбы?

  2. Бекзаттын жаңы батинкеси чындап эле күлүкпү?

  3. Канатты эмне үчүн кошоматчы деп атайбыз, балким ал туура эле айтып жаткандыр?

3-кадам: Окуучулар мугалим менен бирге залкар ойлорду талкуулашат.

Залкар ойлор

Кошомат кой сойдурат же кошоматкакой соет.

Мактанчаак кысыр уйду саайт.

Мактанып айтса байдыкы эп, Курап айтса кулдуку эп.

Кошомат айкандан кѳрѳ, кордук кѳргѳнжакшы.

Кошоматчы коюндаш болот.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. Мактанчактык, кошоматчылык жѳнүндѳ ой толгоо жазгыла.

  2. Мектептеги турмушуңардан болгон окуяларды жазгыла.

  3. Залкар ойлорду класста талкуулагыла.

22 сабак

УШАКЧЫЛЫК, ЧАГЫМЧЫЛЫК

Сабактын максаты:

Окуучулар ушакчылык, чагымчылык жаман сапат экендигин билишет. Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ушакчылык – бул эң жамандалган сапаттардын бири болуп саналат. Элибизде сѳз бар эмеспи “Эки үйдү эриктирбеген, бир үйдү бириктирбеген” деген сыяктуу. Бул ушакчыларга тиешелүү макал. Ушакчы адам бирѳѳдѳн уккан сѳздү экинчиге жеткирип, анын сѳзүн кайра башкага жеткирип турат. Ага адат болуп калган жумуш. Элибиз бекеринен “Ушакчыдан безе кач”, “Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы”, “Ушакчыда уят болбойт” деген сѳздѳрдү айтышпаса керек. Булардын ар биринде чындык бар, ушакчылар уят-сыйытты жыйыштырып коюшат. Күнүмдүк турмушубузда ушакчылардын кесепетинен жакын достор, жубайлар ажырашып ынтымак бузулганын да учуратып жүрѳбүз. Айтылган ушакка ишенип, артынан сүрүштүрүү туура эмес. Анткени, ушактын түбү жок болуп чыгат.

Ал эми чагымчылык – ушакты жеткирген соң улантылат. Чагымчы ошол ушактын негизинде эки адамды бири-бирине кайрап, ортого от жакканга, араны алыстатканга аракет жасайт. Бул дагы эң ыплас сапаттардан болуп саналат. Сыйкырчы канча жыл аракет кылып буза албаган нерсени, чагымчы бирпаста бүлүндүрүп жиберет. Ушунчалык жийиркеничтүү, кечирилгис чоң күнѳѳ.

Албетте, окуучум, бул сапаттардан арылууга, алыс качууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эң орчундуусу сага ишенип айткан, бирѳѳнүн сырын башка адамга жеткирбеш керек. Сыр сактай билгенге үйрѳнѳлү. Эки адамды бири-бирине жамандап, кайраштыруудан оолак бололу. Бирѳѳнүн айтып келген ушагын укпайлы, чагымына ишенбейли. Ар бир ишти талдап, ойлонуп туруп анан жасайлы.

2-кадам: Мугалим окуучуларды текст менен тааныштырат. Жалпы класста талкуулашат.

Чагымчынын жазасы

Байыркы заманда акимдерден бири ууга чыгып, аны менен чогуу ууга чыккандар бир жерге келип ѳргүштү. Бардыгы тең ѳз иши менен алек болгон кезде аким ѳз ат багарын жанына чакырып:

-Сени менен бирге ат чабууну кѳптѳн бери арзуу кыламын, кимибиздин атыбыз учкаяктыгын билүүнү каалаймын, - деди.

Атбагар макул болуп, атына минип экѳѳ чаап жѳнѳдү. Аң уулаган жерден кѳп эле алыстап узакка кетишти. Аким атынын башын тартып, атбагарга токтоого буйрук берди, анан аны жанына олтургузуп:

-Эй, атбагарым, кѳңүлүмѳ келген бир пикирди айтмакчы болуп, сени менен бирге ушул жерге чейин чаап келдим. Кѳпчүлүктүн ичинен сага ишенгенимден, сырымды бир гана сага баян кыламын, этият болгун, эч ким сезбесин, - деди.

Атбагар ага таазим кылып:

-Сиз канчалык мага ишенген болсоңуз, сырыңызды дагы ошончолук даражада эч кимге ашкере кылбаймын. Эч ким эч нерсе билбейт, - деп акимге убада берди. Аким атбагардын сѳзүнѳ курсант болуп, кѳңүлүндѳгү түпѳйүл сырды ага ачык айтты:

-Инимдин ушул азыркы учурдагы жасап жаткан аракеттеринен күмѳндѳнүп калдым, мени ѳлтүрмѳкчү болуп жатса керек. Ошол себептүү мен инимди жок кылмакчымын. Сен менин жанымдан алыстабай мени күзѳтүп жүргүн.

Атбагар акимдин бул купуя сырын сактоого, акимдин ѳзүн дайыма кѳзѳмѳлгѳ алып күзѳтүүгѳ убада берип, касам ичти. Аким аңчылыктан кайтып ѳз сарайына кирери менен эле атбагар бапасыздык кылып, кыянат кѳчѳсүнѳ кадам койду. Убакыт таап акимдин инисине укандарын түгѳлдѳй баян кылды. Акимдин иниси бул чагымчы атбагардан курсант болуп, ага насыя тартуулар менен убадаларын айтты. Акимдин иниси жакшы амал менен ѳзүн асыроочу. Арадан кѳп убакыт ѳтпѳй, аким дүйнѳдѳн кайтты. Анын ордуна иниси аким болду. Ал тезинен атбагарды дарга асууга буйрук берди. Чагымчы атбагар ѳзүнүн жасаган кызматын сүйлѳп, кѳп жолу жалынып-жалбарса дагы жаңы аким ага кулак салбай:

-Сырды ашкере кылуудан, чагымчылыктан ѳткѳн жаман күнѳѳ жок. Агам сага ишенип сырын айтты, сен кыянаттык кылып, анын сырын ашкере кылдың, мага келип чагым салдың. Агама бапаа кылбаган адам, мага бапаа кылмак беле? Мына эми чагымчылыгыңдын жазасын тартып, “сыйын” кѳр! – деп дарга астырды.

Суроолор:

  1. Ушакчылык сапатты кантип жоюуга болот?

  2. Турмушта чагымчы адамды учураттыңбы?

  3. Акимдин сырын атбагар эмне үчүн сактай албады?

  4. Ѳлүмдѳн калышына себепкер болгон атбагарды эмне үчүн дарга астырды?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор

Чагым – ѳлтүрѳт, мактоо – жеткирет.

