“Математика боюнча өз алдынча иштерди уюштуруу” (“Организация самостоятельных работ по математике”) дисциплинасы боюча тестер.
3-семестр, I1 модул
Ммаг -1-20 группасы үчүн, 3-семестр, 2021-2022-окуу жылы. 4 кредит
СРС ( СӨИ боюнча) суроолор
1. Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты билим берүүнүн бирдиктүү методологиясын камсыз кылган ... стандарттар тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.
а) инсанга багытталган б) гумандаштырууга багытталган
в) компетенттүүлүкө багытталган г) бардык жооптор туура
2. Мамлекеттик стандартты кайра кароо жана жаңылоо иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу максатында канча жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат?
а) он б) алты в) төрт г) беш
3. Окуу планы ... билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде – интеграцияланган предметтерди камтыйт.
а) он б) бещ в) төрт г) жети
4. Мамлекеттик стандарт кайсыларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
а) предметтик стандарттарды, б) окуу планын,
В) негизги билим берүү программаларын г) а, б, в туура жооптор
5. Мамлекеттик стандарт компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган мектептик билим берүүнү макулдашкан жөнгө салуу документтеринин (же куррикулум) тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат. Алар:
1) предметтик стандарттар;
2) окуу пландары;
3) ...
3) мында кайсы документ?
а) окуу-методикалык комплекстер б) календардык план
в) сабактын план-конспектиси г) предметтик программалар
6. Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмеси жана аларга жетүүнүн деңгээлдери көрсөтүлгөнбү?
а) компетенттүүлүктөрдүн тизмеси бар б) ооба
в) жок г) деңгээлдери көрсөтүлгөн эмес
7. Ушул Мамлекеттик стандартта негизги түшүнүктөр жана атоолор төмөнкү мааниде пайдаланылат:
Базалык жалпы билим берүү предметтери – бул ...
а) бардык баскычтарында б) окутуунун бардык профилдеринде в) бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер;
г) а, б, в, жооптору туура.
8. Базистик окуу планы деген эмне ?
– милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүгүнүн ... белгилеген документ.
а) көлөмүн жана формасын б) көлөмүн в) формасын
г) милдетүү эмес предметтер
9. Мамлекеттик компонент – бул менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги мектептер үчүн ... болгон мамлекеттик стандарттардын талаптарын жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү;
а) милдеттүү б) милдеттүү эмес в) профильдик г) элективдик
10. Билимдин сапаты – бул билим берүүнүн натыйжасынын ар кандай билим берүү субъекттеринин: ... күткөндөрүнө же алар алдыга койгон максаттары менен милдеттерине ылайык келүү даражасы;
а) окуучулардын, б) педагогдордун, ата-энелердин, б) иш берүүчүлөрдүн, г) бүтүндөй эле коомдун
11. Профилдик мектептердин окуу пландары жана программалары мамлекттик стандартта кайсы статьяларда көрсөтүлгөн?
а) 43, 44, 45 б) 39, 40 в) 39-45 г) 39, 40, 43-45
12. Профилдик мектептердин окуу пландарын жана программаларын түзүүдө кайсы компонент эске алынат?
а) инварианттык б) варианттык в) мектептик,
г) б жана в жооптор туура
Окуу планынын мектептик (региондук) компоненти кимдер тарабынан өз алдынча иштелип чыгылат?
а) жалпы билим берүүчү уюмдар тарабынан
б) ата-энелер тарабынан
в) окуп жаткандар тарабынан
е) ББ министирлиги
14. Окутууга болгон технологиялык мамиледе эмнелер активдешет?
а) окуучулардын өз ара аракеттенүүсү, б) окуучулардын мугалим менен өз ара аракеттенүүлөрү, в) ар кандай типтеги маалыматтар менен өз алдынча иштөө, г) бардык жооптор туура
15. Окутууда өз окуусунун натыйжалары үчүн окуучулардын жоопкерчиликтерин жогорулатуунун шарттары кайсы?
а) мугалимдин активдүүлүгү б) мугалимдин билими, в) мектеп базасы
г) окуучулардын өз алдынчалуулугу.
16. Компетенттик мамилеге негизделген стандарттарды өздөштүрүү үчүн математиканы окутуудагы долборлоо технологиясы бул окуучулардын ар кандай түрдөгү маалыматтарды пайдалануу менен билимин өз алдынча ...
а) конструкциялоо б) бекемдөө в) оңдоп түзөтүү г) жаңылоо
17. КРда мамлекеттик ББ стандартта белгиленген: окуучулардын жеке билимдик жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн баа берүүнүн төмөндөгү түрү колдонулат:
а) формативдик б) диагностук, в) диагноздук, форматтык жана жыйынтык г) жыйынтыктоочу.
18. Профилдик окутуу деген бул жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку баскычында окутууну жекелештирүүгө, окуучуну ийгиликтүү социализациялаштыруу максатын көздөйт.
а) жекелештирүү б) адистештирүү в) дифференцирлөө
г) бардык жооптор туура
19. Жогорку класстын окуучуларын профилдик окутуунун мазмунуна ылайык окуу планы канча блокту камтыйт:
а) бир б) эки в) үч г) төрт
20. Жогорку класстын окуучуларын профилдик окутуунун мазмунуна ылайык окуу планы боюнча төмөнкү блокту камтыйт: белгилүү профилдерге багытталган предметтер базалык окуу планынын негизинде тереңдетилип окутулат.
