СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Түндүк Америка 7-кл

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Түндүк Америка 7-кл»

Тундук Америка  Жасаган:Абдыкасымов Атакан 7г Текшерген: Зарнаева Назгул

Тундук Америка

Жасаган:Абдыкасымов Атакан 7г

Текшерген: Зарнаева Назгул

Түндүк Америка (англисче North America, французча Amérique du Nord, испанча América del Norte, Norteamérica, астекче Ixachitlān Mictlāmpa) — Жердин Батыш жарым шарынын түндүгүндө жайгашкан материк. Мазмуну Этимология Географиясы Жайгашуусу Түндүк Американын ачылышы жана изилдөө тарыхы Геология Рельеф Тоолор Климат Гидрография Дарыялар Көлдөр Ички суулары Фауна Түндүк Американын мамлекеттери жана аймактары Көз карандысыз мамлекеттер Көз каранды аймактар

Түндүк Америка (англисче North America, французча Amérique du Nord, испанча América del Norte, Norteamérica, астекче Ixachitlān Mictlāmpa) — Жердин Батыш жарым шарынын түндүгүндө жайгашкан материк.

Мазмуну

Этимология

Географиясы

Жайгашуусу

Түндүк Американын ачылышы жана изилдөө тарыхы

Геология

Рельеф

Тоолор

Климат

Гидрография

Дарыялар

Көлдөр

Ички суулары

Фауна

Түндүк Американын мамлекеттери жана аймактары

Көз карандысыз мамлекеттер

Көз каранды аймактар

Аянты  24 365 000 км² Калкы  579 000 000 адам (2016) Калк жыштыгы  22,9 адам/км Мамлекеттер саны  23 (2022) Тилдер  англис, испан, француз ж. б. Саат алкактары  UTC-10дон UTC чейин Ири шаарлар  Мехико (9,1 млн), Нью-Йорк (8,7 млн), Лос-Анджелес (3,9 млн), Чикаго (2,7 млн), Торонто (2,6 млн), Гавана (2,3 млн), Хьюстон (2,1 млн), Гватемала (2,1 млн), Манагуа (1,8 млн) . Түндүк Американын калкы 579 миллион адам (2016), бул дүйнө калкынын 7 % түзөт. Материк чегинде көбүнчө АКШ, Канада, Гренландия, Сен-Пьер, Микелон жана Бермудду бириктирген Түндүк Америкалык аймакты белгилешет. Түндүк Америкада, Австралия сыяктуу эле, деңизге чыгуусу жок өлкөлөр жок, башкача айтканда бардык өлкөлөр деңизге чыга алат.

Аянты 24 365 000 км²

Калкы 579 000 000 адам (2016)

Калк жыштыгы 22,9 адам/км

Мамлекеттер саны 23 (2022)

Тилдер англис, испан, француз ж. б.

Саат алкактары UTC-10дон UTC чейин

Ири шаарлар Мехико (9,1 млн), Нью-Йорк (8,7 млн), Лос-Анджелес (3,9 млн), Чикаго (2,7 млн), Торонто (2,6 млн), Гавана (2,3 млн), Хьюстон (2,1 млн), Гватемала (2,1 млн), Манагуа (1,8 млн)

.

Түндүк Американын калкы 579 миллион адам (2016), бул дүйнө калкынын 7 % түзөт. Материк чегинде көбүнчө АКШ, Канада, Гренландия, Сен-Пьер, Микелон жана Бермудду бириктирген Түндүк Америкалык аймакты белгилешет. Түндүк Америкада, Австралия сыяктуу эле, деңизге чыгуусу жок өлкөлөр жок, башкача айтканда бардык өлкөлөр деңизге чыга алат.

