СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тогуз коргоол оюну

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тогуз коргоол оюну

Просмотр содержимого документа
«Тогуз коргоол оюну»

№ 6 Мулкубат атындагы орто мектеби   тарбиялык сабак   мугалим: Данисланова Арабу

№ 6 Мулкубат атындагы орто мектеби тарбиялык сабак мугалим: Данисланова Арабу

 Тема: «Тогуз коргоол» оюну Сабактын максаты: Тогуз коргоол оюну жонундо маалымат алышат. Тогуз коргоол оюндун турмуштагы жана адамдын акыл-эсинин өсүп өнүгүүшүндөгү маанисин айтыпе бере алышат.

Тема: «Тогуз коргоол» оюну

Сабактын максаты:

  • Тогуз коргоол оюну жонундо маалымат алышат.
  • Тогуз коргоол оюндун турмуштагы жана адамдын акыл-эсинин өсүп өнүгүүшүндөгү маанисин айтыпе бере алышат.
Сабактын жабдылышы: тогуз коргоол, слайд  сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын жабдылышы: тогуз коргоол, слайд сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү

Тогуз Коргоолдун изилдөө тарыхынан :  Орустун изилдөөчүлөрү «Байлардын кылаарга иштери жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан» дешет. Ал эми  кыргызда малчылар балдардын логикасын тарбиялоо үчүн ойлоп тапкан. Венгер окумуштуусу Жорж Алмааши «Азиянын жүрөгүнө саякат» аттуу китебинде «тогуз коргоол акыл-эс оюнун кыргыз эли гана ойнойт экен» деп көзгө сая көрсөткөн. Казактарда Каныкеев деген окумуштуу «Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол улуттук  оюну пайда болгон» деген.

Тогуз коргоол тууралуу легенда:  Жолоочулар төөлөрүнүн үстүнө ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатып бир жерге түнөөгө мажбур болушуп конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп ушул оюнду ойлоп чыккан деген пикирлер да бар. Төөнүн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты тогуз коргоол деп аталып калган деген бир имиш бар.

Кол өнөрчүлүк:  Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму.  Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда чоңураак жанаша эки казынасы (казан же ордо чарасы) бар сүйрүлөнгөн такта. Анын жердиги карагайдан да, арчадан да, талдан да, теректен да, өрүктөн да, жаңгактан да болот. Чеберлер аны жасоодо араа, керки, бычак пайдаланышат. Чуңкурун, казынасын чебердеп оюу-жонуу үчүн атайын кичинекей ийгиси бар. Эгер кыйып келээри менен дароо чаба койсо, ага каймак, же сорпо майын «ичирип» (аябай сыйпап) көлөкөдө кургатуу керек. Тогуз кумалактын көлөмү койдун коргоолундай 162 коргоолу да жыгачтан бипбирдей тоголок жасалат.

Кызыктуу фактылар:  1 . Тогуз Коргоол оюну бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири. Кыргызстандан тышкары батыш Монголияда

Кызыктуу фактылар: 1 . Тогуз Коргоол оюну бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири. Кыргызстандан тышкары батыш Монголияда "Эсен коргол" жана Казакстанда "Тогуз кумалак" ат менен белгилүү. Бул оюн Орто Азия өлкөлөрүнөн башка түндүк-чыгыш Ооганстанда (Бадахшан), Орусияда ( Алтай , Хакассия , Якутия , Татарстан жана Тува ), батыш Монголияда жана түндүк - батыш Кытайда ойнолот ( Үрүмчү , Жунгария ). 2. " Манас " эпосунун бир вариантындагы мындай саптар бар экенин ким билиптир: Жалпак жыгач чаптырып, Чараларын оюшуп Бир жагына бир тогуз, Бир жагына бир тогуз, Үй чыгарып коюшуп… Манас эпосу 2-чи китеп Сагымбай Орозбак уулу , Кыргызстан, 1978 Кыркың кызык ойнотуп, Чатыраш ойнун салыңар, Тогуз, онуң биригип, Тогуз коргоол алыңар. Жыйылып алып жыйырмаң, Топ таш-чакмак алыңар.

3 . Логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө жакшы жардам берет, анткени оюнду ойноп жатып математикалык кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүгө мажбур болот. Ошондуктан бул оюн башталгыч класстардын балдарына да абдан пайдалуу.  4 . Кыргыз Республикасы нын Билим берүү министрлигинин буйругу менен

3 . Логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө жакшы жардам берет, анткени оюнду ойноп жатып математикалык кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүгө мажбур болот. Ошондуктан бул оюн башталгыч класстардын балдарына да абдан пайдалуу. 4 . Кыргыз Республикасы нын Билим берүү министрлигинин буйругу менен "Мектептин бардык класстагы окуучуларына тогуз коргоол оюнун ойнотулсун" деген буйругу киргизилен. 5. Тогуз Коргоол оюнунун электрондук версиясын кыргыз информатиги К. Картанбаев 1999- жылы түзгөндүгү белгилүү. 6. Кыргыз Республикасынын Тогуз Kоргоол федерациясы 1993- жылы түзүлгөн. 7 . Бүткүл Дүйнө боюнча интеллектуалдык оюндардын эл аралык олимпиадасынын манкала секциясында 2010 жылы Европадагы Тогуз Коргоол клубу сунуштап киргизген.

