Кыргыз тили тестирлөө 10-класс
1.Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
А) турмуштук,кубаныштуу
Б)туңгуюк,укмуштуу
В)кубанычтуу,тунгуюк
Г)уштоо,өкүнүштүү
2.”Кир”деген сөзгө кайсы варианттагы мүчөнү уласак ,тууранды сөздөн кийин кыймыл-аракетти билдирген сөз келип чыгат?
А)-ди
Б)-де
В)-гиле
Г)-илде
3.Кайсы варианттагы белгиленген сөз адамды билдирип турат?
А)Кайгысызга уйку таттуу.
Б)Кежир бала күйүнтөт.
В)Зээндүү бала сүйүнтөт.
Г) Жаман үйдү коногу бийлейт.
4)Төмөндөгү сөздөрдүн уңгуларын тап: мунун,мында
А)бул,бул
Б)бул,мына
В)мына,мына
Г)мен,мына
5)Кайсы варианттагы асты сызылган сөз кыймыл-аракеттин болуп өткөндүгүн билдирди?
А)Бул окуя тээ илгери болгон эле
Б)Бу турган Чүйдөн эле эмес,тээ Баткенден бери жол карытып келишиптир.
В)Ал эле дейсиңерби,андан ар жагын уксаңар ,оозуңар ачылат?
Г)Ал акчаны тим эле кой,муктаж болгон бирөөнө берип койсоң да болот.
6)Асты сызылган сөз тизмегинин кызматын аныкта.
Акыл бул маселени жең ичинен сүйлөшүп бүтүрдү.
А)биргелешип
Б)тымызын
В)акылдашып
Г)абайлап
7)Төмөнкү сүйлөмдөрдүн кайсынысында элес тууранды сөз колдонулду?
А)Жалгыз арабакеч тоо жаңырта ырдап келе жатты.
Б)Эшик тарс ачылганда,селт этип кетти.
В)Ою терең адам коргошундай оор болот экен.
Г)Бүркүт да табына келип,тим эле колдон куюлган суудай болуп турган учуру.
8)Кайсы варианттагы сөз айкашы ыкташуу жолу аркылуу жасалды?
А)дептерге жазуу
Б)дептер тыш
В)кооз сөйкө
Г)айлана кооз
9)Кызуу...
Жогорудагы берилген сөз кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы менен туура айкашат?
А)аңгеме,тамаша,күлкү
Б)сөз,кино,китеп
В)кеп,оюн,талкуу
Г)адам,отуруш,чыгарма
10.Кайсы вариантта шартташ сүйлөм берилген?
А)Эч кимден эч нерсе күтпө – кайгырбайсың.
Б)Ал ишенчээк болчу-алданып калды.
В)Көпкө чейин таарынды-акыры кечирди.
Г)Канча аракет кылба – көңүлдөгү такты жууп кетире албайсың.
11.Алды сызылган сөздөрдүн кайсылары сүйлөмгө мүчө боло албайт?
А)Азиз,Айперинин жолдошу,Жети-Өгүзгө иштеп кетиптир.
Б)Азиз,Айпери, Жети-Өгүздө иштеп келгениңер жакшы болду.
В) Азиз,Айпери-экөө Жети-Өгүзгө бармак болушкан
Г)Азиз,Айпери Жети-Өгүздөн келишти.
12.Сүйлөмдөгү кайсы сөздөн кийин үтүр коюлушу керек?
Бермет эже мектебибиздин мүдүрү эл агартуунун мыктысы болуптур.
А)Бермет,мүдүрү
Б)эже,мүдүрү
В)эже
Г)мүдүрү
13. Асты сызылган сөздөрдүн кайсынысы себепти билдирип турат?
А)Ал жайлоодон бүгүн келиптир.
Б)Айылга эс алганы келдим эле.
В)Жалкоолуктан жашоосу начарлады.
Г)Жокчулуктан кыйналгандар нааразычылыкка чыгышты.
14.Кайсы вариантта сүйлөмдө асты сызылган сөз баш мүчөнүн милдетин аткарат?
А)Ал жерге барба.
Б)Ал кыз колунан көөрү төгүлгөн уз экен.
В)Алар бүгун жолго чыгышмак.
Г)Алардын тилегени эле – тынчтык.
15. Кайсы варианттагы сүйлөмдө сызыкча туура коюлган?
А)Бурулдун корккону -жакырчылык.
Б)Анын кол жазмасы -абдан сулуу.
