СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Нан сапары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: Нан сапары

Просмотр содержимого документа
«Тема: Нан сапары»



Предмети: Адабий окуу классы: 2 – класс күнү: 17.09.19.

Сабактын темасы: Нан сапары

Сабактын максаты:

Максаты

Көрсөткүчтөр

- Окуучулар “Нан сапары ” текстинин мазмунун түшүнүшөт.


-Окуучулар тексттин мазмунун түшүнүшсө

-Түшүнүгүн айтып берүүгө жетишишсе

-Тексттен каармандар боюнча таап окуй алышса

- Текстти көркөм окуп, түшүнүктөрүн айтып бере алышат.


-Текстти түшүнүп, көркөм окуп беришсе.

-Тексттеги каармандардын иш-аркетин биле алышса.



-Тексттеги каармандардын образы аркылуу эмгекчил болууга тарбияланышат



-Тексттеги каармандардын образы аркылуу эмгектин түрлөрүн ажырата билишсе.



Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп – үйрөнүү.

Сабактын методу: Интеграцияланган.

Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, сүрөттөр, адабий окуу китеби д.у.с.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

Саламдашуу: Дайым ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым.

Саламаттык каалаймын,

Саламатпы балдарым?!

Жагымдуу маанай түзүү ( көөкөргө бир жакшы сөз жазып кошунасы менен алмашып окушат)

Бүгүнкү сабакта ар түрдүү тапшырмаларды аткаруу аркылуу сабактын темасы ачылат жана жаңы тема боюнча билим алабыз. Ал боюнча талкууга катышып; Активдүү тайпаны жана активдүү окуучуну аныктайбыз.

Демек балдар, сабактын аягына чейин “Баалоо баракчасына” туура жооп берсеңер “+” туура эмес жооп берсеңер “-” белгисин коюп тургула.

Силерге ийгилик каалайм балдар!

Ал үчүн: сабакка активдүү катышкыла суроолорго туура так жооп бергиле. Аны аныкташ үчүн эки адамдан турган эксперттик топту аныктап коёлу.

Байкоочу топтун максаты: окуучулардын иш аракеттерин баалашат, өз ой-пикирлерин айтышат.

Рефлекция (артка кайрылуу)

  1. Балдар, Жылдын төрт уулу тууралуу кимдер, эмне деп арызданып келишти?

  1. Жыл төрт баласына канча күн, канча ай бөлүп берди?



  1. Бул мезгилдерде аба-ырайы, айлана-чөйрө кандай болорун сүрөттөп көргүлөчү?

Туура балдар, 4мезгилдин тең өздөрүнө тиешелүү кооздуктары бар.

М: Жаз мезгилинде- бак-дарактар жанданып, бүчүр байлап, гүлдөй баштайт. Жер бетине кадимкидей жан кирип, жапжашыл болуп, айлана көрккө бөлөнөт. Дыйкандар жер айдап, бак тигип жалпы жаратылыш кыймылга келет.

Жай мезгили- бул мезгил аябагандай сулуу, күн жылып жайкы каникул убагы болот. Жай мезгилинде барыбыз жайкы эс алууга чыгып, жайлоолорго, айылдарга барып кымыз ичип, эт жеп ден-соолугубузду чыңдайбыз.

Күз мезгили-бышыкчылыктын, токчулуктун, берекенин мезгили. Бардык дыйкандар түшүмдөрүн жыйнап, кышка камылга көрөт. Бак-дарактар саргайып “Алтын күздүн” белгилери тартып койгондой кооз болуп, түшүм майрамдары өтө баштайт.

Кыш мезгилинде- айлана аппак карга бөлөнүп, өзүнчө бир керемет учур болот. Адамдар калың кийинип калышат Элдин баары жаңы жыл тосконго камынышат.


Балдар мен силерге табышмак айткым келип турат:


Мейли оку оңунан,
Мейли оку соңунан.
Тынбай желчү кайсы даам,
Тамактардын баарынан.? (нан)


Жазда эгип жерге,

Өстүрүп алат.

Жесе да күндө,

Эч танбас тамак. (нан)

Эми балдар, төмөнкү таяныч сөздөр менен 3мин. Эссе жазабыз. (2,3 сүйлөм түз)

Таяныч сөздөр:нан, таттуу, жашоо, абдан, барынан, жок, улук.

(окуучулар жазган эсселерин окушат )

Демек балдар, бүгүнкү биздин өтө турган сабагыбыздын темасы эмне экен?

Туура айтасыңар. Нан сапары

Чакыруу этабы:

Эмесе балдар, баарыбыз “Нан сапары” - деген текстти угуп көрөлү.

