Тарых. I чейректик тест 11-класс
1. XIX к. ортосундагы буржуазиялык революциялар капитализмдин өнүгүшүнө кандай таасир берген?
а) Феодалдык тартиптерди жок кылып, капитализмге жол ачты
б) Коомдун алга жылышына кубаттуу түрткү берди
в) Элдин жашоосун жакшыртуу талаптарынын аткарылышына, эмгек акынын көбөйүшүнө, 8 сааттык иш күнгө өтүүгө чоң таасир берген
г) Фабрикаларда эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы жумушчулардын
жашоосун жакшыртты
2. Батыш Европанын жана АКШ өлкөлөрүнүн XVIII к. аягы жана XIX к. өнөр жайындагы илимий техникалык прогресс кандай таасир кылды?
а) Техникадагы ийгиликтер эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн зор өсүшүнө түрткү болду
б) Жаңы ойлоп табуулар чыгарылган продукциялардын сапатын жакшыртты
в) шаар калкынын өсүшү жер иштетүүнүн кеңейишине жана жакшырышына алып келди
г) Өндүрүштүк анархия токтоду
3. В. И. Ленин Англиялык империялизмге кандай мүнөздөмө берген?
а) Монополисттик б) Согуштук-феодалдык
в) Колониялык г) Юнкердик
4. XIX к. 80-жылдарында Европалык кайсы мамлекеттердин ортосунда
согуштук союз түзүлгөн?
а) Англия-Япония-Россия б) Германия-Австро-Венгрия-Италия
в) Россия-Германия-Англия г) Франция-Италия-Австрия
5. I Дүйнөлүк согуштун чыгышына .............................. шылтоо болгон.
а) Австро-Венгрия тактысынын мураскору Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшү
б) “Лузитания” жүргүнчү кемесин чөктүрүү
в) Германдык кемелер Россиянын кара-деңиз портторун атышы
г) Германия Бельгиянын бейтараптыгын бузушу
6. I Дүнөлүк согушка акыркы кирген өлкө кайсы?
а) Япония б) Россия в) Түркия г) АКШ
7. 1938-ж. Мюнхен конференциясында эмне жөнүндө суроо каралган?
а) Европада фашизмди ооздуктоо
б) СССРге каршы согуштук союзду түзүү
в) Чехословакияны бөлүү
г) 1918-ж. Париж тынчтыгын кайра кароо
8. II Дүйнөлүк согуш алдындагы жылдарда “изоляциялоо” саясатын жүргүзгөн:
а) Англия б) АКШ в) Япония г) Болгария
9. 1945-ж. 24-июнда кандай окуя болгон?
а) СССР Японияга согуш жарыялады
б) Москвада жеңиш парады болуп өттү
в) АКШ Японияга атом бомбасын таштады
г) Потсдам конференциясы өз ишин аяктады
10. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында биринчи салют ................... бошотулганына арналып берилген.
а) Севастополдун жана Курскинин б) Кенигсбергдин жана Туланын
в) Ленинграддын жана Москванын г) Белгород жана Орелдун
Тарых. I чейректик тест 6-класс I вариант
1. Б.з.ч. VI кылымда Согду шаарын кидер тарабынын талкаланган?
а) Монголдор б) Түрктөр в) Кытайлар г) Гундар
2.Эфталиттер канчанчы кылымдарда Борбордук Азияда күчтүү мамлекет негизделген?
а) III-V кк. б) V-VII кк. в) VI-VIII кк. г) VIII-IX кк.
Байыркы Хорезм жөнүндө маалыматтар кайсы китепте кеңири берилген?
А) Библия Б) Куран В) Авеста Г) Тоорат
4. Канчанчы жылы Эфталиттер Согдуну , Бактрияны, Афганистан менен Хоросанды басып алган?
А) 410-ж. Б) 420-ж. В) 440-ж. Г) 445-ж.
5. Байыркы Хорезм мамлекети азыркы кайсы мамлекеттин аймагында кайсы кылымда түзүлгөн?
А) Б.з.ч. V к. Кыргызстан Б) Б.з.ч. VII к. Өзбекстан
В) Б.з. VII к. Өзбекстан Г) Б.з.ч. XII к. Тажикстан
Байыркы Хорезм мамлекетинин борбору?
А) Калалкир I Б) Кузаликыр В) Кой-Крылган-Кала Г) Топурак-Кала
Байыркы Бактрия мамлекети кайсы аймакта жайгашкан?
А) Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан Б) Кыргызстан, Тажикстан
В) Казакстан, Иран, Индия Г) Кытай, Тажикстан
Эфталиттер бактрия тилинде сүйлөп, кайсы алфавитинин негизинде түзүлгөн бакрия(кушан) жазуусун пайдаланган?
А) грек Б) латын В) араб Г) кытай
Кушан мамлекетинде кайсы дин кеңири тараган?
а) Манихейчилик б) Буддизм в) Ислам г) христиан
Кушан мамлекти кимдин атынан аталып калган?
А) Куштун атынан Б) Башкаруучусу Гуйшандын
В) Алар сыйынган кудайдын атынан Г) Дарыянын атынан
Тарых. I чейректик тест 6-класс II вариант
Борбордук Азиядагы мамлекеттерди бириктирген соода жолу кандай аталган?
А) Улуу Кербен Жолу Б) Улуу Түрк Жол
В) Улуу Мамлекеттердин Жолу Г) Улуу Жибек Жолу
“Элдердин Улуу көчү” деген эмне?
А) Элдердин Батышка карай массалык көчүүсү
Б) Элчилердин жер кезип, саякатка чыгуусу
В) Соодагерлердин пайда үчүн жолго чыгуусу
Г) Дыйкандардын түшүмдүү жер издөөсү
Байыркы Хорезмдин архитектурасын, көркөм маданиятын даңазалаган шаар калдыгы?
А) Дальверзин-Тепе Б) Намазга-Тепе В) Топрак-Кала Г) Ак-Талаа
4. Байыркы Бактрия мамлекети кайсы аймакта жайгашкан?
А) Тажикстан, Кытай Б) Кыргызстан, Тажикстан
В) Казакстан, Иран, Индия Г) Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан
5. Байыркы Бактрия мамлекетинин эң чоң шаары кайсы болгон?
А) Кира Б) Мараканда В) Бактра Г) Мерв
Аттилла деген ким болгон?
А) Хунндардын Европадагы мамлекетинин башчысы Б) Кытай императору В) Грек-Бактрия малекетинин падышасы Г)Кушан падышасы
Канчанчы жылдары Эфталиттер Чыгыш Түркстанды толук ээлеген?
А) 440-450-жж. Б) 450-470-жж. В) 490-509-жж Г) 550-570-жж.
Байыркы Хорезм мамлекети азыркы кайсы мамлекеттин аймагында кайсы кылымда түзүлгөн?
А) Б.з.ч. V к. Кыргызстан Б) Б.з.ч. VII к. Өзбекстан
В) Б.з. VII к. Өзбекстан Г) Б.з.ч. XII к. Тажикстан
Европалыктар хунндарды кандай аташкан?
А) гян-гунндар Б) гунндар В) аландар Г) хуннийлер
Кушан империясында кайсы тил мамлекеттик тил болуп эсептелинген?
А) Грек-Бактрия Б) Иран тили В) араб тили Г) кытай
Тарых. I чейректик тест 8-класс
1. Англиялык буржуазиялык революциянын негизги себебин белгиле.
а) Өнүгүп келе жаткан капитализмге феодалдык тартиптин тоскоол болушу
б) Королдук бийлик менен англичандык чиркөөнүн тирешүүсү
в) Түндүк менен Түштүк помещиктеринин бийлик үчүн күрөшү
г) Жаңы дворяндардын бийлик үчүн күрөшү
2. Англиялык буржуазиялык реолюциянын тарыхый мааниси:
а) дыйкандардын феодалга көз карандылыгын жойду
б) сословиялык айырманы, чиркөөнүн бийлигин жойду
в) абсолютизмди кыйратты
г) аристократтардын саясий бийлигин жойду
3. Түнүк Америкада кайсы Европа дөөлөтү биринчи колониясын түзгөн?
а) Португалия б) Испания в) Англия г) Голландия
4. 1895-ж. Орус окмуштуусу радиону ойлоп тапкан?
а) Г.Герц б) А.С.Попов в) И.В.Александр г) С.А.Петр
5. XIX к. дүйнөлүк соода жана өнөр жайга монополиялык абалда кайсы
мамлекеттин буржуазиясы ээлеген?
а) Франциянын б) Германиянын в) АКШнын г) Англиянын
6. Дүйнөдөгү биринчи пролетардык революция качан, кайда болгон?
