Лекция №3.
Тарбиянын максаты (2 саат)
Негизги суроолор.
-
Тарбиянын максаты жөнүндө түшүнүк.
-
Буржуазиялык тарбиянын максаты.
-
Элдик тарбиянын составдуу бөлүктөрү
1. Тарбиянын максаты жөнүндө түшүнүк
Ар кандай эле коомдун, элдердин, эл ичиндеги топтун, уюмдун же таптын келечеги өсүп келе жаткан жеткинчектердин алган таалим, тарбиясына жараша болот. Ошондуктан коом, өлкө., ар бир эл, ар кандай эле өкмөт, түрдүү уюм же тап жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо жөнүндө өзгөчө кам көрөт.
Адам коому өзү жыйнаган бай турмуштук тажрыйбасын, билим кенчин жана ишенимин, тиричилик үчүн зарыл материалды өндүрүү усулдарын улам жаш муундарга тарбия аркылуу гана бере алат. Жаштарды рухий жана дене жагынан жетилдирип, коомдук жүрүш-туруштун ыктарына аларды тарбия процессинде гана каныктырат. Тарбия жараянынын маңыз-мааниси так мына ушунда.
Адамдын ишмердүүлүгү өтө эле көп кырдуу болору жалпыга мааним. Анын көп кырдуу ишмердүүлүгүнүн бири - тарбия. Тарбия, бул, философиялык тил менен айтканда түбөлүктүү категория. Анткени, ал адам коому айбанат дүйнөсүнөн бөлүнгөн биринчи учурунан баштап эле аны коштоп келе жатат. Коом канча жашаса, тарбия ошончо жашайт. Тарбия ишинен оолак турган бир да пенде болбойт. Ар кандай эле пенде же тарбиялануучу, же тарбиячы катарында тарбиянын таасирине дуушар болот.
Адамдын бардык иши эле аң-сезимдүү. Демек, тарбия деле аң-сезимдүү ишмердүүлүк. Мындай ишмердүүлүктүн негизги өзгөчөлүгү - белгилүү бир натыйжаны камсыз кыла турган максатка умтулгандык. Ар бир жеткинчектин келечекте кандай адам болору, ким болору, кандай коомдук же жекече кызыкчылыктарды коргоп, кантип жашаары так ушул тарбиянын максатына жараша болот. Тарбиянын максаты жалпы мүнөздө да, жекече мүнөздө да болот.Тарбиянын максаттуулугуна элдик педагогикада бөтөнчө көңүл бөлүнгөн: «Жакшы ниет жарым ырыскы» деген эл макалы буга эң сонун күбө. Тарбиянын максатын ишке ашырууну эл өтө эрте баштап, «Баланы - жашынан» деген тыянакка келген.
Элдин педагогикалык генийине чек жок. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билди?» Кандай залкар педагогикалык ой жүгүртүү - бул өзүнчө эле бир педагогикалык чоң академиянын фундаменталдык-илимий изилдөөсүнүн жемиштүү тыянагы өңдүү. Мында табияттын марттыгына таң калуу да (эл Атасы боло алгыдай жөндөмдү, шыкты, талантты табият ар бир балага марттык менен бере алат деген ой да), бала табияттын шумдуктуу жаратканы, анын кереметин сыйкырчыдай билген тарбиячы гана ача алат деген ой да камтылган. Анткени баланын табияты купуя сырга толгон өтө татаал, кереметтүү жаратылыш экендигине элдин баамы эбак жеткен. Баланы тарбиялоону анын жан дүйнөсүнө үнүлүп кирип, терең иликтеп үйрөнүүдөн баштоо керек экендигине элдин көңүлү эбак эле бурулгандыгына бул пикир эң сонун күбо. Элдин бул ою бөбөктөрдүн табиятынын өтө назик жактарын терең түшүнө билген дилгир психолог, ааламдын айкөл, мээрбан педагогу Януш Корчактын: «Бөбөк, сен айрымдарын гана эптеп окуп боолгоп түшүнө ала турган, ал эми анча-мынчасын араң өчүрүп же үстүнөн чийип коюп гана өзүң каалагандай мазмунду жазып кое ала турган иероглифтерге тулку бою капталган пергамент» - деген илимий тыянактуу оюна өтө эле төп келип турат.
Тарбиячы ажыратып окуп, боолгоп түшүнө албай калган купуя сырлар - бул биздин (ата-эне, мугалим, тарбиячынын) көрүп баамдабай калган баладагы шык, жөндөм, талант. Себилген урук топураксыз жана азыксыз өнбөгөн сыяктуу эле тийиштүү шарайыт жаралып, керектүү тарбиялык кырдаал түзүлбөсө балдардагы ар кандай эле жөндөм өсүп-өнүкпөй калат
Тарбиянын максаты жөнүндөгү маселени педагогика илими изилдейт. Тарбиянын максаты жана милдеттери жөнүндөгү маселелердин илимий негизде так жана даана аныкталышынын теориялык да,практикалык да мааниси өтө зор. Түпкү максатын айкын аңдап түшүнгөн тарбиячы кандай инсанды калыптандырарын даана баамдап, тарбиялык ишти өзүнүн табигый нугуна салууга умтулат. К.Д.Ушинский: «Пайдубалын көтөрүп жатып кандай имарат курасың деген суроого жооп бере албаган архитектор жөнүндө эмне десе болот? Жүргүзүп жаткан тарбиялык ишинин түпкү максаты жөнүндө ачык айтып бере албаган педагог сөрөй жөнүндө деле ошону айтса болот... Наристенин периштедей аруу жан дүйнөсүнө адегенде өтө жугумдуу таасирди тийгизүүсүнө баланы ишенип берип жаткандан кийин биз тарбиячыга: ниетиң кандай? ишиңдин натыйжасы эмне болот? кандай максатың бар? деген собол таштап, ага так жана чечкиндүү жооп берүүнү талап кылууга акылуубуз» - деген ойду баса белгилеп көрсөтөт (73).