Тогуз коргоол - так эсептөөнү, стратегиялуу ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган жана аны өнүктүргөн оюндардын бири болуп саналат.  Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет.  Тогуз коргоол оюну традиционалдык оюндардын бири, анын авторы белгисиз жана кайсы мезгилде пайда болгону аныктала элек. Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет. 

Тогуз коргоол - так эсептөөнү, стратегиялуу ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган жана аны өнүктүргөн оюндардын бири болуп саналат.  Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет. Тогуз коргоол оюну традиционалдык оюндардын бири, анын авторы белгисиз жана кайсы мезгилде пайда болгону аныктала элек. Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет.  "Манас" эпосунун бир нече варианттарында тогуз коргоол тууралуу саптар бар экени белгилүү.  Ошондуктан биз бул оюнду Орто Азияга VII-VIII кылымдарда ислам дили менен бирге же болбосо Жибек Жолу аркылуу келген деп болжолдойбуз.

Тогуз коргоол – кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Тогуз коргоол манкала оюнунун түркүмүнө таандык. Манкала сөзү “жылуу, кыймыл” дегенди түшүндүрөт. Тогуз коргоолдун кыргызча вариантында оюнчунун негизги максаты болуп коргоолдорду көбүрөөк чогултуу болуп эсептелет. Ар бир оюнчунун тактасында 9 чукурчасы, ал чукурлардын ичинде тогуздан ташы болот. Тогуз деген сан көчмөн түрк эли, ошондой эле кыргыздар үчүн да ыйык сан болгон. Коргоол сөзү кыргызчада “койдун кумалагы” дегенди түшүндүрөт. Оюнда ошол тоголокторго окшогон асыл таштар колдонулуп келген. Баатыр эл, тынчтык өкүм сүргөн маалда тогуз коргоолду ойноп, өзүнүн аскердик жана стратегиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн. Мына ушул себептен көчмөн түрк элдери, ошондой эле кыргыздар үчүн тогуз коргоол оюну маанилүү болуп калган. Аскерлерди, байлыктарды жана душмандардын ээликтерин өзүнө каратып алуу оюндун негизи маңызы катары каралат. Ошол себептен ар бир коргоол бир аскерди символдоштуруп турат. Башка манкала оюндарынан айырмаланып, тогуз коргоол оюну төмөндөгүдөй эрежеси менен айырмаланат: эреже боюнча баардык алынган коргоолдордун ичинен бирөө сөзсүз ошол чукурдун ичинде калат. Бул көчмөн түрк элдеринин социалдык жашоосундагы ата-бабанын жайын сактоо салтын кандайдыр бир деңгээлде чагылдырып турат.

Тогуз коргоол оюнунун эрежеси:  тогуз коргоол - кыргыз элинин улуттук акыл оюну. Атайын жасалган тактада 2 адам ойнойт. Такта 18 үйдөн жана 2 казынадан турат. Ар бир оюнчуга 9 үй, 1 казына таандык. Эгерде үйлөрдү солдон оңго карай 1ден 9га чейинки сандар менен белгилесек, анда ал сандарга туура келген үйлөрдүн аттары төмөнкүдөй болот: 1-үй - куйрук, 2-үй - ат өтпөс, 3-үй - текилдек, 4-үй - далы, 5-үй - бел, 6-үй - ак колтук, 7-үй - эки тишти, 8-үй - көк моюн, 9-үй - ооз. Тогуз коргоол оюну көп жабдууларды талап кылбайт. Оюнга бардыгы 162 коргол керек. Ар бир оюнчу жеңип чыгышы үчүн 81ден коргол жыйноого умтулат. Жүрүш чучукулак аркылуу аныкталат.

Кыргыздарда тогуз уянын ар биринин аты болгон.   1 – ооз;   2 — текилдек уй;   3 — ат өтпөс;   4 — жаман уй;   5 — бел уй;   6 — далы;   7 — эки тиш уй;   8 — көк моюн;   9 — куйрук уй

Кыргыздарда тогуз уянын ар биринин аты болгон. 1 – ооз; 2 — текилдек уй; 3 — ат өтпөс; 4 — жаман уй; 5 — бел уй; 6 — далы; 7 — эки тиш уй; 8 — көк моюн; 9 — куйрук уй

Жыйынтыктоо:  1. бугунку сабак силер учун кызыктуу болдубу?  2. тогуз коргоол оюну пайдалуу деп ойлойсунарбы?  3. бугундон баштап бул оюнду ойнойсунарбы, ал учун эмне кылыш керек?  4. келечекте кыргыздын улуттук оюндарын онуктуруу керекпи?

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!