Тест. Биология. 6- класс
1. Белгилүү аймактагы өсүмдүктөрдүн жыйындысы эмнени түзөт?
А) флораны Б) фауна В) бентосту Г) фитонду
2. Клетка өсүмдүктүн түзүлүш бирдиги, себеби...
А ) бардык органдары клеткадан түзүлөт Б) клеткалары тамактанат, болунөт
В) клеткада азык заттар болот Г) клетка сыртынан кабык менен капталган
3. Кайсыл өсүмдүктөрдө негизги тамыр жакшы өрчүгөн?
А) мохтордо Б) бир үлүштүүлөрдө В) эки үлүштүүлөрдө Г) балырларда
4. Картошка түймөгу түрү өзгөрүлгөн кайсыл орган?
А) тамыр Б) жалбырак В) сабак Г) гул
5. Дарак өсүмдүктөрүнүн сабагынын ички түзүлүшү кандай?
А) камбий катмары жок Б) була катмары жок
В) пробка, була, камбий, сөңгөк, өзөк В) сөңгөк, өзөк
6. Кайсыл ткань аркылуу өсумдук жооноёт же туурасынан өсөт?
А) була Б) камбий В) кабык Г) сөңгөк
7. Жалбырактын кызматын белгиле?
А) сууну буулантуу Б) температураны жөнгө салуу, СО2 сиңирүү
В) фотосинтез, газ алмашуу, терморегуляция, органикалык заттарды топтоо
Г) О2 бөлүп чыгаруу
8. Кактустун ийнелери түрү өзгөрулгон кайсыл орган?
А) сабактын өсүндулөрү Б) жалбырак В) сабак Г) тамыр
9. Гүл кандай орган?
А) вегетативдик орган Б) репродуктивдик орган В) генеративдик орган
10. Гүл коргону жөнөкөй өсүмдуктөрду атагыла?
А) алча Б) буурчак В) картошка Г) кызылча
11. Мөмө эмнеден өрчүйт?
А) чаңчадан Б) таажычадан В) мөмөлуктөн Г) гүл коргонунан
12. Уруктангандан кийин, урук бүчүрүнөн эмне пайда болот?
А) зигота Б) урук В) гул Г) түйүлдүк
13. Эки үлүштүү өсүмдуктөрдүн азык заттары кайсыл жеринде топтолот?
А) тамырчасында Б) түйүлдүгүндө В) урук үлүшүндө
14.Буудайдын гүлү кандай чаңдашат?
А) шамал аркылуу Б) курт-кумурскалар аркылуу
В) чаңдашпайт Г) өзү менен өзу чаңдашат
15) Хломидомонаданын кайсыл оргоноидинде хлорофил бар?
А) хромотофорлордо Б) кызыл көзчөсүндө
В) жыйрылуучу вакуолунда Г) шапалакчасында
Биология 6 -класс
Туура жообу:
-
А
-
А
-
Б
-
В
-
В
-
Б
-
В
-
Б
-
Б
-
Г
-
В
-
Б
-
В
-
Г
-
А
Тест. Биология. 7-класс
1. Белгилүү аймактагы жаныбарлардын жыйындысы эмнени түзөт?
А) флораны Б) фауна В) бентосту Г) фитонду
2. Жөнөкөйлүүлөр кайсыл чөйрөдө кеңири тараган?
А) абада Б) сууда В) карда Г) топуракта
3. Амёба кантип кыймылдайт?
А) кирпикчелери менен Б) шапалакчасы менен В) жалган буттары менен
4. Амёбанын жашоосунда циста кандай ролду аткарат?
А) тамактануу Б) зат алмашуу В) көбөйүү Г)коргонуу
5. Жашыл эвгленанын кайсыл өзгөчөлүгү өсүмдүк менен окшоштугун көрсөтүп турат?
А) фотосинтездин жүрушү Б) дем алышы В) көбөйүшү Г) чөйрөсү
6. Ичеги көңдөйлүүлөр тамактын калдыктарын кайеринен бөлүп чыгарып турат?
А) порошица Б) ооз В) анус Г) жылчыкчасы
7. Адамдын аскаридасы, адамдын кайсыл органында жашап мителик кылат?
А) оозунда Б) карынында В) боордо Г) ичегисинде
8. Сөөлжаан эмне менен тамактанат?
А) жаныбарлардын калдыктары менен Б)өсүмдүктөрдүн чириген калдыгы менен
В) курт-кумурскалар менен Г) өсүмдүктүн органы менен
9. Дарыя рагы кайсыл типтеги жаныбарлар?
