СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Төрт бурчтуктар жана алардын түрлөрү

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

8 - класстар үчүн

Просмотр содержимого документа
«Төрт бурчтуктар жана алардын түрлөрү»

Сабактын темасы:  Төрт бурчтуктар жана анын түрлөрү:  тик бурчтук, квадрат, ромб, параллелограмм, трапеция.   Сабактын тиби: Өтүлгөн теманы бышыктоо

Сабактын темасы: Төрт бурчтуктар жана анын түрлөрү: тик бурчтук, квадрат, ромб, параллелограмм, трапеция. Сабактын тиби: Өтүлгөн теманы бышыктоо

 Сабактын максаты: Окуучулар төрт бурчтуктардын түрлөрүн : параллелограм, тик бурчтук, ромб, квадрат, трапециянын өзгөчөлүктөрү менен айырмалай алышса,  Фигуралардын касиеттерин формулалар менен түшүнүшөт жана эсептөө иштеринде колдоно алат. Төрт бурчтук темасында алган билимди турмушта колдонууну үйрөнүшөт.

Сабактын максаты:

  • Окуучулар төрт бурчтуктардын түрлөрүн : параллелограм, тик бурчтук, ромб, квадрат, трапециянын өзгөчөлүктөрү менен айырмалай алышса,
  • Фигуралардын касиеттерин формулалар менен түшүнүшөт жана эсептөө иштеринде колдоно алат.
  • Төрт бурчтук темасында алган билимди турмушта колдонууну үйрөнүшөт.
 Күтүлүүчү натыйжа: Окуучулар төрт бурчтуктардын түрлөрүн айырмалап, алардын өзгөчөлүктөрүн түшүнөт. Пиза маселесин чечүү аркылуу ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү анализдөө көндүмдөрү бекемделет. Сабакта активдүү катышып, топ менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Окуучулар төрт бурчтуктардын түрлөрүн айырмалап, алардын өзгөчөлүктөрүн түшүнөт.
  • Пиза маселесин чечүү аркылуу ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү анализдөө көндүмдөрү бекемделет.
  • Сабакта активдүү катышып, топ менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.
Түстөр ажырата алабызбы? (сабакты уюштуруу)

Түстөр ажырата

алабызбы?

(сабакты уюштуруу)

Жашыл Кызыл

Жашыл

Кызыл

Кара Жашыл

Кара

Жашыл

Коңур Көк

Коңур

Көк

Томпок Томпок эмес Квадрат Параллело грамм Ромб Трапеция  Тик бурчтук

Томпок

Томпок эмес

Квадрат

Параллело

грамм

Ромб

Трапеция

Тик

бурчтук

Төрт бурчтуктардын түрлөрү жана касиеттери:   Параллелограм: Карама-каршы жактары параллель жана тең. Бийиктиги аркылуу аянтын эсептейбиз: S = a × h .   Тик бурчтук: Бардык бурчтары 90° жана эки жуп параллель жактарга ээ. Аянты: S = a × b .   Ромб: Төрт жак тең, диагоналдары бири-бирин тик бурчта кесет. Аянты: S = ( d 1 × d 2) | 2.   Квадрат: Төрт жагы барабар төрт бурчтук . Аянты: S = a ².   Трапеция: Бир жуп параллель жагы бар. Аянты: S = ( a + b ) × h | 2.  

Төрт бурчтуктардын түрлөрү жана касиеттери:

 

Параллелограм: Карама-каршы жактары параллель жана тең. Бийиктиги аркылуу аянтын эсептейбиз: S = a × h .

 

Тик бурчтук: Бардык бурчтары 90° жана эки жуп параллель жактарга ээ. Аянты: S = a × b .

 

Ромб: Төрт жак тең, диагоналдары бири-бирин тик бурчта кесет.

Аянты: S = ( d 1 × d 2) | 2.

 

Квадрат: Төрт жагы барабар төрт бурчтук . Аянты: S = a ².

 

Трапеция: Бир жуп параллель жагы бар.

Аянты: S = ( a + b ) × h | 2.

