СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Сөздүн тутуму

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема: Сөздүн тутуму»

Тема: СӨЗДҮН ТУТУМУ

Жалпы маалымат

Атоо кызматын аткарган тилдин негизги материалдык бирдиги сөз болуп эсептелет. Сөз эмнеден куралат, башкача айтканда, сөздүн тутумунда эмнелер бар, сөздүн тутуму эмнелерден турат? Сөздүн чыныгы ички табиятын аныктоо үчүн мына ушул суроолорго жооп бериш керек. Сөз – тилдин эң негизги материалдык бирдиги. Сөздө анын ички табиятын мүнөздөгөн маани-мазмуну жана сырткы турпатын мүнөздөгөн тыбыштык түзүлүшү болуп, бирибиринен ажырагыс эки тарабы бар. Сөздүн бири-биринен ажырагыс ушул эки тарабына саресеп салып көрөлү. 1). Сөздүн ички табиятын мүнөздөгөн маани-мазмуну болот деп айттык. Ар бир сөз өзүнүн мааниси же маанилери менен жашайт. Ал ошол маанилери менен сөз болот дагы, биз тилди пайдаланганда айта турган оюбузду туюндурат. Маани болбосо, сөз болбойт. Сөздүн маанилери лексикалык маанилер жана грамматикалык маанилер болуп экиге бөлүнөт. Сөздүн лексикалык маанилери тууралуу тил илиминин лексикология бөлүмүндө кеңири айтылган. Ал эми грамматикалык маанилери тууралуу жогоруда грамматика бөлүмүндө сөз болду. 2). Сөздүн сырткы турпатын мүнөздөгөн тыбыштык түзүлүшү болот деп айттык. Сөздөрдүн сырткы турпатын анын тыбыштык түзүлүшү, муун түзүлүшү жана морфемалык түзүлүшү деп үч башка карайбыз. а). Тыбыштык түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги сөздөр бир эле тыбыштан жана эки же андан көп тыбыштардан да курала берет. Мисалы: ээ(үй ээси), оо (жүк ооду), уу (ууга чыктык), уу (уу ичти) деген сөздөрдүн ар бири бир эле тыбыштан турат. Ал эми уй, ай, тоо, өт, ак, ут-, же-, ал- деген сөздөрдүн ар бири эки тыбыштан турса, ата, эне, сен, баш, жүн, тон, кел-, жүр-, кой- деген сөздөрдүн ар бири үч тыбыштан, арка, эрке, март, чана, кара, айыл, ырда-, отто-, тарт-, сана- деген сөздөрдүн ар бири төрт тыбыштан, китеп, улага, жашыл, мойун, койун, токой, менен, айкын, байка-, чайка- деген сөздөрдүн ар бири беш тыбыштан турат. Алты тыбыштан (каймак, кыштак, салмак, мамиле, кереге), жети тыбыштан (жөнөкөй, камылга, керебет), сегиз тыбыштан (замандаш, жагалмай, күрсүлдө-) жана андан көп тыбыштардан турган сөздөргө да мисалдар келтирүүгө болот. Сөздөрдүн канча тыбыштан тургандыгы грамматикада анча мааниге ээ боло бербейт. б). Муун түзүлүшү боюнча да сөздөр бир муундуу, эки же андан көп муундуу болот. Муун – тилдеги сөздөрдүн айтылыш ыргактары болуп эсептелет. Муундун ачык муун, жабык муун, туюк муун деген үч түрү бар. Булар тууралуу азыркы кыргыз тилинин фонетика бөлүмүндө айтылган. в). Морфемалык түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги сөздөр ар бири өз алдынча мааниге жана кызматка ээ болгон мүчөлөрдөн турат. Сөздүн тутумундагы мына ушул мүчөлөр анын морфологиялык жактан түзүлүшүн (курулушун) шарттайт. Морфема сөздүн андан ары тутумдарга (мүчөлөргө) бөлүнбөй, кандайдыр маани берип турган эң кичинекей морфологиялык бирдиги болуп эсептелет. Мисалы: Алатоо көрккө келбейт эл болбосо. (Барпы) Мисалдагы Алатоо деген татаал сөздүн тутумундагы жөнөкөй сөздөрдүн ар бири бирден гана морфемадан (мүчөдөн) турат, көрк-кө деген сөз эки морфемадан (мүчөдөн) турат, кел-бе-й-т деген сөз төрт морфемадан (мүчөдөн) турат, эл деген сөз бир морфемадан (мүчөдөн) турат, бол-бо-со деген сөз үч морфемадан (мүчөдөн) турат. Кээ бир сөздөр мүчөлөнбөйт, башкача айтканда, тутумунда бир эле мүчө (морфема) болот: ой, сан, жаа, тоо, жылкы, кайт-, ут-, ме-, жан-, ээ, суу, ата, той, ой, алты, чапан, саман ж.б. Кээ бир сөздөр болсо, тарыхый өсүп-өнүгүшү, башкача айтканда, келип чыгышы изилденип, белгилүү болгондо гана мүчөлөнөт, морфемаларга ажырайт. Мисалы: сүйлө деген сөз эки мүчөдөн турат. Биринчи мүчөсү сөз, бул – уңгусу (салыштыр: өзбекче сузла), ал эми экинчи мүчөсү – курандысы, -ла; жорго деген сөз да тарыхый келип чыгышы боюнча мүчөлөнөт: жор- деген унгу жорт- (жортуп келатат) деген сөздө сакталып турат, мындагы -т аркылуу мамиленин көрсөткүчү; салыщтырсак, монгол тилинде жор- «бас-, жүр-» деген маанида колдонулат. Ал эми -га этиштен атооч жасоочу өнүмсүз куранды, бул куранды билге – «акылман», тилке деген сөздөрдүн тутумунда да бар (бил- ге, тил-ке). Көпчүлүк сөздөр кыргыз тилинде оңой эле мүчөлөнөт (морфемаларга ажырайт): ойло (ой-ло), жаанда (жаа-н-да), китепканачы (китеп-кана-чы) ж.б.

Сөз мүчөлөрү

Сөздөрдүн тутумунда, бирөө болобу, экөө болобу, сөз мүчөлөрү (морфемалары) болот. Жалпы лингвистикада сөз мүчөлөрүн морфемалар деп аташат. Морфема (сөз мүчөсү) тууралуу жогоруда айтылды. Кыргыз тилинде маани-мазмундук белгилери боюнча өз ара жалпылыкты түзүп турган сөз мүчөлөрүнүн (морфемалардын) үч түрү бар. Алар: Уңгу (сөздүн уңгусу, башкача айтканда, сөздүн уңгу мүчөсү). 1 Китепте мүчө деген термин морфема деген терминдин ордуна колдонулду. Чынында мүчө деген сөз сүйлөм мүчөсү деген мааниде колдонулса, сүйлөмдүн тутумундагы сөздөрдүн бардыгы тууралуу кеп жүрөт. Башкача айтканда, сүйлөмдөгү бардык сөздөр - сүйлөмдүн мүчөлөрү. Ал эми сөз мүчөлөрү десек эле анын (сөздүн) лексикалык маани берип турган бөлүгү уңгу деп аталып, мучө болбой калат. Логикага сыя бербейт. Сүйлөм мүчөсү деген сыяктуу эле сөздүн тутумундагы кандайдыр мааниге ээ болгон бардык бөлүктөр сөз мүчөлөрү болуш керек.Куранды (сөздүн куранды мучөсү). Уланды (сөздүн уланды мүчөсү). Сөз мүчөлөрү (морфемалар) бардык сөздөрдө дайым эле толук катыша бербейт. Кээ бир сөздөр жалаң эле уңгудан турат: үй, жоо, ат, апа, жүрөк, кулак, баатыр, кумурска ж.б. Булардын ар биринде сөздүн бир гана мүчөсү бар, ал – уңгу. Башкача айтканда, бул сөздөрдөн бардыгы – уңгулар. Кээ бир сөздөр уңгу жана куранды мүчөлөрдөн турат: уйчу, жоо-кер, ый-ла-, сөз-мөр, уч-куч, жүрөк-түү, баатыр-дык ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, куранды) турат. Уңгу жана уланды мүчөлөрдөн турган сөз формалары да бар: апа-м, кулак-тын, айт-па, жүрөг-үм, ат-ың ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, уланды) турат. Уңгу, куранды жана уланды мүчөлөрдөн турган формалар да бар: кий-им-ди, ой-мог-ум, ач-кыч-ыңыз ж.б. Булардын ар бири үч мүчөдөн (уңгу, куранды, уланды) турат. Бир нече курандылуу сөздөр да болот: китеп-кана-чы, басма-кана, жаз-уу-чу ж.б. Бир нече уландылуу сөз формалары да болот: мектеб-иң-е, ата-м-дын, үй-лөр-ү ж.б. Ошентип, сүйлөмдүн тизмегинде сөздөр өздөрү туюндурган лексикалык жана грамматикалык маанилерине жараша тиешелүү түрдө жалаң гана уңгудан туруп да, курандылуу болуп да жана уланды мүчөлөр менен да уюшулуп, ар кандай формада келе берет: уюм, уйчу, жоокерлер, жүрөккө, жүрөктүү, баатырсың, баатырдык ж.б. Тилдин жандуу көрүнүшүндө, ошентип, сөз мүчөлөрү кырдаалдарга жараша бири-бири менен айкашып келе берет. Мына ошол айкашууларда сөз мүчөлөрү тыбыштык жактан дайым эле бир калыпта боло бербейт. Уңгу гана тыбыштык өзгөрүүлөргө учурабай туруктуу жашайт2. Ал эми курандылар менен уландылар болсо, ар кандай айкалыштарда өздөрү жалганган уңгудагы үндүү, үнсүз тыбыштардын мүнөзүнө

