Окyy-ycyлдук кеңеште каралып,
бекитүүгө сунушталды
№____ прот., 202___-ж. _________
Бекитемин
директор, ф.и.к., доцент
____________ А.Т.Акматалиев
202___-ж. ___________
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “Модулдарды жана сынактарды өткөрүү үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү” боюнча
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. “Модулдарды, сынактарды өткөрүү үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү жана AVN порталына жүктөө эрежелери” боюнча жободо тесттерди түзүү эрежелерин, тесттик тапшырмалардын сапатын жакшыртууну, тесттин сапатына жооп берген тараптардын милдеттерин, тесттик тапшырмаларды AVN порталына жүктөөдөгү жол жоболорду жана тесттик тапшырмаларды түзүүдөгү жана бекитүүдөгү жооптуулардын иш аракетин камсыздайт.
1.2. Студенттердин билимин баалоодогу компьютердик тестирлөө жобого ылайык AVN программасында жүргүзүлөт.
1.3. Тестирлөө - студенттердин билим деңгээлин баалоонун эн кеңири жайылган, натыйжалуу усулу. Анын өзгөчөлүгү төмөнкүлөр:
обьективдүүлүгү;
тез, оперативдүү ишке ашуусу;
жөнөкөйлүгү жана жеткиликтүүлүгү;
баалоонун статистикалык усулун колдонуу менен компьютерде иштелип чыгуусу жана жыйынтыгынын катталуусу.
1.4. Тесттик тапшырмаларды түзгөндө төмөндөгүдөй принцинтер сакталат:
валидүүлүгү (ченелген билим билгичтиктин дал келүүсү);
татаалдыгы (жооп табууда интеллектуалдуу кыйналуу болот); ишенимдүүлүгү (студенттин билим деңгээлинин туура жана адекваттуу чагылышы);
туруктуулугу (сынакка кирген түрдүү тайпалар үчүн бирдей маанилүүлүгү);
репрезентативдүүлүгү (окуу материалын толук камтышы);
маанилүүлүгү (тесттик тапшырмалардын актуалдуу болушу);
жеткиликтүүлүгү (окутуу усулу жана учурдагы илимдин жетишкендиктеринин окуу материалына дал келүүсү).
1.5. Бардык дисциплиналар боюнча тесттик тапшырмалар суроолордун өңүтүнө карап, 3 деңгээлде түзүлөт.
1-деңгээл - баштапкы жана операциялык деңгээлдеги тесттик тапшырмалар.
Баштапкы тестти түзүүдө (алар билимдин деңгээлинин биринчи “фактылык” деңгээлине дал келишет) анын маңызы негизинен фактылардан турган “билимдердин фондун” топтоодо жатат.
Операциялык деңгээл.
Даяр үлгү боюнча логикалык операцияларды жүзөгө ашыруу билгичтиктердин негизин жана жеке системалык ассоциациялардын жаралышын, ошондой эле бир бөлүм же бир бөлүмчөнүн алкагында өздөштүрүлгөн билимдердин ортосундагы байланыштардын болушу менен мүнөздөлөт.
2-деңгээл - аналитикалык-синтетикалык деңгээлдеги тесттик тапшырмалар.
Аналитикалык-синтетикалык деңгээлдеги тесттик тапшырмаларды түзүүдө студентгер туруктуу билимдерди жалпылоо, дифференциялоо, мурда өздөштүрүлгөн билимдерди жаңы билимдер менен байланыштыруу, теманы, бөлүмдүн башкы идеяларын, негизги жоболорун бөлүп көрсөтүү, ар кандай байланыштарды ачуу жана аналогияларды жүргүзүү билгичтиктерин көрсөтүшөт.
3-деңгээл - баалоочу жана чыгармачыл деңгээлдеги тесттик тапшырмалар.
Чыгармачыл деңгээлдеги тест түзүүдө билимдерди жаңы жагдайларга алып өтүүнү, таанып билүүчүлүк жана практикалык аракеттердин стандаргтуу эмес алгоритмдерин түзүүнү талап кылат.
1.6. Тест тесттик тапшырмалардан жана арасында туура жообу бар жооптордон турат.
1.7. Тесттик тапшырмалар мүмкүн болушунча кыска, түшүнүктүү, ой жүгүртүп туура жоопту табууга мүмкүн болгон, болжолдой алган, студентке тааныш материалдардан түзүлүп, окуганда мурун өтүлгөндөрдү эстей ала турган таризде түзүлөт.