А) муунак буттуулар тиби Б) хордалуулар тиби
В) моллюскалар тиби Г) жалпак курттар тиби
10. Хорда эмне кызматты аткарат?
А) тамак сиңирүү кызматын аткарат Б) скелеттин кызматын аткарат
В) көбөйүү кызматын аткарат В) дүүлүгүүнүн
11. Көнөк баштан кайсыл жаныбар өсүп жетилет?
А) балык Б) жылан В) бакка Г) куш
12. Кайсыл канаттуу учууга жөндөмсүз же уча албайт?
А) пингвин Б) өрдөк В) үкү Г) карга
13. Канаттуулардын бөлүп чыгаруучу органы эмне деп аталат?
А) жүрөк Б) Клоака В) териси Г) оозу
14. Азыркы кездеги эң чоң сут эмүүчү кайсы?
А) морж Б) көк кит В) пил Г) аюу
15.Аталган сүт эмүүсүлөрдүн кайсынысы, балдарын курсак жагындагы баштыгында чоңойтот?
А) ехидна Б) сүлөөсүн В) морж Г) коала
Биология 7-класс
Туура жообу:
-
Б
-
Б
-
В
-
Г
-
А
-
Б
-
Г
-
Б
-
А
-
Б
-
В
-
А
-
Б
-
Б
-
Г
Тест. Биология. 8-класс
1.Уйку бези болуп чыгарган гормон эмне деп аталат ?
А) кортикоид Б) адреналин В) инсулин Г) тироксин
2. Адамдын тамак синируу борбору кайсы мээде жайгашкан?
А) жүлүндө Б) баш мээде В) каракушта Г) сүйрү мээде
3. Гипофиз – бул
А) нерв борбору Б) сырткы секреция бези
В) сезүү органы Г) ички секреция бези
4. Рецепторлор кандай касиетке ээ?
А) дүүлүгүүнү кабыл алат Б) импульстарды өткөрөт
В) импульстар бир нейрондон экинчи нейронго өткөрүлөт
Г) сезүү органдардын ишин башкарат
5. Адамдын бутунун жиликтери кайсы?
А) күң жиликтер Б) кашка, жото, балдак жиликтер
В) кар жиликтер Г) укурук жиликтер
6. Тромбоциттердин негизги кызматы
А) газдарды ташуу Б) кандын уюшуна жардам берет
В) катуу заттарды синтездейт Г) иммунитетти пайда кылат
7. Кичине кан айлануу системасы жүрөктүн кайсы болугунон башталат?
А) оң карынчадан Б) сол карынчадан В) оң дүлөйчөдөн Г) сол дүлөйчөдөн
8. Адамдын мээсинин салмагы канча?
А) 750-900 Б) 950-1000 В) 1000-1100 Г) 1300-1500
9. Түш көрүү .... учурда жүрөт?
А) жай уйку учурунда Б) тез уйку учурунда
В) уйкунун бардык учурунда Г) маанилүү окуя болгон күнү
10. Борбордук нерв системасы ..... түзүлгон?
А) нервдерден жана нерв түйүндөрүнөн Б) баш мээден жана мээнин нервдеринен
В) жүлүндөн жана мээнин нервдеринен Г) баш мээден жана жүлүндөн
11. Кан айлануу деген эмне?
А) кандын жүрөктөн чыгышы Б) кандын жүрөккө келиши
В) кандын тамырлар аркылуу агышы Г) кандын бөйрөккө барышы
12. Адамда газ алмашуу процесси каерде жүрөт?
А) колколордо Б) кокодо В)кекиртекте Г) өпкөдө
13. Азык заттардын акырына чейин ажыроо жана сиңүү процесси кайсы жерде жүрөт?
А) ашказанда Б) ооз көңдөйүндө В)жоон ичегиде Г) ичке ичегиде
14. Кайсы гормон жүрөк булчунунун жыйрылышын тездетет?
А) инсулин Б) тироксин В) адреналин Г) пепсин
15. Кандын уюшу үчүн зарыл болгон элемент
А) темир Б) йод В) кальций Г) калий
Биология. 8-класс
Туура жообу:
-
В
-
Г
-
Г
-
А
-
Б
-
Б
-
А
-
Г
-
Б
-
Г
-
В
-
Г
-
Г
-
В
-
В
Тест. Биология. 9-класс
1. Ядро кандай кызматты аткарат?
А) АТФ ти синтездейт Б) белокту синтездейт
В) трофикалык Г) генетикалык маалыматты алып жүрөт
2. Клетканын митоздук бөлүнүүсүнүн канча фазасы бар?