2 Кыргыз тилинде ат атооч уңгулардын гана айрымдары өзгөрүүлөргө (мага, сага, ага, аныкы, анда, муну ж. б.) учурайт. Зат атоочтордо болсо, айыл - айлы, эрин - эрди, ийин - ийни деген сыяктуу айрым эле уңгуларда өзгөрүүлөр болот. Этиштерде таап , саап, каап деген өңдүү гана өзгөргөн формалар жолугат.

Ошентип, курандылар менен уландыларды алар жалгана турган уңгу мүчөлөрдөгү тыбыштарга карата өзгөрүп, же өзгөрбөй айтылыштары боюнча ээрчиме мүчөлөр жана ээрчибес мүчөлөр3 деп эки топко бөлөбүз.

Ээрчиме мүчөлөр

Ээрчиме мүчөлөр тутумундагы үндүү жана үнсүз тыбыштары өзгөрүп кете берген мүчөлөр болуп эсептелет. Мына ошондой өзгөрүүлөргө карата ээрчиме мүчөлөр өз ара туруктуу мүчөлөр, оошмо мүчөлөр жана сыйлыгышма мүчөлөр болуп да бөлүнөт. 1. Туруктуу мүчөлөр сөздөрдө ар кандай тыбыштык айкалыштар менен келсе да өзүнүн башталыш үнсүз тыбышын сактап жүрүп олтурат. Булар адатта ч, с, м тыбыштары менен башталган мүчөлөр. Курандылардан мисалдар: -чы: уйчу, короочу, арабачы, ишчи, көмүрчү ж.б. -ча: кыргызча, орусча, жаңыча, эскиче, бүгүнчө ж.б. -ма: басма, оймо, түймө, күрмө, сайма ж.б. -са: сууса-, акса-, мойсо-, жаңса-; дөңсө, жеңсе, колоңсо ж.б. -сы: баатырсы-, жакшысы-, кыйынсы-, семизси-, өйдөсү-, улуусу- ж.б. -сын: мыктысын-, баатырсын-, өйдөсүн-, теңсин-, тыңсын-, акылдуусун-, ишкердүүсүн- ж.б. -сыра: уйкусура-, алсыра-, кансыра-, этсире- ж.б. -чан: атчан, тончон, күрмөчөн, кийимчен ж.б. Уландылардан мисалдар: -са: барса, келсе, окуса, айтса ж.б. -сы: атасы, энеси, окуусу ж.б. Мисалга алынган мүчөлөрдүн, башкача айтканда, туруктуу мүчөлөрдүн баштапкы тыбышы эч өзгөрүлбөй сактала берет. 2. Оошмо мүчөлөр жалганган уңгунун (же негиздин) акыркы муунундагы тыбыштарга карай өзгөрө берет.

Курандылардан мисалдар: -лык: тоолук, айылдык, жолдоштук, тердик ж.б. -дай: үйдөй, тоодой, кишидей, аттай, топтой ж.б. -ыра: жаркыра-, калтыра-, күркүрө-, мөлтүрө- ж.б. -коол: тоскоол, өткөөл, ургаал ж.б. -ла: майла-, музда-, суула-, ойло-, сүйлө-, түздө-, иште-, тиште-, тилде-, жээкте-, даңкта-, айтта- ж.б. Уландылардан мисалдар: -нын: үйдүн, эненин, талаанын, иштин, колдун ж.б. -га: балага, тоого, отко, кемеге, кыштакка ж.б. -лар: дарактар, көлдөр, чалдар, энелер, иттер ж.б. 3. Сыйлыгышма мүчөлөр үндүү тыбыш менен аяктаган уңгуга (же негизге) жалганганда баштапкы үндүү тыбышы түшүп калат. Курандылардан мисалдар: -оо: ойло- + -оо = ойлоо, байла- + -оо = байлоо ж.б. -ыш: тааны- + -ыш = тааныш, окшо- + -ыш = окшош, күүлө- + -ыш = күүлөш ж.б. -ык: какшы- + -ык = какшык, калтыра- + -ык = калтырак, жылтыра- + -ык = жылтырак ж.б. -ым: кура- + -ым = курам, чыда- + -ым = чыдам ж.б. -ынды: асыра- + -ынды = асыранды, ташта- + -ынды = таштанды, ула- + -ынды = уланды ж.б. Уландылардан мисалдар: -ым: эне + -ым = энем, бала + -ым = балам ж.б. -ыш: ийле- + -ыш = ийлеш: ийлешчи, байла- + -ыш = байлаш: байлашып кой, сана- + -ыш = санаш: санашып кой ж.б. -ың: ата + -ың = атаң, чана + -ың = чанаң ж.б.

Ээрчибес мүчөлөр

Ээрчибес мүчөлөр уңгунун (же негиздин) акыркы муунундагы тыбыштарга карата өзгөрүлбөй жалганат. Ээрчибес мүчөлөрдүн үнсүз тыбыштары да, үндүү тыбыштары да өзгөрбөй өз турпаттарын сактап келет. Алардын дээрлик бардыгы кабыл алынган мүчөлөр. Булар саналуу гана. Мисалы:

-кор: малкор, жемкор, сүткор, бозокор ж.б. -кеч: кыялкеч, арабакеч, асылкеч, мээнеткеч ж.б. -кер: кызматкер, айыпкер, ишкер ж.б. -стан: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан ж.б. -изм: социализм, жыргализм ж.б. Сөздүн мүчөлөрү, башкача айтканда, морфемалар (уңгу, куранды, уланды) маани-мазмундары жана сөз тутумундагы аткарган кызматтары боюнча бири-биринен айырмаланышат.

Уңгу

Уңгу - сөздүн эң негизги мүчөсү, андан ары мүчөлөнбөй лексикалык маани берип турган бөлүгү. Ал лексикалык маани менен кошо грамматикалык маани да туюндурат. Уңгу туюндурган грамматикалык маанилер көбүнчө жалпы категориялык маани болуп, сөздүн лексикалык маанисине жакын келет. Ошондуктан, сөздүн бул мүчөсүн - уңгуну, лингвистикада семантикалык мүчө (семантикалык морфема) деп да аташат. Кыргыз тилиндеги уңгу өз алдынча толук кандуу сөз болуп кызмат кыла алат. Мисалы: иш, иш-мер, иш-чи; адеп, адеп-түү, адеп-сиз; ук-, ук-тур-уу, ук-ку-лук-туу ж.б. Кыргыз тилиндеги уңгуларды маанилерине карата эки топко бөлөбүз: эркин уңгу, байланышма уңгу4. 1). Эркин уңгу – кошумча мүчө (морфема) жалганбай турса деле өз алдынча сөз болуп, лексикалык маани бере ала турган уңгу. Мындай уңгулар куранды же уланды мүчөлөр жалганган учурда да, жалганбай турган учурда да өзүнчө лексикалык мааниси менен айтыла берет: тап- (тапты, таппа, тапкыч), ут- (уттум, утук), чач (чачтын, чачым, чачтуу), жай (жайлоо, жайды), ылдам (ылдамда- ылдамдык, ылдамдануу), тегирмен (тегирменчи, тегирменге, тегирменде) ж.б. 2). Байланышма уңгу – жандуу тилде башка бир мүчөнүн (морфеманын) жалганып турушу менен гана колдонулуучу уңгу: мыкчы, мыкый, тегерек, тоголок ж.б. Мындагы уңгулардын ар бири тутумундагы -чы, -й, -ык курандыларынын жардамы менен гана лексикалык маани берип турат, алдагы курандыларсыз алар айтылган лексикалык маанилердеги сөз болбой калат. Башкача айтканда, мисалдагы сөздөр мык, мыкы, тегер, тогол турпатында колдонулбайт. Акса-, байка-, жайпа-, жалбар-, жалын-, жаңса-, какша-, көксө-, сыла-, таймаш-, тыңша-, чурка-, эңсе- сыяктуу этиштердин уңгулары да – байланышма уңгулар. Булардын тутумундагы куранды мүчөлөр оңой эле ажыратылат, бирок, курандыларын ажыратканыбыздан кийин калган бөлүгү – уңгу – өз алдынча так маани бере албай калат. Бул сөздөр тутумундагы куранды мүчөлөр менен байланышып гана толук кандуу сөз болуп колдонулат, ошондо гана лексикалык маани берет. Ошондуктан, мындай сөздөрдүн уңгуларын байланышма уңгулар деп айтабыз. Кыргыз тилинде байланышма уңгулар абдан эле аз.