1.8. Ар бир тесттик тапшырманын баалоо эрежеси (туура жообун белгиле, дал келтир, ыраттуулугун аныкта, туура эмес жообун тап, ж.б.), коюлган суроолору (кандай? эмне үчүн? кантип? качан? эмне? ким? ж.б.), төрттөн кем эмес жооптору (анын ичинен бирөө туура) болот. Ар бир тесттик тапшырманы аткарууга 2-3 мүнөт убакыт кетет.
1.9. Ар бир дисциплина боюнча түзүлгөн тесттер 5 форманы камтыйт:
жабык тестгик тапшырмалар;
ачык тесттик тапшырмалар;
дал келүүчүлүктү аныктаган тапшырмалар;
ырааттуулукту аныктоочу тапшырмалар;
сүрөттөрдү, графикалык уюштурууларды камтыган тапшырмалар.
1.10.Тесттин жоопторун жазганда төмөндөгү талаптар аткарылат:
жооптор өтө узун болбойт. Бардык жооптордо бирдей сөздөр же бирдей сөз айкашы колдонулбайт;
бардык жооптордун мааниси окшош, бирок бирөө гана туура болот;
жооптордун көлөмүнүн бардыгы бирдей болот, туура жообу айырмаланбайт;
жоопто студентке тааныш эмес терминдер колдонулбайт;
тесттин жоопторун жазып жатканда “бардыгы туура”, “бардыгы туура эмес” деген сөздөр дайыма, же көпчүлүк тестгик тапшырмаларда колдонула бербейт, ал эми “билбейм”, “ооба”, “жок” деген сөздөр колдонулбайт. Мындай жазуулар студенттин туура жоопту оңой табуусуна алып келет;
түзүлгөн суроолор 9-12 сөздөн ашпайт, өтө узун текстти камтыган суроолор студенттерге түшүнүксүз болот жана окуп, түшүнүү үчүн убакытты көп талап кылат;
AVN порталындагы бир предметтен тесттик тапшырманы аткаруу үчүн студенттке 30 мүнөт убакыт берилет, ал эми кээ бир предметтердин татаалдык деңгээлине жараша, окутуучунун талабы менен убакыт узартылышы мүмкүн.
2. Тесттик тапшырмаларды түзүүдө предметтик окутуучунун жоопкерчилиги
2.1. Дисциплина боюнча тесттик тапшырмаларды түзүү предметгик окутуучуга жүктөлөт жана ал аталган жободогу талаптарды аткарып, тесттик тапшырмаларды сапаттуу түзүүгө милдеттүү.
2.2. Тесттик тапшырмаларды түзүүдө жумушчу программадагы окуу материалы жана студенттин өз алдынча иши үчүн материал толугу менен камтылат.
2.3. Тесттик тапшырмалардын деүгээлине карай жеңил, орто, татаал суроолордон турган жана студенттердин өз алдынча ишин камтыган тесттер түзүлөт. Окуу планындагы дисциплиналарга тиешелуу кредиттерге жараша тесттик тапшырмалардын саны аныкталат. Тесттеги суроолор дун кайталанбашына жана тесттик суроолордун предметтин мазмунуна, жумушчу программадагы темаларга негизделишине жоопкер болот.
2.4. AVN порталынын билим деңгээлин текшерүү (контроль знаний) деген бөлүгүнө окутуучулар жообу жазылбаган тесттик тапшырмаларды киргизүүгө милдеттүү.
2.5. Модулдарга тесттик тапшырма түзүүдө бир суроо экинчи жолу кайталанбайт, ал эми биринчи модулдун тесттик тапшырмаларын экинчи модулда кайталоого болбойт.
2.6. Окутуучу өз предмети боюнча түзгөн тестти AVN порталындагы 37-программага өзү киргизет жана Окуу бөлүмүнө электрондук вариантын тапшырат.
2.7. Эгерде бир предметтен бир нече окутуучу сабак окутса жана жумушчу программалары бирдей болсо, анда ошол предметтен тесттик тапшырмаларды биргелешип түзүп, AVN порталына бир тесттик тапшырма жүктөсө болот.
3. Тесттик тапшырмалардын сапатын кароо тартиби
3.1. Тесттик тапшырмалардын сапатына тестти түзгөн окутуучулар, адис даярдаган кафедра башчылары түздөн-түз жооптуу болот.
3.2. Окутуучулар тарабынан түзүлгөн тесттик тапшырмаларды кафедра башчысы сын пикир жазууга (рецензияга) берет.
3.3. Оң рецензия алган тесттик тапшырмаларды кафедра башчысы кафедранын жыйынында карап, жумушчу программага дал келгендигин аныкгап, жактырылгандыгы тууралуу протокол жазып, факультеттин же институттун усулдук кеңешине сунуштайт. Усулдук кеңеш карап, бекиткенден кийин AVN порталына жүктөөгө уруксат берилет.
