Кыргыз тили предмети боюнча мектеп ичинде өтүлүүчү олимпиадалык тест
Сүйлөм толуктоо
Адам канчалык _____________ , ошончолук___________ көбөйөт. ___________адам баласынын муктаждыктары_______________.
а) байыса / муктаждыктары / Себеби / чексиз
б) жакырланса / муктаждыктары / Бирок / чектүү
в) байыса / мүмкүнчүлүктөрү / Себеби /чексиз
г) жакырланса / муктаждыктары / Себеби / чектүү
Быйыл тоо гүлдөрү__________ болгондуктан, _________ тез – тез __________ .
а) жылдагыдан көп / жаратылышты коргоочулар / базарга сата башташты
б) аябай көп / мектеп окуучулары / экскурцияга чыга башташты
в) аябай аз / жазгы жамгыр / жаай баштады
г) бир топ көп / кабарчылар да / макалаларын жарыялай башташты.
Шаардагы __________ көбөйүүсү____________жок болуусуна себеп болот.
а) күзөтчүлөрдүн / көчөлөрдөгү тартиптин
б) вандалдардын /маданий байлыктардын
в) жаныбарлардын / айылдагы фермалардын
г) унаалардын / тар жолдордун
Ал өтө __________болгондуктан, өзүнө да __________тийбей отурат.
а) назик / сөзү
б) жалкоо / пайдасы
в) шок / залакасы
г) жоош / колу
5. Аз иштегенин көрүп, адамды жалкоо деп эсептеш_________. Балким, ал адам___________ гана жумушун______________ аткарат.
а) туура / жактырган / эптеп – септеп
б) туура эмес / жактырбаган / эптеп – септеп
в) туура эмес / жактырбаган / чаалыкпай
г) туура / жактырбаган / чаалыкпай
6. Чет тилдерин____________ - татаал жумуш. Ошондуктан _________ жакшы ________, _________кыйнабоосу____________.
а) үйрөнүү / мугалимдер / иштеп / окуучуларын / зарыл эмес
б) үйрөнүү / окуучулар / окуп / мугалимдерин / зарыл
в) үйрөтүү / окуучулар / окуп / мугалимдерин / зарыл
г) үйрөтүү / мугалимдер иштеп / окучуларын / зарыл
7. Технологиялардын өнүгүшү жашоону _____________. ____________ бул адамдардын _____________ болушуна шарт түзүп, жаңы
кыйынчылыктарды______________.
а) жеңилдетет / Бирок / жалкоо / жаратат
б) жеңилдетпейт / Себеби / иштемчил / жаратпайт
в) жеңилдетет / Себеби / иштемчил / жаратат
г)жеңилдетпейт / Бирок / жалкоо / жаратпайт
8. __________шаарлардын тургундары троллейбустардын көбөйүшү шаар ичинде ылдам жүрүү көйгөйүн __________ деп ________.
а) кичинекей / жаратат / үмүттөнүшөт
б) кичинекей / чечет/ кооптонушат
в) чон / жаратат / кооптонушат
г) чоң / чечет / үмүттөнүшөт
9. Жер жүзүндөгү адамдардын саны көбөйгөндөн көбөүүдө. Ошондуктан айрым адамдар ресурстар түгөнүп калат деп кооптонушууда. ___________ көңүлдүү жашоону __________ өтө _______: ____________эч кандай _____________ алып келбейт.
а) Себеби / токтотуу / маанилүү / олуттуулук / жамандык
б) Бирок / уланта берүү / маанилүү / паника / жакшылык
в) Бирок / токтотуу / зыяндуу / / паника / жамандык
г) Себеби / уланта берүү / зыяндуу / олуттуулук / жакшылык
10. Спорт менен машыгуу ден соолукту___________. ____________ спорттун айрым түрлөрүнөн______________ адамдар да бар.
а) бузат / Себеби / көп пайда таппаган
б) бузат / А бирок / көп пайда таппаган
в) чыңайт / Себеби / жапа чеккен
г) чыңайт / А бирок / жапа чеккен
Грамматика бөлүмү
11. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы жөндөлүштүн 3 – тибине кирет?
а) ата – энелер
б) билими
в) нефтинин
г) космоско
12. Кайсы варианттагы алды сызылган сөз сүйлөмгө мүчө боло албайт.
а) Айдай окууга барат.
б) Айдай, базарга барасы
в) Бул үйдүн эрке кызы – Айдай
г) Айдайдын апасы мугалим болуп иштейт.
13. өз алдынча турганда эч кандай лексикалык маани бербеген, айрым сөзгө жана бүтүндөй сүйлөмгө кошумча маани киргизип турган кызматчы сөздөр...
а) байламта
б) бөлүкчө
в) тактооч
г)жандооч
14. Курт- кумурска, кийим – кечек, азык – түлүк
а) кошмок соз
б) жөнөкөй сөз
в) кош соз
г)кыскартылган сөз
15. Таш бака, ит мурун, козу карын, көз айнек
а) Жөнөкөй сөз
б) кош сөз
в) кошмок сөз
г) татаал сөз
16. Жалпы аттарды белгиле
а) Бишкек, Нооруз, Орозо айт
б) комуз, темир, альбом
в) “Эл агартуу”, “Кыргыз туусу”
в) Камчыбек, Нурадил
17.Кененирээк, күчтүүрөк – сын атоочтун кайсы даражасы экендигин билдирет
а) күчөтмө даража
б) салыштырма даража
в) жай даража
г) басандаткыч даража
18. Терс формадагы этиштерди белгиле?
а)кыйкыруу, урушуу
б)кыйкырчы, урушчу
в)кыйкырба, урушпа
г) кыйкырса, урушса
19. Кептин түрлөрүнө кайсылар кирет?
а) илимий, көркөм, оозеки стилдер
б) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү
в) публицистикалык, илимий, ой жүгүртүү
г) байланыштуу кеп, жазуу кеп
20. Уңгу жана мүчө тилдин кайсы бөлүмүндө окутулат?
а) фонетика
б) морфология
в) синтаксис
г) лексикалогия
Сөздөрдүн маанилешин табуу.
21. Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү асты сызылган сөздөргө ( кашанын ичине ) маанилеш сөздөрүн жазгыла
22. Байлоодогу тиши кычышкан иттер да түн ичинде аны көрсө, көрмөксөн болчу же мүлдө ( ) көргүсү келчү эмес.
23. Жаңы –Арыктын тургундары баарда ( алакандай жерлерин кетмендеп, урук сээп коюшту.
24. Профессор Маловдон кийинки жарты кылымга жуук ( ) убакыт ичинде Каргалыктагы уйгур тилинин , арийне, өтө сезилерлик болбосо да, канчалык өзгөрүш жасаганы жөнүндө материал жыйнап изилдөөнү көптөн бери ойлоп жүрчүмүн .
25. Бул айылдын эли ала ( ) болсо да, башка айылдыктар менен талаш – тартыш жаралса, бириге калышат .
26. Мандикерликте ( ) жүргөн Керим үй -бүлөсу менен көпкө көрүшкөн жок.
27. Жамал үйдөн чыгып, башатты ( ) көздөй жөнөдү.
28. Беккул базардан апасына деп чарчы ( ) жоолук алды.
29. Жасаган ишине убайым ( ) тартып, мүшкүлдөнүп ( ) отуруптур.
30.Биз аттамчык ( ) салып жатканда, кар жаап баштаган болчу.