Ушакчыны жолотпогун жаныңа,

Сырыңды жайып салат баарына.

Ушак-айың кеп уксаң, кѳңүлүңдү аздырба.

Ушакчыны узатпайт,

Элдер аны тузактайт.

Ушактын түбү жок.

Ушакчынын оозу тынбайт.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Ушакчы” деген темада кѳркѳм чыгарма жараткыла.

  2. Залкар ойлорду талкуулагыла.

  3. Ушакчылык, чагымчылык сапаттардан арылуунун жол-жобосун иштеп чыккыла.

23 сабак

ИЧИ ТАРДЫК, КѲРѲ АЛБАСТЫК, КАРА НИЕТТИК

Сабактын максаты:

Окуучулар ичи тардык, көрө албастык, кара ниеттик сапаттар жөнүндө билишет.

Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Окуучум, ичи тардык, кѳрѳ албастык, кара ниеттик адам дилине, ыйманына туура келбеген терс сапат экендиги сага маалым. Биздин ата-бабаларыбыз дагы бул сапаттардын инсан тагдырына коогалаң түшүрѳѳрү жѳнүндѳ оозеки чыгармачылыгында баса белгилеп кетишкен. “Ичине кара таруу айланбаган” деген далилдүү сѳз аркылуу ичи тардык менен кѳрѳ албастык сапаттын табиятын ачып беришкен. Ичи тар адам эч качан бирѳѳнүн жакшылыгына кубанбайт, кубанычына ортоктош болбойт. Тескерисинче ошол нерселер ѳзүндѳ болбогонуна ичи тарып, жанын коерго жер таппайт. Бул – жийиркеничтүү, эң жаман сапат.

Кара ниет адамдын дилинде бирѳѳгѳ жакшылык кылуу, боорукерлик, айкѳлдүк сапаттардын бири да жок. Дилинде башкаларга болгон жаман ой гана уялап калган. Адамдар мындай сапаттарды жек кѳрүшѳт. Окуучум, сен да мындай жамандалган сапаттардан оолак бол. Эч качан бирѳѳнүн ийгилигине ичиңди тарытпа, кайра кошо сүйүн. Байлыгына кѳз артып, кара ниеттикке жол койбо. Ошондо гана сен таза дилдүү инсан болуп жетилесиң.

2-кадам: Окуучулар текст менен таанышышат. Класста талкуулашат.

Кара ниеттиктин жазасы

Бир жолоочу алыс сапарда жүрдү. Анын жанында он миң сом алтын акча салынган баштыгы бар эле. Бир күнү ал жолоочу күн батып, караңгы түшѳ баштаган чакта бир кыштакка келип түштү. Кеч кирип кеткендиктен аны орто жаштыгы бир адам үйүнѳ таклип кылды. Үйүнѳ алып барып, колдо бар тамагын жайнатты. Жатаар маалда:

-Урматтуу мейман, сиз түндү ушул үйдѳ ѳткѳрѳсүз. Эгер жаныңызда алтын же башка буюмдарыңыз болсо мага берип коюңуз, кокусунан уурулар сизде алтын бар экендигин сезип калышса, капилет зыян кылып коюшпасын,- дейт. Жолоочу баштыгын ага берет.

Бир оокумда баштыгын берип коюп кыжаалат болгон жолоочу:

-Урматтуу жолдош, мен ѳтѳ эртелеп жолго чыгам! Сиздерди ойготуп, тынчыңызды алгым келбейт, баштыгымды ѳзүмѳ эле алып келип берсеңиз, - деп ѳтүнѳт. Ал адам ошол замат баштыгын алып келип берет.

Баштыктын буугучу чечилбептир, мѳѳрү да жайында экен. Ошентсе да баштыктагы акчаларын бир сыйра санап чыкты, баары түгѳл экен. Ал адамдын ак ниеттүү, адал жүрѳк, аманатка кыянаттык кылбай турган бир жан экендигине ишенди.

Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин эрди-кандын ортосундагы жаңжалды угуп, тыңшап калды. Аялы күйѳѳсүнѳ опурула мындай деп жатыптыр:

-Кызык мүнѳз, наадан адам экенсиң. Ѳзү келип турган байлыкты колдон чыгарып олтурасың. Мунун кѳзүн тазалап, ошончо алтынды алып калалы. Алардын сѳздѳрүн угуп, коркуп, тезинен баштыгын алып бѳлмѳнүн тушунда жайгашкан чоң дарактын башына чыгып жашынып калат. Алардын 20 жаштагы уулу аракты кѳп ичет экен. Ошол күнү да аябай мас болуп келип, жолоочу жаткан орунга кулады.

Күйѳѳсү уктагандан кийин аялы акырын ордунан турду. Бир чоң ташты кѳтѳрүп алып, баягы үйгѳ кирди. Үй караңгы болчу. Аял акырын басып баягы жолоочунун ордунда жаткан уулунун жанына келип, аны жолоочу деп ойлоп таш менен уруп калды. Уулу тил тартпай жан берди. Аял анын баштыгын издеп таба албай, күйѳѳсүн ойготту.

-Мусаапырды ѳлтүрдүм, таң ата электе аны жок кыл. Анан кийин баштыгын издеп табалы, - деди.

Күйѳѳсү ордунан ыргып турду да аялын каттуу урушуп, аны менен кошо уулу жаткан бѳлмѳгѳ киришти. Чырак жандырып карашты. Ал жолоочу эмес эле ѳзүнүн уулу экендигин кѳрүп аял чачын жулуп ыйлай баштады.

Бул кайгылуу мүшкүлдү кѳргѳн күйѳѳсү:

-Кара ниеттиктин жазасы ушул болот. Күнѳѳсүз бир адам үчүн дар курдуң эле, ѳзүң асылдың, эми кокуйлаганың менен эч пайда бербейт, - деди.

Аял ѳзүн тыткылап ыйлады, акырында кайгысына чыдай албай кѳз жумду. Үй ээси жолоочуну издей баштады. Ал дарактан түшүп анын жанына басып келди.

-Урматтуу мейман, - деди ал,- ушундай мүшкүл окуянын кесепетинен сенин алыңдан кабар алабадым, кечирип койгун. Түндѳ башка жерге жашырынып жакшы кылган экенсиң. Болбосо кара ниет аялым же уулум сени мертинтип коймок.

Суроолор:

  1. Ичи тардык, кѳрѳ албастык дегенди кандайча түшүндүң, мындай сапаттардан арылуунун жолу барбы?

  2. Кара ниеттиктин акыры эмне менен бүтѳт?

  3. Жолоочу кара ниеттикти кантип байкап калды?

  4. Үй ээси кандай абалда калды?

