СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тексттик документтерде информацияны визуалдаштыруу

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тексттик документтерде информацияны визуалдаштыруу»

Предмети: Информатика

Мугалими: Уразова Нурзида Абдуманнаповна

6-класс 3-чейрек 14.02.2023

Сабактын темасы:

Тексттик документе информацияны визуалдаштыруу

Сабактын тиби:

Жаңы билимди өздөштүрүү

Колдонулуучу усулдар:

Интерактивдүү

Баалоо усулдары:

Кайтарым байланыш, калыптандыруучу

Сабактын жабдылышы: Бор, доска, карточка, А4 баракчалары, маркер,ватман, клей,проектор, китеп, ребус, ватман.

Окуу китептери: Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев, А. А. Кузнецов, Л. Л. Босова “Информатика” 6-класс

Негизги копетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүк:

Маалыматтык (НК1)

  • Өз ишин пландаштырат;

  • Маалыматты максатка багыттап изденет;

  • Салыштыра, чечимдерди кабыл алат;

  • Информатикалык жаңы маалыматтарды, билим, билгичтиктерди таанып билүү, колдонуу (ПК1)

Тексттик документ жана анын структурасы боюнча маалыматтарды айтып бере алышат

Текисттик документтерди түзүүчү компьютердик аспаптар менен иштөөнү билишет.

Ар түрдүү маалымат булактарынан алынган маалыматтардын түзулүштөрүн, өзгөчөлүгүн анализдей алышат.

Тексттик документтердин колдонулуу максатын түшундүрүп бере алышат.

Социалдык-коммуникациялык (НК2)

  • Башкалар менен мамиле түзөт;

  • Сүйлөшө билет, маектешет;

  • Бири-бирин баалайт;

  • Сөз байлыгы өсөт, өз оюн айтат;

  • Башкаларды уга билет.

  • информатиканын окуган материалдарды маанисин түшүнүү, тереңдетүү жана бышыктоо компетентүүлүгү (ПК2)

  • Алган билимдерин анализдеп, практикада колдоно билүү

  • Окуучулардын ой жүгүртүүсүн жогорулатуу максатында практикада колдоно билүү компетентүүлүгү (ПК3)

Тексттик документтерди түзүүчү компьютердик аспаптарды санап көрсөтө алышат

Өз алдынча тексттик документтерди түзө алышат.

Тексттик редакторду башкара биле алат.


Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

  • Өз алдынча жана жупта иштейт, көнүгөт, машыгат;

  • Өз ишин талдап, баа берет;

  • Жөндөмдүүлүккө, билгичтикке, көндүмгө ээ болот.

  • Жалпы окуу жана практикалык көндүмдөрдү андан-ары өркүндөтүү компетентүүлүгү (ПК4)

Тексттик документтин элементтерин клавиатура менен киргизүүнү өз алдынча аткара билет



Максаттар

Көрсөткүчтөр (күтүлүүчү натыйжалар)

1. Тексттик документтер менен компьютерде иштөөдө кантип визулдаштырууну үйрөнүшөт;

2.Тексттик документтерди дардоонун технологиясын билишет;

3. Компьютердик жана кагаз менен даярдалган тексттик документтердин айырмачылыктарын билет.

Тексттик документтерди компьютерде түзө алса;

Тексттик документтерди дардоонун технологияларынын жаны ыкмаларын билсе;

Тексттик документтеди компьтерде жана кагазда даярдай алышса.



Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этаптары

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Күтүлүүчү натыйжа

Уюштуруу

(2 минута)

1)Окутуучулардын куралдары сабакка даярдыгы текшерилет;

2)Окуучулардын жумушчу дептерлери текшерилет.

Алтын эреже менен тааныштырып, сабактын максатын айтат

      1. Сабакта тынч олтуруу

      2. Бири-бирин сыйлоо

      3. Суроолорго ойлонуп жооп берүү

      4. Автивдүү катышуу

      5. Тапшырмаларды тездетип аткаруу.

      6. Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо

Окуучулар окуу китептерин, жумушчу дептерин, калем ж.б. даярдашат.

Сабакка даяр болушат

Кайталоо

( 10мүнөт)

Документ деген сөз энени билдирет? Аныктамасы

Текст деген эмне? Структурасы

Текттик докуменнтерди даярдоонун технологиясы кандай болгон жана азыр кандай?

Тексттик документтерди түзүүчу тексттик редакторлор кайсылар?

“Компьютердик” технология менен “кагаз”технологиясы боюнча салыштыруу оюнун ойношот. Баракчаларды алып андагы маалымат кагазга же компьютерге таандык деп ажыратып, таразалашат, ой жүгуртүшөт. Доскадагы плакаттарды толтурушат.

(доскада ватманга таразанын суроту жана эки жагында компьютер менен кагаздын суроту тартылган)

Окуучулар изденип, суроолорго жооп беришет.

Таркатмалар боюнча изденип, жайгаштырышат.

(тиркеме 1)


Өз алдынча тапшырмаларды аткара алышат;Өз билимдерин баалай билишет.

Жаңы теманы

Түшүндүрүү

(10-мүнөт)

Эми балдар, биздин бүгүнкү темабыз “Тексттик документтерде информацияны визуалдаштыруу ”. "Визуализация" сөзү латынча visualis деген сөздөн алынган, ал "визуалдык" деп которулат. Каалаган маалыматты элестетип, ар кандай жолдор менен жасай алуу. Мисалы, аймактын географиялык картасы - бул ландшафт жөнүндө маалыматты визуалдаштыруу, диаграмма - сандык маалыматтарды элестетүү.

