СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уламышка айланган Асан Кайгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Уламышка айланган Асан Кайгы

Просмотр содержимого документа
«Уламышка айланган Асан Кайгы»

Тема: Уламышка айланган акындардын мурастарынан.

Асан Кайгы (Сабит уулу)

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр

А)Билим берүүчүлүк: Окуучулар Асан Кайгынын өмүр баяны менен терең таанышышат. “Кантти экен?” чыгармасы боюнча түшүнүк алышат

Жогорку максаттар ишке ашат эгерде;

Окуучулар Асан Кайгы жөнүндөгү маалыматтарды терең түшүнүшсө

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар берилген маалыматтын негизинде акындын чыгармаларын талдап, өз ойлорун ирээттүү айтып беришет.

Окуучулар чыгарманын идеясын, адептик, тарбиялык маанисин талдай билишсе

В)Тарбия берүүчүлүк : Окуучулардын руханий байлыгы өнүгүп, жакшы сапаттарга ээ болуу сезимдери калыптанат.

Окуучулар инсандык жакшы сапаттарды өзүлөрүндө калыптандырса



Сабактын тиби: жаңы материалдарды окутуп – үйрөтүү

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, ватман, стикер, маркер, слайд, портрет

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу: Саламдашуу, “Манас” гимни

  2. Окуучуларды кардын жана кар кишинин сурөтүн таратуу аркылуу топторго бөлөбүз. Баалоонун критерийлери түшүндүрүлөт (ар бир баланын аты жазылып чапталат жооп бергендер өзүнүн атынын тушуна алып барып кардын жана кыштын сүрөтүн чапташат.)

  3. Топторго ат коёбуз “Уламыш”, “Акын”







  1. Үй тапшырманы кайталоо







5. Мээге чабуул: Ар бир топ аттарына мүнөздөмө беришет

Уламыш” тобу: Уламыш, улама, аңыз – элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган . Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт.

1. Тарыхый (Чыңгыз хан, Аксак Темир, Жантай, Шабдан, Курманжан датка тууралуу уламыштар)

2. Топонимикалык (Бишкек, Ысык-Көл, Долон, Байтиктин боз бөлтөгү, Өзгөн, Ак-Буура, Сан-Таш ж.б. жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) уламыш деп бөлүнөт.

Акын” тобу: Акын – жалпы эле ыр жазган же төгүп ыр чыгарган киши.

  1. Нускоочу акындар. Алардын поэзиясында өзү жашаган доордун тарыхый соц. коомдук өзгөчөлүктөрү ачык-айкын сүрөттөлөт, жашоо турмуштагы карама-каршылыктар, конфликттүү кырдаалдар жаап-жашырылбай ачык түрдө баяндалат, ушунун баары акыл-насаат, агартуучул үгүт-насыят менен коштолуп отурат: Калыгул, Арстанбек, Солтонбай, Токтогул, Тоголок Молдо, Кылычты кирет

  2. Жамакчы акындар.. Булардын чыгармачылыгы көбүнчө күндөлүк жашоо-турмушка, маселен, аш-тойдо, ар түркүн окуяларга багытталат: Найманбай, Калмырза, Эшманбет, Бекназар.

  3. Жомокчулар акындардын мындай тобуна Тыныбек, Балык, Чоюке, Сагынбай, Саякбайды киргизет. Т. Саманчин булар жөнүндө төмөнкүдөй жазат: «Булар да негизинен жамак сөздүн устат чеберлерине жатат. Жомокчулардын акындыгы нускоочу, жамакчы акындардан кем түшпөйт. Бирок булар «Манас», «Семетей» өңдүү баатырдык чоң жомокторду айтууну кесип кылып, бул жомоктордон четке чыгышпайт. Бул жомоктордун чоңдугу, көркөмдүүлүгү, андагы акыл сөздөрдүн байлыгы аларды четке чыгууга да чамасын келтирбейт. Бардык күчтөрүн ошол жомоктордун көркөмдүүлүгүн арттырууга жумшайт». «Куудул сөз устаттары» жатат. Булар чукугандай сөз тапкан чечендер. Мындай куудулдардан Көкөтөй менен Куйручуктун аты биринчи иретте аталат. Куудул сөздүн поэтикалык өзгөчөлүгү: ал конкреттүү окуяга, ал турмак конкреттүү адамга багытталат, көлөм жагынан чакан келип, ылакап сыяктуу афористик түрдө чулу, келте айтылат. Куудул сөз устаттарынын чыгармачылык турмуш-турпаттарын юмор, ирония түзөт.