3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.

Залкар ойлор

Ичи тардан ийне атпайт.

Ичи тардын иши тар.

Кара ниеттин карды тойбойт, Кара ѳзгѳйдүн иши оңолбойт.

Ийгилик үстүндѳ пейилиңди тарытпа, Иш үстүндѳ кѳңүлүңдү иритпе.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. Ичи тардык, кѳрѳ албастык, кара ниеттик жѳнүндѳгү кѳркѳм чыгармаларды таап окугула.

  2. Залкар ойлорду класста талкуулагыла.

24 сабак

ЫСЫРАПКЕРЧИЛИК, ЖАЛКООЛУК

Сабактын максаты:

Окуучулар ысырапкерчилик жана жалкоолук тууралуу түшүнүккө ээ болушат.

Мындай сапаттардан алыс болууга умтулат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ысырапкерчилик – бул ашыкча каражат, чыгым сарптоо. Бул адам баласын жакыр жашоого алып келет. Эсеп-кысабы жок жашоого үйрѳтѳт.

Ак эмгек менен тапкан акчасын үнѳмдѳп, сарамжалдуулук менен пайдаланууга кѳнүгүшүбүз керек. Бүгүнкү күндѳ ашыкча той-тамашалар, мааракелер кѳптѳгѳн ысырапкерчиликке жол коюуда. Мисалга ала турган болсок, үйлѳнүү тойун ѳткѳрүү үчүн канча миңдеген акчалардын жумшалуусу. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык тойду сѳзсүз кафе, ресторандарда ѳткѳрүү салттуу кѳрүнүш болуп баратат. Колунда барга бир жѳн, колунда жокту куру намыс жүгѳндѳп жатат. “Каргага теңелем деп, каздын буту сыныптыр” дегендей бирин-бири туурап, ашыкча чыгым сарптап той ѳткѳрүп, эртеси жегенге нан таппай калган кѳрүнүштѳр да кездешет. Демек, ашыкча ысырапкерчиликтин акыбети жакырчылыкка алып келет. Окуучум, сен сарамжалдуу жашоого кѳнүк, ысырапкерчиликке жол бербе.

Жалкоолук – коомдук пайдалуу эмгектен безүүчүлүктү жана аны барк албастыкты мүнѳздѳй турган терс сапат. Анын маңызын эмгектенбей, бирѳѳнүн эсебинен күн кѳрүү түзѳт. Бирок бардык эле учурда эмгекчил эл жалкоолукка, жатып ичерликке келишпес мамиле жасап келишкен. Коомдо жалкоолук, жатып ичерлик терс кѳрүнүштѳрдүн кѳбѳйүшү анын чыгармачылык, түзүүчүлүк эмгегинин басаңдашы деп түшүнүү керек. Демек, эмгектен баш тартууну, ынтаасыз, илең-салаң эмгектенүүнү, ѳз эмгегинин санына жана сапатына жараша эмес, кѳбүрѳѳк пайда алууга умтулууну, керт башынын кызыкчылыгы үчүн элдик байлыкты ысыраптоочулук сыяктуу терс кѳрүнүштѳрдү да жалкоолуктун түрлѳрү катары баалоого болот Демек, жалкоолукту жоюунун негизги шарты – адамдардын чыгармачыл, күжүрмѳн, эмгекчилдик сапатка ээ болуусу.

2-кадам: Текст окулуп, талкууланат.

Жалкоо

Кечинде Рысбек балдарына мындай деди:

-Балдарым, эртең дем алыш ээ? Тоого баралы. Даярдангыла.

-Ураа! – деп кичинекей Мирлан сүйүнүп кетти атасынын сѳзүн угуп. Мен дагы даярданам. Тоого барабыз! Гүл теребиз! Ойнойбуз! Эс алабыз!

-Чоң ата, тоодо эмне кылабыз? Чѳп чабабызбы? – деди улуу баласы Кемел.

-Ооба, балдарым, чѳп чабабыз. Отун жыйнайбыз.

-Мен да барамбы? – деди ортончу уулу Касым.

-Ооба, мен, сен, байкең үчѳѳбүз барабыз.

Атасынын бул сѳздѳрүн угуп, кичинекей Мирлан ага эркеледи:

-Ата, мен эртең бѳбѳгүмдү ойнотойун ээ…

Мирландын бул сѳзүнѳ атасы, апасы, байкелери баары күлүштү.

Суроолор:

  1. Ысырапкерчилик дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Жалкоолуктан кантип арылууга болот?

  3. Эмне үчүн Мирлан тоого барам деген ойунан кайтты?

  4. Кичинекей Мирланды жалкоо деп айтууга болобу?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Жалкоолук шорду кайнатат, Ак эмгек майды чайнатат.

Жалкоо карап олтуруп чарчайт.

Жалкоо күн батарын күтѳт,

Эмгекчил таң атарын күтѳт.

Жалкоонун жаны таттуу, Эмгектин наны таттуу.

Жалкоонун жаны:

“Алма быш, оозума түш!” дейт.

Ишинде илээнди-

Ысырапчынын тууганы.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Майнапсыз тойлордун, маанисиз мааракелердин кереги барбы?” деген темада класста дискуссия уюштургула.

  2. Жалкоолук жѳнүндѳ айтылган элдик жомокторду таап окугула, маанисин айтып бергиле.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.

25 сабак

ОРОЙ-ОДОНОЛУК, ЫКСЫЗ – КҮЛКҮ АДЕПСИЗДИК

Сабактын максаты:

Окуучулар оройлук, одонолук, ыксыз күлкү адепсиздик сапаттар экендигин түшүнүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Адам баласынын адептүүлүгү сүйлѳгѳн сѳзүнѳн, баскан-турганынан, бирѳѳгѳ жасаган мамилесинен билинет. Элибизде сѳз бар эмеспи “Тарбиянын жакшысы – таалайдын ачкычы” деген. Демек, биздин жакшы тарбиябыз бактылуу, таалайлуу ѳмүр кечиришибизге ѳз таасирин тийгизээри талашсыз. “Жакшы сѳз жан эргитет, жаман сѳз жан кейитет” деген макалдын түпкү маңызы да ушул багытта. Ар дайым адамдарга сылык-сыпаа мамиле кылышыбыз керек.

Оройлук, бирѳѳгѳ одоно мамиле жасоо, корс тийүү - бул тарбиясыздыктын, адепсиздиктин белгиси. “Кѳйнѳктүн кирин жууса кетет, кѳңүлдүн кирин айтса кетет” дегендей, адам кѳңүлү ѳтѳ назик, аны одоно мамиле, орой адам оорутуп алат. Зѳѳкүрлүктүн кесепетинен адам мүнѳзү жабыркайт, жек кѳрүүнү пайда кылат. Орой, корс адам бирѳѳлѳр менен жакшы мамиле түзѳ албайт, анткени анын чорт мүнѳзү ѳз таасирин тийгизет.

