Просмотр содержимого документа
«Тема: Трапеция.»
25.10.2021
8-а класс
Геометрия
Тема: Трапеция
Мугалим: Эркинбекова Г
Сабактын максаты:
а) Трапеция, тең капталдуу, тең жактуу трапеция жөнүндө түшүнүк алышат.
б) Турмуштан мисаларды келтирүү менен ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшөт.
в) Тырышчаактыкка, кол көтөрүп сүйлөөгө тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү
- Уюштуруу
- Жоктоо
- Эки топко бөлүү
Алтын эреже
Кол көтөрүп сүйлөө
Бири-бирин сыйлоо
Штаф
Активдүү катышуу
Мугалимдин сөзүн уга билүү
Өтүлгөн теманы кайталоо
Төрт бурчтуктун канча түрүн окуп үйрөндүк?
Тапкан тапалак...
Менин капталдарым бирдей жана параллель болсо да, бирок мен кайгырам себеби, менин диагоналдарым бирдей эмес жана алар бурчтарымды экиге бөлбөйт.
Жообу: Параллелограмм
Тапкан тапалак...
Силер аны көптөн бери билесинер, анын ар бир бурчу жана төрт тарабы бирдей, эң жөнөкөй фигура, ал кандай фигура?
Жообу: Квадрат
Тапкан тапалак...
Менин диагоналдарым барабар, классыңардын ар бир эмеректеринде мени көрөсүңөр, ошондо мен киммин?
Жообу: Тик бурчтук
Тапкан тапалак...
Мени көп деле кездештирбейсиңер, менин жактарым барабар, эжекеңер мени бир нерсеге окшоштуруп жаттап калгыла деген, мени таптыңарбы?
Жообу: Ромб
Тема:
Трапеция
Трапеция - «трапезиум» бул грек тилинен келип чыккан.
«Трапеза» – стол деген сөздү түшүндүрөт. Байыркы грек окумуштуусу математик Посидониянын эмгектеринде кездешкен.
.
Эки жагы гана параллель болгон томпок төрт бурчтук трапеция деп аталат.
негизи
каптал жагы
каптал жагы
D
C
негизи
А
B
ABCD -трапеция
Мында, AB||DC болгондуктан,
AB,DC- негиздери,
AD,BC- каптал жактары
Трапециянын чокусунан негизине түшүрүлгөн перпендикуляр анын бийиктиги деп аталат.
DKAB болгондуктан,
DK -бийиктиги
Трапециянын түрлөрү
Тик бурчтуу трапеция
Тең капталдуу трапеция
Эгерде трапециянын бир бурчу 90°ка барабар болсо, анда ал тик бурчтуу трапеция деп аталат.
Эгерде трапециянын каптал жактары барабар болсо, анда ал тең капталдуу трапеция деп аталат.
Каптал жактарынын тең ортолорун туташтыруучу кесинди трапециянын орто сызыгы деп аталат.
Свойство средней линии трапеции
Трапециянын орто сызыгы- негиздеринин суммасынын жарымына барабар.
°
Трапециянын бурчтары
B
C
A
D
ABCD -трапеция, мында AB||CD болгондуктан
° жана °
№ 1
Трапециянын параллелограммдан кандай айырмасы бар?
1. Орто сызыгы
2. Трапецияда эки гана жагы параллель болот.
3. Диагоналдары кесилишпейт.
№ 2
ABCD трапециясы берилген. BC жагынын узундугу 22 дм, ал эми AD жагынын узундугу 26дм болсо, трапециянын орто сызыгын тапкыла.
ABCD трапециясы берилген. BC жагынын узундугу 10см, ал эми AD жагынын узундугу 12дм болсо, трапециянын орто сызыгын тапкыла.
Сабакты бышыктоо:
- Трапеция деп эмнени айтабыз?
- Турмуштан мисал келтиргиле.
- Трапеция канчага бөлүнөт?
- Трапециянын элементтери кайсылар?
- Орто сызыгы эмнеге барабар?
Үйгө тапшырма:
Аныктамаларды жаттоо.
№ 4, №6
Баалоо
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!