Кыргыз адабияты 11-класс
Мугалим: Полотбек кызы Айзирек
Сабактын темасы: Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романы
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар «Тоолор кулаганда» романы боюнча
талдоо жүргүзүшөт, өздөштүргөн билимдерин системалаштырышат;
2.Өнүктүрүүчүлүк: Сынчыл ой жүгүртүүгө, оюн эркин, так айтууга үйрөнүшөт,
дүйнөгө болгон көз карашы калыптанат;
3.Тарбия берүүчүлүк: Туруктуулукка, жаратылышты коргоого, адамдарды
баалай билүүгө тарбияланышат;
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын усулу: Инновациялык усул, Блум таксономиясы, Венндин диаграммасы
Сабактын формасы: Дискуссия, сахна сабак
Сабактын принциби:Илимийлүүлүк, ырааттуулук, көрсөтмөлүүлүк, аң-сезимдүүлүк
Сабак аралык байланыш: География, тарых, музыка, биология, математика,
информатика, сүрөт, эмгек, адеп
Сабактын жабдылышы:Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагы VIII том, Н.Ишекеев, С.Батаканова, Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы, Б.: 2014, дубал газеталар, техникалык каражаттар, сүрөттөр, макет
Сабактын жүрүшү:
Үй тапшырмасы:
Баалоо
Талдоо
Колдонуу
Түшүнүү
Билим
Уюштуруу
Уюштуруу. Дүйнөдө жети санын ыйык дешет. Жети санына кайрылып алалычы?
Дүйнөнүн жети керемети
Кыргызстандын жети областы
Класстагы жигиттердин саны
Менделеевдин мезгилдик системасындагы жети мезгил
Музыкадагы жети нота
Жети атаны билүү
Жуманын жети күнү
Жагымдуу жагдай түзүү. «Аяз атага кат»
2015-жылдагы маараке ээлери.
Сабактын темасы, максаты менен тааныштырылат.
Билим баскычында үй тапшырмасы текшерилет. Үйгө тапшырмасы: «Тоолор кулаганда» романынын негизинде сахналык көрүнүшкө даярдануу. Конфуций: «Уксам – унутамын, көрсөм – эсте сактаймын, жасап көрсөм – үйрөнөмүн».
Катышуучулар:
Арсен: Нуралы
Ташафган: Нуржигит
Саксагай: Канат
Жаабарс: Бекзат
Элес: Сажида
Кызкайып: Элиза
Мисир: Азиз
Хасан: Нурдин
Бектур ага: Азирет
«Тоолор кулаганда» романынан сахналык көрүнүш
(Ташафган, Саксагай,Арсен киришет)
Ташафган: Кел, Арсен, сен биз үчүн кадырлуу коноксуң. Азыр чогуу өзүбүз окуган мектепке баралы. Ошол жерден салт боюнча чай ичели, өткөндү эстеп, бир сүйлөшөлү. Азыр бала-чака жайлоодо, ошон үчүн сени үйгө жүр дей албайбыз.
Арсен: Макул, анда. (Сүйлөшкөнчө чыгып кетишет) Мектепте
Арсен: Эрте менен ханзада Хасандын элчиси Эмираттан спутник аркылуу чалды.
Ташафган:Мына сага, аларың балекет экен. Өздөрүнүн спутниги аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна чала беришет экен.
Саксагай: Анда эмесе, биз окуган классты көрөлү. Кандай гана кайталангыс кез эле... классташтар, агайлар, эжейлер...
Ташафган:Эми, Арсен, кеп биздин кайда окуганыбызда эмес. Ооба, сен биздин классташыбызсың, мейманыбызсың. А бирок, сен бүгүн биздин колубуздасың.
Арсен:Токточу, эй! Биздин колубуздасың дегениң кандай? Ат бердиңер, аныңарга рахмат. Бирок, эртең-бүрсүгүнү шаарга кетем, ат өзүңөргө эле калат.
Ташафган:Сенин кетериңди, же кетпесиңди ким билет?
Арсен: Кандайча, ачык айткылачы?
Ташафган: Ачыкпы? Анда алкымга бычак такагандай сөз болот.
Арсен: Эмне?! Ташафган сен өзүң жинди болуп турасыңбы?
Ташафган: Кызаңдаба сен! Кабатыр да болбо, бул жерде бизди эч ким укпайт да, билбейт. Ааламдаштыруу дегенди, жашоо үчүн кандай бийлик жүргүзүү керек экендигин менден жакшы билесиң.
