Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы
мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин
кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Билим берүүнүн мыктысы
Абдиназаров Жеңишбек Маткаримович
УСУЛДУК САБАК-СЕМИНАР
ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАГА НЕГИЗДЕЛГЕН
АЛТЫН ЭРЕЖЕЛЕР:
ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТЕСТ
Сизге жаккан жаныбарларды 3 сапка жакшы көрүү, сүйүү деңгээлиңиз боюнча жайгаштырыңыз.
1. 2. 3.
Үйрөнүү стилдери
Бишкек-20 1 9
Алвин ТОФФЛЕР:
«Келечектин сабатсызы окуй албаган киши эмес, кантип ү йр ө н үү н ү н жолун билбеген адам болот»
1960-жылдардан баштап бул багытта изилдөөлөр жүргүзүлө баштаган. Теманын изилдөөчүлөрү:
- Dunn Rita,
- Barbara K.
- Alp Boydak ж. б.
Үйрөнүү стилине болгон зарылдык эмнеден улам келип чыкты? Ал бизге кандайча жардам бериши мүмкүн?
- 21-кылым ыкчамдыктын, адамдын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу багытын көздөйт.
- Интеллектуалдык атаандашуучулуктун кылымы болуп саналат.
- Мындай шартта көп окуп, көп иштегенден тышкары, туура иштеген ар бир жагдайга таасын баа бере алгандар дагы да алдыга озот.
ҮЙРӨНҮҮ СТИЛДЕРИ
Изилдөөчүлөрдүн тыянактарына ылайык адамдар маалыматтарды өздөштүргөндүгүнө карата үч үйрөнүү стилине бөлүнөт алар:
- Көрмөлөр.
- Укмалар.
- Кинестик/Кыймылдуулар.
Үйрөнүү стилдерин билүү Сизге (мугалимдерге, студенттерге, окуучуларга) эмне берет?
- Ал сиздин өзүңүзгө, башкаларга карата эффективдүүлүгүңүздү алда канча арттырат.
- Айланадыгыларды дагы жакындан таануу ң узга, а ң доо ң узга жардам берет.
- Адамдар менен мамиле ңизди ж ө нг ө салат.
Үйрөнүү стилдери деген эмне?
- Ар бир адамдын ар кыл маалыматты өздөштүрүүдө, таанып билүүдө, даярдык көрүүдө жана эстөөдө өзүнө ыңгайлуу жана жагымдуу жолдорду, ыкмаларды колдонуусу.
- Адамдар үйрөнүүдө жана жаңы маалыматтарды өздөштүрүүдө ар кыл жолдорду колдонуу менен үйрөнө тургандыгын ортого коет.
Үйрөнүү стилдери качан пайда болот? Бизге кандайча таасирин тийгизет?
- Ген факторлорунун негизинде адам төрөлгөндө эле аны менен кошо жаралат.
- Жашоонун ар мезгилинде жүрүм- турумубузга таасир этет.
- Үйрөнүү стилдерин билүү инсандын өзү, ата-эне, мугалимдер, коомчулук менен болгон мамилени дагы түшүнүктүү жана жагымдуу маанайга оодарууга жардам берет.
Көрмөлөр (бала чагы)
- Кичинекейинен аз кыймылдуу.
- Тартиптүү.
- Сүрөттүү китептерди жана сүрөт тартканды аябай жакшы көрүшөт.
- Кичинекейинен аларга оюнчуктарын койгонго жер бербесе да алар өздөрү жер белгилешет.
- Ойногон соң оюнчуктарын жерлерине коюшат.
- Өзгөчө кинестиктер менен өч болушуп, аларга оючуктарын такыр бергиси келбейт.
Укмалар (бала чагы)
- Берки топтогуларга караганда аябай сүйлөөк болушат.
- Жалгыз ойной бериши мүмкүн, бирок өзү менен дайыма сүйлөшөт.
- Кичинекейинен тили тез чыгат.
- Курдаштарына караганда сөз байлыктары бай болот.
Кинестик / Кыймылдуулар (бала чагы)
- Булардын өзгөчөлүктөрү бала кезден баштап даана байкалат.
- Өтө кыймылдуу.