Тарбиянын максаты айрым педагогдордун же жеке адамдардын субьективдүү каалоолоруна жараша болбостон, коомдун материалдык турмуш шартына жана элдин социалдык абалына жараша болот. Тарбиянын максаты түбөлүккө өзгөрбөс, бирдей эле туруктуу да эмес. Аны коомдогу тарыхый шартка ылайык эл өзгөртүп турат. Коомдо үстөмдүк кылуучу тапты жактоочу ойчулдар, педагогдор аны бийликтегилердин кызыкчылыгын коргоого багыттайт. Тарбиянын таптык мүнөзү мына ушинтип аныкталат.
2. Буржуазиялык тарбиянын максаты
Кул ээлөөчүлүк жана феодалдык түзүлүштөрдүн доорундагы бийлөөчү таптар тарбияны жана анын максатын өз мүдөөлөрүнө ачык эле баш ийдирип алып, аны көз көрүнөө эле кулдар менен дыйкандарды эзүү үчүн пайдаланышкан.Ал эми буржуазиялык коомдо иш таптакыр башкача мүнөзгө ээ болду. Феодализмге каршы айыгышкан күрөштө буржуазия элдердин бир туугандыгын, эркиндикти жана теңдикти даңазалап, тарбиянын максаты жалпы элдик мүнөздө болууга тийиш, ошондуктан ал максат жыргал турмушта сайраңдап жашай турган инсанды түптөөгө багытталууга тийиш деген өңдүү ооз көптүрмө чакырыктарды көтөргөн. Алсак, буржуазиячыл немец педагогу В.Рейн (1847-1929) тарбиянын максаты өз элинин камын ойлоп жан талашып, алпурушуп эмгектенген, айкөл, ак ниет инсанды калыптандыруу болууга тийиш деп баса белгилеген. Ал эми буржуазиячыл педагогдордун айрымдары болсо тарбиянын социалдык максатынын зарылдыгы дале жок деген тыянакка келишкен. АКШнын ойчул-прагматист педагогу Джон Дьюинин ою боюнча адам тубаса адаттардын кулу, анын табиятын өзгөртүүгө болбойт. Тарбияга коомдук максат коюу алгачкы коомдогу адамдар сыйкырдуу кереметке ишенген сыяктуу эле көрүнүш. Тарбияны баланын инстинкттик талаптарына жана кызыгууларына негиздөө зарыл деген пикирге келет. Бул пикирде жүйөлүү жактар да жок эмес.
Жан-Жак Руссонун бала жарык дүйнөгө өркүндөгөн табият менен келет деген идеясына таянып XIX к. аягында - XX к. башында «эркин тарбия» теориясы пайда болду. Бул окуунун таламдаштары тарбиялык иштин борборунда бала турууга тийиш, анын калыптануусуна сырттан кийлигишүүгө болбойт, тарбия баланын ички табигый жөндөмдөрүнүн өсүүсүнө өбөлгө түзүп, ага толук эркиндик берүүсү ылазым деген пикирге келишкен. Андан ары алар тарбияда кандайдыр бир максаттын болушу зарыл эмес, ал эми балдарды түрдүү саясий идеялык иштерден мүмкүн болушунча обочо тутуу керек деген тыянак чыгарышкан.
Совет өлкөсүнд тарбиянын максаты - коммунисттик коомду курууга активдүү катышуучу, анын ишине астейдил берилген жаңы, ар тараптан жетилген адамды тарбиялоо. Ал эми ар тараптан жеткилең инсан - рухий жактан байлыкты, адеп-ыйман жагынан пакизалыкты, дене жагынан жетилгендикти өзүндө шайкеш айкалыштырган адам болууга тийиш. Чындыгына келгенде мындай сонун идеяны турмушка ашыруу үчүн биздин үй-бүлөлүк жана коомдук тарбия берүү системабызда эч кандай реалдуу мүмкүнчүлүк жок эле. ажырап калгап болучу. Ал жөнөкөй эле мажирөө, бийлик өкүлдөрүнүн айтканын кыңк этпей аткара турган элпек кулду калыптандырууга гана ылайыкташкан болучу. Мындай адам жумуш аткарып жатканда колунун иши менен башынын ишин байланыштырууга да, өтөп жаткан кызматына чыгармачылык менен мамиле жасоого да жөндөмү жок бечара. Психологдордун айтуусуна караганда биздин мектепти бүтүргөн адамдардын 2-3%ында гана эмгекке карата чыгармачылык мамиле жасоо талапка ылайык өнүккөн.
Үй-бүлө баланын бөбөктүк курагын жасалма узартып, анын ар тараптан жетилүүсүнүн эң ыңгайлуу мезгилин өткөрүп жиберген. үй-бүлөнүн оокат-тиричилигине кол кабыш кылууну билбей, турмуш менен көзү ачылбаган бала кийин чоңойгондо өзүн коргоого алсыз эле бир бечара болуп калары тажрыйбада эбак дайын. Физиологдордун, врачтардын акыркы маалыматтарына караганда шаарда жашаган элдерде бүгүнкү күндө 90-95% бала физиологиялык жактан толук жетилбестен чемендүү, кеселмен төрөлүп жатат. Андай балдар түрдүү түпөйүл дартка бат чалдыгышат. Ал балдардын денесин чындап, кыймылын тынымсыз камсыз кыла алсак гана аларды түрдүү илдеттен коргоп кала алмакпыз. Биздин тарбия-таалим системабыз буга жөндөмсүз. Шордуу балдарды партада кыймылсыз отуруунун өзү эле мойсоп түгөтөт. Ал эми жумасына 2 саат дене тарбиясы баланын организминин кыймылга болгон муктаждыгын 11%га канааттандырат, же. болбосо талаптагыдан 9 эсе аз. Натыйжада башталгыч классты аяктаган балдардын үчтөн экисинде келбет жок, 5-6 класстын окуучуларынын 80%ынын нерви айныган, 14 жаштагы мектеп балдарынын үчтөн бири түрдүү илдетке чалдыккан, мектепти бүтүргөндөрдүн теңинен көбү начар көрөт. Тарбия-таалимибиздин максаты башка элдердикиндей эле - чыныгы инсан тарбиялоо болууга тийиш. Ал инсандагы эң зарыл касиеттер - ыймандуулук, мээримдүүлүк, айкөлдүк. Ал ар тараптама жетиле албаса, эч жок дегенде өз жөндөмүнө, шыгына ылайык өркүндөөсү зарыл. Биздин тарбия-таалимибиз ушуларга өбөлгө түзгүдөй болуусу зарыл.