Арсен: Өтө эле бийик кеттиң го? Ааламдаштыруу дүйнөдө болуп жаткан иш, андан көрө айтарыңды айт.
Ташафган: Жакшы болот. Дүйнөдөгү байлар, аларды азыр олихархтар дешерин өзүң жакшы билесиң. Мына бизге келаткан араб мергенчилерин алалы, кааласа баарыбызды бир ууч дилдеге сатып алат. А биз аларга мөңгү барстарын атып алгыла деп, алдыларына койдой айдап беребиз да, ошонубузду эрдик санап кубанабыз.
Арсен:Сен таптакыр башка жакка кеттиң, Таштанбек.
Ташафган: Мен ошол эле жакка барамын, жана сен да биз менен болосуң. Сен ошол келген ханзадаларды барымтага аласың. Аларды үңкүргө айдап кирип, ар бир ханзададан миллиондон – 20 миллион доллар талап кыласың. Биз – бешөөбүз, сени менен алты. Ар бирибиздин үлүшүбүз 3 миллион. 3 жүз миң доллар үч өмүргө жетет. Биз англисче билбейбиз.Бирок, куралыбыз менен үңкүрдүн айланасында болобуз.
Арсен: Мен каалабасамчы?
Ташафган: Каалабасаң мындан чыкпайсың. Мүрзөңдүн да орду даяр. Арсен: Жетишет! Жадап бүттүм. Мен кеттим.
Ташафган:Ордуңдан жылба! Мени классатшын өлтүргөн канкор атка кондурба! Ачууңду бас, сенин эки гана жолуң бар. Биринчиси – биз менен бирге болосуң, экинчиси – макул болбосоң – бир гана ок. Биз бүт баарын чечип койгонбуз. Эмесе сөз бүттү. Мен солдат шапкемди кийгенде ишти баштайсың. Же 20 миллион далларды алабыз, же мына менен үңкүрдү жардырып жиберем.
Саксагай жана башкалар: Антты бузган чыккынчы!
Арсен: Дал ошондой! Аскердегидей, буйрук Кудайдан улук!
(Алар басып келатканда Элес алдыларынан чыгат)
Элес: Сиздерди сүрөткө тартып алсам болобу? Фотоаппаратым цифралык.
Арсен:Укмуш го. Келгиле эми чогуу түшөлү. Чыгарып алсак болобу?
Элес: Чыгарып берем, байке. «Мерген» офисине мен да барам. Атым – Элес. Түмөн айылынан болом. Соода менен алектенем.
Арсен: Бул жерде кайдан?
Элес: Мен да «Мерген» фирмасына жардам берем, алардын мергенчилерин сүрөткө тартам. Меймандар тоодон кайткандан кийин концерт бермекчибиз.
Арсен: Элес, сен фотографсыңбы?
Элес:Жок, менин кесибим – китепканачы, пединститутта окугам. (Арсен бир саамга унчукпай калат)
Арсен: Биздин мекенибиз кандай гана сонун ээ? Мен бул жерди «Элес капчыгайы» деп атагым келип турат.
Элес: А мен «Арсен капчыгайы» дегенди сунуш кылам.
Арсен:Дыйканчылык менен мал чарба азыктарына азыр суроо-талап аз. Ушундан улам айылды жакырчылык басты, жумушсуздук мүңкүрөттү. Мындай кыйын кезеңде «Мерген» фирмасы көп маселелерди чечип жатат. Эң негизгиси бул жерде иш бар, эмгек акы бар. Ошондон улам эртең чет өлкөлүктөр келет, ага бу жердегилер кызыгып жатышат. Бектур ага иштин көзүн билет.
Элес: Мен аябай капа болуп жатамын, Арсен. Арабдар келгенде: «Биздин мөңгү барстарынан колуңду тарт. Аларга тийбегиле, айбанаттарыбызга ок атпагыла» деген плакаттар менен чыккым келет.
Арсен: Чын, Элес. Буга кийинчерээк каршы чыгыш керек. Элде иш жок азыр. Ооганстанда баңги заттарды өстүрүүнү токтотуу үчүн азыр башка өсүмдүктү издеп жатышат. Аңчылык да ошондой.
Элес: Биздин дилибиз, оюбуз бир болуп жатат.
Арсен: Сен мени такыр өзгөртүп салдың. Менин өч алуу, Курчал акмакты өлтүрүү максатымды жок кылдың. Жылдыз болуп кеткен Айданасыз деле, жашоонун жыргалы бар экенин сездирдиң. Мен сени шаарга ала качкым келип турат.