( проектор аркылуу угузулат)

Суроо: - текст силерге жактыбы?

Анда тексттен өзүңөргө жаккан бир учурду айтып бергилечи.

Туура, биз жеп аткан нан дасторконго келип жеткенче кандай эмгекти талап кылаарын чоогу көрөлү.

Түшүнүү этабы: Эми китебибиздин 14-бетиндеги Нан сапары деген текстти тыным-тыным менен окуп көрөлү.(3 тыным)


Кана балдар, эми силер суроолорду жакшылап угуп, жообун тексттен таап окуйсуңар. Ким биринчи тапса кол көтөрүп окуйт, калганыбыз угуп отурабыз. Кайсы катар көп жооп берет экен көрөбүз.

Ойлонуу этабы:

  1. “Нан-баарынан улук” дегенди силер кандай түшүнөсүңөр?

“Нан- баарынан улук” деп бекеринен айткан эмес. Нан дасторкондон орун алганга чейин кыйла жолду басып өтөт, эчен түйшүктүү эмгекти талап кылат


2.Нан дасторконго келип жеткенче канчалык эмгекти талап кылат экен?

Адамдар адегенде трактор менен жерди айдашып, үрөн себишет, малалашат. Жердин нымынан, суунун күчүнөн улам үрөн көйкөлүп өсүп чыгат. Жашыл сабактар бара-бара бой керип баш алат. Буудайдан мол түшүм алуу үчүн дыйкандар убагында жер семирткичтер менен азыктандырып, сугарып турушат

3.Силер нанды кандай баалайсыңар? (өз ойлорун айтышат)



Физ.минутка. “Керемет көч”


Сабакты бышыктоо: Нанга кластер түзүшөт.



Сабакты жыйынтыктоо: Нан менен боорсокко

“Венндин диограммасын” түзөбүз




Нан жөнүндө ырымдар (кошумча маалымат)


Нансыз жашоону элестетүү кыйын. "Нан болсо ыр да болот" деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек. Наны, даны толуп турган үйдө береке, ырыскы болот. Кыргызда үйгө келген мейманга сөзсүз биринчи нан ооз тийгизилип, аш-той берээрде да алгач нан, боорсогу жасалат.

Нанга аяр мамиле жасап аны убал, кор кылбаш үчүн элибиз сөзсүз ага карата ар түрдүү тыюуларды колдонушкан.

Нанды тебелебейт. Анын күкүмү түшүп кетсе да сөзсүз терип, өйдө алып коюш керек. Элибизде нанды тебелеген адам көр болот деп коюшкан.

Нанды тескери койбойт. Нанды тескери койсо ал таарынат, үйдөн кут качат деп айтылып жүрөт.


Нанды бир колдоп сындырбайт. Нанды сөзсүз эки колдоп сындыруу керек. Аны бир колдоп үзүп алуу — кесирликтин белгиси болгон. Ошондой эле аны өтө майда кылып сындырса, жашоосу да майдаланып калат деген ишеним бар.

Нанды таштандыга ыргытпайт. Катып же көгөрүп кеткен нанды таштандыга ыргытып салган туура эмес. Аны ит же тоокко берип, болбосо таштанды челекке өзүнчө баштыкка салып илип койгон туура. Нанды ар кай жерге таштаган адамдын иши оңбой калат деп айтылат.

Нан менен ойнобойт. Балдарга нанга туура мамиле жасап анын улук экенин айтып, тарбиялоо — ата-эненин милдети. Нан менен ойноп, жерге таштап, аны кор кылган баланын ишине ата-эне күнөөлүү болуп калат.

Нанды күйгүзүп бышырбайт. Нан канчалык жакшы бышса, ал ээсине ыраазычылыгын билгизет, эгер аны күйгүзүп салса, "сен да күйүп кал" деп каргайт имиш.




Баалоо баракчасы


Жооп берсе “+” белгисин коюшат

Жооп бербесе “-” белгисин коюшат.

Рефлекция

Үй тапшырмасын айтканга катыштым




Суроолорго жооп бергенге катыштым




Табышмактардын жандырмагын тапканга катыштым




Эссе жазганга катыш тым




Текст окудум




Суроолорго жооп окудум




“Кластер” түзгөнгө катыштым




“Венндин диограммасын” түзгөнгө катыштым




Жыйынтык






Билимдерин баалоо: Баалоо баракчасындагы тапшырмалардын

2-3 туура болсо “3”

4-5 туура болсо “4”

6-8 туура болсо “5”


Үйгө тапшырма:

1. Текстти кайрадан окуп чыгып, мазмунун айтып бергиле.

2. Текст боюнча элестетип сүрөт тартып келгиле.