СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педагог үчүн сунуштар

Нажмите, чтобы узнать подробности

ПЕДАГОГДОР ҮЧҮН СУНУШТАР

Кенже курактагы балдарды окутуу жана өнүктүрүү боюнча өзөктүү адистер педагогдор болуп эсептелет, бирок мугалимдер үчүн иштелип чыккан стратегиялар ушул колдонмодо ошондой эле кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында (балага камкордук көрүү жана багуу, саламаттыгын сактоо, социалдык коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу, укуктары менен кызыкчылыктарын ж.б.) иштеген баардык адистерге да сунушталат. Стандарттар ченемдик документке – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы №742 токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына кеңейтилген толуктоо болуп санала тургандыгын жана сунуш мүнөзүндө экенин белгилей кетүү маанилүү. Ошого карабастан, алар наристе балалык жаатындагы алдыңкы изилдөөлөргө негизделгенин жана Кыргызстандын адистеринин кеңири кесиптик жана жеке тажрыйбасы интеграцияланганын эске тутуу маанилүү.

Баланы натыйжалуу окутуу процессин жана толук өнүктүрүүнү караган сунуштар төмөнкүдөй мамилелерге (подход) жана принциптерге негизделген:

ЖЕКЕЧЕ ЫКМА: бардык балдар  таанып-билүүнүн (окутуунун) жекече стилдерине ээ, алардын ар бири – жеке адам. Бир топтогу балдарда таанып-билүүнүн жана окутуунун ар кандай стилдери айкалыштырылышы мүмкүн, педагог муну окуу процессин пландаштырууда жана уюштурууда эске алууга жана бардык балдар жекече мамилеге муктаж экендигин унутпоого тийиш.

ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН ЫКМА:  педагог баланы окутуу процессинде өнүгүүнүн бардык жактарын (социалдык-эмоциялдык, дене бой жактан, когнитивдик, эстетикалык) жана предметтик жактарын (мисалы: сүрөт тартуу, кепти өнүктүрүү, дене тарбия) ортосундагы өз ара байланышты эске алат жана окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жетишүү үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонот.

АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА ЖАМААТТАР МЕНЕН ЭРИШ-АРКАК АРАКЕТТЕНИШҮҮ: окутуу процессинин натыйжалуулугу ата-энелердин, үй-бүлөнүн, жамааттын эриш-аркак аракеттенүүсүнүн жана билим берүү процессине тартылуу деңгээлине байланыштуу. Ошондуктан педагогдун баланын ата-энеси менен өнөктөштүк өз ара мамиле түзүүсү, үй-бүлөлүк салттарга жана маданиятка урматтоо менен мамиле кылуусу, өз ара достук мамилелерди колдоосу, баланын жетишкендиктери жана өнүгүүсүнүн динамикасы жөнүндө ата-энесине маалымдап турушу, өзүнүн компетенттүүлүгүн көрсөтүүсү жана квалификациялуу консультациялык жардам берүүсү маанилүү.

ЧӨЙРӨ ЖАНА РЕСУРСТАР: баланы өнүктүрүүгө жана окутууга чөйрөнүн тийгизген таасири өтө маанилүү, ошондуктан педагог бала үчүн жагымдуу – өнүктүрүүчү, коопсуз, чыгармачыл, ыңгайлуу чөйрөнү түзүшү зарыл. Чөйрө ишмерликтин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болот жана балдардын ар түрдүү материалдар (оюндар, оюнчуктар, өнүктүрүүчү окуу куралдары, китептер, сүрөт материалдары, музыкалык аспаптар, спорттук буюмдар ж.б.) менен изилдөө жана эксперимент жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнө дем берет. Окутуу процессин уюштурууда айлана-чөйрөнүн, материалдардын жана жабдуулардын коопсуздугун, коопсуз жүрүм-турумду камсыз кылуусу зарыл.

БАЛАГА БАГЫТТАЛГАН ОКУТУУ: балага окутуу процессинде тандоо эркиндиги берилет: материалдарды, сабактын түрүн, сабактардын түрүн жана өзүн көрсөтүү ыкмаларын тандай алат. Бул педагогдун калыптанган окутуу стилине бала ыңгайлашууга тийиш эмес, баланын керектөөлөрүн (муктаждыктарын) жана кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн педагог өзүнүн иш ыкмаларын жана усулдарын окутуунун таанымдык стилине жана баланын жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык келтирүүгө тийиш дегенди билдирет. Педагогдор баланы окутууга жана өнүктүрүүгө бүтүндүк мамилени колдонот.

МЕКТЕП МЕНЕН БИРГЕ ЖОЛУН ЖОЛДООЧУЛУК: ушул окуу куралынын материалдары жана стратегиядары кенже курактагы баланы өнүктүрүүгө жана окутууга, аны мектепке ар тараптан (социалдык, дене бой жактан, эмоциялдык, когнитивдик) даярдоого, жаңы шарттарга социалдаштырууга, теңтуштары жана чоң кишилер менен өз ара мамиле түзө билүүгө, өзү таандык болгон өлкө, эл, маданият жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандырууга багытталган.

КЕСИПТИК ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУ: балдарды өнүктүрүү жана окутуу боюнча стандарттарды жана стратегияларды колдонуу менен, педагогдор өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатууга, ийгиликтүү улуттук жана эл аралык программалардын заманбап концепцияларын пайдалануу жана башка педагогдор менен билим берүү уюмдарынын алдыңкы тажрыйбаларын иликтеп үйрөнүү менен кенже курактагы балдардын өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүүгө, окутуунун усулдарын жана окутууга мамилени өркүндөтүүгө тийиш. Педагог баланы наристе кезинен өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясат менен тааныш болууга жана балалыктын маселелери боюнча учурдагы жана эл аралык демилгелерди жакшы билүүгө тийиш.

ОЮН ОКУТУУ ЫКМАСЫ: айлана-чөйрөнү таанып-билүүнүн жөнөкөй жана адамга жакын ыкмасы болуу менен, оюн тигил же бул билимге, билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ болуунун эң табигый жана жетимдүү жолу болууга тийиш. Кенже курактагы баланын турмушунда оюн маанилүү роль ойнойт, ошондуктан окутуу процессинде оюн көнүүгүүлөрүн, дидактикалык оюндарды окутуу прогаммаларынын тематикасы жана милдеттери менен байланыштырып колдонуу маанилүү.

Просмотр содержимого документа
"Педагог үчүн сунуштар"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!