Бул канчанчы блокто:
а) 2-блок (профилдик) б) 1-блокто в) 3-блокто г) бул жок
21. Мектептин окуу планынын компонентинин эсебинен окуучулардын тандоосу боюнча предметтер милдеттүү түрдө окутулат. Профилдик окутуунун чегинде бул кандай аталат?
а) окуу проектилери б) базалык блок в) элективдик-тандоо курстары
г) профилдик блок
22. Базалык жана профилдик окутуунун чегинен чыгат. Бул окуу планынында канчанчы блокто каралган:
а) 4-блокто б) 1-блокто в) 3-блокто г) 5-блокто
23. Профилдик окуу планында 4-блок кандай аталат?
а) базалык б) профилдик в) тандоо
г) окуу практикалары, проекттер, изилдөө иштери.
24. Профилдик окутууну уюштурууда мектептердин мүмкүнчүлүгү эске алынабы?
а) ооба б) эске алынбайт в) эске алынат г) а) жана в) туура жооп
25. КР да илим жана билим берүү министрлиги тарабынан профилдик окутуунун концепциясы кайсы чечим менен кабыл алынган?
а) № 3/2, 5.05.2009-ж. чечими б) №713, 22.07.2009ж. чечим.
в) № 3/2, 5.05.2010-ж. Чечими г) №713, 22.07.2019ж. чечим.
26. Кыргыз республикасында профилдик окутуу системасын 4 багытта жүргүзүү болжолдонууда: 1. Табигый-илимий (математика, физика, химия, география, биология) 2. Социалдык-гуманитардык (тарых, экономика, укук, география, социялогия, тиладабият, коо таануу, педагогика) 3. Көркөм эстетикалык (музыка, сүрөт, эмгек, черчение, дизайн). 4-багыт кайсы?
а) технологиялык б) маалымат технологиясы,
в) агротехника, г) тейлөө технологиясы, медицина.
27. Жогорудагы профилдерди окутуу ар түрдүү программа менен ишке ашат. Алар кайсы программалар?
а) Академиялык б) Кесиптик в) Прикладдык г) Академиялык жана прикладдык
28. Академиялык программа менен окуткан профилдик мектептер кайсы окуу жайлар менен кызматташат?
а) Кесиптик лицей б) Атайын орто окуу жайлар в) ЖОЖ г) б) жана в) туура жооп
29. Прикладдык программа менен окутуу кайсы окуу жайлар менен кызматташат?
а) орто кесиптик окуу жайлар, б) фирмалар,
в) ишканалар менен г) бардык жооптор туура (а, б, в ).
30. Прикладдык программа боюнча окууну бүткөндөн кийин окуучуга башталгыч кесиптик даярдыктан өткөндүгү тууралуу кандай документ берилет?
а) сертификат. б) диплом в) күбөлүк г) аттестат
Мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген:
а) окуучулардын билиминин натыйжаларына баа берүүнүн негизги принциптери;
б) окуучулардын билиминин натыйжаларына баа коюунун негизги принциптери;
в) окуучулардын билиминин натыйжаларына баалоонун негизги принциптери;
г) туура жооп жазылбаган.
32. Мамлекеттик стандарт мектептик билим берүүнү макулдашкан жөнгө салуу документтеринин (же куррикулум) тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат, Алар:
1) предметтик стандарттар;
2) окуу пландары;
3) ...
а) окуу-методикалык комплекстер. б) окуу программалары; в) план-конспект;
г) календарь планы.
33. Базалык жалпы билим берүү предметтери – булар кайсылар?
а) окутуунун бардык баскычтарындагы окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер; б) окутуунун бардык профилдериндеги бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер; в) бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер; г) туура жооп жазылбаган.
34. Окуу планы 7 билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө ... предметтерди камтыйт.
а) белгилүү; б) интеграцияланган; в) а; б туура жооптор; г) туура жооп жок.
35. Базистик окуу планы – бул кандай документ?
а) милдеттүү предметтердин тизмесин белгилейт; б) предметтерди окутуунун ырааттуулугу жөнүндө; в) окуу жүгүнүн көлөмүн жана формасын белгилейт; г) баары туура.
36. Мамлекеттик стандартта “мамлекеттик компонент” түшүнүгү төмөнкү мааниде пайдаланылат:
а) бардык типтеги мектептер үчүн милдеттүү болгон окуу планынын бөлүгү;
б) милдеттүү эмес окулуучу дисциплиналар; в) ченемдик-укуктук документ;
г) окуу жүгүнүн көлөмүн жана формасын белгилейт.
37. Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты – бул ...
а) ченемдик-укуктук документ, б) ченемдик документ; в) укуктук документ;
г) билим берүү мыйзамы.
38. Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты мектептик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим берүүнүн бардык тармактарында белгиленген ... жүзөгө ашырууну камсыз кылат.
а) билимдерди; б) максаттарды; в) профилдештирүүнү;
г) билгичтиктерди.
39. Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик СТАНДАРТЫ ...
А) билим берүү процессин жөнгө салат; б) улуттук жана региондук/жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү тутумун өнүктүрүүнү камсыз кылат; в) максаттарды белгилейт; г) бардык жооптор туура.
40. Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын системасы катары төмөнкү тапшырмаларды алсак болот: 1)«Чыгармачыл» тапшырма 2)Турмуштан алынган маселелер, 3) Ойлоп тапкычтыкка тапшырмалар 4) Аналитикалык тапшырмалар 5) Предметтер аралык мүнөздөгү, 6) Кластер түзүү тапшырмасы, 7) маалыматтык тапшырмалар ж.б.
“Берилген сандарды канча группага бөлүүгө болот жана кандай белгилери боюнча” – тапшырмасы кайсы типтеги компетенциялык тапшырма?
а) 1) б) 2) в) 3) г) 4)
41. “Берилген тексте кайсы фигура жөнүндө сөз болуп жатат?” – тапшырмасы кайсы типтеги компетенциялык тапшырма (40-суроо боюнча) ?
а) 1) б) 2) в) 5) г) 7)
42. “Жогорудагылардын негизинде формуланы келтирип чыгаргыла” - тапшырмасы кайсы типтеги компетенциялык тапшырма (40-суроо боюнча)?
а) 3) б) 4) в) 5) г) 7)
43. Сабактын аспектик анализинин өзгөчөлүктөрү кандай?
Бир жоопту тандаңыз:
а) Бул сабакты бир багытта тереңдетилген талдоо.
б) Бул сабакты анын түзүлүшүнүн, негиздүүлүгүнүн жана негизги максатын ишке ашыруу үчүн сабактын белгилүү бир этабын тандоонун зарылчылыгынын позициясынан талдоо. Сабактын ар бир этабы талданат, анын пайдалуулугу жана окуу сабактарынын жалпы структурасындагы мааниси каралат
в) Бул сабактын негизги максатын ишке ашыруу үчүн сабактын бардык компоненттеринин ишин талдоо, сабактын формасынын, каражаттарынын, мазмунунун сабактын максатына дал келүүсү.
г). Бул сабактын негизги мүнөздөмөлөрүн – максаттарды, окутуунун мазмунун, окутуунун каражаттарын жана ыкмаларын, сабактагы иш-аракеттерди уюштурууну жана сабактын негизги структуралык элементтерин биримдикте жана өз ара байланышта кароого мүмкүндүк берген комплекстүү талдоо.
44. Сабактын комплекстик анализинин өзгөчөлүктөрү кандай?
Бир жоопту тандаңыз:
а). Бул сабакты бир багытта тереңдетилген текшерүү, негиз
б). Бул сабакты анын түзүлүшүнүн, негиздүүлүгүнүн жана негизги максатын ишке ашыруу үчүн сабактын белгилүү бир этабын тандоонун зарылчылыгынын позициясынан талдоо. Сабактын ар бир этабы талданат, анын пайдалуулугу жана окуу сабактарынын жалпы структурасындагы мааниси каралат
в). Бул сабактын негизги максатын ишке ашыруу үчүн сабактын бардык компоненттеринин ишин талдоо, сабактын формасынын, каражаттарынын, мазмунунун сабактын максатына дал келүүсү.
г). Бул сабактын негизги мүнөздөмөлөрүн – максаттарды, окутуунун мазмунун, окутуунун каражаттарын жана ыкмаларын, сабактагы иш-аракеттерди уюштурууну жана сабактын негизги структуралык элементтерин биримдикте жана өз ара байланышта кароого мүмкүндүк берген комплекстүү талдоо.
"Окуучулардын өз алдынча иштери, индивидуалдуу же жамааттык окуу ишмердүүлүгү катары мугалимдин түздөн - түз көрсөтмөсүз жүргүзүлөт" – бул аныктаманын автору ким?
а) Зимняя И.А. ; б) энциклопедиялык сөздүк; в) Пидкасистый П. И.
г) Б.П. Есипов
"Окуучулардын өз алдынча иштери индивидуалдуу же жамааттык окуу ишмердүүлүгү катары мугалимдин түздөн - түз көрсөтмөсүз жүргүзүлөт" – бул аныктама:
а) жетишерлик толук эмес. б) түшүнүктүн маанилүү өзгөчөлүктөрүн ачып бербейт; в) олуттуу түшүндүрмөлөрдү талап кылат;
г) бардык жооптор туура.
"Өз алдынча иш - бул сабактарды уюштуруунун формасы эмес жана окутуунун методу да эмес. Аны окуучуларды өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүнө тартуунун жана аны логикалык жана психологиялык жактан уюштуруу каражаты катары кароо туура болот » [13, 26]. Бул аныктаманын автору ким?
а) Зимняя И.А. ; б) энциклопедиялык сөздүк; в) Пидкасистый П. И.
г) Б.П. Есипов
“Окуучунун өз алдынча иши анын сабакта туура уюштурулган билим берүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасы, бул окуучуга бош убактысында аны өз алдынча кеңейтүүгө, тереңдетүүгө жана улантууга түрткү берет” - Бул аныктаманын автору ким?
а) Зимняя И.А. ; б) энциклопедиялык сөздүк; в) Пидкасистый П. И.
г) Б.П. Есипов
Өз алдынча иштөөдө окуучу кайсыл аракеттерди сөзсүз аткаруу керек?
А) окуучу ишти өзү гана аткаруу; б) өз алдынча ой жүгүртүү;
В) мазмунду жана аткаруу жолдорун тандоо эркиндигин пайдалануу;
Г) бардык жооптор туура.
