Просмотр содержимого документа
«Тест 8-класс биология»
8-класс 3-чейрек.
1.Кайсы гормон жүрөк булчуңдарынын жыйрылышын тездетет?
А) инсулин Б) тироксин В) адреналин Г) пепсин.
2.Жүрөк булчуңунун автоматиясы эмнеге көз каранды?
А) борбордон кеткен нейрондордон Б) борборго умтулуучу нейрондордон В) нерв системасынан Г) жүрөк клеткаларындагы пайда болгон дүүлүгүдөн.
3.Жүрөктүн өзүн-өзү жөнгө салуусунун далили болуп?
А) физикалык жумуштан кийинки өлчөнгөн пульстун жыштыгы. Б) физикалык жумуштан чейин өлчөнгөн пульстун жыштыгы. Б) физикалык жумуштан кийин өлчөнгөн пульстун баштапкы абалга келүү ылдамдыгы. Г) эки кишинин физикалык белгилерин салыштыруу.
4. Үч айчык клапандын толук жабылбай калышы кандын кайра А) оң дүлөйчөгө. Б) сол дүлөйчөгө В) аортага. Г) өпкө венасына агып кетишине алып келет.
5.Кан басымынын жогорку баскычын жөнгө салуучу борбор кайда жайгашкан?
А) сүйрү мээде Б) кан тамырлардын керегелеринде В) жүлүндө Г) мээнин чоң жарты шарларында
5.Интенсивдүү кара күч эмгегинен кийин жүрөктүн булчуңдарынын кычкылтек менен камсыз болушу кандай ишке ашырылат?
А) коронардык тамырлардын кеңейиши аркылуу. Б) жүрөктөн чыккан кандын көлөмүнүн азайышы В) коронардык тамырлардын тарышы аркылуу Г) кара күч жумушунун азайышы менен.
6.Кайсы кан тамырлар кан жоготуудан кийин тарыбайт?
А) ашказандын жана боордун Б) бөйрөктөрдүн В) скелет булчуңунун жана теринин Г) мээнин жана жүрөктүн коронардык тамырларынын
7.Өпкө плеврасын кайсыл ткань түзөт?
А) булчуң тканы Б) эпителий тканы В) тутумдаштыргыч ткань Г) нерв тканы.
8. Плевранын катмарларынын арасында эмне бар?
А) суюктук Б) мезодерма В) борпоң зат Г) боштук.
9.Мурун көңдөйүнүн кызматтарынын бири?
А) микроорганизмдерди кармап калуу Б) канды кычкылтек менен байытуу. В) абаны муздатуу. Г) абаны кургатуу.
10. Дем алуу процессинде …….
А) органикалык заттардан энергия бошойт. Б) энергия сиңирилет В) органикалык заттар синтезделет. Г) органикалык заттар мономерлерге чейин ажырайт.
11. Кан менен атмосфералык абанын ортосундагы газ алмашуу кайсыл жерде жүрөт.
А) өпкө исиркектеринде Б) колкодо. В) ткандарда Г) плевралык көңдөйдө.
12. Ткандардагы газ алмашуунун себеби болуп…….
А) кандагы жана ткандардагы гемоглобиндин санынын айырмачылыгы. Б)кандагы жана ткандардагы кычыкылтек менен көмүр кычыл газынын концентрациясынын айырмачылыгы. В) кыкылтектин жана көмүр кычкыл газынын газынын бир чөйрөдөн экинчи бир чөйрөгө өтүү ылдамдыгынын айырмачылыгы. Г) өпкөдөгү жанаплевралык көңдөйдөгү абанын басымынын айырмачылыгы эсептелет.
13.Дем алуунун бузулушу кайсыл мээнин кызматынын бузулушу менен байланыштуу?
А) каракуштун Б) чоң жарты шарлардын В) көпүрөчөнүн В) сүйрү мээнин.
14.Адамдын тамак сиңирүү борбору кайсы мээде жайгашкан?
А) жүлүндө Б) баш мээде В) каракушта Г) ортоңку мээде Д) сүйрү мээде.
15.Тамак ашты эритүүчү ферменттер……
А) заттардын ажыроо процессин ылдамдатат Б) тамак сиңирүү процессин жайлатат. В) организмдин ички чөйрөсүн өзгөртөт Г) тамак сиңирүүгө таасир этпейт.