Этимология Америка, немец картографтары Мартин Вальдземюллер жана Матиас Рингманндардын ойлору боюнча флорентиялык саякатчы Америго Веспуччинин ысымынан аталган деп саналат. Веспуччи 1497 жана 1502-жылдары Түштүк Американы изилдеп жатып, Америка Ост-Индия эмес эле, белгисиз континент деп жоромолдогон биринчи европалык болгон. 1507-жылы Вальдземюллер дүйнө картасын түзүп, Түштүк Америкалык континенттин Бразилия аймагын «Америка» деп атап жазган. Ал, картага тиркелген Cosmographiae Introductio китебинде аталышын кийинкидей түшүндүргөн: Бүгүн бул дүйнө бөлүктөрү (Европа, Африка жана Азия) толук изилденди, ал эми төртүнчү дүйнө бөлүгү Америго Веспуччи тарабынан ачылды. Европа жана Азия аялдардын ысымынан аталгандыктан, мен бул жаңы аймакты аны ачкан айкөл эркектин аты Америга, Америганын Жери, же Америка деп атоого тоскоолдук көргөн жокмун. Кийинчерээк, Түндүк Америка карталарда пайда болгондо, бул аталыш ага да тараган: 1538-жылы Герард Меркатор дүйнө картасында бүткүл батыш жарым шарды белгилөө үчүн «Америка» топонимин колдонгон.

Этимология

Америка, немец картографтары Мартин Вальдземюллер жана Матиас Рингманндардын ойлору боюнча флорентиялык саякатчы Америго Веспуччинин ысымынан аталган деп саналат. Веспуччи 1497 жана 1502-жылдары Түштүк Американы изилдеп жатып, Америка Ост-Индия эмес эле, белгисиз континент деп жоромолдогон биринчи европалык болгон. 1507-жылы Вальдземюллер дүйнө картасын түзүп, Түштүк Америкалык континенттин Бразилия аймагын «Америка» деп атап жазган. Ал, картага тиркелген Cosmographiae Introductio китебинде аталышын кийинкидей түшүндүргөн:

Бүгүн бул дүйнө бөлүктөрү (Европа, Африка жана Азия) толук изилденди, ал эми төртүнчү дүйнө бөлүгү Америго Веспуччи тарабынан ачылды. Европа жана Азия аялдардын ысымынан аталгандыктан, мен бул жаңы аймакты аны ачкан айкөл эркектин аты Америга, Америганын Жери, же Америка деп атоого тоскоолдук көргөн жокмун.

Кийинчерээк, Түндүк Америка карталарда пайда болгондо, бул аталыш ага да тараган: 1538-жылы Герард Меркатор дүйнө картасында бүткүл батыш жарым шарды белгилөө үчүн «Америка» топонимин колдонгон.

Кээ бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча ал кезде ачылган жерлерди адам ысымынан эмес, фамилиясынан атоо кабыл алынган дешет (королдордон тышкары), ошондуктан аталышынын Америго Веспуччинин атынан коюлушу талаштуу делет. Альфред Хадд 1908-жылы континенттин аталышы Бристолдук валлиядан келген көпөс Ричард Америкенин ысымынан коюлган деген теория сунуштаган, жоромолдорго ылайык ал 1497-жылы Ньюфаундленди ачкан Джон Каботтун экспедициясын каржылаган имиш. Дагы бир гипотеза, Америка байыркы вестготтук аты бар Амаирик аттуу испан деңизчилинин атынан коюлган делет. Ошондой эле, «Америка» аталышы түп-тамырында индейлер тилинен чыккан деген версиялар бар. 1970-жылдардан баштап индей активисттеринин кыймылы Түндүк Америка үчүн «Таш бака аралы» терминин үгүттөй башташат.

Кээ бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча ал кезде ачылган жерлерди адам ысымынан эмес, фамилиясынан атоо кабыл алынган дешет (королдордон тышкары), ошондуктан аталышынын Америго Веспуччинин атынан коюлушу талаштуу делет. Альфред Хадд 1908-жылы континенттин аталышы Бристолдук валлиядан келген көпөс Ричард Америкенин ысымынан коюлган деген теория сунуштаган, жоромолдорго ылайык ал 1497-жылы Ньюфаундленди ачкан Джон Каботтун экспедициясын каржылаган имиш. Дагы бир гипотеза, Америка байыркы вестготтук аты бар Амаирик аттуу испан деңизчилинин атынан коюлган делет. Ошондой эле, «Америка» аталышы түп-тамырында индейлер тилинен чыккан деген версиялар бар.

1970-жылдардан баштап индей активисттеринин кыймылы Түндүк Америка үчүн «Таш бака аралы» терминин үгүттөй башташат.