А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4
3. Мейоз бүткөндөн кийин жыныс клеткаларындагы хромосомалардын саны канча?
А) хромосомалардын саны эки эсе азаят Б) мурунку саны сакталат
В) үч эсе азаят Г) төрт эсе азаят
4. ДНК тизмегинин ( А-Г-Т-Ц-Г-Т-) фрагментине комплементтүү тизмекти тандагыла.
А) Т-Ц-А-Г-Ц-А- Б) А-Т-Г-Ц-Г-А- В) Т-Ц-Ц-А- Г) А-Г-Т-Ц-Т-
5. Клеткадагы энергия булагы ...
А) АДФ Б) АТФ В)ДНК Г) РНК
6. Май клеткалары организмде эмне кызматты аткарат?
А) көбөйүү Б) өрчүү В) коргоо Г) дем алуу
7. Тукум куучу маалыматты алып жүрүчү зат?
А) ДНК Б) углеводдор В) майлор Г) АТФ
8. Генотип деген эмне?
А) сырткы тукум куубай турган белгилердин жыйындысы
Б) организмдин тукум куучулук белгилеринин жыйындысы
В) карама каршы гендер
Г) аллелдуу гендер
9. Фенотип деген эмне?
А) сырткы тукум куубай турган белгилердин жыйындысы
Б) организмдин тукум куучулук белгилеринин жыйындысы
В) карама каршы гендер
Г) аллелдуу гендер
10.Рецессивдүү гомозиготалуу генотип.
А) Вв Б) вв В)ВВ Г) СС
11.“Сорт” деген эмне?
А) бир турлуу үй жаныбарларынын жасалма жол менен тузулгон жыйындысы
Б) бир турдуу маданий осумдуктордун жасалма жол менен тузулгон жыйындысы
В) козу карындардын турлорунун жыйындысы
Г) жаныбарлар турлорунун жыйындысы
12. Генетика илими эмнени изилдейт?
А) тукум куучулук жана өзгөргүчтүктү
Б) жаныбарлардын түрлөрүн
В) өсүмдүктордүн жашоо тиричилигин
Г) организмдер ортосундагы күрөштү
13. Түрлөргө бай болгон биоценозду белгилегиле:
А) чөл Б) түндүк уюл
В) бийик тоолуу аймак Г) нымдуу токой, тузсуз көлмөлөр
14. РНК-да тиминдин ордун кайсыл азоттук негиз ээлейт?
А) аденин Б) гуанин В) урацил Г) цитозин
15. Кайсыл углевод ДНК-нын составына кирет?
А) рибоза Б) дезоксирибоза В) фруктоза Г) крахмал
Биология 9-класс
Туура жообу:
-
Г
-
Г
-
А
-
А
-
Б
-
В
-
А
-
Б
-
А
-
Б
-
Б
-
А
-
Г
-
В
-
Б
Биология сабагынан тест. 10-класс
1.Жаныбар клеткасынан өсүмдүк клеткасы кайсы органелласы менен айырмаланат?
А) эндоплазмалык торчо Б) митохондрия В) рибосомалар Г) пластиддер
2. Кайсы пластидалар өсүмдүктөрдүн гүлүнө, мөмөсүнө кызыл, сары түстү берет?
А) хлоропласттар Б) лейкопласттар
В) хромопласттар Г) бардык пластидалар
3. Ядро мембранасы канча катмарлуу?
А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4
4. Ядро кандай кызматты аткарат?
А) АТФ ти синтездейт Б) белокту синтездейт
В) трофикалык Г) генетикалык
5. Тукум куучу маалыматтарды ташып жүрүүчү бул .....
А) белок Б) ДНК В) РНК Г) АТФ
6. ДНК тизмегинин ( А-Г-Т-Ц-Г-Т-) фрагментине комплементтүү тизмекти тандагыла.
А) Т-Ц-А-Г-Ц-А- Б) А-Т-Г-Ц-Г-А- В) Т-Ц-Ц-А- Г) А-Г-Т-Ц-Т-
7. Клетканын митоздук бөлүнүүсүнүн канча фазасы бар?
А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4
8. Бир катмарлуу түйүлдүк эмне деп аталат?
А) нейрула Б) бластула В) гаструла Г) нейрогаструла
9. Гибридологиялык ыкма ким тарабынан иштелип чыккан?
А) Мендель Б) Морган В) Вавилов Г) Мичурин
10. Гендик мутация кайсы?
А) хромосомадагы сапаттуу, үзгүлтүктүү өзгөрүү
Б) геномдун сапаттуу өзгөрүүсү
В) ДНК нын бөлүкчөлөрүнүн жоголушу же өзгөрүүсү
Г) белгилердин үзгүлтүксүз өзгөрүүсү
11. Генотип деген эмне?