а) 1871-ж. Англияда б) 1871-ж. Польшада
в) 1861-ж. Австрияда г) 1871-ж. Францияда
7. Капитализмди кескин сынга алышып, социалистик коомду курууга чакырышкан.
а) Джордж Гарни, К. Маркс, Ф. Энгельс
б) Сен-Симон, Шарль Фурье, Роберт Оуэн
в) К. Маркс, Сен-Симон, Роберт Оуэн
г) Ф. Энгельс, Дж. Гарни, Шарль Фурье
8. XVII к. Россияда абсолютизмдин пайда болушу менен кандай өзгөрүү болду?
а) Земстволук Соборлор чакырылбай калды
б) Падышалык бийлик чексиз болуп калды
в) Боярдык Думанын таасири күчөдү
г) Приказдар жана Земстволук Соборлордун таасири күчөдү
9. Петр I Россия императору болуп жарыяланган жыл
а) 1696-ж. б) 1721-ж.
в) 1635-ж. г) 1787-ж.
10. 1721-ж. фин шаары Ништадтта тынчтык келишимге кол коюлуп,
ал боюнча Россия .....................
а) Балтика деңизинин жээгинде бекемделди
б) Кара деңиз жээгинде бекемделди
в) Закавказье аймагын кошуп алды
г) Чыгыш Грузияга протекторат орнотту
Тарых. I чейректик тест 10-класс
1. Тарыхта Хаммурапинин атагы калды, ал ..............................
а) байыркы заманда эң улуу саякатчы болгон
б) бүткүл Вавилон хандыгы үчүн бирдей мыйзамды киргизген
в) Урада атактуу храмды курган
г) Эки дарыя аралыгында пирамида курууну башкарган
2. Индияда кастарлык доордо кшатрийлер кимдер болгон?
а) атактуу жрецтер жана ак сөөктөр б) аскер кызматкерлери, жоокерлер
в) кол өнөрчүлөр, дыйкандар жана соодагерлер г) кол тийбес кулдар
3. Байыркы Кытай чарбасындагы башка бир да өлкөдө болбогон тармак – бул............
а) пахта өстүрүү б) күрүч өстүрүү
в) кант камышын өстүрүү г) жибек куртун өстүрүү
4. Төмөнкү ачылыштардын кайсынысы Кытайда жасалган?
а) Папирус б) Иероглифтер в) Азыркы сандар г) Кагаз
5. Улуу Кытай сепилин ............................ үчүн курушкан.
а) кытайларды согушчан көчмөндөрдөн коргоо
б) кытайлар өлкөдөн сырткары кетүүсүн тыюу
в) кытайдын жетишкендигин башкаларга көрсөтүү
г) кытайдын чек арасын белгилөө
6. Байыркы дүйнөдө “Жети укмуш” болгон. Вавилондо анын кайсынысы жайгашкандыгын аныкта?
а) Александрия маягы б) Колос Родосский
в) Тадж-Махал күмбөзү г) Семирамиданын асма багы
7. Олимп тоосу байыркы гректер үчүн.......................... жер болгон.
а) Олимпиадалык оюндар өткөрүлүүчү
б) музыкант жана акындар жыл сайын мелдеш өткөрүүчү
в) кудайлар жашаган
г) кулдар сатылуучу чоң ярмарка
8. Александр Македонский өлгөндөн кийин анын державасы ыдырады, анткени:
а) Александрдын дөөлөтү бир нече майда падышачылыктарга бөлүнүп кеткен
б) жеңип алган жерлер менен Македониянын байланышы солгундаган
в) Александрдын бойго жеткен балдары болгон эмес
г) кол башчылары чарчаган жана жеңип алгандарын сактагысы келген эмес
9. Төмөнкү окуялардын кайсынысы баарынан мурда болгон?
а) Периклдын башкаруусу
б) солондун реформалары
в) Олимпиада оюндарынын башталышы
г) марафон салгылашуусу
10. Феодалдык тепкич – бул:
а) феодалдын сепилине кире бериштеги тепкич
б) дыйкандар майда феодалдарга, майда феодалдар ири феодалдарга ж. б.
төлөгөн салык жыйноо тартиби
в) төмөнкү феодалдардын жогорку феодалдарга баш ийиши
г) элдик чогулуштун, аксакалдар кеңешинин жана уруу башчысынын
ортосундагы мамилелер