Географиясы  Жайгашуусу Түндүк Америка батышынан Тынч океан, Беринг деңизи, Аляска жана Калифорния булуңдары менен чулганат, чыгышынан — Атлантикалык океаны, Лабрадор жана Кариб деңиздери, Ыйык Лаврентий жана Мексика булуңдары, түндүгүнөн — Түндүк Муз Океан, Бофорт, Баффин деңиздери, Гренландия жана Гудзон булуңдары. Батышынан Евразиядан Беринг кысыгы менен бөлүнүп турат. Түштүгүнөн Түштүк Америкадан Панама моюнчасы менен бөлүнгөн. Толугу менен Түндүк жарым шарда жайгашкан. Түндүк Американын курамына көптөгөн аралдар кирет: Гренландия, Канада Арктикалык архипелагы, Алеут аралдары, Ванкувер аралы, Александр архипелагы ж. б. Түндүк Американын четки чекиттери: Түндүк чекити — Мёрчисон тумшугу, 71°50′ түндүк кеңдик 94°45′ батыш узундук. Түштүк чекити — Марьято тумшугу, 7°12′ түн. кең. 80°52′ бат. уз. Батыш чекити — Уэльс Канзада тумшугу (принц уэльс), 65°35′ түн. кең. 168°05′ бат. уз. Чыгыш чекити — Сент-Чарльз тумшугу, 52°24′ түн. кең. 55°40′ бат. уз.

Географиясы

Жайгашуусу

Түндүк Америка батышынан Тынч океан, Беринг деңизи, Аляска жана Калифорния булуңдары менен чулганат, чыгышынан — Атлантикалык океаны, Лабрадор жана Кариб деңиздери, Ыйык Лаврентий жана Мексика булуңдары, түндүгүнөн — Түндүк Муз Океан, Бофорт, Баффин деңиздери, Гренландия жана Гудзон булуңдары.

Батышынан Евразиядан Беринг кысыгы менен бөлүнүп турат. Түштүгүнөн Түштүк Америкадан Панама моюнчасы менен бөлүнгөн. Толугу менен Түндүк жарым шарда жайгашкан.

Түндүк Американын курамына көптөгөн аралдар кирет: Гренландия, Канада Арктикалык архипелагы, Алеут аралдары, Ванкувер аралы, Александр архипелагы ж. б.

Түндүк Американын четки чекиттери:

Түндүк чекити — Мёрчисон тумшугу, 71°50′ түндүк кеңдик 94°45′ батыш узундук.

Түштүк чекити — Марьято тумшугу, 7°12′ түн. кең. 80°52′ бат. уз.

Батыш чекити — Уэльс Канзада тумшугу (принц уэльс), 65°35′ түн. кең. 168°05′ бат. уз.

Чыгыш чекити — Сент-Чарльз тумшугу, 52°24′ түн. кең. 55°40′ бат. уз.

Түндүк Американын ачылышы жана изилдөө тарыхы

Американын ачылышы жана Христофор Колумб менен алмаштырбайлы. Болжолдуу 1000 жыл мурун материкке Скандинавия жашоочулары — викингдер келет.

982-жылы киши өлтүргөндүгү үчүн Эрик Сары (орусча Эрик Рыжый) исландиялык колониядан куулган. Ал, Исландиядан 1000 километрдей алыстыкта жайгашкан жерлер жөнүндө аңгемелерди угат. Эрик ал жакка анча чоң эмес отряд менен бет алат. Татаал деңиз сүзүүдөн кийин ошол жерге жетет. Эрик бул жерди Гренландия («жашыл өлкө») деп атаган. 986-жылы Эрик өзү ачкан аралга викингдердин тобун чогултуп отурукташып калат.

Эриктин баласы Лейф Бактылуу, андан ары саякаттап Лабрадор жарым аралына жеткен.

1492-жылдын 12-октябрында Христофор Колумб Багам аралдарынын бири болгон «Сан-Сальвадор» аталып калган аралды ачкан. Бирок, Борбордук Американын материктик жээгин ал 1502-жылы гана ачкан.

1497-жылдын май айында Джон менен Себастьян Каботтор «Мэтью» кемесинде Бристоль портунан чыгышат. Июндун аягында алар Ньюфаундлен аталган аралга келип, аны Азия дешип, Ыйык Лаврентий булуңунан чыгышты карай жээк бойлор сүзүүсүн улантат. Жээк бойлой бир айча сүзүшүп, балыктын ири корун кемесине жүктөп, артка кайтышат.