“ Окуучулардын өз алдынча иштери мугалимдин тапшырмалары боюнча (же окуу китептерине, окуу программаларына киргизилген тапшырмалар боюнча) мугалимдин түздөн – түз катышуусуз аткарылуучу иш” - деп эсептеген [13] автор ким?
а) Зимняя И.А. ; б) энциклопедиялык сөздүк; в) Пидкасистый П. И.
г) Б.П. Есипов
“Өз алдынча иштеги тапшырмалардын мүнөзү жана аткаруу үчүн керектүү активдүүлүк деңгээли ар кандай болушу мүмкүн: репродуктивдүү иштен чыгармачылыкка чейин, жарым өз алдынчалуулуктан толук өз алдынчалуулукка чейин” – деп аныктаган автор ким? [27]:
а) П.И. Пидкасисти, Р.А. Низамдар; б) Зимняя И.А. ;
в) энциклопедиялык сөздүк; г) Б.П. Есипов
“Өз алдынча ишти аткаруу жетишээрлик деңгээлдеги өздүк аң-сезимди, рефлексивдүүлүктү, өзүн өзү башкарууну, жеке жоопкерчиликти талап кылат жана окуучунун өзүн өзү өркүндөтүү жана өзүн таануу процесси катары канааттануусун жаратат” [15] - деп аныктаган автор ким? [27]:
а) П.И. Пидкасисти, Р.А. Низамдар; б) Зимняя И.А. ;
в) энциклопедиялык сөздүк; г) Б.П. Есипов
Өз алдынча иштөө бул окуучунун класстагы иши менен байланышкан жана сабакта билимдин өз алдынча кеңейишине, тереңдешине жана бош убактысында андан ары улануусуна түрткү берүүчү (мотивация) болуу менен ... болуп саналат. Көп чекиттеги маани кайсы?:
А) тарбиялоо ишин туура уюштуруу;
Б) окуу - таанып билүү ишмердүүлүгүн туура уюштуруунун натыйжасы;
В) коммуникациялык ишмердүүлүк;
Г) чыгармачыл ишмердүүлүк.
Өз алдынча иштер кайсы функцияны аткарат?
а) блим берүүчүлүк; б) өнүктүрүүчүлүк; в) тарбиялоочулук;
г) бардык жооп туура
Өз алдынча иштин билим берүү функциясы окуучулардын ... камтыйт.
а) акыл эмгегинин маданиятын калыптандыруу, б) өзүн өзү уюштурууга көнүгүү; в) өзүн өзү башкарууга үйрөнүү;
г) билимин системалаштыруу жана бекемдөө.
Өз алдынча иштердин функциясы – бул окуучулардын таанып билүү күчүн өнүктүрүүнү камтыйт, б.а. көңүл, эс, ой жүгүртүү, сүйлөө жөндөмүн өнүктүрөт.
Сөз өз алдынча иштин кайсы функциясы жөнүндө болуп жатат?
а) блим берүүчүлүк; б) өнүктүрүүчүлүк; в) тарбиялоочулук;
г) бардык жооп туура
Өзалдынча иштердин ... функциясы - бул билим берүү ишмердүүлүгүнүн туруктуу мотивдерине, акыл эмгегинин маданиятына, өзүн өзү уюштурууга жана өзүн өзү башкарууга, ошондой эле чынчылдыкка, өзүн өзү талап кыла билүүгө, көз карандысыздыкка ... . Көп чекиттеги сөз кайсы? ... .
а) блим берүүчүлүк; б) өнүктүрүүчүлүк; в) тарбиялоочулук;
г) бардык жооп туура
"Эч кимге эч нерсе үйрөтө албайсың, окуучуларга өз алдынчалуулукту уюштуруу менен гана сен аларга бир нерсени үйрөнүүгө жардам бере аласың, аларга сунушталган материалдан билимди өз алдынча алууга жардам берүү менен биз алардын ийгиликтүү окуусуна салым кошо алабыз" - деп жазган.
а) Жан-Жак Руссо, б) И. Песталоцци жана А. Дистерверг;
в) И. Пестолоцци; г) А.Дистеверг
Окуучулар мугалимдин тапшырмасы боюнча керектүү материалды өздөрү тандашат, мугалим берген суроолорго жооп издешет, жыйынтык чыгарышат, ошону менен өздөрү үчүн жаңы билимдерди ачышат. Мындай өз алдынча иштерди кандай мунөздөөгө болот?
а) билим алуунун кошумча методу катары
б) сабактарды уюштуруунун формасы;
в) окуучуларды өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүнө тартуунун каражаты;
г) сабакты логикалык жана психологиялык жактан уюштуруу каражаты.
60. Өз алдынча иштөөнүн бир өзгөчөлүгү (эң акыркы жыйынтык):
а) окуучунун акырындык менен өзүн өзү башкарууга өтүшү.
б) сабакка карата мотивация
в) жоопкерчилик
г) өзүн-өзү текшерүү
Жеңил суроолор (25)
Окуу адабияттары менен өз алдынча иштөө аркылуу окуучуларда кайсы билгичтик жана көндүмдөр калыптанат?