Курандылар

Кийинки мезгилдерде бул термин сөз жасоочу мүчөлөр деп аталып жүрөт. Терминдин негизги талаптарынын бири кыскалык, ошондуктан китепте К. Тыныстанов колдонгон термин, куранды термини колдонулду. Курандылар (куранды мүчөлөр) сөздүн тыбыштык турпатын, грамматикалык формасын гана эмес, лексикалык маанисин да өзгөртөт. Жаңы лексикалык маани, жаңы сөз жаратат. Демек, курандылар сөз жасайт. Кыргыз тилинде куранды мүчөлөр бир топ арбын. Алар зат атоочтун курандылары, сын атоочтун курандылары, этиштин курандылары, тактоочтун курандылары болуп бөлүнөт. Куранды мүчөлөрдү сөз жасайт дедик. Курандыларды сөз жасоо кызматынын мүнөзүнө, сөз жасоо кудуретине жараша өнүмдүү курандылар, аз өнүмдуү курандылар жана өнүмсүз курандылар деп үчкө бөлөбүз5 . Курандылар тууралуу толук маалымат жана аларга мисалдар төмөндө, тиешелүү сөз түркүмдөрүндө берилди.

Өнүмдүү курандылар.

Өнүмдүү курандылар ар кандай сөздөрдөн сөз жасаганга жөндөмдүү болуп, абдан көп сөздөрдү жасай берет. Булар түрдүү турпаттагы уңгуларга (негиздерге) жалгана берүүгө ийкемдүү келет. Кыргыз тилинде мында курандылар бир топ арбын. Мисалы: Зат атоочтун -чы курандысы: малчы, окуучу, тамырчы, айдоочу, катчы, жолчу, өтүкчү, базарчы, бекерчи ж.б.; этиштин курандысы -ла: ойло-, бийле-, бойло-, жайла-, тордо-, боола-, суула-, ыйла-, көчөлө- ж.б. Аз өнүмдүү курандылар. Аз өнүмдүү курандылар саналуу гана сөздөрдү жасайт. Булар ар кандай эле уңгуларга (негиздерге) жалгана берүүгө анчалык ийкемдүү эмес. Мисалы: -мер: ишмер, сөзмөр; -дар: кабардар, карыздар, кусадар, жарадар, өкүмдар; -анак: сүзөнөк, кабанак, тебенек. Өнүмсүз курандылар. Өнүмсүз курандылар тилдин азыркы жашап турган этабында сөз жасабай калган, жасаса да жалгыз-жарым гана сөздөрдү жасайт. Буларды сөздүн тутумунан ажыратуу бир топ кыйын. Өнүмсүз курандыларды бөлүп көрсөтүүдө сөздүн тутуму көбүнчө тарыхый жактан иликтенип, тарыхый уңгусу табылып мүчөлөнөт. Мисалы: -кел, -дач, -кыс, -тык, -шык деген сыяктуу курандылар бирден гана сөздү жасайт: эткел, кырдач, таңкыс, жантык, кыйшык. Ал эми байыркы учурларда сөздөрдү жасаган -га курандысы азыр сөз жасабайт, жорго, жылга, билге деген сөздөрдүн тутумунда уңгуга сиңирилип калган. Бул сөздөрдүн тутумунан байыркы куранды катары гана ажыратып көрсөтүүгө (жор-го, жыл-га, бил-ге) болот.

Уландылар

Уландылар кийинки мезгилдердеги окуу китептерде сөз өзгөртүүчү мүчөлөр деп жазылып жүрөт. Бул аталыш терминдик талаптарга жооп бере бербейт, ошондуктан китепте К. Тыныстанов колдонгон термин, уланды термини колдонулду. Уландылар сөздүн лексикалык мааниси менен жалпы категориялык грамматикалык маанисин өзгөртпөйт. Алар сөзгө жалганып, анын жеке грамматикалык маанилерин өзгөртүп, сөздүн ар түрдүү формаларын жасайт. Мисалы: Кечээ атам менен шаарга бардым деген сүйлөмдөгү ата, мен, шаар, бар деген сөздөрдөгү мүчөлөр (-ым, -га, -ды, -ым) ошол сөздөрдүн лексикалык жана жалпы категориялык грамматикалык маанилерин өзгөрткөн жок. Жаңы, жеке грамматикалык маанилерди алып келди: -ым (атам) жекелик сандагы биринчи жакка таандык маанини; -га (шаарга) багыт маанисин; -ды (бардым) айкын өткөн чак маанисин; -ым (бардым) жекелик сандагы биринчи жак маанисин алып келди. Кыргыз тилиндеги уланды мүчөлөр булар: 1) жөндөмө мүчөлөрү (-нын, -га, -ны, -да, -дан); 2) таандык категориясынын мүчөлөрү (-ым, -ың, -ыңыз, -сы, -ы, -быз, -ңар, -ңыздар); 3) көптүк санды уюштуруучу мүчө (-лар); 4) жакты билдирген мүчөлөр (-мын, -быз, -сың, -сыңар, -сыз, -сыздар); 5) чак мүчөлөрү: -ды, -ган, -ыптыр, -чу ж.б.); 6) мамиле мүчөлөрү: -каз, -кар ж.б.); 7) ыңгай көрсөткүчтөрү: -са, -гай ж.б.; 8) терс маани мүчөсү (-ба); 9) суроо маани мүчөсү (-бы). Булардын ар бири жалганган сөзгө тиешелүү грамматикалык маанилерди гана алып келет. Сөздүн формасын эле өзгөртүп, лексикалык маанисин өзгөртпөйт.

Негиз

Сөздүн уланды мүчөсүн алып таштагандан калган бөлүгүн сөздүн негизи дейбиз. Сөздүн негизи туруктуу болбойт, анын негиз экендиги конкреттүү сүйлөмдө же текстте гана белгилүү болот. Кыргыз тилиндеги сөздүн негизи уланды мүчөлөрдү гана кабыл албастан, куранды мүчөлөрдү кабыл алып, өзгөрүп башка негиз болууга да жөндөмдүү келет. Мисалы: Таалайга дилгир элимдин тарыхын кенен жазбасам. (А. Токомбаев) Мисалдагы таалайга деген сөздүн негизи таалай, ал эми Таалайлууга теңелбе деген мисалдагы таалайлууга деген сөздүн негизи таалайлуу деп жаңы негиз болду. Ошентип, сөздүн негизи конкреттүү тексттин өзүндө аныкталат. Койчу койлорду короого айдады деген сүйлөмдөгү биринчи сөздүн негизи койчу, экинчи сөздүн негизи кой, үчүнчү сөздүн негизи короо, төртүнчү сөздүн негизи айда- болот. Кыргыз тилиндеги сөздүн негизи түзүлүшү боюнча тубаса негиз жана туунду негиз деп экиге бөлүнөт. 1. Лексикалык мааниси жана түзүлүшү боюнча андан ары тутумдарга ажыратылбаган негиз тубаса негиз деп аталат. Мисалы: эл, ата, комуз, акыл, айт-, ут- ж.б. сөздөр ушул турушунда эле лексикалык мааниге ээ болуп, ар кандай грамматикалык маанилерди кабыл алууга жөндөмдүү. Сөздөрдүн жасалышы үчүн да, сөздөрдүн өзгөрүшү үчүн да негиз болуп кызмат кыла берет. Ич ара мүчөлөргө (морфемаларга) ажыратылбайт. Ошондуктан булар тубаса негиздер болуп саналат. Тубаса негиз сөздүн уңгусуна дал келет. Билимдүүнүн билими кишиге жугат. Мисалдагы кишиге, жугат деген сөздөрдүн негиздери – тубаса негиздер (киши, жук-). Ал эми кишиге, жугат деген сөздөрдүн уңгусу да киши, жук-. 2. Тутумунда куранды мүчөсү бар, башкача айтканда, куранды мүчө менен жасалган негиз туунду негиз деп аталат. Мисалы: элчи (эл + чи), айтыш (айт + ыш), өтмөк (өт + мөк), аталуу (ата + луу), комузчу (комуз + чу), акылман (акыл + ман) ж.б. сөздөр ушул турушу менен эле, башкача айтканда, куранды мүчөлөрү менен эле сөздөрдүн жасалышы үчүн да, сөздөрдун өзгөрүшү үчүн да негиз болуп кызмат кылат. Бирок, көрүнүп тургандай, андан ары мүчөлөнөт, башкача айтканда, булардын тутумунда уңгу менен куранды мүчөлөр бар. Булар – туунду негиздер. Туунду негиз сөздүн уңгусуна дал келбейт. Билимдүүнүн билими кишиге жугат. Мисалдагы билимдүүнүн, билими деген www.bizdin.kg

сөздөрдүн негиздери – туунду негиздер (билимдүү, билим), анткени, булардын экөөнүн тең уңгусу бил-, биринчиси билим деген сөздөн (билим деген негизден) -луу курандысы аркылуу, экинчиси болсо, бил- деген сөздөн (уңгудан же уңгуга дал келген негизден) -ым курандысы аркылуу жасалган. Морфологиялык жол менен сөздөрдүн жасалышы сөздөрдүн негизинен башталат, башкача айтканда, ар кандай куранды мүчөлөр негизге (же тубаса негизге, же туунду негизге) жалганат. Мисалы: ишчи десек, куранды (-чы) тубаса негизге (уңгуга) жалганды; жазуучу десек, куранды (-чы) туунду негизге жалганды. Эгерде андан ары жазуучулар дей турган болсок, бул сөздүн негизи жазуучу болуп, уланды мүчө (-лар) ошого жалганып жатат.

Сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби

Кыргыз тилинде сөздүн тутумундагы мүчөлөр белгилүү бир орун тартип менен келет6. Анткени, агглютинация дайыма уңгудан (же негизден) кийин маанилик тартип менен биринен сала бири чиркешип келе берген сөз мүчөлөрү аркылуу туюндурулат. Кыргыз тилинде анын ички табиятына ылайык дайыма биринчи орунда, башкача айтканда, сөздүн башталышы болуп уңгу келет. Кабыл алынган айрым сөздөрдө гана уңгудан мурда жалганган мүчөлөр бар: бейадеп, бейкапар, натуура, найынсап ж.б. Бул көрүнүш деле кыргыз тилиндеги сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн белгилүү тартип менен жайгашыш ыраатына таасир эте бербейт. Болгону ошол саналуу гана сөздөрдө сөз жасоочу каражат (сөзалды мүчө) уңгудан мурда келет: адеп – бейадеп, капар – бейкапар, туура – натуура, ынсап – найынсап ж.б. Анан калса, сөзалды мүчөлөрү бар сөздөрдүн дээрлик бардыгы башка тилдерден кабыл алынып өздөштүрүлгөн. Алар ошол тилдердеги сөзалды мүчөлөрү бар турпаты менен кабыл алынып өздөштүрүлгөн. Демек, кыргыз тили үчүн мындай сөздөр негиз катары болуп, сөз мүчөлөрүнүн орун тартип мыйзамына карама-каршы келбейт. Сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн жайгашыш ырааты атоочтордо бир башка жана этиштерде бир башка болот. Себеби, атоочтордогу жана этиштердеги грамматикалык категориялар бири-бирине дал келе бербейт. Башкача айтканда, атооч сөздөр башкача ыкта, этиш сөздө башкача ыкта өзгөрөт. Ошентип, төмөндө биз атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби менен этиш сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартибин өзөзүнчө карайбыз.

Атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби

Атооч сөздөр деп зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атоочторду айтабыз. Грамматикалык белгилери боюнча этиштин кыймыл атооч жана атоочтук өзгөчө формалары да атоочтор сыяктуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Акыркылары, кыймыл атооч менен атоочтуктар – туунду формалар. Ошондуктан, булардагы сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби да атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартибиндей эле болот. Кыймыл атоочтор менен атоочтуктардан мисал келтиргенде биерде алардын этиш уңгулары эске алынбады, анткени, жогоруда айтылгандай, алардагы мүчөлөрдүн жайгашыш орун тартиби кыймыл атооч, атоочтук болуп турган негиздерден башталат. Атооч негиздерге (уңгуларга) уланды мүчө жалгангандан кийин эч качан куранды мүчө жалганбайт. Демек, курандылар жалганса, негизге гана жалганат, ал эми уланды мүчөлөр болсо, негизге да (анын ичинде уңгуга да) жана уландылардан кийин да жалгана берет. Мисалы: ырчы, эмчи, орундук, курдаш деген сөздөрдө куранды мүчөлөр (-чы, -дык, -даш) тубаса негиздерге (уңгуларга) жалганды; басмакана, башкармалык, саймачы, сырдама деген сөздөрдө куранды мүчөлөр(-лык, -чы, -ма, -кана) туунду негиздерге, башкача айтканда, курандылардан кийин келип жалганды. Ырдын, үйгө, кызым деген сөздөрдө уландылөр (-дын, -га, -ым) тубаса негиздерге (уңгуларга) жалганды; ал эми ырчылар, эмчини, орундукта, курдашым деген сөздөрдө болсо, уланды мүчөлөр (-лар, -ни, -да, -ым) туунду негиздерге жалганды, башкача айтканда, сөздөгү куранды мүчөлөрдөн кийин жалганды. Ырчыларга, курдашымдын деген мисалдарда болсо, уланды мүчөлөр (-га, -дын) сөздөрдүн негизине жалганган уландылардан (-лар, -ым) кийин келип жалганды. Сөздө бир нече куранды мүчөлөр биринин артынан бири келиши да мүмкүн: башкармалык, котормочу ж.б. Ошентип, кыргыз тилинде атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби: 1) уңгу, 2) куранды, 3) уланды ырааты менен келет. Бул орун тартипте уңгу менен куранды экөө ушундай ыраат катарынан жазбай келет, бир нече курандылар келсе да, сөздөгү курандылар туюндурган маанилерине жараша маанилик ыраат-катары сакталып келе берет. Анткени, уңгу өзүнчө келсе да, уңгуга куранды жалганып келсе да, булар сөздүн негизин түзөт. Ал эми уландыларда болсо, салыштырмалуу туруктуу орун тартиби болот. Атооч негиздерде адегенде көптүк сандын мүчөсү (-лар), андан кийин жакчыл жана жалпы таандык уландылар (-ныкы, -ым, -ың, -ыңыз, -ы, -сы ж.б.), андан кийин жөндөмө (-нын, -га, -ны, -да, -дан) мүчөлөрү жана алардан кийин, адамзаттык атооч болсо, анда жак уландылары (-мын, -сың, -сыз ж.б.) келет. Суроо маанисинин (-бы) мүчөсү сөздүн акырынан орун алат. Мисалы:

апа-лар апа-лар-ыбыз (-ныкы) апа-лар-ыбыз-дын апа-лар-сыңар апа-лар-ыбыз-сыңар апа-лар-быз

апа-лар-ыбыз-сыңар

бы

(апа-быз) (апа-быз-дын) (апа-сыңар) (апа-быз-сыз)

www.bizdin.kg

(апа-быз) (апа-быз-сыз-бы)

Курандылуу сөздөрдөн мисал келтирели:

ор-ок-чу-лар ор-ок-чу-лар-ыбыз (-ныкы) ор-ок-чу-лар-ыбыз-дын ор-ок-чу-лар-сыңар ор-ок-чу-лар-ыбыз-сыңар ор-ок-чу-лар-быз ор-ок-чу-лар-ыбыз-сыңар-бы

Ошентип, атоочтордо сөз мүчөлөрүнүн биринен кийин бири келе турган орун тартиби негизинен төмөндөгүдөй схемада жүрөт: Негиз (уңгу же уңгу + куранды) + уланды (көптүк сан, таандык, жөндөмө, адамзаттык атоочтордо жак, суроо мүчөсү). Муну төмөндөгүдөй кылып таблица түрүнө келтирип көрсөтүүгө болот.

1.

Атооч негиздер (уңгулар). Мис. эне, ой, от, казык ж.б.

2.

-лар

3. -ым (-м) -ың (-ң) -ы (-сы) -ыбыз (-быз) -ыңар (-ңар) (-лары)

4.

-ныкы

5. -нын -га -ны -да -дан -сыз -сыздар -ыңыз -ыңыздар -(а)т (-ыш -а -т)

6. -мын -м -быз -сың -сыңар

1. -бы -чы

Этиш сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби

Этиш сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби атоочтордукунан бир аз башкача болот. Анткени, этиштерде атоочтордон айырмаланган грамматикалык категориялар бар. Анын үстүнө этиш сөздөр – абстракттуу сөздөр. Алардын турпат-көрүнүштөрүн (реалийлерин) көрүүгө, кармоого мүмкүн эмес. Этиш сөздөрдө да курандылар жалганса, негизге гана жалганат, ал эми уланды мүчөлөр болсо, негизге да (анын ичинде уңгуга да) жана уландылардан кийин да жалгана берет. Мисалы: созгула-, кирин-, сүйүн- деген сөздөрдөгү курандылар (-гыла, -ын) негиздерге (уңгуларга) жалганып келди. Ал эми созгулады, киринбе, сүйүнгөн деген сөздөрдөгү уландылар (-ды, -ба, -ган) туунду негиздерге, созду, сүйбө деген сөздөрдөгү уландылар болсо, тубаса негиздерге (уңгуларга) жалганып турат. Ошентип, этиш сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн жайгашыш орун тартиби төмөндөгүдөй ыраатта жүрөт. Негиз (же уңгу), мамиле мүчөлөр, терс маани мүчөсү, чакчылдын мүчөсү (же чакчылдын мүчөсү + жардамчы этиш), чак жана ыңгай көрсөткүчтөрү, жак жана сан көрсөткүчтөрү, өтүнүч жана суроо маанисинин мүчөлөрү. Муну төмөндөгүдөй кылып таблица түрүнө келтирип көрсөтүүгө болот.