 Рельефи

Рельефи

Лаврентий дөңсөөсү Канада калканынын материктик бөлүгүнө туура келет. Мунун рельефинин өзгөчөлүгү узакка созулган денудация жана муздун иштетилиши менен байланыштуу. Дөңсөөнүн жантайма-толкундуу бети 1537—6100 метр бийиктикке ээ.

Борбордук түздүктөр Түндүк-Америкалык платформасынын плиталарынын бөлүгүнүнө туура келет. Бийиктиги 200—500 м. Рельеф эрозивдүү жана аз толкундуу, түндүк бөлүгүндө рельеф муздуу, морена жөөктүү жана зандрлуу (орусча задровый) талаалар менен. Рельефтин түштүк бөлүгүндө токой каптамдары бар. Мындай дөңсөөлөргө Озарк дөңсөөсү (бийиктиги болжолдуу 760 м) жана Уошите тайпак тоосу (884 м чейин) таандык, булар эпигерцин платформасынын бүктөлмөлүү негизинен турат.

Кордильера платосунун этектери Улуу түздүктөр саналат. Бийиктиги 500—1500 м. Ларамий бүктөлмөлүүлүк доорунда Кордильердин кыйроо калдыктарынын чогулгандыгынан жана андан кийинки бетинин көтөрүлүүсүнөн пайда болгон. Геоморфологиялык түзүмү жетишээрлик татаал, түпкүрдүк, мореналык, флювиогляциялдык жана лёссдук төртүнчүлүк тектерге ээ.

Жээк ойдуңдар материктин түштүгүндөгү эпигерциндик платформага ылайык келет. Бийиктиги 200 метрден ашпайт. Арткы бөлүктөрүндө эрозиялык формалар көп, ал эми жээк зонасында — барлар (жээк алкактардагы тайыз жерлер), лагуналар, кумдуу пляждар, костор (суу объектисинин жээгиндеги сууга чулгануучу кургактык сызыгы), жалпак жапыз террасалар бар.

Түндүк Американын эң жогорку чекити — Денали тоосу (2015-жылга чейин Мак-Кинли аталган, 6190 м), эң төмөн жери — Өлүм Өрөөнү — деңиз деңгээлинен 86 метр төмөн.

Четки түндүк климаты — арктикалык, Борбордук Америка жана Вест-Индияда — субэкватордук, ички бөлүктөрүндө — континенталдык. Январдын орточо температурасы -36 °Cдан (Канада Арктикалык архипелагынын түндүгүндө) +20 °C чейин (Флориданын түштүгүндө жана Мексика тоо этектеринде), июлдуку — Канада Арктикалык архипелагында +4 °Cдан +32 °C АКШнын түштүк-батышында. Алясканын жана Канаданын Тынч океандык жээгинде, ошондой эле АКШнын түндүк-батышында жаан-чачындын саны эң жогору (жылына 2000—3000 мм); материктин түштүк-чыгышында жаан-чачын саны 1000—1500 мм, Борбордук түздүктөрдө — 400—1200 мм, Кордильердин субтропикалык жана тропикалык тоо аралык өрөөндөрүндө — 100—200 мм. Түндүктү карай 40-44° түндүк кеңдикте кышында туруктуу кар катмары калыптанат. Жай мезгили жылуу, сейрек жаан-чачындар, кургакчылык жана ысык шамалдар менен.

Климат

Түндүк Американын климаттык шарттары өзгөчө ар түрдүү. Бул уюлга жакын болгон, ошол эле учурда, түндүктөн түштүктү карай 7 км ашык аралыкка созузлган Жердин «эң түндүк» континенти. Материк экватордук алкактан тышкары планетанын бардык климаттык алкактарында жайгашкан. Ушундай ар түрдүү климат түрлөрүнөн улам Түндүк Америкада Жердин дээрлик бардык табият алкактары калыптанган, ал эми жаратылышы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өзгөчө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Канада Арктикалык архипелагынын аралдарына, Гренландияга жана Алясканын түндүк бөлүгүнө арктикалык климат мүнөздүү. Түштүктөгү таштак келген жылаңач арктикалык чөлдөр мохтор жана эңилчектер менен капталган, түндүктө калың каптамдуу муздардын алдында. Кыш мезгили өзгөчө катаал, орточо температура -32 °Cдан -40 °C чейин, Гренландиянын ички аймактарында андан дагы төмөн. Жаан-чачындын саны өтө аз, жылына 250—100 мм. Жай дээрлик келбейт, жылдын эң ысык айларында гана абанын температурасы 0 °C көтөрүлөт