А) коюлган суроолорго жоопторду таба билүү
Б) теориялык материалдан негизгилерди бөлүп алуу
В) сандык жана сапаттык жактан маанилүү маселелерди чыгара билүү
Г) бардык жооптор туура
Келечектеги юристер үчүн кайсы маанилүү?
А) математикалык негизги теңдештиктерди билүү
Б) коюлган суроолорго жоопторду таба билүү
В) тригонометриянын формулалары
Г) туура жооп жок
Келечектеги ЖОЖ студенттери үчүн кайсы маанилүү?
А) математикалык негизги теңдештиктерди билүү
Б) теориялык материалдан негизгилерди бөлүп алуу
В) тригонометриянын формулалары
Г) туура жооп жок
Кайсы жол менен алган билим бекем болот?
А) аудиториялык сабактагы
Б) лекциялык сабактагы
В) практикалык сабакта
Г) өз алдынча иштөө
Өз алдынча иштөө аркылуу кайсыга жетишүүгө болот?
А) билимдердеги жетишпегендерди толуктоо
Б) кесипке багыт алуу
В) компетенциялык билгичтиктер
Г) коомдук талаптарга ылайык өнүгүү, калыптануу
6. Класстан сырткаркы өз алдынча ишти баалоонун көрсөткүчү катары кайсылар алынбайт:
А) окуучунун окуу материалын өздөштүрүүсү
Б) алган теориялык билимдерди маселе чыгарууда колдоно билүүсү
В) жоопторду так жана негиздүү айтып берүү, жазып даярдоо
Г) мугалимден түшүндүрмө алуу
7. Өзүн-өзү өнүктүрүү жана өркүндөтүү, өзүн-өзү реализациялоо – бул ... .
А) өз алдынча ой-жүгүртүүнү калыптандыруу
Б) кесиптик билгичтиктерди калыптандыруу
В) маалыматтык технологияларды колдонуу көндүмдөрү
Г) илимий изилдөө билгичтиктерин өнүктүрүү
8. Илимий изилдөө билгичтиктерин өнүктүрүү – бул ... .
А) өз алдынча ой-жүгүртүүнү калыптандыруу
Б) кесиптик билгичтиктерди калыптандыруу
В) маалыматтык технологияларды колдонуу көндүмдөрү
Г) илимий изилдөө билгичтиктерин өнүктүрүү
9. “Текстеги негизгилерди бөлүп алгыла жана план түзгүлө, пландагы пункттар боюнча ойлорду өз сөзүңөр менен билдиргенге аракет жасагыла” – деген көрсөтмө кайсыга берилет:
а) конспект түзүүгө б) тексти окуп чыгууга в) өз алдынча маселе чыгарууга г) өз алдынча практикалык ишти аткарууга
10. Өз алдынча иштерди төмөндөгүдөй типтерге бөлүү кайсы белги боюнча жүргүзүлгөн: окутуучу; машыктыруучу; бышыктоочу; кайталоочу; өнүктүрүүчү; чыгармачыл; текшерүүчү өз алдынча иштер.
а) дидактикалык максаты боюнча б) окуучулардын ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү боюнча в) мазмуну боюнча г) өз алдынчалуулук жана чыгармачылыктын даражасы боюнча
11. Жаңы материалды түшүнүү процессинде берилген тапшырманы окуучулар өз алдынча аткарышат. Бул ишмердүүлүк өз алдынча иштөөнүн кайсы түрүнө кирет?
а) окутуучу; б) машыктыруучу; в) бышыктоочу; г)өнүктүрүүчү
12. Билимдерди калыптандыруучу өз алдынча иштер сабактын кайсы этаптарында берилет?
а) жаңы теманы өтүүгө даярдоо; б) жаңы теманы түшүндүрүү этабында;
в) жаңы теманы өтүүдөн кийин дароо эле; г) бардык жооптор туура
13. Жаңы теманы өтүүдөн кийин дароо эле берилген өз алдынча иштин максаты кайсы?
а) даярдоо; б) текшерүү в) окутуу г) маселе чыгаруу
14. “Үйрөнүлгөн математикалык касиетти же эрежени колдонууга карата мисалдар түзгүлө” – деген сыяктуу тапшырма кайсы типтеги өз алдынча иштөөдө берилет?
а) окутуучу; б) машыктыруучу; в) бышыктоочу; г)өнүктүрүүчү
15. Ар түрдүү математикалык обьектерди жана алардын касиеттерин таанууга берилген тапшырмалар кайсы типтеги өз алдынча иштөөдө берилет?
а) окутуучу; б) машыктыруучу; в) бышыктоочу; г)өнүктүрүүчү
16. Машыктыруучу өз алдынча иштерди аткаруу процессинде окуучуларга окуу китебин пайдаланууга уруксат берилеби?
а) ооба б) жок в) уруксат берилбейт г) уруксат берсе да бербесе да болот
17. “272 = (20+7)2 = 202 + 72 = 449, барабардык эмне үчүн туура эмес?” – деген тапшырманы кайсы типтеги өз алдынча иштөөгө берсе болот?
а) окутуучу; б) машыктыруучу; в) бышыктоочу; г)өнүктүрүүчү
18. “ (а+в)2 = а2 + 2ав + в2 формуласын колдонууга мисалдар жазгыла” – деген тапшырманы кайсы типтеги өз алдынча иштөөгө берсе болот?