1. 2. 3. 4. 5. 6. 7. Этиштик -ын -ба -ып -ды -мын -бы негиздер Мис.: уч-, -ыл -ыш -а -е -ган -чу -м -быз -чы өрдө-, ачыл-, ал- ж.б. -тыр -кар -кыр -каз -й -ып -ыптыр -тыр -ар (-бас) -сың -сыңар -сыз -сыздар -ар -ыз -сөт -гын -гыла -сын -ыңыз -ыңыздар -(а) т -т -гай (-ыш-а-т) -мак -макчы -са (-чы)

Этиш сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн биринен кийин бири келип жайгашыш ырааты ушул тартипте жүрөт. Этиш сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн сөзгө жалганыш катар тартиби ушул тартипти сактап келе берет. Бул, албетте, этиштик негиздерге (уңгуга да) сөз мүчөлөрүнүн мүмкүн болушунча бардыгынын биринен сала биринин ырааттуу жалганыш мүмкүнчүлүгүнө дал келет. Акыйкатында, кыргыз тилиндеги тубаса этиштерге да, туунду этиштерге да алдагы мүчөлөрдүн бардыгы эле жалганып келе бербейт. Тилдин жандуу жүрүшүндө, башкача айтканда, сүйлөшүп жаткан учурда ар бир сөзгө мүмкүн болгон бардык мүчөлөрдү жалгай бербейбиз. Анткени, сүйлөшкөндө ой мааниси менен сөздөр ар кайсы учурда ар башка формада келип колдонулат. Анан калса, кыргыз тилинде ар кандай этиштик негиздерге сөз мүчөлөрүнүн, айрыкча уланды мүчөлөрдүн жалганыш же жалганбаш мыйзамченемдиктери болот. Жогорку таблицадагы мүчөлөрдүн да айрымдарынын биринен кийин биринин жалганыш же жалганбаш мыйзамченемдиктери бар. Мисалы: өрдө-, уч-, ачыл-, ал- деген сыяктуу этиштик негиздерге (уңгуларга) мамиле мүчөлөрүнүн ичинен -ын, -ыл, -каз, -кар деген түрлөрү жалганбайт. Этиштин терс маани мүчөсү болсо, өзүнөн мурда келүүчү мамиле көрсөткүчтөрүнүн бардыгына тең жалгана берүүгө жөндөмдүү. Этиштин терс маани берүүчү мүчөсүнөн кийин чакчылдын -а, -е мүчөлөрү келбейт. Бул көрүнүштүн өзүнчө мыйзамы бар: үндүү тыбыштар менен аяктаган этиштерге чакчылдын -ып жана -й мүчөлөрү гана жалганат да, -ып мүчөсүнүн баштапкы тыбышы, үндүү тыбыш, сыйлыгышып түшүп калат. Ал эми терс маани мүчөсү үндүү тыбыш менен аяктайт. Андан кийинки катарда турган чак жана ыңгай көрсөткүчтөрү да өздөрүнөн мурун келе турган чакчыл мүчөлөрдүн баарына эле жалгана бербейт. Булардын ичинен чакчыл мүчөлөрдөн кийин келип жалгана бергени жалгыз гана капыскы өткөн чактын мүчөлөрү болуп эсептелет (-ып, -ыптыр). Этиштин чактары менен ыңгайларын билдирген грамматикалык каражаттар (мүчөлөр) өздөрүнөн мурунку катар тартипте турган мүчөлөрдү аттап түшүп эле этиштик негиздерге түздөн-түз барып жалганууга жөндөмдүү мүчөлөр болуп саналат. Мисалы: айтты, бекиген, майлачу, өрдөсө, учар, укмак, ойлогун ж.б. Чак жана ыңгай мүчөлөрүнөн кийинки катар тартипте келе турган жак жана сан көрсөткүчтөрү болсо, жалгана турган сөз формаларын ылгабайт. Булар да өздөрүнөн мурда келүүчү мүчөлөрдүн айрымдарын аттап барып жалгана бериши мүмкүн, бирок, милдеттүү түрдө чакчыл мүчөлөрүнөн кийин гана жайгашышат. Мисалы: айтамын, бекийт, майлайсыз ж.б. Ал эми акыркы катардагы суроо маанисинин мүчөсү (-бы) өзүнөн мурда келүүчү грамматикалык каражаттарды эч ылгабайт, бардыгына тең жалгана берет. Өтүнүч маанисин берүүчү мүчө болсо (-чы), экинчи жактын көрсөткүчтөрүнөн кийин гана келет. Этиш сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби биротоло аныкталды деген ойдон алыспыз. Анткени, бул маселе кыргыз тил илиминде жаңыдан гана7 колго алынып, азырынча өзүнүн изилдөөчүсүн күтүп турат.

Сөз жасоо

Пикир алмашуу карым-катышындагы эң негизги тилдик бирдик – сөз. Сөздөрдүн бара-бара эскирип, унутулуп калаары, алардын маанилеринин өзгөрүп кетиши, маанилердин көбөйүп кетиши жана жаңы сөздөрдүн да пайда болушу тууралуу лексикологияда айтылган. Тилдин лексикалык корунун жаңы сөздөр менен улам толукталып байый бериш процесси башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөр жана тиешелүү морфологиялык көрүнүш, сөз жасоо процесси аркылуу ишке ашат.

Сөз жасоо тил илиминин өз алдынча бөлүмү катары да каралат. Өзбек лингвисттери, мисал үчүн, сөз жасоону лексикология, грамматика сыяктуу эле бөлүм8 деп кабыл алып грамматика жазышкан. Кыргыз тилинде сөз жасоо боюнча Ж. Шүкүров, Б.Ө. Орузбаева, С. Кудайбергеновдор атайын илим-изилдөө иштерин жүргүзүшүп, монографиялар жарыялашкан. Айрыкча академик Б.Ө. Орузбаева кыргыз тилиндеги сөз жасоо проблемаларын өтө терең изилдеп9, анын теориялык маселелерин, кыргыз тилиндеги сөздөрдүн жасалыш жолдорун ачып көрсөткөн. Бирок, азырынча кыргыз тилинде сөз жасоону тил илиминин өз алдынча бөлүмү катары бөлүп көрсөткөн окуу китеп али жарала элек. Дээрлик бардык окуу китептерде10, академиялык грамматикада11 да ал морфологиянын тутумунда каралып келет. Сөз жасоо чынында эле лексикология менен морфологиянын экөөнө тең тиешеси бар илим. Анын лексикологияга жакындыгы тилдеги лексикалык байлыкты иликтейт. Сөздөрдүн кантип жасалып, кайдан келип каларын, лексиканын толукталуу мыйзамдарын ачып көрсөтөт. Ал эми морфологияга жакындыгы сөздөрдүн жасалышында алардын тутумдук түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөрдү көрсөткөндүгүндө жатат. Сөздүн морфологиялык жол менен жасалышында да, синтаксистик жол менен жасалышында да анын тутумдук түзүлүшү иликтенбей калбайт. Ошентип, сөз жасоо тил илиминин өз алдынча бөлүмү болсо да морфологиянын сөздүн тутуму деген бөлүмү менен ажырагыс биримдикте каралат. Анткени, ар кандай сөздүн жасалышында грамматикалык каражат катары эсептелген курандылар да, бири-бири менен биригип бир сөз болгон уңгулар да сөздүн тутумундагы мүчөлөр (морфемалар) болуп саналат. Мына ушул жагдайлар бул окуу ктепте сөз жасоону тил илиминин морфология бөлүмүнүн тутумунда карап чагылдырууга мүмкүнчүлүк берди. Жандуу көрүнүш болуп эсептелген тилдин сөздүк корунда өзгөрүүлөр болуп, өнүгүү процесси тынымсыз жүрүп турат. Себеби, турмуш бир ордунда катып калып, бир калыпта болбойт. Адамзат ар качан алдыга, жакшы жашоого, дүйнөнү дагы да терең таанып билүүгө, дагы да терең өздөштүрүүгө умтула берет. Демек, жаратылыш сырларын улам жаңыдан тереңдете өздөштүрүүлөр ишке ашып, табияттын таанып билине элек купуя сырлары адам акылына туруштук бере албай тааныла, билине берет. Ал эми бул процесстер, ар бир жаңы ачылыштардын, жаңыдан таанылып билинген жаратылыш сырларынын тилибиздеги жаңыча аталыштары менен коштолуп жүрүп олтурат. Башкача айтканда, лексика толукталат. Албетте, лексика мамиле-катнашта болгон тилдерден даяр сөздөрдү кабыл алуу менен да толукталат. Бирок, мындай процесске карганда тилдин өзүнүн ички ресурстарынын эсебинен толукталуусу бир топ арбын жана мол болот. Тилдин өзүнүн ички табиятына ылайык жаңы сөздөр жаралат. Куранды мүчөлөр ишке кирет, эки же андан көп сөздөр бир маани жаратуу үчүн биригишет. Ошентип, морфологиялык процесс жүрөт. Сөз жасоо эки мааниде колдонулат. 1) тилдеги атайы каражаттар аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалышынын белгилүү мыйзам тартиби, эрежелери, жолдору; 2) жаңы сөздөрдүн пайда болушу тууралуу илим. Биз бул жерде сөз жасоонун алдагы биринчи маанисинде иш алып барабыз. Сөздүн жасалышы белгилүү деңгээлде грамматикалык кубулуш болуп саналат. Башкача айтканда, жаңы сөздүн пайда болушу үчүн тилдик бирдиктердин аракети, сөздөрдүн же сөз мүчөлөрүнүн (морфемалардын) бири-бири менен карым-катышка түшкөн аракеттеринин натыйжасы талап 18 www.bizdin.kg