Коомдук өндүрүшкө катышуу ар кандай эле пенденин ыйык милдети экекдигин, билим берүүнү өндүрүмдүү эмгек менен айкалыштыруу инсанды ар тараптан жетилдирүүнүн гана каражаты эмес, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы негизги айырмачылыкты жоюунун да фактору экендигин илимий социологиялык изилдөөлөр аныктап, бул идеянын тууралыгын турмуш толук далилдеди.
3. Элдик тарбиянын составдуу бөлүктөрү
Инсандын жетилүүсүндөгү адептүүлүктү жана моралдык принциптерди этибарга алып, элдин идеалына ылайык өркүндөгөн инсанды калыптандыруу үчүн тарбиянын төмөндөгүдөй түрлөрүн комплекстүү ишке ашыруу талап кылынат. Алар: дене тарбия, акыл тарбия, адеп-ахлак тарбия, эмгек тарбиясы, эстетикалык тарбия менен катар жаштарга политехникалык билим берүү.
Демек, элдик тарбиянын мүдөөсү өркүндөгөн инсан. Аны жетилдирүүчү тарбиянын бир тармагы - дене тарбиясы. Дени соо, келбети келишкен алдуу, күчтүү адам жарык дүйнөдө жадырап-жайнап көңүлдүү жашайт, турмуш тиричилигин күндөн күнгө жакшыртууга умтулат, келечектен үмүтүн үзбөйт. Ал эми чемендүү, чабал адам түрдүү түпөйүл илдетке бат чалдыгат, көңүлү дайыма кир, турмушуна нааразы, жашоого кайдыгер болуп калат.
Мектеп окуучусунун рухий дүйнөсүнүн байышы, акылынын ойлоосунун, көңүл буруусунун, эсте сактоосунун өсүүсү, окуудагы жана эмгектеги кыйынчылыктарды жеңүүгө болгон чыдамкайлык эрктүүлүгүнүн калыптанышы баланын ден соолугуна толук көз каранды болот. Мектепте жана үйдө окуган учурда өтө эле жай ой жүгүрткөн балдар дээрлик ден соолугу илең-салаң болгон оорулуулар. Бирок алар көпчүлүк учурда материалды өздөштүрүү үчүн ага толук дит коюп, акылын топтоп 10-15 минутадан ашык астейдил аракет жасоого андай окуучулардын дарамети жетпейт, бат, эле, акырындап барып көзү бозоруп, ою чаржайыт тартып, акылын жыйнашка чамасы келбей шалдая түшөт. Ошондуктан окуучулардын ден соолугун чыңдап, алардын сабакты өздөштүрүүсүн жакшырткысы келген ата-энелер менен мугалимдер жамааты биринчи ишти баланын тарбиятын үңүлө изилдеп- үйрөнүүдөн баштоосу ылазым. Оорулуу балдардын организминдеги коргоо күчтөрүн чыңдоо үчүн алардын эс алуу, эмгектенүү, тамактануу режимин мектеп менен үй-бүлө бирдикте жөнгө салып, жаз, күз, жай мезгилдеринде ачык абада уктоосу үчүн шарт түзүү керек. Андай балдарга ооруну таркатуучу бактерияларды кырып жоюуга жөндөмдүү фитонциддерге бай, витаминдүү тамактарды (бал, сүт , май, жумуртка, эт, жашылча) көп берүү зарыл.
Бала ысык жан, анын мээси өтө эле назик. Окуп үйрөнүүнү үстөкө-босток ыкчамдатуудан мурда анын организминин туура өсүүсү үчүн жакшы шарт түзүп, анын ден соолугу жөнүндө кам көрүү мугалимдер менен ата-эненин ыйык парзы.
Мектеп балдарынын дене жана акыл жагынан шайкеш өсүүсү үчүн тынымсыз кам көрүү керек. Өспүрүм курагындагы (бөтөнчө 12-15 жашта) окуучу үй тапшырмасын аткаруу үчүн түрдүү материалды жаттап, күнүгө 4-5 саат жабык бөлмөдө отурса, анын ден соолугу сөзсүз начарлайт, бүкүрөйүп, дене мүчөлөрү бузулуп, кебетеси келишип, кунары качып, көрүүсү начарлайт. Буга жол коюу, албетте, туура эмес. Кыз балдарга оор жүк көтөрүүгө, артыкча күчөнүүнү талап кылган жумуш аткартууга тыю салуу керек. Мектептин айланасын, айылды, көчөнү «кычкылтектин фабрикасы» болгон көк-жашыл бак-даракка чүмкөп коюу туура коюлган дене тарбиясынын негизги шарты.
Дайыма өз убагында тамактанып, гимнастикалык көнүгүүлөрдү тынымсыз жасап, сууда сүзүү өнөкөткө айланса гана баланын ден соолугу чын болот. Мектеп жана үй-бүлөдөгү окуу, тарбия иштери баланын ден соолугун чыңдоо үчүн тынымсыз кам көрүүгө айланган учурда гана физкулөтура менен спорт өркүндөгөн инсанды жетилдирүүнүн негизги каражатына айланат.