(Элес күлүп, экөө кол кармашып)
Элес: Мен Саратовго барып келатып, түз эле Бишкекте калып калайын.
Арсен: Сүйлөштүк.
(Чыгып кетишет)
(Бектур, Арсен, айыл башчы, Хасан, Мисир ж.б. кирет. Арсен кол шилтеп Туюк-Жар айылын көрсөтүп түшүндүрүп келет)
Арсен: Урматтуу ханзадалар, шеф Бектур эскертип жатат. Мына бул бурулуштан кийин эс алабыз. Атайын тигилген чатырлар бар, аттар ушул жерде калат. Андан ары жөө кетебиз.
Хасан: Биз макулбуз.
Мисир: Мергенчилик деген ошондой. (Токой аралап басышат)
Саксагай: (Алдыда барат, мегафондон) Таштанафган! Биз айтылган жердебиз! Уктуңбу?!
Ташафган: (Ал да мегафон менен) Мен да ушу жердемин. Азыр (ашына шапкесин кийип, Ташафган келет. Арсен таштай катып туруп калат. Ал болсо «бул чын» дегендей, шапкесин өйдө көтөрүп, кайра басып кийип алат) Акырая караба! Бешөөбүздө тең автомат бар, же 20 миллионду колубузга салышат, же эч ким тирүү калбайт! (Чыгып кетет)
Арсен: Көңүл бургула! Менин буйругумду уккула! Чет өлкөдөн мергенчиликке келгендер, силерди каргыш алсын! Мен силерге айтып жатамын! Биздин мөңгү барстарынан колуңарды алгыла! Аларга ок чыгармак түгүл, бул жерден крааныңарды көрсөтпөй жоголгула! Болбосо, бириң тирүү калбайсың! Баарыңарды кырып салам! (Асманды көздөй тарсылдата ок чыгарат. Ошол замат ар тараптан октор атылат. Арсенге ок тиет)
Ташафган: Ит экенсиң! Чыккынчы! Сени кескилеп өлтүрүү керек, сатып кеттиң!
Бектур: Уят болдук! Өлдүк! Ушундай да болобу? Кудай менен ата-бабанын каргышы тийсин!
(Ханзадалар жан талашып качат. Арсен Моло-Таш үңкүрүнө кара эптеп жылат. Ырылдап, алдынан канга боелгон барс чыгат, араң аяк шилтейт. Арсен боортоктоп, барска карай жылып, көзү караңгылап, шайы ооп барат. Жаабарс кыймылсыз жатат.)
Арсен: Акыркы жайга кетерде кездешкен экенбиз да.
Кызкайып: Кайдасың сен, кайдасың сен жан биргем,
Арсен: Кош бол эми, көрүшпөйбүз эч качан...
Түшүнүү баскычында композиция, сюжет, образдар боюнча талдоо жүргүзүлөт.
Чыгармага композициялык талдоо:
Образдар боюнча талдоо:
Каармандар боюнча шарттуу сүрөттөр көрсөтүлөт. Окуучулар сүрөттөрдүн негизинде каармандарга талдоо жүргүзүшөт.
Сюжеттик талдоо:
Окуянын башталышы
Окуянын өнүгүшү
Окуянын чиелениши
Кульминациялык чекит
Окуянын чечилиши
Колдонуу баскычында «Пантомимика» оюну ойнотулат. Окуучулар кыймыл-аракет менен каармандардын образын жаратышат.
Талдоо баскычында проблемалык суроолор берилет.
«Тоолор кулаганда» романындагы окшош тагдырлар тууралуу талкуу жүргүзүлөт.
Барс тууралуу видео көрсөтүлөт.
Бышыктоо. «Мен сабактан өзүмө эмне алдым?»
Аяз атанын каты окулат.
Баалоо.
Алган билиминин «мыкты» кожоюну - 5
Алган билиминин «жакшы» кожоюну - 4
Кожоюн болууга аракети барлар - 3
Үйгө тапшырма:
1. «Тоолор кулаганда» романындагы Арсен жана Жаабарстын тагдыры» деген темада дил баян жазуу;
2. «Тоолор кулаганда» романы кыл калемде: чыгарманын негизинде сүрөт тартуу;
3. «Экономиканы өнүктүрүү менен бирге жаратылышты бүлүндүргөн жокпузбу?» деген суроо боюнча ой жүгүртүп, оозеки жооп берүүгө даярдануу.