Ыксыз күлүү да ушундай терс сапаттардын катарында. Элибизде “Күлкү - ден соолуктун мүлкү” деген сѳз бар. Туура мунун чындыгы бар. Анткени адам жайдары турмушта жашаса, кайгы тартпаса, ар дайым күлүп жүрсѳ ѳмүрү узун болот. Бирок күлкүнүн да чеги болуш керек. Чектен сырткары, ыксыз күлүү адепсиздик болуп саналат. Ѳзүңдѳн-ѳзүң эле, болбогон нерсеге күлѳ берсең айланаңдагылардын сын кѳзүн ойготосуң. Жек кѳрүү сезимин жаратып, ыңгайсыздык туудурасың.

Кѳпчүлүк менен чогуу олтурганда эки адам эч качан биригип алып шыбырашып, каткырып күлѳ бербеш керек. Анткени жаныңдагы адамды сѳз кылып жаткандай туюлат. Кѳпчүлүктүн шектенүүсү ойгонот. Сага болгон сый урматы жоголот. Ошондуктан, окуучум, оройлуктан, ыксыз күлкүдѳн ѳзүңдү алыс карма. Сылык анан оор-басырыктуу бол.

2-кадам: Текст окулуп, талкууланат.

Күлкүнүн кесепети

Талгат кечинде бир туугандары менен апендинин жоруктарын айтып күлүп олтурушту. Отуруш аябай кызыды. Классташтарынын жоруктарын, дагы башка күлкүлүү окуяларды айтышып, кызыганынан уктап жаткан ата-энеси эстеринен чыгып кетти.

Кѳп кабаттуу үйдѳ жашагандыктан кошуналарынын да уйкусу бузулду. Бир убакта эшикти каккылап кошунасы балдардын атасына арызданды. Балдарына ачуусу келген атасы кѳчѳгѳ чыгып күлүп келгиле деп сыртка чыгарып, эшикти ичинен жаап алды.

Кыштын күнү, түн бир маал алар суукка үшүп, бир чети коркуп күлкүнүн кесепетин аябай тартышты. Алар атасына экинчи ыксыз күлбѳгѳнгѳ сѳз беришти.

Суроолор:

  1. Орой адам менен мамиле түзүп кѳрдүң беле?

  2. Кайсыл учурда күлүү керек экен?

  3. Талгатты атасы эмне үчүн бир туугандары менен сыртка айдап чыкты?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Күлгѳндү билбесең ыржайба.

Күлкү - ѳмүргѳ күлазык.

Күлкүнүн да чеги болот,

Күйүп калып жүрбѳгүн.

Күлгѳндүн баары дос эмес, Урушкандын баары кас эмес.

Орой уруш десе уугун, кериш десе керегесин ала чуркайт.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Орой менен достошпо”, “Ыксыз күлүү - адепсиздик” деген темада ой толгоо жазгыла.

  2. Залкар ойлорду талкуулагыла.

26 сабак

КАЛП АЙТУУ, ЖАЛАА ЖАБУУ, АЛДАМЧЫЛЫК

Сабактын максаты:

Окуучулар калп айтуу, жалаа жабуу, алдамчылык адепсиздик сапаттар экендигин түшүнөт.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

“Калптын казаны кайнабайт”, “Калп айткан адам жарыбайт” деген макалдар калк арасында эбактан бери эле жашап келет. Бул макалдарда камтылган ой, калпычылыктын жаман сапат экендигин айгинелейт. Бала калпычылыкты кичинекей кезинен эле үйрѳнѳ баштайт. Себеби, кандайдыр бир туура эмес иш жасап, ата-энесинин урушунан коркуп калп сүйлѳйт. Ошентип бул сапат билинбей калыптана берет. Тѳмѳндѳгү окуя да ушуга байланыштуу.

Бир күнү Болот менен Эрбол үйдѳ жалгыз калышты. Алардын апасы тойго кетти. Болот Эрболдон эки жаш улуу. Ал жети жашта. Эрбол экѳѳ таекеси сатып келип берген оюнчук “КАМАЗ” менен ойноп жатышкан. Болот аны сындырып алды. Апасы тойдон келип, сынган оюнчукту кѳрүп, Болоттон:

-Балам, оюнчукту ким сындырды? – деп сурады. Коркуп кеткен болот:

-Эрбол сындырды – деп калп айтты. Апасы күлүмсүрѳп Эрболду кучагына алды да:

-Эрболума тойдон момпосуй алып келдим, - деди. Ызасына чыдабаган Болот: -Эмне үчүн? Ал машинаны сындырып салбадыбы? Мен сындырбасам деле мага момпосуй бербейсизби? – деди.

-Жок. Эрбол машинаны сындырганы үчүн момпосуй берем! – деди апасы. Апасынын бул сѳзүнѳ таң калган Болот:

-Апаке, машинаны мен сындыргам. Мага момпосуй бериңизчи – деди. Апасы күлүп:

-Мына, уулум! Калп баары бир билинип калат! Андыктан, калп айтпай жүргүн – деди.

Кѳрдүңѳрбү балдар калп канчалык жашырба, баары бир билинип калат. Калп айтканга кѳнүкпѳ, чынчыл болууга аракет кыл.

Алдамчылык менен жалаа жабуу да терс сапаттардан. Алдамчылык – жалган менен эриш аркак. Адамдардын бири-бирине болгон ишеничин кетирет. Адамдык сапаттын жоголушуна алып келет. Ал эми жалаа жабуу эң жийиркеничтүү сапат. Жабыркатат, жүрѳктү сыздатып адам турумушун жагымсыз нукка бурат. Алдамчы, жалаакор адамдарды жек кѳрѳлү, ѳзүбүдѳн бул сапаттарды алыс айдайлы. Ак, ар нерсеге так жүрѳлү.

2-кадам: Окуучулар текстти окуп, класста талкуулашат.

Калп айтуунун кесепети

Досторум, силерге мектеп турмушунан кызыктуу бир окуяны айтып берүүнү чечтим. Мектепте окуп жүргѳнүбүздѳ мугалимдерибиздин үй тапшырмасын аткара албай калганда, ар кандай шылтоолорду айтып, аларды алдаганга аракет кылган окуучулар кѳп кездешет. Бир жолу мен да ошондой акыбалда калып, экинчи калп сүйлѳбѳс болдум.