Адептүү, акылдуу, чыныгы инсанды тарбиялагысы келген үй-бүлө жана мектеп биринчи баланын ден соолугу жөнүндө кам көрүүгө тийиш.Мектеп балдарынын жазында, айрыкча жайында жана күзүндө жылаңаяк жүрүүсү ден соолукка өтө пайдалуу экенин В.А.Сухомлинский көп эскерет. Л.Толстой шиберде, шүүдүрүмдө, бак арасындагы жалгыз аяк жолдордо көбүнчө колоңдоп жылаңаяк жүрчү экен. Себостөян Кнейп деген врач өткөн кылымда эле: «жыланаяк таштаган ар бир кадам - өмүрүңдүн минутага узарышы» - деп жазган экен.
Адептүүлүк - өркүндөгөн, чыныгы инсандын касиети. Адеп (моралө, орусча - нрава) - адамдардын коомдогу жана жеке турмушундагы бири-бири менен мамилелеринин жана жүрүш-туруш нормаларынын тарыхый жыйындысы. Адептүүлүк адамдардын жүрүш-турушуна, карым-катнаш мамилелерине жакшылык-жамандык, абийирдүүлүк-уятсыздык, айкөлдүк-караниеттик деген түшүнүктөрдүн негизинде баа берет. Бир нече жыл мурда оң жээктеги Украинанын бир кыштагында мындай окуя болуп өттү - деп жазат В.А.Сухомлинский. Жайдын ысык күндөрүндө күчкө толгон жаш жигит тосулган көлмөнүн боюнда балык тутуп отурат. Жанында сууга түшүп ойноп жаткан бала бир маалда чөгө баштап, жардам сурап кыйкырды, чыңырып ыйлады, чөгүп кетти. Баарын көрүп турган таш боор жигит солк этип, кебелип да койгон жок. Айылдаштардын баары ал жишттен жүзүн үйрүп ала качып, каршы келе жатса тескери бурулуп кетчү болушту. Уулу менен аялы да аны таштап үйүнөн чыгып кетишти. Элге жек көрүндү болуу эмне экенин, жалгыздыктын башка түшкөнү эмне экенин жигит ошондо түшүндү. Элге кайра кошулууга бети чыдабай өзү өлүп тынды (61).
Эл алдында жоопкерчилик сезбеген кишиде уят, намыс, ариет деген болбойт.
Адам өзүн, өзүнүн жүрүш-турушун, кылык-жоругун башка бирөөлөрдүн көзү менен көрүп, баалоону үйрөнгөндө гана элдин пикирине маани бергидей болот, элдин назарын да, ата назарын да урматтап сыйлай ала турган болот.. Баланын жүрүш-турушу анын элге кылган мамилесинин көрсөткүчү болуп эсептелет. Элдик педагогикада балдарга адеп сабагы адардын жалындуу жаш жүрөгүнө өтө катуу таасир тийгизе турган окуяларды, болмуштарды жомокторду айтып берүү аркылуу ишке ашкан. Жомок элдик педагогиканын эч качан көөнөрбөс жаркын эстелиги. К.Ушинский элдин педагогикалык генийине теңдеше турган эч нерсе жок деген ойду так ушул жомокторду элестетип туруп тамшана айтканы белгилүү.Жашынан үй-тиричилигине аралашып кол кабыш кылган балада өндүрүмдүү эмгекке кара татуура мамиле калыптанат. Андай жашоонун булагы эмгек экендигин, эмгексиз адамдын жашоосу мүмкүн эмес экендигин, эл үчүн керектүү товарды өндүрүүгө катышуу ар бир ак ниет адамдын ыйык парзы экендигин аңдап туура түшүнгөн бала ыймандуу инсан болот. «Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт» деп, элдик педагогиканын салты боюнча ата-энелери аларды өтө эле жашынан эмгекке чегишкен. Бөбөктөрдүн үй тиричилигине байланыштууэмгегин уюштуруудагы негизги принцип балдар аткарган иштин натыйжасы адегенде ата-энесин кубандырып, төбөсүн көккө жеткизгидей болушу ылазым. Тамтуң баскан баласын отуруп алып жумшап анча-мынча иш аткарткан эненин, эки-үч жашар баласы жумушка шашып баратканда бут кийимин же керектүү буюмун даярдап турса атанын төбөсү көккө жете сүйүнүшөт. Баланын андай жумуштарды аткарууда ар кандай эле кыйынчылыкты тырышып жеңүүсүнө түрткү берүүчү күч - ата-энесинин кубанычы болууга тийиш. Улам бала чоңоюп, түрдүү жумушту аткара ала турган мүмкүнчүлүгү көбөйгөн сайын анын аткарган ишинин натыйжасы кубаныч алып келген чөйрө кеңейе берүүгө тийиш. Мында эмгектин инсандагы мыкты касиеттерди жаратуучу күчү жөнүндө сөз болуп отурат. Эгерде бала 13-15 жашында өзү аткарган ишинин көзгө көрүнөрлүк натыйжасына көңүлү көтөрүлбөсө, өз эмгегинин натыйжасы жеткирген кубанычка рахаттанбаса, андан эр жарытар кул чыкпайт дейт элдик педагогикада. Ал ооз көптүрө сүйлөп мактангандан башканы билбеген куу чирен болот. Эгерде бала өз үйүнүн айланасын, көчөнү, мектептин участкасын же талааны жашылдандырууга активдүү катышып, өз пешене тери менен көгөрткөн бак, даракты көрсө, анда өз эмгегинин натыйжасына рахаттануу сезими пайда болот. Андан айлана-чөйрөдөгүлөр жөнүндө дайыма кам көргөн, боорукер, адамгерчиликтүү киши чыгат. Ал эч качан пендеге жамандык кылбайт, акыйкатсыздыкка, абийирсиздикке жол койбойт.