В)Апасынын тилеги уулунун-ийгилиги.
Г)Анын- таянган тоосу ушул.
16. Кыймыл -аракет багытталган затты тап.
Шартың барда, колунда жокторго жардам берип тур.
А)шартың барда
Б)колунда жокторго
В)жардам
Г)берип тур
17.Кол.
Жогорудагы сөзгө кайсы мүчөнү уласак,этиш жасалат?
А)-до
Б)-ду
В)-го
Г)-дор
18.Кайсы сүйлөмдө -лар мүчөсү туура эмес колдонулган?
А)Алибек китептерин,дептерлерин,калемдерин даярдады.
Б)Алибек китеп ,дептер,калемдерин даярдады.
В)Алибек июлдарда атасыныкына жүрүп келет.
Г)Алибек бардык элердин тарыхына кызыгат.
19.Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык ката бар?
А)Жамгырлуу кечте китеп окуп отурду.
Б)Ата-энеңин ыраазычылыгын ал.
В)Үстөлдүн бутун тебип алып,бутун оорутуп алды.
Г)Бул калпак атамкы.
20.Кайсы катардагы сөздөргө мүчө уланганда ,уңгүлары өзгөрүп кеткен?
А)байы ,кеми,агар.
Б)узар,дайны,укта
В)сүйлөш ,улант,көгөр
Г)демде,мойнум,саргар
21. Катардагы сөздөрдөн катыштык сын атооч сөздү тап
А)тоолуу,алтындай,эң бийик
Б)сулуураак,узунураак,улуураак
В)чачтуу,жазгы,окуучулук
Г)көпкөк ,кызгылтым,саргыч.
22.Сүйлөмдөгү алды сызылган сөз кыймыл-аракеттин эмнесин билдирди?
Ал илгерирээк басты.
А)сыпатын
Б)мезгилин
В)ордун
Г)өлчөмүн
23. Кайсы варианттагы сүйлөмдүн белгиленген бөлүгү экинчи бөлүгүнө багынып турат?
А)Калп айтпа,калп ырыс кесет.
Б)Анын окубаган китеби калган жок,аябай китепкөй.
В)Бөбөгүңдү ойноткончо ,өзүң да таза абадан дем алып келчи.
Г)Баатыр элдин ырысы эмеспи,ал эми жамгыр-жердин ырысы.
24. Асты сызылган сөздөн кийин кайсы тыныш белги коюлат?
Чөп чабылбай жатат курулуш иштери да токтоп турат?
А) үтүр
Б)сызыкча
В) үтүрлүү чекит
Г)кош чекит
25.Сүйлөмдү кайсы сөз менен толуктасак,мааниси туура болот?
Барга топук кылып жаша,________ бир күнү бул да болбой калышы мүмкүн.
А)себеби
Б) бирок
В)ошондуктан
Г)ошентсе да
26.-лар мүчөсүнүн жардамысыз көптүк маанини билдирген сөздөрдүн катарын тап.
А)суу,кар,бата
Б)кайчы ,машина,адам
В)оюнчук,момпосуй,дүкөн
Г)киреше,сумка,дарбыз
27. Касы вариантта сүйлөмгө мүчо боло албаган сөздөр катышкан?
А) Таалай темирдей катуу тарбияда өскөн.
Б)Таалай ,тапшырмаңды аткардыңбы?
В)Таалай,Таланттар - ага-инилер.
Г) Таалай досун дайыма колдоп турат.
28. Кайсы варианттагы сүйлөмдө белгиленген сөз кыймыл -аракеттин ордун билдирип турат?
А)Биртке алдыга жылды.
Б)Маңдай-тескей отуруп сүйлөштү.
В) Кыя жол менен өйдө баса берди.
Г) Өйдө-төмөн сүйлөп ,элди тажатты.
29. Бир өңчөй баяндоочтор камтылган сүйлөмдү тап.
А)Ал мага таарынып,далысын салып отуруп алды.
Б) Ишенүү жана колдоо-ү-бүлөнүн негизги түркүгу.
В)Анын каалаганы -тынчтык,сүйүү жана ден соолук.
Г)Анын тил алчаак,уяң баласы бар.
30. Урмат,Канат,....
Көп чекиттин ордуна кайсы катардагы сүйлөм бөлүгүн коюшубуз керек?
А)экөө тең атасына куюп койгондой окшош
Б)болуп чогуу футбо ойнодук.
В)менин эң жакын досторум.
Г) силер кайсы күнү кетесиңер?