 

  «Галерея айланмасы» техникасы: Ар бир топ төрт бурчтук түрлөрүн (тегиз төрт бурчтук, ромб, параллелограм, трапеция ж.б.) изилдеп, плакаттарга жазышат. Анан ар бир топ өз бурчунан айланып, башка топтордун материалдарын толуктайт же суроо берет. Тапшырма: Ар бир топ өзүнүн төрт бурчтук түрүнүн касиеттерин класс алдында кыскача түшүндүрөт .

  «Галерея айланмасы» техникасы:

Ар бир топ төрт бурчтук түрлөрүн (тегиз төрт бурчтук, ромб, параллелограм, трапеция ж.б.) изилдеп, плакаттарга жазышат. Анан ар бир топ өз бурчунан айланып, башка топтордун материалдарын толуктайт же суроо берет.

Тапшырма: Ар бир топ өзүнүн төрт бурчтук түрүнүн касиеттерин класс алдында кыскача түшүндүрөт .

Пиза маселелери 1. Маселе: Асан айылда жайгашкан өзүнүн турак үйүнүн аянтын чоңойтуп, бакчасына террасса курууну пландаштырууда. Ал террассанын формасы туура бурчтуу төрт бурчтук болот деп чечти. Туурасы 6 м, ал эми узундугу туурасынын 1.5 эсесине барабар. Асан террассанын жалпы аянтын жана периметрин эсептеп чыксын.   Максаты : силер тик бурчтукка карата татаал пропорцияларды колдонуп аянт жана периметрди табасыңар.

Пиза маселелери

1. Маселе: Асан айылда жайгашкан өзүнүн турак үйүнүн аянтын чоңойтуп, бакчасына террасса курууну пландаштырууда. Ал террассанын формасы туура бурчтуу төрт бурчтук болот деп чечти. Туурасы 6 м, ал эми узундугу туурасынын 1.5 эсесине барабар. Асан террассанын жалпы аянтын жана периметрин эсептеп чыксын.

 

  • Максаты : силер тик бурчтукка карата татаал пропорцияларды колдонуп аянт жана периметрди табасыңар.
Пиза маселелери 2. Маселе (трапеция боюнча ):   Асан бакчасына күнөскана курууга киришти. Күнөскана трапеция формасында болот, анын негизги чоң жагы 10 м, кичине жагы 5 м, ал эми бийиктиги 4 м. Асан күнөскананын ички аянтын жана алынып калган материалды (поликарбонатты) канча чарчы метр сатып алышы керек экенин эсептесин. Эгер поликарбонаттын баасы бир чарчы метри үчүн 1800 сом болсо, жалпы нарк канча болот?  Түшүндүрмө: Поликарбонат – бул жеңил, күчтүү жана таасирге туруктуу болгонтермопластикалык полимер. Жарык өткөрүү оңой, орнотуу Ыңгайлуу, кундон жакшы коргойт. Максат: Окуучулар трапециянын аянтын табуу формуласын жана реалдуу дүйнөдөгү колдонмолорду үйрөнүшөт.

Пиза маселелери

2. Маселе (трапеция боюнча ):

Асан бакчасына күнөскана курууга киришти. Күнөскана трапеция формасында болот, анын негизги чоң жагы 10 м, кичине жагы 5 м, ал эми бийиктиги 4 м. Асан күнөскананын ички аянтын жана алынып калган материалды (поликарбонатты) канча чарчы метр сатып алышы керек экенин эсептесин. Эгер поликарбонаттын баасы бир чарчы метри үчүн 1800 сом болсо, жалпы нарк канча болот?

Түшүндүрмө: Поликарбонат – бул жеңил, күчтүү жана таасирге туруктуу болгонтермопластикалык полимер. Жарык өткөрүү оңой, орнотуу Ыңгайлуу, кундон жакшы коргойт.

Максат: Окуучулар трапециянын аянтын табуу формуласын жана реалдуу дүйнөдөгү колдонмолорду үйрөнүшөт.