Бул жагдайда заманыбыздын залкар гуманист педагогу В.А.Сухомлинский: Мен тарбиялап жаткан жеткинчек кыштын ызгаарында буюккан чымчыкты терезеден көрүп, аны тоңуп өлүүдөн сактоого аракеттенсе, көгөрүп турган дарактын көчөтүн же гүлдү үзүп-жулкуп сындырбай же башка бирөөлөргө тебелеп-тепсетпей аларды аспиеттеп өстүрүү үчүн кам көрсө мен патриотту, гуманистти, демократты тарбиялаганым ошол, ал чоңойгондо бирөөгө эч кандай жамандык ойлобогон, адамдарды сортко бөлбөгөн, ыймандуу, адамгерчиликтүү инсан болуп жетилет.
Ал эми мен тарбия берип жаткан өспүрүм жөрмөлөп жүргөн жандуу курт,
кумурсканы былчырата тебелегенине ырахаттанса, көгөрүп турган көчөттү. гүлдү сындырып, уйпалап үзүп-жулкуп ойносо ал чоңойгондо эң биринчи өзүнүн жакындарынын төбөсүнө жанак жанчып кумарлана турган мыкаачы болот.
Жети жашар бала мектепке шашып жатат, - деп жазат В.А.Сухомлинский. Ботинканын боосу тез өтпөгөнүнө ачууланып, аны сууруп ыргытат, ага кыжырланат. Апасы жардамга келет. Ботинканын боосун көп кыйналбай эле өткөзүп жатканына ачуусу келип, бутун буйтандата ага тоскоол жасайт. Апасы да боону тез өткөзө албай кыйналып ачууланып, көзүнө жаш алганын көргөндө алиги бала бир топ сергий түшөт. Бул чоңойгондо бирөөлөргө жамандык издеген, кара ниет, аялы менен балдарына карата кызыл камчы, тиран адам болот» деп жазат В. А. Сухомлинский (63). Боорукер, адамгерчиликтүү инсан тарбиянын негизги максаты болууга тийиш. «Боорукер адам улуу, залкар инсандан ойдо, бирок андан төмөн эмес» - деп жазган улуу Гете.
Акыл тарбиясы - өркүндөгөн инсанды жетилдирүүнүн негизги каражаты жана составдуу бөлүгү. Акыл тарбиясына окуучунун билимди өз алдынча өздөштүрүүнү үйрөнүүсү жана илимий көз карашынын калыптануусу, анын таанып билүү жана чыгармачылык жөндөмүнүн өсүүсү, акыл эмгегинин маданиятына эгедер болуусу, активдүү акыл шпмердүүлүгүнө болгон талантынын жана кызыгуусунун жетилүүсү, билим дараметин тынымсыз өркүндөтүп, аны амалиятта кеңири найдалана билүү ыгына ээ болуусу кирет.
Акыл тарбиясынын каражаттарынын эң күчтүүсү - окутуу. Окутуу процессиндеги акыл тарбиясынын ийгилигин камсыз кыла турган негизги факторлорго төмөндөгүлөр кирет: мектептин бүтүндөй жашоо жана иштөө тармактарынын руханий байлыгы, мугалимдердин окунган мударистиги жана жан дүйнөлөрүнүн кеңдиги, тереңдиги, маданиятынын бийиктиги, окуу программаларынын мазмунунун маңыздуулугу, окутуу усулдарынын активдүү мүнөзү, үйдө жана сабакта окуучулардын эмгегин уюштура билүү чеберчилиги ж.б.у.с. Акыл тарбиясынын максаты баланын ой чабыттарын өстүрүү. Ал оюн, окуу, эмгектенүү жана түрдүү турмуштук кырдаалда ишке ашат. Окутуу процессинде акыл жемиштүү өсөт. Тамганы тааныбай туруп текстти окуй албаган сыяктуу, баладагы жандуу жана ийкемдүү ой чабыттарды камсыз кылып, анын акылын өнүктүрбөй туруп ага туура интеллектуалдык тарбия берүү мүмкүн эмес. Акыл тарбиясы үй-бүлөдөн башталат. Эмгекчи эл баланы аягына тик туруп, тамтуң баскан күнүнөн баштап эле ар түрдүү эмгекке аралаштырып, эмгек менен көз ачтырткан, анткени индивидди рухий дүйнөсүнүн байлыгы ал өзү кабылып дуушар болгон мамилелеринин байлыгына жараша болоорун элдин акылы боолгоп билген. Ошондуктан эл баланы жашынан эле өндүрүмдүү эмгекке чеккен. Ошону менен бирге элдик педагогика баланы тарбиянын субьектиси катары караган, анын түрдүү жумушту аткарууга болгон демилгесин колдоп, ага чек койбостои кайра «Эр жигитке 72 өнөр аздык кылат» деп, баланын колун түрдүү усулга, уздукка, чеберчиликке багыттаган. Элдин ушул оюн андан ары өркүндөтүп В.А.Сухомлинский: «Баланын акылы анын манжаларынын учунда» - деген тыянакка келет (62, 382).
Өндүрүмдүү эмгекте өркүндөгөн адамдын чебер колу сыйкырдуу күч менен Рафаэлдин сүрөттөрүнө, Торвальдсендин статуяларына, Паганининин музыкасына жан киргизгенин Энгелөс даңазалап жазган (39).
Элдик тарбиянын салты боюнча балдар өтө эле жашынан ата-энелеринин тиричилигине кол кабыш кылып, эмгектенүү процессинде турмушту, айлана чөйрөнү таанып билген. Балдардын ой чабыттарын андан ары өркүндөтүү максатында кечиндеси ата-энелер табышмак, жаңылмач, апыртма өңдүү элдик оозеки чыгармачылыкты пайдаланышкан. Мазмуну өтө эле кызыктуу, ал эми жандырмагын табуу өтө татаал болгон табышмактар балдардын ой жүгүртүүсүн активдештирип, логикалык ойлоосунун өнүгүүсүнө эң сонун өбөлгө түзгөн. Айрым табышмактардын жандырмагын изденип табуу үчүн акыл чөйрөсүндө машакаттануу бир нече күнгө, аптага созулган. Натыйжада баланын логикалык ой жүгүртүүсүндөгү ийкемдүүлүк, сындуулук калыптанып, ой чабыттарынын чөйрөсү кеңейген. Чыгаан ойчул, залкар акындар (Калыгул, Арстанбек, Токтогул, Женижок, Барпы ж. б.) ушундай эле элдик мектептин салты боюнча сабак алган инсандар болушкан.