кылынат. Жаңы маани берүү үчүн, жаңы маани жаратуу үчүн тыбыштык жаңы курам, мурдагылардан башкача сырткы турпат жаралыш керек да, алар ошол жаңы маани маңызын өзүнө сиңирип алыш керек. Ошентип, тил илиминде сөз жасоонун өзүнчө маанилери, типтери жана жолдору болот.

Сөз жасоо мааниси12

Сөз жасоо мааниси бир же бир нече туунду сөздү өз ичине камтып, алардын бардыгына бирдей таралат. Бул жагынан сөз жасоо мааниси сөз түркүмүнүн жалпы категориялык маанисине окшоп кетет. Бирок, аталган эки маанинин ортосунда орчундуу айырма бар. Сөз түркүмүнүн жалпы категориялык мааниси ошол түркүмгө кирген сөздөрдүн бүтүндөй бардыгына тиешелүү болсо, сөз жасоо мааниси ошол түркүмдөгү сөздөрдүн айрымдарына гана тиешелүү болот. Демек, сөз жасоо маанисинин таралуу чөйрөсү тар. Мисалы: агар-, көгөр-, карар-, жашар-, кыскар- деген атоочтон жасалган туунду этиштер «негиз аркылуу туюндурулган белгиге ээ болуу» деген маани боюнча өз ара жалпылыкты түзүп турат. Бул - аталган туундулардын сөз жасоо мааниси. Ушул маани аркылуу өздөрү жасалган ак, көк, кара, жаш, кыска сөздөрүнүн маанисинен айырмаланат. Бирок, бул маани этиш түркүмүндөгү бардык этиштерге милдеттүү түрдө тарала бербейт. Ошондуктан, муну жалпы категориялык маани деп кароого мүмкүн эмес, ал тек гана аталган туундуларды өз ичине камтып турат. Сөз жасоо мааниси сөздүн лексикалык маанисинен да айырмаланат. Сөздүн лексикалык мааниси ал сөздүн керт башына гана таандык болсо, сөз жасоо мааниси эки же андан көп туунду сөзгө таандык болот. Ошондой эле бирдей сөз жасоо маанисине ээ болгон сөздөр, адатта, бирдей сөз жасоо каражаттары менен да мүнөздөлөт. Мисалы: агар-, көгөр-, карар-, жашар-, кыскар- сөздөрүн жасоодо бир гана каражат 12 Тъмънк\ китеп боюнча жазылды: Абдувалиев И., Садыков Т. Азыркы кыргыз тили: морфология. Жогорку окуу жайлардын филология факультеттеринин студенттери \ч\н окуу китеп. -Бишкек, 1997. 22-6. 19

www.bizdin.kg

колдонулду. Ал - атоочтон этиш жасоочу -ар курандысы. Демек, сөз жасоо мааниси куранды мүчө аркылуу берилет, ал эми лексикалык маани бүтүндөй бир сөз аркылуу туюндурулат. Бул жогорудагы эки маанинин ортосундагы дагы бир айырмачылык.

Сөз жасоо тиби

«Сөз жасоо тиби дегенибиз – туунду сөздөрдүн айрымайрым топторго бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген формалдыксемантикалык түзүлүш схемасы (формуласы)» деп жазат С. Давлетов13. Бул деген бир типте жасалган сөздөрдүн негиздери бир түркүмдө болуп, бардыгынын курандысы бир эле куранды дегендик болуп саналат. Мисалы: сынык, чирик, жарык, жабык, бузук, өсүк деген сөздөрдүн уңгулары (сын-, чири-, жары-, жап-, буз-, өс-) бир түркүмдөгү сөздөр, бардыгы этиштер, ал эми булардан бир эле куранды мүчө (-ык) жаңы сөз жаратып жатат, натыйжада бул сөздөр бир эле лексикаграмматикалык жалпылыкта турат, башкача айтканда, жасалган сөздөрдүн бардыгы зат атоочтор. Демек, бул сөздөр - бир типте жасалган сөздөр. Дагы бир мисал келтирели: байла-, сүйлө-, сыйла-, ыйла- деген туунду сөздөр да сөз жасоонун бирдей тиби менен жасалган. Анткени, негиздери (боо, сөз, сый, ый) - зат атоочтор, бардыгында тең бир эле куранды (-ла) катышып турат, натыйжада жасалган жаңы сөздөрдүн бардыгы этиштер. Келтирилген мисалдарды С. Давлетов жазгандай кылып схемага келтирсек, төмөндөгүдөй болот. Биринчи мисал этиштик негиздер + куранды -ык = атооч сөздөр Экинчи мисал атооч негиздер + куранды -ла = этиш сөздөр Ошентип, сөз жасоонун тиби үчүн төмөнкүдөй жалпылыктардын болушу шарт: 1) жасала турган сөздөрдүн негиздеринин бирдей сөз түркүмүндө турушу;

13 Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980. 25-6.

20

www.bizdin.kg

2) негиз менен жаңыдан жасалган сөздүн ортосунда маанилик жалпылыктын болушу, башкача айтканда, жаңы сөздүн маанисинин негиз берген маани менен байланышып турушу; 3) жаңыдан жасалган сөздөрдөгү сөз жасоо маанисинин бирдей болушу; 4) жаңыдан жасалган сөздөрдү алардын негиздеринен айырмалоочу грамматикалык каражаттардын (курандылардын) бирдей болушу; 5) жаңыдан жасалган сөздөрдүн бирдей сөз түркүмүндө болушу. Мисалы: оймо, чийме, сүзмө, түймө, сайма, кырма деген сөздөрдүн жасалышы бир типте болду, анткени, буларда жогорудагы беш шарт сакталып турат. - бардыгынын негиздери(ой-, чий-, сүз-, түй-, сай-, кыр-) бирдей сөз түркүмүндө (этиш) турат; - жасалган сөздөрдүн мааниси негиздердин мааниси менен байланышат: ой- оймо, чий- чийме, сүз- сүзмө, түй- түймө, сай- сайма, кыр- кырма; - жасалган сөздөрдүн сөз жасоо мааниси бирдей - «негиздин маанисинин натыйжасы катары туюндурулган зат» деген маани бардыгына таандык; - жасалган сөздөрдү алардын негиздеринен -ма курандысы, бир эле каражат айырмалап турат, башкача айтканда, бул сөздөрдүн бардыгы бир куранды менен жасалган; - жаңыдан жасалган сөздөр бирдей сөз түркүмүндө турат, бардыгы – зат атоочтор.

Сөз жасоо жолдору

Кыргыз тилинде жаңыдан жасалган сөздөр бир топ арбын. Алардын ар кандай ыктар, амалдар менен жасалгандыгына карай өзүнчө бөтөнчөлүктөрү бар. Мисалы: малчы, басма, ачыткы, сына-, көбөй- деген сөздөр негизге куранды мүчөлөрдүн жалганышы менен жасалса, байке, таята, быйыл, аткулак, Каракол, Жаныбек деген сөздөр эки сөздүн кошулуп, 21

www.bizdin.kg

лексикалык бир маани билдириши аркылуу жасалган. Ошентип, сөздөрдүн жасалыш ыгындагы айырмачылыктарга карата кыргыз тилинде сөз жасоонун эки жолу болот: сөз жасоонун морфологиялык жолу жана сөз жасоонун синтаксистик жолу. Тил илиминде айтылып жүргөн сөз жасоонун лексикасемантикалык жолун С. Давлетов лексикалык маанилер алкагында карап, лексикологиянын обөектиси деп эсептейт14. Биз да ушул көз карашты колдоп, төмөндө сөз жасоонун аталган эки жолу тууралуу сөз кылабыз.