6.Жаңы тема: Демек, туура силер айтып жаткан уламышка айланган акындардын өмүр чыгармаларына токтолобуз. Бүгүнкү өтө турган акыныбыздын атын табабыз. Сүрөттү көрүп турасыңар э. Бул сүрөттөгү адам уламышка айланган кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдерине орток болгон акын. Мен бул акынга тиешелүү сапаттарды айтам силер ошол сөздүн баш тамгасын жазып олтуруп атын табабыз.

А-акылман

С-сынчы

А-акылдуу

Н-намыскөй

К-кайгычыл

А- адамкерчиликтүү

Й- ойчул(экинчи тамгасы)

Г- гумандуу

Ы-ышкыбоз

Демек, бүгүн биздин өтө турган темабыз уламышка айланган (Асан Сабит уулу эмес Асан Кайгы болгондугу) Асан Кайгы акындын өмүрү, чыгармачылыгы жана “Кантти экен” чыгармасын өтөбүз. Кана балдар бүгүнкү сабактан эмнелерди үйрөнүп чыгабыз деп ойлоп жатасыңар, максатыңар?

Тема жазылат, максаттар окуучулар менен биргеликте айтылат, толукталат.

Асан кайгы - 13-14-кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерде (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист - философ акын. Өмүр бою элдин муңун муңдап,зарын зардап жүргөндүктөн, Асан кайгы аталган. Өз аты Асан экен, өмүр бою элдин муңун муңдап, зарын зардап жүргөндүктөн, өзгөчө боорукердигинен улам кайгычыл деп аталып кетиптир. Ал жан бүткөндүн баарына боору ачыган. А түгүл жыланга да тийбегиле, анын зыяны жок дейт. Дүйнөдө тынчтык болушун, адамдарга жакшылык каалаган, жамандыкты сууга салып, отко өрттөгүсү келген. Жазыксыз тирүү жандарга кол тийгизбөөнү өтүнгөн. Акылдуулукту самап, акылсыздыкты жектеген. Анын учкул сөздөрү, боорукердиги, адамкерчилиги ооздон оозго өтүп, эл арасына кеңири тараган.





Мисалы:

Сабырдын түбү сары алтын.

Саргарган жетээр муратка, сабырсыз калар уятка.

Сараң бай - суу акпаган сайга окшош.

Акыл оошот, ырыс жугушат - деген накыл кеп, насыят сөздөрү жатка айтылып кеткен. Асан кайгынын сынчылыгы да эл ичинде айтылып жүрөт. Анын өмүр баяны тууралуу так маалымат жок, 15-кылымда жашап өткөн деп божомолдонот. Ал адамкерчилик менен эсептешпеген тайыз ойчулдарды, өзгөчө кара өзгөй Жаныбек ханды аёосуз мыскылдаган. Асан кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган. Айрым ырлары 1912-ж. Оренбургда чыккан жыйнакка кирген. Айрым чыгармаларынын ногой, казак, каракалпак, кыргыздарга бир башаттан тараганына караганда булар бир эл катары биригип турган мезгилде жашаган деген ойду жаратат. Казак адабиятчылары акындын ата-тегин тактоого көп аракет кылышкан, бирок анын өмүр баяны аңыз кепке айланып кеткен. Бизге акылмандын чыгармалары уламыш жана үзүндү түрүндө келип жеткен. Ошондон улам кыргыз адабиятында оозеки чыгармачылыктын атактуу өкүлү, калк кыялынын туундусу катарында каралат. Уламыштарда Асан кайгынын замандаштары Жээренче Чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсөө болгондугу айтылат. Ч. Валиханов аны «көчмөн элдердин философу» деп атаган. Асан кайгы элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган», малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Атбашыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.