Табышмактын жообун (жандырмагын) изденүүгө балдарды эч ким зордуктаган эмес. Алар өз кызыгуулары менен изденген. Ал эми туура жооп тапкан баланын кубанычын бүт үй-бүлө бөлүшкөн. Андай балдардагы элестүү көркөм ойлоо күндөн-күнгө оожала берген. Анткени кызыктуу табышмак, жаңылмач, апыртма дайыма эмоцияга таянат. Карачы, карапайым элдин педагогикалык генийинин залкарлыгын. Элдин педагогикалык генийи өзүнчө эле чексиз, чоң илимий лабораториядай. Көрсө илимий изилдөөчүлөрдүн тыянагына караганда мээнин оң жарым шары сырткы дүйнөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн, кубулуштарын кабыл алуу милдетин, ал эми сол жак жарым шары ой жүгүртүү милдетин аткарат. Кабыл алуу элестүү, көркөм, эмоционалдуу болсо гана сол мээнин бүт клеткалары активдүү ишке автоматтык түрдө киришет. Ал эми балдарда табияттын мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык көргөзмөлүү, элестүү ой жүгүртүү жакшы өнүккөн болот. Муну боолгоп баамдаган эл балага сыйкырдуу жомок, болумуштарды эмоционалдуу айтып берүү аркылуу, кызык табышмактардын жандырмагын издентүү аркылуу алардын мээсинин сол жарымын толук активдүү ишке чеккен. Мындай учурда баланын бүт мээси активдүү иш абалында болуп, эсте сактоонун бүт түрлөрү, бардык эрк пружиналары, психиканын бүтүндөй жашырын резервдери жапырт ишке киришет. Баланын акылы интенсивдүү өнүгөт.
Баланын мээсине оор жүктү ашыкча жүктөп, аны зордук менен ишке чегүүгө курулай аракеттенет. Ал эми элдик тажрыйбаны пайдаланып окутуу биздин азыркы мектептегидей кургак логикалык окутуудан 2-3 эседен 9-10 эсеге чейин жемиштүү экендигин Совет жана Болгар мектептеринде өткөрүлгөн сынамык (эксперимент) далилдеди. Биздин азыркы 11 жылдык мектептин программасын окутуу иши элдик тажрыйбадагыдай туура уюштурулса аны биздин окуучуларыбыз 5 жылга жетип жетпей эле өздөштүрүп алмак (59).
Көркөм өнөр, спорт, кызыккан иш менен алагды боло турган убакытты балдарга окутуунун жаңы, активдүү усулдары гана бере алат, ошол гана мугалим менен окуучуну ашыкча керексиз иштерден бошотуп, алардын чыгармачылыгынын өркүндөшүнө өбөлгө түзөт. Ошону менен бирге ойнотуп окутуу - бул бир эле мезгилде окутуп тарбиялоо, болгондо да балдардагы чыгармачылык жана изденүү касиеттерин кошо тарбиялоо. Окутуу ишин уюштурууда элдик тажрыйбанын өрнөгүн, элдик педагогиканын салтын чыгармачылык менен пайдаланып өз иштеринде ийгиликке жетишкен Амонашвилинин, Вөлкөвдун, С.Лысенкованын, Б.Никитиндин, М.Шетининдердин даңазаларын эл бекеринен чыгарып жаткан жок. Элдик мектептин салт санаасын улантып, окуу материалын күндөн-күнгө татаалдашып баруучу табышмак (дүйнө таануу маселеси) катарында окуучулардын алдына коюп, экинчи жагынан аларды жандырмакты өз алдынча чыгармачылык менен изденип табуу ыгына ээ кылсак, биздин мектептерибиздеги окутуу жараяны өзүнүн табигый нугуна түшөт эле, андай окутуу окуучулардын акылынын тынымсыз жетилүүсүнө эң сонун өбөлгө түзмөк. Педагогика илиминин келечеги өткөндөн сабакты көбүрөөк алса гана кең болорун турмуш далилдеди.
Эмгек тарбиясы: Эмгек адамды тарбиялоонун эң байыркы, эң күчтүү каражаты, өркүндөгөн инсанды калыптандыруунун бирден бир шарты. Эгерде эмгек балдардын денесин чыңдап, аларга адеп тарбиясын берүүдөн, интеллектуалдык жана идеялык мазмундан, эстетикалык жана эмоционалдык таасирден, көп кырдуу чыгармачылык мамиледен ажырап калса эптеп будамайлап, кутулуу үчүн аткарыла турган милдетке же моюнга жүктөлгөн озуйпага айланып калат. Мындай эмгек адамдын рухий талабына жооп бербейт, демек, ал адамдын көңүлүн көтөрүп, жан дүйнөсүн сергиткендин ордуна аны чүнчүтүп, рухий жактан жакырлантат. Орус педагогикасынын атасы К.Д.Ушинский эмгектин эки касиетин даана ачып көрсөткөн, биринчиси, эмгектин натыйжасы байлык, экинчиси, эмгектин адамды жаратуучу кудурети б.а. эмгектин экономикалык жана педагогикалык касиеттери. Эмгектин натыйжасында пайда болгон байлыкты бирөөгө мураска калтырса да, же бирөөдөн акчага сатып алса да, же күч менен бирөөдөн тартып алса да болот. Ал эми эмгектин адамды жаратуучу кудуретин бирөөгө мураска калтырууга да, бирөөдөн эч кандай күч менен зордуктап тартып алууга да,болбойт.