Сөз жасоонун морфологиялык жолу

Негизге куранды мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун морфологиялык жолу деп аталат. Мисалы: саанчы, илимпоз, энелик, түймө, тоют, тончон, ырда-, сана-, байы-, көбөй-, көнүк-, тамчыла-, тарсылда-, чыркыра- ж.б. сөздөр куранды мүчөлөрдүн (-чы, -поз, -лык, -ма, -ыт, -чан, -ла, -ай, -ык, -а, -ы, -чыла, -ылда, -ыра) жардамы аркылуу морфологиялык ык менен жасалды. Сөз жасоонун морфологиялык жолу менен жасалган туунду сөздөр кыргыз тилинде абдан көп. Морфологиялык жол менен сөз жасай турган курандылар да мол. Куранды мүчөлөр, алардын бөлүнүштөрү жана башка касиеттери жогоруда «курандылар» деген темада кеңири айтылды. Мына ошол курандылар аркылуу сөздөрдүн жасалышына мисалдар жана курандылардын маанилери төмөндө тиешелүу сөз түркүмдөрүндө кеңири айтылат.

Сөз жасоонун синтаксистик жолу

Эки же андан көп сөздөрдүн биригиши аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун синтаксистик жолу деп

14 Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Фрунзе, 1980. 26

27-б. 22

www.bizdin.kg

аталат. Мисалы: агайын, кайната, бүгүн, айбалта, кумшекер, ашказан, үй-жай, ата-бала, кыз-кыркын, курал-жарак, баш бак-, кол кой-, көз сал-, Сагыналы, Мукамбеткалый, Сатыбалды, Арчатору, Аккыя, Онбиржылга, Чатыркөл ж.б. сөздөр эки (үч) сөздүн биригип бир маани бериши аркылуу жасалган, башкача айтканда, сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалган. Кыргыз тилинде мындай ык менен жасалган сөздөр өтө көп. Мисалы, зат атоочтор: кыларкан, таяке, оозеки, жетата, көккытан, аткулак, бакажалбырак, ташкөмүр, бала-бакыра, ыйкы-тыйкы, күч-кубат, Сатыбалды, Токтобүбү, Турусбек, Ысыккөл, Шамалдысай, Чоңсарой, Акталаа ж.б. Сын атоочтор: боз ала, жээрде кашка, кызыл ала ж.б. Сан атоочтор: он бир, кырк сегиз, бир жүз отуз беш, алты миң сегиз жүз токсон төрт, экиден бир, үч-үчтөн, төрттөн бир, төрт-беш, жыйырма-отуз, бирин-серин ж.б. Ат атоочтор: кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч бир, ар ким, ар нерсе, алда ким, эмне кылып жатат? ж.б. Этиштер: ала кел-, бара бер-, келе бер-, байкай кой-, окуп чык-, тоюп ал-, ырдап кой-, капа бол-, көз сал-, тил ал-, кол кой-, жол чал-, тырп эт-, жарк эт-, чү де-, кош де-, жылт кой-, чөк түш- ж.б. Тактоочтор: ары-бери, бат-бат, бетме-бет, анча-мынча, эртели-кеч, анда-санда, алда кайда, ар дайым ж.б. Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр – татаал сөздөр. Ошондуктан, төмөндө татаал сөздөрдүн түрдүү касиеттерине, түрлөрүнө өзүнчө токтолобуз.

Татаал сөздөр

Татаал сөздөр жөнөкөй сөздөрдөн тутумдук түзүлүшү менен айырмаланат. Бирок, булар деле тутумунда эки же андан көп сөз болгонуна карабай лексикалык бир гана маанини билдирет. Демек, татаал сөздөр сүйлөмдө сүйлөмдүн бир эле мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Татаал сөздөрдүн айрым топтору жөнөкөй сөздөрдөн грамматикалык маанилери боюнча да айырмаланат. Мисалы: киши-кара, бала-чака, мал-сал, эгин-тегин деген сыяктуу татаал сөздөрдө дайыма көптүк сан мааниси кошо болот. Татаал сөздөрдүн грамматикалык жактан уюшулушу өтө ар түрдүү. Эки же андан көп компоненттерден тургандыктан алардын ортосунда бири-бирин байланыштырып турган синтаксистик байланыш бар. Ошондуктан, аларды грамматикалык жактан уюшулушу жана тутумдук түзүлүшү боюнча төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүп карайбыз: 1. Ыкташуу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр. Кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн басымдуу бөлүгү ушул ык менен уюшулган. Аларды биз тутумундагы сөздөрдүн (негиздердин) маанисине, мүнөзүнө жана түркүмдүк өзгөчөлүгүнө жараша андан ары дагы бөлүштүрөбүз: а) жалаң атоочтордун айкашынан турган татаал сөздөр: каржилик, таштүлөк, өнөржай, ашказан, бүгүн, чоңата, Соңкөл, Ылайталаа, Сарыжаз, Жоошбай, Алмагүл, Турганбай, илимий даража, айылдык кеңеш, беш айлык, эл аралык ж.б. б) атоочтор менен этиштердин айкашынан турган татаал сөздөр: кол сал-, жакшы көр-, жок кыл-, өч ал-, дем ал-, баш ий-, пайда бол-, баш бак- ж.б. в) чакчылдар менен байланышып уюшулган татаал сөздөр: бара бер-, жаза сал-, тура тур-, кийе кой-, окуп жибер-, кайтып кел-, байкай кой- ж.б. г) тактоочтор менен айкашып уюшулган татаал сөздөр: тез тез, ары бери, алда кайда ж.б. д) тууранды сөздөр менен байланышып уюшулган татаал сөздөр: тарс эт-, жылт эт-, чү де-, жылт кой- ж.б. 2. Таандык байланыш менен уюшулган татаал сөздөр: бирдин айы, бештин айы, шайлоо комиссиясы, төрөт үйү, окуу бөлүмү ж.б. 3. Башкаруу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр: жолго сал-, жандан кеч-, көзгө түш-, колго сал-, күнүн көр-, тилден кал-, жокко чыгар-, баш жаз-, жооп бер-, өкүттө кал- ж.б. 24 www.bizdin.kg

4. Тең байланыш аркылуу уюшулган татаал сөздөр. Мындай ык менен уюшулган татаал сөздөр да кыргыз тилинде бир топ арбын. Булар да өз ара бири-биринен айырмаланган топторго бөлүнөт: а) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани берип турган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: тоо-таш, курал-жарак, күч-кубат, азап-тозок, алыш-бериш, эрди-катын, кадыр-барк, ал-абал, кылык-жорук, ит-куш, курт-кумурска ж.б. б) түгөйлөрүнүн бири лексикалык маани бере албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: кыз-кыркын, китеп-митеп, бала-бакыра, эгин-тегин, кийим-кечек ж.б. в) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани бере албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: ыйкы-тыйкы, ыпыр-сыпыр, олку-солку, быт-чыт, үрөң-бараң ж.б. Тутумдук түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн үч түрү бар15. Алар: кош сөздөр, кошмок сөздөр жана кыскартылган сөздөр.

Кош сөздөр

Маанилик же уйкаштык жагынан жупташып келип бир гана лексикалык мааниге ээ болгон татаал сөздөр кош сөздөр деп аталат. Мисалы: күч-кубат, бала-чака, алдым-жуттут, алай-дүлөй, чымын-чиркей ж.б. Кош сөздөр түгөйлөрүнүн (компоненттеринин) берген маанилерине жараша өз ара топторго бөлүнөт. 1. Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло алган кош сөздөр: ата-эне, жер-суу, короо-короо, таңгак-таңгак, өйдө-төмөн, кайгы-капа, жан-жаныбар, соодасатык, кой-эчки ж.б. Кош сөздөрдүн бул тобун С. Давлетов андан ары дагы үчкө бөлгөн: а) Карама-каршы кош сөздөр. Түгөйлөрү өз ара карамакаршы мааниде болуп кош сөз жаралат: оң-терс, чоң-кичине, кары-жаш, улуу-кичүү, жакшы-жаман, асты-үстү, алдыарты, күн-түн, дос-душман.