- Көтөрүп жүргөнүңүздө тынчы жоктугунан дайыма туйлап турат.
- Диван, кресло, столдун үстү, бактын башы булардын асыресе ойной турган жерлери болуп саналат.
- Үстүнө эч маани беришпейт.
Көрмөлөрдүн күчтүү жактары:
- Адамдар менен таанышкан учурларда алардын жүздөрүн жакшы таанып калышат.
- Өтө окумал келишет.
- Сүрөттөр жана сөздөр аркылуу үйрөнүүгө ынтызар болушат.
- К ө ргөндөрүн жана окугандарын эстеп калат.
- Так көрүнүштөргө маани берет.
- Түстөрдү колдонушат, булардан ырахат алышат.
Көрмөлөрдүн күчтүү жактары:
- Тигил, же бул нерсенин көрүнүшүнө, турган турпатына өзгөчө маани беришет.
- Ар кыл докладдардын жана түшүндүрүүлөр дүн жазылуу берили шин туура көрүшөт.
- Тизме түзгөндү абдан жактырышат.
- Пландуу, дайыма алдын ала программаларды түзүп жүрүшөт.
Көрмөлөрдүн алсыз жактары:
- Уккандарын узак убакыт бою эстеринде сактай алышпайт.
- Сабакты түшүндүрүп жатканда, жазып үлгүрбөй калышса, өздөрүн ыңгайсыз сезишет.
- Жазылуу болбогон маалыматты кыйындык менен түшүнүшү мүмкүн.
Көрмөлөрдүн алсыз жактары:
- Сабактардын лабораторияда өтүшү аларга берки топтогуларга караганда таасирдүү болбойт.
- Чаржайыт, башаламан учурларда өтө тынчсызданышат.
- Адамдардын аттарын оңой менен эстей алышпайт.
- Көрсөтмөлүү куралдарга таянбаган узун түшүндүрмөлөрдү кабылдай алышпайт.
- Иретсиздиктен ырахатсыз болушат.
- Плансыз, чаржайыт иш-аракеттер аларга жага бербейт.
Укмалардын күчтүү жактары:
- Уккандарын эстеп калышат, жазып жатканда көпчүлүк учурда сүйлөнүшөт.
- Узак убакыт бою түшүндүрмөлөр болсо да тажабай кабылдоого жөндөмдүү.
- Жакшы оратор боло алышат.
- Музыка укканды абдан жактырышат.
Укмалардын күчтүү жактары:
- Башка кишилер үчүн эч бир мааниси жоктой сезилген музыка, үн, ритм алардын көп нерселерди түшүнүүлөрүнө жардам берүүсү мүмкүн.
Укмалардын алсыз жактары:
- Чуру-чуудан рахатсыз болушат.
- Тынч эмес жерлерде концентрация боло алышпайт.
- Сүрөттөр жана сүрөттүү түшүндүрмөлөр алардын кызыгуусун туудурбайт.
- Сабактардын ыргак менен жагымдуу түшүндүрүлүшү аларга майдай жагат.
Укмалардын алсыз жактары:
- Окуганга караганда укканды жакшы көрүшөт.
- Маалыматтардын жазылуу сунушталышы алардын түшүнүүлөрүн татаалдандырат.
- Адамдардын жүздөрүн оңой менен эстей алышпайт.
Кинестиктердин күчтүү жактары:
- Жасалгандарды жакшы эстешет.
- Тийүү жана аракет кылуу менен үйрөнүшөт.
- Же булардын көңүлүн ачышы керек, ал болбосо алар башкалардын көңүлүн көтөрүүлөрү зарыл.
Кинестиктер күчтүү жактары:
- Тууроо жана жасап көрүү жолу менен үйрөнүшөт.
- Жасап көрүп, анан маани чыгарганга аракет кылышат.
- Эркин, бош кийингенди жакшы көрүшөт.
- Сезген нерселерин башкалар менен бөлүшкөндү жакшы көрүшөт.
- Спорт багытында ийгиликтерди жаратууга жөндөмдүү болушат.