Мен анда 6-класста окуур элем. Биздин мектепте тартип катуу болчу. Бир күнү биология сабагынан Акылай эже биздин класска жан-жаныбарлар жѳнүндѳ кызыктуу сабак ѳтүп, андан соң бардыгыбызга кийинки аптада курт-кумурска, ѳсүмдүктѳрдѳн гербарий жасап келүүбүздү үй тапшырма катары берди. Эгер аны аткарбасак аябастан туруп, дароо “2” кое турганын да алдын ала эскертип койду.

“Макул” деп сѳз бергенибиз менен кийинки аптага чейин кѳпчүлүгүбүз эжейдин тапшырмасын унутуп коюптурбуз. Бир эле Айсулуу деген эң жакшы бааларга окуган кыз эже айткан күнү эле кооз гүлдѳрдү, кѳпѳлѳктѳрдү кармап, аларды бир жумадан бери кургатып келиптир. Акылай эже Айсулууга ыраазы болуп, дароо “5” койду, а калгандарына жини келип “2” коюп салды. Эң коркунучтуусу ал күнү мектеп боюнча линейка бар болучу. Андыктан, мага кезек келгенде эжеге даярлап койгон гербарийимди үйгѳ унутуп койдум деген шылтоону айта салбасмынбы. Эже мага жинденген жок, жай гана “Андай болсо, үйүң жакын эле, 15 минуттун ичинде барып алып кел,” - деп сабактан бошотуп койду.

Кызыктын баары ошондо башталды. Мектептен чыгаарым менен үйгѳ чуркап барып, бир кичинекей кагаз куту таап, анын ичине пахта салдым. Огороддон талаа чѳптѳрүн жана он чакты чегирткелерди кармап, кутунун ичиндеги пахтага жайгаштырып, шашылган бойдон мектепке кайттым. Акылай эже кутуну ачканда баягы менин чегирткелеримдин бардыгы секирип кетишти, а огороддон алынган чѳптѳр талаа чѳбүндѳй болбой эле бүрүшүп, соолуп калыптыр. Класстагы “2” алгандар да, “5” алгандар да, эжейим да менин жоругума боору катканча күлүштү. Ошондо биринчи жолу, жана башкалардан ѳзгѳчѳ айырмаланган “2” менен курдаштарымдын арасында уят болгом. Ушундай окуядан кийин үй

тапшырмаларымды берилген күнү эле аткарууга, эч кимге калп сүйлѳбѳгѳнгѳ ѳзүмѳѳзүм сѳз бердим.

Суроолор:

  1. Эмне үчүн адамдар калп сүйлѳшѳт?

  2. Сындырып койгон машинаны Болот эмне үчүн инисине тѳңкѳдү?

  3. Калп айткан окуучунун классташтарынын астындагы абалын кандай элестеттиң?

3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.

Залкар ойлор

Калпты чындай айтса, чындык чычая качат.

Калпычы “ойноп айттым” дейт, Ууру “таап алдым” дейт.

Калп ырыс кесет.

Калпычы киши элге ишенбейт.

Жалган сѳз сени жарытпайт, Чындык сѳз сени карытпайт.

Жалганчынын чын сѳзү жалганга тете.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. Алдамчылык, жалаа жабуу жѳнүндѳгү жомокторду таап окугула, маанисин сүйлѳп бергиле.

  2. Залкар ойлорду талкуулагыла.

27 сабак

ЖЕТИ АТАСЫН БИЛБЕГЕН – ЖЕТЕСИЗДИК

Сабактын максаты:

Окуучулар санжыра жөнүндө маалымат алышып, жети атасын билишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кыргыз элинде “Тегиңди бил, ыйманыңды сакта, ата салтын унутпа”, “Жети атаңды унутканың, тарыхыңды курутканың” деген нуска сѳздѳр айтылып жүрѳт. Окуучум, сен жети атаңды билесиңби? Жети атаңдын тарыхын кантип үйрѳнѳсүң?

Санжыра – ата тарыхы. Муну жатка билүү зарыл. Бул кыргыз элине да тиешелүү. Санжыра кыргыздардын оор тагдырына күбѳ тарых. Алар эки миңден ашык жылдын ичинде бир нече ирет эл катары жок болуп кетүү коркунучун башынан ѳткѳрдү. Мунун кѳпчүлүгү жортуулчулук мезгилде болду. Кыргыз эли бир да басып алуучуга узак убакыт башын ийип турган эмес. Жер үчүн, Мекен үчүн болгон согуш кѳпчүлүк учурда жеңилиш менен аяктаган. Миңден ондогон эр-улан калган күндѳр да болгон. Мындай учурда асылуу казан, тигилген үй, жайытта мал калып эл качкан. Адегенде түздѳн тоого, андан кийик жүргѳн зоого, ал сактабаса чек бузуп коңшу элге кирип кутулган. Калганы туткун болгон, боштондук сүйгѳн, эр жүрѳк эл мындай учурларда мал-мүлкүнѳн, эр кѳккүрѳк адамдарынан гана ажырабастан, жазуусун, чиймесин жоготкон. Тек шамал айдаган булуттай тарап кеткен. Байлыкты душман талаган. Ушундай шартта тирүү калгандардын милдети ѳткѳндү тѳкпѳй чачпай сактоо, аны укумдан-тукумга калтыруу эле. Мына ошентип уламыш чыккан. Урук, уруу, эл жѳнүндѳгү уламыш сѳздѳр бара-бара санжырага айланган. Тирүү калгандар; жаш ѳспүрүмдѳр, туткунга түшүп кеткендер ѳзүлѳрүнүн жана ата-бабаларынын ким экенин унутпай эсине тутушуп, укумдан-тукумга берилүү зарыл болгон. Мунун ѳзү журтчулуктун чечими менен качандыр бир мезгилде бекемделген, кийин адат-салтка айландырылган. Анын божомолдуу мазмуну ар бир эркек бала жети жашка чейин ѳзүнүн жети атасынын ысымын билүүгѳ тийиш болгон. Жети атасын билбегендерди “Кул” деп аташкан. Анын мааниси тексиз, уруксуз же законсуз дегенди түшүндүргѳн. Жети ата демекчи, бул цифра менен кѳп нерселерди айтып бере алат. Жети атанын мааниси мында. Ар бир курактын орто ѳмүрү 25 жыл делинет. Бул ѳзгѳчѳ ѳткѳн кылымдарга тиешелүү. Ошол боюнча жети атанын 25 жаш менен кѳбѳйтсѳк 175 жыл келип чыгат. Мына ошентип 7-10 жаштагы эркек бала биринчи эле учураган адамга жети атаны айтуусу менен анын жетинчи атасы мындан 175 жыл мурда жашагандыгын айгинелейт. Бул анын “Кул” эмес, коомдун закондуу мүчѳсү экендигин далилдеген. Жер-суу бѳлгѳндѳ “жетиатаңдын мүрсѳсүн кѳрсѳт” деген сѳз бекеринен чыкпаган. Айыл коомунун мүчѳлѳрү үчүн жети атасын билүү жетиштүү болгон. Ал эми айыл аксакалдары андан да кѳп билген.