3.4. Тесттик тапшырмалар модуль башталганга чейин 15 күн мурда кафедранын жыйынында каралат, 10 күн калганда Окуу бөлүмүнө тапшырылат.
3.5. Түзгөн тесттерин AVN порталына жүктөө үчүн Окуу болүмүнө алып барганда кафедранын тесттин талапка жооп бергендиги тууралуу чечимин кошо алып барганга милдетүү, бир нече предметтерден түзүлгөн тесттер бир чечимде болуусу мүмкүн.
4. Тесттик тапшырмаларды AVN порталына жүктөөдөгү талаптар
4.1. Окутуучу өзүнүн тесттик тапшырмаларын Окуу болумуно электрондук формада тапшырат, атайын түзүлгөн журналга тапшыргандыгы жөнүндө колтамга коёт, кафедранын чечимин көрсөтөт.
4.2. Окуу бөлүмүнүн тиешелүү адиси тесттик тапшырмаларды кабыл алып жатканда төмөндөгүлөргө коңүл бурат:
тестте ашыкча белгилердин коюлбагандыгына;
тесттик тапшырмалардагы кредиттин санына жараша суроолордун санын текшерип алат;
кыргызча варианты KY же Times New Roman шрифтинде жазылуусу;
эгерде, тесттик тапшырмалар сүрөттөр менен коштолсо AVN иорталындагы 37-программанын талаптарынын толук аткарылышына;
AVN порталындагы 37-программага толук киргизилишине жана жоопторунун толуктугуна ж.б.
5. Тесттик тапшырмалардын саны боюнча талаптар
5.1. Дисциплиналар боюнча модуль тапшыруу үчүн түзүлгөн тесттер окуу планындагы кредиттин санына жараша болот.
5.2. AVN порталында модуль тапшыруу учурунда окуу планындагы студенттердин өз алдынча иштери да тесттик тапшырмалар түрүндө тапшырылат.
5.3. Жождо кредиттердин саны боюнча тесттик тапшырмалар төмөндөгүдөй түзүлөт:
2 кредиттик дисциплиналар үчүн жалпы 150 суроо, анын ичинен 90 суроо аралык текшерүүгө жана 60 суроо студенттин өз алдынча ишине;
3 кредиттик дисциплиналар үчүн жалпы 210 суроо, анын ичинен 120 суроо аралык текшерүүгө жана 90 суроо студенттин өз алдынча ишине;
4 кредиттик дисциплиналар үчүн жалпы 270 суроо, анын ичинен 150 суроо аралык текшерүүгө жана 120 суроо студенттин өз алдынча ишине;
5 жана андан жогору кредиттен турган дисиплиналар үчүн жалпы 330 суроо, анын ичинен 180 суроо аралык текшерүүгө жана 150 суроо студенттин өз алдынча ишине.
5.4. Предмет боюнча жалпы тесттердин санынан аралык текшерүүгө берилген суроолор “жеңил”, “орто”, “татаал” болуп эки модулга бөлүнүп берилүүсү керек жана өз алдынча иштердин көрсөтүлгөн проценттик катыштары да экиге бөлүнөт, модуль алууда бир предметтен 30 суроо кирет.
5.5. Модулдар үчүн түзүлгөн тесттер сынак алуу учун колдонулат, бир дисциплина боюнча сырттан окуу бөлүмүндөгү студенттер менен күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин тесттик тапшырмалары бирдей болот.
5.6. Коллеждер үчүн кредиттердин саны боюнча тесттик тапшырмалар төмөндөгүдөй түзүлөт:
2 кредиттик дисциплиналар үчүн жалпы 100 суроо, анын ичинен 60 суроо аралык текшерүүгө жана 40 суроо студенттин өз алдынча ишине;
3 кредиттик дисциплиналар үчүн жалпы 150 суроо, анын ичинен 90 суроо аралык текшерүүгө жана 60 суроо студенттин өз алдынча ишине;
4 кредиттик дисциплиналар үчүн жалпы 200 суроо, анын ичинен 120 суроо аралык текшерүүгө жана 80 суроо студенттин өз алдынча ишине;
5 жана андан жогору кредиттен турган дисциплиналар үчүн жалпы 250 суроо, анын ичинен 160 суроо аралык текшерүүгө жана 90 суроо студенттин өз алдынча ишине.
5.7. Коллежде AVN порталында модуль алуу үчүн бир предметтен 20 суроо кирет.
Жобону иштеп чыккандар:
Раманкулов М.
Касымбеков А.А.
Тынай уулу Б.