Пешене теринин натыйжасына сыймыктануу сезими ойгонбогон адам инсан катары өркүндөй албайт. Адамдын жашоосунун мүдөөсү - инсан катары өркүндөп жетилүүсү. Эмгек адамдын акыл дүйнөсүн байытып, чыгармачылык умтулуусун эргитип, адеп-ахлагын түгөлдөп, эстетикалык табитин коөздөп көкөлөтсө гана чыныгы инсанды жаратуучу кудуретке ээ болот
Кол эмгеги абстракттуу ойлоону өнүктүрүүдө да чоң рол ойнойт. Машина, механизм, технологиялык жараян, эмгектин өндүрүмдүүлүгү деген өңдүү жалпылоочу түшүнүктөрдүн калыптануусу кол эмгегинин аткарылуу мүнөзүнө жараша болот. Аткарып жаткан иштин максатына карай эмгек тарбиясынын усулу акыл, адеп, эстетикалык жана дене тарбияларынын усулдары менен тыгыз байланышып кетет. Эгерде бала аткарып жаткан жумуш анын ык, машыгууларын өркүндөтүүгө багытталса, тарбиянын усулу окутуунун усулуна окшош болот, ал эми эмгектин максаты ишенимди, көз карашты калыптандыруу болсо, эмгек тарбиясынын усулу адеп тарбиясыныкындай, эгерде эмгектенүүнүн максаты элге ата журтка кызмат өтөө идеясын калыптандыруу жана андан ары аны өркүндөтүү болсо, биринчи планга сезимди өстүрүү коюлат. Балдардын бирөөлөрдү тууроого болгон жөндөмдүүлүгүн эске алып ата-энелер, эже, агалар балдар үчүн кызыктуу иштердин үлгүсүн көрсөтүүгө байыртан эле аракеттенип келишкен. «Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт» деген макал эмгек тарбиясынын элдик усулунун негизи болгон. Ар бир бала өтө эле жашынан атасынын, энесинин, агасынын же эжесинин эптүү чеберчилик менен аткарган ишине, уздугуна толкунданса, улуулардын эмгеги, рухий жашоосу балдардын үмүт тилегине айланып калса деп эңсеген эл. Ал эми эмгек, пешене тер адамды шыктандырууга, эргитүүгө, жан дүйнөсүн байытууга тийиш. Андай эмгекке бала өзү кызыгат. Эл эмгектин адамды жаратуучу кудуретин туура байкап, балдардын табигатын туура түшүнүп, аларды кызыктыруунун эң сонун усулдарын тапкан. «Кары келсе ашка, жаш келсе ишке» дейт эл макалы. Бул балдарды эмгектенүүгө психологиялык жактан даярдоо. Бала жашынан эле эмгектенүү инсандык парз экендигин түшүнөт.
«Кылганың бирөө үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн» деген накыл сөз эмгектин үйрөтүүчү да, тарбиялоочу да элементтерин эл боолгоп туура түшүнгөндүгүнүн далили. Ар кандай жумушту кайта-кайта аткаруу баланын иш аткаруучу ык, машыгууларын бекемдейт, бул эмгектеги үйрөтүүчү элемент. Ал эми өркүндөгөн ык, машыгуулары менен аткарган ишине бала сыймыктанса, ага эргип көңүлү көтөрүлсө, мындан биз эмгектеги тарбиялык элементти көрөбүз.
Эстетикалык тарбиянын - маңызы, мааниси табигаттагы, эмгектеги, коомдук жана жеке турмуштагы, көркөм өнөрдүн кубулуштарындагы сулуулукту туура кабылдап, даана түшүнүү.Сулуулук - инсандын ыйман-адеп жагынан аруулугунун, рухий жактан байлыгынын, дене жагынан өркүндөөсүнүн эң күчтүү булагы. Эстетикалык тарбиянын милдети балага табигаттагы, көркөм өнөрдөгү, адамдардын бири-бири менен мамилесиндеги сулуулуктан руханий асылзаттыкты, боорукердикти, мээрбандыкты көрө билип, ошолордун негизинде өз жан дүйнөсүндөгү сулуулукка жол ачууга өбөлгө түзүү.
Ажайып кооздукка дилгир адам жашоо турмушуна сулуулуктун үлүшүн кошууга дайыма умтулат. Ал чыныгы кооздукту сүйүп туура баалоо менен гана чектелбестен, ар кандай эле ыпластыкты, пастыкты жек көрөт.
“Ажайып кооздукка дилгир адамда акыл тетик боло алат. ушундай касиети бар адам гана табият менен кубулуштардын биримдигин аңдап түшүнүп, аалам деңгээлиндеги идеяга көтөрүлө алат
Эстетикалык тарбия баланын туюу жана кабыл алуу маданиятын өркүндөтүүдөн башталууга тийиш. Адамдын акыл жөндөмүн өркүндөтүүгө алып келген эмгектик ык, машыгууларга узак көнүкпөсө, андагы чеберчилик пайда болбогон сыяктуу эле сезүү органдарынын, баарыдан мурда угуу, көрүүнүн узак өнүгүүсүсүз адамдын руханий, адептик, сезимдик, эстетикалык маданияты өркүндөп өспөйт. Адамдын өзүнө жана айлана-чөйрөгө кылгаң-сезимталдык мамилесинин назиктиги анын туюу жана кабыл алуу маданиятына жараша болот. Туюу жана кабыл алуу канчалык өнүккөн болсо, адам айлана-чөйрөдөгү түстөрдүн жана добуштардын эң назик жактарын тагыраак баамдай алат, заттарга, фактарга, кубулуштарга берген эмоционалдык баасы канчалык терең болсо, адамдын рухий маданиятын мүнөздөгөн эмоционалдык диапазону ошончолук кең болот. Айлана-чөйрөнү туюу жана кабылдоо процессинде кубануу-кайгыруу, кыжырлануу-суктануу, ызалануу-таңдануу сезимдери канчалык терең болсо адамдагы эстетикалык табит ошончолук күчтүү өнүгөт. «Жайдын мемиреген таңы дык койгондо наристелер менен бир дөңсөөдөн туруп таңдын атышын, күндүн чыгышын байкаган бир учур эсимен такыр кетпейт. Таң сүрүп келе жаткандагы жарык нурдун кубулган түстөрү сыйкырдап койгондой балдар менен кыздар асмандан көздөрүн ала алышпайт. Аларды асмандагы кыбыраган нурлардын шооласы да, тандын сулуулугун чагылдырган көлчүктүн кооздугу да тандандырат. Ушундай көнүгүүлөрдүн натыйжасында менин 2-класстагы окуучуларым коңур күздөгү ачык асмандан 14 түстү ажырата көрүүнү үйрөнүшкөн эле» - деп жазат Сухомлинский (62,252).