Кинестиктер күчтүү жактары:
- Кыймыл-аракетти талап кылган ишмердүүлүктөрдү жакшы көрүшөт: бий, чуркоо, сууда сүзүү, тамактанууну, тамак жасоону, саякаттаганды ж. б.
- Лабораториялык ишмердүүлүктөрдө жакшы жетишкендиктерди жаратышат.
- Көпчүлүк учурда кол алышып амандашып, кетерде да, келерде да кучакташкан адаты.
- Өздөрүнүн кинестик лексикасы бар жана жанашып отурганды жактырышат.
Кинестиктердин алсыз жактары:
- Буга чейин айтылган жана уккан нерселерин жакшы эстей алышпайт.
- Окуу ишине маани бере беришпейт.
- Жакшы укпай калышы мүмкүн, же уккандарынан маани чыгара алышпайт.
Кинестиктердин алсыз жактары:
- Жазууда каталарды көп кетирет.
- Окуганды жактыра беришпейт.
- Көп учурларда айланадагыларга анча маани бербестен кыймылдашы мүмкүн.
- Тулкусу менен каршылык көрсөтүшөт (түртөт, ыргытат, мушташат).
Кинестиктердин алсыз жактары:
- Тигил, же бул түшүндүрмөлөр алардын өзгөчөлүктөрүн эске албай жасалса, аябай жай кабылдашат.
- Башка адамдарга жагымдуу болуп- болбой тургандыгын эске албастан, тие бергенди, өзгөчө сүйлөп жатканда кармалаганды жакшы көрүшөт.
Ү С жана ж ө нд ө м
- Ү С аркылуу адамдын интеллектисинин жогору же төмөн эмес экендиги туурасында чечим чыгарууга болбойт.
- Коомчулукта адамдардын 70-80%ы эки, же ү ч Ү йрөнүү стилине ээ.
- Булардын башкалар менен болгон алакаларында ашыкча к ө йг ө йл ө р байкалбайт.
- ЖУ, ЖК, ЖКтердин Ү С айрым т ү ш ү нб ө ст ү кт ө р болушу ыктымал.
ИНТЕЛЛЕКТ
Интеллект- (латын. intellectys- акыл,эс) акыл, ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, сезим органдары тарабынан кабыл алынган нерселерди билимге айландырган, же мурдагы билимди сынга алган жана анализдеген акыл-эстин функциялары.
Говард Гарднер:
«Интеллекттин көп жактуулугу теориясы»:
Вербалдык-лингвистикалык
Логикалык-математикалык
Мотордук кыймылдаткыч
Музыкалык-ритмикалык
Инсан ичиндеги
Натуралисттик
Инсандар аралык
Визуалдык-мейкиндик
К өңү л бура турган жагдайлар
- Интеллекттин ар бир тибин өнүкт ү р үү гө болот.
- Тигил, же бул типтин өн ү кт ү р ү лбөгөнд ү г ү, машыктырылбаган дык менен т ү ш ү нд ү р ү лөт.
- Мен бир нерсени жасай албайм эмес, жасаганды ү йрөнө элекмин десек дагы туура болот.
КЕСИПТЕШ, кулагыңызга КҮМҮШ СЫРГА!
«Теориянын практика менен жакындашы эң пайдалуу натыйжаларды берет. Мындан практика гана эмес, көптөгөн иштер утат».
П.Л.Чебышев
Бүгүнкү маалыматтарды практикада колдонуу,
албетте, сиздин компетенттүүлүгүңүзгө байланыштуу.
РЕФЛЕКСИЯ
МАГА
САБАК-СЕМИНАР ЖАКТЫ.
СЕБЕБИ...
РЕФЛЕКСИЯ
МАГА
САБАК-СЕМИНАР ЖАКПАДЫ?..
СЕБЕБИ...
РЕФЛЕКСИЯ
МЕНИ
САБАК-СЕМИНАР
ОЙЛОНДУРУП
КОЙДУ...
СЕБЕБИ...
Асылбек АСАНдын
сабагына КОШУМЧАЛАНДЫ
Өзүңүздөрдү
эң жакындан таанууңуздарга тилектешмин.
Билимдүү болуу гана эмес, аны колдоно билүү керек
(кыргыз эл макалы)
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!