7. Теманы бышыктоо:

1-тапшырма: (эки топко экиден толтуруу үчүн таратылат)

  1. Асан Кайгынын ______________ __________________ _____________________ ____________ __________________ жок. ______ кылымда ______________________ __________________ ____________________ жашаган. ___________________ замандаштары - ____________ чечен,____________ сынчы, __________ көсөө, _____________ ырчы экен. ___________ _____________ элдин муңун муңдап,зарын зардап ____________, ______________ _________аталган.

  2. Өзүнүн аты-жөнү______________ ___________ _____________ болгон. Асан Кайгынын ой жүгүртүүсүндө адам жана табияттын жалпы гармониясын түзүү менен жаманчылыкты четке кагууга болот. Асан кайгы ______камын ойлоп, «кой ________ торгой уялаган», малга жайлуу, _______ сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Атбашыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү _____________, ______ конуштап калып, өлөр алдында айткан __________ боюнча ____________ Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына _________ деп айтылат.





  1. _______бир жылдарында Асан _____жердеген кыргыз ______ кар калың ______, түкүргөн түкүрүк ______ түшпөй тоңгон катуу суук болот. Ошондо _______Кайгы адамдарга эле эмес, жер ______ _______жан-жаныбарларга, макулуктарга жанын ачыта мындайча ырга кошуптур: 



  1. Салган______ жок, 
    _______ камы жок, 
    Алган даны жок., 
    _________ малы жок, 
    Мал багарга алы ____, 
    Көзү-башын көгөртүп, 
    Баягы _____ ____ _____экен?
    Жатаарына ____ ____, 
    Көрө турган _____жок, 
    Чымын_____ ______ экен?

2-тапшырма “Ким күчтүү” оюну

  1. Балоо боюнча жыйынтык чыгаруу

  2. Үйгө тпшырма: “Кантти экен” жаттап келүү.

Китептеги тапшырмаларды аткаруу.













8-класс Кыргыз адабият 06.02.2018-жыл

Тема: Уламышка айланган акындардын мурастарынан. Асан Кайгы (Сабит уулу)

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр

А)Билим берүүчүлүк: Окуучулар асан Кайгынын өмүр баяны менен терең таанышышат. “Кантти экен?” чыгармасы боюнча түшүнүк алышат

Жогорку максаттар ишке ашат эгерде;

Окуучулар Асан Кайгы жөнүндөгү маалыматтарды айта алышса

Б) Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар берилген маалыматтын негизинде акындын чыгармаларын талдап, өз ойлорун ирээттүү айтып беришет.

Окуучулар чыгарманы чечмелей алышса. Чыгарманын адептик, тарбиялык маанисин талдап айта алышса

В)Тарбия берүүчүлүк : Окуучулардын руханий байлыгы өнүгүп, жакшы сапаттарга ээ болуу сезимдери калыптанат.

Окуучулар чыгармаларындагы адептик маанилерди башкаларга айтып беришсе. Инсандык жакшы сапаттарды санай билишесе

Сабактын тиби: жаңы материалдарды окутуп – үйрөтүү

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, ватман, стикер, маркер, слайд, портрет

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу: Саламдашуу, “Манас” гимни

  2. Баалоонун критерийлери түшүндүрүлөт(ар бир баланын аты жазылып чапталат жооп бергендер өзүнүн атынын тушуна алып барып кыштын сүрөтүн чапташат.)

  3. Топторго ат коёбуз “Уламыш”, “Акын”













  1. Үй тапшырманы кайталоо













5. Мээге чабуул: Ар бир топ аттарына мүнөздөмө беришет

Уламыш” тобу: Уламыш, улама, аңыз – элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган . Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт.

1. Тарыхый (Чыңгыз хан, Аксак Темир, Жантай, Шабдан, Курманжан датка тууралуу уламыштар)

2. Топонимикалык (Бишкек, Ысык-Көл, Долон, Байтиктин боз бөлтөгү, Өзгөн, Ак-Буура, Сан-Таш ж.б. жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) уламыш деп бөлүнөт.

Акын” тобу: Акын – жалпы эле ыр жазган же төгүп ыр чыгарган киши.