Жети атанын тарыхын билүү тукум куучулукту да шарттайт. Бир атанын балдары эле “кыз алышкан тууган” чыгып, турмуш курууга караганда башка уруулардын бүлѳсү оңтойлуу, генетикалык сапаттуу касиеттерге ээ болот. “Ак бата жаңыртабыз, кызыбызды алыс жибербейбиз” - деген максатта ага-инин балдары үйлѳнүп жатышы, албетте, тукум куучулуктун жакшырышына ѳбѳлгѳ эмес. Демек, жаштарыбыз ата санжыраларын билип-туюп, алыс-жакынды иргей алып, турмуш курушса уруктар, уруулар арасындагы ич ара байланыш мындан да жакшырат.

Урматтуу ата уулу, жаш жеткинчек. Жогорудагы кептер дилиңде дайым бек сакталсын. Эч качан жети атаңдын тарыхын унутпа. Керек болсо ар бир атаңдын басып ѳткѳн жолун жазып, улам кийинки урпактарга белек катары бер, эстерине сал. Бул сенин атуулдук парызың. Жети атабыз тѳмѳндѳгүдѳй тартипте аталат:

  1. Ата

  2. Чоң ата

  3. Баба

  4. Буба

  5. Куба

  6. Жото

  7. Жете

2-кадам: Окуучулар текстти окуп, талкуулашат.

Жети атамды билбегендиктен…

Мен айылда чоңойуп ѳстүм. Мектепти аяктаган соң шаарда окуп, айылга аз келчүмүн. Ошентип, илим-билим алып, үйлѳнүп-жайланып шаарда жашап калдым.

Бир күнү алыскы айылдагы бир досум той кылып чакырып калды. Үй-бүлѳмдү алып бардым. Кыргыз эли меймандос калк болот эмеспи. Бизди конок кылып бир үйгѳ жайгаштырды. Ал үйдѳ кѳптү кѳргѳн нускалуу, аксакал карыя бар экен.

Жайланышып олтурган соң карыя:

-Кайсы элденсиң? – деп сурады.

-Карасуудан болом, - деп жооп берсем.

-Уулум, уругуңду сурап жатам, - деди.

Ошондо эмне кылаар айламды таппай калдым. Буга чейин атамдан кайсыл уруудан, уруктан экенимди, жети атамды сурабаптырмын. Же атам ѳзү айтбаптыр.

-Билбейм, - деп жооп бердим.

Карыянын ѳңү ѳзгѳрѳ түштү да:

-Балам, жети атасын билбегенди кыргызда кул деп коет. Мен андай тегин билбеген адамды мейман кылбайм,- деди да туруп кетти. Мен болсо кирерге жер таппай алдастап калдым.

Намысымдын күчүнѳн кайра айылыма келип атамдан уруумду, жети адамдын тарыхын сурап билип бардым. Карыя аябай ыраазы болуп:

-Уулум, мына эми сени ата уулу десе болот. Бул башка кеп, -деп кой союуга уруксат берди.

Суроолор:

  1. Санжыра дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Жети атанын тарыхын билүүнүн кандай мааниси бар экен?

  3. Сен жети атаңды билесиңби?

  4. Карыя эмне үчүн ал жигитти мейман кылбай койду?

3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.

Залкар ойлор Жетесиз эл, эл болбойт.

Тегиң – сенин тарыхың.

Тектүү жер – намыстуу эл.

Ата алаканы – алтын уя.

Ата конушу – ардак , Ата салты – ыйык.

Атадан жакшы уул туулса, элдин туусу болот, Жаман уул туулса, элдин чуусу болот.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. Урууңдун аталыш тарыхын изилдегиле.

  2. Жети атаңдын санжырасын түзгүлѳ.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.

28 сабак

КЫРГЫЗ ЭЛИ – ЖАРАТМАН КАЛК

Сабактын максаты:

Окуучулар кыргыз элинин жаратмандыгы, “Манас” эпосу жөнүндө маалымат алат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кылымдарды карыткан кыргыз эли канчалаган оош-кыйыш замандарды башынан ѳткѳрдү. Бүлүндү, талоонго учурады сайда саны, кумда изи калбай жок болуу коркунучунда да турду. Бирок ошентсе да ѳзүнүн улуулугун, нарк-насилин, салт-санаасын, үрп-адатын жоготкон жок. Бар байлыгын тилинде сактап муундан муунга мурас кылып калтырып келди.

Жѳѳ жомоктору, макал-лакаптары, учкул сѳздѳрү, кенже эпостору, кошоктору, сезим козгогон ырлары ѳзүнүн кунун, сынын жоготпой биздин муунга жетти. Башкасын коюп “Манасты” айт дейт элибиз. Миллиондогон сап “Манас” эпосун эч жазуусу жок акыл эсинде туюнуп, оозеки айтып, сактап келишти. Бул касиет кыргыз улутунун улуулугун айгинелеп турат.

Биз жаш муундар элибиздин ушул касиети менен сыймыктансак болот. ЮНЕСКО нун маалыматына караганда кыргыз эли оозеки чыгармачылыктын үлгүлѳрүнѳ ѳтѳ бай элдердин бири экендиги айтылат.Турмуш чындыгын кѳркѳм чагылдырган макалдарын байкап кѳрѳлүчү. “Жакшылыктын жарыгы ѳчпѳйт”, “алтын чирибейт, акыл азбайт”, “Ар ким ѳз пейилинен табат” ж.б. акылман айтылмалары эмне деген улуу философия.

Ал эми “Манас” эпосуна тең келээр дүйнѳдѳ бир да эпос жок. Бул эпос манасчылык ѳнѳрдүн дарамети менен улам кѳркѳмдѳлүп, байып, толукталып бизге жетип олтурат. Бул уникалдуу ѳнѳрдү аркалаган чоң манасчыларга Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков ж.б. кошууга болот. Ѳнѳрдүн таасирдүүлүгүнѳн үч күн, үч түн тынымсыз “Манас” айткан күндѳрү да болгон экен манасчылардын.

Манас эпосунда кыргыз элинин бүтүндѳй турмушу, салт-санаасы, элдик медицинасы, астрономиясы, адеп-ахлагы чагылдырылган. Кыргыз элинин энциклопедиясы десек да жаңылышпайбыз.