Чындыкты, турмушту чыгармачылык менен жакшыртып, адеп-ахлак жагынан жетилүүдө адамга эстетикалык маданият, өнүккөн көркөм табит гана өбөлгө түзөт.Туура уюштурулган эстетикалык тарбия жаштардагы рухий эргүүнү пайда кылат. Эстетикалык тарбиянын дагы бир күчтүү каражаты - көркөм өнөр. Көркөм өнөр - адам рухундагы сулуулук жашай турган убакыт жана мейкиндик.Аң-сезимге көркөм өнөр илимден кем таасир тийгизбейт. Мында илим да, көркөм өнөр да бирдей эле зарыл. Көркөм өнөр илимди, илим көркөм өнөрдү алмаштыра албайт деген пикирге келген. Демек көркөм өнөр сезимди да, акылды да өркүндөтөт, эстетикалык тарбиянын да, акыл тарбиясынын да күчтүү каражаты. Мектепте окутулган бардык эле сабактар эстетикалык тарбия берүүдө өтө маанилүү. Музыка, ыр, сүрөт, адабият сабактары адамдын сезимине аябай күчтүү таасирин тийгизет. Ошондуктан аларды биология же алгебра сабагындай окутууга болбойт. Адабият менен адамды тарбиялай билүү өтө маанилүү, анткени адамды өзүн-өзү билүүгө, турмушту түшүнүүгө, элди сүйүүгө, боорукердик, калыстык, айкөлдүккө үйрөтүү ишинде педагогикалык арсеналда адабияттан күчтүү каражат жок.
Музыка - сезимдин тили. Тарбиячы жалындуу жүрөккө сөз менен гана таасир этип, андан ары таасирди музыка аркылуу тереңдетпесе, тарбия кемтик болуп калат. Сүрөт, ыр, музыка мектептин окуу предмети гана эмес, тарбиянын да күчтүү каражаттары.
Биз музыканы жашообуздагы кандайдыр бир жасалма кошумча нерсе өңдүү көрөбүз. Ал эми чындыгында музыка - жашоо турмушубуздун өзү эле. Мектепте жана үй-бүлөдө сүрөт тартууга, ыр окууга, ырдоого жана музыка угууга бөтөнчө көңүл бурулууга тийиш. Инсандагы асылзаттык сапаттарды өнүктүрүүнүн эң зарыл каражаттары ушул сабактар. Биздин мектептерибиздеги бул сабактарга болгон кайдыгерликти педагогикалык дөдөйлүк деп гана эсептөө керек. Эстетикалык тарбия берүүдө окуучулардын, мугалимдердин сырткы кебетесине, кийим-кечесине, жүрүш-турушуна, сүйлөө речине, бири-бири менен мамиле кылуу манерасына көп көңүл бурулуусу зарыл. Эстетикалык жактан туура тарбияланган адамдын зоболосу бийик болуп, рухий жактан эргип, чыгармачылыгы өркүндөйт, өз наркын бийик кармайт. Политехникалык билим -. Политехникалык окуу жеткинчектерге азыркы өндүрүштүн негизги тармактары жана алардын ишин уюштуруунун илимий принциптери жөнүндө билим берет.
Мектебибиз политехникалык эмгек мектеби деп аталганы менен аны бүтүрүүчүлөрдүн колунан эч нерсе келбейт.
Инсандагы сапатты кезек менен бир бирден түптөөгө болбойт. Бүгүн баланын ден соолугун чыңдап, андан кийин акылын өстүрүп, аны бүтүрүп коюп, адебин калыптандырууга өтүү мүмкүн эмес.Албетте, адам - табияты өтө татаал жаныбар. Анын кээ бир инстинкттик талаптарынын өзгөчөлүгүн айрым учурда биз жакшы көңүлгө албай коюп, тарбия ишибизде өтө чоң жаңылыштыктарды кетирдик.. «Жакшы ниет, жарым ырыскы» - дейт эл макалы. Эгерде бала чоңойгон чөйрөдө жакшы кырдаал түзүлүп, биз жогоруда баяндаган тарбиянын бөлүктөрү табиятына ылайык комплекстүү ишке ашса ыймандуу, адамгерчиликтүү, айкөл инсан калыптанышына эч кандай шек жок.
Пайдаланылган адабияттар
1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002
2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002
3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006
-
Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002
-
Н. В. Бродская, А. А. Реан- Педагогика Питер. Санкт-Петербург., 2007
-
Введение в педагогическую деятелөностө. М., Академия 2006 Под.ред А.С. Работова
-
С. Байгазиев. Гумандуу педагогика жөнүндө сөз. Б., 1998
-
В. А. Сухомлинский .«Мугалимге 100 насаат», Ф., Мектеп 1993
-
В. А. Сухомлинский.«Уулума кат». Ф., 1973
-
Волков Г.Н. –Этнопедагогика чувашского народа. Чебаксары 1962.
-
Вульфсон Б. Л.-Педагогика. Энциклопедия. В 4 т. М., 1966
-
Гессен .С. И.-Основы педагогики. Введение в прикладную философию. М., 1999
-
Журавлов И. К. Педагогика в системе наук о человека. М., 1990