СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Текст, анын мүнөздүү белгилери. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Текст, анын мүнөздүү белгилери.

Просмотр содержимого документа
«Текст, анын мүнөздүү белгилери. (5-класс)»

Сабактын темасы: ТЕКСТ, АНЫН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты:

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Тарбия берүүчүлүк максаты:

Текст жөнүндө түшүнүк алы- шат

Окуучулар текст, анын мүнөздүү белгилерин айтып бере алышат

Чакан топто иштөөдө бири- биринин оюн угуп, биргеле- шип иштөө менен ийгиликке жетүүгө болорун билишет











Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу..



Текст жөнүндө түшүнүп, өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып бере алса

Текстти, анын мүнөздүү белгилерин айтып бере алса

Чакан топто иштөөдө бири-биринин оюн угуп, биргелешип иш- тей алышса


Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

  • тексттин эң кичине бирдиги сүйлөм экендигин билет;

  • тексттеги сүйлөмдөрдүн чегин аныктай алат;

  • тексттин мүнөздүү белгилерин бири-биринен ажырата алат.

Кептик компетенттүүлүк:

  • тексттин мазмунун угуп түшүнөт;

  • ал тексттеги негизги ойду ажыратат;

  • табышмак, макал, лакап жана учкул сөздөрдүн да текст болорун түшүнөт.

Маданий компетенттүүлүк:

  • алган билимин турмушта колдоно алат (маданияттуу сүйлөшө билүү);

  • логикалуу ой жүгүртө алат;

  • сүйлөө кебинин орундуу болуусуна аракеттенет.

Сабактын методу: жекече, жуп менен, топто иштөө. Колдонулуучу ресурстар: окуу-методикалык колдонмолор, флип- чарт, скотч, таблица, сүрөттөр, дидактикалык карточкалар.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоодо окуучулар топторго бөлүнүп, дидактикалык карточкалардагы берилген су- роолорду талкуулап, өз ойлорун билдиришет.

      1. топ үчүн:

-Тил дегенди кандай түшүнөсүң?

-Кеп деген эмне? Алардын кандай байланышы бар?

-Кептин кандай түрлөрү бар?

      1. топ үчүн:

-Тил жөнүндө кандай ырларды билесиң?

-Тил менен кепти бири-биринен ажыратып кароого болобу?

-Эмне үчүн тилди пикир алышуунун куралы дейбиз? Оюңарды бил- диргиле.

Жаңы тема: Кептин жазуу формасы текст аркылуу берилет. Демек, текст – жазуу аркылуу иштелип чыккан кептин жыйынтыгы. Ал эми тексттин кичине бирдиги сүйлөм. Ага чек коюуга болбойт. Сүйлөм ба- яндалган окуяга байланыштуу ар кандай көлөмдө болот. Ал эми тексттин мүнөздүү белгилери катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот: экиден кем эмес сүйлөмдөн уюшулат; сүйлөмдөр маанилери боюнча тематикалык, маанилик, стилдик жана грамматикалык жактан өз ара тыгыз байланышта болот; алар биринин маанисин экинчиси толуктап, тактап улантат жана жыйынтыктайт.

Табышмактар, макал, лакаптар жана учкул сөздөр да текст боло ала- ры: 7-көнүгүүдөгү тапшырмаларды топторго бөлүнүү менен аткарышат. 8-көнүгүү жазуу түрүндө аткарылып, окуучулар текстти маанисине карап, андан ары улантып жазышат. 9-көнүгүү 3 топко бөлүнүү менен аткарылып, ар бир топ текстти окуп, маанисин түшүндүрүшөт жана булардын эмне үчүн текст болорун айтып беришет. 10-көнүгүүдө берилген темалар боюн- ча топторго бөлүнүү менен «Мектеп бакчасындагы эмгек», «Музейге экс- курсия», «Менин сүйгөн чыгармам» деген темаларда тексттерди түзүшөт. Берилген маалыматты бекемдөөдө төмөнкүдөй кошумча тексттер сунушталып, тексттеги сүйлөмдөр берген маанилери боюнча өз ара бай- ланышта болорун, алар биринин маанисин экинчиси толуктап, улантып жана жыйынтыктай тургандыгын өздөштүрүшөт. Їч топко флипчарттар

таратылат. Балдар андагы текстти окуп, мазмунун айтып беришет.

  1. топ үчүн: Бакчадагы оюн

Көк карышкыр Ороз болду, тумшук тагып иймейген, Асан, Үсөн короз болду, Ашымахун мышык болду. Коркуп качып чычкандан, аябаган кызык болду.

Мастан кемпир Зуура болду, өзүм болсо түлкү болдум. Жетпей коюп корозго, аябаган күлкү болдум.

Ш. Дүйшеев

1-топ үчүн: Мен-кыргызмын

Мен-кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун. Мертинтпеген эчен азап, улуу муун.

Кылымдарга улап кетер эл көчүн, Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

З. Ажыматов.

    1. топ үчүн:

Тилим сүйкүм дүйнө бүткөн тилдерден, Жан жаралбас элин элден кем көргөн. Өзүн дагы, өзгөнү да урматтап, Улуулук го баарын бирдей тең көргөн.

Ү. Асаналиев.

11-көнүгүү үй тапшырма катары берилип, «Биздин класс» деген тема- да берилген сөздөрдү катыштырып чакан текст түзөт.

Сабакты бышыктоодо доскага билим дарагы илинет жана эки топко эки башка түстөгү стиккерлер берилет. Окуучулар таратылган стиккерлер- ге текст боюнча түшүнгөндөрүн жазып даракты толтурушат, кайсы топ көбүрөөк жооп берсе, ошол топко көп упай берилет.

Окуучулардын билимин баалоонун критерийлери:

  • кептин жазуу формасы текст аркылуу берилерин жана тексттин эң кичине бирдиги сүйлөм экендигин билүүсү;

  • сүйлөмдөр берген маанилери боюнча өз ара тыгыз байланышта бо- лорун, алар биринин маанисин экинчиси толуктап, тактап, улантуу менен жыйынтыктай тургандыгын түшүнүүсү;

  • өз оюн текст түрүндө бере алышы, орфографиялык жактан сабаттуу жазуусу.