Манасчылардын ал ѳнѳргѳ киришип калуусунун да ѳзүнчѳ сыры бар экендиги эл арасында аңыз болуп айтылып жүрѳт.

Залкар манасчы

Таланттуу манасчы Сагымбай Орозбаков чалкыган Ысыккѳлүбүздүн күңгѳйүндѳ туулган. Ал бала кезинен эле ырга шыктуу болгон. Тамаша ырларды чыгарып жүргѳн.

13 жашка келгенде, бир күнү таңга жуук түш кѳрѳт. Түшүндѳ Сагымбай талаада жѳѳ келе жаткан болот. Алдыда турган чоңдугу тоодой боз үйлѳрдүн бирине баш багып “Манас” айтып жаткан кишилерди кѳрѳт. Алардын бири Манастын туулушун, бири Кѳкѳтѳйдүн ашын, бири Чоңказатты айтып жаткан болот. 25 жаштардагы карасур жигит Сагымбайды: “Сен да Манас айтасың, айтпасаң айбалта менен чабам”, - деп коркутат. Караса ал жигит Семетей болуп чыгат. Ушул түштѳн кийин Сагымбай “Манас” айта баштайт.

Сагымбай “Манастын” үч бѳлүмүн, ал гана эмес “Семетейди” ѳзгѳчѳ берилип, зор берилүү менен эң кѳркѳм айткан. Сагымбай Манаска ат коюуну тѳмѳндѳгүдѳй ыр саптары менен айткан:

“Карыганда бир перзент,

Бай Жакып бала кѳрүптүр,

Ат коюучу кези бар”…

“…Бай Жакып баланы алыптыр,

Этегине салыптыр, Элүү дилде – кызыл пул Колуна кармап салыптыр.

“Ат коюңар!” - деп, айтып, Аксакал Жакып кеп айтып, Кѳптүн келди кашына.

“Ат асмандан дечү эле,

Жакшы ат коер бекен” – деп, Кѳзүн салып Бай Жакып Аяк менен башына.

Суроолор:

  1. “Манас” эпосу канча бѳлүмдѳн турат?

  2. Кыргыздын кайсы эпосунан жатка үзүндү айта аласың?

  3. Сагымбай Орозбаков кандайча Манас айтып калган?

  4. Манасчылардан дагы кимдерди билесиң?

2-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.

Залкар ойлор

Кепке кемтик болгончо, кеп билгенди ала жүр.

Кеп чынынан бузулбайт.

Калкыма нарк болсун, уулума барк болсун.

Балалуу ѳрдѳк кѳлүнѳн кетпейт, Баласы жакшы элинен кетпейт.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. Элдик жѳѳ жомокторду таап окуп, маанисин айтып бергиле.

  2. “Манас” эпосунан үзүндү жаттагыла.

  3. Залкар ойлорду окуп талкуулагыла.

  4. Эл оозунда айтылып жүргѳн макал-лакаптарды жыйнагыла.

29 сабак

ЭЛДИН ПЕЙИЛИ, СЫЙЧЫЛДЫГЫ, МЕЙМАНДОСТУГУ

Сабактын максаты:

Окуучулар кыргыз элинин пейили, сыйчылдыгы, меймандостугу тууралуу маалыматка ээ болот.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кемер, кур, кесел ѳтүк ак калпагың, Кээ уулуң билбей жүрѳт анын баркын.

Элиңе белги берип тааныштырган, Кийимиңден кагылайын кыргыз калкым.

Үйүңѳ конок келсе жүзүң жарык, Кой сойуп сыйлай жүргѳн ата салтың. Кызытып кымыз берип, май жедирген, Пейлиңден кагылайын кыргыз калкым.

Кыргыз эли кең пейил, сыйчыл, меймандос эл. “Конок үйдүн куту” деген нуска сѳздү бекем тутушуп, үйүнѳ келген конокту кой сойуп сыйламайынча кетирген эмес. Айттырбай келген кудайы конок үчүн да берер тамагы ар дайым белен болгон. “Үйгѳ канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деген түшүнүктү бекем сакташып, келген конокту кут деп эсептешкен.

Конок айттыруу

“Коноктон түк бир жадабас, Колунда барын аябас.

Тоолуктун тоодой пейили бар,

Толкуган кѳлгѳ чамалаш”

(Байдылда)

Конок күтүү - кыргыздын сыймыгы. Мейман келип турган үй кут түшкѳндѳй сезилген. Жети адам келсе бирѳѳ Кызырдай саналган. Конок айттыруу – ошол үйдүн тамагын эңсѳѳ. Анын бардарчылыгын, кенен дасторкон, кең пейил экендигин баамдаткан. Демек, конокту ойдогудай тосо алаарын, анын салттуу жана нарктуу, адамды ѳзүнүн сыйы, суктанарлык касиети бар экенин кѳрсѳтѳт. Уяттуу меймандардын баркына жете алуучу, ошол айылды уят кылбоочу, дасторкон үстүнѳн тап жылдырбоочу касиетин билдирет.

Угушубузча Кочкор ичинде тогуз жүз кызыл койлуу Токсобай деген байдын үйүнѳ жүз адам менен болуш-бийлер келип түшѳт. Болуш байга карап:

-Жүз адам келип отурабыз, ушунча элди коноктой аласызбы? – дейт. –Жүзүң эмес миң адамды коноктоор биздин парыз. Туу калган бээ союп берейин жетеби?

Меймандар баса олтуруп калышат. Батымдуу болууга бай эки боз үйдү катар кѳтѳртѳ коет да, аларды ошого кийирет. Катар кемегелер казылат, казандар асылат. Айыл адамдары конок үйдѳн тап жылышпайт. Санжыра айтылып, кеп сандыктын оозу ачылып, ойдогудай конок болуп, аттанып кетишет.

Дасторкон үстүн сыйлоо “Адамды алдап болбойт тамак менен, Акылды ѳлчѳп болбойт кадак менен.

“Казаның карк эмес” - деп таарынбайбыз,

Күтүп ал, жаркылдаган кабак менен”

(Аалы)

Дасторкон – ошол үйдүн сыймыгы, бактысы. “Дасторкону кандай экен”, “Жайыл дасторкон”, “Кең дасторкон, келбери неме”, “Дасторкону кууш” ѳңдүү баалар кайнаткан казанына байланышат. “Куу казан”, “Май казан”, “Анын казаны толо кайнабайт”…сымал сѳздѳр айтылат.