Пиза маселелери 3. Маселе (ромб) : Асан дүкөн ачуу үчүн жаңы имаратты карап жатат. Имараттын ички аянты ромб формасында жана бир диагоналы 12 м, экинчи диагоналы 9 м. Дүкөндү ачуудан мурун, Асан салыкка жыл сайын 5% төлөшү керек, ал салык имараттын чарчы метринин баасы 10,000 сом менен эсептелет. Ал канча салык төлөөрүн жана киреше менен чыгашаларды кантип пландашы керек экенин эсептегиле. Максат: Силер ромбдун аянтын табуу менен финансылык пландоого жана киреше-чыгашаларга байланыштуу түшүнүктөрдү иштеп чыгасыңар

Пиза маселелери

  • 3. Маселе (ромб) : Асан дүкөн ачуу үчүн жаңы имаратты карап жатат. Имараттын ички аянты ромб формасында жана бир диагоналы 12 м, экинчи диагоналы 9 м. Дүкөндү ачуудан мурун, Асан салыкка жыл сайын 5% төлөшү керек, ал салык имараттын чарчы метринин баасы 10,000 сом менен эсептелет. Ал канча салык төлөөрүн жана киреше менен чыгашаларды кантип пландашы керек экенин эсептегиле.
  • Максат: Силер ромбдун аянтын табуу менен финансылык пландоого жана киреше-чыгашаларга байланыштуу түшүнүктөрдү иштеп чыгасыңар

Найдите прямые углы 15

Найдите прямые углы

15

Терминдер тууралуу ...  «Трапеция» - грек сөзүнөн которгондо «стол» дегенди т ү шүндүрөт (грекче –трапедзион) «Диагональ» термини эки «диа» (аркылуу) жана «гониос» (бурч) деген грек сөздөрүнүн айкашынан алынган б.а. бурчтардын чокулары аркылуу өткөн түз сызык. «Ромб» термини гректин ρομβος  — «бубен» деген сөзүнөн алынган. Эгер азыр бубендерди тегерек формада кылышса, мурда алар ромб формасында кылышчу. Картадагы момундун белгиси да ромб формасында.

Терминдер тууралуу ...

«Трапеция» - грек сөзүнөн которгондо «стол» дегенди т ү шүндүрөт (грекче –трапедзион)

«Диагональ» термини эки «диа» (аркылуу) жана «гониос» (бурч) деген грек сөздөрүнүн айкашынан алынган б.а. бурчтардын чокулары аркылуу өткөн түз сызык.

«Ромб» термини гректин ρομβος  — «бубен» деген сөзүнөн алынган. Эгер азыр бубендерди тегерек формада кылышса, мурда алар ромб формасында кылышчу. Картадагы момундун белгиси да ромб формасында.

100 дөн ашык парашютисттер дүйнөдө эң чоң ромб жасашкан.  Диоганалдары жүргүзүлгөн ромб эң бекем жана туруктуу конструкциялардын бири болуп эсептелет. Мындай конструкциялар көпүрөлөрдү имараттарды жана мотоциклдин рамаларын курууда кенири колдонулат .

100 дөн ашык

парашютисттер дүйнөдө

эң чоң ромб жасашкан.

Диоганалдары жүргүзүлгөн ромб эң бекем жана туруктуу конструкциялардын бири болуп эсептелет. Мындай конструкциялар көпүрөлөрдү имараттарды жана мотоциклдин рамаларын курууда кенири колдонулат .

Археологдор жерди казып жатып кумураларды табышкан, ал кумураларда ар дайым ромбдун сүрөтү болгон. Азыр дагы айрым идиштердин сырттарында ромбдордун сүрөтү түшүрүлгөн.
  • Археологдор жерди казып жатып кумураларды табышкан, ал кумураларда ар дайым ромбдун сүрөтү болгон.

Азыр дагы айрым идиштердин сырттарында ромбдордун сүрөтү түшүрүлгөн.

Төрт бурчтук жана чоң үч бурчтук       Жүрөктүн жана мээнин сызыктарынын аралыгы төрт бурчтук түрүндө белгилүү. Орто өлчөмдөгү колдо сызыктардын аралыгы 1,25 смдей. Чоң колдордо аралык жогорудагы мааниден кичине чоңураак болушу мүмкүн. Мындай төрт бурчтук токтоо, тамашакөй адамды көрсөтүп турат. Аны менен ар дайым тил табышууга болот, анткени ал ар дайым жардамга келе турган ак көңүл жана кичипейил адам.   Идеалдуу  төрт бурчтук

Төрт бурчтук жана чоң үч бурчтук  

  • Жүрөктүн жана мээнин сызыктарынын аралыгы төрт бурчтук түрүндө белгилүү. Орто өлчөмдөгү колдо сызыктардын аралыгы 1,25 смдей.
  • Чоң колдордо аралык жогорудагы мааниден кичине чоңураак болушу мүмкүн. Мындай төрт бурчтук токтоо, тамашакөй адамды көрсөтүп турат. Аны менен ар дайым тил табышууга болот, анткени ал ар дайым жардамга келе турган ак көңүл жана кичипейил адам.