а) окутуучу; б) машыктыруучу; в) бышыктоочу; г)өнүктүрүүчү
19. Машыктыруучу өз алдынча иштерди уюштурууда мугалим кайсыларды уюштура (же пайдалана) алат?
а) группалык иштөө б) жуптарда иштөө в) түрдүү деңгээлдеги карточкалар
г) б жана в жооптору туура
20. Бышыктоочу өз алдынча иштер кайсылардын көрсөткүчү боло алат?
а) окуучулар окуу материалын канчалык түшүнгөнүн б) окуу материалы канчалык бекем өздөштүрүлгөндүгүн в) окуучулар окуу материалын канчалык түшүнбөй калганын
г) текшерүү ишине даярдыгын
21. Берилген теманы кайталоого канча убакыт зарыл экендигин кайсы өз алдынча иш аркылуу аныктаса болот?
а) окутуучу; б) машыктыруучу; в) бышыктоочу; г)өнүктүрүүчү
22. Өнүктүрүүчү мүнөздөгү өз алдынча иштерге кайсылар кирет?
а) берилген темалар боюнча доклад даярдоо б) конференцияларга даярдануу в) математикалык жумалыктарга даярдануу г) бардык жооптор туура
23. Бышыктоочу типтеги өз алдынча иштер окуучулардан ... колдонууну талап кылган тапшырмаларды аткарышат.
а) логикалык ой жүгүртүүнү б) математикалык эрежелерди
в) математикалык эрежелерди жана теоремаларды комбинациялык түрдө
г) бардык жооптор туура
24. Кайсы мүнөздөгү тапшырмалар өнүктүрүүчү типтеги өз алдынча иштөөгө берилет?
а) математикалык эрежелерди колдонууга карата б) формулаларды колдонууга карата
в) изилдөөчүлүк мүнөздөгү г) теоремаларды колдонууга карата
25. Чыгармачыл өз алдынча иштер үчүн тапшырмалардын мүнөзү кандай болушу мүмкүн?
а) стандарттуу б) стандарттуу эмес в) бир нече чыгаруу жолу бар
г) б жана в жооптор туура
Орто деңгээлдеги суроолор (25)
Өз алдынча иштердин натыйжалуулугу кайсыдан көз каранды эмес?
а) өз алдынча иштерди талдоо б) каталардын себептерин талдоо
в) каталардын санын эсептөө в) калыптандыруучу баалоо жүргүзүү
Китеп менен өз алдынча иштөө кайсы дидактикалык максатта берилет?
а) өз алдынча билимге ээ болуу б) өз алдынча билимге ээ болуу билгичтиктерин калыптандыруу в) практикалык маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу г) татаал маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу билгичтиктерин калыптандыруу
Бир типтүү көнүгүүлөрдү аткарууга берилген өз алдынча иштер кайсы дидактикалык максатта берилет?
а) билимдерди тактоо жана бышыктоо б) өз алдынча билимге ээ болуу билгичтиктерин калыптандыруу в) практикалык маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу г) татаал маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу билгичтиктерин калыптандыруу
Пифагордун теоремасынын геометриялык мааниси кайсы менен түшүндүрүлөт:
А) жактарына тургузулган тик бурчтуктар
Б) жактарына тургузулган тик бурчтуктардын аянты
В) жактарына тургузулган квадраттар
Г) жактарына тургузулган квадраттардын аянттары
(а+в)2 = формуласын анын геометриялык интерпретациясы аркылуу далилдөөдө кайсылар колдонулат?
А) жактарына тургузулган тик бурчтуктар
Б) жактарына тургузулган тик бурчтуктардын аянттары
В) жактарына тургузулган квадраттар
Г) квадраттын жактарына тургузулган тик бурчтуктардын аянттары
(а+в)2 = формуласын анын геометриялык интерпретациясы аркылуу далилдөөдө тапшырмасы өз алдыча иштөөдө кайсы дидактикалык максатта берилет?
а) билимдерди тактоо жана бышыктоо б) өз алдынча билимге ээ болуу билгичтиктерин калыптандыруу в) практикалык маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу г) татаал маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу билгичтиктерин калыптандыруу
Математикалык диктант жаздыруу кайсы дидактикалык максатты көздөйт?
а) билимдерди тактоо жана бышыктоо б) өз алдынча билимге ээ болуу билгичтиктерин калыптандыруу в) практикалык маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу г) татаал маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу билгичтиктерин калыптандыруу
Математикалык сочинение жаздыруу кайсы дидактикалык максатты көздөйт?
а) билимдерди тактоо жана бышыктоо б) өз алдынча билимге ээ болуу билгичтиктерин калыптандыруу в) практикалык маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу г) татаал маселелерди чыгарууда билимдерди чыгармачылык менен колдонуу билгичтиктерин калыптандыруу
Кубулуштарды, технологияларды математикалык моделдөөгө берилген оз алдынча тапшырмалар кайсы дидактикалык максатты көздөйт?
а) билимдерди тактоо жана бышыктоо б) өз алдынча билимге ээ болуу билгичтиктерин калыптандыруу в) практикалык маселелерди чыгарууда билимдерди колдонуу г) татаал маселелерди чыгарууда билимдерди чыгармачылык менен колдонуу билгичтиктерин калыптандыруу
Өз алдынча иштөөдө берилген текшерүү иштери баалоонун кайсы түрүнө кирет?