Субтропикалык климаттык алкак Мексиканын түндүк бөлүгүндө жана АКШнын түштүк бөлүгүндө. Материкте, ал абдан чоң аймакты ээлейт, бирок, ушул эле себептерден — батыштан чыгышты көздөй созулгандыктан, бардык аймактары жашоого ыңгайлуу эмес. Бул алкакты дагы үч секторго бөлүүгө болот. Батыш сектор — Тынч океандын жээгин бойлой ичке тилкеде — Кордильер тоо этектеринде созулуп жатат. Бул жерде аралаш токойлуу (түндүктө) жана катуу жалбырактуу түбөлүк жашыл токойлор жана бадалдар табигый аймактары (түштүктө) жайгашкан. Мында орточо температурасы +16дан +24 °C чейин ысык жай мезгили жана +8ден — 0 °C чейинки кыш мезгили байкалат. Жаан-чачындар саны 500дөн 2000 мм чейин, түштүктөн түндүктү карай өсөт. Борбордук жана континенталдык сектор жагымдуу эмес климаттык шарттар менен мүнөздөлөт. Сектордун чоң аянттары Кордильерлер менен ээленген, түздүктөрдө чөлдөр калыптанат. Мында кургак континенталдык аба массалары басымдуулук кылат, бирок, жаан-чачындар аз түшөт — жылына 100дөн 500 мм чейин. Абанын температурасы жайында +32 — +16 °Сден кышында +8 -8 °Сге чейин. АКШ жана Мексиканын борбордук субтропиктеринин көйгөйү: чөлдөрдүн өсүүсү жана климаттын кургашы. Чыгышты карай жүрүүдө чөлдөр талаалар жана токой талааларына алмашат. Чыгыш сектор муссондордун таасири астында. Жаан-чачындар көп түшөт, жылына 1000—2000 мм, мындай жамгырлар кээ бир жерлердин мезгил-мезгили менен сазга айлануусуна алып келет. Нымдуу климат өзгөрмө нымдуу токойлордун өсүшүнө шарт түзөт. Жайы ысык (+32 °C жана андан жогору) жана кышы жылуу 0дөн +24 °Cге чейин (Флоридада).

Тропикалык климат Борбордук Американын көпчүлүк бөлүгүнө мүнөздүү. Аймак боюнча жаан-чачындын бөлүштүрүлүшүндө үч сектор белгиленет. Батыш сектор (Түштүк Мексиканын Тынч океандык жээги) өзгөрмө нымдуу токойлор менен ээленген. Жаан-чачындар Кордильердин шамалдуу эмес капталдарында түшүп, алардын саны жылына 2000 мм чейин жетет. Борбордук сектор саванналар жана чөлдөр менен ээленген. Континенталдык тропикалык аба массаларынын таасири алдында болуп, ошондой эле, Кордильер капталдары да тоскоолдук жаратып, борбордук сектор жаан-чачынга муктаж. Аймактын деңиз деңгээлинен бийик болгонуна байланыштуу температуралар бул жерде кичине төмөнүрөөк. Жайында +16дан +32 °C чейин (бийиктикке жараша), кышында — +8ден +24°С чейин. Жаан-чачындын саны 500дөн 250 мм жана андан дагы төмөн.

Түндүк Американын субэкватордук алкагы континенттин түштүгүндө Панама моюнчасында жайгашып салыштырмалуу кичинекей аянтка ээ. Алкак өзгөрмөлүү нымдуу токойлор аймактарын, ошондой эле, батышында саванналарды жана сейрек токойлорду камтыйт. Мында жайында дагы, кышында дагы туруктуу ысык аба ырайы сакталып турат, орточо температура +20 °C, жаан-чачындардын максимуму жай мезгилине туура келет. Жаан-чачындын саны жылына 2000-3000 мм же андан жогору.