  1. Нускоочу акындар. Алардын поэзиясында өзү жашаган доордун тарыхый соц. коомдук өзгөчөлүктөрү ачык-айкын сүрөттөлөт, жашоо турмуштагы карама-каршылыктар, конфликттүү кырдаалдар жаап-жашырылбай ачык түрдө баяндалат, ушунун баары акыл-насаат, агартуучул үгүт-насыят менен коштолуп отурат: Калыгул, Арстанбек, Солтонбай, Токтогул, Тоголок Молдо, Кылычты кирет

  2. Жамакчы акындар.. Булардын чыгармачылыгы көбүнчө күндөлүк жашоо-турмушка, маселен, аш-тойдо, ар түркүн окуяларга багытталат: Найманбай, Калмырза, Эшманбет, Бекназар.

  3. Жомокчулар акындардын мындай тобуна Тыныбек, Балык, Чоюке, Сагынбай, Саякбайды киргизет.

6. Жаңы тема: Демек туура силер айтып жаткан уламышка айланган акындардын өмүр чыгармаларына токтолобуз. Бүгүнкү өтө турган акыныбыздын атын табабыз. Сүрөттү көрүп турасыңар э. Бул сүрөттөгү адам уламышка айланган кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдерине орток болгон акын. Мен бул акынга тиешелүү сапаттарды айтам силер ошол сөздүн баш тамгасын жазып олтуруп атын табабыз.

А-акылман

С-сынчы

А-акылдуу

Н-намыскөй

К-кайгычыл

А- адамкерчиликтүү

Й- ойчул(экинчи тамгасы)

Г- гумандуу

Ы-ышкыбоз

Демек, бүгүн биздин өтө турган темабыз уламышка айланган (Асан Сабит уулу эмес Асан Кайгы болгондугу) Асан Кайгы акындын өмүрү, чыгармачылыгы жана “Кантти экен” чыгармасын өтөбүз. Кана балдар бүгүнкү сабактан эмнелерди үйрөнүп чыгабыз деп ойлоп жатасыңар, максатыңар?

Тема жазылат, максаттар окуучулар менен биргеликте айтылат, толукталат.

Асан кайгы - 13-14-кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерде (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист - философ акын. Өмүр бою элдин муңун муңдап,зарын зардап жүргөндүктөн, Асан кайгы аталган. Өз аты Асан экен, өмүр бою элдин муңун муңдап, зарын зардап жүргөндүктөн, өзгөчө боорукердигинен улам кайгычыл деп аталып кетиптир. Ал жан бүткөндүн баарына боору ачыган. А түгүл жыланга да тийбегиле, анын зыяны жок дейт. Дүйнөдө тынчтык болушун, адамдарга жакшылык каалаган, жамандыкты сууга салып, отко өрттөгүсү келген. Жазыксыз тирүү жандарга кол тийгизбөөнү өтүнгөн. Акылдуулукту самап, акылсыздыкты жектеген. Анын учкул сөздөрү, боорукердиги, адамкерчилиги ооздон оозго өтүп, эл арасына кеңири тараган.

Мисалы:

Сабырдын түбү сары алтын.

Саргарган жетээр муратка, сабырсыз калар уятка.

Сараң бай - суу акпаган сайга окшош.

Акыл оошот, ырыс жугушат - деген накыл кеп, насыят сөздөрү жатка айтылып кеткен. Асан кайгынын сынчылыгы да эл ичинде айтылып жүрөт. Анын өмүр баяны тууралуу так маалымат жок, 15-кылымда жашап өткөн деп божомолдонот. Ал адамкерчилик менен эсептешпеген тайыз ойчулдарды, өзгөчө кара өзгөй Жаныбек ханды аёосуз мыскылдаган. Асан кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган. Айрым ырлары 1912-ж. Оренбургда чыккан жыйнакка кирген. Айрым чыгармаларынын ногой, казак, каракалпак, кыргыздарга бир башаттан тараганына караганда булар бир эл катары биригип турган мезгилде жашаган деген ойду жаратат. Казак адабиятчылары акындын ата-тегин тактоого көп аракет кылышкан, бирок анын өмүр баяны аңыз кепке айланып кеткен. Бизге акылмандын чыгармалары уламыш жана үзүндү түрүндө келип жеткен. Ошондон улам кыргыз адабиятында оозеки чыгармачылыктын атактуу өкүлү, калк кыялынын туундусу катарында каралат. Уламыштарда Асан кайгынын замандаштары Жээренче Чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсөө болгондугу айтылат. Ч. Валиханов аны «көчмөн элдердин философу» деп атаган. Асан кайгы элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган», малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Атбашыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.
Албетте, Асан Кайгынын чыгарманын башкы темасы  –  адам. Ал бул жагынан демократ акын катары көрүнөт. Биринчи иретте турмуштан жабыр тарткан бей-бечаралардын тагдырын ойлоп:   «Жармач эле малы жок, Жамынаарга жабуу жок, Актап ичер таруу жок, Алкынып чыгар алы жок, Жарды байкуш кантти экен” –  деп азаптанат. 
7. Теманы бышыктоо:

1-тапшырма: (эки топко экиден толтуруу үчүн таратылат)

  1. Асан Кайгынын ______________ __________________ _____________________ ____________ __________________ жок. ______ кылымда ______________________ __________________ ____________________ жашаган. ___________________ замандаштары - ____________ чечен,____________ сынчы, __________ көсөө, _____________ ырчы экен. ___________ _____________ элдин муңун муңдап,зарын зардап ____________, ______________ _________аталган.

  2. Өзүнүн аты-жөнү______________ ___________ _____________ болгон. Асан Кайгынын ой жүгүртүүсүндө адам жана табияттын жалпы гармониясын түзүү менен жаманчылыкты четке кагууга болот. Асан кайгы ______камын ойлоп, «кой ________ торгой уялаган», малга жайлуу, _______ сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Атбашыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү _____________, ______ конуштап калып, өлөр алдында айткан __________ боюнча ____________ Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына _________ деп айтылат.





  1. _______бир жылдарында Асан _____жердеген кыргыз ______ кар калың ______, түкүргөн түкүрүк ______ түшпөй тоңгон катуу суук болот. Ошондо _______Кайгы адамдарга эле эмес, жер ______ _______жан-жаныбарларга, макулуктарга жанын ачыта мындайча ырга кошуптур: 



  1. Салган______ жок, 
    _______ камы жок, 
    Алган даны жок., 
    _________ малы жок, 
    Мал багарга алы ____, 
    Көзү-башын көгөртүп, 
    Баягы _____ ____ _____экен?
    Жатаарына ____ ____, 
    Көрө турган _____жок, 
    Чымын_____ ______ экен?

2-тапшырма: “Ким күчтүү” оюну

  1. Балоо боюнча жыйынтык чыгаруу

  2. Үйгө тпшырма: Ыр жаттап келүү. Китептеги тапшырмаларды аткаруу



























ылмандан кеп, акындан ыр калат» дегендей, айкөлдүгү, акылмандыгы, болочокту көрө билген көзү ачыктыгы, жакшы менен жаманды, алаамат менен апатты алдын-ала айткан олуялыгы, канаттуу санаттары, термелери, ырлары, нускалуу кептери менен ысымы кылымдан-кылымга кыдыра уламага айланган залкар шайырдын бири – Асан Кайгы болуптур.