а) диагноздоочу б) жыйынтык баалоочу в) калыптандыруучу г)
а жана в) жооптору туура
Таанып билүү ишмердүүлүгү боюнча өз алдынчалуулук үч деңгээлге бөлүнөт, алар: активдүүлүк , аң-сезимдүүлүк (осознанная), ... .Үчүнчүсү кайсы?
а) демилгелүүлүк (инициативная) б) жеткиликтүүлүк
в) чыгармачылык г) башкаруучулук
Өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүнүн үч компоненттери, алар: 1) ... , 2) ..., 3) ... . Биринчиси кайсы?
А) иш аракеттердин ыкмалары жана операциялары
Б) түшүнүк жөнүндөгү билимдер
В) жаңы социалдык тажрыйбалар, идеялар жана көз караштар
Г) Бардык жооптор туура
Өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүнүн үч компоненттери, алар: 1) ... , 2) ..., 3) ... , экинчиси кайсы?
А) иш аракеттердин ыкмалары жана операциялары
Б) түшүнүк жөнүндөгү билимдер
В) жаңы социалдык тажрыйбалар, идеялар жана көз караштар
Г) Бардык жооптор туура
Өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүнүн үч компоненттери, алар: 1) ... , 2) ..., 3) ... , үчүнчүсү кайсы?
А) иш аракеттердин ыкмалары жана операциялары
Б) түшүнүк жөнүндөгү билимдер
В) жаңы социалдык тажрыйбалар, идеялар жана көз караштар
Г) Бардык жооптор туура
Өз алдынча иштерди аткаруу билгичтиктери - бул керектүү операцияларды аткаруунун ... билүү (П.И. Пидкасистый боюнча). Көп чекиттеги маанилүү сөз кайсы?
а) алгоритмасын б) жолдорун в) ыкмаларын г) каражаттарын
Өз алдынча иштерди аткаруу билгичтиктери - бул керектүү операцияларды аткаруунун ... билүү. Көп чекиттеги маанилүү сөз кайсы?
а) комплекстик иш-аракеттерди пландоо (моделдөө) б) жолдорун в) ыкмаларын г) каражаттарын
Өз алдынча иштерди аткаруу билгичтиктери - бул керектүү операцияларды аткаруунун ... билүү. Көп чекиттеги маанилүү сөз кайсы?
а) комплекстик иш-аракеттерди аткаруу б) жолдорун в) ыкмаларын г) каражаттарын
Өз алдынча иштерди аткаруу билгичтиктери - бул керектүү операцияларды аткаруунун ... билүү. Көп чекиттеги маанилүү сөз кайсы?
а)алынган жыйынтыкты жана аткарылган иш-аракетти өз алдынча талдоо б) жолдорун в) ыкмаларын г) каражаттарын
Математика боюнча өз алдынча иштерди пландоодо кайсылар эске алынбайт?
а) окуучулардын таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрү жана кызыкчылыктары
б) ата-энелердин мүмкүнчүлүктөрү жана кызыкчылыктары
в) окуу материалынын мазмунун тандоо
г) ой-жүгүртүү ишмердүүлүгүнүн ыкмаларын тандоо
Математикалык тапшырмалар өз алдынча иштерди аткаруунун ... болуп саналат. Көп чекитте кайсы сөз жашырылган?
а) каражат б) методу в) ыкмасы г) мазмуну
“Пифагордун теоремасында шартын жана корутундусун жазгыла” – тапшырмасы өз алдынча таанып билүүнүн кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
Үлгү боюнча таблицаны толтуруу тапшырмасы өз алдынча иштөөнүн (таанып билүүнүн) кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
Таблицаларды жана схемаларды талдоо тапшырмасы өз алдынча иштөөнүн (таанып билүүнүн) кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
Тематикалык таблица жана схемаларды түзүү тапшырмасы өз алдынча иштөөнүн (таанып билүүнүн) кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
Математикалык түшүнүктөрдүн ортосундагы логикалык байланыштарды табуу тапшырмасы өз алдынча иштөөнүн (таанып билүүнүн) кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
Татаал суроолор (25)
“Виеттин теоремасын далилдөөнүн планын түзгүлө” (тема өтүлгөндөн кийин) өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Окуу китебинен Виеттин теоремасын далилдөө менен таанышып, далилдөө планын түзгүлө” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлдеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Квадраттык функциянын графиктеринин абалын (а0 ; a?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Окуу китебиндеги тексти окуп, андагы негизги ойду же идеяны бөлүп жазып көрсөткүлө” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Экранда көрсөтүлгөн таблица боюнча негизги ойду же идеяны бөлүп жазып көрсөткүлө” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Өтүгөн тема боюнча эссе жазгыла” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Квадраттык барабарсыздыктарды чыгаруунун этаптарын схема түрүндө көрсөткүлө” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Арифметикалык прогрессия түшүнүгүн жана анын касиеттерин толук чагылдырган таблица түзгүлө” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Барабарсыздыктарды чыгарууда интервалдар методун колдонуунун алгоритмасын жазып көрсөткүлө (тема өтүлгөндөн кийин)” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлиндеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Квадраттык функция жана квадраттык барабарсыздыктарды чыгаруунун байланышын көрсөткөн таблица түзгүлө” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлдеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
Логарифмалык функция жана логарифмалык барабарсыздыктарды чыгаруунун байланышын көрсөткөн логикалык схема түзүүдө эмнеге басым жасалат?