Идеалдуу

төрт бурчтук

Кызыктуу фактылар Эймстин бөлмөсүндөгү(1946-жылы ойлоп тапкан) үч өлчөмдүү оптикалык иллюзиянын натыйжасында жакынкы бурчта турган бала алыскы бурчта турган кызга салыштырмалуу дөөдөй көрүнөт. Чынында бөлмө трапеция формасында.  Эффект бузулган шахмат клеткасынан күчөйт .

Кызыктуу фактылар

  • Эймстин бөлмөсүндөгү(1946-жылы ойлоп тапкан) үч өлчөмдүү оптикалык иллюзиянын натыйжасында жакынкы бурчта турган бала алыскы бурчта турган кызга салыштырмалуу дөөдөй көрүнөт. Чынында бөлмө трапеция формасында.
  • Эффект бузулган шахмат клеткасынан күчөйт .
Төрт бурчтуктар чий жасалгаларында

Төрт бурчтуктар чий жасалгаларында

Төрт бурчтуу брусчаткалар

Төрт бурчтуу брусчаткалар

Т ө рт бурчтуктар адамдын булчуңдарында Дельтоид сымал булчуң Трапеция сымал булчуң

Т ө рт бурчтуктар адамдын булчуңдарында

Дельтоид сымал булчуң

Трапеция сымал булчуң

Төрт бурчтуктар астрономияда  Орион топ  жылдызы  ( жылдыздар трапецияны түзүшөт).

Төрт бурчтуктар астрономияда

  • Орион топ

жылдызы

( жылдыздар трапецияны түзүшөт).

Диагоналдары ж үргүзүлгөн р омб эң бекем жана чыдамкай конструкция деп эсептелинет. Мындай конструкциялар көпүрөлөрдү курууда, ал гана эмес велосипеддердин рамаларында кеңири колдонулат.

Диагоналдары ж үргүзүлгөн р омб эң бекем жана чыдамкай конструкция деп эсептелинет. Мындай конструкциялар көпүрөлөрдү курууда, ал гана эмес велосипеддердин рамаларында кеңири колдонулат.

Ромб турмушта “ Спартак” футболдук  командасынын значогунда Домкрат Ойноочу картада “ Момун ” Автомашиналардын логотиптеринде

Ромб турмушта

Спартак” футболдук

командасынын значогунда

Домкрат

Ойноочу картада

“ Момун ”

Автомашиналардын логотиптеринде

Кайтарым байланыш Падлет тиркемеси менен:

Кайтарым байланыш

Падлет тиркемеси менен:

Жыйынтыктоо:  Бүгүн биз ар түрдүү төрт бурчтуктарды изилдедик. Квадрат болобу, трапеция болобу – ар биринин өзгөчө касиеттери бар. Бул ар бирибиздин да өз уникалдуулугубуз бар экенин эске салат. Ар бириңердин күчтүү жактарыңар бар, жана бул күчтүү жактарыңарды колдонуп, чоң жетишкендиктерге жетсеңер болот.   Геометриядагыдай эле, жашоодо ар кимдин орду маанилүү. Алдыда силерди дагы көптөгөн кызыктуу сабактар, ачылыштар күтүп жатат. Жарыгыңарды жандырып, эң жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн аракет кылаарыңарга ишенем!

Жыйынтыктоо:

Бүгүн биз ар түрдүү төрт бурчтуктарды изилдедик. Квадрат болобу, трапеция болобу – ар биринин өзгөчө касиеттери бар. Бул ар бирибиздин да өз уникалдуулугубуз бар экенин эске салат. Ар бириңердин күчтүү жактарыңар бар, жана бул күчтүү жактарыңарды колдонуп, чоң жетишкендиктерге жетсеңер болот.

Геометриядагыдай эле, жашоодо ар кимдин орду маанилүү. Алдыда силерди дагы көптөгөн кызыктуу сабактар, ачылыштар күтүп жатат. Жарыгыңарды жандырып, эң жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн аракет кылаарыңарга ишенем!