Ал качан, кайсы жылы, кайсыл айылда, кандай үй-бүлөдө туулганы жөнүндө эч кандай так маалымат жок. Бир гана эл арасында айтылып калган көптөгөн уламаларда, имиштерде, айрым бир каймана маанидеги тарыхый булактардагы боолголорго караганда Асан Кайгы XIV-XV кылымдарда жашап өтүптүр. Залкар шайырдын замандаштары - Жээренче чечен,Толубай сынчы, Алдар көсөө, Токтогул ырчы экен. Алар менен Асан Кайгы бирге жүрүп, бирге туруп, турмуштун казанында бирге кайнаптыр. Ал жарык дүйнөгө келгенден өмүр өткөнгө чейин согушту, ыр-чырды, мыкаачылыкты, таш боордукту, ырайымсыздыкты - бир сөз менен айтканда пендечиликтеги бардык терс көрүнүштөрдү сүйбөптүр. Тек гана ал Кудай-Тааладан, адамдардан бейпилдикти, теңдикти, эркиндикти, барчылык менен токчулукту, үйрүлө түшкөн боорукерчиликти, кайрымдуулукту, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү тилеп, издеп, кейип-кепчип жүрүп, арманда көзү ачык өтүптүр. Тилекке каршы Асан Кайгынын андай тагдырга кабылышына «элди башка чапсам былк эткис кылдым, жумсам алаканымда, жутсам жумурумда» деп, Крымга чейин барып татарларды басып алып, кыргыз, казакты чилче таратып, карапайым калктын канын митедей соргон, өзүмчүл, ырайымсыз Жаныбек хан себепчи болуптур. Ошондуктан ал бүтүндөй элдин тарткан азабын, көргөн кордуктарын, элди жоо, доо басып, чабылып-чачылып, самандай сапырылганына өтө кейип, өзгөчө жаны ачып, басса-турса да «элимдин келечеги, көргөн күнү, жан-жаныбарлары, макулуктары не болот» деп кейип, убайым жеп, кайгы тартып жүргөндүктөн эл Асанды «Асан Кайгы» дешиптир. Бара-бара ал ысым муундан-муундарга өтүп, ылакапка айланыптыр. Түрк тилдүү элдердин ичинен Асан Кайгы жөнүндө көптөгөн уламалар, аңыздар айтылып, мурастар сакталып келет. Алардын бардыгында каардуу Жаныбек хандын бийлиги сындалат. Кыргыздардын оозеки адабиятындагы сакталып калган үлгүсүндө Асан Кайгы Жаныбек ханды: 

«Ай кан, мен айтпасам билбейсиң,
Айтканыма көнбөйсүң. 
Чабылып жаткан калкың бар. 
Аймагын көздөп көрбөйсүң. 
Кымыз ичип кызарып тердейсиң. 
Өрөпкүп неге сүйлөйсүң? 
Катын алдың карадан 
Айрылдың хандык каададан. 
Элге эге уул таппас, 
Айрылаар ата мурастан», – деп айбын ача узун сабак сындап ырдап, акырында: «Кош, аман бол, Жаныбек, эми мени көрбөйсүң», - деп бейпил жерди издеп, каракалпак, казак, ногой элдерин кыдырат. Аяктан да тынч жер таба албайт. Акыры Чүйгө келет. Ал: «Чүй жериңден чуу кетпес, канча эрдин башын жутаар экенсиң» - деп, капалана Кочкорго аттанат. Аны көрөөрү менен: «Кочкор эмес, кокуй экен, тогуз жолдун тоому экен, бөрү койдун чаркы экен, ууру, бөрү көп болот» деп, чай кайнам токтобой Атбашы, Нарын, Жумгал, Тогузторо, Ысыккөлдү кыдырат. Баарысына мүнөздөп баа берет. Маселен Ысыккөлгө «кош ообас, дыйканчылыкка ыңгайлуу жер экен, эли ток болот, бирок көз арткандар көп болот», деп жанын ачытыптыр. 

Жылдардын бир жылдарында Асан Кайгы жердеген кыргыз жеринде кар калың жаап, түкүргөн түкүрүк жерге түшпөй тоңгон катуу суук болот. Ошондо Асан Кайгы адамдарга эле эмес, жер жүзүндө жашаган жан-жаныбарларга, макулуктарга жанын ачыта мындайча ырга кошуптур: 

Салган тамы жок, 
Кылган камы жок, 
Алган даны жок., 
Баккан малы жок, 
Мал багарга алы жок, 
Көзү-башын көгөртүп, 
Баягы көгөн байкуш кантти экен?
Жатаарына жайы жок, 
Көрө турган көзү жок, 
Чымын байкуш кантти экен? 
Суукка муздап, 
Сөөгү сыздап, 
Чалбарларын кие албай,
Чалдар байкуш кантти экен? 
Байпактарын кие албай 
Балдар байкуш кантти экен? 
Келин тил албай, 
Жөн басып жүрө албай, 
Кемпир байкуш кантти экен? 

Мына ушундай көөнөрбөс айтымдарды, ырларды, терме-санаттарды, макал-ылакаптарды жараткан улуу ойчул Асан Кайгынын сөөгү Жийдели басымына, Улуутоонун салаасына, Ысыккөлдүн боюна коюлган деген имиштер да айтылып келет.