б) Маанилеш кош сөздөр. Түгөйлөрү өз ара бири-бирине синоним маанилерде келип кош сөз жаралат: сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат, жарды-жалчы, кедей-кембагал, алдуукүчтүү, ачык-айкын. в) Түркүмдөш кош сөздөр. Түгөйлөрүнүн экөө тең бир текте же бир сөз түркүмүндө келип, кош сөз жаралат: алма-өрүк (экөө тең жемиш), идиш-аяк (экөө тең буюм), курт-кумурска, казан-аяк, чымын-чиркей, музоо-торпок, кой-козу, кулун-тай ж.б. 2. Түгөйлөрүнүн бири өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло албаган кош сөздөр: аке-жаке, айыл-апа, жорук-жосун, жаман-жуман, жыт-жыбыр, жоон-жолпу, будуң-чаң, оңойолтоң, кең-кесири, кийим-кечек ж.б. 3. Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло албаган кош сөздөр: оргу-баргы, уйгу-туйгу, үрүл-бүрүл, илең-салаң, кым-куут, бака-шака, акыр-чикир, быт-чыт ж.б. Кош сөздөрдү жалпы категориялык грамматикалык маанилерине карай да өзүнчө топторго бөлүштүрөбүз. 1. Жалпылап топтоштуруу маанилерин билдирген кош сөздөр: бала-бакыра, эли-журт, агайын-тууган, жер-суу, чымын-чиркей, азык-түлүк, ыпыр-сыпыр ж.б. 2. Болжолдоп чамалоо маанилерин билдирген кош сөздөр: беш-алты, бирин-серин, отуз-кырк, аз-маз, жарым-жарты ж.б. 3. Чектөө, жиктөө маанилерин билдирген кош сөздөр: алды-арты, алыс-жакын, ак-кара, тарам-тарам, узун-узун, бетме-бет, жекеме-жеке, теңме-тең ж.б. 4. Ойдун, процесстин кайталанышын, созулушун билдирген кош сөздөр: бара-бара, кайта-кайта, жыла-жыла, сылай-сылай, бырс-бырс, улам-улам, ыйлап-сыктап ж.б. 5. Күчөтүү, сапатты арттыруу маанилерин билдирген кош сөздөр: чоң-чоң, узун-узун, көп-көп, түрмөк-түрмөк, машинемашине ж.б. Кош сөздөр татаал сөздөрдүн башка түрлөрүнөн жазылышы боюнча араларына дефис (-) коюлуп жазылышы менен да айырмаланат. Булар жупташып бириккен татаал

Кошмок сөздөр

Тутумдашкан эки же андан көп сөздүн (негиздин) ортосундагы синтаксистик байланыш мааниси солгундап же жоголуп, алар биригип лексикалык бир гана мааниге ээ болуп калат. Мына ушундай татаал сөздөр кошмок сөздөр деп аталат. Мисалы: айбалта, аткулак, балчелек, колжазма, ишбилги, аккөңүл, ачкүсөн, көккытан, эчкемер, көзайнек, демалыш, чыпетме, атбагар, орунбасар, Мукамбеткалый, Тилебалды, Жетөгүз, Салкынтөр, Базаркоргон ж.б. Кошмок сөздөрдө тутумдарынын жекече тургандагы маанилери эске алына бербейт. Алар биригип бир маани берет. Бирок, кандайдыр деңгээлде кошмок сөздүн тутумундагы жөнөкөй сөздөрдүн мааниси менен кошмок сөз маанисинде байланыштын болушу мүмкүн. Кыргыз тилинде кошмок сөздөр өтө эле көп. Алардын уюшулуш, куралыш, түзүлүш өзгөчөлүктөрү да өтө ар түрдүү. Анткени, кошмок сөздөр дээрлик бардык сөз түркүмдөрүн камтып, бир тобу эки башка сөз түркүмүнө жата турган сөздөрдүн (негиздердин) биригишинен келип чыккан. Кошмок сөздөрдө экиден ашык лексикалык маанидеги сөздөр биригип, башка лексикалык маани жаратат да, башкача грамматикалык маанилердин жаралышына негиз болуп кызмат кылуу милдетин аткарат. Булардын мына ушундай татаал табияты кыргыз тил илиминде азырынча өз изилдөөчүсүн күтүп келет. Ошондуктан, биз кошмок сөздөрдү бул эмгегибизде тигиндей-мындай деп топторго бөлүштүргөн жокпуз. Кошмок сөздөрдүн бөлүнүшү боюнча Б. Ө. Орузбаеванын16 эмгегин кароону сунуш кылабыз. Кыргыз тилинде кошмок сөздөрдүн жазылышы да бир беткей эмес. Бир тобу бириктирилип жазылса, башкалары бөлөк-бөлөк жазылат. Чынында эле кулак сал-, дит бак-, кол кой-, ала кел-, таап ал- деген өңдүү этиштерди, кара сур, кызыл ала, кара күрөң, мала кызыл деген сыяктуу сын атоочторду, он беш, отуз сегиз, эки жүз элүү алты, эки жарым өңдүү сан атоочторду, кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч кандай сыяктуу ат атоочторду, ар дайым, ар убак, алда кайда, алда качан өңдүү тактоочторду, ойлоп табуучу, башкы командачы, пайдалуу кен, кенже лейтенант, маданий турмуш, Кыргыз улуттук университети, Бириккен улуттар уюму деген сыяктуу зат атоочторду бириктирип жазуу бир топ опурталдуу. Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясында кошмок сөздөрдүн көпчүлүгүн бириктирип жазуу сунуш кылынган17. Аткулак, аттиш, акмай, алакөөдөн, ачкөз, ачарбак, бакажалбырак, биртууган, бешилик, бозулан, баңгизат, жансоога, жибеккурт, желаргы, жетата, зымтор, ишөргүү, ишсапар, көзайнек, карөзгөй, көкжал, колжазма, кызкуумай, кырарка, канталамай, кумшекер, күнкарама, көзайнек, окчонтой, орунбасар, сүттикен, чегара, эрсайыш, эстутум, Карабулак, Кызкүйөө, Кудайберген, Семизбел, Таабалды, /чтерек, Чымкоргон сыяктуу кошмок сөздөр таята, таяке, чоңене, быйыл, бүгүн, көкмээ, оозеки, басмайыл, чүгой, төөматек, жанбаш деген кошмок сөздөрдөй эле биригип, лексикалашып, бир маани берип турат. Булардын бардыгы ушул турпаты менен жазылып, ар кандай сөздүктөрдө ар бири ушул турпаты менен өз-өзүнчө макала болуп келип, реестрге чыгып жазылууга укуктуу.

Кыскартылган сөздөр

Сөздөрдүн кыскартылып биригишинен жасалган татаал сөздөр кыскартылган сөздөр деп аталат. Мисалы: шаарком, профсоюз, КР, БУУ ж.б. Мындай сөздөр кыргыз тилинде анча көп эмес. Анткени, булар ойлоп табылып жасалган татаал сөздөр. Кыскартып жазуу сөздүн же сөздөрдүн кайсы муунунан, кайсы тамгасынан кыскартуу ыңгайына жараша жүрөт да, чыгармачылык менен ой жүгүртүүнү талап кылат. Кыргыз

тилинде азырынча мындай салт калыптана элек, көбүнчө башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөр менен кыскартылган сөздөр жаралат. Кыскартууларда, айрыкча муун же сөздүн тыбыштык башка бөлүктөрүнөн кыскартууларда грамматикалык бирдиктүү эреже иштелип чыга элек. Кыргыз тилинде сөздөр эки жол менен кыскартылып бириктирилип татаал сөздөр уюшулуп жүрөт. 1. Сөздөрдүн тутумундагы муундардан, морфемалардан кыскартып бириктирүү аркылуу уюшулуп кыскартылган сөздөр. Мисалы: боршайком (борбордук шайлоо комиссиясы), шайлооком (шайлоо комиссиясы), облсот (областтык сот), райборбор (райондун борбору), ЖоКе (Жогорку Кеңеш), райакимчилик (райондук акимчилик), ЖаМУ (Жалалабат мамлекеттик университети), БатМУ (Баткен мамлекеттик университети) ж.б. Кыскартылган сөздөрдүн жаралышындагы бул ыкма азыркы кыргыз тилинде анча өнүгө бербей келет. ХХ кылымда пайда болгон Кыргызмамбас, Кыргызокуупедмамбас сыяктуу сөздөр эскирип архаизмдерге айланып калды. 2. Баш тамгаларды бириктирүү аркылуу уюшулган кыскартылган сөздөр. Мисалы: БУУ (Бириккен улуттар уюму), КР (Кыргыз Республикасы), КУУ (Кыргыз улуттук университети), ИИМ (Ички иштер министрлиги), ТИМ (Тышкы иштер министрлиги), БГУ (Бишкек гуманитардык университети), ж.б. (жана башка), ж.б.у.с. (жана башка ушул сыяктуу), б.а. (башкача айтканда), б.э.ч. (биздин эрага чейин) ж.б. Баш тамгаларынан кыскартылган сөздөрдө татаал сөз болуп, анын эки уңгусунун тең баш тамгалары кыскартылса, экинчи уңгунун баш тамгасы кичине тамга менен жазылат. Мисалы: ЖаМУ (Жалалабат мамлекеттик университети) ж.б. Кыскартылган сөздөрдүн жаралышындагы бул ыкма азыркы кыргыз тилинде өз ордуна ээ болуп калыптанып баратат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!