Маалыматтын ар кандай түрлөрү үчүн ар кандай визуалдаштыруу ыкмалары ылайыктуу. Берилген маалымат түрүнө туура тоют ыкмасы тандалганда гана натыйжалуу болот. Мисалы, убакыттын өтүшү менен кандайдыр бир параметрдин жылмакай өзгөрүүсүн элестетүү керек болсо, эң оңой жолу - график түзүү. Эгерде сизде ар кандай параметрлер үчүн бир нече маанилер бар болсо, аларды салыштыруу керек болсо, анда маалыматтарды диаграмма түрүндө берген жакшы. Бир нече (газета жана кагаздагы документтер, банерлер тексттик документтер) түшундүрүү максатында көрсөтүлөт.(экрандан да түшүндүрмө берилет)

Жаны тема боюнча сабак учурунда топторго берилген тапшырмалар

ды аткара алышат. Өздөрүнүн пикирин билдире алышат; топтордо жана жеке иштей билишет;бири-бирин баалайт;














Бышыктоо

(10-мүнөт)

Өтүлгөн тема боюнча Word программасы менен иштөө

Жупта иштешет. Алар бир компьютердин жардамында таркатмалар боюнча тексттик документтерди визуалдаштыруунун үстүндө иштешет.

5 тапшырма боюнча каалаганын алып иштешет.

      1. Класстагы жакшы окуган окуучулар боюнча маалымат

      2. Китепканадагы китептер жөнүндө маалымат.

      3. Дукөндөгу товарлар жөнүндө маалымат

      4. Базардан алуучу товарлардын болжолдуу суммасын жана санын көрсөткөн таблица түзүү

      5. Расписание тузүү

      6. Дежурствонун графигин түзүү

      7. Күндөлүк түзүү

Берилген тапшырма боюнча экиден олтурушуп, компьютерде жазышат.

Изденип, чыгармачылык менен иштешет.

Жупта иштешет




Жыйынтыктоо



(5 мүнөт)

Өтүлгөн жаңы темага оозеки суроо –жооп менен жыйынтыкталат.

Өтүлгөн теманы жакшы өздөштүрдүңөр деп ойлойм.

Аягында ребус иштеп көргүлө

Бул эки ребустун жообу силер ар дайым колдонуп жүргөн түзулүштөр.

Монитор, дисплей

Оозеки жооп беришет. Компьютерди башкарганды өздөштүрүп башташат.

Өтүлгөн темага өз-өзүнчө жооп айтышат

Үй тапшырмасын тушундурүү

1 мүнөт

Компьютериңердин ичиндеги текстти киргизүүчү ,өзгөртүп түзүүчү программаларын (Word жана блокноттун )айырмасын аныктагыла.

Үйгө берилген тапшырмалар боюнча түшүнүк алышат

Үй тапшырмасы боюнча суроолорду бере алышат

Комментарийленген баалоо (2мүнөт)

Окуучулардын сабакка активдуу катышкандыгына жана жооп бергенине карап бааланат

Алган баасына ыраазы болбогондор өз пикирин айтышат.

Тапшырма боюнча түшүнбөгөн суроолорду бере алышат



Тиркеме 1

Редакциялоодогу ыңгайлуулук

Оңой көчүрүп алуу

Түйүндөр аркылуу аралыкка берүүнүн оңойлугу

Сактоонун жыйнактуулугу

Электрондук информацияны алып жүрүүчү түзүлуштөрдөн кереги жок информацияны тазалап салуу.

Информацияны алып жүрүүчү түзүлүштөрдөн кереги жок документтерди тазалап, бир нече жолу колдонуунун ыңгайлуулугу.

Кымбат баалуу техниканын сөзсүз болушу

Түзөтүүлөрдү кошумчаларды киргизүүдөгү кыйынчылыктар

Басуудагы (печатка берүү) кыйынчылыктары

Аралыкка берүүдөгү кыйынчылыктар

Сактоо үчүн кошумча аянтчалардын зарылдыгы

Кагаздагы информацияларды өчүрүүдө же тазалоодо эмгектин көп талап кылынышы

Кагазды жасоодо жыгач материалдарынын сарпталышы

Калемсап жана кагазга жумшалуучу минималдык чыгымдар

Сызгыч, калемдерди колдонуу

Даяр таблицаны коюу

Сүрөттөр, фигуралар, чиймелерди оңой колдонуу

Колдо сүрөт тартуу, чийүү





























Редакциялоодогу ыңгайлуулук





















Оңой көчүрүп алуу



















Түйүндөр аркылуу аралыкка берүүнүн оңойлугу



























Сактоонун жыйнактуулугу





Информацияны алып жүрүүчү түзүлүштөрдөн кереги жок документтерди тазалап, бир нече жолу колдонуунун ыңгайлуулугу.



Электрондук информацияны алып жүрүүчү түзүлүштөрдөн кереги жок информацияны тазалап салуу.

























































Кымбат баалуу техниканын сөзсүз болушу























Түзөтүүлөрдү кошумчаларды киргизүүдөгү кыйынчылыктар





Басуудагы (печатка берүү) кыйынчылыктары





































Аралыкка берүүдөгү кыйынчылыктар





















Сактоо үчүн кошумча аянтчалардын зарылдыгы











Сүрөттөр, фигуралар, чиймелерди оңой колдонуу



































Даяр таблицаны коюу





















Сызгыч, калемдерди колдонуу











Калемсап жана кагазга жумшалуучу минималдык чыгымдар































Кагазды жасоодо жыгач материалдарынын сарпталышы







Кагаздагы информацияларды өчүрүүдө же тазалоодо эмгектин көп талап кылынышы



































Колдо сүрөт тартуу, чийүү