Даам татуу – даам таттыруу да пейилди билдирет. Ошентип, бирѳѳнүн дасторкону сизди сыйлоонун аракетинде болот. Илгеркилер сыйдын да, сыйлоонун да кадырына жетүүчү, жарпын жазышып, жадырап-жайнап, дасторконго койгонун барктоочу. Азы-кѳбүнѳ ыраазы болуучу, үй ээсин урматтоочу. Мейман тосуу

Бул – келүүчү ардактуу мейманды алдын-ала күтүнүү. Аларга эмне сый кѳрсѳтүлѳт. Ошолорду түгѳл дайындап коюу. Милдеттүү конокторду тап жылдырбай, шек билдирбей урматтоо. Ага журт билермандарын тосуу, куда-сѳѳк тосуу кирет.

Куйручуктун атасы Ѳмүрзак улан кезинде Ормон баатырдын айылына барып калат. Баатыр баштап эле чабылып, мейман күтүнѳт. “Бу баатыр, хан ѳзү баштап, бүлүк түшүп, жумалап күтүп жаткан коногу ким болду экен?” - деп ойлойт. Кѳрсѳ, Калыгул олуя тура! Ак кементайчан, этеги саймаланган кандагай кийип, Калыгул карасур атын минип, (ал адамды башка ат кѳтѳрѳ алчу эмес экен) жан-жѳкѳрлѳрү менен келип түшѳт. Ормон баатыр окчундап тосуп чыгат. Атайын кѳтѳрүлгѳн ак ѳргѳѳлѳрдүн бирине түшүрѳт. Койдун сүтүнүн курутунан эзилген, сары май сапырылган кырма аяктарга суюк суусун куюшуп, меймандарга сунушат.

Суроолор:

  1. Мейманды кандайча күтүү керек?

  2. Кут дегенди кандайча түшүндүң?

  3. Сен конок күтүүнү билесиңби?

2-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Конок бар жерде береке бар.

Коногу пейил күтсѳ, үй ээси капа болот.

Конок конбой кетпейт, чакырып кондурганга жетпейт.

Конок “тойбодум” дебейт, “сойбоду”дейт.

Конооруңдан мурда конушуңду камда.

Мейманыңдын кѳзүнчѳ мышыгыңды “пыш” дебе.

Мейманга аш кой, эки колун бош кой.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. Ѳзүңѳр конок күтүү каадасын иштеп чыккыла.

  2. Мейман тосуу каадасын ролдоштуруп аткаргыла.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.

30 сабак

ЭЛДИН АЙКѲЛДҮГҮ, АДИЛЕТТҮҮЛҮГҮ, АДАМГЕРЧИЛИГИ

Сабактын максаты:

Окуучулар кыргыз элинин айкөлдүгү, адилеттүүлүгү, адамгерчилиги тууралуу маалымтка ээ болушат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Адам бул жашоодо бир нукта ѳмүр кечирбейт. Айдын он беши жарык болсо, он беши караңгы болгондой, адам турмушунун да ѳѳдѳ-ылдыйы сѳзсүз болот. Бул закон ченемдүү кѳрүнүш.

Күнүмдүк жашоодо пикир келишпестиктер бала менен ата-эненин, кошуналардын, бир туугандардын, уруу менен уруунун ортосунда кѳп кездешет. Элибиз мындай маселелерди илгертеден эле адилет чогуу чечишкен. Урушкан үйбүлѳлѳр болсо элдештиришкен. Мындай маселелерди чечүүдѳ айыл аксакалдарынын орду чоң болгон. Анткени ал мезгилде азыркыдай укук коргоо органдары же жазалай турган мыйзам болгон эмес. Кандай чыр-чатак болбосун аксакалдар кеңешинде талкууланып, талданып анан адилет бүтүм чыгарылган. Ал эми ошол чыгарылган бүтүм адамгерчиликтин жыйынтыгы болуп саналат. Адилеттүүлүктүн да бул жерде чоң орду бар.

Мына кѳрдүңбү окуучум, ѳз жашоолорун ѳздѳрү жакшы нукка салган айкѳл, адилеттүү, адамгерчиликти туу туткан улуу элдин үлгүлүү жѳрѳлгѳсүн. Бул кѳрүнүш бүгүнкү күндѳ деле ѳз кадыр-баркын жогото элек. Айыл аксакалдарынын кепкеңештерин тыңдап, алардан үлгү алып түз жолго багыт алган жаштарыбыз жок эмес. Айкѳлдүк – бул адам баласынын акыл-эстүү аркакети, аң-сезимдүү кадамы менен жүзѳгѳ ашырылуучу сапат. Адамды терең урматтоо сезими, кечиримдүүлүк, жоомарттык, кең пейилдүүлүк, адамгерчилик, адилеттүүлүк. Мына ушулардын баарын ѳз ичине камтыйт.

Айкѳлдүк сапат баатыр Манас атабызга да мүнѳздүү болгон. Бала Манас адегенде эле адамгерчилиги менен калк кѳзүнѳ кѳрүнѳт. Маңгулдарды талаган Нескараны жеңет. Колго түшкѳн 6300 жоокерди ѳлтүртпѳйт. “Жаныңар аман, каалаганыңар мага карагыла”, - дейт. 3600 жоокер Манаска кошулат, калганы аманэсен элине кетет. Манас эч качан бийликке жутунбайт. Текес канды жеңет. Манас талоонго умтулган жоокерлерди токтотот да, аларга минтип айтат: “Албаңар жырык ийнесин, не кыласың калмактын эзелтен жыйган дүйнѳсүн”. Манас дайыма калк менен акылдашып, кеңешип маселе чечет. Эч кимди зордобойт. Каалаганына коет.

Мисалы, алтайдан Алатоого кѳчѳрдѳ чогулган элге минтип айтат: Кѳрбѳгѳн жерге баргын деп, Зордобосмун силерди. Алтайда ата жериңер, Анжиянга барууга!

Бизге уруксат бериңер.

Каалаганың калыңар,

Каалаганың барыңар

Жакканың айткын жакты деп,

Араң турган журт бардыр, Алтайдан бизди какты деп.

Кѳчпѳдүң деп кордобойм,

Кѳпчүлүгүң ѳзүң бил, Кѳч деп сени зордобойм. Калганың мында калыңар, Караң түгүл, каныңар.

Суроолор:

  1. Айкѳлдүк дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Силердин айылыңарда аксакалдар соту барбы, алар эмне иш кылышат?

  3. Манастын айкѳлдүгүн кайсы окуясынан байкадыңар?

2-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор

Адилеттүү мыйзамың болсо – кѳңүлүң ток, ансыз эркиндик жок.

Адилет сѳз ачуу.

Алганы болот бергендин,

Атканы болот мергендин.

Адамга кылган жакшылык жерде калбайт.

Алтын алба, алкыш ал.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. Айкѳлдүктү даңазалаган кѳркѳм чыгарма жаратып кѳргүлѳ.

  2. Залкар ойлорду талкуулагыла.

82