А) сырткы тукум куубай турган белгилердин жыйындысы
Б) организмдин тукум куучулук белгилеринин жыйындысы
В) карама каршы гендер
Г) аллелдуу гендер
12. Фенотип деген эмне?
А) сырткы тукум куубай турган белгилердин жыйындысы
Б) организмдин тукум куучулук белгилеринин жыйындысы
В) карама каршы гендер
Г) аллелдуу гендер
13.Клеткадагы энергия булагы ...
А) АТФ Б) АДФ В)ДНК Г) РНК
14. Май клеткалары организмде эмне кызматты аткарат?
А) көбөйүү Б) өрчүү В) коргоо Г) дем алуу
15. Тукум куучу маалыматты алып жүрүчү зат?
А) ДНК
Б) углеводдор
В) майлор
Г) АТФ
Биология 10-класс
Туура жообу:
-
Г
-
В
-
Б
-
Г
-
Б
-
А
-
Г
-
Б
-
А
-
В
-
Б
-
А
-
А
-
В
-
А
Биология сабагынан тест 11-класс
1. Жасалма тандоо ким аркылуу жүргүзүлөт?
А) табияттын шарты Б) жаныбарлар В) адам Г) өсүмдүк
2. Эволюциянын натыйжасы ....
А) түрлөрдүн көп түрдүүлүгү Б) генетикалык
В) табигый тандалуу Г) тукум куучулук
3. Организмдердин айлана-чөйрөгө ынгайланышы эмнеден келип чыгат?
А) жасалма тандоодон Б) табигый тандоодон
В) өзгөргүчтүктөн Г) тукум куучулуктан
4. Байыркы мезгилде кайсы организмдер жаныбарлардын пайда болушуна шарт түзгөн?
А) көк жашыл жана жашыл балырлар Б) споралуу өсүмдүктөр
В) гүлдүү өсүмдүктөр Г) бактериялар
5. Адамдын келип чыгышындагы социалдык факторлордун бири
А) табигый тандоо Б) өзгөргүчтүк В) эмгек Г) жашоо үчүн күрөш
6. Абиотикалык фактор – бул .....
А) жансыз нерсенин жандууга тийгизген таасири Б) адамдын саздарды кургатышы
В) адамдын токойду жок кылуусу Г) жырткычтык
7. Биотикалык фактор – бул .....
А) жансыз нерсенин жандууга тийгизген таасири Б) адамдын саздарды кургатышы
В) адамдын токойду жок кылуусу Г) жырткычтык кылуу
8. Төмөнкү организмдердин кайсынысы топуракта органикалык заттарды минералдаштырууга катышат?
А) сөөлжандар Б) бактериялар В) топурак кенеси
9. Алгачкы акыл эстүү адам уруусу бул ......
А) автралопитек Б) неандерталец В) кроманьонец Г) питекантроп
10. Адамдын адам сымал маймылдардан айырмасы:
А) тырмактары бар Б) алакандарында түктөрдүн жок болушу
В) бетинде түктөрдүн жок болушу Г) эки буту менен түз баса алат
11. Омурткалуу жаныбарлар өрчүүнүн кайсы этабында бири-бирине окшош болушат?
А) түйүлдүктүн өрчүүсүнүн эн алгачкы этабында
Б) түйулдүктүн өрчүүсүнүн акыркы этабында
В) постэмбриондук, түйүлдүктүн өрчүшү бүткөндөн кийинки өрчүү мезгилинде
Г) жетилүү мезгилинде
12. Антропогендик фактор – бул....
А) жансыз нерсенин жандууга тийгизген таасири Б) өсүмдүктөрдүн өсүшү
В) адамдын токойду жок кылуусу Г) жырткычтык кылуу
13. Экология термин эмнени түшүндүрөт?
А) “үй же жашаган жери” Б) өсүмдүк В) жаныбар г) адам
14. Илимге экология деген түшүнүктү ким киргизген?
А) А.Тесли 1935-ж. Б) Э.Геккель 1886-ж. В)Э.Ле Руа 1927-ж
15. Биосфера деген эмне?
А) өсүмдүктөрдүн өсүшү
Б) жалпы тиричиликтин чел кабыгы
В) жаныбарлардын көбөйүшү
Г) бактериялардын жашоосу
Биология 11-класс
Туура жообу:
-
В
-
А
-
Б
-
Г
-
В
-
А
-
Г
-
А
-
В
-
Г
-
А
-
В
-
А
-
Б
-
Б