А) функциянын аныкталуу областы
Б) маанилеринин областына
В) логарифманын негизине
Г) өсүү, кемүү аралыктарына
12. “Геометриялык пргрессия түшүнүгү менен байланышкан турмуштук практикалык сочинение жазуу (темасын өз алдынча тандоо)” - өз алдынча иштөө тапшырмасы кайсы деңгээлдеги тапшырма болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
13.“Тригонометриялык функциялар кайсылар?” – суроосу кандай суроо болот?
а) фактологиялык б) концептуалдык в) чыгармчыл г) татаал
Сабактагы оз алдынча иштөөгө берилген тапшырмалар теманы терең тушүнүүгө өбөлгө түзүүсү керек. Мындай тапшырмаларды түзүүдө окуу материалындагы кайсылар эске алынат?
А) карама-каршылыктар б) проблемалар в) кофликтүү ситуациялар г) бардык жооптор туура
“Көрсөткүчтүү барабарсыздыктарды чыгаруу” - темасында негизги карама-каршылык кайсы?
а) даражанын негизи б) даражанын көрсөткүчү в) өзгөртүп түзүүлөр г) барабарсыздыктын белгиси
Интернет булактарынан пайдаланууга берилген оз алдынча иштер кайсы максатта берилет?
а) билимдерди тереңдетүү б) коммуникациялык билгичтктерди калыптандыруу в) а жана б жооптору
г) класстан сырткаркы иштерге даярдануу
Класста чыгарылган математикалык маселедеги берилген чондуктардын сан маанисин өзгөртүп маселе түзүү жана аны чыгарууга берилген өз алдынча иштөөгө тапшырма кайсы окуучуга берилет?
а) начар окуган б) орто окуган в) начар жана орто окуган г) жакшы окуган
Квадраттык барбарсыздыктарды чыгаруу темасы боюнча подгруппалар менен диспут өткөрүүдө кайсы темачаларды колдонсо болот?
а) графиктик жол менен чыгаруу б) система жолу менен чыгаруу
в) интервалдар методу г) бардык жооптор туура
Квадраттык барбарсыздыктарды чыгаруу темасы боюнча подгруппалар менен диспут өткөрүү кайсы деңгээлдеги өз алдынча ишти уюштуруу болот?
А) кайра иштеп чыгуу деңгээли
Б) өзгөртүп түзүүчү деңгээл
В) чыгармачыл изденүү деңгээли
Г) туура жооп жок
“Математика экономикада” – деген темада окуучуларга берилген өз алдынча изилдөө иши кайсы этапты камтыбайт?
а) материал топтоо жана үйрөнүү б) материалдарды интерпретациялоо
в) алынган натыйжаларды жазуу жана презентациялоо
г) эксперимент жүргүзүү
Планиметриялык маселе: Негиздери барабар болгон эки үч бурчтук берилген. Аянты бул үч бурчтуктардын аянттарынын суммасына барабар болгон үч бурчтукту түзгүлө, анын бийиктиги кандай болот?
а) берилген үч бурчтуктардын бийиктиктеринин суммасына барабар
б) берилген үч бурчтуктардын бийиктиктеринин суммасына барабар эмес
в) түзүүгө болбойт
г) берилген үч бурчтуктардын негиздеринин суммасына барабар
Стереометриялык маселе: Негиздери барабар болгон эки пирамида берилген. Көлөмү бул пирамидалардын биригүүсү менен тең чоңдукта болгон пирамида түзгүлө, анын бийиктиги кандай болот?
а) берилген пирамидалардын бийиктиктеринин суммасына барабар
б) берилген пирамидалардын бийиктиктеринин суммасына барабар эмес
в) түзүүгө болбойт
г) берилген пирамидалардын негиздеринин суммасына барабар
Маселе: АВС тик бурчтуу үч бурчтугу берилген. С = 900, АС = в, ВС = а, h – үч бурчтуктун С чокусунан жүргүзүлгөн бийиктиги, мында кайсы барабардык орун алат?
а) 1/h2 = 1/a2 + 1/b2 б) 1/h2 = 1/a2 + 1/b2 + 1/с2
в) 1/h2 = 1/a2 - 1/b2 г) 1/h2 = 1/a2 + 1/b2 – 1/с2
Стереометриялык маселе: АВСДЕ тетраедринде ЕА, ЕВ, ЕС каптал кырлары өз ара перпендикуляр жана алардын узундуктары тиешелүү түрдө а, в, с га барабар. Ал эми h – тетраедрдин Е чокусунан жүргүзүлгөн бийиктиги болсо, кайсы барабардык орун алат?
а) 1/h2 = 1/a2 + 1/b2 б) 1/h2 = 1/a2 + 1/b2 + 1/с2
в) 1/h2 = 1/a2 - 1/b2 г) 1/h2 = 1/a2 + 1/b2 – 1/с2
“Эгерде окуучулар бир да жолу өздөрү тарабынан ойлонулуп иштеп чыгылган (изобретенную) маселени чыгарбаган болсо, анда алардын математикалык тажрыйбасын толук деп эсептөөгө болбойт” – деген цитата кимге таандык?
а) Д. Пойа б) А.Л. Жохов в) Л. Эйлер г) Е.Н. Кабанова-Меллер